Ислам
Куран жана сүннөттүн негизинде Ислам дини жөнүндө кыскача баяндама.
Бул маанилүү китеп Исламдын кыскача аныктамасын камтыйт жана анын эки негизги булагы: Ыйык Куран жана пайгамбардын сүннөтүнөн алынган эң маанилүү негиздерин, таалимдерин жана артыкчылыктарын баяндайт. Бул китеп бардык акыл-эстүү жана жетилген мусулмандарга, ошондой эле мусулман эместерге, алар кайда жана качан жашабасын жана жашоо шарты кандай болбосун, алардын эне тилинде арналат.
(Ыйык Курандан жана пайгамбардын сүннөтүнөн далилдерди камтыган нускас)
1-Ислам – бул, Аллахтын жалпы адамзатка түшүргөн дини, бул түбөлүктүү илахий дин.
Ислам – бул, Аллахтын жалпы адамзатка түшүргөн дини. Аллах Таала минтип айткан:
﴿وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا كَآفَّةٗ لِّلنَّاسِ بَشِيرٗا وَنَذِيرٗا وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ ٢٨﴾[سبأ: 28]
Биз сени (бейиштен) кушкабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып, жалпы инсанияттын бардыгына жибердик. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт. Саба сүрөсү, 28-аят.
Аллах таала айтты:
﴿قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُمۡ جَمِيعًا ...١٥٨﴾[الأعراف: 158]
«Айт: “О, адамдар! Мен силердин баарыңарга жиберилген Аллахтын элчиси боломун!» Аъраф сүрөсү, 158-аят.
Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَكُمُ ٱلرَّسُولُ بِٱلۡحَقِّ مِن رَّبِّكُمۡ فَـَٔامِنُواْ خَيۡرٗا لَّكُمۡۚ وَإِن تَكۡفُرُواْ فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا ١٧٠﴾[النساء: 170]
«О, адамдар! Пайгамбар силерге акыйкатты Раббиңерден алып келди, эми ага ыйман келтиргиле – өзүңөргө жакшы болот. Эгер каапыр болсоңор, (мындан Аллахка эч кандай зыян жок. Анткени,) асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Аллах – Билүүчү, Даанышман». Ниса сүрөсү, 170-аят.
Ислам – түбөлүк калуучу илахий дин, Аллахка таандык диндердин эң акыркысы. Аллах таала минтип айткан:
﴿مَّا كَانَ مُحَمَّدٌ أَبَآ أَحَدٖ مِّن رِّجَالِكُمۡ وَلَٰكِن رَّسُولَ ٱللَّهِ وَخَاتَمَ ٱلنَّبِيِّـۧنَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا ٤٠﴾[الأحزاب: 40]
«(Оо, ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах – ар нерсени Билүүчү». Ахзаб сүрөсү, 40-аят.
2-Ислам – кайсы бир жыныска же коомго тиешелүү дин эмес, ал адамзаттын баарына тиешелүү Аллахтын дини:
Ислам – кайсы бир жыныска же коомго тиешелүү дин эмес, ал адамзаттын баарына тиешелүү Аллахтын дини, Ыйык Курандагы эң алгачкы буйрук, бул Аллахтын төмөнкү сөзү:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱعۡبُدُواْ رَبَّكُمُ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ٢١﴾[البقرة: 21]
«Оо, адамдар! Силерди жана силерден алдыңкыларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, ошону менен такыбалуу болорсуңар». Бакара сүрөсү, 21-аят.
Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمُ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ وَخَلَقَ مِنۡهَا زَوۡجَهَا وَبَثَّ مِنۡهُمَا رِجَالٗا كَثِيرٗا وَنِسَآءٗۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ ٱلَّذِي تَسَآءَلُونَ بِهِۦ وَٱلۡأَرۡحَامَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَيۡكُمۡ رَقِيبٗا١﴾[النساء: 1]
«О, адамдар! Раббиңерден корккула! Ал силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратып, андан (анын кабыргасынан) жубайын жаратып, анан ал экөөсүнөн көп аял-эркектерди таратты». Ниса сүрөсү, 1-аят.
Ибн Умардан (аларга Аллах ыраазы болсун) риваят кылынган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мекке мусулмандардын колуна өткөн күнү элге кутпа кылып, мындай деди:
"О, адамдар! Аллах силерден жахилият текеберлигин жана ата-тегиңер менен сыймыктанып, менменсинүүңөрдү жок кылды. Адамдар эки түрдүү болот: ыймандуу, такыбалар – алар, Аллахка кадырлуу. Ыймансыз, бактысыздар – алар, Аллахка кор. Адамзаттын баары Адам атанын балдары, а Адам атаны Аллах топурактан жараткан. Бул тууралуу Аллах минтип айткан:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّا خَلَقۡنَٰكُم مِّن ذَكَرٖ وَأُنثَىٰ وَجَعَلۡنَٰكُمۡ شُعُوبٗا وَقَبَآئِلَ لِتَعَارَفُوٓاْۚ إِنَّ أَكۡرَمَكُمۡ عِندَ ٱللَّهِ أَتۡقَىٰكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٞ١٣﴾[الحجرات: 13]
«Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам-Ата менен Хава-Энеден) жаратып, өз-ара таанышып-билишиңер үчүн улуттарга, урууларга (бөлүп) койдук. Аллахтын назарында силердин эң улугуңар – такыбалуураак болгонуңар. Аллах чынында, Билүүчү, Кабардар!». (Хужурат: 13) .Тирмизи, 3270-хадис.
Куранда жана пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйруктарында кайсы бир элдин расасына, улутуна, же жынысына тиешелүү атайын шарият айтылган эмес.
3-Ислам – мурдагы пайгамбарлардын жана элчилердин (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөттөрүнө алып келген диндерин толуктаган илахий дин.
Ислам – мурдагы пайгамбарлардын жана элчилердин (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөттөрүнө алып келген диндерин толуктаган илахий дин. Аллах таала айтты:
﴿۞ إِنَّآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ كَمَآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ نُوحٖ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ مِنۢ بَعۡدِهِۦۚ وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطِ وَعِيسَىٰ وَأَيُّوبَ وَيُونُسَ وَهَٰرُونَ وَسُلَيۡمَٰنَۚ وَءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ زَبُورٗا١٦٣﴾[النساء: 163]
«Биз Нухка жана андан кийинки пайгамбарларга аян-кабар түшүргөнүбүз сыяктуу сага да аян-кабар түшүрдүк. Жана Биз Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана андан тараган (пайгамбар) урпактарга, Исага, Аюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга аян-кабар түшүргөнбүз. Ошондой эле, Даудга Забур (китебин) бергенбиз». Ниса сүрөсү, 163-аят.
Аллах, элчиси Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар кылган бул дин, Аллахтын мурдагы пайгамбарларына шарият кылган эле дин. Аллах таала айтты:
﴿۞ شَرَعَ لَكُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا وَصَّىٰ بِهِۦ نُوحٗا وَٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ وَمَا وَصَّيۡنَا بِهِۦٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَىٰٓۖ أَنۡ أَقِيمُواْ ٱلدِّينَ وَلَا تَتَفَرَّقُواْ فِيهِۚ كَبُرَ عَلَى ٱلۡمُشۡرِكِينَ مَا تَدۡعُوهُمۡ إِلَيۡهِۚ ٱللَّهُ يَجۡتَبِيٓ إِلَيۡهِ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِيٓ إِلَيۡهِ مَن يُنِيبُ١٣﴾[الشورى: 13]
«Ал силерге Нухка осуят кылган динди Шарият кылып берди. Биз сага вахий кылган динди(н дал өзүн) Ибрахимге, Мусага жана Исага: «Динди толук тургузгула (аткаргыла) жана анда бөлүнүп кетпегиле» – деп вахий кылганбыз. Силер даават кылган нерсе (тавхид ишеними) мушриктерге оор келди. Аллах ал нерсеге Өзү каалаган пендесин тандап, (Өзүнө) умтулган пендесин ага жолдойт». Шура сүрөсү, 13-аят.
Аллах, элчиси Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар кылган бул дин, өзгөртүлгөнгө чейинки Тоорат, Инжил сыяктуу мурдагы илахий китептерди тастыктаган дин. Аллах таала айтты:
﴿وَٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ هُوَ ٱلۡحَقُّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِعِبَادِهِۦ لَخَبِيرُۢ بَصِيرٞ٣١﴾[فاطر: 31]
«Биз сага вахий кылган Китеп (Куран) өзүнөн мурунку (асмандан түшкөн) китептерди тастыктаган Акыйкат. Албетте Аллах өз пенделеринин абалынан Кабардар, Көрүүчү». Фатир сүрөсү, 31-аят.
4-Пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) дини бир, шарияттары ар түрдүү.
Пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) дини бир, шарияттары ар түрдүү. Аллах таала айтты:
﴿وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَمُهَيۡمِنًا عَلَيۡهِۖ فَٱحۡكُم بَيۡنَهُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُۖ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَهُمۡ عَمَّا جَآءَكَ مِنَ ٱلۡحَقِّۚ لِكُلّٖ جَعَلۡنَا مِنكُمۡ شِرۡعَةٗ وَمِنۡهَاجٗاۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَلَٰكِن لِّيَبۡلُوَكُمۡ فِي مَآ ءَاتَىٰكُمۡۖ فَٱسۡتَبِقُواْ ٱلۡخَيۡرَٰتِۚ إِلَى ٱللَّهِ مَرۡجِعُكُمۡ جَمِيعٗا فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ٤٨﴾[المائدة: 48]
«(О, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н баардык артыкчылыктарын) ичине камтыган китепти Акыйкаттык менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллах түшүргөн Китеп менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (О, адамдар!) Биз силердин баарыңар үчүн өз алдынча шарият жана жол-жөрөлгөлөрдү кылдык. Эгер Аллах кааласа, баарыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парздарда) силерди сыноо үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен атаандашып жасагыла. Баарыңардын кайтууңар – Аллахка. Кийин (кыяматта) Ал силерге (ишиңерде) эмнеден өзгөчөлөнгөнүңөрдүн кабарын билдирет». Маида сүрөсү, 48-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Мен Иса пайгамбарга бул дүйнөдө да, акыретте да адамдардын эң жакынмын. Пайгамбарлар атасы бир, энелери бөлөк бир тууган. Алардын дини бир». Имам Бухарий, 3443-хадис.
5-Ислам – бардык пайгамбарлар: Нух, Ибрахим, Муса, Сулайман, Дауд, Иса (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) чакырган сыяктуу эле, Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Тирилтүүчү, Өлтүрүүчү, бардык мүлктүн Ээси, бардык ишти Башкаруучу, Боорукер жана Мээримдүү Аллах Рабби экенине ыйман келтирүүгө чакырат.
Ислам – бардык пайгамбарлар: Нух, Ибрахим, Муса, Сулайман, Дауд, Иса (аларга Аллахтын тынчыгы болсун) чакырган сыяктуу эле, Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Тирилтүүчү, Өлтүрүүчү, бардык мүлктүн Ээси, бардык ишти Башкаруучу, Бооорукер жана Мээримдүү Аллах Рабби экенине ыйман келтирүүгө чакырат. Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡۚ هَلۡ مِنۡ خَٰلِقٍ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ ٣﴾[فاطر: 3]
«Оо, адамдар! Аллахтын берген жакшылыктарын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллахтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар?!». Фатир сүрөсү, 3-аят.
Аллах таала айтты: (О, Мухаммад, мушриктерге) айт:
﴿قُلۡ مَن يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ أَمَّن يَمۡلِكُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَمَن يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَيُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتَ مِنَ ٱلۡحَيِّ وَمَن يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَۚ فَسَيَقُولُونَ ٱللَّهُۚ فَقُلۡ أَفَلَا تَتَّقُونَ٣١﴾[يونس: 31]
«Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллах” – деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?». Юнус сүрөсү, 31-аят.
Аллах таала айтты:
﴿أَمَّن يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَمَن يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ قُلۡ هَاتُواْ بُرۡهَٰنَكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ٦٤﴾[النمل: 64]
«Же болбосо, (инсанды) абалкы ирет жаратып, кийин аны (өлгөндөн соң) кайрадан жарата турган ким?! Жана силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган ким?! (Аллахбы) же Аллах менен бирге болгон (силер шерик кылган) «кудайбы?!» Айт (оо, Мухаммад): «Эгер (Аллахтын шериги бар деген сөзүңөрдө) чынчыл болсоңор, далилиңерди алып келгиле!». Намл сүрөсү, 64-аят.
Пайгамбар жана элчилердин баары Жалгыз Аллахтын Өзүнө ибадат кылууга чакыруу үчүн жиберилген. Аллах таала минтип айткан:
﴿وَلَقَدۡ بَعَثۡنَا فِي كُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولًا أَنِ ٱعۡبُدُواْٱللَّهَ وَٱجۡتَنِبُواْٱلطَّٰغُوتَۖ فَمِنۡهُم مَّنۡ هَدَى ٱللَّهُ وَمِنۡهُم مَّنۡ حَقَّتۡ عَلَيۡهِ ٱلضَّلَٰلَةُۚ فَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُكَذِّبِينَ٣٦﴾[النحل: 36]
«Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз. Ал үммөттөрдөн кээ бирлерин Аллах туура жолго баштаган болсо, кээ бирөөлөрүнүн* башына адашуучулук түшкөн. Эми, жер бетинде саякат кылып, (пайгамбарлардын жолун) “жалган” дегендердин акыбети кандай болгонун көргүлө!». Нахл сүрөсү, 36-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ مِن رَّسُولٍ إِلَّا نُوحِيٓ إِلَيۡهِ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعۡبُدُونِ٢٥﴾ ]الأنبياء: 25[
«(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп вахий кылдык». Анбия сүрөсү, 25-аят.
Аллах Нух пайгамбардын айтканы тууралуу мындай дейт:
﴿لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦ فَقَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ ٥٩﴾[الأعراف: 59]
“О, коомум! Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка кудай жок! (Эгер көнбөсөңөр) мен силердин Улуу Күндүн (кыямат) азабына кабылууңардан корком!” Аьраф сүрөсү, 59-аят.
Ибрахим пайгамбардын айтканы тууралуу Аллах минтип айткан:
﴿وَإِبۡرَٰهِيمَ إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱتَّقُوهُۖ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ١٦﴾[العنكبوت: 16]
"Жана Биз Ибрахимди да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал өз коомуна: «Аллахка гана сыйынгыла! Ага такыбалык кылгыла! Эгер билсеңер, ушунуңар өзүңөргө жакшы". Анкабут сүрөсү, 16-аят.
Салих пайгамбардын айтканы тууралуу Аллах мындай дейт:
﴿وَإِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمۡ صَٰلِحٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥۖ قَدۡ جَآءَتۡكُم بَيِّنَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡۖ هَٰذِهِۦ نَاقَةُ ٱللَّهِ لَكُمۡ ءَايَةٗۖ فَذَرُوهَا تَأۡكُلۡ فِيٓ أَرۡضِ ٱللَّهِۖ وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوٓءٖ فَيَأۡخُذَكُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ ٧٣﴾[الأعراف: 73]
" Ал айтты: “О, коомум! Аллахка ибадат кылгыла! Силерге андан башка кудай жок. Силерге Раббиңер тарабынан далил келди: Мына бул Аллахтын төөсү – силерге (Аллахтан) аян-белги. Аны өз эркине койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер силерди жан ооруткан азап кармайт". Аъраф сүрөсү, 73-аят.
Шуайб пайгамбардын айтканы тууралуу Аллах мындай дейт:
﴿وَإِلَىٰ مَدۡيَنَ أَخَاهُمۡ شُعَيۡبٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥۖ قَدۡ جَآءَتۡكُم بَيِّنَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡۖ فَأَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَٱلۡمِيزَانَ وَلَا تَبۡخَسُواْ ٱلنَّاسَ أَشۡيَآءَهُمۡ وَلَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ بَعۡدَ إِصۡلَٰحِهَاۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ٨٥﴾[الأعراف: 85]
"О, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Силерге Раббиңерден далил (Дин) келди. Эми, (ошол дин эрежеси боюнча) өлчөм, таразаларды толук тарткыла, адамдардын буюмдарынын баасын төмөндөтпөгүлө жана жер бетинде – оңолгондон кийин – бузукулук кылбагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, ушунуңар силер үчүн жакшы!" Аъраф сүрөсү, 85-аят.
Аллах Муса пайгамбарга биринчи жолу сүйлөгөндө мындай деген:
﴿وَأَنَا ٱخۡتَرۡتُكَ فَٱسۡتَمِعۡ لِمَا يُوحَىٰٓ١٣ إِنَّنِيٓ أَنَا ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعۡبُدۡنِي وَأَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ لِذِكۡرِيٓ١٤﴾[طه: 13-14]
"Мен сени (адамдардын арасынан пайгамбарлык үчүн) тандап алдым. Эми, (өзүңө) вахий кылынчу нерселерди угуп ал". "Мен - Аллах боломун! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Мен гана бармын! Демек, Өзүмө ибадат кыл жана Мени эстөө үчүн намаз оку!" Тоха сүрөсү, 13-14-аят.
Аллахтан коргоо сураган Муса пайгамбар тууралуу Аллах минтип айткан: Муса айтты:
﴿وَقَالَ مُوسَىٰٓ إِنِّي عُذۡتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُم مِّن كُلِّ مُتَكَبِّرٖ لَّا يُؤۡمِنُ بِيَوۡمِ ٱلۡحِسَابِ٢٧﴾[غافر: 27]
«Мен Өзүмдүн жана силердин Раббиңер Аллахка жалбарып, эсеп (Кыямат) күнүнө ишенбеген ар бир текеберден коргоосун суранамын». Гаафир сүрөсү, 27-аят.
Аллах Иса пайгамбардын айтканы тууралуу мындай дейт:
﴿إِنَّ ٱللَّهَ رَبِّي وَرَبُّكُمۡ فَٱعۡبُدُوهُۚ هَٰذَا صِرَٰطٞ مُّسۡتَقِيمٞ٥١﴾[آل عمران: 51]
"Албетте, Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Туура жол - ушул!”. Аалу Имран сүрөсү, 51-аят.
Иса пайгамбардын айтканы тууралуу Аллах дагы мындай деген:
﴿لَقَدۡ كَفَرَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡمَسِيحُ ٱبۡنُ مَرۡيَمَۖ وَقَالَ ٱلۡمَسِيحُ يَٰبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ رَبِّي وَرَبَّكُمۡۖ إِنَّهُۥ مَن يُشۡرِكۡ بِٱللَّهِ فَقَدۡ حَرَّمَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ ٱلۡجَنَّةَ وَمَأۡوَىٰهُ ٱلنَّارُۖ وَمَا لِلظَّٰلِمِينَ مِنۡ أَنصَارٖ٧٢﴾[المائدة: 72]
"О, Исраил урпактары! Менин да, силердин да Раббиңер Аллахка гана ибадат кылгыла! Кимде-ким Аллахка (мениби же башканыбы) шерик кылчу болсо, Аллах аны бейишке киргизбейт жана анын жайы тозок болот. Өзүнө зулум кылуучуларга жардамчы болбойт!" Маида сүрөсү, 72-аят.
Атүгүл, Тоорат жана Инжилде да Аллахтын жалгыз Өзүнө ибадат кылуу керектигин бекемдеген стихтер бар. Мисалы, Тоораттын второзаконие деген (бешинчи) китебинде Муса пайгамбардын минтип айтканы бар: "О, Исраил ук! Кудай биздин илахыбыз, Кудай Жалгыз". Бир Кудайга сыйынуу ишенимин бекемдеген Иса пайгамбардын сөзү, Марк инжилинде мындайча айтылат: "Эң алгачкы осуят - бул, о, Исраил ук! Кудай биздин илахыбыз, Кудай Жалгыз" деген осуят.
Бардык пайгамбарлар мына ушул улуу максат үчүн: жалгыз кудайга сыйынуу ишенимине чакыруу үчүн жиберилгенин баяндап, Аллах таала мындай деген:
﴿وَلَقَدۡ بَعَثۡنَا فِي كُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱجۡتَنِبُواْ ٱلطَّٰغُوتَۖ فَمِنۡهُم مَّنۡ هَدَى ٱللَّهُ وَمِنۡهُم مَّنۡ حَقَّتۡ عَلَيۡهِ ٱلضَّلَٰلَةُۚ فَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُكَذِّبِينَ٣٦﴾[النحل: 36]
«Чынында, Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз. Ал үммөттөрдөн кээ бирлерин Аллах туура жолго баштаган болсо, кээ бирөөлөрүнүн башына адашуучулук түшкөн». Нахл сүрөсү, 36-аят.
Аллах таала айтты:
﴿قُلۡ أَرَءَيۡتُم مَّا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُواْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ لَهُمۡ شِرۡكٞ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِۖ ٱئۡتُونِي بِكِتَٰبٖ مِّن قَبۡلِ هَٰذَآ أَوۡ أَثَٰرَةٖ مِّنۡ عِلۡمٍ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ٤﴾[الأحقاف: 4]
«(Оо, Мухаммад, сен аларга) айт: «Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайыңар» жөнүндө эмне дейсиңер? Мага көргөзгүлөчү, алар жерден эмнени жаратты? Же болбосо асмандар(ды жаратуу)да алардын (Аллахка) шерикчилиги барбы? Эгер сөзүңөр чын болсо, мындан (Курандан) мурунку (ыйык) китепти же болбосо (өткөн пайгамбарлардын сөзүнөн турган) илимий мурас (далил) келтиргилечи». Ахкаф сүрөсү, 4-аят.
Шейх Саъди (аны Аллах ырайым кылсын) мындай деген:
«Белгилүү болгондой, мушриктер өздөрүнүн ширктерине байланыштуу талаш-тартыштары эч кандай далилге таянбастан, жалаң гана жалган божомолдорго жана далилсиз пикирлерге негизделген. Бул ишенимдердин туура эмес экендигин билүү үчүн алардын абалын карап көрүү, илим жана амалдарын текшерүү жана бүт өмүрүн Аллахтан башка нерсеге ибадат кылууга арнагандардын абалына көз чаптырсак жетиштүү: алардын ибадаттары аларга бул дүйнөдө же акыретте пайда алып келдиби?». Тайсир ал-Карим ал-Маннаан: 779
6-Кемчиликтерден Аруу, Аллах Таала - Ал, Жаратуучу, Ал Өзү жалгыз ибадатка татыктуу, Аны менен бирге башка эч нерсеге ибадат кылынбайт.
Аллах, ибадатка татыктуу Жалгыз Өзү, Аны менен бирге башка эч нерсеге ибадат кылынбайт. Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱعۡبُدُواْ رَبَّكُمُ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ٢١ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ فِرَٰشٗا وَٱلسَّمَآءَ بِنَآءٗ وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجَ بِهِۦ مِنَ ٱلثَّمَرَٰتِ رِزۡقٗا لَّكُمۡۖ فَلَا تَجۡعَلُواْ لِلَّهِ أَندَادٗا وَأَنتُمۡ تَعۡلَمُونَ٢٢﴾[البقرة: 21-22]
«Оо, адамдар! Силерди жана силерден алдыңкыларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, ошону менен такыбалуу болорсуңар». «Ал силерге жерди төшөк кылып, асманды (үстүңөргө) куруп койду жана асмандан суу түшүрүп, силерге ырыскы болуу үчүн аны менен мөмө-жемиштерди чыгарды. Эми, билип туруп Аллахка (башка нерселерди) теңдеш кылбагыла!». Бакара сүрөсү, 21-22-аят.
Бизди жана бизден мурдагы элдерди жараткан, жерди бизге төшөк катары кылып, асмандан жамгыр жаадырып, жамгыр аркылуу жерден биздин ырыскыбызды өстүргөн Зат, Ал гана жалгыз Өзү ибадатка татыктуу. Аллах таала бул тууралуу минтип айткан:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡۚ هَلۡ مِنۡ خَٰلِقٍ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ ٣﴾[فاطر: 3]
«Оо, адамдар! Аллахтын берген жакшылыктарын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллахтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар?!». Фатир сүрөсү, 3-аят.
Жараткан жана ырыскы берген Зат, Ал гана ибадатка татыктуу. Аллах таала айтты:
﴿ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖ فَٱعۡبُدُوهُۚ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ وَكِيلٞ١٠٢﴾[الأنعام: 102]
«Ушул Аллах - силердин Раббиңер! Ибадат кылууга татыктуу эч бир кудай жок, Анын Өзү бар. Ал ар бир нерсенин жаратуучусу. Эми, Ага гана ибадат кылгыла! Ал бардык нерселердин Башкаруучусу». Анъам сүрөсү, 102-аят.
Аллахтан башка ибадат кылынып жаткан нерсенин баары ибадатка ылайыктуу эмес. Анткени алар асманда да, жерде да кыпындын салмагындай нерсеге ээлик кыла албайт. Эч бир иште Аллахка шерик же жардамчы боло албайт. Анан кантип Аллах менен бирге аларга дуба кылынсын, кантип Ага шерик болсун? Аллах таала айтты:
﴿قُلِ ٱدۡعُواْ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ لَا يَمۡلِكُونَ مِثۡقَالَ ذَرَّةٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا لَهُمۡ فِيهِمَا مِن شِرۡكٖ وَمَا لَهُۥ مِنۡهُم مِّن ظَهِيرٖ ٢٢﴾[سبأ: 22]
«(Оо, Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллахтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселериңерди чакыргылачы?! (Жок!) алар асмандардагы жана Жердеги кыпындай нерсеге да Ээ эмес! Алар үчүн асмандар менен Жерде (кыпындай) шериктик да жок жардамчылык да жок! (Бардыгын жалгыз Аллахтын Өзү жараткан)». Cаба сүрөсү, 22-аят.
Кемчиликтен Аруу Аллах таала бул жаратылышты жараткан, аны жоктон бар кылган. Алардын жаралуусу Аллахтын бардыгына, жаратуучулугуна жана ибадатка татыктуулугуна далил. Бул тууралуу Аллах таала айтты:
﴿وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنۡ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ إِذَآ أَنتُم بَشَرٞ تَنتَشِرُونَ٢٠ وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنۡ خَلَقَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا لِّتَسۡكُنُوٓاْ إِلَيۡهَا وَجَعَلَ بَيۡنَكُم مَّوَدَّةٗ وَرَحۡمَةًۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ٢١ وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ خَلۡقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱخۡتِلَٰفُ أَلۡسِنَتِكُمۡ وَأَلۡوَٰنِكُمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّلۡعَٰلِمِينَ٢٢ وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ مَنَامُكُم بِٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَٱبۡتِغَآؤُكُم مِّن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ٢٣ وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ يُرِيكُمُ ٱلۡبَرۡقَ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَيُحۡيِۦ بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ ٢٤ وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَن تَقُومَ ٱلسَّمَآءُ وَٱلۡأَرۡضُ بِأَمۡرِهِۦۚ ثُمَّ إِذَا دَعَاكُمۡ دَعۡوَةٗ مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ إِذَآ أَنتُمۡ تَخۡرُجُونَ٢٥ وَلَهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ كُلّٞ لَّهُۥ قَٰنِتُونَ٢٦ وَهُوَ ٱلَّذِي يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَهُوَ أَهۡوَنُ عَلَيۡهِۚ وَلَهُ ٱلۡمَثَلُ ٱلۡأَعۡلَىٰ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ٢٧﴾[الروم: 20-27]
«Силерди топурактан жараткандыгы жана адамга айланып (жер бетине) таралганыңар Анын (кудуретинин) белгилеринен». «Жана Анын белгилеринен – алар менен тынч-бейпил болууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени жана араңарга сүйүү, мээрим салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар». «Анын белгилеринен: Асмандар менен жерди жаратканы, силердин тилиңерди, ыраң-түсүңөрдү ар түрдүү кылып койгону. Албетте буларда билимдүүлөр үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар». «Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз(дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллахтын жакшылыктарын издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе да уга турган адамдарга белгилер бар». «Анын белгилеринен: (чагылгандын оту түшүүсүнөн) коркуп, жамгырдан) үмүт кылышыңар үчүн силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн соң тирилтет. Албетте мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар». «Анын белгилеринен (бири) асман менен жердин Анын буйругу менен (тынч, зыянсыз) туруусу. (Андан) Кийин (Аллах) силерди чакыраар замат бардыгыңар жерден (мүрзөдөн) чыгарыласыңар (акыреттик сурак үчүн)». «Асмандарда жана жерде болгондун баары Аллахтын мүлкү. Бардыгы Ага (кааласа каалабаса) баш ийет». «Ал дүйнө-ааламды жоктон бар кылган жана (акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул Ага абдан жеңил». Рум сүрөсү, 20-27-аяттар.
Намруд Аллахтын бардыгын четке какты, Ибрахим пайгамбардын ага айткан сөзүн Аллах таала минтип кабардайт:
﴿أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِي حَآجَّ إِبۡرَٰهِـۧمَ فِي رَبِّهِۦٓ أَنۡ ءَاتَىٰهُ ٱللَّهُ ٱلۡمُلۡكَ إِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِـۧمُ رَبِّيَ ٱلَّذِي يُحۡيِۦ وَيُمِيتُ قَالَ أَنَا۠ أُحۡيِۦ وَأُمِيتُۖ قَالَ إِبۡرَٰهِـۧمُ فَإِنَّ ٱللَّهَ يَأۡتِي بِٱلشَّمۡسِ مِنَ ٱلۡمَشۡرِقِ فَأۡتِ بِهَا مِنَ ٱلۡمَغۡرِبِ فَبُهِتَ ٱلَّذِي كَفَرَۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ٢٥٨﴾[البقرة: 258]
«Ибрахим айтты: "Аллах Күндү чыгыштан чыгарат. Сен (эгер кудай болсоң) аны батыштан чыгарып берчи, кана?! Анан каапыр адам (жооп бере албай) кеңгиреп калды. Аллах залымдарды туура жолго баштабайт!». Бакара сүрөсү, 258-аят.
Ошондой эле Ибрахим пайгамбар коомуна аны туура жолго салган, жедирип-ичирген, ооруса айыктырган, аны өлтүрүп, кайра тирилте турган Аллах экенин айтып далил келтирет. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан:
﴿ٱلَّذِي خَلَقَنِي فَهُوَ يَهۡدِينِ٧٨ وَٱلَّذِي هُوَ يُطۡعِمُنِي وَيَسۡقِينِ٧٩ وَإِذَا مَرِضۡتُ فَهُوَ يَشۡفِينِ٨٠ وَٱلَّذِي يُمِيتُنِي ثُمَّ يُحۡيِينِ٨١﴾[الشعراء: 78-81]
«Ал мени жаратты, анан туура жолго баштайт». «Ал (Аллах) мени жедирет, ичирет, Оорусам, Өзү мага шыпаа берет. Жана Ал менин жанымды алып (кыяматта) мени кайра тирилтет». Шуара сүрөсү, 78-81-аяттар.
Муса пайгамбардын Фараон менен талашканы тууралуу Аллах таала минтип айткан: (Муса) айтты:
﴿قَالَ رَبُّنَا ٱلَّذِيٓ أَعۡطَىٰ كُلَّ شَيۡءٍ خَلۡقَهُۥ ثُمَّ هَدَىٰ٥٠﴾[طه: 50]
«Биздин Раббибиз бардык нерселерге (өзүнө жарашкан) келбет берип (жараткан) жана (өз багытына) жолдоп койгон Аллах». Таха сүрөсү, 50-аят.
Аллах асман-жердегинин баарын инсанга баш ийдирген жана аны жакшылыктары менен ороп койгон, мунун баарын инсан Ага каапыр болбой ибадат кылуусу үчүн кылган. Аллах таала айтты:
﴿أَلَمۡ تَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَأَسۡبَغَ عَلَيۡكُمۡ نِعَمَهُۥ ظَٰهِرَةٗ وَبَاطِنَةٗۗ وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يُجَٰدِلُ فِي ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَلَا هُدٗى وَلَا كِتَٰبٖ مُّنِيرٖ٢٠﴾[لقمان: 20]
«(О, инсандар!) Көрбөй жатасыңарбы, Аллах силерге асмандардагы жана жердеги нерселерди моюн сундуруп, силерди көрүнгөн-көрүнбөгөн жакшылыктарга бөлөдү?! Адамдардын арасында же илими, же (Аллахтан келген) нурдуу китеби, же (пайгамбар көргөзгөн) туура жолу болбосо да Аллах жөнүндө талашып-тартыша берген кишилер бар». Лукман сүрөсү, 20-аят.
Аллах инсанга асман-жердеги бардык нерсени баш ийдирип койгону сыяктуу, аны жаратып, ага пайдасы тие турган жана Башкаруучусу, Жаратуучусу болгон Аллахка баштай турган илим алууга керек болгон угуу, көрүү, жана жүрөк органдарын берди. Аллах таала айтты:
﴿وَٱللَّهُ أَخۡرَجَكُم مِّنۢ بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ شَيۡـٔٗا وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ٧٨﴾[النحل: 78]
«Аллах силерди апаңардын курсагынан чыгарды. Силер (ал кезде) эч нерсе билбейт элеңер. Анан силерге кулак, көз жана жүрөктөрдү берди. Кана эми, шүгүр кылсаңар?!». Нахл сүрөсү, 78-аят.
Кемчиликсиз Аруу Аллах таала бүт ааламдары жана инсанды жаратты. Анын бардык дене-мүчөлөрүн ордунда кылып, күч-кубат берди. Анан Аллахка ибадат кылуусуна жана жер бетин гүлдөтүүсүнө керектүү нерсенин баарын камсыздап, асман-жердегинин баарын ага баш ийдирди.
Аллах пенделерине мына ушул улуу макулуктарды жаратуусун Өзүнүн кудай экендигине, өз учурунда Өзү гана ибадатка татыктуу экендигине далил кылды. Аллах таала айтты: (О, Мухаммад, мушриктерге) айт:
﴿قُلۡ مَن يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ أَمَّن يَمۡلِكُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَمَن يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَيُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتَ مِنَ ٱلۡحَيِّ وَمَن يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَۚ فَسَيَقُولُونَ ٱللَّهُۚ فَقُلۡ أَفَلَا تَتَّقُونَ٣١﴾[يونس: 31]
“Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллах” – деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?”. Юнус сүрөсү, 31-аят.
Аллах таала айтты:
﴿قُلۡ أَرَءَيۡتُم مَّا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُواْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ لَهُمۡ شِرۡكٞ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِۖ ٱئۡتُونِي بِكِتَٰبٖ مِّن قَبۡلِ هَٰذَآ أَوۡ أَثَٰرَةٖ مِّنۡ عِلۡمٍ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ٤﴾[الأحقاف: 4]
«(Оо, Мухаммад, сен аларга) айт: «Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайыңар» жөнүндө эмне дейсиңер? Мага көргөзгүлөчү, алар жерден эмнени жаратты? Же болбосо асмандар(ды жаратуу)да алардын (Аллахка) шерикчилиги барбы? Эгер сөзүңөр чын болсо, мындан (Курандан) мурунку (ыйык) китепти же болбосо (өткөн пайгамбарлардын сөзүнөн турган) илимий мурас (далил) келтиргилечи». Ахкаф сүрөсү, 4-аят.
Аллах таала айтты:
﴿خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيۡرِ عَمَدٖ تَرَوۡنَهَاۖ وَأَلۡقَىٰ فِي ٱلۡأَرۡضِ رَوَٰسِيَ أَن تَمِيدَ بِكُمۡ وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٖۚ وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوۡجٖ كَرِيمٍ١٠ هَٰذَا خَلۡقُ ٱللَّهِ فَأَرُونِي مَاذَا خَلَقَ ٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦۚ بَلِ ٱلظَّٰلِمُونَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ ١١﴾[لقمان: 10-11]
«(Аллах) асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз жаратты жана силерди чайпалтып жибербесин деп жер бетине тоолорду орнотуп койду. Жана ар түрдүү жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан суу түшүрүп жер бетинде ар түрдүү кооз-пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Булар Аллахтын жараткандары. Эми силер мага Аллахтан башка («кудайыңар») жараткан нерселерди көргөзгүлөчү?! Ооба, залымдар анык адашууда!». Лукман сүрөсү, 10-11-аяттар.
Аллах таала айтты:
﴿أَمۡ خُلِقُواْ مِنۡ غَيۡرِ شَيۡءٍ أَمۡ هُمُ ٱلۡخَٰلِقُونَ ٣٥ أَمۡ خَلَقُواْ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَۚ بَل لَّا يُوقِنُونَ٣٦ أَمۡ عِندَهُمۡ خَزَآئِنُ رَبِّكَ أَمۡ هُمُ ٱلۡمُصَۜيۡطِرُونَ٣٧﴾[الطور: 35-37]
«Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу?» Же болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар ишенбейт. Же болбосо, Раббиңдин казына-мүлкү алардын колундабы? Же алар (ошол казына-мүлккө) кожоюнбу?» Тур сүрөсү, 35-37-аяттар.
Шейх Саъди айтты:
«Бул аларга карата ушундай бир далил, алар акыйкатты кабыл алуудан же акыл жана дин талап кылган чектен чыгуудан башка аргалары жок». Ибн Саъдинин тафсири, 816.
7-Аллах - Ал жаратылыштагы бардык көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу. Андан башканын баары Анын жараткан нерселери. Аллах асмандар менен Жерди алты күндө жараткан.
Аллах - Ал жаратылыштагы бардык көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу. Андан башканын баары Анын жараткан нерселери. Аллах таала айтты:
﴿قُلۡ مَن رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ قُلِ ٱللَّهُۚ قُلۡ أَفَٱتَّخَذۡتُم مِّن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ لَا يَمۡلِكُونَ لِأَنفُسِهِمۡ نَفۡعٗا وَلَا ضَرّٗاۚ قُلۡ هَلۡ يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُ أَمۡ هَلۡ تَسۡتَوِي ٱلظُّلُمَٰتُ وَٱلنُّورُۗ أَمۡ جَعَلُواْ لِلَّهِ شُرَكَآءَ خَلَقُواْ كَخَلۡقِهِۦ فَتَشَٰبَهَ ٱلۡخَلۡقُ عَلَيۡهِمۡۚ قُلِ ٱللَّهُ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖ وَهُوَ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّٰرُ١٦﴾[الرعد: 16]
«Айт: «Асмандар жана жердин Раббиси (жаратуучусу) ким?» Айткын: «Аллах!» Айт: «Өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган Аллахтан башкаларды дос-башчы тутуп алдыңарбы?» Айт: «Сокур менен көрүүчү, караңгылык менен нур тең боло алабы?» Же болбосо алар Аллахка (башка «кудайларды») шерик кылышып, (булар деле) Аллах жараткандай жарата алат» (деп ойлоштубу?) Анан (өз сөздөрүнө өздөрү ишене албай) жаратылыш аларга күмөндүү болуп калдыбы?» Айт: «Бардык нерселердин жаратуучусу Аллах! Ал Жалгыз, бардыгын Жеңүчүү!» Раъд сүрөсү, 16-аят.
Аллах таала дагы минтип айтты:
﴿… وَيَخۡلُقُ مَا لَا تَعۡلَمُونَ٨﴾[النحل: 8]
«...жана силер билбеген нерселерди да жаратат». Нахл сүрөсү, 8-аят.
