Description

Машаякчылар өздөрүнүн дин үйрөтүүчүлөрүн «пастер» (койчу), ал эми үйрөнүүчүлөрдү «баран» (кой) дешет. Китеп автору же аны которгондор бүт кыргыз элин «баран» деп эсептейт окшойт, кайдагы жалган маалыматтарды «чындык» деп берип, ошого ишендирүүгө аракеттенишиптир.

Detailed Description

    Машаякчылардын «Чыныгы ишеним» деп аталган гезитинде Г. Эстер дегендин «Чындыкты таануу» деген китебинен үзүндүлөр сандан – санга берилип жатыптыр. Мен № 1 (10) 2006 санындагы үзүндүнү окуп, андагы толгон – токой жалган маалыматтардан жаным кашайды. Машаякчылар өздөрүнүн дин үйрөтүүчүлөрүн «пастер» (койчу), ал эми үйрөнүүчүлөрдү «баран» (кой) дешет. Китеп автору же аны которгондор бүт кыргыз элин «баран» деп эсептейт окшойт, кайдагы жалган маалыматтарды «чындык» деп берип, ошого ишендирүүгө аракеттенишиптир.

    Макалада Пакистандык Саид тукумунан чыккан Гулжан деген кыздын атасы менен кошо, шал оорусунан айыгыш үчүн (?) хаж зыяратына барганы, ал жердеги “ибадаттары” жана Зам – зам суусунан айыкпай көңүлүндө шек пайда болгону жөнүндө жазылат. Анда эмесе, Г. Эстердин жалгандарына ирети менен токтолсок.

    1-Жалган. Макалада жазылат; «Ага (кара ташка) жакын келгенде мени көтөрүп жүргөндөр замбилди ылдыйлатышып, мага эңкейгенге жардам беришти, мен кара ташты өптүм…»

Ажы мезгилинде Каабаны айлануу өтө тыгын жана кыйын болот. Замбил көтөргөндөр Каабанын кара таш коюлган бурчуна тап – такыр жакындай алышпайт. Алар (замбил көтөргөндөр) кара таштан жыйырма – отуз метр алыста араң айланышат. Замбилдеги майыптар эмес, алты саны аман, өтө бакубат адамдардын арасынан ар миңден бири гана, андай тыгында кара ташка араң жете алат.

    2-Жалган. Макаладагы Гүлжан айтат; «Биз бир кезде Ыбрайым сыйынган жерге карай «суранам айыктырчы» деп келишим сыйынуусу менен сыйынганы жөнөдүк»

Биринчиден, мусулмандар «Макоому Ибрахим» деп аталчу Ибрахим намаз окуган жерге «мени айыктырчы» деп шыпаа сурап барбайт. Ал жерде эки ирекет намаз окуп, Аллахка шүгүр кылуу үчүн барат. Экинчиден, мусулмандар ажы ибадатына айыгыш үчүн барышпайт. Айыгыш үчүн биз врачтарга барабыз. Ажыга Аллах буюрган парызды аткаруу үчүн барылат. Жол (сапар) кыйынчылыгына чыдабаган оорулуулар үчүн ажыга баруу парз эмес.

    3-Жалган. Гүлжан айтат; «Мени кайрадан майыптык коляскага отургузушту, анан биз аралыгы 0,5 мил болгон бир дөбө менен экинчи дөбөнүн ортосунда жети жолу ары – бери басып өттүк. Ушул жердин жанында Абб – а – Зам – зам (өмүр суусу) бар болчу.

    …Адамдар сууну ушул эле жерден темир чөгүндөр менен ичип да сатып алып да жатышты. Биз болсо, бир аз ичип, Пакистанга – үйгө ала кетиш үчүн, менин киринишим үчүн канистирге толтура сатып алдык.»