Аллах асмандар менен Жерди алты күндө жараткан. Аллах таала айтты:
﴿هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يَعۡلَمُ مَا يَلِجُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا يَخۡرُجُ مِنۡهَا وَمَا يَنزِلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا يَعۡرُجُ فِيهَاۖ وَهُوَ مَعَكُمۡ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ٤﴾[الحديد: 4]
«Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду. Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшүп жаткан жана ага көтөрүлүп жаткан бардык нерселерди билет. Силер кайда болбогула, Ал силер менен бирге. Аллах силердин (бардык) амалыңарды Көрүүчү». Хадид сүрөсү, 4-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ وَمَا مَسَّنَا مِن لُّغُوبٖ٣٨﴾[ق: 38]
«Биз асмандарды, жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди алты күндүн ичинде (толук) жараттык жана Бизди (эч кандай) чарчоо кармабады». Каф сүрөсү, 38-аят.
8-Кемчиликтерден Аруу, Аллах тааланын мүлкүндө, жаратуучулугунда, башкаруучулугунда жана ибадатка татыктуулугунда эч шериги жок.
Кемчиликтердн аруу Аллах таала бардык мүлктүн падышасы, Анын жаратууда да, падышалыгында да, башкаруусунда да эч шериги жок. Аллах таала айтты:
﴿قُلۡ أَرَءَيۡتُم مَّا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُواْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ لَهُمۡ شِرۡكٞ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِۖ ٱئۡتُونِي بِكِتَٰبٖ مِّن قَبۡلِ هَٰذَآ أَوۡ أَثَٰرَةٖ مِّنۡ عِلۡمٍ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ٤﴾[الأحقاف: 4]
«(Оо, Мухаммад, сен аларга) айт: «Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайыңар» жөнүндө эмне дейсиңер? Мага көргөзгүлөчү, алар жерден эмнени жаратты? Же болбосо асмандар(ды жаратуу)да алардын (Аллахка) шерикчилиги барбы? Эгер сөзүңөр чын болсо, мындан (Курандан) мурунку (ыйык) китепти же болбосо (өткөн пайгамбарлардын сөзүнөн турган) илимий мурас (далил) келтиргилечи». Ахкаф сүрөсү, 4-аят.
Шейх Саъди (аны Аллах ырайым кылсын) мындай деген: "Тактап айтканда, тиги пайда да, зыян да бере албаган, өлтүрө да, тирилте да албаган айкел, кудайчаларын Аллахка шерик кылып алгандарга ачык баян кылып айт: Бут-айкелдериңер алсыз, эч кандай ибадатка татыктуу эмес "Кана Мага көрсөткүлөчү алар жерден эмнени жаратты?! Же асмандарды жаратууда Аллахка шерик болуштубу?". Асман-жерден бир нерсе жаратыштыбы? Тоолорду жараттыбы? Сууларды жараттыбы? Айбанаттарды тараттыбы? Бак-даракты өстүрдүбү? Ушуларды жаратууда жок дегенде жардам бере алыштыбы? Башкалар ары турсун, эч нерсе жаратпагындыгын алардын өздөрү мойнуна алышат. Бул Аллахтан башкага арналган ибадаттын баары жараксыз экенине акылга сыя турган кескин далил. Андан кийин Куран же хадистен далил жок экендигин эскерип мындай деди: "(Курандан) мурдагы китепти алып келгилечи" б.а. ширкке чакырган китепти "же (мурдагы пайгамбарлардан) мурас калган илимди алып келгилечи" б.а. кайсы бир пайгамбардын ширкке чакырган сөзүн алып келгилечи. Айдан ачык белгилүү: алар эч бир пайгамбардан мындай далил алып келе алышпайт. Тескерисинче, бардык пайгамбарлар Раббисин жалгыздоо ишенимине чакырып, Ага шерик кошуудан тыйганын анык билебиз. Пайгамбарлардан мурас калган эң улуу нерсе мына ушул илим. Ибн Саъдинин тафсири, 779.
Кемчиликсиз Аруу Аллах таала бардык мүлктүн падышасы, Анын падышалыгында Ага эч кандай шерик жок. «Айткын:
﴿قُلِ ٱللَّهُمَّ مَٰلِكَ ٱلۡمُلۡكِ تُؤۡتِي ٱلۡمُلۡكَ مَن تَشَآءُ وَتَنزِعُ ٱلۡمُلۡكَ مِمَّن تَشَآءُ وَتُعِزُّ مَن تَشَآءُ وَتُذِلُّ مَن تَشَآءُۖ بِيَدِكَ ٱلۡخَيۡرُۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ٢٦﴾[آل عمران: 26]
"Оо, Аллахым! Бардык мүлктүн Падышасы! Сен мүлктү каалаган пендеңе бересиң жана каалаган пендеңден мүлктү тартып аласың. Жана кимди кааласаң ардактуу кыласың, кимди кааласаң кор кыласың. Жакшылык Сенин гана колуңда. Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң». Аалу Имран сүрөсү, 26-аят.
Аллах таала кыямат күнүндөгү падышалык толук Ага тиешелүү экендигин баяндап мындай деген:
﴿يَوۡمَ هُم بَٰرِزُونَۖ لَا يَخۡفَىٰ عَلَى ٱللَّهِ مِنۡهُمۡ شَيۡءٞۚ لِّمَنِ ٱلۡمُلۡكُ ٱلۡيَوۡمَۖ لِلَّهِ ٱلۡوَٰحِدِ ٱلۡقَهَّارِ ١٦﴾[غافر: 16]
«Ал Күнү алар (инсандар мүрзөлөрүнөн) көтөрүлүп чыгышат. Эч нерсе Аллахтан жашыруун боло албайт. Ал Күнү мүлк (падышалык) кимдин колунда? Жалгыз Каардуу Аллахтын Колунда!» Гафир сүрөсү, 16-аят.
Кемчиликтерден Аруу, Аллах тааланын мүлкүндө, жаратуучулугунда, башкаруучулугунда жана ибадатка татыктуулугунда эч шериги жок. Аллах таала айтты: «Жана айткын:
﴿وَقُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي لَمۡ يَتَّخِذۡ وَلَدٗا وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ شَرِيكٞ فِي ٱلۡمُلۡكِ وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ وَلِيّٞ مِّنَ ٱلذُّلِّۖ وَكَبِّرۡهُ تَكۡبِيرَۢا١١١﴾[الإسراء: 111]
«Баласы жок, мүлктө шериги жок, кордолгон макулуктардан эч бир жардамчысы да жок Аллахка мактоолор болсун!» Жана Аны даңктап жүр!» Исра сүрөсү, 111-аят.
Аллах таала айтты:
﴿ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَمۡ يَتَّخِذۡ وَلَدٗا وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ شَرِيكٞ فِي ٱلۡمُلۡكِ وَخَلَقَ كُلَّ شَيۡءٖ فَقَدَّرَهُۥ تَقۡدِيرٗا ٢﴾[الفرقان: 2]
«Ал асмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат!» Фуркан сүрөсү, 2-аят.
Ал Падыша Андан башкалар Анын мүлкү, Ал Жаратуучу, Андан башкалар Анын жараткандары, Ал бүт ишти башкарып турат. Кимдин абалы ушундай болсо, Ага сөзсүз ибадат кылынат. Андан башкага ибадат кылуу акылдын аздыгы, ошондой эле дүйнө жана акыретти буза турган ширк. Аллах таала айтты:
﴿وَقَالُواْ كُونُواْ هُودًا أَوۡ نَصَٰرَىٰ تَهۡتَدُواْۗ قُلۡ بَلۡ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِـۧمَ حَنِيفٗاۖ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ١٣٥﴾[البقرة: 135]
«Алар “Яхуди же христиан болсоңор гана туура жол табасыңар” дешет. Сен аларга айт: “Андай эмес! Ибрахимдин таухидге негизделген дини(не гана ээрчийбиз!) Жана ал (Ибрахим) мушриктерден болбогон!» Бакара сүрөсү, 135-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَمَنۡ أَحۡسَنُ دِينٗا مِّمَّنۡ أَسۡلَمَ وَجۡهَهُۥ لِلَّهِ وَهُوَ مُحۡسِنٞ وَٱتَّبَعَ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِيمَ حَنِيفٗاۗ وَٱتَّخَذَ ٱللَّهُ إِبۡرَٰهِيمَ خَلِيلٗا١٢٥﴾[النساء: 125]
«Аллахтын шариятын (бекем) кармап, ширктен таухидке бурулган абалда Ибрахимдин динине ээрчиген жана жүзүн (өзүн) Аллахка толук моюн сундурган адамдын дининен да жакшы динди туткан адам барбы? Аллах Ибрахимди (Өзүнө) дос туткан». Ниса сүрөсү, 125-аят.
Аллах таала Ибрахимдин дин-жолунан башка жолду ээрчигендер наадандар экенин баяндап мындай деген:
﴿وَمَن يَرۡغَبُ عَن مِّلَّةِ إِبۡرَٰهِـۧمَ إِلَّا مَن سَفِهَ نَفۡسَهُۥۚ وَلَقَدِ ٱصۡطَفَيۡنَٰهُ فِي ٱلدُّنۡيَاۖ وَإِنَّهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ١٣٠﴾[البقرة: 130]
«Ибрахимдин дининен наадан адамдар гана баш тартат. Биз Ибрахимди бул дүйнөдө (элдерге жолбашчы кылып) тандап алдык жана ал акыретте да (жогорку даражалуу) салих адамдардан». Бакара сүрөсү, 130-аят.
9-Кемчиликтерден Аруу Аллах туубады, туулбады, Анын теңи да, окшошу да жок.
Кемчиликтерден Аруу Аллах туубады, туулбады, Анын теңи да, окшошу да жок. Аллах таала айтты:
﴿قُلۡ هُوَ ٱللَّهُ أَحَدٌ١ ٱللَّهُ ٱلصَّمَدُ٢ لَمۡ يَلِدۡ وَلَمۡ يُولَدۡ ٣ وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ كُفُوًا أَحَدُۢ٤﴾[الإخلاص: 1-4]
«Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз! Аллах – Сомад (Беймуктаж) Ал туубаган жана да туулбаган! Эч ким Ага тендеш эмес!» Ихлас сүрөсү,1-4-аяттар.
Аллах таала айтты:
﴿رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا فَٱعۡبُدۡهُ وَٱصۡطَبِرۡ لِعِبَٰدَتِهِۦۚ هَلۡ تَعۡلَمُ لَهُۥ سَمِيّٗا٦٥﴾[مريم: 65]
«(Сенин Раббиң) асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Раббиси! Демек, Анын Өзүнө гана ибадат кыл жана Анын ибадатына өзүңдү сабырдуулук менен көндүр! (Же) сен ага ысымында бир теңдеш бар экенин билесиңби?!» Мариям сүрөсү, 65-аят.
Аллах таала айтты:
﴿فَاطِرُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ جَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَمِنَ ٱلۡأَنۡعَٰمِ أَزۡوَٰجٗا يَذۡرَؤُكُمۡ فِيهِۚ لَيۡسَ كَمِثۡلِهِۦ شَيۡءٞۖ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ١١﴾[الشورى: 11]
«(Аллах-) асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Ал силерге өзүңөрдөн жуп-түгөй жаратты. Жана Ал айбанаттардан да жуптарды жаратты. Силерди ошол (жуп-жубайлык) боюнча өндүрүп-өстүрөт. Ага (Аллахка) эч нерсе окшобойт. Ал – Угуучу, Көрүүчү!» Шура сүрөсү, 11-аят.
10-Кемчиликтерден Аруу Аллах таала – эч нерсенин ичине кирбейт, Өзү жараткан макулуктардын денесин кабыл албайт.
Кемчиликтерден Аруу Аллах таала – эч нерсенин ичине кирбейт, Өзү жараткан макулуктардын денесин кабыл албайт, эч нерсе менен биригип, аралашып кетпейт; анткени, Аллах Ал Өзү Жаратуучу, андан башканын баары жаратылган. Ал түбөлүк калуучу, Андан башканын баары жок болуучу, Бардык нерсе Анын мүлкү, Ал Зат болсо, алардын Ээси, Падышасы. Аллах Өзү жараткан нерселердин ичине кирбейт. Жаратылгандардан эч нерсе Аллахтын ичине кире албайт. Кемчиликсиз, аруу Аллах бардык нерседен чоң, бардык нерседен улук. Аллах таала Иса пайгамбардын ичине кирип алган дегендерге каяша жооп кылып мындай деген:
﴿لَّقَدۡ كَفَرَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡمَسِيحُ ٱبۡنُ مَرۡيَمَۚ قُلۡ فَمَن يَمۡلِكُ مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔا إِنۡ أَرَادَ أَن يُهۡلِكَ ٱلۡمَسِيحَ ٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَأُمَّهُۥ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗاۗ وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَاۚ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ ١٧﴾[المائدة: 17]
«“Аллах – бул Марямдын уулу Иса”- деген адамдар каапыр болушту. Айтчы: эгер Аллах Марямдын уулу Исаны, анын апасын жана жер жүзүндөгү бардык адамдарды жок кылууну кааласа, Аллах тарабынан (келген бул балээнин) бир гана нерсесин кайтарууга кимдин кудурети жетмек?! Асмандар жана Жердин жана экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселердин падышалыгы (жалгыз) Аллахка таандык. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү». Маида сүрөсү,17-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَلِلَّهِ ٱلۡمَشۡرِقُ وَٱلۡمَغۡرِبُۚ فَأَيۡنَمَا تُوَلُّواْ فَثَمَّ وَجۡهُ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ وَٰسِعٌ عَلِيمٞ ١١٥ وَقَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ وَلَدٗاۗ سُبۡحَٰنَهُۥۖ بَل لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ كُلّٞ لَّهُۥ قَٰنِتُونَ١١٦ بَدِيعُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ وَإِذَا قَضَىٰٓ أَمۡرٗا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ١١٧﴾[البقرة: 115-117]
«Чыгыш дагы, Батыш дагы Аллахка таандык. Кай тарапка жүз бурсаңар, Аллахтын Жүзү (кыбыласы) ошол жакта. Албетте, Аллах (тааланын пазилети) Кенен (жана Ал бардыгын) Билүүчү». «(Яхудилер, христиандар жана мушриктер) “Аллахтын баласы бар” - дешет. Аллах (алар сыпаттаган кемчиликтерден) Таза. Тескерисинче, Жер жана асмандардагы бардык нерселер Аныкы (жана) бардыгы Ага моюн сунат». «Аллах асмандар жана жердин Жаратуучусу. Эгер бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болот». Бакара сүрөсү, 115-117-аяттар.
Аллах таала айтты: (Мушриктер):
﴿وَقَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَلَدٗا٨٨ لَّقَدۡ جِئۡتُمۡ شَيۡـًٔا إِدّٗا٨٩ تَكَادُ ٱلسَّمَٰوَٰتُ يَتَفَطَّرۡنَ مِنۡهُ وَتَنشَقُّ ٱلۡأَرۡضُ وَتَخِرُّ ٱلۡجِبَالُ هَدًّا٩٠ أَن دَعَوۡاْ لِلرَّحۡمَٰنِ وَلَدٗا ٩١ وَمَا يَنۢبَغِي لِلرَّحۡمَٰنِ أَن يَتَّخِذَ وَلَدًا٩٢ إِن كُلُّ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ إِلَّآ ءَاتِي ٱلرَّحۡمَٰنِ عَبۡدٗا٩٣ لَّقَدۡ أَحۡصَىٰهُمۡ وَعَدَّهُمۡ عَدّٗا٩٤ وَكُلُّهُمۡ ءَاتِيهِ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فَرۡدًا ٩٥﴾[مريم: 88-95]
«Аллахтын баласы бар» дешти. «(Эй, мушриктер) силер өтө коркунучтуу сөз айттыңар». «Бул сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор майдаланып кетиши ыктымал!» «Рахмандын баласы бар» дегендери себептүү! Чексиз Ырайымдууга бала тутууга муктаждыгы жок! Асмандардагынын жана Жердегинин баары Чексиз Ырайымдууга кул-пенде болуп, келишти. Аллах баарынын анык эсебин алып койгон. Баары Кыямат күндө Ага жалгыз абалда (байлыгы, бийлиги, бала-чакасы жок) келишет. Марям сүрөсү, 88-95-аяттар.
Аллах таала айтты:
﴿ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡحَيُّ ٱلۡقَيُّومُۚ لَا تَأۡخُذُهُۥ سِنَةٞ وَلَا نَوۡمٞۚ لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ مَن ذَا ٱلَّذِي يَشۡفَعُ عِندَهُۥٓ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦۚ يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡۖ وَلَا يُحِيطُونَ بِشَيۡءٖ مِّنۡ عِلۡمِهِۦٓ إِلَّا بِمَا شَآءَۚ وَسِعَ كُرۡسِيُّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَۖ وَلَا يَـُٔودُهُۥ حِفۡظُهُمَاۚ وَهُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡعَظِيمُ٢٥٥﴾[البقرة: 255]
«Аллах, эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Өзү гана бар. (Ал) – түбөлүк Тирүү, (ар нерсени башкарып) Туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да кармабайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы! Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча эч ким (эч кимге) шапаат-колдоочулук кыла албайт. Ал алардын (бардык макулуктардын) келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар (калайык-калк) болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билишпейт. Анын Курсийси асмандар жана Жерден да кенен. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Аны такыр чарчатпайт. Жана Ал – эң Жогорку жана эң Улук!» Бакара сүрөсү 255-аят.
Анын абалы менен жаратылгандардын абалы ушундай болсо, кантип анан алардын биринин ичине кирип алсын же Өзүнө бала кылып алсын же аны Өзү менен бирге сыйыныла турган илах кылып жаратсын?!
11-Кемчиликтерден Аруу, Аллах таала пенделерине Мээрбан жана Ырайымдуу, ошон үчүн элчилерди жиберип, китептерди түшүргөн.
Кемчиликтерден Аруу, Аллах таала пенделерине Мээрбан жана Ырайымдуу, ошон үчүн элчилерди жиберип, китептерди түшүргөн; аларды каапырлыктын жана ширктин караңгылыгынан таухиддин жана туура жолдун нуруна чыгаруу үчүн.
﴿هُوَ ٱلَّذِي يُنَزِّلُ عَلَىٰ عَبۡدِهِۦٓ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖ لِّيُخۡرِجَكُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ بِكُمۡ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٞ٩﴾[الحديد: 9]
«Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн пендесине (Мухаммадга) анык аяттарды түшүрдү. Аллах силерге өтө Ырайымдуу, Мээримдүү». Хадид сүрөсү, 9-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا رَحۡمَةٗ لِّلۡعَٰلَمِينَ١٠٧﴾[الأنبياء: 107]
«(Оо, Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым (болууң) үчүн жибердик». Анбия сүрөсү, 107-аят.
Аллах таала пайгамбарын пенделерге Аллахтын Кечиримдүү, Ырайымдуу экендигин айтууга буюрган. Аллах Таала айтты:
﴿۞ نَبِّئۡ عِبَادِيٓ أَنِّيٓ أَنَا ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ٤٩﴾[الحجر: 49]
«(О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана (тообо кылгандарды) Кечирүүчү Ырайымдуумун!» Хижр сүрөсү, 49-аят.
Анын Мээрбандыгы жана Ырайымдуулугунан Ал зыянды кетирип, жакшылыктарды түшүрөт. Аллах таала айтты:
﴿وَإِن يَمۡسَسۡكَ ٱللَّهُ بِضُرّٖ فَلَا كَاشِفَ لَهُۥٓ إِلَّا هُوَۖ وَإِن يُرِدۡكَ بِخَيۡرٖ فَلَا رَآدَّ لِفَضۡلِهِۦۚ يُصِيبُ بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۚ وَهُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ١٠٧﴾[يونس: 107]
«Эгер Аллах сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, эгер сага Аллах бир жакшылыкты кааласа, Анын пазилетине эч ким тоскоол боло албайт. Аллахтын жакшылыгы пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына жетет. Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу». Юнус сүрөсү,107-аят.
12-Аллах Ал Ырайымдуу Рабби, Ал кыямат күнү калайык-калкты кабырларынан тирилтип тургузганда, аларды Өзү жалгыз эсеп-кысап кылат. Кылган жакшы жана жаман амалына жараша ар бир жанды жазалайт же сыйлайт. Ким ыймандуу болуп, жакшы иштерди кылса, ага акыретте түбөлүктүү жакшылыктар болот, ал эми ким каапыр болуп, жаман иштерди кылса, ага акыретте катуу азап болот.
Аллах Ал Ырайымдуу Рабби, Ал кыямат күнү калайык-калкты кабырларынан тирилтип тургузганда, аларды Өзү жалгыз эсеп-кысап кылат. Кылган жакшы жана жаман амалына жараша ар бир жанды жазалайт же сыйлайт. Ким ыймандуу болуп, жакшы иштерди кылса, ага акыретте түбөлүктүү жакшылыктар болот, ал эми ким каапыр болуп, жаман иштерди кылса, ага акыретте катуу азап болот. Аллахтын адилдигинин, даанышмандыгынын жана жараткандарына болгон Ырайымынын толуктугунан улам, Ал бул дүйнө жашоосун амал кыла турган, ал эми акыретти жаза, эсеп, сооп-сый ала турган кылды. Жакшылык кылуучулар жакшылыгынын сыйын көрөт, күнөөкөр, залым, бузукулар залымдыгынын, бузукулугунун азабын тартат. Кээ бир адамдар муну узак санашат. А Аллах таала кайра тирилүүнүн анык экенине, ага эч шек жок экенине өтө көп далилдерди келтирген. Аллах таала айтты:
﴿وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنَّكَ تَرَى ٱلۡأَرۡضَ خَٰشِعَةٗ فَإِذَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهَا ٱلۡمَآءَ ٱهۡتَزَّتۡ وَرَبَتۡۚ إِنَّ ٱلَّذِيٓ أَحۡيَاهَا لَمُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰٓۚ إِنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ٣٩﴾[فصلت: 39]
«Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен дагы бири, сен жерди куп-кургак (өлүк сыяктуу кунарсыз) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрсөк козголуп, көөп чыгат (жана ар түрдүү өсүмдүктөрдү өндүрө баштайт). Жерди (ушинтип) тирилткен Кудай өлүктөрдү да тирилте алат. Ал ар кандай нерсеге Кудуреттүү!» Фуссилат сүрөсү, 39-аят.
Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِن كُنتُمۡ فِي رَيۡبٖ مِّنَ ٱلۡبَعۡثِ فَإِنَّا خَلَقۡنَٰكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَةٖ ثُمَّ مِن مُّضۡغَةٖ مُّخَلَّقَةٖ وَغَيۡرِ مُخَلَّقَةٖ لِّنُبَيِّنَ لَكُمۡۚ وَنُقِرُّ فِي ٱلۡأَرۡحَامِ مَا نَشَآءُ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى ثُمَّ نُخۡرِجُكُمۡ طِفۡلٗا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوٓاْ أَشُدَّكُمۡۖ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرۡذَلِ ٱلۡعُمُرِ لِكَيۡلَا يَعۡلَمَ مِنۢ بَعۡدِ عِلۡمٖ شَيۡـٔٗاۚ وَتَرَى ٱلۡأَرۡضَ هَامِدَةٗ فَإِذَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهَا ٱلۡمَآءَ ٱهۡتَزَّتۡ وَرَبَتۡ وَأَنۢبَتَتۡ مِن كُلِّ زَوۡجِۭ بَهِيجٖ ٥﴾[الحج: 5]
«Оо, адамдар! Эгер кайра тирилүүдөн шектенүүдө болсоңор, (өзүңөрдүн абалкы жаратылганыңарды ойлогула): Биз силерди(н атаңар Адамды эң оболу) топурактан жараттык. Андан соң тамчы «суудан», андан соң коюу кандан, андан соң бүткөн-бүтпөгөн бир тиштем эттен (жараттык). Силерге (акырындык менен толуктука жете турган жаратылууңарды) баян кылып берүү үчүн. Жана (андан соң) Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгиленген (төрөлүүчү) мөөнөткө чейин жатындарга жайгаштырабыз. Кийин силерди ымыркай-бөбөк абалда (жатындардан жарык дүйнөгө) чыгарабыз. Кийин эрезеге жеткениңерге чейин (тарбиялайбыз). Силерден кимдир бирөөлөр (балалык чагында же жаштыгында эле) өлүп калат. Дагы башка бирөөлөр билгенден соң билбей турган болуп калышы үчүн эң төмөн өмүргө (карылык жашына) жеткирилет. Сен жерди какшыган (эч нерсе өстүрбөгөн өлүк) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрөөр замат бир сезгенип алып, көөп чыгат жана ар түрдүү сулуу-көркөм өсүмдүктөрдү өстүрө баштайт». Хаж сүрөсү, 5-аят.
Бул аятта Акыйкат Зат (Аллах) кайра тирилүүгө тиешелүү үч акыл далилин келтирген, алар:
1) Инсанды Аллах алгач топурактан жараткан. Аны топурактан жараткан Аллах, ал топуракка айланып калгандан кийин кайра жаратууга кудуреттүү.
2) Инсанды бир тамчы бел суудан жараткан Аллах, ал өлгөндөн кийин аны кайра тирилтүүгө кудуреттүү.
3) Өлүк жерди жамгыр суусу менен тирилткен Зат, адамдарды да алар өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө кудуреттүү. Бир кыска аяттын улуу маселеге талашсыз үч акыл далилин камтып алуусу - бул аятта Курандын муъжиза-керемет экендигине далил болот.
Аллах таала айтты:
﴿يَوۡمَ نَطۡوِي ٱلسَّمَآءَ كَطَيِّ ٱلسِّجِلِّ لِلۡكُتُبِۚ كَمَا بَدَأۡنَآ أَوَّلَ خَلۡقٖ نُّعِيدُهُۥۚ وَعۡدًا عَلَيۡنَآۚ إِنَّا كُنَّا فَٰعِلِينَ١٠٤﴾[الأنبياء: 104]
«Ошол Күнү Биз асманды кат жазылган китепти жапкан сыяктуу жаап койобуз. (Калк-калайыкты) абалкы жолу жараткан калыбына кайтарабыз. Бул (кайра жаратуу) Биздин милдетибиздеги убада. Биз аны аткарабыз». Анбия сүрөсү, 104-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَضَرَبَ لَنَا مَثَلٗا وَنَسِيَ خَلۡقَهُۥۖ قَالَ مَن يُحۡيِ ٱلۡعِظَٰمَ وَهِيَ رَمِيمٞ ٧٨ قُلۡ يُحۡيِيهَا ٱلَّذِيٓ أَنشَأَهَآ أَوَّلَ مَرَّةٖۖ وَهُوَ بِكُلِّ خَلۡقٍ عَلِيمٌ ٧٩﴾[يس: 78-79]
«Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Чирип кеткен сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?» – деп, Бизге (каршы) мисал келтирет!» Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет». Ясин сүрөсү, 78-79 аяттар.
Аллах таала айтты:
﴿ءَأَنتُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَمِ ٱلسَّمَآءُۚ بَنَىٰهَا٢٧ رَفَعَ سَمۡكَهَا فَسَوَّىٰهَا٢٨ وَأَغۡطَشَ لَيۡلَهَا وَأَخۡرَجَ ضُحَىٰهَا٢٩ وَٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ ذَٰلِكَ دَحَىٰهَآ٣٠ أَخۡرَجَ مِنۡهَا مَآءَهَا وَمَرۡعَىٰهَا٣١ وَٱلۡجِبَالَ أَرۡسَىٰهَا٣٢﴾[النازعات: 27-32]
«(Эй, каапырлар!) силердин жаратылууңар татаалыраакпы же асмандынбы?! Аны (Аллах) жаратты!» Шыбын көтөрүп, бекем-кынтыксиз кылды. Түнүн караңгы кылды жана (таң аттырып) жарыгын чыгарды. Андан кийин жерди жайып (кооздоп) койду. Андан сууларын, жайлоолорун чыгарды. Тоолорду (бекем) орнотту. Наазиат сүрөсү, 27-32-аяттар.
Аллах, инсанды жаратуу асман-жерди жана алардын ортосундагы нерселерди жаратуудан кыйын эмес экенин баяндады. Асман-жерди жаратууга күчү жеткен Зат, инсанды экинчи жолу кайра тирилтүүгө алсыздык кылбайт.
13-Кемчиликсиз Аруу Аллах Адамды топурактан, анын артынан урпактарын көбөйө турган кылып жаратты. Адамдардын баары негизинде бирдей. Бир жыныстын экинчи жыныстан, бир элдин экинчи элден артыкчылыгы жок, артыкчылык такыбалыкта гана.
Кемчиликсиз Аруу Аллах Адамды топурактан, анын артынан урпактарын көбөйө турган кылып жаратты. Адамдардын баары негизинде бирдей. Бир жыныстын экинчи жыныстан, бир элдин экинчи элден артыкчылыгы жок, артыкчылык такыбалыкта гана. Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّا خَلَقۡنَٰكُم مِّن ذَكَرٖ وَأُنثَىٰ وَجَعَلۡنَٰكُمۡ شُعُوبٗا وَقَبَآئِلَ لِتَعَارَفُوٓاْۚ إِنَّ أَكۡرَمَكُمۡ عِندَ ٱللَّهِ أَتۡقَىٰكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٞ١٣﴾[الحجرات: 13]
«Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жаратып, өз-ара таанышып-билишиңер үчүн улуттарга, урууларга (бөлүп) койдук. Аллахтын назарында силердин эң улугуңар – такыбалуураак болгонуңар. Аллах чынында, Билүүчү, Кабардар!» Хужурат сүрөсү, 13-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَٱللَّهُ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ جَعَلَكُمۡ أَزۡوَٰجٗاۚ وَمَا تَحۡمِلُ مِنۡ أُنثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلۡمِهِۦۚ وَمَا يُعَمَّرُ مِن مُّعَمَّرٖ وَلَا يُنقَصُ مِنۡ عُمُرِهِۦٓ إِلَّا فِي كِتَٰبٍۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ ١١﴾[فاطر: 11]
«(Оо, инсандар) Аллах силерди (алгач ирет) топурактан, андан кийин бел суудан жаратты. Кийин (жетилген курагыңарда) силерди жуп-жубайлар кылды. Ургаачылардын боюна эмне бүтүп, эмне төрөгөнүн Ал билип турат. Жана жашоочунун канчалык өмүр сүрөөрү жана өмүрүнөн канчасы кыскарары (Аллахтан алдындагы) китепте бар, албетте бул Аллах үчүн жеңил». Фатир сүрөсү, 11-аят
Аллах таала айтты:
﴿هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَةٖ ثُمَّ يُخۡرِجُكُمۡ طِفۡلٗا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوٓاْ أَشُدَّكُمۡ ثُمَّ لِتَكُونُواْ شُيُوخٗاۚ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ مِن قَبۡلُۖ وَلِتَبۡلُغُوٓاْ أَجَلٗا مُّسَمّٗى وَلَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ٦٧﴾[غافر: 67]
«Аллах силерди (оболу) топурактан, андан соң бир тамчы бел суудан, андан соң коюу кандан жаратты. Андан кийин бөбөк абалыңарда (жарык дүйнөгө) чыгарды. Андан кийин күч-кубатка толгон жашка жетишиңер үчүн, жана андан соң картайган (чал-кемпир) болуп калышыңар үчүн (муундан муунга өткөрдү.) Силерден кээ бирөөңөр (карылыктан) мурун өтүп кетишет. (Дагы бирөөңөр болсо) белгиленген мөөнөткө (картайып, анан өлүм табууга) жетишиңер үчүн (узун өмүр сүрөт). Кана эми акылыңарды иштетсеңер!» Гафир сүрөсү, 67-аят.
Аллах таала Адам атаны
﴿إِنَّ مَثَلَ عِيسَىٰ عِندَ ٱللَّهِ كَمَثَلِ ءَادَمَۖ خَلَقَهُۥ مِن تُرَابٖ ثُمَّ قَالَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ٥٩﴾[آل عمران: 59]
«Бол!» деген сөзү менен топурактан жаратканы сыяктуу Иса пайгамбарды да «Бол!» деген сөзү менен жаратканын баяндап мындай деди: «Албетте, Аллахтын назарында Исанын мисалы Адам (Ата) сыяктуу. Аллах аны топурактан жаратып: “бол!” дегенде, дароо болуп (жаралып) калган». Аалу Имран сүрөсү, 59-аят.
Экинчи абзацта пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар баары бирдей, бири-биринен артык эмес, артыкчылык такыбалыкта гана болот - деген сөзүн айтып өттүм.
14-Төрөлгөндөрдүн баары таза табият (фитрат) менен төрөлөт.
Төрөлгөндөрдүн баары таза табият (фитрат) менен төрөлөт. Аллах таала айтты:
﴿فَأَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفٗاۚ فِطۡرَتَ ٱللَّهِ ٱلَّتِي فَطَرَ ٱلنَّاسَ عَلَيۡهَاۚ لَا تَبۡدِيلَ لِخَلۡقِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلۡقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ٣٠﴾[الروم: 30]
«(Оо, Мухаммад!) Ислам динине баш ийип, жүзүңдү адамдардын таза табиятына ылайык кылган динге бур! Аллахтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң туура дин – ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт». Рум сүрөсү, 30-аят.
Ханифтик бул Ибрахим пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) дини. Аллах таала айтты:
﴿ثُمَّ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ أَنِ ٱتَّبِعۡ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِيمَ حَنِيفٗاۖ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ١٢٣﴾[النحل: 123]
«Андан соң (о, Мухаммад), Биз сага: «Жалгыз Аллахка сыйынуучу Ибрахимдин динине ээрчигин. (Себеби) ал мушриктерден болбоду” деп аян-кабар жибердик». Нахл сүрөсү, 123-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Ар бир төрөлгөн бала таза табият менен (фитратта) төрөлөт. Кийин аны ата-энеси яхуди, христиан, же отпарас кылат. Бул бир жаныбардын өзү сымал эч бир жери кесилбеген жаныбарды тууганы сыяктуу. Силер анын кулак-мурду кесилгенин көрдүңөр беле?!». Анан Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) бул аятты кошумчалады:
﴿فَأَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفٗاۚ فِطۡرَتَ ٱللَّهِ ٱلَّتِي فَطَرَ ٱلنَّاسَ عَلَيۡهَاۚ لَا تَبۡدِيلَ لِخَلۡقِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلۡقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ٣٠﴾[الروم: 30]
«(Оо, Мухаммад!) Ислам динине баш ийип, жүзүңдү адамдардын таза табиятына ылайык кылган динге бур! Аллахтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң туура дин – ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт». Рум сүрөсү, 30-аят. Сахих ал-Бухари, 4775-хадис.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Угуп алгыла! Раббим, бүгүн мага билдирген, силер билбеген нерсени силерге билдирүүгө буюрду: «Пенделериме берген мал-мүлктүн баары аларга адал. Мен пенделеримдин баарын таза табиятта (мусулман кылып) жаратканмын. Анан аларга шайтандар келип, диндеринен алыстатып, Мен аларга адал кылган нерселерди арам кылды жана Мен эч кандай далил түшүрбөгөн нерселерди Мага шерик кошууга буюрду". Муслим риваят кылган, 2865-хадис.
15-Адам баласынан эч ким өзүнүн күнөө-катасы менен же башка бирөөнүн күнөө-катасына мураскер болуп төрөлбөйт.
Адам баласынан эч ким төрөлгөндө эле ката кетирип, же башка бирөөнүн катасын өзүнө мураска алып туулбайт. Аллах таала бизге Адам атанын илахий буйрукка каршы иш кылып, аялы Обо экөө тыюу салынган дарактан жеп алганы, анан өкүнүп, тообо кылып, Аллахтан кечирим тилегени, Аллах ага жакшы сөздөрдү айтууну илхам кылганы, аларды айткандан кийин алардын тообосун кабыл кылганы тууралуу кабардап минтип айткан:
﴿وَقُلۡنَا يَٰٓـَٔادَمُ ٱسۡكُنۡ أَنتَ وَزَوۡجُكَ ٱلۡجَنَّةَ وَكُلَا مِنۡهَا رَغَدًا حَيۡثُ شِئۡتُمَا وَلَا تَقۡرَبَا هَٰذِهِ ٱلشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ٣٥ فَأَزَلَّهُمَا ٱلشَّيۡطَٰنُ عَنۡهَا فَأَخۡرَجَهُمَا مِمَّا كَانَا فِيهِۖ وَقُلۡنَا ٱهۡبِطُواْ بَعۡضُكُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوّٞۖ وَلَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُسۡتَقَرّٞ وَمَتَٰعٌ إِلَىٰ حِينٖ٣٦ فَتَلَقَّىٰٓ ءَادَمُ مِن رَّبِّهِۦ كَلِمَٰتٖ فَتَابَ عَلَيۡهِۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ ٣٧ قُلۡنَا ٱهۡبِطُواْ مِنۡهَا جَمِيعٗاۖ فَإِمَّا يَأۡتِيَنَّكُم مِّنِّي هُدٗى فَمَن تَبِعَ هُدَايَ فَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ٣٨﴾[البقرة: 35-38]
«Биз айттык: «О, Адам, сен жана жубайың (Обо экөөң) бейиште жашагыла, андагы жаккан мөмөлөрдөн каалаганыңарды жегиле, бирок, мына бул даракка жакын келе көрбөгүлө. Антсеңер (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар». «Шайтан ал экөөнү бейиштен азгырып, мекендеринен чыгарды. Кийин Биз (Адам, Обо жана шайтанга) айттык: «Бири-бириңерге душман болуп (жерге) түшкүлө! Силер үчүн жерде белгилүү убакытка (өмүр бүткөнгө) чейин орун-очок жана (жакшылыктарынан) пайдалануу бар». «Андан кийин Адам («О, Жаратуучубуз! Биз өзүбүзгө зулум кылуучу болуп калдык» деген) сөздөрдү Раббиси тарабынан (дилине) түшүрдү. Аллах анын тообосун кабыл алды. Албетте, Аллах тооболорду кабыл алуучу, Мээримдүү». «Баарыңар бейиштен түшкүлө» дедик. Эми, силерге Мен тараптан туура жол келгенде, ким Менин туура жолума ээрчисе, аларга коркунуч жок жана кайгы-капага батышпайт». Бакара сүрөсү, 35-38-аяттар.
Аллах таала Адам атанын күнөөсүн кечирип, тообосун кабыл кылгандыктан, анын моюнуна күнөөсү сактап калган жок. Демек, анын урук-урпагы тообо менен жоюлган күнөөнү мураска албайт. Негизи, эч ким башка бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт. Аллах таала айтты:
﴿قُلۡ أَغَيۡرَ ٱللَّهِ أَبۡغِي رَبّٗا وَهُوَ رَبُّ كُلِّ شَيۡءٖۚ وَلَا تَكۡسِبُ كُلُّ نَفۡسٍ إِلَّا عَلَيۡهَاۚ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُم مَّرۡجِعُكُمۡ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ١٦٤﴾[الأنعام: 164]
«Айткын: “Аллахтан башка Рабби издейинби?! Ал бардык нерселердин Раббиси го! Ар бир жандын жасаган жамандыгы, өзүнүн гана зыянына! Эч ким башка бирөөнүн (күнөө) жүгүн көтөрбөйт! Кийин баарыңардын кайтууңар - Аллахка! Анан Ал силерге (дин ишинде) өз ара талашканыңардын кабарын берет». Анаам сүрөсү, 164-аят.
Аллах таала айтты:
﴿مَّنِ ٱهۡتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهۡتَدِي لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيۡهَاۚ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰۗ وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّىٰ نَبۡعَثَ رَسُولٗا١٥﴾[الإسراء: 15]
«Ким туура жолго түшсө - өз пайдасы үчүн түшөт. Кимде-ким адашса, өзүнүн зыянына адашат. Эч ким бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз пайгамбар жибермейинче (эч кимди) азапка салбайбыз». Исра сүрөсү, 15-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰۚ وَإِن تَدۡعُ مُثۡقَلَةٌ إِلَىٰ حِمۡلِهَا لَا يُحۡمَلۡ مِنۡهُ شَيۡءٞ وَلَوۡ كَانَ ذَا قُرۡبَىٰٓۗ إِنَّمَا تُنذِرُ ٱلَّذِينَ يَخۡشَوۡنَ رَبَّهُم بِٱلۡغَيۡبِ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَۚ وَمَن تَزَكَّىٰ فَإِنَّمَا يَتَزَكَّىٰ لِنَفۡسِهِۦۚ وَإِلَى ٱللَّهِ ٱلۡمَصِيرُ ١٨﴾[فاطر: 18]
«Эч бир көтөрүүчү (кыяматта) бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт. Эгер бир оор күнөөсү бар адам аны көтөрүшүүгө (жардамга) чакырса да, андан эч нерсе жеңилдетилбейт, эгер (чакырылгандар) анын (жакын) тууганы болсо да! Сен өздөрүнүн кайыптагы Раббисинен корккон жана намаздарын толук окуган кишилерди гана эскерте аласың. Ким тазарса өзүнүн гана пайдасына тазарганы. Кайтуу - Аллахка!» Фатир сүрөсү, 18-аят.
16-Адам баласынын жаратылуудагы максаты - Жалгыз Аллахка ибадат кылуу.
Адам баласынын жаратылуудагы максаты - Жалгыз Аллахка ибадат кылуу. Аллах таала айтты:
﴿وَمَا خَلَقۡتُ ٱلۡجِنَّ وَٱلۡإِنسَ إِلَّا لِيَعۡبُدُونِ٥٦﴾[الذاريات: 56]
«Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым». Зарият сүрөсү, 56-аят.
17-Ислам - инсандын кадырын көтөрдү, мейли ал эркек болсун, мейли аял болсун. Анын толук укугун кепилдикке алды жана бардык ыктыярдуу иштерине, амалдарына, иш-аракеттерине жоопкер кылды. Ошондой эле өз жанына же башкаларга зыянын тийгизе турган ар кандай иштерге жоопкерликти моюнуна жүктөдү.
Ислам - инсандын кадырын көтөрдү, мейли ал эркек болсун, мейли аял болсун. Аллах таала инсанды жер бетинде (орун басар) биринин артынан бири калып жашоо кечирүүсү үчүн жаратты. Аллах таала айтты:
﴿وَإِذۡ قَالَ رَبُّكَ لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّي جَاعِلٞ فِي ٱلۡأَرۡضِ خَلِيفَةٗۖ …٣٠﴾[البقرة: 30]
«Раббиң периштелерге: «Мен жер бетине биринин артынан бири калуучу (инсанды) жаратамын» дегенде, алар (периштелер) айтышты:...». Бакара сүрөсү, 30-аят.
Бул жалпы адам баласына болгон сый-урмат. Аллах таала минтип айткан:
﴿۞ وَلَقَدۡ كَرَّمۡنَا بَنِيٓ ءَادَمَ وَحَمَلۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ وَرَزَقۡنَٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَفَضَّلۡنَٰهُمۡ عَلَىٰ كَثِيرٖ مِّمَّنۡ خَلَقۡنَا تَفۡضِيلٗا٧٠﴾[الإسراء: 70]
«Чынында, Биз адам перзенттерин (башка макулуктардан) улук кылып, кургактагы жана деңиз үстүндө(гү нерселерге) миндирип, таза-адал нерселерден ырыскы бердик жана Өзүбүз жараткан көп нерселерден бир кыйла абзел-жогору кылып койдук». Исра сүрөсү, 70-аят.
Аллах таала айтты:
﴿لَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِيٓ أَحۡسَنِ تَقۡوِيمٖ٤﴾[التين: 4]
«Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык». Тиин сүрөсү, 4-аят.
Аллах таала инсанды Аллахтан башкага өзүн кор тутуп сыйынуудан, ээрчүүдөн жана баш ийүүдөн тыйган. Аллах таала айтты:
﴿وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَتَّخِذُ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَندَادٗا يُحِبُّونَهُمۡ كَحُبِّ ٱللَّهِۖ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَشَدُّ حُبّٗا لِّلَّهِۗ وَلَوۡ يَرَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ إِذۡ يَرَوۡنَ ٱلۡعَذَابَ أَنَّ ٱلۡقُوَّةَ لِلَّهِ جَمِيعٗا وَأَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعَذَابِ ١٦٥ إِذۡ تَبَرَّأَ ٱلَّذِينَ ٱتُّبِعُواْ مِنَ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُواْ وَرَأَوُاْ ٱلۡعَذَابَ وَتَقَطَّعَتۡ بِهِمُ ٱلۡأَسۡبَابُ١٦٦﴾[البقرة: 165-166]
«Адамдардын арасында кээ бирөөлөр, Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар Аллахты көбүрөөк сүйүшөт. Эгер (Аллахка башка нерселерди шерик кармаган) залымдар кыяматта азапты (өз көздөрү менен) көрүшсө жана күч-кудуреттин бардыгы Аллахка таандык экенин билишсе (Аллахка шерик кошушпайт болчу). Аллахтын азабы катуу! Ал (Кыямат) Күнү (Аллахтан башкага) ээрчигендерден ээрчиткендери (сыйынган, сүйгөн жалган кудайлары) чанып кетет жана бардыгы азапты өз көздөрү менен көрүшөт. Анан алардын арасындагы алака-мамилелери үзүлөт». Бакара сүрөсү, 165-166-аяттар
. Аллах таала жалганды ээрчиген жана жалган ээрчиткендердин кыямат күндөгү абалын баяндап мындай деген:
﴿قَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ لِلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُوٓاْ أَنَحۡنُ صَدَدۡنَٰكُمۡ عَنِ ٱلۡهُدَىٰ بَعۡدَ إِذۡ جَآءَكُمۖ بَلۡ كُنتُم مُّجۡرِمِينَ٣٢ وَقَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُواْ لِلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ بَلۡ مَكۡرُ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ إِذۡ تَأۡمُرُونَنَآ أَن نَّكۡفُرَ بِٱللَّهِ وَنَجۡعَلَ لَهُۥٓ أَندَادٗاۚ وَأَسَرُّواْ ٱلنَّدَامَةَ لَمَّا رَأَوُاْ ٱلۡعَذَابَۚ وَجَعَلۡنَا ٱلۡأَغۡلَٰلَ فِيٓ أَعۡنَاقِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۖ هَلۡ يُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ٣٣﴾[سبأ: 32-33]
«Текебер жолбашчылары болсо, алсыздарга: «Өзүңөргө (анык далилдер) келгенден кийин силерди туура жолдон биз тостук беле? Жок! Өзүңөр күнөөлүү болгонсуңар!» – дешет». «(Анда) ээрчиген алсыздар текебер жол башчыларына (мындай) дешет: «Жок!» Күнү-түнү (силер кылган) айлакерлик бизди азгырды. Ал кезде силер бизди Аллахка каапыр болууга жана Ага теңдеш-шериктерди кошууга буюргансыңар!» (Ошентип бардыгы), азапты (өз көздөрү менен) көргөндө ичинен бушайман тартып турушту. Биз каапыр болгон адамдардын моюндарына кишендерди салып койдук. Алар(га зулум кылбадык), өздөрү жасаган (жаман) иштеринин гана жазасын алышты». Саба сүрөсү, 32-33-аяттар.
Кыямат күнүндөгү Аллах тааланын адилеттүүлүгүнүн толуктугунун бир белгиси, адашууга чакырган жана алардын башчыларына өздөрүнүн күнөөсүн жана аларды ээрчигендердин да күнөөсүн кошо жүктөгөнү. Аллах таала айтты:
﴿لِيَحۡمِلُوٓاْ أَوۡزَارَهُمۡ كَامِلَةٗ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَمِنۡ أَوۡزَارِ ٱلَّذِينَ يُضِلُّونَهُم بِغَيۡرِ عِلۡمٍۗ أَلَا سَآءَ مَا يَزِرُونَ٢٥﴾[النحل: 25]
«Кыямат лүнү күнөөлөрүн толугу менен, ал эми илимсиздиги себептүү (аларды) адаштырган адамдарынын күнөөлөрүн(үн бир бөлүгүн желкесине) көтөрүш үчүн (ошентишти). Уккула, алар көтөргөн «жүк» кандай жаман!» Нахл сүрөсү, 25-аят.
Ислам дини инсанга бул дүйнө жана акыреттеги укугун сактоону кепилдигине алган. Бул укуктардын эң маанилүүсү - Аллахтын адамдарга болгон акысы, жана адамдардын Аллахка болгон акысы. Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: «Мен пайгамбарыбыздын төөсүнө учкашып бара жаткам. Ал: "Муаз" - деп кайрылды. Мен: кызматыңызга даярмын - дедим. Ал үч жолу ушинтти. Анан: "Аллахтын пенделерге болгон акысын билесиңби?" - деди. Жок - дедим. "Аллахтын пенделерге болгон акысы, Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуусу" - деди. Дагы бир аз жол жүргөндөн кийин: "Муаз" - деди. Кызматыңызга даярмын - дедим. "Пенделердин Аллахка болгон акысын билесиңби? Эгер Ага шерик кошпой ибадат кылышса, аларды азаптабоосу" - деди». Сахих ал-Бухари, 6840-хадис.
Ислам дини инсандын акыйкат динин, урук-урпагын, мал-мүлкүн, абийирин кепилдикке алган. (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Аллах таала силердин каныңарды, мал-мүлкүңөрдү, абийириңерди, ушул күнүңөр, ушул айыңар жана ушул шаарыңар сыяктуу ыйык (арам) кылды». Сахих ал-Бухари, 6501-хадис. Бул улуу сөздү пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жүз миңден ашуун сахаба катышкан коштошуу ажылыгында жарыя кылып, кийин аны курмандык күнү кайра кайталап бекемдеген. Ислам дини инсанды бардык тандоосунда, аткарган амалдарында, иш-аракеттеринде жоопкер кылган. Аллах таала айтты: «Ар бир адамдын (жакшы же жаман) ишин өз мойнуна илип койдук жана кыямат күндө ага, таратылган, өзү жолукчу китебин (амал дептерин) чыгарып беребиз. (Жана):
﴿وَكُلَّ إِنسَٰنٍ أَلۡزَمۡنَٰهُ طَٰٓئِرَهُۥ فِي عُنُقِهِۦۖ وَنُخۡرِجُ لَهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ كِتَٰبٗا يَلۡقَىٰهُ مَنشُورًا١٣ ٱقۡرَأۡ كِتَٰبَكَ كَفَىٰ بِنَفۡسِكَ ٱلۡيَوۡمَ عَلَيۡكَ حَسِيبٗا ١٤﴾ [الإسراء: 13-14]
«Китебиңди оку, бүгүн өзүңдүн зыяныңа өзүң жетишерлик эсепчисиң!» (дейбиз). Исра сүрөсү, 13-14 аяттар.
Башкача айтканда, жакшы амалы болобу, жаман амалы болобу, Аллах аны анын моюнуна жүктөйт. Башка бирөөнүн амалын андан сурабайт жана башка бирөөнү анын амалы үчүн сурабайт. Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡإِنسَٰنُ إِنَّكَ كَادِحٌ إِلَىٰ رَبِّكَ كَدۡحٗا فَمُلَٰقِيهِ٦﴾[الانشقاق: 6]
«О, инсан! Сен Раббиңе (жолуканча) түйшөлүп, акырында Ага жолугасың». Иншикок сүрөсү, 6-аят.
Аллах таала айтты:
﴿مَّنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا فَلِنَفۡسِهِۦۖ وَمَنۡ أَسَآءَ فَعَلَيۡهَاۗ وَمَا رَبُّكَ بِظَلَّٰمٖ لِّلۡعَبِيدِ ٤٦﴾[فصلت: 46]
«Ким жакшы иш жасаса өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса өзүнө зыян! Сенин Раббиң пенделерге зулум кылуучу эмес». Фуссилат сүрөсү, 46-аят.
Ислам дини инсанды өзүнө жана өзгөлөргө зыянын тийгизе турган ар кандай иштерге жоопкерликти моюнуна жүктөгөн. Аллах таала айтты:
﴿وَمَن يَكۡسِبۡ إِثۡمٗا فَإِنَّمَا يَكۡسِبُهُۥ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا١١١﴾[النساء: 111]
«Ким бир күнөө иш жасаса (анын жазасы) өзүнө. Аллах - Билүүчү, Даанышман». Ниса сүрөсү, 111-аят.
Аллах таала айтты:
﴿مِنۡ أَجۡلِ ذَٰلِكَ كَتَبۡنَا عَلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ أَنَّهُۥ مَن قَتَلَ نَفۡسَۢا بِغَيۡرِ نَفۡسٍ أَوۡ فَسَادٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ ٱلنَّاسَ جَمِيعٗا وَمَنۡ أَحۡيَاهَا فَكَأَنَّمَآ أَحۡيَا ٱلنَّاسَ جَمِيعٗاۚ وَلَقَدۡ جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُنَا بِٱلۡبَيِّنَٰتِ ثُمَّ إِنَّ كَثِيرٗا مِّنۡهُم بَعۡدَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡأَرۡضِ لَمُسۡرِفُونَ٣٢﴾[المائدة: 32]
«Ушул (окуя) себептүү, Биз Исраил урпактарына (төмөнкүдөй өкүмдү) парз кылдык: «Кимде-ким (шарият буйруган) өчү болбогон же болбосо, жер бетинде бузукулук кылбаган (бейкүнөө) жанды өлтүрсө, дүйнөдөгү бардык адамдарды өлтүргөн сыяктуу (күнөөлүү) болот. Ал эми, кимде-ким бир жанга (аны өлтүрбөй коюу менен) жашоо берсе, бардык адамдарга жашоо берген сыяктуу (соопко ээ) болот». Маида сүрөсү, 32-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: «Кайсы бир тирүү жан зулумдук менен өлтүрүлсө, ал кандын забыны Адам атанын биринчи баласына да жазылат. Анткени, адам өлтүрүүнү эң биринчи ошол баштаган». Сахих Муслим, 5150-хадис.
18-Ислам дини эркек менен аялды иш-аракетте, жоопкерчиликте жана сыйлык менен жазада бирдей кылды.
Ислам дини эркек менен аялды иш-аракетте, жоопкерчиликте жана сыйлык менен жазада бирдей кылды. Аллах таала айтты:
﴿وَمَن يَعۡمَلۡ مِنَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ وَلَا يُظۡلَمُونَ نَقِيرٗا١٢٤﴾[النساء: 124]
«Эркекпи, аялбы, ким болсо да жакшы иштерди жасаса жана ал ыймандуу болсо, (жасаган иштеринин) кымындайына да зулум кылынбаган абалда бейишке киришет». Ниса сүрөсү, 124-аят.
Аллах таала айтты:
﴿مَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَنُحۡيِيَنَّهُۥ حَيَوٰةٗ طَيِّبَةٗۖ وَلَنَجۡزِيَنَّهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ ٩٧﴾[النحل: 97]
«Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз». Нахл сүрөсү, 97-аят.
Аллах таала айтты:
﴿مَنۡ عَمِلَ سَيِّئَةٗ فَلَا يُجۡزَىٰٓ إِلَّا مِثۡلَهَاۖ وَمَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ يُرۡزَقُونَ فِيهَا بِغَيۡرِ حِسَابٖ ٤٠﴾[غافر: 40]
«Ким бир күнөө иш жасаса, ошол ишине жараша гана жаза алат. Ал эми, эркек же болбосо аялдардан кимиси ыймандуу болуп, жакшы иш жасаса бейишке кирет (жана) анда (ага) эсепсиз ырыскы берилет». Гафир сүрөсү, 40-аят.
Аллах таала айтты:
﴿إِنَّ ٱلۡمُسۡلِمِينَ وَٱلۡمُسۡلِمَٰتِ وَٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ وَٱلۡقَٰنِتِينَ وَٱلۡقَٰنِتَٰتِ وَٱلصَّٰدِقِينَ وَٱلصَّٰدِقَٰتِ وَٱلصَّٰبِرِينَ وَٱلصَّٰبِرَٰتِ وَٱلۡخَٰشِعِينَ وَٱلۡخَٰشِعَٰتِ وَٱلۡمُتَصَدِّقِينَ وَٱلۡمُتَصَدِّقَٰتِ وَٱلصَّٰٓئِمِينَ وَٱلصَّٰٓئِمَٰتِ وَٱلۡحَٰفِظِينَ فُرُوجَهُمۡ وَٱلۡحَٰفِظَٰتِ وَٱلذَّٰكِرِينَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا وَٱلذَّٰكِرَٰتِ أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُم مَّغۡفِرَةٗ وَأَجۡرًا عَظِيمٗا ٣٥﴾[الأحزاب: 35]
«Чынында, мусулман эркектер менен мусулман аялдар, ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар, моюн сунуучу эркектер менен моюн сунуучу аялдар, чынчыл эркектер менен чынчыл аялдар, сабырдуу эркектер менен сабырдуу аялдар, Аллахтан корккон, кичипейил эркектер менен аялдар, садака берүүчү эркектер менен садака берүүчү аялдар, орозо кармоочу эркектер менен орозо кармоочу аялдар, жыныстык мүчөлөрүн сактаган эркектер менен аялдар, Аллахты көп эстеген эркектер менен аялдар Аллах ушуларга кечирим жана улук сооп-сыйлыкты даярдап койду». Ахзаб сүрөсү, 35-аят.
19-Ислам аялзатынын кадырын көтөрдү, (өкүмдөрдү аткарууда) аялдарды да эркектер сыяктуу этибарга алды. Мүмкүнчүлүгү бар эркекке аялдын напакасын жүктөдү, кыздын напакасы атасынын, эненин напакасы балакат жаш курагына жеткен, мүмкүнчүлүгү бар уулунун, ал эми аялдын напакасы күйөөсүнүн моюнунда.
Ислам дини аялдарды деле (кээ бир өкүмдөрдө) эркектердей эле этибарга алат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чынында аялдар эркектердин эле өзү». Тирмизи, 113-хадис.
Ислам дининин аялзатын кадырлоосунун бир белгиси - эненин напкасын мүмкүнчүлүгү бар уулуна жүктөгөн. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Берүүчү кол(дун даражасы) жогору, (напаканы) энеңе, атаңа, эже-карындашыңа, ага-иниңе, анан жакыныраак тууганыңа, ошентип берип кете бересиң». Имам Ахмад риваяты Аллах кааласа, ата-эненин орун-даражасына 29-бөлүкчөдө кенен токтолобуз.
Ислам дининин аялзатын кадырлоосунун дагы бир белгиси - аялдын напакасын күйөөнүн моюнуна жүктөгөндүгүндө, эгер күйөө ошого кадыр болсо.
﴿لِيُنفِقۡ ذُو سَعَةٖ مِّن سَعَتِهِۦۖ وَمَن قُدِرَ عَلَيۡهِ رِزۡقُهُۥ فَلۡيُنفِقۡ مِمَّآ ءَاتَىٰهُ ٱللَّهُۚ لَا يُكَلِّفُ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِلَّا مَآ ءَاتَىٰهَاۚ سَيَجۡعَلُ ٱللَّهُ بَعۡدَ عُسۡرٖ يُسۡرٗا٧﴾[الطلاق: 7]
«Бай адам байлыгынан (кеңири) камкордук кылсын. Кимдин ырыскысы ченелген болсо, Аллах берген нерселерден (колунан келишинче) камкордук кылсын. Аллах эч кимди Өзү бергенден ашыкчасына мажбурлабайт. Аллах тез арада кыйынчылыктын артынан жеңилдик берет». Тлак сүрөсү, 7-аят.
Бир киши пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аялдын күйөөсүнүн моюнундагы акысы кандай? - деп сурады. «Өзүңдү тойгузганда, аны да тойгузасың, өзүң кийингенде аны да кийинтесиң, аны жүзүнө урба жана сөгүп акаарат кылба» - деди. Имам Ахмаддын риваяты Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күйөөнүн моюнундагы аялдардын акысы тууралуу баяндап мындай деди: «Аялдарды абалга жараша жедирип-ичирип, кийиндирүү силердин моюнуңардагы милдет». Сахих Муслим (Ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: «Напака берүүсү милдет болгондорду ач калтыруу адам үчүн жетиштүү күнөө болот». Имам Ахмад риваяты Хатаби минтип айтат: Напака берүүсү милдет болгон дегени, тамак-аш менен камсыз кылуу эркектин моюнуна милдет болгондор (аялы, балдары ж.б.). Хадистин мааниси, өз үй бүлөңө жетпей жаткан азык-түлүктү сооп алам деген ойдо башкага садага кылба, эгер ошентип үй-бүлөңдү тамак-аштан кыссаң, бул күнөөгө айланат. Ислам дининин аялзатын кадырлоосунун дагы бир белгиси - кызынын напкасын атанын моюнуна жүктөгөндүгү. Аллах таала айтты:
﴿۞ وَٱلۡوَٰلِدَٰتُ يُرۡضِعۡنَ أَوۡلَٰدَهُنَّ حَوۡلَيۡنِ كَامِلَيۡنِۖ لِمَنۡ أَرَادَ أَن يُتِمَّ ٱلرَّضَاعَةَۚ وَعَلَى ٱلۡمَوۡلُودِ لَهُۥ رِزۡقُهُنَّ وَكِسۡوَتُهُنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ لَا تُكَلَّفُ نَفۡسٌ إِلَّا وُسۡعَهَاۚ ...٢٣٣﴾[البقرة: 233]
«Жана энелер бөбөктөрүн эки жыл толук эмизишет. (Бул өкүм) эмизүүнү толук кылууну каалагандар үчүн. Аларды (энелерди) жакшынакай жедирип-ичирүү жана кийинтүү - атанын мойнунда». Бакара сүрөсү, 233-аят.
Балалуу болгон ата аны тамак-аш, кийим-кече менен камсыздап турууга милдеттүү экен баяндап Аллах таала минтип айткан:
﴿... فَإِنۡ أَرۡضَعۡنَ لَكُمۡ فَـَٔاتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ ...٦﴾[الطلاق: 6]
«...эгер силер үчүн (балаңарды) эмизип берсе, акысын төлөп бергиле...». Талак сүрөсү, 6-аят.
Аллах таала, баланы эмизген эмизүүчү аялдын акысын атанын моюнуна важыб кылды; бул, баланын напакасы, мейли ал уул болсун, мейли кыз болсун, атанын моюнунда экенине далил. Төмөнкү хадис дагы аялдын жана балдардын напакасы атага важыб экенине анык далил: Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Хинд деген аял пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: Абу Суфян зыкым киши, мен анын мал-мүлкүнөн алууга муктажмын, (алсам болобу?) - деп сурады. Ал: «Өзүңдүн жана балаңдын керегине жараша гана ал» - деди. Бухари риваят кылган. Сүйүктүү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыздарга жана эже-карындаштарга напака берүүнүн артыкчылыгын баяндап, мындай деген: «Ким эки же үч кызды, же болбосо эки же үч эже-карындашын алар турмушка узаганча, же өзү өлгөнчө багып каралашса, мен аны менен ушундай (жакын) болмун (деп) сөөмөйү менен ортонун көрсөттү». Силсилат ас-Сахиха, 296-хадис.
20-Өлүм түбөлүккө жок болуп кетүү эмес, амал кылуу ааламынан сыйлык же жаза берүү ааламына көчүү. Өлүмдүн даамын дене да, жан да татат, жандын өлүмү денеден бөлүнүп чыгуусу. Кийин кыямат күнү кайра тирилгенде денеге кайтып келет. Өлүмдөн кийин жан башка денеге өтпөйт, б.а., рухтардын көчүшү деген нерсе жок.
Өлүм - бул, түбөлүк жок болуп кетүү эмес, Аллах таала айтты: Сен айткын:
﴿۞ قُلۡ يَتَوَفَّىٰكُم مَّلَكُ ٱلۡمَوۡتِ ٱلَّذِي وُكِّلَ بِكُمۡ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمۡ تُرۡجَعُونَ ١١﴾[السجدة: 11]
«Силерге өкүл кылынган (дайындалган) өлүм периштеси жаныңарды алат. Кийин (кыяматта кайра тирилип) Раббиңерге кайтарыласыңар». Сажда сүрөсү, 11-аят.
Өлүмдүн даамын дене да, рух да татат. Рухтун өлүмү денеден ажырап чыгуусу. Кыямат күнү кайра тирилүүдөн кийин денеге кайтат. Аллах таала айтты:
﴿ٱللَّهُ يَتَوَفَّى ٱلۡأَنفُسَ حِينَ مَوۡتِهَا وَٱلَّتِي لَمۡ تَمُتۡ فِي مَنَامِهَاۖ فَيُمۡسِكُ ٱلَّتِي قَضَىٰ عَلَيۡهَا ٱلۡمَوۡتَ وَيُرۡسِلُ ٱلۡأُخۡرَىٰٓ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمًّىۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ٤٢﴾[الزمر: 42]
«Аллах жандарды өлүм убактысында алат. Өлбөгөндөрдүкүн уйкусунда алат. Анан ага (өлүмдү) өкүм кылган жандарды кармап калат жана башкаларын белгилүү убакытка (ажалы жеткенге) чейин (денелерине кайра) коюп жиберет. Албетте бул нерседе пикир кылган элдер үчүн (Аллахтын кудуретине) анык белгилер бар». Зумар сүрөсү, 42-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: «Рух чыккан учурда көз аны ээрчийт». Муслим риваят кылган, 920-хадис. Өлүмдөн соң адам амал кылуу ааламынан сыйлык же жаза алуу ааламына көчөт.
﴿إِلَيۡهِ مَرۡجِعُكُمۡ جَمِيعٗاۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقًّاۚ إِنَّهُۥ يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ بِٱلۡقِسۡطِۚ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَهُمۡ شَرَابٞ مِّنۡ حَمِيمٖ وَعَذَابٌ أَلِيمُۢ بِمَا كَانُواْ يَكۡفُرُونَ ٤﴾[يونس: 4]
«Аллахтын убадасы - акыйкат: (Анын убадасы боюнча) бардыгыңардын кайтып барарыңар - Өзүнө. Ал оболу калк-калайыкты жаратат. Кийин ыйман келтирип жакшы иш кылгандарды адилет сыйлаш үчүн жаратууну (экинчи жолу) кайталайт. Каапыр болгон адамдарга болсо, каапыр болгонунун жазасына жан ооруткан азап жана кайнак суудан шарап бар!» Юнус сүрөсү, 4-аят.
Өлүмдөн кийин рух башка денеге өтпөйт, көчүрүлбөйт дагы, рух көчүрүлөт деген сөз акылга да, сезимге де дал келбейт. Пайгамбарлардан (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) да бул ишеним тууралуу эч кандай сөз айтылып калган эмес.
21-Ислам ыймандын негизи болгон: Аллахка жана периштелерине ыйман келтирүүгө, өзгөрүп кеткенге чейинки Тоорат, Инжил, Забур жана Куран сыяктуу илахий китептерге ыйман келтирүүгө, элчи жана пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) баарына ыйман келтирүүгө, алардын акыркысы элчи жана пайгамбарлардын мөөрү болгон Аллахтын элчиси Мухаммадга ыйман келтирүүгө, акырет күнүнө ыйман келтирүүгө, эгер бул дүйнө жашоосу тирүүлүктүн бүтүүсү болсо, анда жашоо жана тирүүлүк максатсыз, бепайда болорун билебиз. Жана акырында каза-кадарга, жакшылык-жамандыктын баары тагдырдагыдай болоруна ыйман келтирүүгө чакырат.
Ислам бизди бардык пайгамбарлар жана элчилер (аларга Аллахтын саламы болсун) чакырган ыймандын негизги түркүктөрүнө ыйман келтирүүгө чакырат. Алар:
Биринчиси: Аллахтын Рабби, Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, бул жаратылышты Башкаруучу экенине ыйман келтирүү. Ибадат кылууга Ал гана Жалгыз Өзү татыктуу экенине, Андан башкага жасалган ибадаттын баары жараксыз экенине, Андан башка сыйынылган нерсенин баары жалган экенине ыйман келтирүү. Ибадат Ага гана ылайык, Ага аткарылган ибадаттар гана жарактуу болот. Бул маселеге тиешелүү далилдер 8-бөлүкчөдө айтылып өттү.
Ыймандын негизги түркүктөрүн Аллах таала Куранда бир канча аяттарда айтып өткөн. Алардын бири Аллахтын төмөнкү сөзү:
﴿ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّن رُّسُلِهِۦۚ وَقَالُواْ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ غُفۡرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيۡكَ ٱلۡمَصِيرُ٢٨٥﴾[البقرة: 285]
«Пайгамбар өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана ыймандуу адамдар дагы (ыйман келтиришти). Бардыгы Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз. Оо, биздин Рабби! Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз" дешти». Бакара сүрөсү, 285-аят.
Аллах таала айтты:
﴿۞ لَّيۡسَ ٱلۡبِرَّ أَن تُوَلُّواْ وُجُوهَكُمۡ قِبَلَ ٱلۡمَشۡرِقِ وَٱلۡمَغۡرِبِ وَلَٰكِنَّ ٱلۡبِرَّ مَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ وَٱلۡكِتَٰبِ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ وَءَاتَى ٱلۡمَالَ عَلَىٰ حُبِّهِۦ ذَوِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينَ وَٱبۡنَ ٱلسَّبِيلِ وَٱلسَّآئِلِينَ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَأَقَامَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَى ٱلزَّكَوٰةَ وَٱلۡمُوفُونَ بِعَهۡدِهِمۡ إِذَا عَٰهَدُواْۖ وَٱلصَّٰبِرِينَ فِي ٱلۡبَأۡسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ وَحِينَ ٱلۡبَأۡسِۗ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ صَدَقُواْۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُتَّقُونَ١٧٧﴾[البقرة: 177]
«Жакшылык жүзүңөрдү Чыгыш жана Батышка бурушуңар эмес. Бирок, жакшылык – Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенген, өзү жакшы көргөн мал-дүйнөсүн тууган-уруктарга, жетимдерге, жакырларга, мусапырларга, (муктаж болуп) сурагандарга, башын азат кылууну каалаган кулдарга садака кылган, намазды толук аткарган, зекетти төлөгөн, убадалашканда убадасында бекем турган жана кембагалдык, оору-сыркоо жана согуш убакыттарында сабырдуу болгон адамдар(дын ыймандуу пейилдери). Мына ушулар (өз ыймандарында) чынчыл жана ушулар гана такыба кишилер!» Бакара сүрөсү, 177-аят.
Аллах таала ушул түркүктөргө ыйман келтирүүгө чакырып, ким буга каапыр болсо, катуу адашууга учурарын баян кылып, минтип айткан:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِي نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِن قَبۡلُۚ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا١٣٦﴾[النساء: 136]
«О, ыйман келтирген адамдар! Аллахка, Анын пайгамбарына, (ошол) пайгамбарына түшүргөн Китепке андан мурун түшүргөн (бардык ыйык) китепке ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө ыйман келтирбесе, ал чындап катуу адашыптыр». Ниса сүрөсү, 136-аят.
Умар бин Хаттабдын (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: “Биз бир күнү пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурсак, аппак көйнөкчөн, чачтары көөдөй кара бир киши келди. Сырткы кейпинен алыс жактан келгендей көрүнбөйт, бирок арабыздан бирөө-жарым аны тааныбады. Ал Аллахтын элчисинин жанына өтүп келип, тизесине тизелерин тийгизе жакын отурду да колун санына коюп: “Мухаммад, мага Ислам тууралуу айтып бер?” – деди. Ал: “Ислам – Аллахтан башка сыйынууга татыктуу илах жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүүң, намаз окууң, зекет берүүң, Рамазанда орозо кармооң жана мүмкүнчүлүгүң болсо Аллахтын үйүнө барып ажы амалын аткарууң”, – деп жооп кайтарды. Тиги киши: “Туура айтасың” - деди. Өзү сурап, кайра өзү туура деп тастыктаганына таң калдык. Анан ал: “Эми мага ыйман тууралуу айтчы?” – деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ыйман – Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, Акырет күнүнө, тагдырдын жакшы-жаманы Аллахтан болоруна ишенүүң”, – деп жооп берди. Тиги дагы: “Туура айттың” – деди да, анан: “Эми Ихсан тууралуу айтып бер?” – деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Ихсан – Аллах тааланы көрүп турганыңдай ибадат кылууң. Эгер Аны көрө албасаң, Ал сени көрүп турат (биринчи абалдагыдай ибадат кыла албасаң, анда экинчи абалдагыдай – Аллах сени көрүп турганын сезген абалда Ага ибадат кыл)”, – деди". Сахих Муслим, 8-хадис.
Бул хадисте, Жебирейил периште (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, диндин даража-тартибин сурайт, алар: Ислам, ыйман жана ихсан. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жооп берип, анан сахабаларына Жебирейил периште аларга динин үйрөтүү үчүн келгенин айтты. Мына ушул ислам дини Жебирейил периште алып келген, анан Мухаммад пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга жеткирген жана сахабалар сактап, андан кийинки элге жеткирген илахий дин. Экинчиси: периштелерге ыйман келтирүү, алар кайып ааламы, Аллах аларды жаратып, өзгөчө форма берип, чоң иштерге дайындаган. Алардын маанилүү иштеринин бири илахий кабарларды элчи жана пайгамбарларга жеткирүү. Периштелердин эң улуусу Жебирейил (ага Аллахтын тынчтыгы болсун).
Жебирейил периштенин пайгамбарыбызга аян-кабар алып келгенине далил болгон аяттардын бири бул:
﴿يُنَزِّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ بِٱلرُّوحِ مِنۡ أَمۡرِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦٓ أَنۡ أَنذِرُوٓاْ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱتَّقُونِ٢﴾[النحل: 2]
«Аллах пенделеринин арасынан каалагандарына Өз амири менен: “(Адамдарга) эскерткиле: Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Мен гана бармын! Менден гана корккула!” – деген вахий менен периштелерди түшүрөт». Нахл сүрөсү, 2-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَإِنَّهُۥ لَتَنزِيلُ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ١٩٢ نَزَلَ بِهِ ٱلرُّوحُ ٱلۡأَمِينُ١٩٣ عَلَىٰ قَلۡبِكَ لِتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُنذِرِينَ١٩٤ بِلِسَانٍ عَرَبِيّٖ مُّبِينٖ١٩٥ وَإِنَّهُۥ لَفِي زُبُرِ ٱلۡأَوَّلِينَ١٩٦﴾[الشعراء: 192-196]
«Ал (Куран) ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн. Аны ишенимдүү Рух (Жебирейил периште) алып келди, сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) бири болууң үчүн (Ал) ачык-айкын араб тилинде (түшкөн). Албетте, ал абалкылардын ыйык китептеринде да эскертилген». Шуара сүрөсү, 192-196-аяттар.
Үчүнчү: Тоорат, Инжил, Забур сыяктуу илахий китептердин, мурдагы өзгөрүүгө учурай элек убагындагысына жана Куранга ыйман келтирүү. Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِي نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِن قَبۡلُۚ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا١٣٦﴾[النساء: 136]
«О, ыйман келтирген адамдар! Аллахка, Анын пайгамбарына, (ошол) пайгамбарына түшүргөн Китепке андан мурун түшүргөн (бардык ыйык) китепке ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө ыйман келтирбесе, ал чындап катуу адашыптыр». Ниса сүрөсү, 136-аят.
Аллах таала айтты:
﴿نَزَّلَ عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَأَنزَلَ ٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَ٣ مِن قَبۡلُ هُدٗى لِّلنَّاسِ وَأَنزَلَ ٱلۡفُرۡقَانَۗ إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدٞۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٞ ذُو ٱنتِقَامٍ٤﴾[آل عمران: 3-4]
«(Оо, Мухаммад!) Ал сага, өзүнөн мурунку (ыйык китептер жана алардагы кабарлардан турган) нерселерди тастыктаган Китепти (Куранды) акыйкат менен түшүрдү. Андан мурун адамдарга туура жол кылып Тоорат менен Инжилди түшүргөн». «(Эми, чындык менен жалгандын арасын) ажыратып берүүчүнү (Куранды) түшүрдү. Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар үчүн катуу азап бар. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу!» Аалу Имран сүрөсү, 3-4-аяттар.
Аллах таала айтты:
﴿ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّن رُّسُلِهِۦۚ وَقَالُواْ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ غُفۡرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيۡكَ ٱلۡمَصِيرُ٢٨٥﴾[البقرة: 285]
«Пайгамбар өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана ыймандуу адамдар дагы (ыйман келтиришти). Бардыгы Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз. Оо, биздин Рабби! Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз" дешти». Бакара сүрөсү, 285-аят.
Аллах таала айтты: Айткыла (Оо, ыймандуулар):
﴿قُلۡ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَمَآ أُنزِلَ عَلَيۡنَا وَمَآ أُنزِلَ عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطِ وَمَآ أُوتِيَ مُوسَىٰ وَعِيسَىٰ وَٱلنَّبِيُّونَ مِن رَّبِّهِمۡ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّنۡهُمۡ وَنَحۡنُ لَهُۥ مُسۡلِمُونَ٨٤﴾[آل عمران: 84]
“Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Исага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларданбыз”. Аалу Имран сүрөсү, 84-аят.
Төртүнчү: Баардык элчи жана пайгамбарларга (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) ыйман келтирүү. Бардык пайгамбар жана элчилерге ыйман келтирүү жана алардын баары Аллахтын элчилери, үммөттөрүнө Аллахтын динин жана шариятын жеткирген деп ыйман келтирүү важыб.
﴿قُولُوٓاْ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيۡنَا وَمَآ أُنزِلَ إِلَىٰٓ إِبۡرَٰهِـۧمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطِ وَمَآ أُوتِيَ مُوسَىٰ وَعِيسَىٰ وَمَآ أُوتِيَ ٱلنَّبِيُّونَ مِن رَّبِّهِمۡ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّنۡهُمۡ وَنَحۡنُ لَهُۥ مُسۡلِمُونَ ١٣٦﴾[البقرة: 136]
«Айткыла (Оо, ыймандуулар): “Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Исага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларданбыз». Бакара сүрөсү, 136-аят.
Аллах таала айтты:
﴿ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّن رُّسُلِهِۦۚ وَقَالُواْ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ غُفۡرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيۡكَ ٱلۡمَصِيرُ٢٨٥﴾[البقرة: 285]
«Пайгамбар өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана ыймандуу адамдар дагы (ыйман келтиришти). Бардыгы Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз. Оо, биздин Рабби! Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз" дешти». Бакара сүрөсү, 285-аят.