Биринчиден, ал жерде «Абб – а – Зам - зам» деп айтылбайт. «Маа – у зам - зам» (замзам суусу) деп айтылат. «Аабу Зам - зам» деп персиялыктар гана айтат. Экинчиден, Зам – зам «өмүр суусу» деп которулбайт. «Замми - замми» (токто - токто) деп которулат. Анткени, Аллах ал сууну Ажар жана Ысмайыл үчүн чыгарып берген. Экөө тең суусундугун кандыргандан кийин, Ажар энебиз дагы эле оргуштап ага берген булакка карап «замми - замми» деген. Бирок, бул суу азыркыга чейин токтой элек. Үчүнчүдөн, Зам-замды ажылар темир чөгүндөр менен ичпейт. Татынакай жана бир жолу колдонула турган пластик стакандарда ичет. Төртүнчүдөн, Зам-замды тентек адамдар гана кириниш үчүн албаса, эси жайында болгон адамдар мындай иш жасабайт. Анткени, ал жерде бардык Зам-зам ичилчү жерлерге «ал – ма – у лиш –шурби факат» (замзам суусу жалаң ичиш үчүн) деп бадырайта жазылып турат. Бешинчиден, Сафаа – Марва дагы Зам – зам дагы Аль – Харам мечитинин ичинде. Мечиттин бардык эшиктеринде сакчылар турат жана калдайган канистр ар жакта турсун, кичинекей бөтөлкөнү алып кирүүгө да тыюуу салынат. Алтынчыдан, Зам – зам суусу Аль – Харамдын ичинде сатылбайт.

    4-Жалган. Гүлжан өз икаясында «Мухаммад көмүлгөн Медина мечити» дейт.

Биздин пайгамбарыбыз мечитке көмүлгөн эмес, мечитке кошуна турган өзүнүн үйүнө көмүлгөн. Анткени пайгамбарлар жаны үзүлгөн жерге көмүлүүгө тийиш эле. Кийин, халифтердин заманында мусулмандар мечитке батпай, мечит кеңейтилгенде пайгамбарыбыздын кабыры мечиттин короосунун ичинде калып калган.

    5-Жалган. Гүлжан айтат; «адамдар мүрзө үстүндөгү ташты өөп, гүл коюп, акчаларды ыргытып жатышты. Мечиттин короосунда диний ырлар ырдалып жатты»

«Таппасаң сыйпала» деп ушуну айтат! Бул сөздөрдүн бардыгы карандай калп! Пайгамбарыбыздын мүрзөсү зыяратчылардан темир тосмо менен тосулган. Зыяратчылар тосмонун бер жагынан токтобой, эгер токтосо, кыска мөөнөткө гана токтоп, пайгамбарыбызга салам айтып, өтүп кетишет. Ичкери кире алышпайт. Мүрзөнүн ташын өбүшпөйт, гүл коюшпайт, акча ыргытышпайт. Бул нерселер исламда бидят (шарият буюрбаган иш) болуп саналат. Эгер, кимдир бирөө ошол бидяттардан бирин жасачу болсо, ал жердеги тартип сактоочулар дароо эскертишет. Менин баамымда Эстер мырза бул китебин фактыларга таянбай эле, акмак адамдардан уккан икаяларга жана өзүнүн фантазиясына гана таянып жазса керек.

    Болбосо анын «мечиттин короосунда диний ырлар ырдалып жатты» дегени эмнеси – ыя?! Ал мечитти чиркөөгө салыштырса керек, оңбогурдуку десе. Медина мечитинде диний ырлар ырдалбайт. Эгер «диний ыр» дегенде Куран сүрөлөрүн айткан болсо, бул дагы абсурд. Анткени, икая «Мухаммадтын урпагы, эң таза деп эсептелген Саид тукумунан чыккан Гүлжандын» тилинен айтылууда. Эрезеге жетип калган, анын үстүнө Саид тукумунан болгон эч бир адам Куран сүрөлөрүн «диний ырлар» дебейт.

Ошентип, урматту кыргызым, ар кандай селсаяк секталардын үгүт – жазмаларына ишене бербе. Аларда сенин кулагыңа арналган «лапшалар» арбын.

feedback