Аллах таала айтты: Айткыла (Оо, ыймандуулар):
﴿قُلۡ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَمَآ أُنزِلَ عَلَيۡنَا وَمَآ أُنزِلَ عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطِ وَمَآ أُوتِيَ مُوسَىٰ وَعِيسَىٰ وَٱلنَّبِيُّونَ مِن رَّبِّهِمۡ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّنۡهُمۡ وَنَحۡنُ لَهُۥ مُسۡلِمُونَ٨٤﴾[آل عمران: 84]
“Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Исага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларданбыз”. Аалу Имран сүрөсү, 84-аят.
Ошондой эле алардын эң акыркысына, тагыраагы, пайгамбар, элчилердин эң акыркысы Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйман келтирүү. Аллах таала айтты:
﴿وَإِذۡ أَخَذَ ٱللَّهُ مِيثَٰقَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ لَمَآ ءَاتَيۡتُكُم مِّن كِتَٰبٖ وَحِكۡمَةٖ ثُمَّ جَآءَكُمۡ رَسُولٞ مُّصَدِّقٞ لِّمَا مَعَكُمۡ لَتُؤۡمِنُنَّ بِهِۦ وَلَتَنصُرُنَّهُۥۚ قَالَ ءَأَقۡرَرۡتُمۡ وَأَخَذۡتُمۡ عَلَىٰ ذَٰلِكُمۡ إِصۡرِيۖ قَالُوٓاْ أَقۡرَرۡنَاۚ قَالَ فَٱشۡهَدُواْ وَأَنَا۠ مَعَكُم مِّنَ ٱلشَّٰهِدِينَ٨١﴾[آل عمران: 81]
«Бир кезде Аллах бардык пайгамбарлардан, “Мен силерге китеп жана пайгамбарлык бергенден кийин силерге, пайгамбарчылыгыңарды тастыктаган бир пайгамбар (Мухаммад) келсе, сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам бересиңер» – деп убада алды жана: “Макул болдуңарбы, ушунуңар менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?” деди. Алар (бир добуштан): “Макул болдук” – дешти. (Анда Аллах): “Күбө болгула, Мен дагы силер менен бирге күбө болуучуларданмын” – деди». Аалу Имран сүрөсү, 81-аят.
Ислам дини бардык пайгамбар жана элчилерге ыйман келтирүүнү, ошондой эле алардын эң акыркысы болгон Мухаммад пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйман келтирүүнү да важыб кылган. Аллах Таала айтат:
﴿قُلۡ يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لَسۡتُمۡ عَلَىٰ شَيۡءٍ حَتَّىٰ تُقِيمُواْ ٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكُم مِّن رَّبِّكُمۡۗ …٦٨﴾[المائدة: 68]
«Айткын: “Эй, китеп берилгендер! Силер качан Тооратка, Инжилге жана силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн (бардык) өкүмдөргө толук моюн сунмайынча эч бир динде эмессиңер. (О, Мухаммад!) Сага Раббиңден түшүрүлгөн нерсе (Куран) алардын көпчүлүгүнүн күнөө-каапырлыгын көбөйтүүсү шексиз. Сен каапыр коомдорго капа болбо». Маида сүрөсү, 68-аят.
Аллах таала айтты: Айткын:
﴿قُلۡ يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ تَعَالَوۡاْ إِلَىٰ كَلِمَةٖ سَوَآءِۭ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمۡ أَلَّا نَعۡبُدَ إِلَّا ٱللَّهَ وَلَا نُشۡرِكَ بِهِۦ شَيۡـٔٗا وَلَا يَتَّخِذَ بَعۡضُنَا بَعۡضًا أَرۡبَابٗا مِّن دُونِ ٱللَّهِۚ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَقُولُواْ ٱشۡهَدُواْ بِأَنَّا مُسۡلِمُونَ٦٤﴾[آل عمران: 64]
“О, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө келгиле.* (Ал сөз төмөндөгүчө:) “Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллахты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!” Эгер жүз бурушса, айткыла: “Күбө болгула, Биз – мусулмандарбыз”. Аалу Имран сүрөсү, 64-аят.
Ким бир пайгамбарга каапыр болсо (ишенбесе), бардык пайгамбар жана элчилерге каапыр болгон болот. Ошон үчүн Нух пайгамбардын коомуна чыгарган өкүмү тууралуу кабарлаганда Аллах таала минтип айткан:
﴿كَذَّبَتۡ قَوۡمُ نُوحٍ ٱلۡمُرۡسَلِينَ١٠٥﴾[الشعراء: 105]
«Нухтун коому (бардык) пайгамбарларды жалганчыга чыгарды». Шуара сүрөсү, 105-аят.
Нух пайгамбардан мурда элчилер болбогондугу белгилүү. Ага карабай Нух пайгамбардын коому аны жалганга чыгарганда, алардын бул ишенбестиги бардык пайгамбар жана элчилерге тиешелүү болду, анткени алардын баарынын дааваты жана максаты бир. Бешинчи: Акырет күнүнө ыйман келтирүү. Бул күн кыямат күнү, б.а. бул дүйнө жашоосунун акырында Аллах таала Исрафил периштеге өлтүрүүчү сурду үйлөөгө буйруйт, ал сурду үйлөгөндө Аллах каалаган жандуунун баары өлөт. Аллах таала айтты:
﴿وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَصَعِقَ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ إِلَّا مَن شَآءَ ٱللَّهُۖ ثُمَّ نُفِخَ فِيهِ أُخۡرَىٰ فَإِذَا هُمۡ قِيَامٞ يَنظُرُونَ ٦٨﴾[الزمر: 68]
«(Ал Күнү) Сур (кернейи) тартылды. Натыйжада асмандарда жана жерде жашагандардын, Аллах каалагандан башка бардыгы мүрт кетти. Кийин экинчи ирет тартылды. Капыстан алар (тирилип, көздөрү алаңдаган, Акырет коркунучтарына) караган бойдон туруп калышат». Зумар сүрөсү, 68-аят.
Аллах каалагандан башка, асмандардагы жана жердеги бардык жандуу мерт болгон соң, Аллах асман-жерди тегиздеп жаап коёт, Бул тууралуу минтип айтылган:
﴿يَوۡمَ نَطۡوِي ٱلسَّمَآءَ كَطَيِّ ٱلسِّجِلِّ لِلۡكُتُبِۚ كَمَا بَدَأۡنَآ أَوَّلَ خَلۡقٖ نُّعِيدُهُۥۚ وَعۡدًا عَلَيۡنَآۚ إِنَّا كُنَّا فَٰعِلِينَ١٠٤﴾[الأنبياء: 104]
«Ошол күнү Биз асманды кат жазылган китепти жапкан сыяктуу жаап койобуз. (Калк-калайыкты) абалкы жолу жараткан калыбына кайтарабыз. Бул (кайра жаратуу) Биздин милдетибиздеги убада. Биз аны аткарабыз». Анбия сүрөсү, 104-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَمَا قَدَرُواْ ٱللَّهَ حَقَّ قَدۡرِهِۦ وَٱلۡأَرۡضُ جَمِيعٗا قَبۡضَتُهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَٱلسَّمَٰوَٰتُ مَطۡوِيَّٰتُۢ بِيَمِينِهِۦۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ ٦٧﴾[الزمر: 67]
«Алар Аллахты акыйкат баалай алышпады. (Акыйкат баа боюнча) жердин бардыгы Кыямат күндө Анын Өз Чеңгелинде, Жана асмандар Анын Колунда түрмөктөлгөн болот! Ал мушриктердин ширк амалдарынан (жана пикирлеринен) Таза жана Бийик!» Зумар сүрөсү, 67-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллах таала кыямат күнү асмандарды түрмөктөп, анан аларды оң колуна алып: "Мен Падышамын, залым тоң моюндар кана!? Текеберлер кана!? - дейт. Анан жерлерди сол колу менен түрмөктөп: "Мен Падышамын, залым тоң моюндар кана!? Текеберлер кана!? - дейт. Муслим риваят кылган. Андан кийин Аллах таала (Исрафил) периштеге сурду экинчи жолу үйлөөгө буйруйт, бул учурда алар ордунан туруп карап күтүп калышат.
Аллах таала айтты:
﴿… ثُمَّ نُفِخَ فِيهِ أُخۡرَىٰ فَإِذَا هُمۡ قِيَامٞ يَنظُرُونَ ٦٨﴾[الزمر: 68]
«... Кийин экинчи ирет тартылды. Капыстан алар (тирилип, көздөрү алаңдаган, Акырет коркунучтарына) караган бойдон туруп калышат». Зумар сүрөсү, 68-аят.
Аллах таала калайыкты тирилткенден кийин, аларды эсеп-кысап кылуу үчүн жыйнайт. Аллах таала айтты:
﴿يَوۡمَ تَشَقَّقُ ٱلۡأَرۡضُ عَنۡهُمۡ سِرَاعٗاۚ ذَٰلِكَ حَشۡرٌ عَلَيۡنَا يَسِيرٞ٤٤﴾[ق: 44]
«Ошол (Сур тартылган) Күндө аларга (мүрзөлөрдө жаткандарга) жер жарылып, шашкан абалда (чыгып келишет.) Бул чогултуу Биз үчүн өтө жеңил». Коф сүрөсү, 44-аят.
Аллах таала айтты:
﴿يَوۡمَ هُم بَٰرِزُونَۖ لَا يَخۡفَىٰ عَلَى ٱللَّهِ مِنۡهُمۡ شَيۡءٞۚ لِّمَنِ ٱلۡمُلۡكُ ٱلۡيَوۡمَۖ لِلَّهِ ٱلۡوَٰحِدِ ٱلۡقَهَّارِ ١٦﴾[غافر: 16]
«Ал Күнү алар (инсандар мүрзөлөрүнөн) көтөрүлүп чыгышат. Эч нерсе Аллахтан жашыруун боло албайт. Ал Күнү мүлк (падышалык) кимдин колунда? Жалгыз Каардуу Аллахтын Колунда!» Гафир сүрөсү, 16-аят.
Бул күнү Аллах таала адамдардын баарын эсеп-кысап кылат. Ар бир зулумдан жапа чеккен адамга өчү алынат. Инсандардын баары кылган амалына жараша жаза, сый көрөт. Аллах Таала айтты:
﴿ٱلۡيَوۡمَ تُجۡزَىٰ كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡۚ لَا ظُلۡمَ ٱلۡيَوۡمَۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ١٧﴾[غافر: 17]
«Ал Күндө ар бир жан өзү жасаган ишине жараша гана жаза алат. Ал Күндө зулум жок. Чынында Аллах тез Эсептешүүчү». Гафир сүрөсү, 17-аят.
Аллах таала айтты:
﴿إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَظۡلِمُ مِثۡقَالَ ذَرَّةٖۖ وَإِن تَكُ حَسَنَةٗ يُضَٰعِفۡهَا وَيُؤۡتِ مِن لَّدُنۡهُ أَجۡرًا عَظِيمٗا٤٠﴾[النساء: 40]
«Албетте, Аллах эч кимге чаң бүртүгүнүн салмагындай да зулум кылбайт. Эгер (пенденин ишинде чаңдын бүртүгүнчө) жакшылык болсо, аны көбөйтөт жана Өзүнүн алдынан чоң сооп берет». Ниса сүрөсү, 40-аят.
Аллах таала айтты:
﴿فَمَن يَعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ خَيۡرٗا يَرَهُۥ٧ وَمَن يَعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّةٖ شَرّٗا يَرَهُۥ٨﴾[الزلزلة: 7-8]
«Жана ким кымындын салмагындай жакшылык кылган болсо – аны көрөт. Ким кымындын салмагындай жаман иш кылса, аны көрөт». Залзала сүрөсү, 7-8-аяттар.
Аллах таала айтты:
﴿وَنَضَعُ ٱلۡمَوَٰزِينَ ٱلۡقِسۡطَ لِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ فَلَا تُظۡلَمُ نَفۡسٞ شَيۡـٔٗاۖ وَإِن كَانَ مِثۡقَالَ حَبَّةٖ مِّنۡ خَرۡدَلٍ أَتَيۡنَا بِهَاۗ وَكَفَىٰ بِنَا حَٰسِبِينَ ٤٧﴾[الأنبياء: 47]
«Биз кыямат күн үчүн адилет таразаларды орнотобуз. Эч бир жан(га) зулумдук кылынбайт. (Сообунан кемитилбейт). Эгер (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз». Анбия сүрөсү, 47-аят.
Тирилүү жана эсеп-кысаптан кийин сый жана жаза болот. Ким жакшы иштерди кылса, ага түбөлүктүү эч качан жок болуп кетпей турган жыргалчылык бар. Ким жаман иш жасаса жана каапыр болсо, ага азап бар. Аллах таала айтты:
﴿ٱلۡمُلۡكُ يَوۡمَئِذٖ لِّلَّهِ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡۚ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ٥٦ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا فَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ٥٧﴾[الحج: 56-57]
«Ал Күнү (бардык) мүлк Аллахтын колунда. Ал алардын арасында өкүм кылат. Анан, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар жыргалчылык бейиштеринде болушат. Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендерге кордоочу азап бар». Хаж сүрөсү, 56-57-аяттар.
Бизге белгилүү, эгер бул дүйнө жашоосу менен эле жашоо бүтүп калса, анда бул жашоо жана барлыктар жөндөн-жөн эле, бекерге жаратылган болуп калмак.
﴿أَفَحَسِبۡتُمۡ أَنَّمَا خَلَقۡنَٰكُمۡ عَبَثٗا وَأَنَّكُمۡ إِلَيۡنَا لَا تُرۡجَعُونَ ١١٥﴾[المؤمنون: 115]
«Силер, Биз (Аллах) силерди бекерге (максатсыз) эле жараткан жана Бизге кайтарылып келбейбиз деп ойлойсуңарбы?» Муъминун сүрөсү, 115-аят.
Алтынчы: Каза жана кадарга (тагдырга) ыйман келтирүү. Бул, Аллах таала бул жаратылыштагы бардык болгон нерсени, болуп жаткан нерсени, эми боло турган нерсени билет. Ал булардын баарын асман-жерди жаратуудан мурда эле жазып койгон деп ишенүү.
﴿۞ وَعِندَهُۥ مَفَاتِحُ ٱلۡغَيۡبِ لَا يَعۡلَمُهَآ إِلَّا هُوَۚ وَيَعۡلَمُ مَا فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِۚ وَمَا تَسۡقُطُ مِن وَرَقَةٍ إِلَّا يَعۡلَمُهَا وَلَا حَبَّةٖ فِي ظُلُمَٰتِ ٱلۡأَرۡضِ وَلَا رَطۡبٖ وَلَا يَابِسٍ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٖ ٥٩﴾[الأنعام: 59]
«Кайыптын ачкычтары (илими) Анын гана алдында. Аны бир Өзүнөн башка эч ким билбейт. Ал (Аллах) кургактагы, деңиздеги бардык нерселерди билет. Жадагалса, бир жалбырак үзүлүп түшчү болсо – аны да билет. Кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун, (бардыгынын кабары) Анык Китепте (Лавхул Махфузда) бар». Анъам сүрөсү, 59-аят.
Аллах таала илими менен бардык нерсени ороп алган. Аллах таала айтты:
﴿ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ سَبۡعَ سَمَٰوَٰتٖ وَمِنَ ٱلۡأَرۡضِ مِثۡلَهُنَّۖ يَتَنَزَّلُ ٱلۡأَمۡرُ بَيۡنَهُنَّ لِتَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ وَأَنَّ ٱللَّهَ قَدۡ أَحَاطَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عِلۡمَۢا١٢﴾[الطلاق: 12]
«Аллах жети кабат асмандарды жана жерден да ошончосун жаратты. Алардын (асман-жердин) арасына (Анын) буйруктар(ы), Аллах ар нерсеге кудуреттүү экенин жана Аллах ар нерсени илими менен камтып алганын билишиңер үчүн түшүп турат». Талак сүрөсү, 12-аят.
Чынында, бул жаратылышта Аллахтын каалоосусуз эч бир иш болбойт, Ал жаратып, анан анын себептерин жеңил кылып коёт. Аллах таала айтты:
﴿ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَمۡ يَتَّخِذۡ وَلَدٗا وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ شَرِيكٞ فِي ٱلۡمُلۡكِ وَخَلَقَ كُلَّ شَيۡءٖ فَقَدَّرَهُۥ تَقۡدِيرٗا ٢﴾[الفرقان: 2]
«Ал асмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат!» Фуркан сүрөсү, 2-аят.
Мындай кылууда Аллах тааланын жетиштүү даанышмандыгы бар, ага адамдардын акылы жетпейт. Аллах таала айтты:
﴿حِكۡمَةُۢ بَٰلِغَةٞۖ فَمَا تُغۡنِ ٱلنُّذُرُ٥﴾[القمر: 5]
«(Аларга келген Куран) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт». Камар сүрөсү, 5-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَهُوَ ٱلَّذِي يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَهُوَ أَهۡوَنُ عَلَيۡهِۚ وَلَهُ ٱلۡمَثَلُ ٱلۡأَعۡلَىٰ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ٢٧﴾[الروم: 27]
«Ал дүйнө-ааламды жоктон бар кылган жана (акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул Ага абдан жеңил. Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман». Рум сүрөсү, 27-аят.
Аллах таала Өзүн даанышмандык менен сыпаттап, Өзүн Даанышман деп атаган. Аллах таала мындай деген:
﴿شَهِدَ ٱللَّهُ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَأُوْلُواْ ٱلۡعِلۡمِ قَآئِمَۢا بِٱلۡقِسۡطِۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ١٨﴾[آل عمران: 18]
«Аллах, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллахтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллах өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Ал) - Кудуреттүү, Даанышман». Аалу Имран сүрөсү, 18-аят.
Аллах таала Иса пайгамбардын кыямат күнү Аллахка кайрылып мындай деп айтаарын кабарлайт:
﴿إِن تُعَذِّبۡهُمۡ فَإِنَّهُمۡ عِبَادُكَۖ وَإِن تَغۡفِرۡ لَهُمۡ فَإِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ١١٨﴾[المائدة: 118]
«Эгер аларды азаптасаң - Өзүңдүн пенделериң. Эгер кечирсең - Өзүң Кудуреттүү, Даанышмансың!» Маида сүрөсү, 118-аят. Аллах таала Тур тоосунун жанында турган Муса пайгамбарга кайрылып мындай деди: «Оо, Муса бул Мен – Кудуреттүү, Даанышман Аллахмын!» Намл сүрөсү, 9-аят.
Ошондой эле Куранды да даанышмандык деп сыпаттаган. Аллах таала айтты:
﴿الٓرۚ كِتَٰبٌ أُحۡكِمَتۡ ءَايَٰتُهُۥ ثُمَّ فُصِّلَتۡ مِن لَّدُنۡ حَكِيمٍ خَبِيرٍ ١﴾[هود: 1]
«Алиф, Лаам, Раа. Бул китептин аяттары (эч качан бузулбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллах) тарабынан (эң жогорку деңгээлде) баян кылынды». Худ сүрөсү, 1-аят.
Аллах таала айтты:
﴿ذَٰلِكَ مِمَّآ أَوۡحَىٰٓ إِلَيۡكَ رَبُّكَ مِنَ ٱلۡحِكۡمَةِۗ وَلَا تَجۡعَلۡ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتُلۡقَىٰ فِي جَهَنَّمَ مَلُومٗا مَّدۡحُورًا٣٩﴾[الإسراء: 39]
«Булар Раббиң аян-кабар кылган үлгүлүү наасаттардын кээ бири гана. Эми, сен Аллахка башка «кудайды» кошпогун, анда, (эгер ширк кылсаң) айыпталган, жек көрүлгөн абалда тозокто каласың!» Исра сүрөсү, 39-аят.
22- Пайгамбарлар Аллахтан келген нерсени жеткирүүдө күнөөдөн корголгон. Ошондой эле акылга каршы келген жана таза кулк-мүнөз четке каккан иштерден да корголгон. Пайгамбарлар Аллахтын буйруктарын Анын пенделерине жеткирүүгө милдеткер. Пайгамбарларда (улухияттык жана рубубияттык) жаратуучулук жана ибадатка татыктуулук сыпаттары жок, алар деле башка адамдар сыяктуу эле адам, болгону аларга Аллах динин аян-кабар кылып жеткирет.
Пайгамбарлар Аллахтан келген нерсени жеткирүүдө күнөөдөн корголгон; анткени динин жеткирүү үчүн Аллах таала адамдардын арасынан эң жакшыларын тандаган. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан:
﴿ٱللَّهُ يَصۡطَفِي مِنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ رُسُلٗا وَمِنَ ٱلنَّاسِۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٞ٧٥﴾[الحج: 75
«Аллах периштелерден жана адамдардан элчилерди тандап алат. Аллах – Угуучу, Көрүүчү». Хаж сүрөсү, 75-аят.
Аллах таала айтты:
﴿۞ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصۡطَفَىٰٓ ءَادَمَ وَنُوحٗا وَءَالَ إِبۡرَٰهِيمَ وَءَالَ عِمۡرَٰنَ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ٣٣﴾[آل عمران: 33]
«Албетте, Аллах Адамды, Нухту, Ибрахимдин үй-бүлөсүн жана Имрандын урпактарын бүт ааламдардын үстүнө (пайгамбарлык үчүн) тандап алды». Аалу Имран сүрөсү, 33-аят.
Аллах таала айтты:
﴿قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ إِنِّي ٱصۡطَفَيۡتُكَ عَلَى ٱلنَّاسِ بِرِسَٰلَٰتِي وَبِكَلَٰمِي فَخُذۡ مَآ ءَاتَيۡتُكَ وَكُن مِّنَ ٱلشَّٰكِرِينَ١٤٤﴾[الأعراف: 144]
«(Аллах): “О, Муса! Чынында, Мен сени адамдардан жогору (баалап) Өзүмдүн пайгамбарлыгыма жана (ортомчусуз сүйлөгөн) Сөзүм үчүн тандап алдым. Эми, Мен сага берген Дин-Шариятты кабыл алып, (бул жакшылык үчүн) шүгүр кылуучулардан болгун!” - деди». Араф сүрөсү, 144-аят.
Элчилер (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) аларга түшүрүлгөн нерсе илахий аян-кабар экенин билишкен жана аян-кабарды алып келген перишелерди да көрүшкөн. Аллах таала айтты:
﴿عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ فَلَا يُظۡهِرُ عَلَىٰ غَيۡبِهِۦٓ أَحَدًا٢٦ إِلَّا مَنِ ٱرۡتَضَىٰ مِن رَّسُولٖ فَإِنَّهُۥ يَسۡلُكُ مِنۢ بَيۡنِ يَدَيۡهِ وَمِنۡ خَلۡفِهِۦ رَصَدٗا٢٧ لِّيَعۡلَمَ أَن قَدۡ أَبۡلَغُواْ رِسَٰلَٰتِ رَبِّهِمۡ وَأَحَاطَ بِمَا لَدَيۡهِمۡ وَأَحۡصَىٰ كُلَّ شَيۡءٍ عَدَدَۢا٢٨﴾[الجن: 26-28]
«Кайыпты билүүчү (бир гана Аллах), Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт! Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет. Албетте, Аллах анын (пайгамбарлардын) алды жана арт жагынан (периште) коргоочуларды дайындайт. Раббисинин кабарларын жеткизген жана (Раббиси) алардын абалдарын билип, бардык нерсени эсеп-китеп кылып койгонун (Мухаммад) билүүсү үчүн». Жин сүрөсү, 26-28-аяттар.
Аллах таала аларды динин жеткирүүгө буюрган.
﴿۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلرَّسُولُ بَلِّغۡ مَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَۖ وَإِن لَّمۡ تَفۡعَلۡ فَمَا بَلَّغۡتَ رِسَالَتَهُۥۚ وَٱللَّهُ يَعۡصِمُكَ مِنَ ٱلنَّاسِۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ٦٧﴾[المائدة: 67]
«О, пайгамбар! Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсени (Ислам динин, бардык элдерге) жеткир! Эгер муну аткарбасаң, Аллахтын элчилигин жеткирбеген болосуң! Сени адамдардан Аллахтын Өзү сактайт. Аллах каапыр коомду туура жолго баштабайт». Маида сүрөсү, 67-аят.
Аллах таала айтты:
﴿رُّسُلٗا مُّبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى ٱللَّهِ حُجَّةُۢ بَعۡدَ ٱلرُّسُلِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمٗا ١٦٥﴾[النساء: 165]
«(Кыяматта) адамдардын колунда Аллахка каршы далил болуп калбаш үчүн (Биз) (ыйман келтиргендерге) бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана (каапыр болгондорду) тозок менен коркутуучу пайгамбарларды (бардык элдерге жибергенбиз). Аллах Кудуреттүү, Даанышман». Ниса сүрөсү, 165-аят.
Элчилер (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан чыныгы коркуу менен коркушат, Анын динине кошумча да, алымча да кылышпайт. Аллах таала минтип айткан:
﴿وَلَوۡ تَقَوَّلَ عَلَيۡنَا بَعۡضَ ٱلۡأَقَاوِيلِ ٤٤ لَأَخَذۡنَا مِنۡهُ بِٱلۡيَمِينِ٤٥ ثُمَّ لَقَطَعۡنَا مِنۡهُ ٱلۡوَتِينَ٤٦ فَمَا مِنكُم مِّنۡ أَحَدٍ عَنۡهُ حَٰجِزِينَ٤٧﴾[الحاقة: 44-47]
«Эгер ал (Мухаммад) (Курандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул – Аллахтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо, Биз аны күч менен оң тараптан кармамакпыз. Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз! Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес!» Хаакко сүрөсү, 44-47-аяттар.
Ибн Касир (ага Аллах ырайым кылсын) айтат: «Аллах таала: "Эгер ал (Курандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул – Аллахтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо,..." деди, башкача айтканда, каапырлар күмөнсүрөгөндөй, Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Бизге жалганды оодарса, динге кошумча же алымча кылганда, же өзү бир сөздү айтып, аны Бизди айтты дегенде, (андай кылган эмес), тез арада аны азаптамакпыз (деген маани). Ошон үчүн сөзүнүн акырында: "Аны Биз күч менен оң тараптан кармамакпыз" деген. "Биз аны оң кол жазаламакпыз", "Аны оң тарабынан жазаламакпыз" деген да сөздөр айтылган.
Аллах таала айтты:
﴿وَإِذۡ قَالَ ٱللَّهُ يَٰعِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ءَأَنتَ قُلۡتَ لِلنَّاسِ ٱتَّخِذُونِي وَأُمِّيَ إِلَٰهَيۡنِ مِن دُونِ ٱللَّهِۖ قَالَ سُبۡحَٰنَكَ مَا يَكُونُ لِيٓ أَنۡ أَقُولَ مَا لَيۡسَ لِي بِحَقٍّۚ إِن كُنتُ قُلۡتُهُۥ فَقَدۡ عَلِمۡتَهُۥۚ تَعۡلَمُ مَا فِي نَفۡسِي وَلَآ أَعۡلَمُ مَا فِي نَفۡسِكَۚ إِنَّكَ أَنتَ عَلَّٰمُ ٱلۡغُيُوبِ١١٦ مَا قُلۡتُ لَهُمۡ إِلَّا مَآ أَمَرۡتَنِي بِهِۦٓ أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ رَبِّي وَرَبَّكُمۡۚ وَكُنتُ عَلَيۡهِمۡ شَهِيدٗا مَّا دُمۡتُ فِيهِمۡۖ فَلَمَّا تَوَفَّيۡتَنِي كُنتَ أَنتَ ٱلرَّقِيبَ عَلَيۡهِمۡۚ وَأَنتَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ١١٧﴾[المائدة: 116-117]
«Бир кезде Аллах айтты: “О, Мариямдын уулу Иса! Сен адамдарга: “Аллахты таштап, мени жана апамды кудай кылып алгыла” - деген белең?! (Иса) айтты: “О, Раббим! Сен (шериктен) Аруу-Тазасың! Менин акым жок нерсени айтуу мага туура келбейт! Эгер айтканымда, Сен аны билмексиң. Сен менин жүрөгүмдөгүнү билесиң. Бирок, мен Сенде болгон нерсени биле албаймын. Сен - кайыптарды да эң жакшы Билүүчүсүң! Мен аларга Өзүң буюрган (төмөнкү) сөздөрдү гана айткамын: “Менин жана силердин (жалгыз) Раббиңер - Аллахка гана ибадат кылгыла!” Мен алардын ичинде турган (ар бир) мезгилде алардын үстүндө (Сенден башкага сыйынышпасын деп) күбө болуп турдум. Ал эми, Сен мени(н жердеги жашоо мөөнөтүмдү бүтүрүп, Өзүңө көтөрүп) алганыңда аларга Өзүң күзөтчү болуп калгансың. Өзүң бардык нерселерге Күбөсүң». Маида сүрөсү, 116-117-аяттар.
Пайгамбарларына жана элчилерине (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) Аллахтын кылган жакшылыгынын бири - динди жеткирүүдө алардын кадамын бекем кылганы. Аллах Таала айткан:
﴿إِن نَّقُولُ إِلَّا ٱعۡتَرَىٰكَ بَعۡضُ ءَالِهَتِنَا بِسُوٓءٖۗ قَالَ إِنِّيٓ أُشۡهِدُ ٱللَّهَ وَٱشۡهَدُوٓاْ أَنِّي بَرِيٓءٞ مِّمَّا تُشۡرِكُونَ٥٤ مِن دُونِهِۦۖ فَكِيدُونِي جَمِيعٗا ثُمَّ لَا تُنظِرُونِ٥٥ إِنِّي تَوَكَّلۡتُ عَلَى ٱللَّهِ رَبِّي وَرَبِّكُمۚ مَّا مِن دَآبَّةٍ إِلَّا هُوَ ءَاخِذُۢ بِنَاصِيَتِهَآۚ إِنَّ رَبِّي عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ ٥٦﴾[هود: 54-56]
«Биз «сени кудайларыбыздын бири жинди кылып коюптур» дегенден башка эч нерсе айталбайбыз. (Худ) айтты: «Мен Аллахты күбө кыламын жана силер да күбө болуп койгула: Мен алысмын, (силер) шерик кылып жаткан кудайыңардан. Аллахты таштап! Эми мага (колуңардан келген) бардык амалыңарды эч кечиктирбей жасай бергиле!» «Менин жана силердин Раббиңер – Аллахка өзүмдү тапшырдым. Аллах маңдайынан мыкчыбаган (Өз өкүмүн өткөрбөгөн) эч бир жан жок! Чынында менин Раббим туура жол үстүндө». Худ сүрөсү, 54-56-аяттар.
Аллах таала айтты:
﴿وَإِن كَادُواْ لَيَفۡتِنُونَكَ عَنِ ٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ لِتَفۡتَرِيَ عَلَيۡنَا غَيۡرَهُۥۖ وَإِذٗا لَّٱتَّخَذُوكَ خَلِيلٗا٧٣ وَلَوۡلَآ أَن ثَبَّتۡنَٰكَ لَقَدۡ كِدتَّ تَرۡكَنُ إِلَيۡهِمۡ شَيۡـٔٗا قَلِيلًا٧٤ إِذٗا لَّأَذَقۡنَٰكَ ضِعۡفَ ٱلۡحَيَوٰةِ وَضِعۡفَ ٱلۡمَمَاتِ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ عَلَيۡنَا نَصِيرٗا ٧٥﴾[الإسراء: 73-75]
«(О, Мухаммад, Биз сага аян-кабар кылган нерселердин ордуна) Бизге каршы башкаларын ойлоп чыгарышыңды үмүт кылышып, мушриктер сени, Биз сага аян-кабар кылган нерселерден азгырууга жакын аракеттерди жасашты. Анда (аракеттери оңунан келгенде) сени эң жакын дос кылып алышмак. Эгерде Биз сени (туура жолдо) бекем кылбаганда, аларга бир аз жакындашып калмаксың. Анда (эгер алардын каалоолорун ээрчигениңде) Биз сага (ушул) жашоодо да, өлүмдө(н кийинки жашоодо) да удаама-удаа азаптарды таттыраар элек. Кийин Бизге (Биздин азапка) каршы эч бир жардамчы таппай калаар элең!» Исра сүрөсү, 73-75-аяттар.
Бул жана мындан мурунку аяттар Курандын ааламдардын Раббисинен түшкөндүгүнө анык далил; анткени, ал Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнүн сөзү болгондо, ага багытталган мындай сөздөрдү камтымак эмес. Аллах таала элчилерин адамдардын жамандыгынан Өзү сактайт. Аллах таала айтты:
﴿۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلرَّسُولُ بَلِّغۡ مَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَۖ وَإِن لَّمۡ تَفۡعَلۡ فَمَا بَلَّغۡتَ رِسَالَتَهُۥۚ وَٱللَّهُ يَعۡصِمُكَ مِنَ ٱلنَّاسِۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ٦٧﴾[المائدة: 67]
«О, пайгамбар! Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсени (Ислам динин, бардык элдерге) жеткир! Эгер муну аткарбасаң, Аллахтын элчилигин жеткирбеген болосуң! Сени адамдардан Аллахтын Өзү сактайт. Аллах каапыр коомду туура жолго баштабайт». Маида сүрөсү, 67-аят.
Аллах таала айтты:
﴿۞ وَٱتۡلُ عَلَيۡهِمۡ نَبَأَ نُوحٍ إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ إِن كَانَ كَبُرَ عَلَيۡكُم مَّقَامِي وَتَذۡكِيرِي بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ فَعَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلۡتُ فَأَجۡمِعُوٓاْ أَمۡرَكُمۡ وَشُرَكَآءَكُمۡ ثُمَّ لَا يَكُنۡ أَمۡرُكُمۡ عَلَيۡكُمۡ غُمَّةٗ ثُمَّ ٱقۡضُوٓاْ إِلَيَّ وَلَا تُنظِرُونِ٧١﴾[يونس: 71]
«(О, Мухаммад) Аларга Нухтун кабарын окуп бер: Бир кезде Нух коомуна (кайрылып) айтты: “О, коомум! Эгер менин (динге даават кылып, көп жылдар араңарда) турушум жана Аллахтын аяттарын эскертишим силерге оор келген болсо, Аллахка тобокел кылдым, (мага каршы) бардык амал-күчүңөрдү жана Аллахка шерик кылган бардык “кудайыңарды” чогулта бергиле. Ишиңер өзүңөргө белгисиз болуп калбасын. Анан мага эч мөөнөт бербей, (колуңардан келгенин) кылгыла!» Юнус сүрөсү, 71-аят.
Аллах таала Муса пайгамбардын айтканы тууралуу кабарлап мындай деген:
﴿قَالَا رَبَّنَآ إِنَّنَا نَخَافُ أَن يَفۡرُطَ عَلَيۡنَآ أَوۡ أَن يَطۡغَىٰ٤٥ قَالَ لَا تَخَافَآۖ إِنَّنِي مَعَكُمَآ أَسۡمَعُ وَأَرَىٰ ٤٦﴾[طه: 45-46]
«(Экөө) айтты: «Оо, биздин Рабби! Биз (үгүтүбүздү баштай электе) бизге каршы шашылып (чара колдонуп) коюусунан жана чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз. Коркпогула! Мен силер мененмин! (Бардыгын угуп, көрүп турамын)». Тоха сүрөсү, 45-46-аяттар.
Аллах таала элчилерин душмандан коргорун, душмандары аларга жамандык жеткире албасын баяндаган, ошондой эле Өзүнүн аян-кабарын да кошумча, же алымча болуудан сактарын кабар берген. Аллах таала минтип айткан:
﴿إِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا ٱلذِّكۡرَ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَٰفِظُونَ ٩﴾[الحجر: 9]
«Чынында, Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз». Хижр сүрөсү, 9-аят.
Пайгамбарлар (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) акылга жана ахлакка каршы келген нерсенин баарынан корголгон. Аллах таала пайгамбары Мухаммадды мактап мындай деген:
﴿وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٖ٤﴾[القلم: 4]
«Чындыгында, сен улук кулк-мүнөздүн ээсисиң». Калам сүрөсү, 4-аят
Ал жөнүндө дагы мындай деген:
﴿وَمَا صَاحِبُكُم بِمَجۡنُونٖ٢٢﴾[التكوير: 22]
«(Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес». Таквир сүрөсү, 22-аят.
Мунун баары динди толук жеткирүү үчүн. Пайгамбарлар Аллахтын буйруктарын Анын пенделерине жеткирүүгө милдеткер. Пайгамбарларда (улухияттык жана рубубияттык) жаратуучулук жана ибадатка татыктуулук сыпаттары жок, алар деле башка адамдар сыяктуу эле адам, болгону аларга Аллах динин аян-кабар кылып жеткирет. Аллах таала минтип айткан:
﴿قَالَتۡ لَهُمۡ رُسُلُهُمۡ إِن نَّحۡنُ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَمُنُّ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۖ وَمَا كَانَ لَنَآ أَن نَّأۡتِيَكُم بِسُلۡطَٰنٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ١١﴾[إبراهيم: 11]
«Аларга пайгамбарлары айтты: «(Туура). Биз деле силер сыяктуу адамбыз. Бирок, Аллах пенделеринен Өзү каалагандарына (мындай) жакшылык берет. (Анан), силерге далил-моожизаларды келтириш биздин ыктыярда эмес. Аллах кааласа гана келтире алабыз. Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышат». Ибрахим сүрөсү, 11-аят.
Аллах таала элчиси Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коомуна минтип айтууга буйруду: Айткын:
﴿قُلۡ إِنَّمَآ أَنَا۠ بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ يُوحَىٰٓ إِلَيَّ أَنَّمَآ إِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ فَمَن كَانَ يَرۡجُواْ لِقَآءَ رَبِّهِۦ فَلۡيَعۡمَلۡ عَمَلٗا صَٰلِحٗا وَلَا يُشۡرِكۡ بِعِبَادَةِ رَبِّهِۦٓ أَحَدَۢا١١٠﴾[الكهف: 110]
«Мен силер сыяктуу эле кишимин. (Болгон айырмачылыгыбыз) мага (Раббимден мындай деген) аян-кабар жиберилет: «Силердин кудайыңар – Жалгыз Кудай. Ким Раббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Раббисине ибадат кылганда (Ага) эч кандай шерик кошпосун!» Кахф сүрөсү, 110-аят.
23 - Ислам Жалгыз Аллахтын Өзүнө негизги чоң ибадаттарды аткаруу аркылуу ибадат кылууга чакырат, алар: кыям, үрүкү, сажда, Аллахты мактоо, Аны зикир кылуу жана дубалардан турган намаз. Намазды бир күндө беш жолу окуу керек. Намаз аркылуу теңсиздиктер жоюлат. Намазда бай менен кедей, башчы менен кызматчы бир сапта турат. (Экинчиси): зекет, мал-мүлктөн берилчү аз гана өлчөм. (Аллах койгон шарттар жана өлчөмдөргө ылайык) байлардын мал-мүлкүнөн жакырларга жана башкаларга бир жылда бир жолу бөлүп берүү важыб. (Үчүнчүсү): орозо, ал Рамазан айынын күндүзгү күндөрү оозду ачуучулардан өзүн тыюу. Орозо напсинин каалоолорун тарбиялап, сабырдуулукка үйрөтөт. (Төртүнчүсү) ажылык, ал мүмкүнчүлүккө жараша өмүрүндө бир жолу Меккедеги Аллахтын үйүн (Каабаны) максат кылып баруу. Ажылыкта адамдардын баары Жаратуучуга жүздөнүүдө бирдей болушат, ажылык аркылуу теңсиздиктер жоюлат.
Ислам Жалгыз Аллахтын Өзүнө негизги чоң ибадаттарды жанан башка (майда) ибадаттарды аткаруу аркылуу ибадат кылууга чакырат. Бул улук ибадаттарды Аллах таала бардык пайгамбар жана элчилерге (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) парз кылган. Ибадаттардын эң улуусу, бул:
Биринчи: Намаз, аны Аллах таала бардык пайгамбар, элчилерге (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) парз кылган сыяктуу мусулмандарга да парз кылды. Аллах таала пайгамбары Ибрахимди (ага Аллах ыраазы болсун) өз үйүн, Каабаны тооп кылуучуларга жана үрүкү, сажда кылып намаз окуучуларга тазалап даярда деп буйруган. Аллах таала айтты:
﴿وَإِذۡ جَعَلۡنَا ٱلۡبَيۡتَ مَثَابَةٗ لِّلنَّاسِ وَأَمۡنٗا وَٱتَّخِذُواْ مِن مَّقَامِ إِبۡرَٰهِـۧمَ مُصَلّٗىۖ وَعَهِدۡنَآ إِلَىٰٓ إِبۡرَٰهِـۧمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ أَن طَهِّرَا بَيۡتِيَ لِلطَّآئِفِينَ وَٱلۡعَٰكِفِينَ وَٱلرُّكَّعِ ٱلسُّجُودِ ١٢٥﴾[البقرة: 125]
«Жана эстегин, Биз Үйдү (Каабаны) адамдар умтулуп бара турган жай жана тынч орун кылып: “Ибрахимдин ордун ибадат жайы кылып алгыла” (деп буюрдук). Ибрахим менен Исмаилге: “Менин Үйүмдү тооп кылуучулар, эьтикафка отуруучулар, рүкү жана сажда кылуучулар үчүн (ширктен, күнөөдөн жана нажастардан) тазалагыла” деп вахий (буйрук) кылдык». Бакара сүрөсү, 125-аят.
Аллах таала Муса пайгамбарга биринчи жолу кайрылганда эле ага намазды парз кылган. Аллах таала айтты:
﴿إِنِّيٓ أَنَا۠ رَبُّكَ فَٱخۡلَعۡ نَعۡلَيۡكَ إِنَّكَ بِٱلۡوَادِ ٱلۡمُقَدَّسِ طُوٗى ١٢ وَأَنَا ٱخۡتَرۡتُكَ فَٱسۡتَمِعۡ لِمَا يُوحَىٰٓ١٣ إِنَّنِيٓ أَنَا ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعۡبُدۡنِي وَأَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ لِذِكۡرِيٓ١٤﴾[طه: 12-14]
«Мен сенин Раббиң боломун! Чокойуңду чеч! Сен Ыйык Тува өрөөнүндөсүң! Мен сени (пайгамбарлык үчүн) тандап алдым. Эми, (өзүңө) аян-кабар кылынчу нерселерди угуп ал: Мен – Аллах боломун! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Мен гана бармын! Демек, Өзүмө ибадат кыл жана Мени эстөө үчүн намаз оку!» Тоха сүрөсү, 12-14-аят.
Иса пайгамбар, аны Аллах таала намаз окууга, зекет берүүгө буюрганын кабарлаган, бул тууралуу Аллах таала минтип айткан:
﴿وَجَعَلَنِي مُبَارَكًا أَيۡنَ مَا كُنتُ وَأَوۡصَٰنِي بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱلزَّكَوٰةِ مَا دُمۡتُ حَيّٗا٣١﴾[مريم: 31]
«Ал мени кайда барсам да берекеттүү кылып, мага – денемде жаным болсо эле – намаз окуп, зекет берүүнү буйруду». Мариям сүрөсү, 31-аят.
Исламдагы намаз кыям (тике туруу), үрүкү, сажда, Аллахты зикир кылуу, Аны улуктоо жана дуба кылып сурануу. Намазды мусулман адам бир күндө беш жолу окуйт. Аллах таала айтты:
﴿حَٰفِظُواْ عَلَى ٱلصَّلَوَٰتِ وَٱلصَّلَوٰةِ ٱلۡوُسۡطَىٰ وَقُومُواْ لِلَّهِ قَٰنِتِينَ٢٣٨﴾[البقرة: 238]
«Намаздарга, айрыкча ортолук намазга бекем болгула! Жана (намазда) Аллахка толук моюн сунган абалда тургула». Бакара сүрөсү, 238-аят.
Аллах таала айтты:
﴿أَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ لِدُلُوكِ ٱلشَّمۡسِ إِلَىٰ غَسَقِ ٱلَّيۡلِ وَقُرۡءَانَ ٱلۡفَجۡرِۖ إِنَّ قُرۡءَانَ ٱلۡفَجۡرِ كَانَ مَشۡهُودٗا٧٨﴾[الإسراء: 78]
«О, Мухаммад!) Күн чак түштөн (батышка) оогондо, түн караңгысына чейин намаз оку. Жана таңдын намазын да (оку). Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз)». Исра сүрөсү, 78-аят.
(Ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: «Ал эми үрүкүдө Улуу Раббини улуктагыла. Ал эми саждада дуба кылууга тырышкыла, себеби (саждадагы дубаңардын) жооп берилүүсүнө көбүрөөк татыктуусуңар». Сахих Муслим
Экинчи: Зекет, Аллах таала аны мурдагы пайгамбар жана элчилерге (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) парз кылган сыяктуу мусулмандарга да парз кылды. Ал малдан бериле турган жеңил өлчөм, Аллах белгилеген шарттарга жана өлчөмгө ылайык берилет. Бир жылда бир жолу байлыгы жеткен адамга жакырларга ошол өлчөмдү бөлүп берүү милдет. Аллах таала айтты:
﴿خُذۡ مِنۡ أَمۡوَٰلِهِمۡ صَدَقَةٗ تُطَهِّرُهُمۡ وَتُزَكِّيهِم بِهَا وَصَلِّ عَلَيۡهِمۡۖ إِنَّ صَلَوٰتَكَ سَكَنٞ لَّهُمۡۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ١٠٣﴾[التوبة: 103]
«(О, Мухаммад!) Сен алардын мал-мүлкүнөн аларды (сараңдыктан жана башка күнөөлөрүнөн) тазалай турган жана алдарды(н байлыгын, адеп-ахлагын, Акыреттик сообун) өстүрө турган (зекет) садакасын ал. Жана алар үчүн дуба кыл. Чынында сенин дубаң - алар үчүн бейпилдик. Аллах - Угуучу, Билүүчү». Тообо сүрөсү, 103-аят.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды (ага Аллах ыраазы болсун) Йеменге жибергенде ага мындай деген: «Сен китеп берилген элдерге баратасың. Аларды Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, мен Аллахтын элчиси экениме күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар буга баш ийсе, анда аларга Аллах таала бир күндө беш жолу намаз окууну милдет кылганын үйрөт. Эгер буга да баш ийсе, Аллах таала аларга байларынын малынан алып жакырларына берүүнү милдет кылганын айт. Эгер ага баш ийсе, малдарынын өтө жакшысын алба жана жапа чеккен адамдын дубасынан сак бол, себеби аны менен Аллах тааланын ортосунда тосмо болбойт». Тирмизи, 625-хадис.
Үчүнчү: Орозо, Аллах таала аны мурдагы пайгамбар жана элчилерге (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) парз кылган сыяктуу мусулмандарга да парз кылды.Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُتِبَ عَلَيۡكُمُ ٱلصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ١٨٣﴾[البقرة: 183]
«О, ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парз кылынганы сыяктуу, силерге да орозо кармоо парз кылынды. Такыба болушуңар үчүн». Бакара сүрөсү, 183-аят.
Орозо бул, Рамазан айынын күндүзү оозду ачуучу нерселерден сактануу. Орозо напсинин каалоолорун тарбиялап, сабырдуулукка үйрөтөт. (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: «Аллах таала айткан: Орозо Мен үчүн, анын сыйын Мен берем, (орозо туткан адам) Мен үчүн кумар каалоосунан, жеп-ичкенден тыйылды. Орозо - калканч. Орозо туткан адамга эки кубаныч бар: ооз ачкан учурдагы кубанычы, (орозо кармаганы үчүн) Аллахка жолуккандагы кубанычы». Сахих ал-Бухари, 7492-хадис.
Төртүнчү: Ажылык, Аллах таала аны мурдагы пайгамбар жана элчилерге (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) парз кылган сыяктуу мусулмандарга да парз кылды. Аллах таала пайгамбары Ибрахимди адамдарды ажылыкка чакырууга буйруган. Аллах таала айтты:
﴿وَأَذِّن فِي ٱلنَّاسِ بِٱلۡحَجِّ يَأۡتُوكَ رِجَالٗا وَعَلَىٰ كُلِّ ضَامِرٖ يَأۡتِينَ مِن كُلِّ فَجٍّ عَمِيقٖ٢٧﴾[الحج: 27]
«Адамдарды ажы кылууга чакыр! Сага алар жөө басып, тапталган улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин!» Хаж сүрөсү, 27-аят.
Аллах таала аны ажыга келгендер үчүн ыйык үйдү, Каабаны тазалоого буйруган: «Эстегин, Биз (бир кезде) Ибрахимге (Ыйык) Үйдүн ордун даярдап-белгилеп берип, (баласы Исмаил экөө аны тургузуп бүткөндө, мындай деген элек):
﴿وَإِذۡ بَوَّأۡنَا لِإِبۡرَٰهِيمَ مَكَانَ ٱلۡبَيۡتِ أَن لَّا تُشۡرِكۡ بِي شَيۡـٔٗا وَطَهِّرۡ بَيۡتِيَ لِلطَّآئِفِينَ وَٱلۡقَآئِمِينَ وَٱلرُّكَّعِ ٱلسُّجُودِ٢٦﴾[الحج: 26]
«Мага (ибадатта) эч нерсени шерик кылбайсың. Менин Үйүмдү тооп кылуучулар (намазда) туруучулар, ийилип рукуу кылуучулар жана сажда кылуучулар үчүн таза кылгының». Хаж сүрөсү, 26-аят.
Ажылык бул: Ыйык Меккедеги Аллахтын үйүн белгилүү амалдарды аткаруу үчүн максат кылып, өмүрдө бир жолу мүмкүнчүлүгү бар адамдын барып келүүсү.
﴿فِيهِ ءَايَٰتُۢ بَيِّنَٰتٞ مَّقَامُ إِبۡرَٰهِيمَۖ وَمَن دَخَلَهُۥ كَانَ ءَامِنٗاۗ وَلِلَّهِ عَلَى ٱلنَّاسِ حِجُّ ٱلۡبَيۡتِ مَنِ ٱسۡتَطَاعَ إِلَيۡهِ سَبِيلٗاۚ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِيٌّ عَنِ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٩٧﴾[آل عمران: 97]
«Анда (бир нече) анык белгилер бар. (Атап айтканда:) Ибрахимдин орду жана ага (Кааба мечитине) кирген адамдын (ар кандай коркунуч-зыяндан) аман болушу. Адамдардын мойнунда Аллах үчүн ошол (Ыйык) Үйгө ажылык кылуу милдети бар. (Бирок, ар кимге эмес) жолго (материалдык жана денелик) кудурети жеткендерге гана. Ал эми, ким каапыр болсо, Аллах ааламдардан Беймуктаж». Аалу Имран сүрөсү, 97-аят.
Ажылыкта мусулман ажылар Жаратуучуга калыс ибадат кылуу үчүн бир орунга чогулат. Ажалыкта социалдык, маданияттык жана жашоо деңгээлдеги айырмачылыктарга карабай, бардык ажылар ажы жөрөлгөлөрүн бирдей аткарышат.
24- Исламдагы ибадаттардын эң негизги өзгөчөлүгү, алардын аткарылуу тартиптерин, убактыларын, шарттарын Кемчиликтерден Аруу Аллах Өзү (шарият кылып) түзгөн жана аны Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткирген. Ушул күнгө чейин адам баласы ага кошумча да, алымча да киргизген эмес. Мына ушул улуу ибадаттардын баарына пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) баары үгүт кылып чакырган.
Исламдагы ибадаттардын эң негизги өзгөчөлүгү, алардын аткарылуу тартиптерин, убактыларын, шарттарын Кемчиликтерден Аруу Аллах Өзү (шарият кылып) түзгөн жана аны Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткирген. Ушул күнгө чейин адам баласы ага кошумча да, алымча да киргизген эмес. Аллах таала айтты:
﴿… ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗاۚ …٣﴾[المائدة: 3]
«Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым». Маида сүрөсү, 3-аят.
Аллах таала айтты:
﴿فَٱسۡتَمۡسِكۡ بِٱلَّذِيٓ أُوحِيَ إِلَيۡكَۖ إِنَّكَ عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ٤٣﴾[الزخرف: 43]
«Сен Өзүңө аян-кабар кылынган Куранды бекем карма! Сен туура жолдун үстүндөсүң!» Зухруф сүрөсү, 43-аят.
Намаз жөнүндө Аллах таала мындай деген:
﴿فَإِذَا قَضَيۡتُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ قِيَٰمٗا وَقُعُودٗا وَعَلَىٰ جُنُوبِكُمۡۚ فَإِذَا ٱطۡمَأۡنَنتُمۡ فَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَۚ إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ كَانَتۡ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ كِتَٰبٗا مَّوۡقُوتٗا١٠٣﴾[النساء: 103]
«Ал эми, намазды окуп бүткөнүңөрдөн кийин, турган, отурган жана жамбаштап жаткан (бардык) убактыңарда Аллахты зикир кылгыла. Эгер (согуштан) тынч болсоңор намазды толук окугула. Албетте, намаз ыймандуу адамдар үчүн өз убактысында окулуучу парз болду». Ниса сүрөсү, 103-аят.
Зекет бериле турган адамдар тууралуу Аллах таала мындай деген:
﴿۞ إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ فَرِيضَةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ٦٠﴾[التوبة: 60]
«(Зекет) садакалар жакырларга, кедейлерге, зекет боюнча иштегендерге, көңүлдөрү Исламга буруулуусу үмүт кылынган кишилерге, моюнду (кулчулуктан) азат кылууга, карыз болуп калган кишилерге, Аллахтын жолунда күрөшкөндөргө жана мусапырларга Аллах тарабынан (буюрулган парз) иретинде берилет. Аллах - Билүүчү, Даанышман». Тообо сүрөсү, 60-аят.
Орозо тууралуу Аллах таала минтип айткан:
﴿شَهۡرُ رَمَضَانَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ فِيهِ ٱلۡقُرۡءَانُ هُدٗى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَٰتٖ مِّنَ ٱلۡهُدَىٰ وَٱلۡفُرۡقَانِۚ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ ٱلشَّهۡرَ فَلۡيَصُمۡهُۖ وَمَن كَانَ مَرِيضًا أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٖ فَعِدَّةٞ مِّنۡ أَيَّامٍ أُخَرَۗ يُرِيدُ ٱللَّهُ بِكُمُ ٱلۡيُسۡرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ ٱلۡعُسۡرَ وَلِتُكۡمِلُواْ ٱلۡعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُواْ ٱللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَىٰكُمۡ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ١٨٥﴾[البقرة: 185]
«(Силер орозо кармай турган санактуу күндөр – бул) Рамазан айы. Бул айда адамдарга хидаят – туура жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары Куран түшүрүлдү. Жана силерден кимде ким (жаңы) айды көрсө – орозо кармасын! Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллах силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Орозо) санакты толук кылууңар (калтырбай тутууңар) жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллахты даңазалашыңар үчүн жана Аллахка (көп-көп) шүгүр кылууңар үчүн (парз кылынды)». Бакара сүрөсү, 185-аят.
Ажылык жөнүндө Аллах таала мындай деген:
﴿ٱلۡحَجُّ أَشۡهُرٞ مَّعۡلُومَٰتٞۚ فَمَن فَرَضَ فِيهِنَّ ٱلۡحَجَّ فَلَا رَفَثَ وَلَا فُسُوقَ وَلَا جِدَالَ فِي ٱلۡحَجِّۗ وَمَا تَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٖ يَعۡلَمۡهُ ٱللَّهُۗ وَتَزَوَّدُواْ فَإِنَّ خَيۡرَ ٱلزَّادِ ٱلتَّقۡوَىٰۖ وَٱتَّقُونِ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ١٩٧﴾[البقرة: 197]
«Ажылык (сапары) – белгилүү айлар. Ким ошол айларда (өзүнө) ажылык (ибадатын) парыз кылса, (жана ихрам байласа) хажда (ихрамдан чыкканга чейин) жубайы менен (жыныстык) мамиле жасабайт, бардык күнөөлөрдөн тыйылат жана жаңжалдан алыс болот. Кандай гана жакшы амал кылсаңар да Аллах билип турат. Жана да жолго азык камдап алгыла. Эң жакшы жол азыгы – бул такыбалык. О, акылдуу адамдар, Менден корккула!» Бакара сүрөсү, 197-аят.
Пайгамбарлардын баары мына ушул улук ибадаттардын баарына чакырган.
25- Исламдын элчиси - ал, Абдуллахтын уулу Мухаммад, Ибрахим пайгамбардын уулу Исмаилдин (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) урпагынан. Меккеде 571-жылы туулган. Ошол жерде ага пайгамбарлык берилген. Кийин Мединага көчүп барган. Бутпарастык иштерде коомуна кошуган эмес, бирок улуу иштерде алар менен чогуу болгон. Пайгамбарлыкка чейин эле кулк-мүнөзү мыкты болчу. Эли аны "аманаткөй" деп атачу. Кырк жашка толгондо Аллах аны пайгамбар кылып, көп муъжиза-керметтер менен кубаттады. Булардын эң негизгиси Ыйык Куран. Ал пайгамбарлардын эң улуу аят-белгилеринен, ал пайгамбарлардын аят-белгилеринен бүгүнкү күнгө чейин сакталып калганы. Аллах ага динди толук берди, элчи (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кемчиликсиз, толук жеткирди. Жашы алтымыш үчкө келгенде каза болду. Сөөгү Мединада коюлду. Аллахтын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбар жана элчилердин акыркысы. Аллах аны туура жол жана акыйкат дин менен адамдарды бутпарастыктын, каапырлыктын жана билимсиздиктин караңгылыгынан бир Кудайга сыйынуу ишенимине (таухидге) жана ыйман нуруна чыгаруу үчүн жиберди жана Аллах аны Өзүнүн уруксаты менен динине чакыруучу кылып жибергендигине күбөлүк берди.
Исламдын элчиси - ал, Абдуллахтын уулу Мухаммад, Ибрахим пайгамбардын уулу Исмаилдин (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) урпагынан. Меккеде 571-жылы туулган. Ошол жерде ага пайгамбарлык берилген. Кийин Мединага көчүп барган. Бутпарастык иштерде коомуна колшуган эмес, бирок улуу иштерде алар менен чогуу болгон. Пайгамбарлыкка чейин эле кулк-мүнөзү мыкты болчу. Раббиси аны улук кулк-мүнөздүн ээсисиң деп сыпаттаган. Аллах таала айтты:
﴿وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٖ٤﴾[القلم: 4]
«Чындыгында, сен улук кулк-мүнөздүн ээсисиң». Калам сүрөсү, 4-аят.
Аллах таала ага кырк жашка толгондо пайгамбарлыкты берген жана улук муъжиза-кереметтер менен кубаттандырган. Алардын эң улугу Ыйык Куран. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Кайсы пайгамбар болбосун ага адамдар ыйман келтирүүсүнө себеп болгон муъжиза-кереметтер берилген. Ал эми мага эч кимге берилбеген Аллах таала аян-кабар кылган Куран берилди, кыямат күнү пайгамбарлардын ичинен ээрчүүчүлөрү эң көбү мен болом го деп үмүт кылам". Сахих аль-Бухарий Улук Куран бул, Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берген Аллахтын аян-кабары. Аллах таала минтип айткан:
﴿ذَٰلِكَ ٱلۡكِتَٰبُ لَا رَيۡبَۛ فِيهِۛ هُدٗى لِّلۡمُتَّقِينَ٢﴾[البقرة: 2]
«Бул китепте эч күмөн жок. (Ал) такыбалар үчүн туура жол». Бакара сүрөсү, 2-аят.
Аллах таала Куран жөнүндө мындай деген:
﴿أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ ٱلۡقُرۡءَانَۚ وَلَوۡ كَانَ مِنۡ عِندِ غَيۡرِ ٱللَّهِ لَوَجَدُواْ فِيهِ ٱخۡتِلَٰفٗا كَثِيرٗا٨٢﴾[النساء: 82]
«Алар Куранды терең акыл калчап окушпайбы?! *Эгер Куран Аллахтан башканын алдынан болсо, андан көп карама-каршылыктарды табышат эле го». Ниса сүрөсү, 82-аят.
Аллах таала инсандар менен жиндерге Куран сыяктууну алып келгилечи деп атаандашууга чакырган. Аллах таала минтип айткан: Айткын:
﴿قُل لَّئِنِ ٱجۡتَمَعَتِ ٱلۡإِنسُ وَٱلۡجِنُّ عَلَىٰٓ أَن يَأۡتُواْ بِمِثۡلِ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ لَا يَأۡتُونَ بِمِثۡلِهِۦ وَلَوۡ كَانَ بَعۡضُهُمۡ لِبَعۡضٖ ظَهِيرٗا ٨٨﴾[الإسراء: 88]
«Эгер (бардык) инсандар жана жиндер ушул Куран сыяктуу (бир китепти майданга) келтирүүгө чогулушуп, бири-бирине жардамчы болушса да, анын окшошун (эч качан) келтире алышпайт». Исра сүрөсү, 88-аят.
Аллах аларга он сүрө алып келүүгө чакырган. Аллах таала айтты: Же алар:
﴿أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰهُۖ قُلۡ فَأۡتُواْ بِعَشۡرِ سُوَرٖ مِّثۡلِهِۦ مُفۡتَرَيَٰتٖ وَٱدۡعُواْ مَنِ ٱسۡتَطَعۡتُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ١٣﴾[هود: 13]
“Аны (Куранды Мухаммад) ойдон чыгарган” - дешеби? Айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, Аллахтан башка колуңардан келген ар кимдерди чакырып болсо да, ушуга окшош он даана "ойдон чыгарылган сүрө" келтиргилечи, кана!” Худ сүрөсү, 13-аят.
Ал эмес, Аллах аларга бир эле сүрө алып келүүгө чакырган. Аллах таала минтип айткан:
﴿وَإِن كُنتُمۡ فِي رَيۡبٖ مِّمَّا نَزَّلۡنَا عَلَىٰ عَبۡدِنَا فَأۡتُواْ بِسُورَةٖ مِّن مِّثۡلِهِۦ وَٱدۡعُواْ شُهَدَآءَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ٢٣﴾[البقرة: 23]
«Эгер силер, пендебизге (Мухаммадга) түшүргөнүбүзгө (Куранга) күмөндө болсоңор, ошонун дал өзүндөй бир гана сүрө келтиргилечи?! Дагы Аллахтан башка (колдоочу) күбөңөрдү да чакыргыла, эгер чынчыл болсоңор!» Бакара сүрөсү, 23-аят.
Ыйык Куран ал, пайгамбарларга берилген муъжиза-кереметтердин арасынан бүгүнкү күнгө чейин жетип келген жалгыз муъжиза. Аллах пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динди толук берди, ал аны кемчиликсиз, толук жеткирди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жашы алтымыш үчкө келгенде каза болду. Сөөгү өзүнүн шаары Мединада коюлду.
Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал пайгамбарлардын жана элчилердин акыркысы. Аллах таала минтип айткан:
﴿مَّا كَانَ مُحَمَّدٌ أَبَآ أَحَدٖ مِّن رِّجَالِكُمۡ وَلَٰكِن رَّسُولَ ٱللَّهِ وَخَاتَمَ ٱلنَّبِيِّـۧنَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا ٤٠﴾[الأحزاب: 40]
«(Оо, ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах – ар нерсени Билүүчү». Ахзаб сүрөсү, 40-аят.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: «Мени менен менден мурдагы пайгамбарлардын мисалы, бир киши курган үйгө окшош, ал үйдү бекем, кооз кылып салат, бирок бир бурчунда бир кыштын орду бош калат. Ал үйдү айланган адамдар ага таң калышат: "Ушул кышы коюлса кандай сонун, толук болмок" - деп тамшанышат. Ошол кыш менмин, мен пайгамбарлардын акыркысымын».Сахих аль-Бухари Инжилде Иса пайгамбар Мухаммад пайгамбардын келерин сүйүнчүлөп минтип айтканы бар: Куруучулар коюудан баш тарткан таш бурчтун эң үстүнө коюлду, силер ыйык китептерде минтип жазылганын окуган эмессиңерби: Иса аларга: "бул Рабби тарабынан болгон нерсе, биз үчүн таң калыштуу эле" - деди. Учурда окулуп жүргөн Тоораттын стихтеринде Аллахтын Муса пайгамбарга минтип кайрылганы бар: «Аларга өздөрүнүн арасынан сага окшош пайгамбар чыгарамын, Өзүмдүн сөзүмдү анын оозуна салам, анан ал Мен ага эмнени буюрсам ошонун баарын адамдарга айтып турат». Пайгамбарыбыз Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах таала туура жол жана акыйкат дин менен жиберди. Анын акыйкат жолдо экендигине жана Аллахтын каалоосу менен Анын динине чакыруучу кылып жибергенине Аллах таала күбөлүк берип, мындай деген:
﴿لَّٰكِنِ ٱللَّهُ يَشۡهَدُ بِمَآ أَنزَلَ إِلَيۡكَۖ أَنزَلَهُۥ بِعِلۡمِهِۦۖ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَشۡهَدُونَۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدًا١٦٦﴾[النساء: 166]
«Бирок, (о, Мухаммад!) сага (асмандан) түшүргөн нерсеге Аллах күбөлүк берет. Аны Аллах Өз илими менен түшүргөн. Дагы (сага түшүрүлгөн нерсеге) периштелер да күбөлүк берип жатышат. Аллах жетиштүү Күбө!» Ниса сүрөсү, 166-аят.
Аллах таала айтты:
﴿هُوَ ٱلَّذِيٓ أَرۡسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلۡهُدَىٰ وَدِينِ ٱلۡحَقِّ لِيُظۡهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّينِ كُلِّهِۦۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدٗا ٢٨﴾[الفتح: 28]
«Ал Өз пайгамбарын туура жол жана Акыйкат Дин менен, аны бардык диндерден жогору кылуу үчүн жиберди. Аллах жетиштүү Күбө!» Фатх сүрөсү, 28-аят.
Аллах аны туура жол менен адамдарды бутпарастыктын, каапырлыктын жана билимсиздиктин караңгылыгынан таухиддин жана ыйман нуруна чыгаруу үчүн жиберген. Аллах таала айтты:
﴿يَهۡدِي بِهِ ٱللَّهُ مَنِ ٱتَّبَعَ رِضۡوَٰنَهُۥ سُبُلَ ٱلسَّلَٰمِ وَيُخۡرِجُهُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ بِإِذۡنِهِۦ وَيَهۡدِيهِمۡ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ١٦﴾[المائدة: 16]
«Аллах ал (Китеп) менен, Өзүнүн ыраазылыгына ээрчиген адамдарды (азаптан) кутултуучу жолдоруна баштайт. Жана аларды Өз каалоо-уруксаты менен, (каапырлыктын) караңгылыгынан (Исламдын) Нуруна чыгарып, туура жолго баштайт». Маида сүрөсү, 16-аят.
Аллах таала айтты:
﴿الٓرۚ كِتَٰبٌ أَنزَلۡنَٰهُ إِلَيۡكَ لِتُخۡرِجَ ٱلنَّاسَ مِنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ بِإِذۡنِ رَبِّهِمۡ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ ١﴾[إبراهيم: 1]
«Алиф, Лам, Ра. (О, Мухаммад), Биз бул Китепти сага, адамдарды, Раббисинин уруксаты менен караңгылыктардан Нурга - Жеңүүчү жана Макталган Аллахтын жолуна чыгарышың үчүн түшүрдүк». Ибрахим сүрөсү, 1-аят.
26- Аллахтын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген Ислам шарияты, илахий диндердин жана шарияттардын акыркысы. Ал кемчиликсиз толук шарият. Ал адамдардын дин жана дүйнөсүн оңдойт. Ал биринчи кезекте адамдардын динин, жанын, мал-дүйнөсүн, акыл-эсин жана урук-урпагын сактайт. Мурдагы шарияттар бири-бирин жокко чыгарган сыяктуу, Ислам шарияты мурдагы шарияттардын баарын жокко чыгарат.
Аллахтын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген Ислам шарияты, илахий диндердин жана шарияттардын акыркысы. Аллах таала ушул дин менен динин толуктады жана Мухаммад пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиберүү менен адамдарга берчү жакшылыгын толук бүтүрдү. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан:
﴿…ۚ ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗاۚ …٣﴾[المائدة: 3]
«Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым». Маида сүрөсү, 3-аят.
Ислам шарияты кемчиликсиз толук шарият. Анда адамдардын дини да дүйнөсү да оңолуусу камтылган. Анткени ал буга чейинки болуп өткөн шарияттардын баарын топтоп, толуктап, бүтүргөн шарият. Аллах таала минтип айткан:
﴿إِنَّ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ يَهۡدِي لِلَّتِي هِيَ أَقۡوَمُ وَيُبَشِّرُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أَنَّ لَهُمۡ أَجۡرٗا كَبِيرٗا ٩﴾[الإسراء: 9]
«Чынында, бул Куран (инсаниятты) эң туура жолго баштайт жана салих (жакшы) амал кылган ыймандуу адамдар үчүн чоң сыйлыктар бар экени жөнүндө сүйүнүч кабар берет». Исра сүрөсү, 9-аят.
Ислам шарияты мурдагы үммөттөрдүн моюнуна жүктөлгөн оор буйруктарды адамдардан алып таштады. Аллах таала айткан:
﴿ٱلَّذِينَ يَتَّبِعُونَ ٱلرَّسُولَ ٱلنَّبِيَّ ٱلۡأُمِّيَّ ٱلَّذِي يَجِدُونَهُۥ مَكۡتُوبًا عِندَهُمۡ فِي ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَٱلۡإِنجِيلِ يَأۡمُرُهُم بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَنۡهَىٰهُمۡ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَيُحِلُّ لَهُمُ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡخَبَٰٓئِثَ وَيَضَعُ عَنۡهُمۡ إِصۡرَهُمۡ وَٱلۡأَغۡلَٰلَ ٱلَّتِي كَانَتۡ عَلَيۡهِمۡۚ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِهِۦ وَعَزَّرُوهُ وَنَصَرُوهُ وَٱتَّبَعُواْ ٱلنُّورَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ مَعَهُۥٓ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ ١٥٧﴾[الأعراف: 157]
«Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллахтан келген) элчи-пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай пайгамбар: (жөөттөр менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн кыйынчылыктарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар!» Аьраф сүрөсү, 157-аят.
Ислам шарияты, ага чейинки бардык шарият өкүмдөрүнүн күчүн жоготот. Аллах таала айтты:
﴿وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَمُهَيۡمِنًا عَلَيۡهِۖ فَٱحۡكُم بَيۡنَهُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُۖ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَهُمۡ عَمَّا جَآءَكَ مِنَ ٱلۡحَقِّۚ لِكُلّٖ جَعَلۡنَا مِنكُمۡ شِرۡعَةٗ وَمِنۡهَاجٗاۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَلَٰكِن لِّيَبۡلُوَكُمۡ فِي مَآ ءَاتَىٰكُمۡۖ فَٱسۡتَبِقُواْ ٱلۡخَيۡرَٰتِۚ إِلَى ٱللَّهِ مَرۡجِعُكُمۡ جَمِيعٗا فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ٤٨﴾[المائدة: 48]
«(О, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н баардык артыкчылыктарын) ичине камтыган китепти Акыйкаттык менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллах түшүргөн Китеп менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (О, адамдар!) Биз силердин баарыңар үчүн өз алдынча шарият жана жол-жөрөлгөлөрдү кылдык. Эгер Аллах кааласа, баарыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парздарда) силерди сыноо үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен атаандашып жасагыла. Баарыңардын кайтууңар – Аллахка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (ишиңерде) эмнеден өзгөчөлөнгөнүңөрдүн кабарын билдирет». Маида сүрөсү, 48-аят.
Ислам шариятын ичине камтыган Ыйык Куран мурдагы илахий китептерди тастыктап, аларга өкүм кылуучу жана алардын күчүн жоготуучу болуп келди.
27- Кемчиликтерден Аруу Аллах пайгамбар Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген Ислам дининен башка динди кабыл кылбайт. Кимде-ким Исламдан башканы дин деп тутунса, ал кабыл болбойт.
Кемчиликтерден Аруу Аллах таала Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбар кылып жибергенден кийин, ал алып келген Ислам дининен башка динди кабыл кылбайт. Кимде-ким Исламдан башка дин тутууну кааласа, ал эч качан кабыл болбойт. Аллах таала айтты:
﴿وَمَن يَبۡتَغِ غَيۡرَ ٱلۡإِسۡلَٰمِ دِينٗا فَلَن يُقۡبَلَ مِنۡهُ وَهُوَ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ٨٥﴾[آل عمران: 85]
«Жана ким Исламдан башка динди кааласа, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот». Аалу Имран сүрөсү, 85-аят.
Аллах таала айтты:
﴿إِنَّ ٱلدِّينَ عِندَ ٱللَّهِ ٱلۡإِسۡلَٰمُۗ وَمَا ٱخۡتَلَفَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلۡعِلۡمُ بَغۡيَۢا بَيۡنَهُمۡۗ وَمَن يَكۡفُرۡ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ فَإِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ١٩﴾[آل عمران: 19]
«Албетте, Аллахтын алдында (кабыл боло турган) дин – бул Ислам. Китеп берилген адамдар (Тоорат менен Инжил китептеринде) өздөрүнө (Мухаммаддын пайгамбарлыгы жана дининин чындыгы жөнүндөгү) илим келгенден кийин гана өз ара көралбастыктан улам каршылык кылышты. Ким Аллахтын аяттарына каапыр болсо, (билип алсын:) Аллах - тез эсептешүүчү». Аалу Имран сүрөсү, 19-аят.
Ислам – Ибрахим пайгамбардын дини, Аллах таала минтип айткан:
﴿وَمَن يَرۡغَبُ عَن مِّلَّةِ إِبۡرَٰهِـۧمَ إِلَّا مَن سَفِهَ نَفۡسَهُۥۚ وَلَقَدِ ٱصۡطَفَيۡنَٰهُ فِي ٱلدُّنۡيَاۖ وَإِنَّهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ١٣٠﴾[البقرة: 130]
«Ибрахимдин Дининен наадан адамдар гана баш тартат. Биз Ибрахимди бул дүйнөдө (элдерге жолбашчы кылып) тандап алдык жана ал Акыретте да (жогорку даражалуу) салих адамдардан». Бакара сүрөсү, 130-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَمَنۡ أَحۡسَنُ دِينٗا مِّمَّنۡ أَسۡلَمَ وَجۡهَهُۥ لِلَّهِ وَهُوَ مُحۡسِنٞ وَٱتَّبَعَ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِيمَ حَنِيفٗاۗ وَٱتَّخَذَ ٱللَّهُ إِبۡرَٰهِيمَ خَلِيلٗا١٢٥﴾[النساء: 125]
«Аллахтын шариятын (бекем) кармап, ширктен таухидке бурулган абалда Ибрахимдин динине ээрчиген жана жүзүн (өзүн) Аллахка толук моюн сундурган адамдын дининен да жакшы динди туткан адам барбы? Аллах Ибрахимди (Өзүнө) дос туткан». Ниса сүрөсү, 125-аят.
Аллах таала элчиси Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтууга буйруду: Айткын:
﴿قُلۡ إِنَّنِي هَدَىٰنِي رَبِّيٓ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ دِينٗا قِيَمٗا مِّلَّةَ إِبۡرَٰهِيمَ حَنِيفٗاۚ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ١٦١﴾[الأنعام: 161]
“Чынында,, Раббим мени туура жолго, түз динге – Акыйкатка бурулган Ибрахимдин Динине багыттады. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес”. Анъам сүрөсү, 161-аят.
28-Ыйык Куран, Аллах элчиси Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар кылып түшүргөн китеп, ал ааламдардын Раббисинин сөзү. Аллах инсандарды жана жиндерди Куран сыяктууну, жок дегенде, анын бир сүрөсү сыяктууну жазгылачы деп атаандаштыкка чакырган, бул чакырык азырга чейин күчүндө. Куран миллиондогон адамдардын башын айланткан, көптөгөн маанилүү суроолорго жооп берет. Ыйык Куран алгачкы түшкөн араб тилинде бүгүнгө чейин сакталуу, андан бир тамга да кемиген эмес. Ал басмада басылып, тараган. Куран улуу, кереметтүү, аны түп нускада же маанилеринин котормосун окууга татыктуу китеп. Ошондой эле Аллахтын элчиси Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүннөтү, анын таалимдери, өмүр жолу, чынжыр-тизмеги үзүлбөгөн ишенимдүү айтып өткөрүүчүлөр аркылуу оозмо-ооз айтылып, сакталып, Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тили болгон араб тилинде басылып жана башка көптөгөн тилдерге которулган. Ыйык Куран жана Аллахтын элчисинин сүннөтү Исламдын жана анын өкүмдөрүнүн бирден-бир булагы. Ислам дини аны кармангандардын иш-аркеттеринен эмес,Аллах тарабынан келген аян-кабардан: Ыйык Курандан жана пайгамбардын сүннөтүнөн алынат.
Ыйык Куран бул, Аллах таала пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) араб тилинде аян-кабар кылып түшүргөн китеп, ал - ааламдардын Раббисинин сөзү. Аллах таала айтты:
﴿وَإِنَّهُۥ لَتَنزِيلُ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ١٩٢ نَزَلَ بِهِ ٱلرُّوحُ ٱلۡأَمِينُ١٩٣ عَلَىٰ قَلۡبِكَ لِتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُنذِرِينَ١٩٤ بِلِسَانٍ عَرَبِيّٖ مُّبِينٖ١٩٥﴾[الشعراء: 192-195]
«Ал (Куран) ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн. Аны аманаткөй Рух (Жебирейил периште) алып келди, сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) болууң үчүн. (Ал) ачык-айкын араб тилинде (түшкөн)». Шуара сүрөсү, 192-195-аяттар.
Аллах таала айтты:
﴿وَإِنَّكَ لَتُلَقَّى ٱلۡقُرۡءَانَ مِن لَّدُنۡ حَكِيمٍ عَلِيمٍ٦﴾[النمل: 6]
«Чынында (сага түшүрүлгөн) Куран – Билүүчү, Даанышман (Аллах) тарабынан берилген». Намл сүрөсү, 6-аят.
Бул Куран Аллах тарабынан түшүрүлгөн, мурдагы илахий китептерди тастыктаган китеп. Аллах таала айтты:
﴿وَمَا كَانَ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانُ أَن يُفۡتَرَىٰ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَٰكِن تَصۡدِيقَ ٱلَّذِي بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَتَفۡصِيلَ ٱلۡكِتَٰبِ لَا رَيۡبَ فِيهِ مِن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ٣٧﴾[يونس: 37]
«Бул Куран Аллахтан башка эч кимден келбеген. Ал (Куран) өзүнөн мурунку (Тоорат, Инжил, Забур сыяктуу) китептерди тастыктайт, (адал-арам маселелерин) толук баяндап берет. Анын ааламдардын Раббиси тарабынан келгенине эч бир шек-күмөн жок». Юнус сүрөсү, 37-аят.
Улуу Куранда жөөттөр менен христиандар пикир келишпестикке кабылган диний маселелердин көбү кеңири баяндалган. Аллах таала айтты:
﴿إِنَّ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ يَقُصُّ عَلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ أَكۡثَرَ ٱلَّذِي هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ ٧٦﴾[النمل: 76]
«Чынында, бул Куран Исраил урпактарына алар талашып-тартышкан көп маселелерин(ин анык жообун) баяндап берет». Намл сүрөсү, 76-аят.
Улуу Куран Аллах тааланын, Анын дининин жана сый-жазаларын билүүгө тиешелүү бардык далилдерди өз ичине камтыйт жана бардык адамдарга каршы далил болот. Аллах таала минтип айткан:
﴿وَلَقَدۡ ضَرَبۡنَا لِلنَّاسِ فِي هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ مِن كُلِّ مَثَلٖ لَّعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ٢٧﴾[الزمر: 27]
«Биз бул Куранда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Кана эми (көбүрөөк Аллахты) эстешсе». Зумар сүрөсү, 27-аят.
Аллах таала айтты:
﴿… وَنَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ تِبۡيَٰنٗا لِّكُلِّ شَيۡءٖ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُسۡلِمِينَ٨٩﴾[النحل: 89]
«Биз (силерди) кайрадан тирилткен күндө ар бир үммөткө өздөрүнөн бир күбөнү (пайгамбарын) алып келебиз. Сени да (о, Мухаммад,) тигилерге (өз үммөтүңө) күбө катары алып келдик. Биз сага Китепти (Куранды) ар бир нерсеге баяндама, туура жол, ырайым жана мусулмандар үчүн жакшы кабар иретинде түшүрдүк». Нахл сүрөсү, 89-аят.
Ыйык Куран миллиондогон адамдардын башын айланткан, көптөгөн маанилүү суроолорго жооп берет. Ыйык Куран Аллах асман-жерди кантип жаратканын баян кылат. Аллах таала айтты:
﴿أَوَلَمۡ يَرَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَنَّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ كَانَتَا رَتۡقٗا فَفَتَقۡنَٰهُمَاۖ وَجَعَلۡنَا مِنَ ٱلۡمَآءِ كُلَّ شَيۡءٍ حَيٍّۚ أَفَلَا يُؤۡمِنُونَ٣٠﴾[الأنبياء: 30]
«Каапырлар билишпейби, асмандар менен жер (мурда) бири-бирине жабышып турган болчу. Кийин Биз алардын ортосун бөлүп койдук. Жана Биз ар бир тирүү нерсени суудан* жараттык. Ыйман келтиришпейби?!» Анбия сүрөсү, 30-аят.
Аллах таала инсанды кантип жараткандыгын баяндап, мындай деген:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِن كُنتُمۡ فِي رَيۡبٖ مِّنَ ٱلۡبَعۡثِ فَإِنَّا خَلَقۡنَٰكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَةٖ ثُمَّ مِن مُّضۡغَةٖ مُّخَلَّقَةٖ وَغَيۡرِ مُخَلَّقَةٖ لِّنُبَيِّنَ لَكُمۡۚ وَنُقِرُّ فِي ٱلۡأَرۡحَامِ مَا نَشَآءُ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى ثُمَّ نُخۡرِجُكُمۡ طِفۡلٗا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوٓاْ أَشُدَّكُمۡۖ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرۡذَلِ ٱلۡعُمُرِ لِكَيۡلَا يَعۡلَمَ مِنۢ بَعۡدِ عِلۡمٖ شَيۡـٔٗاۚ وَتَرَى ٱلۡأَرۡضَ هَامِدَةٗ فَإِذَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهَا ٱلۡمَآءَ ٱهۡتَزَّتۡ وَرَبَتۡ وَأَنۢبَتَتۡ مِن كُلِّ زَوۡجِۭ بَهِيجٖ ٥﴾[الحج: 5]
«Оо, адамдар! Эгер кайра тирилүүдөн шектенүүдө болсоңор, (өзүңөрдүн абалкы жаратылганыңарды ойлогула): Биз силерди(н атаңар Адамды эң оболу) топурактан жараттык. Андан соң тамчы «суудан», андан соң коюу кандан, андан соң бүткөн-бүтпөгөн бир тиштем эттен (жараттык). Силерге (акырындык менен толуктука жете турган жаратылууңарды) баян кылып берүү үчүн. Жана (андан соң) Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгиленген (төрөлүүчү) мөөнөткө чейин жатындарга жайгаштырабыз. Кийин силерди ымыркай-бөбөк абалда (жатындардан жарык дүйнөгө) чыгарабыз. Кийин эрезеге жеткениңерге чейин (тарбиялайбыз). Силерден кимдир бирөөлөр (балалык чагында же жаштыгында эле) өлүп калат. Дагы башка бирөөлөр билгенден соң билбей турган болуп калышы үчүн эң төмөн өмүргө (карылык жашына) жеткирилет. Сен жерди какшыган (эч нерсе өстүрбөгөн өлүк) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрөөр замат бир сезгенип алып, көөп чыгат жана ар түрдүү сулуу-көркөм өсүмдүктөрдү өстүрө баштайт». (Хаж сүрөсү, 5-аят).
Бул жашоодон кийин алардын барар жери кайда, жакшылык кылуучунун сыйы, жамандык кылуучунун жазасы эмне? Бул маселелерге тишелүү далилдер 20-бөлүкчөдө айтылды. Бул дүйнөнүн пайда болушу кокустукпу же улуу жана асыл максат үчүн жаратылганбы? Аллах таала айтты:
﴿أَوَلَمۡ يَنظُرُواْ فِي مَلَكُوتِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا خَلَقَ ٱللَّهُ مِن شَيۡءٖ وَأَنۡ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ قَدِ ٱقۡتَرَبَ أَجَلُهُمۡۖ فَبِأَيِّ حَدِيثِۭ بَعۡدَهُۥ يُؤۡمِنُونَ١٨٥﴾[الأعراف: 185]
«Алар асмандар жана жер мүлк(төр)ү жөнүндө, Аллах жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Курандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен?!» Аъраф сүрөсү, 185-аят.
Аллах таала айтты:
﴿أَفَحَسِبۡتُمۡ أَنَّمَا خَلَقۡنَٰكُمۡ عَبَثٗا وَأَنَّكُمۡ إِلَيۡنَا لَا تُرۡجَعُونَ ١١٥﴾[المؤمنون: 115]
«Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?». Муминун сүрөсү, 115-аят.
Улуу Куран кыямат күнгө чейин абалкы түшкөн араб тилинде сакталып кала берет. Аллах таала айтты:
﴿إِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا ٱلذِّكۡرَ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَٰفِظُونَ ٩﴾[الحجر: 9]
«Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз». Хижр сүрөсү, 9-аят.
Андан бир да тамга алынып салынган эмес жана анда карама-каршылыктар болушу, же андан бир нерсе алынып салынышы же бир нерсе өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Аллах таала айтты:
﴿أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ ٱلۡقُرۡءَانَۚ وَلَوۡ كَانَ مِنۡ عِندِ غَيۡرِ ٱللَّهِ لَوَجَدُواْ فِيهِ ٱخۡتِلَٰفٗا كَثِيرٗا٨٢﴾[النساء: 82]
«Алар Куранды терең акыл калчап окушпайбы?! Эгер Куран Аллахтан башканын алдынан болсо, андан көп карама-каршылыктарды табышат эле го». Ниса сүрөсү, 82-аят.
Ал басмада басылып, тараган. Куран улуу, кереметтүү, аны түп нускада же маанилеринин котормосун окууга татыктуу китеп. Ошондой эле Аллахтын элчиси Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтү, анын таалимдери, өмүр жолу, чынжыр-тизмеги үзүлбөгөн ишенимдүү айтып өткөрүүчүлөр аркылуу оозмо-ооз айтылып, сакталып, Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тили болгон араб тилинде басылып жана башка көптөгөн тилдерге которулган. Ыйык Куран жана пайгамбардын сүннөттөрү Исламдын жана анын өкүмдөрүнүн бирден-бир булагы. Ислам дини аны кармангандардын иш-аракеттеринен эмес, Аллах тарабынан келген аян-кабардан:
﴿إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِٱلذِّكۡرِ لَمَّا جَآءَهُمۡۖ وَإِنَّهُۥ لَكِتَٰبٌ عَزِيزٞ٤١ لَّا يَأۡتِيهِ ٱلۡبَٰطِلُ مِنۢ بَيۡنِ يَدَيۡهِ وَلَا مِنۡ خَلۡفِهِۦۖ تَنزِيلٞ مِّنۡ حَكِيمٍ حَمِيدٖ٤٢﴾[فصلت: 41-42]
Ыйык Курандан жана пайгамбардын сүннөтүнөн алынат. Аллах таала Куран жөнүндө мындай деген: «Өздөрүнө келген убакытта Зикирге (Куранга) каапыр болгон адамдар (катуу азапка дуушар болушат). Чынында, ал Ыйык Китеп. (Анткени), анын алдынан да, артынан да жалган жолой албайт. Ал (Куран) Даанышман, Макталган (Аллах) тарабынан түшүрүлгөн». Фуссилат сүрөсү, 41-42-аяттар.
Аллах таала пайгамбарынын сүннөтү да ага берилген аян-кабар экенин баяндап мындай деген:
﴿… وَمَآ ءَاتَىٰكُمُ ٱلرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَىٰكُمۡ عَنۡهُ فَٱنتَهُواْۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ ٧﴾[الحشر: 7]
«Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллахтан корккула, чынында Аллахтын азабы катуу!» Хашр сүрөсү, 7-аят.
29- Ислам дини ата-эне мусулман эмес болсо да аларга жакшылык кылууну, балдарга кам көрүүнү буйруган.
Ислам дини ата-энеге жакшылык кылууга буйруйт. Аллах таала айтты:
﴿۞ وَقَضَىٰ رَبُّكَ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّآ إِيَّاهُ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنًاۚ إِمَّا يَبۡلُغَنَّ عِندَكَ ٱلۡكِبَرَ أَحَدُهُمَآ أَوۡ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُل لَّهُمَآ أُفّٖ وَلَا تَنۡهَرۡهُمَا وَقُل لَّهُمَا قَوۡلٗا كَرِيمٗا٢٣﴾[الإسراء: 23]
«Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбайсың, ата-энеңе жакшылык кыласың, эгер алардан бирөөсү же экөө тең сенин алдыңда картайган жашка жетсе, аларга «уф-ф» дебейсиң, аларды(н сөздөрүн) кайрыбайсың жана улук (сылык) сөздөрдү гана сүйлөйсүң». Исра сүрөсү, 23-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَوَصَّيۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيۡهِ حَمَلَتۡهُ أُمُّهُۥ وَهۡنًا عَلَىٰ وَهۡنٖ وَفِصَٰلُهُۥ فِي عَامَيۡنِ أَنِ ٱشۡكُرۡ لِي وَلِوَٰلِدَيۡكَ إِلَيَّ ٱلۡمَصِيرُ١٤﴾[لقمان: 14]
«Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну осуят (буйрук) кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөлгөн соң) аны (көкүрөктөн) ажыратуу (убактысы) эки жыл. (Оо, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!» Лукман сүрөсү, 14-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَوَصَّيۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيۡهِ إِحۡسَٰنًاۖ حَمَلَتۡهُ أُمُّهُۥ كُرۡهٗا وَوَضَعَتۡهُ كُرۡهٗاۖ وَحَمۡلُهُۥ وَفِصَٰلُهُۥ ثَلَٰثُونَ شَهۡرًاۚ حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغَ أَشُدَّهُۥ وَبَلَغَ أَرۡبَعِينَ سَنَةٗ قَالَ رَبِّ أَوۡزِعۡنِيٓ أَنۡ أَشۡكُرَ نِعۡمَتَكَٱلَّتِيٓ أَنۡعَمۡتَ عَلَيَّ وَعَلَىٰ وَٰلِدَيَّ وَأَنۡ أَعۡمَلَ صَٰلِحٗا تَرۡضَىٰهُ وَأَصۡلِحۡ لِي فِي ذُرِّيَّتِيٓۖ إِنِّي تُبۡتُ إِلَيۡكَ وَإِنِّي مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ١٥﴾[الأحقاف: 15]
«Биз инсанга, өз ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Апасы аны кыйналып боюнда көтөрүп, кыйналып төрөдү. Аны (боюнда) көтөрүү жана (сүттөн) ажыратуу убактысы отуз ай. Эми, ал качан баралына жетип, кырк жашка чыкканда айтты: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген жакшылыгыңа шүгүр кылуум үчүн жана Өзүңдү ыраазы кыла турган жакшы амалдарды кылуум үчүн мага илхам бер! Жана менин урпактарымды да салих (кишилерден) кылгайсың! Мен сага тообо кылдым. Жана мен мусулмандарданмын!» Ахкаф сүрөсү, 15-аят.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине бир киши келип: О, Аллахтын элчиси, адамдардан менин жакшы мамилеме акылуусу ким? - деп сурады. Ал: "Энең" - деди. Андан кийинчи? - деди тиги. Ал: "Энең" - деп кайталады. Андан кийинчи? - деп дагы сурады. Ал: "Андан кийин да энең" - деди. Андан кийинчи? - деди. Ал: "Андан кийин атаң" - деди. Сахих Муслим Ата-энеге жакшылык кылуу тууралуу бул осуяттар мусулман жана мусулман эмес ата-энелерге да тиешелүү.
Абу Бакрдын кызы Асма айтат: Мага баласы менен апам келди, ал мушрик болчу. Бул, Курайштар пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен тынчтык келишимин түзгөн учур эле. Мен пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) фатва сурап барып: Апам мени менен мамилени улоо үчүн келиптир, мен ага (жакшы) мамиле кыла берейинби? - деп сурадым. Ал: "Ооба, апаңдан мамилеңди үзбө" - деди. Сахих аль-Бухари А бирок, ата-эне баласын Исламдан каапарылыкка кайтарууга аракет кылса, мындайда Ислам аларга баш ийбөөгө буйруйт. Бала Аллахка ыйман келтирген боюнча калып, ата-энеге жакшы мамиле кылып, жакшылык менен ортону сактап кала берет.
Аллах таала айтты:
﴿وَإِن جَٰهَدَاكَ عَلَىٰٓ أَن تُشۡرِكَ بِي مَا لَيۡسَ لَكَ بِهِۦ عِلۡمٞ فَلَا تُطِعۡهُمَاۖ وَصَاحِبۡهُمَا فِي ٱلدُّنۡيَا مَعۡرُوفٗاۖ وَٱتَّبِعۡ سَبِيلَ مَنۡ أَنَابَ إِلَيَّۚ ثُمَّ إِلَيَّ مَرۡجِعُكُمۡ فَأُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ١٥﴾[لقمان: 15]
«(Оо, инсан!) Эгер сенин ата-энең сени өзүң билбеген нерселерди мага ширк келтирүүгө мажбурласа, аларга моюн сунбагын! Жана дүйнөдө ал экөөнө жакшы мамиледе бол! Мага тообо кылып, кайткан адамдарды ээрчигин! (Өлгөндөн) кийин Мага кайтасыңар. Анан Мен силерге эмне иш кылганыңардын кабарын билдиремин». Лукман сүрөсү, 15-аят.
Ислам дини мусулмандын мусулман эмес туугандарына жана жалпы мусулман эместерге жакшылык кылуусуна тыюу салбайт, эгер алар Исламга каршы күрөшпөсө. Аллах таала айтты:
﴿لَّا يَنۡهَىٰكُمُ ٱللَّهُ عَنِ ٱلَّذِينَ لَمۡ يُقَٰتِلُوكُمۡ فِي ٱلدِّينِ وَلَمۡ يُخۡرِجُوكُم مِّن دِيَٰرِكُمۡ أَن تَبَرُّوهُمۡ وَتُقۡسِطُوٓاْ إِلَيۡهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُقۡسِطِينَ٨﴾[الممتحنة: 8]
«Силер менен дин себептүү согушпаган жана силерди мекениңерден чыгарбаган адамдарга жакшылык жана адилет кылуудан Аллах силерди кайтарбайт. Аллах адилеттүүлөрдү сүйөт». Мумтахана сүрөсү, 8-аят.
Ислам дини балдарга кам көрүүнү буйруйт. Ислам ата-энеге буйруган нерселердин эң зарылы балдарга Раббисинин акыларын үйрөтүү. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атасы менен бир тууган агасынын уулу Абдуллах бин Аббаска мындай деген: "Балам, сага ал аркылуу Аллах сага пайда бере турган сөздөрдү үйрөтөйүнбү? - деп сурады ал. Мен: Ооба - дедим. Ал: "Аллахты(н динин) сакта, Ал сени сактайт. Аллахты(н динин) сактасаң, Аны бет алдыңдан табасың. Бейпилдикте Аллахты эсте, кыйынчылыкта Ал сени эстейт. Сурасаң Аллахтан сура, жардам тилесең, Аллахтан тиле" - деди. Ахмад риваят кылган, 4/287.
Аллах таала ата-энелерди балдарына дин жана дүйнө иштеринде пайдасы тие турган иштерди үйрөтүүгө буйруйт. Аллах таала минтип айткан:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ قُوٓاْ أَنفُسَكُمۡ وَأَهۡلِيكُمۡ نَارٗا وَقُودُهَا ٱلنَّاسُ وَٱلۡحِجَارَةُ عَلَيۡهَا مَلَٰٓئِكَةٌ غِلَاظٞ شِدَادٞ لَّا يَعۡصُونَ ٱللَّهَ مَآ أَمَرَهُمۡ وَيَفۡعَلُونَ مَا يُؤۡمَرُونَ٦﴾[التحريم: 6]
«Оо, ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан, үстүндө болсо, Аллах буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат!» Тахрим сүрөсү, 6-аят.
Аллах тааланын төмөнкү сөзү тууралуу Али (ага Аллах ыраазы болсун) минтет: ''Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан коргоп калгыла'' дегени: «Адеп берип, динди үйрөткүлө» деген сөз. Аллах таала аталарга намаз окууга көнүүсү үчүн балдарына намаз үйрөтүүнү буйруду. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Балдарыңар жетиге чыкканда аларды намаз окууга буйругула». Абу Давуд риваят кылган.
(Ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Ар бириңер кароочусуңар, ар бириң кол астындагыларга жоопкерсиңер. Башчы кароочу жана кол астындагыларга жоопкер. Эркек үй-бүлөсүнө кароочу жана кол астындагыларга жоопкер. Аял киши күйөөсүнүн үйүндө (бала-чака жана мал-мүлкүнө) кароочу жана кол астындагыларга жоопкер. Кызматчы кожоюндун мал-мүлкүнө кароочу жана кол астындагыларга жоопкер. Ар бириңер кароочусуңар, ар бириң кол астындагыларга жоопкерсиңер!" Сахих Ибн Хаббан, 4490-хадис.
Ислам дини аталарды балдарына жана үй-бүлөсүнө напака берип багууга буйруган. Бул тууралуу 18-бөлүкчөдө бир аз сөз болду. Балдарга берилген напаканын артыкчылыгын баяндап пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Кишинин напака кылган динарларынын эн абзели: Үй бүлөсүнө сарптаган динары, Аллах жолунда казатка чыгуу үчүн ат-улоосуна сарптаган динары жана Аллах жолунда жүргөн жолдошторуна сарптаган динары". (Хадисти айтып өткөрүүчүлөрдүн бири) Абу Килаба: "Алгач үй бүлөдөн баштады" - дейт, андан кийин Абу Килаба дагы сөзүн улап: "Жаш балдарына напака берип, аларды сурануудан, муктаждыктан чыгаруудан өткөн сооптуу напака болмок беле" - деди. Сахих Муслим, 994-хадис.
30- Ислам дини бизди сүйлөгөн сөзүбүздөжана кылган ишибизде адилеттүү болууга буйруйт, атүгүл, душманга болсо дагы.
Кемчиликтерден Аруу Аллах таала иштеринде, пенделерин башкарууда адилеттүү жана калыс деп сыпатталган. Ал буйруган иштеринде да, тыйган иштеринде да, жараткан нерселеринде да, тагдыр кылган нерселеринде да туура жолдо. Аллах таала минтип айткан:
﴿شَهِدَ ٱللَّهُ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَأُوْلُواْ ٱلۡعِلۡمِ قَآئِمَۢا بِٱلۡقِسۡطِۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡعَزِيزُٱلۡحَكِيمُ١٨﴾[آل عمران: 18]
«Аллах, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллахтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллах өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Ал) - Кудуреттүү, Даанышман». Аалу Имран сүрөсү, 18-аят.
Аллах таала адилеттүүлүккө буйруйт. Ал минтип айткан: Айткын:
﴿قُلۡ أَمَرَ رَبِّي بِٱلۡقِسۡطِۖ...٢٩﴾[الأعراف: 29]
"Менин Раббим (ибадатта жана мамилелерде) адилеттүүлүккө буюрду". Аьраф сүрөсү, 29-аят.
Бардык пайгамбар жана элчилер (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) адилеттүүлүк менен келген. Аллах таала айтты:
﴿لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَنزَلۡنَا مَعَهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمِيزَانَ لِيَقُومَ ٱلنَّاسُ بِٱلۡقِسۡطِۖ...٢٥﴾[الحديد: 25]
"Биз пайгамбарларыбызды анык далилдер менен жиберип, алар менен Китепти жана адилетти түшүрдүк, адамдар теңдик менен (жашап) туруулары үчүн". Хадид сүрөсү, 25-аят.
Тараза дегени, ал сөздөгү жана иштеги адилдик. Ислам дини душмандарга болсо да адилеттүү сүйлөөгө жана иште адил болууга буйруйт. Аллах таала минтип айткан:
﴿۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُونُواْ قَوَّٰمِينَ بِٱلۡقِسۡطِ شُهَدَآءَ لِلَّهِ وَلَوۡ عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمۡ أَوِ ٱلۡوَٰلِدَيۡنِ وَٱلۡأَقۡرَبِينَۚ إِن يَكُنۡ غَنِيًّا أَوۡ فَقِيرٗا فَٱللَّهُ أَوۡلَىٰ بِهِمَاۖ فَلَا تَتَّبِعُواْ ٱلۡهَوَىٰٓ أَن تَعۡدِلُواْۚ وَإِن تَلۡوُۥٓاْ أَوۡ تُعۡرِضُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا١٣٥﴾[النساء: 135]
"О, ыйман келтирген адамдар! Адилеттикти бекем кармоочу жана өзүңөрдүн, ата-энеңердин, тууган-уругуңардын зыянына болсо да (жана) ал бай же кембагал болсо да, Аллах үчүн, туура күбөлүккө өтүүчү болгула. Аларга (силерден көрө) Аллах жакыныраак. (Ошондуктан) Адилет кылуу(дан четтеп), өз кызыкчылыгыңарга берилип кетпегиле. Эгер (чындыкты) бура сүйлөп, адилдиктен жүз бурсаңар, (билип койгула) Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар!" Ниса сүрөсү, 135-аят.
Аллах таала айтты:
﴿... وَلَا يَجۡرِمَنَّكُمۡ شَنَـَٔانُ قَوۡمٍ أَن صَدُّوكُمۡ عَنِ ٱلۡمَسۡجِدِٱلۡحَرَامِ أَن تَعۡتَدُواْۘ وَتَعَاوَنُواْ عَلَى ٱلۡبِرِّ وَٱلتَّقۡوَىٰۖ وَلَا تَعَاوَنُواْ عَلَى ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِۚ وَٱتَّقُواْٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ٢﴾[المائدة: 2]
"(Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүүңөр, аларды Масжид - Ал-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыба иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душмандык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу!" Маида сүрөсү, 2-аят.
Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُونُواْ قَوَّٰمِينَ لِلَّهِ شُهَدَآءَ بِٱلۡقِسۡطِۖ وَلَا يَجۡرِمَنَّكُمۡ شَنَـَٔانُ قَوۡمٍ عَلَىٰٓ أَلَّا تَعۡدِلُواْۚ ٱعۡدِلُواْ هُوَ أَقۡرَبُ لِلتَّقۡوَىٰۖ وَٱتَّقُواْٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ٨﴾[المائدة: 8]
"О, ыйман келтиргендер! Аллах(тын ыраазылыгы) үчүн (сөзүңөрдө да, ишиңерде да) түз туруп, адилет күбө болгула. Бир коомду жаман көрүүңөр, аларга адилетсиздик кылууга силерди мажбурлабасын! Адилетик кылгыла! Ал такыбалыкка жакын. Аллахтан корккула! Албетте, Аллах силердин ишиңерден Кабардар". Маида сүрөсү, 8-аят.
Бүгүнкү күндө кайсы бир мыйзам-түзүлүштөрдө, же кайсы бир диндерде, өзүнүн, ата-энесинин, жакын туугандарынын зыянына болсо да, акыйкатты айтып, туура сүйлөп күбө болууга үндөгөн, душманга да, доско да адилеттүү мамиле кылууга чакырган ушундай чакырыкты таба аласыңбы?! Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) балдар арасында да адилеттүү болууга буйруган.
Аамир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Нуъман бин Башир (алардан Аллах ыраазы болсун) минбарда туруп минтип айтып жатканын уктум: Мага атам бир белек берди. (Апам) Амра бинт Раваха: Бул ишке Аллахтын элчисин күбө кылмайынча мен ыраазы болбоймун - деди. Атам Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) барып: Оо, Аллахтын элчиси, чындыгында, мен Амра бинт Равахадан төрөлгөн балама белек берсем, Амра бул нерсеге сени күбө кылуумду буюрду - деди. Ал: "Балдарыңдын баарына ушундай (белек) бердиңби?" - деп сурады. Атам: "Жок" - деди. Ал: "Аллахтан корккула, балдарыңардын ортосунда адилеттүү болгула" - деди. Ал (атам) кайра келип, берген белегин кайтарып алды. Сахих ал-Бухари, 2587-хадис.
Анткени, адамдар да, өлкөлөр да адилеттүүлүк менен гана турат. Адамдар, алардын дининде, канында, урук-урпагында, мал-жанында, ата-мекенинде адилеттик болсо гана аман, бейпил болот. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мекке каапырлары Меккеде мусулмандарга кысым көрсөткөндө, мусулмандарды Эфиопияга көчүүгө буйруганын билебиз. Анткени, Эфиопиянын падышасы адилеттүү экендигин, анын жеринде эч кимге зулум кылынбастыгын эске алып ушинткен.
31- Ислам бардык жандуу-жансыз жаратылышка жакшы мамиле кылууга буйруйт, ошондой жакшы мүнөздүү болууга, жакшы иштерди кылууга буйруйт.
Ислам дини бардык жандуу-жансыз жаратылышка жакшылык кылууга буйруйт. Аллах таала минтип айткан:
﴿۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأۡمُرُ بِٱلۡعَدۡلِ وَٱلۡإِحۡسَٰنِ وَإِيتَآيِٕ ذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ...٩٠﴾[النحل: 90]
« Албетте, Аллах адилеттүүлүккө, жакшылыкка, тууган-уруктарга кайрымдуулук кылууга буюруп, бузукулуктан, (шариятка) терс пейилдерден жана зулум- душманчылыктан кайтарып, силерге наасат кылат. Кана эми, эсиңерге келсеңер!» Нахл сүрөсү, 90-аят.
Аллах таала айтты:
﴿ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ فِي ٱلسَّرَّآءِ وَٱلضَّرَّآءِ وَٱلۡكَٰظِمِينَ ٱلۡغَيۡظَ وَٱلۡعَافِينَ عَنِ ٱلنَّاسِۗ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلۡمُحۡسِنِينَ١٣٤﴾[آل عمران: 134]
"(Такыба кишилер) жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-эхсан кылышат, ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт". Аалу Имран сүрөсү, 134-аят.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чындыгында, Аллах таала бардык нерсеге жакшылык кылууну буюрду. Эгер өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар да жакшылап мууздагыла! Силердин бирөөңөр бычагын курчутуп, жандыгын эс алдырсын!". Сахих Муслим, 1955-хадис.
Ислам дини жакшы кулк-мүнөздүү болууга, жакшы иш-аракеттерди кылууга буйруйт. Аллах таала Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мурдагы китептердеги сыпаттары тууралуу минтип айткан:
﴿ٱلَّذِينَ يَتَّبِعُونَ ٱلرَّسُولَٱلنَّبِيَّٱلۡأُمِّيَّٱلَّذِي يَجِدُونَهُۥ مَكۡتُوبًا عِندَهُمۡ فِي ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَٱلۡإِنجِيلِ يَأۡمُرُهُم بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَنۡهَىٰهُمۡ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَيُحِلُّ لَهُمُ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡخَبَٰٓئِثَ وَيَضَعُ عَنۡهُمۡ إِصۡرَهُمۡ وَٱلۡأَغۡلَٰلَٱلَّتِي كَانَتۡ عَلَيۡهِمۡۚ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِهِۦ وَعَزَّرُوهُ وَنَصَرُوهُ وَٱتَّبَعُواْٱلنُّورَٱلَّذِيٓ أُنزِلَ مَعَهُۥٓ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ١٥٧﴾[الأعراف: 157]
«Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллахтан келген) элчи-пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай пайгамбар: (жөөттөр менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн кыйынчылыктарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар!» Аьраф сүрөсү, 157-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Оо, Айша! Чындыгында, Аллах таала - Жумшак, жумшактыкты жакшы көрөт. Оройлук жана жумшактыктан башкага бербеген несени (сооп-сыйды) жумшактыкка гана берет". Сахих Муслим, 2593-хадис.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Чындыгында, Аллах силерге энелерге ак болууну, кыздарды тирүүлөй көмүүнү жана өзү бербей, башкалардан суроону арам кылды. Ошондой эле силерге буларды макүрөө кылды: Имиш-имиш сөздөрдү, көп суроо берүүнү жана мал-мүлктү туура эмес иштетүүнү". Сахих ал-Бухари, 2408-хадис.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Ыймандуу болмоюнча бейишке кире албайсыңар жана бири-бириңди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Оболу мен силерге бир нерсени айтайын, эгер ошону аткарсаңар бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр: араңарда саламды жайылткыла". Сахих Муслим, 54-хадис.
32- Ислам чынчылдык, аманаткөйлүк, (ички) тазалык, уяттуулук, эр жүрөктүк, берешендик, муктажга колдоо көрсөтүү, кыйналга жардам берүү, ачканы тойгузуу, кошунаны сыйлоо, тууган менен катташуу жана айбанаттарга да жакшы мамиле кылуу сыяктуу мактоого татыктуу мүнөздөргө буйруйт.
Ислам дини мактоого татыктуу ахлактарга буйруйт. Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Мен жакшы кулк-мүнөздөрдү толуктоо үчүн жиберилгенмин". Сахих Адаб ал-Муфрад, 207-хадис.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Чынында, мага эң сүйкүмдүү жана кыямат күнү мага эн жакын отура турганыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар. Чынында, мага эң жаман көрүлгөн жана кыямат күнү менден эң алыс отура турганыңар – көп сүйлөгөндөр, кекирейип сүйлөгөндөр жана оозун толтуруп (чеченсинип) сүйлөгөндөр". (Жанындагылар): Көп сүйлөгөндөр менен кекирейип сүйлөгөндөрдү го билебиз, а оозун толтуруп сүйлөгөндөр кимдер? - деп сурашты. Ал "Текеберлер" - деп жооп берди. Силсила ас-Сахиха, 791-хадис.
Абдуллах бин Амр бин ал-Аас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бузуку да, бузук ооз да эмес эле жана: "Силердин эң жакшыңар - кулк-мүнөзү жакшыңар" деп айтчу. Сахих ал-Бухари, 3559-хадис.
Мындан сырткары да Ислам дининин жакшы кулк-мүнөздүүлүккө жана жакшы амалдарга чакырып, кызыктырган көптөгөн аят жана хадистер бар. Ислам диниин чынчылдыкка буйруганы тууралуу Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Ар дайым чынчыл болгула! Чынчылдык жакшылыкка алып барат, жакшылык бейишке жетелейт. Киши дайыма чын сүйлөп, чындык менен жүрсө, Аллахтын алдында чынчыл деп жазылат". Сахих Муслим, 2607-хадис.
Ислам дини буйруган жакшы кулк-мүнөздөрдүн дагы бири - аманатка бек болуу. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан:
﴿۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأۡمُرُكُمۡ أَن تُؤَدُّواْ ٱلۡأَمَٰنَٰتِ إِلَىٰٓ أَهۡلِهَا ...٥٨﴾[النساء: 58]
"(О, ыймандуулар!) Аллах силерди аманаттарды өз ээлерине кайтарууга буюрат". Ниса сүрөсү, 58-аят.
Ислам дини буйруган иштердин дагы бири - бузук иштен сактануу. Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Үч түрдүү адамга Аллахтын жардам берүүсү милдет болот". Алардын катарында: "Бузукулуктан сактануу үчүн никеленген кишини" эскерген. Сунан ат-Тирмизи, 1655-хадис.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип дуба кылчу: "Аллахым, мен Өзүңдөн туура жолду, такыбалыкты, күнөөдөн оолак болууну жана пенделерге беймуктаж болууну суранамын". Сахих Муслим, 2721-хадис.
Ислам дини буйруган иштердин дагы бири - уяттуулук. Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Уяттуулук - жакшылыкты гана алып келет". Сахих ал-Бухари, 6117-хадис.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бардык диндердин ахлагы бар, Исламдын негизги ахлагы - уяттуулук". Шуаб ал-Ийман китебинде имам Байхаки жазып чыгарган, 6/2619.
Ислам дини буйруган иштердин дагы бири - эр жүрөктүк. Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын эң жакшысы, адамдардын эң эр жүрөгү, адамдардын эң жоомарты эле. (Бир жолу катуу чыккан үндөн улам) Мединалыктар коркуп (ошол жакты карап) турушса, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (ошол коркунучтуу үндүн себебин билиш үчүн) атка эң биринчи минген киши болду". Сахих ал-Бухари, 2820-хадис.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коркоктуктан сактоону Аллахтан суранып мындай дечү: "О, Аллах, Мени коркоктуктан Өзүң сакта". Сахих ал-Бухари, 6374-хадис.
Ислам дини буйруган иштердин дагы бири - колу ачыктык. Бул тууралуу Аллах таала минтип айткан:
﴿مَّثَلُ ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ كَمَثَلِ حَبَّةٍ أَنۢبَتَتۡ سَبۡعَ سَنَابِلَ فِي كُلِّ سُنۢبُلَةٖ مِّاْئَةُ حَبَّةٖۗ وَٱللَّهُ يُضَٰعِفُ لِمَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٌ٢٦١﴾[البقرة: 261]
"Мал-дүйнөлөрүн Аллах жолунда сарптаган кишилердин мисалы жети машакты өндүргөн бир дан сыяктуу. Ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллах каалаган пендесине (ушул сыяктуу) көбөйтүп берет. Аллах(тын пейили, илими) Кенен (жана) Билүүчү". Бакара сүрөсү, 261-аят.
"Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү да берешен болчу. Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык кылууда адамдардын эң колу ачыгы эле. Рамазан айында Жебирейил периштеге жолукканда мурдагыдан да колу ачык болчу. Жебирейил периште ага Рамазан айында ар бир түнү келчү да, таңга чейин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага Куранды кайталап окуп берчү. Жебирейил периште ага жолукканда жакшылык кылууда жүрүп турган желден да берешен болуп калчу". Сахих ал-Бухари, 1902-хадис.
Ислам буйруган жакшы кулк-мүнөздөрдүн дагы бири - муктажга жардам берүү, жапа чеккендин ишин жеңилдетүү, ачканы тойгузуу, кошунага жакшы мамиле кылуу, туугандар менен катташуу. жан-жаныбарларга боорукер болуу.
Абдуллах бин Амр (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Мусулманчылыктын жакшысы кайсы? - деп сурады эле, ал: "Муктаждарды тойгузасың, тааныган-тааныбаганга салам айтасың..." - деди. Сахих ал-Бухари, 12-хадис.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бир киши жолдо бара жатып аябай чаңкайт. Бир кудук таап, анын түбүнө түшүп суусунун кандырып чыгат. Чыкса, чаңкаганына чыдабай топуракты жалап бир ит туруптур. Бул дагы мендей чаңкаган тура деп, кудукка кайра түшөт да, чокоюна суу толтуруп чыгып, иттин оозуна тосуп, анын суусунун кандырат. Ага Аллах ыраазы болуп, анын күнөөсүн кечирет" - дегенде, жанындагылар: О, Аллахтын элчиси, жан-жаныбарлар үчүн да бизге сооп-сый берилеби? - деп сурашты. "Ооба, ар бир боору бүтүн жан үчүн ссоп-сый берилет" - деди. Сахих Ибн Хиббан, 544-хадис.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Жесирге жана жакырга жардам берген адам Аллах жолунда казатка чыккандай, же түнү бою намаз окуп, күндүз кечке орозо кармагандай эле соопко ээ". Сахих ал-Бухари, 5353-хадис.
Ислам дини жакын туугандардын укугун бекемдейт жана карым-катыш кылууну важыб кылат. Аллах таала айтты:
﴿ٱلنَّبِيُّ أَوۡلَىٰ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ مِنۡ أَنفُسِهِمۡۖ وَأَزۡوَٰجُهُۥٓ أُمَّهَٰتُهُمۡۗ وَأُوْلُواْ ٱلۡأَرۡحَامِ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلَىٰ بِبَعۡضٖ فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُهَٰجِرِينَ إِلَّآ أَن تَفۡعَلُوٓاْ إِلَىٰٓ أَوۡلِيَآئِكُم مَّعۡرُوفٗاۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَسۡطُورٗا ٦﴾[الأحزاب: 6]
"Пайгамбар ыймандуулар үчүн өз жандарынан да кымбат. Пайгамбардын аялдары – ыймандуулардын энелери. Тууган туушкан адамдар Аллахтын (тагдыр) китебинде бири-бирине ыймандуулардан жана мухажирлерден (Меккеден Мединага көчкөндөрдөн) жакыныраак. Ал эми, өзүңөрдүн (ыймандуу, мухажир) досуңарга жакшылык кылсаңар дурус, бул (тагдыр) китебинде жазылган". Ахзаб сүрөсү, 6-аят.
Тууган-уруктан кол үзүүдөн тыйып, эскертип, мындай кылууну жер бетинде бузукулук таратуу менен бир катарда караган. Аллах таала айтты:
﴿فَهَلۡ عَسَيۡتُمۡ إِن تَوَلَّيۡتُمۡ أَن تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَتُقَطِّعُوٓاْ أَرۡحَامَكُمۡ٢٢ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ فَأَصَمَّهُمۡ وَأَعۡمَىٰٓ أَبۡصَٰرَهُمۡ٢٣﴾[محمد: 22-23]
"Эгер (Аллахтын өкүмүнөн) жүз бурсаңар жер бетинде бузукулук иштерди жасашыңар жана (өз ара) тууган-урукчулугуңарды үзүп жиберишиңер мүмкүн. Андай адамдарга Аллах наалат айтып, кулактарын дүлөй, көздөрүн сокур кылат!" Мухаммад, 22-23-аяттар.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Туугандан кол үзгөн адам - бейишке кирбейт" - деген. Сахих Муслим, 2556-хадис.
Карым-катнаш кылып туруу важыб болгон туугандар:
﴿۞ وَٱعۡبُدُواْٱللَّهَ وَلَا تُشۡرِكُواْ بِهِۦ شَيۡـٔٗاۖ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنٗا وَبِذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡجَارِ ذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡجَارِٱلۡجُنُبِ وَٱلصَّاحِبِ بِٱلۡجَنۢبِ وَٱبۡنِٱلسَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ مَن كَانَ مُخۡتَالٗا فَخُورًا٣٦﴾[النساء: 36]
ата-эне, бир тууган ага-инилер, эже-карындаштар, ата менен бир туугандар, таяке-таежелер. Ислам дини кошунанын акысын аябай бекемдеген, кошуна каапыр болсо да. "Аллахка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, жарды-жармачтарга тууганчылыгы бар кошунаңарга, бөтөн кошунаңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусаапыр-карыптарга жана кол астыңардагы адамдарга (жана айбандарга да) жакшылык кылгыла. Аллах текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт". Ниса сүрөсү, 36-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Жебирейил мага кошунанын акысы тууралуу ушунчалык көп айткандыктан, мен жакында кошуна мурас алуу укугуна да ээ болуп калат го деп ойлоп калдым". Сахих Абу Дауд, 5152-хадис.
33- Ислам дини, жеп, иче турган азыктардын тазаларын адал кылды. Жүрөктү, денени жана турак жайды да таза кармоого буйруду. Ошондуктан никеленүүнү да адал кылган. Бул нерселерди пайгамбарлар (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да буйрушкан, алар жалаң жакшы иштерге буйрушкан.
Ислам дини жеп, иче турган азыктардын тазаларын адал кылды. Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "О, адамдар! Аллах таала - Таза, тазаларды гана кабыл кылат. Аллах таала ыймандууларды пайгамбарларды буйруган нерсеге буйруган:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلرُّسُلُ كُلُواْ مِنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَٱعۡمَلُواْ صَٰلِحًاۖ إِنِّي بِمَا تَعۡمَلُونَ عَلِيمٞ٥١﴾[المؤمنون: 51]
"Оо, элчилер! Таза нерселерден жегиле жана жакшы амалдарды аткаргыла! Мен албетте, силердин кандай амал кылганыңарды Билүүчүмүн",
дагы мындай деген:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُلُواْ مِن طَيِّبَٰتِ مَا رَزَقۡنَٰكُمۡ وَٱشۡكُرُواْ لِلَّهِ إِن كُنتُمۡ إِيَّاهُ تَعۡبُدُونَ١٧٢﴾[البقرة: 172]
"Оо, ыйман келтиргендер! Силерге Биз ырыскы кылып берген таза нерселерден жегиле! Эгер Аллахтын Өзүнө ибадат кылуучу болсоңор, Аллахка шүгүр кылгыла".
Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип эскертти: Бир адамдын сапары узак болот. Чачтары үксүйүп, үстүн чаң басат. Ал асманга колун көтөрүп: Оо, Раббим, Оо, Раббим деп дуба кылат. Бирок, анын тамагы арамдан, кийгени арамдан, ичкени арамдан, арам менен азыктанган... анан кантип анын дубасы кабыл болсун?!". Сахих Муслим, 1015-хадис.
Аллах таала айтты:
﴿قُلۡ مَنۡ حَرَّمَ زِينَةَ ٱللَّهِٱلَّتِيٓ أَخۡرَجَ لِعِبَادِهِۦ وَٱلطَّيِّبَٰتِ مِنَ ٱلرِّزۡقِۚ قُلۡ هِيَ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ فِي ٱلۡحَيَوٰةِٱلدُّنۡيَا خَالِصَةٗ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ٣٢﴾[الأعراف: 32]
"Айткын: “Аллахтын пенделерине арнап чыгарган зыйнаттарын жана адал-таза ырыскыларды ким арам кылды?! Айткын: “Алар дүйнө жашоосунда ыймандууларга арналган”. Кыямат күндө (ал зыйнаттар) жалаң ыймандуулар үчүн. Биз билген адамдарга аяттарды ушундай анык баяндайбыз". Аъраф сүрөсү, 32-аят.
Ислам дини жүрөктүн тазалыгына, дененин жана жашаган жердин тазалыгына буйруйт. Ошол себептен никеленип жашоону адал кылган. Ушул нерселерге пайгамбар жана элчилер да (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйруган. Алар жалаң гана таза нерслерге буйруган. Аллах таала минтип айткан:
﴿وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَزۡوَٰجِكُم بَنِينَ وَحَفَدَةٗ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِۚ أَفَبِٱلۡبَٰطِلِ يُؤۡمِنُونَ وَبِنِعۡمَتِ ٱللَّهِ هُمۡ يَكۡفُرُونَ ٧٢﴾[النحل: 72]
"Аллах силерге өзүңөрдөн жуп-жубай жаратып, (ал) жубайыңардан перзенттерди, неберелерди жаратып, силерге таза ырыскылардан берди. Эми, алар (Аллахтын жеке өзүнө сыйынуунун ордуна) жалган кудайларга ыйман келтирип жатышабы?! Аллахтын жакшылыгына каапыр болуп (тааныбай) жатышабы?!" Нахл сүрөсү, 72-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَثِيَابَكَ فَطَهِّرۡ ٤ وَٱلرُّجۡزَ فَٱهۡجُرۡ٥﴾[المدثر: 4-5]
"Кийимиңди таза тут Ыпластыктан алыс бол". Муддассир сүрөсү, 4-5-аяттар.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Жүрөгүндө кымындын салмагындай текеберлиги бар адам бейишке кирбейт. Бир киши: А эгер бирөө кийими, бут кийими жакшы болуусун кааласачы? - деп сурады. Аллах таала сулуу, сулуулукту жакшы көрөт. Ал эми текеберлик - бул, чындыкты четке кагып, адамдарды басынтуу" - деп жооп берди. Сахих Муслим, 91-хадис.
34- Ислам дини арамдын негиздерин – Аллахка шерик кошуу, каапырлык, айкел-буттарга сыйынуу, билбей туруп Аллахтын атынан сүйлөө, балдарды өлтүрүү, ыйык жанды өлтүрүү, жер бетинде бузук иштерди таратуу, сыйкырчылык кылуу, ачык жана жашыруун жаман иштерди кылуу, зына жана бачабаздыкты арам кылып тыйды. Сүткордукту, өлүмтүктү, бут, айкелдерге чалынган курмандыкты, чочконун этин, бардык ыплас, таза эмес нерселерди арам кылды. Жетимдин акысын жегенди, таразадан, өлчөп-ченөөдөн алдоону арам кылды. Тууган-уруктан кол үзүүнү арам кылды. Бул нерселердин арам экенине бардык пайгамбарлар (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) бир ооздон макул болушкан.
Ислам дини негизи арам болгон – Аллахка шерик кошуу, каапырлык, айкел-буттарга сыйынуу, билбей туруп Аллахтын атынан сүйлөө, балдарды өлтүрүү сыяктуу иштерди арам кылган. Аллах таала айтты: Айткын:
﴿۞ قُلۡ تَعَالَوۡاْ أَتۡلُ مَا حَرَّمَ رَبُّكُمۡ عَلَيۡكُمۡۖ أَلَّا تُشۡرِكُواْ بِهِۦ شَيۡـٔٗاۖ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنٗاۖ وَلَا تَقۡتُلُوٓاْ أَوۡلَٰدَكُم مِّنۡ إِمۡلَٰقٖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُكُمۡ وَإِيَّاهُمۡۖ وَلَا تَقۡرَبُواْ ٱلۡفَوَٰحِشَ مَا ظَهَرَ مِنۡهَا وَمَا بَطَنَۖ وَلَا تَقۡتُلُواْ ٱلنَّفۡسَٱلَّتِي حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۚ ذَٰلِكُمۡ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ ١٥١ وَلَا تَقۡرَبُواْ مَالَ ٱلۡيَتِيمِ إِلَّا بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ أَشُدَّهُۥۚ وَأَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَٱلۡمِيزَانَ بِٱلۡقِسۡطِۖ لَا نُكَلِّفُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۖ وَإِذَا قُلۡتُمۡ فَٱعۡدِلُواْ وَلَوۡ كَانَ ذَا قُرۡبَىٰۖ وَبِعَهۡدِ ٱللَّهِ أَوۡفُواْۚ ذَٰلِكُمۡ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ ١٥٢﴾[الأنعام: 151-152]
“келгиле, мен силерге Раббиңер арам кылган нерселерди (Курандан) окуп берейин: «Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге жакшылык кылгыла! Кедейликтен коркуп өз балаңарды өлтүрбөгүлө! Силерге да, аларга да Өзүбүз ырыскы беребиз. Бузук иштердин ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындашпагыла! (Шарият белгилеген) акы(ңар) болбой туруп, Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жанды өлтүрбөгүлө! Акылыңарды иштетээрсиңер деп, ушул нерселерди (Аллах) силерге буюрду». "Жетимдердин малына алар эрезеге жеткенге чейин жакындабагыла! Жакшы (ниет жана) жолдор менен болсо мейли. Өлчөөнү жана таразаны адилеттүүлүк менен толуктагыла! Биз эч бир жанды кудуретинен ашыкча жумушка буюрбайбыз. Эгер сүйлөсөңөр (ал сөз өкүм болобу, же башкабы) тууган уругуңар болсо да (жан тартпай) адилеттүү болгула! Аллахка (“моюн сунабыз” деп) берген убадаңарды аткаргыла! Ушулар силерге Аллахтын буйруктары, (акыбетти) эске алышыңар үчүн". Анаъам сүрөсү,151-152-аяттар.
Аллах таала айтты: Айткын:
﴿قُلۡ إِنَّمَا حَرَّمَ رَبِّيَ ٱلۡفَوَٰحِشَ مَا ظَهَرَ مِنۡهَا وَمَا بَطَنَ وَٱلۡإِثۡمَ وَٱلۡبَغۡيَ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَأَن تُشۡرِكُواْ بِٱللَّهِ مَا لَمۡ يُنَزِّلۡ بِهِۦ سُلۡطَٰنٗا وَأَن تَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ٣٣﴾[الأعراف: 33]
“Менин Раббим бузукулуктардын ашкересин да, көмүскөсүн да арам кылды. Дагы күнөөнү, кыянат менен жасалган зулумду, (кудайлыгына) далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылып алууңарды жана Аллах жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөгөндү (арам кылды)”. Аъраф сүрөсү, 33-аят.
Ислам дини өлтүрүүгө тыюу салынган адамды өлтүрүүнү арам кылган. Аллах таала айтты:
﴿وَلَا تَقۡتُلُواْ ٱلنَّفۡسَ ٱلَّتِي حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۗ وَمَن قُتِلَ مَظۡلُومٗا فَقَدۡ جَعَلۡنَا لِوَلِيِّهِۦ سُلۡطَٰنٗا فَلَا يُسۡرِف فِّي ٱلۡقَتۡلِۖ إِنَّهُۥ كَانَ مَنصُورٗا٣٣﴾[الإسراء: 33]
"Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жандарды кыйбагыла! Акыйкат менен болсо, мейли. Кимде-ким зулумдук менен өлтүрүлсө, анын (маркумдун) ээлерине (өлтүрүүчүнүн үстүнөн толук) бийлик беребиз. Бирок, өлтүрүүдө ысырап кылбасын! Ал - жардам берилген адам". Исра сүрөсү, 33-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَٱلَّذِينَ لَا يَدۡعُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ وَلَا يَقۡتُلُونَ ٱلنَّفۡسَٱلَّتِي حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَلَا يَزۡنُونَۚ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ يَلۡقَ أَثَامٗا٦٨﴾[الفرقان: 68]
"Алар Аллахтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллахтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат". Фуркан сүрөсү, 68-аят.
Ислам дини жер бетинде бузукулук кылууну арам кылган. Аллах таала айтты:
﴿وَلَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ بَعۡدَ إِصۡلَٰحِهَا ...َ٥٦﴾[الأعراف: 56]
"Жер бетинде – аны оңдогондон кийин – бузукулук кылбагыла!" Аъраф сүрөсү, 56-аят.
Аллах таала Шуъайб пайгамбардын өз коомуна айткан сөзү тууралуу кабар берип мындай деген: "Ал айтты:
﴿وَإِلَىٰ مَدۡيَنَ أَخَاهُمۡ شُعَيۡبٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥۖ قَدۡ جَآءَتۡكُم بَيِّنَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡۖ فَأَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَٱلۡمِيزَانَ وَلَا تَبۡخَسُواْ ٱلنَّاسَ أَشۡيَآءَهُمۡ وَلَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ بَعۡدَ إِصۡلَٰحِهَاۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ٨٥﴾[الأعراف: 85]
“О, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Силерге Раббиңерден далил (Дин) келди. Эми, (ошол дин эрежеси боюнча) өлчөм, таразаларды толук тарткыла, адамдардын буюмдарынын баасын төмөндөтпөгүлө жана жер бетинде – оңолгондон кийин – бузукулук кылбагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, ушунуңар силер үчүн жакшы!". Аъраф сүрөсү, 85-аят.
Ислам дини сыйкырчылыкты арам кылган, Аллах таала айтты:
﴿وَأَلۡقِ مَا فِي يَمِينِكَ تَلۡقَفۡ مَا صَنَعُوٓاْۖ إِنَّمَا صَنَعُواْ كَيۡدُ سَٰحِرٖۖ وَلَا يُفۡلِحُ ٱلسَّاحِرُ حَيۡثُ أَتَىٰ٦٩﴾[طه: 69]
"Колуңдагы нерсени (таякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт» дедик". Тоха сүрөсү, 69-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Кыйратып жок кылуучу жети күнөөдөн сактангыла!". Жанындагылар: О, Аллахтын элчиси, алар кайсы күнөөлөр? - дешти. Ал: "Аллахка шерик кошуу, сыйкырчылык, Аллах өлтүрүүнү арам кылган адамды өлтүрүү, сүткордук, жетимдин малын жеш, согуш талаасынан качуу, капарсыз, таза, ыймандуу аялдарга жалган жалаа жабуу" - деди. Сахих ал-Бухари, 6857-хадис.
Ислам дини ачык жана жашыруун бузук иштерди, зынаны, бачабаздыкты арам кылган. Ушул бөлүмдүн баш жагында алардын арамдыгына далил болчу аяттарды эскерип өткөнбүз. Ислам сүткордукту арам кылган дедик, бул тууралуу Аллах таала мындай деген:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْٱللَّهَ وَذَرُواْ مَا بَقِيَ مِنَ ٱلرِّبَوٰٓاْ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ٢٧٨ فَإِن لَّمۡ تَفۡعَلُواْ فَأۡذَنُواْ بِحَرۡبٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦۖ وَإِن تُبۡتُمۡ فَلَكُمۡ رُءُوسُ أَمۡوَٰلِكُمۡ لَا تَظۡلِمُونَ وَلَا تُظۡلَمُونَ٢٧٩﴾[البقرة: 278-279]
"Оо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана эгер ыймандуу болсоңор, (мурун алып жүргөн) сүткорлук пайдаңардын калганын албагыла! Эгер андай кылбасаңар, Аллах жана анын элчиси тарабынан (силерге каршы жарыялана турган) согушту билип койгула! Жана эгер тообо кылсаңар (пайда кошулбаган) акча-мүлкүңөр өзүңөргө. (Ошондо бирөөгө да) зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт". Бакара сүрөсү, 278-279-аттар.
Аллах таала сүткорго согуш жарыялагандай эч кайсы күнөө кылуучуга согуш жарыялаган эмес. Анткени, сүткордук диндерди, өлкөлөрдү, мал-мүлктү талкалап, адамдарды жок кылат. Ошондой эле Ислам дини өлүмтүктү, айкел-буттарга арналып чалынган курмандыкты, чочконун этин жегенди арам кылды. Аллах таала айтты:
﴿حُرِّمَتۡ عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَيۡتَةُ وَٱلدَّمُ وَلَحۡمُ ٱلۡخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦ وَٱلۡمُنۡخَنِقَةُ وَٱلۡمَوۡقُوذَةُ وَٱلۡمُتَرَدِّيَةُ وَٱلنَّطِيحَةُ وَمَآ أَكَلَ ٱلسَّبُعُ إِلَّا مَا ذَكَّيۡتُمۡ وَمَا ذُبِحَ عَلَى ٱلنُّصُبِ وَأَن تَسۡتَقۡسِمُواْ بِٱلۡأَزۡلَٰمِۚ ذَٰلِكُمۡ فِسۡقٌۗ ...٣﴾[المائدة: 3]
"Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздаганда бүркүп чыккан) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллахтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес. Дагы буттарга (мазарларга) арнап союлган жандыктын эти жана «азлам» менен төлгө салууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллах арам кылганды жасооңор) – бузукулук". Маида сүрөсү, 3-аят.
Ислам дини арак ичүүнү жана башка бардык нажас, ыплас нерселерди арам кылды. Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِنَّمَا ٱلۡخَمۡرُ وَٱلۡمَيۡسِرُ وَٱلۡأَنصَابُ وَٱلۡأَزۡلَٰمُ رِجۡسٞ مِّنۡ عَمَلِ ٱلشَّيۡطَٰنِ فَٱجۡتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ ٩٠ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَن يُوقِعَ بَيۡنَكُمُ ٱلۡعَدَٰوَةَ وَٱلۡبَغۡضَآءَ فِي ٱلۡخَمۡرِ وَٱلۡمَيۡسِرِ وَيَصُدَّكُمۡ عَن ذِكۡرِ ٱللَّهِ وَعَنِ ٱلصَّلَوٰةِۖ فَهَلۡ أَنتُم مُّنتَهُونَ٩١﴾[المائدة: 90-91]
"О, ыймандуу адамдар! Чынында, арак,* кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган буттар жана «азлам» (төлгө ача турган таякчалар) шайтандын иштеринен болгон ыпластык! Андан сак болгула, (тозоктон) кутулаарсыңар. Арак жана кумар себептүү шайтан силердин араңарга жек көрүү жана душманчылык салууну жана силерди намаздан, Аллахты эскерүүдөн тосууну каалайт! Эми, кайтасыңарбы?!" Маида сүрөсү, 90-91-аяттар.
31-бөлүкчөдө Аллах таала пайгамбарыбыздын Тоораттагы сыпатын, ал аларга ыплас нерселерди арам кылганын кабарлаганына токтолгонбуз. Аллах таала минтип айткан:
﴿ٱلَّذِينَ يَتَّبِعُونَ ٱلرَّسُولَ ٱلنَّبِيَّ ٱلۡأُمِّيَّ ٱلَّذِي يَجِدُونَهُۥ مَكۡتُوبًا عِندَهُمۡ فِي ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَٱلۡإِنجِيلِ يَأۡمُرُهُم بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَنۡهَىٰهُمۡ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَيُحِلُّ لَهُمُ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡخَبَٰٓئِثَ وَيَضَعُ عَنۡهُمۡ إِصۡرَهُمۡ وَٱلۡأَغۡلَٰلَ ٱلَّتِي كَانَتۡ عَلَيۡهِمۡۚ ...١٥٧﴾[الأعراف: 157]
«Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллахтан келген) элчи-пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай пайгамбар: (жөөттөр менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн кыйынчылыктарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар!» Аьраф сүрөсү, 157-аят.
Ислам дини жетимдин мал-мүлкүн жегенди арам кылган. Аллах таала айтты:
﴿وَءَاتُواْ ٱلۡيَتَٰمَىٰٓ أَمۡوَٰلَهُمۡۖ وَلَا تَتَبَدَّلُواْ ٱلۡخَبِيثَ بِٱلطَّيِّبِۖ وَلَا تَأۡكُلُوٓاْ أَمۡوَٰلَهُمۡ إِلَىٰٓ أَمۡوَٰلِكُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ حُوبٗا كَبِيرٗا ٢﴾[النساء: 2]
"(О, ыймандуулар!) Жетимдерге өз малдарын бергиле. Ыпылас нерсени тазага алмаштырбагыла жана алардын малын өз малыңарга кошуп жебегиле. Анткени, ал - чоң күнөө!" Ниса сүрөсү, 2-аят.
Аллах таала айтты:
﴿إِنَّ ٱلَّذِينَ يَأۡكُلُونَ أَمۡوَٰلَ ٱلۡيَتَٰمَىٰ ظُلۡمًا إِنَّمَا يَأۡكُلُونَ فِي بُطُونِهِمۡ نَارٗاۖ وَسَيَصۡلَوۡنَ سَعِيرٗا١٠﴾[النساء: 10]
"Жетимдердин малын зулумдук-кыянаттык менен жеген адамдар курсактарына от жеген менен барабар. Алар тез күндө тозокко ташталат". Ниса сүрөсү, 10-аят.
Ислам дини өлчөм-ченемде, таразага тартууда кымтып калууну арам кылган. Аллах таала айтты:
﴿وَيۡلٞ لِّلۡمُطَفِّفِينَ١ٱلَّذِينَ إِذَا ٱكۡتَالُواْ عَلَى ٱلنَّاسِ يَسۡتَوۡفُونَ ٢ وَإِذَا كَالُوهُمۡ أَو وَّزَنُوهُمۡ يُخۡسِرُونَ٣ أَلَا يَظُنُّ أُوْلَٰٓئِكَ أَنَّهُم مَّبۡعُوثُونَ ٤﴾[المطففين: 1-4]
''Таразадан алдагандарга чоң азап болсун! Алар адамдардан (бир нерсени ) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы, Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет. Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен? Мутаффифун сүрөсү, 1-4-аяттар.
Ислам дини тууган-уруктан кол үзүүнү арам кылган. 31-бөлүкчөдө анын арамдыгына далил болчу аят жана хадистерди эскерип өткөнбүз. Пайгамбар жана элчилердин баары бул иштердин арам экенине бир ооздон токтолушкан.
35 - Ислам дини жалганчылык, алдамчылык, кыянаттык, куулук, көралбастык, куйтулук, уурулук, зына, залымдык сыяктуу жаман мүнөздөрдөн тыят. Деги эле бардык жек көрүндү жаман мүнөздөрдөн тыят.
Ислам дини жалпы жаман ахлактардын баарынан тыят, Аллах таала айтты:
﴿وَلَا تُصَعِّرۡ خَدَّكَ لِلنَّاسِ وَلَا تَمۡشِ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَرَحًاۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخۡتَالٖ فَخُورٖ١٨﴾[لقمان: 18]
"Адамдардан жүзүңдү бурбагын! Ошондой эле, жер бетинде текеберленип, обочолонуп баспагын! Аллах текебер, мактанчаактардын эч кимисин сүйбөйт!" Лукман сүрөсү, 18-ая
т. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: "Чынында, мага эң сүйкүмдүү жана кыямат күнү мага эн жакын отура турганыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар. Чынында, мага эң жаман көрүлгөн жана кыямат күнү менден эң алыс отура турганыңар – көп сүйлөгөндөр, кекирейип сүйлөгөндөр жана оозун толтуруп (чеченсинип) сүйлөгөндөр". (Жанындагылар): Көп сүйлөгөндөр менен кекирейип сүйлөгөндөрдү го билебиз, а оозун толтуруп сүйлөгөндөр кимдер? - деп сурашты. Ал "Текеберлер" - деп жооп берди. Силсилат ас-Сахиха, 791-хадис.
Ислам дини жалганчылыктан тыят.
﴿… إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ مُسۡرِفٞ كَذَّابٞ٢٨﴾[غافر: 28]
"Чынында, Аллах чектен чыккандарды, жалганчыларды туура жолго баштабайт!" Гафыр сүрөсү, 28-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Жалганчылыктан сактангыла! Жалганчылык жамандыкка алып барат, жамандык тозокко жетелейт. Киши дайыма жалган сүйлөп, жалганчылыкка берилсе, Аллах тааланын алдында жалганчы деп жазылып калат". Сахих Муслим, 2607-хадис.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Эки жүздүүнүн белгиси үчөө: Сүйлөсө жалган сүйлөйт, убада берсе, анысын аткарбайт, аманат берилсе, ага кыянат кылат". Сахих ал-Бухари, 6095-хадис.
Ислам дини алдамчылыктан тыят. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (базарда) үйүлгөн дандын жанынан өтүп бара жатып, ага колун салып көрсө, манжалары нымдалып калды. "Сатуучу, бул эмнеге мындай?" - деп сурады. Жамгыр ушундай кылыптыр, о, Аллахтын элчиси - деди тиги. "Алган адамдар көрө турган кылып нымын үстүнө чыгарып койбойсуңбу? Ким бизди алдаса, ал бизден эмес" - деди. Сахих Муслим, 102-хадис.
Ислам дини кыянаттык, куулук, куйтулуктан тыят. Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَخُونُواْ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ وَتَخُونُوٓاْ أَمَٰنَٰتِكُمۡ وَأَنتُمۡ تَعۡلَمُونَ ٢٧﴾[الأنفال: 27]
"О, ыйман келтиргендер! Аллахка, Анын пайгамбарына жана силерге ишенип тапшырылган аманаттарга билип туруп кыянат кылбагыла!" Анфал сүрөсү, 27-аят.
Аллах таала айтты:
﴿ٱلَّذِينَ يُوفُونَ بِعَهۡدِ ٱللَّهِ وَلَا يَنقُضُونَ ٱلۡمِيثَٰقَ٢٠﴾[الرعد: 20]
"Алар Аллахка берген убадаларын аткарышат жана убадаларына кыянат кылышпайт". Раад сүрөсү, 20-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аскерлер согушка аттанганда минтип айтчу: "Согушкула, бирок олжого кыянат кылбагыла, убада-келишиди бузбагыла, өлгөн адамды(н кулак-мурдун) кескилебегиле, балдарды өлтүрбөгүлө". Сахих Муслим, 1731-хадис.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде төрт (сыпат) болсо, анда ал толук мунафык (эки жүздүү) болот. Кимде алардын бирөөсү болсо, андан арылганча ал адамда мунафыктыктын бир сыпаты болот. (Алар): аманат берилсе, кыянат кылат, сүйлөгөндө калп айтат, убада берсе, аткарбайт, талашып калса, бузукулук кылат». Сахих ал-Бухари, 34-хадис.
Ислам дини көралбастыктан тыят. Аллах таала айтты:
﴿أَمۡ يَحۡسُدُونَ ٱلنَّاسَ عَلَىٰ مَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۖ فَقَدۡ ءَاتَيۡنَآ ءَالَ إِبۡرَٰهِيمَ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَءَاتَيۡنَٰهُم مُّلۡكًا عَظِيمٗا ٥٤﴾[النساء: 54]
"Же болбосо, адамдарга (мусулмандарга) Аллах берген артыкчылыкты көрө албай жатышабы. Биз Ибрахимдын үй-бүлөсүнө Китеп, Даанышмандык (пайгамбарлык) жана чоң мүлк - бийлик бергенбиз". Ниса сүрөсү, 54-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَدَّ كَثِيرٞ مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ لَوۡ يَرُدُّونَكُم مِّنۢ بَعۡدِ إِيمَٰنِكُمۡ كُفَّارًا حَسَدٗا مِّنۡ عِندِ أَنفُسِهِم مِّنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ ٱلۡحَقُّۖ فَٱعۡفُواْ وَٱصۡفَحُواْ حَتَّىٰ يَأۡتِيَ ٱللَّهُ بِأَمۡرِهِۦٓۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ١٠٩﴾[البقرة: 109]
"Китеп ээлеринен көпчүлүгү, аларга чындык анык билинип калгандан кийин деле, көралбастыктарынан улам, силерди момун болгонуңардан соң каапырчылыкка кайтарууну абдан каалашат. Бирок, силер Аллахтын өкүмү келгиче аларды кечирип, көтөрүмдүү болуп тургула. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү". Бакара сүрөсү, 109-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Силерге өткөн коомдордун оорусу билинбей кирип келди: көрө албастык жана жек көрүү. Ал (көрө албастык жана жек көрүү) кыруучу. Ал чачты кырат деп айтпаймын. Ал динди кырат (түп-тамырынан жок кылат). Менин жаным Анын колунда болгон Затка ант, ыймандуу болмоюнча, бейишке кире албайсыңар. Бири-бириңерди жакшы көрмөйүнчө, (толук) ыймандуу боло албайсыңар. Силерге аны (жакшы көрүүнү) бекемдей турган нерсенин кабарын берейинби? Араңарда саламды жайылткыла!». Сунан ат-Тирмизи, 2510-хадис.
Ислам дини жаман амалкөйлүктөн тыят.
﴿وَكَذَٰلِكَ جَعَلۡنَا فِي كُلِّ قَرۡيَةٍ أَكَٰبِرَ مُجۡرِمِيهَا لِيَمۡكُرُواْ فِيهَاۖ وَمَا يَمۡكُرُونَ إِلَّا بِأَنفُسِهِمۡ وَمَا يَشۡعُرُونَ١٢٣﴾[الأنعام: 123]
"Ошентип, Биз ар бир айыл-шаарга, ошол жерде (динге каршы) айла-амал кылуусу үчүн, күнөөкөр чоңдорун койдук. Алар амалкөйлүк кылышат, бирок сезбеген абалда өздөрүн-өздөрү алдашат". Анъам сүрөсү,123-аят.
Аллах Таала яхудилер Иса пайгамбарды өлтүрүүгө аракет кылып, айлакерлик кылганын, бирок Аллах алардын өзүн алдап койгонун кабарлаган. Аллах жаман айлакерлик, айлекерлик кылган адамдын өзүнө эле зыянын тийгизерин баяндап мындай деген:
﴿۞ فَلَمَّآ أَحَسَّ عِيسَىٰ مِنۡهُمُ ٱلۡكُفۡرَ قَالَ مَنۡ أَنصَارِيٓ إِلَى ٱللَّهِۖ قَالَ ٱلۡحَوَارِيُّونَ نَحۡنُ أَنصَارُ ٱللَّهِ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَٱشۡهَدۡ بِأَنَّا مُسۡلِمُونَ ٥٢ رَبَّنَآ ءَامَنَّا بِمَآ أَنزَلۡتَ وَٱتَّبَعۡنَا ٱلرَّسُولَ فَٱكۡتُبۡنَا مَعَ ٱلشَّٰهِدِينَ٥٣ وَمَكَرُواْ وَمَكَرَ ٱللَّهُۖ وَٱللَّهُ خَيۡرُ ٱلۡمَٰكِرِينَ٥٤ إِذۡ قَالَ ٱللَّهُ يَٰعِيسَىٰٓ إِنِّي مُتَوَفِّيكَ وَرَافِعُكَ إِلَيَّ وَمُطَهِّرُكَ مِنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَجَاعِلُ ٱلَّذِينَٱتَّبَعُوكَ فَوۡقَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِۖ ثُمَّ إِلَيَّ مَرۡجِعُكُمۡ فَأَحۡكُمُ بَيۡنَكُمۡ فِيمَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ٥٥﴾[آل عمران: 52-55]
"Ал (Иса) алардан каапырчылыкты сезип калганда (шакирттерине) “Аллахтын жолунда ким мага жардамчы болот” деди эле, шакирттери: “Биз Аллахтын жардамчылары болобуз? Аллахка ыйман келтирдик. Жана күбө болгун (О, Иса) биз – мусулмандарбыз". "Оо, Рабби! Биз Сен түшүргөн нерсеге ыйман келтирдик жана (Сен жиберген) пайгамбарга ээрчидик. Эми бизди (Өзүңдүн жалгыздыгыңа, диниңдин акыйкаттыгына) күбө болуучулардын катарына жазып кой!” дешти". "Алар айлакерлик кылышты эле, Аллах да амалкерлик кылды. Аллах амалкерлердин эң мыктысы". "Бир кезде Аллах айтты: “О, Иса, мен сени Өзүмө Алуучу, Өзүмө Көтөрүүчү жана сени каапырлардан тазартуучумун. Жана сага ээрчиген адамдарды Кыямат күнүнө чейин каапырлардан жогору кылуучумун. Кийин (бардыгыңар) Мага кайтасыңар. Анан Мен силер талашкан нерсеңер боюнча араңарда өкүм кыламын". Аалу Имран, 52-55-аяттар.
Аллах таала Салих пайгамбардын коому аны өлтүрүүнү каалап, куулук кылышканын, анан Аллах аларга куулук кылып, ал коомдордун баарын кыйратып таштаганын кабарлап мындай дейт:
﴿قَالُواْ تَقَاسَمُواْ بِٱللَّهِ لَنُبَيِّتَنَّهُۥ وَأَهۡلَهُۥ ثُمَّ لَنَقُولَنَّ لِوَلِيِّهِۦ مَا شَهِدۡنَا مَهۡلِكَ أَهۡلِهِۦ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ٤٩ وَمَكَرُواْ مَكۡرٗا وَمَكَرۡنَا مَكۡرٗا وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ٥٠ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ مَكۡرِهِمۡ أَنَّا دَمَّرۡنَٰهُمۡ وَقَوۡمَهُمۡ أَجۡمَعِينَ٥١﴾[النمل: 49-51]
"Алар:«Аллахтын аты менен бири-бириңерге ант бергиле. Салих менен үй-бүлөсүн түн ичинде өлтүрүп, кийин тууган(дар)ына «Анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок, биз чын сүйлөгөн кишилербиз – дейбиз» дешти". "Алар (ушундай) айла кылышты Биз дагы айла кылдык. Алар билбей калышты". "Карачы, алардын айлакерликтеринин акыбети эмне болгонун: Биз аларды (тогуз мыкаачыны) бардык (каапыр) коомдору менен бирге кыйратып койдук!" Намл сүрөсү, 49-51-аяттар.
Ислам дини уурулук кылуудан тыят. Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Зына кылган адам, зына кылган учурда ыйманы толук болбойт, уурулук кылган адам уурулук кылган учурда ыйманы толук болбойт, арак ичкен адам арак ичкен учурда ыйманы толук болбойт. Андан кийин тообо кылса, тообо эшиги ачык". Сахих ал-Бухари, 6810-хадис.
Ислам дини зулум-душмандыктан (чектен ашуу) тыят. Аллах таала айтты:
﴿۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأۡمُرُ بِٱلۡعَدۡلِ وَٱلۡإِحۡسَٰنِ وَإِيتَآيِٕ ذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَيَنۡهَىٰ عَنِ ٱلۡفَحۡشَآءِ وَٱلۡمُنكَرِ وَٱلۡبَغۡيِۚ يَعِظُكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ ٩٠﴾[النحل: 90]
«Албетте, Аллах адилеттүүлүккө, жакшылыкка, тууган-уруктарга кайрымдуулук кылууга буюруп, бузукулуктан, (шариятка) терс пейилдерден жана зулум- душмандыктан кайтарып, силерге наасат кылат. Кана эми, эсиңерге келсеңер!» Нахл сүрөсү, 90-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чындыгында, Аллах мага кичипейил болгула, деги эле бирөө бирөөгө зулум кылбасын, бирөө бирөөгө мактанбасын - деп аян-кабар кылды". Сахих Абу Дауд, 4895-хадис.
Ислам дини зулум кылуудан тыят, Аллах таала айтты:
﴿... وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ ٱلظَّٰلِمِينَ٥٧﴾[آل عمران: 57]
"Аллах залимдерди жакшы көрбөйт". Аалу Имран сүрөсү, 57-аят.
Аллах таала айтты:
﴿... إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلظَّٰلِمُونَ٢١﴾[الأنعام: 21]
"Албетте, (андай) залимдер (тозоктон) кутулбайт". Анаъам сүрөсү, 21-аят.
Аллах таала айтты:
﴿... وَٱلظَّٰلِمِينَ أَعَدَّ لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمَۢا٣١﴾[الإنسان: 31]
"Ал эми, залымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон!" Инсан сүрөсү, 31-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Үч түрдүү адамдын дубасы кайра кайтарылбайт: адилеттүү башчынын дубасы, орозо кармаган адам оозун ачканга чейинки дубасы, зулумдук көргөн адамдын дубасы. Зулумдук көргөн адамдын дубасы булуттун үстүнө көтөрүлүп, ага асмандын эшиктери ачылат да, Улуу, Ызаттуу Аллах таала: "Улуулугума ант болсун, сага кийинчерээк болсо да сөзсүз жардам берем" - дейт. Муслим бир аз айырмасы менен риваят кылган, 2749-хадис; Тирмизи да бир аз айырмасы менен риваят кылган, 2526-хадис; бул риваят Имам Ахмадга таандык, 8043-хадис. Мухаммад пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды (ага Аллах ыраазы болсун) Йеменге жибергенде айткан сөзүнүн бири мындай болгон: "Зулум көргөн адамдын дубасынан сак бол, анткени аны менен Аллахтын ортосунла тосмо жок". Сахих ал-Бухари, 1496-хадис. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "ُУгуп алгыла! Кимде-ким ортодо келишими бар бирөөгө (мусулмандар менен чогуу жашоого келишими бар каапыр) зулум кылса же акысын кемитип койсо же колунан келбеген ишке буйруса, же анын ыраазылыгысыз бир нерсесин алса, кыямат күнү мен анын атынан доолашамын". Сунан Абу Давуд, 3052-хадис. Көрүп турганыңдай, Ислам дини бардык жаман ахлактардан жана адилетсиз, зыян тийгизүүчү мамилелердин баарынан тыят.
36- Ислам дини сүткордук, зыян жеткирүү, белгисиздик, залымдык, алдамчылык аралашкан бардык мамилелерден, ошондой эле кырсыкка алып бара турган жана жалпы коомчулукка, элге жана жеке адамдарга зыянын тийгизе турган иштердин баарынан тыят.
Ислам дини сүткордук, зыян жеткирүү, белгисиздик, залымдык, алдамчылык аралашкан бардык мамилелерден, ошондой эле кырсыкка алып бара турган жана жалпы коомчулукка, элге жана жеке адамдарга зыянын тийгизе турган иштердин баарынан тыят. Бул бөлүкчөнүн башында сүткордуктун, зулумдук кылуунун, алдамчылыктын, бузукулуктун арамдыгы тууралуу аят, хадистер айтылып өттү. Аллах таала айтты:
﴿وَٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ بِغَيۡرِ مَا ٱكۡتَسَبُواْ فَقَدِ ٱحۡتَمَلُواْ بُهۡتَٰنٗا وَإِثۡمٗا مُّبِينٗا ٥٨﴾[الأحزاب: 58]
"Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды жасабаган иштери себептүү зыян берген адамдар (моюндарына) чоң дооматты жана анык күнөөнү көтөрүшүптүр!" Ахзаб сүрөсү, 58-аят.
Аллах таала айтты:
﴿مَّنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا فَلِنَفۡسِهِۦۖ وَمَنۡ أَسَآءَ فَعَلَيۡهَاۗ وَمَا رَبُّكَ بِظَلَّٰمٖ لِّلۡعَبِيدِ ٤٦﴾[فصلت: 46[
«Ким жакшы иш жасаса өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса өзүнө зыян! Сенин Раббиң пенделерге зулум кылуучу эмес». Фуссилат сүрөсү, 46-аят.
Сүннөттө минтип айтылган: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бирөөгө зыян бербөөгө да, бирөөдөн зыян көрбөөгө да өкүм кылган". Сунан Абу Давуд Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким, Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына зыян келтирбесин! Кимде-ким, Аллахка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, коногун сыйласын! Кимде-ким, Аллахка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөздөрдү сүйлөсүн же унчукпасын!» Хадистин башка риваятында "... кошунасына жакшылык кылсын" деп айтылган. Сахих Муслим, 47-хадис. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Мышыктын айынан бир аял азапка кириптер болгон, ал мышыкты өлгөнчө камап салган. Анан ошонун айынан тозокко түшөт. Камаган учурда мышыкка тамак да берген эмес, суу да берген эмес. Өз тамагын таап жеш үчүн бошотуп жиберген да эмес». Сахих ал-Бухари, 3482-хадис.
Мышыкты азаптаган адамдын абалы ушундай болсо, адамдарга азап жеткирген кишинин абалы кандай болор экен. Абдуллах бин Умар (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарга чыгып, көтөрүңкү үнү менен мындай деди: "О, тили менен мусулман болуп, бирок жүрөгүнө ыйман орной элек адамдар, мусулмандарга зыян тийгизбегиле, аларды күнөөлөбөгүлө жана алардын артынан түшүп кемчиликтерин аңдыбагыла. Кимде-ким мусулман бир тууганынын кемчиликтерин аңдыса, Аллах анын кемчиликтерин аңдыйт. Аллах кимдин артынан түшүп кемчиликтерин аңдыса, аны үй ичинде шерменде кылат". Бир жолу Абдуллах бин Умар Каабаны карап туруп: Сен өтө улуксуң, сенин урматың (арамдыгың) да улук, бирок Аллах үчүн ыймандуу адамдын урматы сенин урматыңдан алда канча маанилүү - деген. Тирмизи, 2032-хадис; Ибн Хаббан, 5763-хадис. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким, Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына зыян келтирбесин! Кимде-ким, Аллахка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, коногун сыйласын! Кимде-ким, Аллахка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөздөрдү сүйлөсүн же унчукпасын!». Сахих ал-Бухари, 6018-хадис. Абу Хурайранын (ага Аллахы ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Куру кол калган адамды билесиңерби?" - деп сурайт сахабаларынан. Алар: Биздин арабыздагы куру кол калган адам, о, Аллахтын элчиси, колунда бир дирхеми да, буюму (товары) да жок адам - деп жооп берет. Пайгамбарыбыз: "Менин үммөтүмдүн арасындагы куру кол калган адамдар - алар, кыямат күнү орозосу, намазы, зекети менен келет. Ошол эле учурда бирөөнү сөккөн, бирөөгө жалаа жапканы, бирөөнүн малын жеген күнөөлөрү менен келет. Анан алардын бири бир жакшылыгын, экинчиси дагы бир жакшылыгын алып кетет. Бул күнөөлөрү түгөгөнгө чейин жакшылыктары түгөнүп жетпей калса, анда тиилердин күнөөлөрүнөн алып буга жүктөлөт. Анан тозокко ташталат" - деди. Муслим, (2581); Тирмизи, (2418); Ахмад (8029), хадистин жогорудагы текстти Ахмадга тиешелүү. Аллахтын элчиси айтты: "Жолдун ортосунда (ары-бери өткөн) адамдарга жолтоо болгон дарактын бутагы бар эле, аны бир киши алып таштап, ошол себептүү бейишке кирди". Бухари да ушундай мааниде айткан, (652); Муслим дагы ушундай айткан, (1914); Ибн Маажа (3682); Ахмад (10432), жогорудагы текст ушул экөөнө тиешелүү. Зыяндуу нерсени жолдон алып салуу бейишке кирүүгө себеп болсо, адамдарга зыян тийгизүү, алардын жакшы жашоосун бузуунун күнөөсү кандай оор болорун ойлоп көрчү?!
37- Ислам дини акыл-эсти сактайт, арак ичүү ж.б.у.с. аны буза турган бардык иштерден тыят. Ислам акылдын ордун жогору койду, жоопкер болууга акылды шарт кылды, аны ырым-жырымдардан жана бутпарастык кишендеринен эркин кылып (тазалады). Исламда кайсы бир катмарга гана тиешелүү болгон сырлар же өкүмдөр жок. Исламдын бардык өкүмдөрү, шарияты тунук акылга сыярлык жана адилеттүүлүк менен акылмандыкка дал келет.
Ислам дини акылды сактоо жана анын даражасын көтөрүү менен келди. Аллах таала айтты:
﴿... إِنَّ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡبَصَرَ وَٱلۡفُؤَادَ كُلُّ أُوْلَٰٓئِكَ كَانَ عَنۡهُ مَسۡـُٔولٗا ٣٦﴾[الإسراء: 36]
"Чынында, кулак, көз жана жүрөк, ушулардын баары (кыяматта) суралуучу нерселер". Исра сүрөсү, 36-аят.
Инсанга акылын сактоосу милдет болуп эсептелет. Ошон үчүн Ислам аракты, наркотикалык заттарды арам кылган. 34-бөлүкчөдө арактын арамдыгы тууралуу айтып өттүм. Ыйык Курандагы көптөгөн аяттар Аллахтын мына мындай сөздөрү менен аяктайт:
﴿... لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ٢٤٢﴾[البقرة: 242]
"... акылыңарды иштетүүңөр үчүн..." Бакара сүрөсү, 242-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُٱلدُّنۡيَآ إِلَّا لَعِبٞ وَلَهۡوٞۖ وَلَلدَّارُ ٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ لِّلَّذِينَ يَتَّقُونَۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ ٣٢﴾[الأنعام: 32]
"Дүйнө жашоосу (тез өтүп кетүүчү) оюн-тамаша гана.Такыба кишилер үчүн Акырет жашоосу жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!" Анаъам сүрөсү, 32-аят.
Аллах таала айтты:
﴿إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ قُرۡءَٰنًا عَرَبِيّٗا لَّعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ٢﴾[يوسف: 2]
"Чынында, Биз акыл жүгүртүшүңөр үчүн Куранды араб тилинде түшүрдүк". Юсуф сүрөсү, 2-аят.
Аллах таала туура жол жана даанышмандыкты акыл жүгүрткөн адамдар гана пайдалана аларын, мына ошолор гана чыныгы акыл ээлери экендигин баяндап мындай деген:
﴿يُؤۡتِي ٱلۡحِكۡمَةَ مَن يَشَآءُۚ وَمَن يُؤۡتَ ٱلۡحِكۡمَةَ فَقَدۡ أُوتِيَ خَيۡرٗا كَثِيرٗاۗ وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّآ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ٢٦٩﴾[البقرة: 269]
"(Аллах) каалаган пендесине хикмат (илим-даанышмандык) берет. Кимге даанышмандык берилген болсо, демек ага көп жакшылыктар берилиптир. (Муну) акылдуу адамдар гана баамдай алышат". Бакара сүрөсү, 269-аят.
Ушул себептен Ислам амалдарды моюнга жүктөгөндө акылды шарт кылды. Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин, жаш бала балкат курагына жеткенге чейин, акылынан айныган адам акылына келгенге чейин". Бухари, (5269); Абу Дауд, (4402), текст ошого тиешелүү; Тирмизи, (1423); Нисаи, Сунан ал-Кубро, (7346); Ахмад, бир аз айырмасы менен риваят кылган, (956); Ибн Маажа, кыскартып риваят кылган, (2042). Ислам дини акылды ырым-жырымдардан (мифтерден) жана бутпарастык жалган ишенимдерден азат кылды. Аллах таала, мурдагы коомдордун мифтерге берилип, Аллах тарабынан келген чындыкты четке какканын кабарлап мындай деген:
﴿وَكَذَٰلِكَ مَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ فِي قَرۡيَةٖ مِّن نَّذِيرٍ إِلَّا قَالَ مُتۡرَفُوهَآ إِنَّا وَجَدۡنَآ ءَابَآءَنَا عَلَىٰٓ أُمَّةٖ وَإِنَّا عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِم مُّقۡتَدُونَ ٢٣﴾[الزخرف: 23]
"Дал ушул сыяктуу, сенден мурун бир айыл-шаарга эскертүүчү-пайгамбар жиберсек, ысырапкор (бай) адамдары: «Биз ата-бабаларыбызды (белгилүү) ишенимдин үстүндө тапканбыз. Биз ошолордун изине гана ээрчийбиз» – дешкен". Зухруф сүрөсү, 23-аят.
Аллах таала Ибрахим пайгамбардын коомуна айткан сөзүн кабарлап мындай деген:
﴿إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَا هَٰذِهِ ٱلتَّمَاثِيلُٱلَّتِيٓ أَنتُمۡ لَهَا عَٰكِفُونَ٥٢ قَالُواْ وَجَدۡنَآ ءَابَآءَنَا لَهَا عَٰبِدِينَ٥٣﴾[الأنبياء: 52-53]
«Бир кезде ал атасына жана коомуна: «Силер табынып жаткан бул айкелдер(ден пайда) не?!» – деди. «Ата-бабаларыбызды ошолорго сыйынган абалда тапканбыз» дешти алар. Анбия сүрөсү, 52-53-аяттар.
Ислам дини келип, адамдарды буттарга сыйынууну, ата-бабаларынан калган ырым-жырымга сокур ээрчүүнү таштоого буйруду жана пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолун жолдоого буйруду. Исламда кайсы бир катмардын өзүнө гана тиешелүү болгон эч кандай сырлары же өкүмдөрү жок. Али бин Абу Талиб (ага Аллах ыраазы болсун), (ал пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атасы менен бир тууган агасынын уулу жана күйөө баласы да болот). Андан бирөөлөр: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) силерди бир нерсе менен өзгөчөлөдү беле? - деп сурашты. Ал: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди жалпы адамдарга айтылбаган, өзүбүзгө гана тиешелүү эч нерсени дайындаган эмес. Бир гана мобу кылычтын кынындагы нерсени мага берген деп, андан бир кагазды алып чыкты, анда минтип жазылган экен: "Аллахтан башкага арнап курмандык кылгандарга Аллахтын наалаты болсун, жердин чегин жылдырып жер уурдагандарга Аллахтын наалаты болсун, ата-энесине наалат айткандарга Аллахтын наалаты болсун, Бидаътчы адамды коргоп чыккан кишиге Аллахтын наалаты болсун". Сахих Муслим, 1978-хадис. Исламдын бардык өкүмдөрү, шарияты тунук акылга сыярлык, адилдикке жана даанышмандыкка ылайык түзүлгөн.
38- Туура эмес (батыл) динди кармангандар андагы карама-каршылыктарды жана акылга сыйбаган нерселерди өзүнө сиңире албагандыктан, ал диндердин өкүлдөрү: дин акылдан жогору турат, динди жалпылай түшүнүүгө акыл алсыздык кылат деп адаштырышат. Ошол эле учурда Ислам, динди акыл жолун айдыңдаткан жарык нур деп эсептейт. Туура эмес диндердин өкүлдөрү адамдар акылдан четтеп, алардын динин ээрчүүсүн калайт. Ислам болсо, акыйкатты аңдап билүүсү үчүн инсандын акылын ойготууну каалайт.
Туура эмес (батыл) динди кармангандар андагы карама-каршылыктарды жана акылга сыйбаган нерселерди өзүнө сиңире албагандыктан, ал диндердин өкүлдөрү: дин акылдан жогору турат, динди жалпылай түшүнүүгө акыл алсыздык кылат деп адаштырышат. Ошол эле учурда Ислам, динди акыл жолун айдыңдаткан жарык нур деп эсептейт. Туура эмес диндердин өкүлдөрү адамдар акылдан четтеп, алардын динин ээрчүүсүн калайт. Ислам болсо, ой жүгүртүп, акыйкатты аңдап билүүсү үчүн инсандын акылын ойготууну каалайт. Аллах таала айтты:
﴿وَكَذَٰلِكَ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ رُوحٗا مِّنۡ أَمۡرِنَاۚ مَا كُنتَ تَدۡرِي مَا ٱلۡكِتَٰبُ وَلَا ٱلۡإِيمَٰنُ وَلَٰكِن جَعَلۡنَٰهُ نُورٗا نَّهۡدِي بِهِۦ مَن نَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِنَاۚ وَإِنَّكَ لَتَهۡدِيٓ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ٥٢﴾[الشورى: 52]
"Ошентип, Биз сага Өз буйругубуз менен Рухту (Куранды) аян-кабар кылдык. Сен (мындан мурун) китептин да, ыймандын да эмне экенин билбейт элең. Бирок Биз аны (элдер үчүн) Нур кылып, аны менен каалаган пендебизди туура жолго баштайбыз. Жана сен дагы (Куран Нуру менен) туура жолго баштайсың". Шура сүрөсү, 52-аят.
Илахий аян-кабар, акыл-эстүү адамдардын акыйкатты билүүгө жана ага ыйман келтирүүсүнө баштай турган далилдерди өзүнө камтыйт.
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَكُم بُرۡهَٰنٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكُمۡ نُورٗا مُّبِينٗا ١٧٤﴾[النساء: 174]
"(О, адамдар) Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди жана Биз силерге анык Нурду (Куранды) түшүрдүк". Ниса сүрөсү, 174-аят.
Аллах таала инсандын туура жолдун, илимдин жана акыйкаттын нурунун үстүндө жашоосун каалайт. Шайтандар жана жалган "кудайлар" инсандын каапырлыктын, илимсиздиктин жана адашуунун караңгылыгынын астында калуусун каалайт. Аллах таала айтты:
﴿ٱللَّهُ وَلِيُّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يُخۡرِجُهُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَوۡلِيَآؤُهُمُ ٱلطَّٰغُوتُ يُخۡرِجُونَهُم مِّنَ ٱلنُّورِ إِلَى ٱلظُّلُمَٰتِۗ...٢٥٧﴾[البقرة: 257]
"Аллах – ыйман келтирген адамдардын башчысы. Аларды караңгылыктардан (илим, ыйман сыяктуу) нурга чыгарат. Ал эми, каапыр болгон адамдардын башчысы – Тагут. Ал аларды нурдан караңгычылыктарга чыгарат. Ошолор гана тозок ээлери жана алар анда түбөлүк калышат". Бакара сүрөсү, 257-аят.
39- Ислам дини туура билимди бийик коёт жана калыс илимий изилдөөлөргө үндөйт. Бизди өзүбүзгө жана курчап турган жаратылышка карап, ойлонууга чакырат. Илимдеги туура илимий (изилдөөлөрдүн) натыйжалары Исламга карыш келбейт.
Ислам дини туура билимди бийик коёт. Аллах таала айтты:
﴿… يَرۡفَعِ ٱللَّهُٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ دَرَجَٰتٖۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ ١١﴾[المجادلة: 11]
"(Себеби,) Аллах силердин араңардагы ыймандуулар менен илимдүүлөрдүн даражасын көтөрүп койгон. Аллах бардык ишиңерден Кабардар". Мужадала сүрөсү,11-аят.
Аллах жалгыз Өзүнүн ибадатка татыктуу экендигине берген күбөлүгү менен илимдүүлөрдүн жана периштелердин күбөлүгүн бир катарда эскерген. Аллах таала айтты:
﴿شَهِدَ ٱللَّهُ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَأُوْلُواْ ٱلۡعِلۡمِ قَآئِمَۢا بِٱلۡقِسۡطِۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡعَزِيزُٱلۡحَكِيمُ١٨﴾[آل عمران: 18]
«Аллах, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллахтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллах өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Ал) - Кудуреттүү, Даанышман». Аалу Имран сүрөсү, 18-аят.
Бул Исламдагы илимдүүлөрдүн орун-даражасы кандай экенин баяндап турат. Аллах таала пайгамбары Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир гана илимди ашыкча суранууга буйруган. Аллах таала айтты:
﴿... وَقُل رَّبِّ زِدۡنِي عِلۡمٗا١١٤﴾[طه: 114]
«Оо, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн!» – деп айткын. Тоха сүрөсү, 114-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Илим издеп жолго чыккан адамга Аллах таала бейиштин жолун жеңил кылып коёт. Илим алуучуга ыраазы болуп периштелер ага канаттарын төшөп турат. Илим издеп чыккан адамга асман-жердегинин баары, атүгүл, деңиздеги балыктар да кечирим тилешет. Илимдүү адамдын (илимсиз) ибадаткөй адамдан артыкчылыгы - ай менен башка жылдыздар сыяктуу. Илимдүүлөр - пайгамбарлардын мураскерлери. Пайгамбарлар динар же дирхем мурас калтырган эмес, алар илимди мурас калтырган, аны ким алса толук насибин алыптыр". Абу Дауд, 3641-хадис; Тирмизи, 2682-хадис; Ибн Маажа, 223-хадис, жогорку текст ошого тиешелүү; Ахмад, 21715-хадис. Ислам дини калыс илимий изилдөөлөргө үндөйт. Бизди өзүбүзгө жана курчап турган жаратылышка карап, ойлонууга чакырат. Аллах таала айтты:
﴿سَنُرِيهِمۡ ءَايَٰتِنَا فِي ٱلۡأٓفَاقِ وَفِيٓ أَنفُسِهِمۡ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَهُمۡ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّۗ أَوَلَمۡ يَكۡفِ بِرَبِّكَ أَنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ٥٣﴾[فصلت: 53]
"Биз аларга анын (Курандын) акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп коёбуз. Раббиңдин ар нерседен Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи?!" Фуссилат сүрөсү, 53-аят.
Аллах таала айтты:
﴿أَوَلَمۡ يَنظُرُواْ فِي مَلَكُوتِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا خَلَقَ ٱللَّهُ مِن شَيۡءٖ وَأَنۡ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ قَدِ ٱقۡتَرَبَ أَجَلُهُمۡۖ فَبِأَيِّ حَدِيثِۭ بَعۡدَهُۥ يُؤۡمِنُونَ١٨٥﴾[الأعراف: 185]
«Алар асмандар жана жер мүлк(төр)ү жөнүндө, Аллах жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Курандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен?!» Аъраф сүрөсү, 185-аят.
Аллах таала айтты:
﴿أَوَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَانُوٓاْ أَشَدَّ مِنۡهُمۡ قُوَّةٗ وَأَثَارُواْ ٱلۡأَرۡضَ وَعَمَرُوهَآ أَكۡثَرَ مِمَّا عَمَرُوهَا وَجَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِۖ فَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظۡلِمَهُمۡ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ٩﴾[الروم: 9]
"Алар жер жүзүн кезип, өздөрүнөн мурда жашагандардын акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү? Алар булардан (азыркы каапырлардан) күч-кубаттуураак болушкан, жерде көбүрөөк из калтырышкан. Жана буларга караганда көбүрөөк (жакшыраак) гүлдөтүшкөн. Кийин аларга пайгамбарлары (Аллахтын) анык аят-далилдерин алып келген. Аларга Аллах зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты". Рум сүрөсү, 9-аят.
Илимдеги туура илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы Исламга эч качан каршы келбейт. Бир мисалга токтололу, ал тууралуу Ыйык Куран бир миң төрт жүз жыл мурда эле өтө кылдат маалыматтарды берген, булардын кээ бирин илимий изилдөөлөр кийин ачышты; эненин курсагындагы түйүлдүктүн өнүгүү стадиялары тууралуу илимий ачылыштар улуу Курандын айтканына дал келди. Аллах таала айтты:
﴿وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن سُلَٰلَةٖ مِّن طِينٖ١٢ ثُمَّ جَعَلۡنَٰهُ نُطۡفَةٗ فِي قَرَارٖ مَّكِينٖ١٣ ثُمَّ خَلَقۡنَا ٱلنُّطۡفَةَ عَلَقَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡعَلَقَةَ مُضۡغَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡمُضۡغَةَ عِظَٰمٗا فَكَسَوۡنَا ٱلۡعِظَٰمَ لَحۡمٗا ثُمَّ أَنشَأۡنَٰهُ خَلۡقًا ءَاخَرَۚ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ أَحۡسَنُ ٱلۡخَٰلِقِينَ١٤﴾[المؤمنون: 12-14]
"Биз инсанды (топурагы жердин бардык тарабынан алынып, суу кошулган) ылайдан жараттык. Кийин аны бекем бир мекенде (эненин жатынында) тамчы суу абалында кылдык. Кийин ал бир тамчы бел суудан «алака» (сүлүк курт сыяктуу коюу кан) жараттык. Андан кийин «алакадан» «мудга» (бир тиштем эт) жараттык. Андан соң «мудгадан» сөөк жаратып, ал сөөккө эт каптадык. Кийин аны башкача жаратылышта өнүктүрдүк. Эң мыкты жаратуучу болгон Аллах Улук-Берекеттүү!" Муьминун сүрөсү, 12-14-аяттар.
40- Аллах, Ага ыйман келтирип, баш ийип, Анын элчилерин тастыктап ишенгендердин гана амалын кабыл кылып, акыретте сооп-сыйын берет. Аллах, Ислам шариятына төп келген ибадаттарды гана кабыл кылат. Аллахка каапыр болгон инсан, кантип Андан сый үмүт кылсын? Аллах, Анын пайгамбарларынын баарына жана Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгына ыйман келтирген адамдын гана ыйманын кабыл кылат.
Аллах таала Ага ыйман келтирип, баш ийип, Анын элчилерин тастыктап ишенгендердин гана амалын кабыл кылып, аларга сооп-сый берет. Аллах таала айтты:
﴿مَّن كَانَ يُرِيدُ ٱلۡعَاجِلَةَ عَجَّلۡنَا لَهُۥ فِيهَا مَا نَشَآءُ لِمَن نُّرِيدُ ثُمَّ جَعَلۡنَا لَهُۥ جَهَنَّمَ يَصۡلَىٰهَا مَذۡمُومٗا مَّدۡحُورٗا١٨ وَمَنۡ أَرَادَ ٱلۡأٓخِرَةَ وَسَعَىٰ لَهَا سَعۡيَهَا وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ كَانَ سَعۡيُهُم مَّشۡكُورٗا١٩﴾[الإسراء: 18-19]
"Кимде-ким тез өтүүчү (дүйнө)нү кааласа, Биз анда (дүйнөдө) каалаган адамыбызга, каалаган нерсебизди ал үчүн тездетип беребиз. Кийин (Акыретте) ага жек көрүлгөн, шерменде абалында таштала турган тозокту (насип) кылабыз. Ал эми, кимде-ким акыретти(к соопту) каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса, алардын аракеттери кабыл алынган". Исра сүрөсү, 18-19-аят.
Аллах таала айтты:
﴿فَمَن يَعۡمَلۡ مِنَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَا كُفۡرَانَ لِسَعۡيِهِۦ وَإِنَّا لَهُۥ كَٰتِبُونَ٩٤﴾[الأنبياء: 94]
"Ким ыймандуу абалында жакшы (сооп) амалдарды жасаса, анын аракети текке кетпейт. Биз анын пайдасына жазып коюуучубуз". Анбия сүрөсү, 94-аят.
Аллах таала Өзү шарият кылып берген ибадаттарды гана кабыл кылат. Аллах таала айтты:
﴿... فَمَن كَانَ يَرۡجُواْ لِقَآءَ رَبِّهِۦ فَلۡيَعۡمَلۡ عَمَلٗا صَٰلِحٗا وَلَا يُشۡرِكۡ بِعِبَادَةِ رَبِّهِۦٓ أَحَدَۢا١١٠﴾[الكهف: 110]
«Ким Раббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Раббисине ибадат кылганда (Ага) эч кандай шерик кошпосун!» Кахф сүрөсү, 110-аят.
Амалдар Аллахтын шариятына төп келип, аны аткарган адам Аллахка ыйман келтирип, элчи-пайгамбарларын тастыктап ишенген абалда (ал амал) Аллахтын ыраазылыгы үчүн аткарылганда гана жакшы (кабыл болуучу амал) деп эсептелерин баяндаган. Ал эми кимдин амалы мындан башкача болсо, андай амалдар тууралуу Аллах таала мындай деген:
﴿وَقَدِمۡنَآ إِلَىٰ مَا عَمِلُواْ مِنۡ عَمَلٖ فَجَعَلۡنَٰهُ هَبَآءٗ مَّنثُورًا٢٣﴾[الفرقان: 23]
"Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны күндүн нуруна чагылышып көрүнгөн жеңил сапырылган чаңдай кылып таштадык!" Фуркан сүрөсү, 23-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ خَٰشِعَةٌ٢ عَامِلَةٞ نَّاصِبَةٞ٣ تَصۡلَىٰ نَارًا حَامِيَةٗ٤﴾[الغاشية: 2-4]
"Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт). (Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда... кызыган отко кирет!" Гашия сүрөсү, 2-4-аяттар.
Бул корккон жүздөр, амал кылып чарчаган, бирок Аллахтын көрсөткөн туура жолу менен амал кылган эмес; Аллах анын барар жерин тозок кылды. Анткени, ал Аллахтын шариятында көрсөтүлгөндөй амал кылган жок, тескерисинче, жараксыз ибадаттарды кылды, туура эмес (батыл) диндерди ойлоп тапкан адаштыруучу башчыларды ээрчип кетишти. Аллахтын алдында кабыл боло турган жакшы амал, бул пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген шариятка төп келген гана амал. Аллахка каапырлык кылган инсан, кантип Андан сый күтөт?! Аллах таала, бардык пайгамбарларга жана Мухаммад пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгына ыйман келтирген адамдардын гана ыйманын кабыл кылат.
﴿ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّن رُّسُلِهِۦۚ وَقَالُواْ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ غُفۡرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيۡكَ ٱلۡمَصِيرُ٢٨٥﴾[البقرة: 285]
«Пайгамбар өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана ыймандуу адамдар дагы (ыйман келтиришти). Бардыгы Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз. Оо, биздин Рабби! Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз" деп айтышты». Бакара сүрөсү, 285-аят.
Аллах таала айтты:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِٱلَّذِي نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِن قَبۡلُۚ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ وَٱلۡيَوۡمِٱلۡأٓخِرِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا١٣٦﴾[النساء: 136]
«О, ыйман келтирген адамдар! Аллахка, Анын пайгамбарына, (ошол) пайгамбарына түшүргөн Китепке андан мурун түшүргөн (бардык ыйык) китепке ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө ыйман келтирбесе, ал чындап катуу адашыптыр». Ниса сүрөсү, 136-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَإِذۡ أَخَذَ ٱللَّهُ مِيثَٰقَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ لَمَآ ءَاتَيۡتُكُم مِّن كِتَٰبٖ وَحِكۡمَةٖ ثُمَّ جَآءَكُمۡ رَسُولٞ مُّصَدِّقٞ لِّمَا مَعَكُمۡ لَتُؤۡمِنُنَّ بِهِۦ وَلَتَنصُرُنَّهُۥۚ قَالَ ءَأَقۡرَرۡتُمۡ وَأَخَذۡتُمۡ عَلَىٰ ذَٰلِكُمۡ إِصۡرِيۖ قَالُوٓاْ أَقۡرَرۡنَاۚ قَالَ فَٱشۡهَدُواْ وَأَنَا۠ مَعَكُم مِّنَ ٱلشَّٰهِدِينَ٨١﴾[آل عمران: 81]
"Бир кезде Аллах бардык пайгамбарлардан, “Мен силерге китеп жана пайгамбарлык бергенден кийин силерге, пайгамбарлыгыңарды тастыктаган бир пайгамбар (Мухаммад) келсе, сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам бересиңер» – деп убада алды жана: “Макул болдуңарбы, ушунуңар менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?” деди. Алар (бир добуштан): “Макул болдук” – дешти. (Анда Аллах): “Күбө болгула, Мен дагы силер менен бирге күбө болуучуларданмын” – деди". Аалу Имран сүрөсү, 81-аят.
41- Бардык илахий диндердин максаты: акыйкат диндин инсандын кадыр-баркын көтөрүп, натыйжада ааламдардын Раббиси Аллахка гана калыс кул болуп, пендеге, материалдык нерсеге, ырым-жырымдарга болгон кулдуктан азат кылуу. Көрүп турганыңдай, Ислам кимдир бирөөлөрдү ыйыктабайт, өзүнө ылайык ордунан бийик көтөрбөйт, аларды кудай, илах кылбайт.
Бардык илахий диндердин максаты: акыйкат диндин инсандын кадыр-баркын көтөрүп, натыйжада ааламдардын Раббиси Аллахка гана калыс кул болуп, пендеге, материалдык нерсеге, ырым-жырымдарга болгон кулдуктан азат кылуу.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Динардын, дирхемдин, кийимдин жана кездеменин кулу бактысыз болсун! Эгер ага (мал-дүйнө) берилсе ыраазы, берилбесе нааразы болот". Сахих ал-Бухари, 6435-хадис.
Акыл-эстүү адам бир гана Аллахка баш ийип, мал-дүйнөнүн, атак-даңктын, мансаптын же улутчулдуктун кулуна айланбайт. Төмөнкү окуяны окуган адам, Исламга чейинки адамдардын абалы жана Исламдан кийин алар кандай өзгөргөнү тууралуу ачык биле алат. Алгачкы мусулмандар Эфиопияга көчүп барганда, ошол учурдагы падышасы Нажаши минтип сурайт: Менин диниме (христиан динине) же башка үммөттөрдүн динине кирбей, элиңер менен бөлүнүп кеткен бул диниңер кандай дин? Жаъфар бин Абу Талиб минтип жооп берди: Падыша, биз жахил, караңгы эл элек, бут-айкелдерге сыйынчубуз, өлүмтүк эттерди жечүбүз, бузук иштерди кылчубуз, тууган-урук менен катташпайт элек, кошунаны сыйлабайт элек, алдуу-күчтүүлөр алсыз, бей-бечараны тоноп жечү, ушунтип, Аллах таала бизге өзүбүздүн арабыздан пайгамбар чыгарганга чейин жүрдүк. Биз ал пайгамбардын тегин билебиз, чынчылдыгын, аманаткөйлүгүн, тазалыгын билебиз. Ал бизди Аллахка чакырды, Аллахты жалгыздоого, Ага гана ибадат кылууга, биз да, ата-бабаларыбыз да сыйынып жүргөн таш, айкелдерден арылууга чакырды. Бизди чын сүйлөөгө, аманатты сактоого, туугандар менен катташууга, кошуналарга жакшы мамиле кылууга, арамдан, кан төгүүдөн тыйылууга буйруду. Ал бизди бузук иштерден, жалган күбөлүк берүүдөн, жетимдин акысын жегенден, таза аялдарга жалган жалаа жабуудан тыйды. Ал бизди Аллахка эч нерсени шерик кошпой, жалгыз Ага гана ибадат кылууга буйруду, намаз окууга, зекет берүүгө, орозо кармоого буйруду. Мындан сырткары да бир канча Исламдын амалдарын айтып анан: Биз аны тастыктап, ага ыйман келтирдик, ал алып келген динге ээрчидик, Аллахтын жалгыз Өзүнө ибадат кылдык, Ага эч нерсени шерик кылбадык. Ал бизге арам кылган нерсени арам деп билдик, Ал адал кылган нерсени адал деп билдик" деди. Ахмад бир аз айырмасы менен риваят кылган (1740); Абу Наъим, Хулаят ал-Авлия китебинде кыскача риваят кылган (1/115). Көрүп турганыңдай, Ислам кимдир бирөөлөрдү ыйыктабайт, өзүнө ылайык ордунан бийик көтөрбөйт, аларды кудай, илах кылып албайт.
Аллах таала айтты: "Айткын:
﴿قُلۡ يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ تَعَالَوۡاْ إِلَىٰ كَلِمَةٖ سَوَآءِۭ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمۡ أَلَّا نَعۡبُدَ إِلَّا ٱللَّهَ وَلَا نُشۡرِكَ بِهِۦ شَيۡـٔٗا وَلَا يَتَّخِذَ بَعۡضُنَا بَعۡضًا أَرۡبَابٗا مِّن دُونِ ٱللَّهِۚ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَقُولُواْ ٱشۡهَدُواْ بِأَنَّا مُسۡلِمُونَ٦٤﴾[آل عمران: 64]
“О, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө келгиле.* (Ал сөз төмөндөгүчө:) “Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллахты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!” Эгер жүз бурушса, айткыла: “Күбө болгула, Биз – мусулмандарбыз". Аалу Имран сүрөсү, 64-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَلَا يَأۡمُرَكُمۡ أَن تَتَّخِذُواْ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ أَرۡبَابًاۚ أَيَأۡمُرُكُم بِٱلۡكُفۡرِ بَعۡدَ إِذۡ أَنتُم مُّسۡلِمُونَ٨٠﴾[آل عمران: 80]
"Ал (пайгамбар) силерди, периштелер менен пайгамбарларды өзүңөргө Рабби-Кудай кылып алууга да буюрбайт. Мусулман болгонуңардан кийин каапырчылыкка буюрмак беле?!" Аалу Имран сүрөсү, 80-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: «Христиандар Мариямдын уулун (Исаны) аша чаап көкөлөткөндөй, мени да аша чаап көкөлөтпөгүлө! Болгону мен Анын кулумун. Ошондуктан, (мени) Аллахтын кулу жана элчиси деп айткыла!». Сахих ал-Бухари, 3445-хадис.
42- Аллах Исламда тообону шарият кылган, ал: инсандын күнөөнү таштап, Раббисине кайтуусу. Ислам ага чейинки күнөө-каталарды жок кылат. Тообо, ага чейинки күнөөлөрдү жууйт. Тообо кылуу үчүн кимдир бирөөнүн алдында күнөөсүн моюнуна алуу зарыл эмес.
Аллах Исламда тообону шарият кылган, ал: инсандын күнөөнү таштап, Раббисине кайтуусу. Аллах таала айтты:
﴿...وَتُوبُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ جَمِيعًا أَيُّهَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ ٣١﴾[النور: 31]
"Оо, ыймандуулар! Баарыңар Аллахка тообо кылгыла, ажеп эмес жеңишке (бейишке) жетсеңер!". Нур сүрөсү, 31-аят.
Аллах таала айтты:
﴿أَلَمۡ يَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ هُوَ يَقۡبَلُ ٱلتَّوۡبَةَ عَنۡ عِبَادِهِۦ وَيَأۡخُذُ ٱلصَّدَقَٰتِ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ١٠٤﴾[التوبة: 104]
"Алар (тообо кылбай, садака бербей жүргөн күнөөлүүлөр) Аллах пенделеринен тообону жана садакаларды кабыл алышын билишпейби? Чынында, Аллах - тооболорду кабыл алуучу (жана) Ырайымдуу". Тообо сүрөсү, 104-аят.
Аллах таала айтты:
﴿وَهُوَ ٱلَّذِي يَقۡبَلُ ٱلتَّوۡبَةَ عَنۡ عِبَادِهِۦ وَيَعۡفُواْ عَنِ ٱلسَّيِّـَٔاتِ وَيَعۡلَمُ مَا تَفۡعَلُونَ٢٥﴾[الشورى: 25]
"Аллах Өз пенделеринен тообону кабыл алат жана күнөөлөрдү өчүрөт. Жана Ал силердин эмне жасап жатканыңарды билип турат". Шура сүрөсү, 25-аят.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бир адам ээн чөлдө, үстүндө тамагы, суусундугу байланган төөсү менен баратып, ара жолдо эс алып уктап, ойгонсо төөсү жок, аны издеп таппай, чаңкап, акыры: Баягы ордума кайра барып жатайын да, ошол жерде өлөйүн деп, кайра келип, өлүмгө даярданып, башын каруусуна коюп жатып уктап калат. Ойгонуп кетсе, үстүндөгү тамак, суусундугу түгөл төөсү жанында турат. Аллах таала пендесинин тообо кылганына, тиги азык-түлүгү менен төөсүн кайра таап алган адамдын кубанганынан да катуу кубанат". Сахих Муслим, 2744-хадис.
Ислам ага чейинки күнөө-каталарды жок кылат. Тообо, ага чейинки күнөөлөрдү жууйт. Аллах таала айтты:
﴿قُل لِّلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِن يَنتَهُواْ يُغۡفَرۡ لَهُم مَّا قَدۡ سَلَفَ وَإِن يَعُودُواْ فَقَدۡ مَضَتۡ سُنَّتُ ٱلۡأَوَّلِينَ٣٨﴾[الأنفال: 38]
"(О, Мухаммад), каапырларга айт: Эгер (душмандыгын) токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет. Эгер улантышса, (билип коюшсун:) мурункулардын жолу өткөн!" Анфал сүрөсү, 38-аят.
Аллах таала христиандарды тообо кылууга чакырып, мындай деген:
﴿أَفَلَا يَتُوبُونَ إِلَى ٱللَّهِ وَيَسۡتَغۡفِرُونَهُۥۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ ٧٤﴾[المائدة: 74]
"Аллахка тообо кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы?! (Эгер ошентчү болсо) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу". Маида сүрөсү, 74-аят.
Аллах таала бардык күнөөкөрлөрдү тообо кылууга үндөп, мындай деген:
﴿۞ قُلۡ يَٰعِبَادِيَ ٱلَّذِينَ أَسۡرَفُواْ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ لَا تَقۡنَطُواْ مِن رَّحۡمَةِ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَغۡفِرُ ٱلذُّنُوبَ جَمِيعًاۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡغَفُورُٱلرَّحِيمُ٥٣﴾[الزمر: 53]
"(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «Оо, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу!". Зумар сүрөсү, 53-аят.
Амр ибн аль-Ас Ислам динин кабыл алууну чечкенде, Исламга чейин жасаган күнөөлөрү кечирилбей калабы деп корккон. Бул учурду ал өзү минтип кеп кылат: Аллах таала менин жүрөгүмө Исламга болгон сүйүүнү салганда, ант берүү үчүн пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардым. Колун мага узатты эле, мен: О, Аллахтын элчиси, менин мурдагы күнөөлөрүмдү кечирмейинче, сага ант бере албаймын - дедим. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Амр, сен хижра андан мурдагы күнөөлөрдү бүт жууп кетирерин билбейсиңби? Амр, сен Ислам дини ага чейинки күнөөлөрдү бүт кечип жиберерин билбейсиңби?" - деди. Муслим (121); бул текст Имам Ахмадга тиешелүү (17827).
43- Исламда пенде менен Аллахтын байланышы түзмө-түз болот. Сени менен Аллахтын ортосунда кимдир бирөөнүн ортомчу болуусунун зарылдыгы жок. Ислам дини пендени "кудай" кылып алуубуздан, же жаратуучулукта, ибадат кылууда Аллахка шерик кылып алуубуздан тыят.
Исламда кимдир бирөөнүн алдында күнөөлөрүн моюнга алуунун зарылдыгы жок. Исламда адам менен Аллахтын ортосундагы байланыш түзмө-түз болот. Биз 36-бөлүкчөдө айтып өткөндөй, сени менен Аллахтын ортосуна кимдир бирөөнү ортомчу кылуунун кажети жок. Аллах таала бардык адамдарды,тообо кылып, Ага кайтууга чакырат. Ошондой эле бардык адамдарды, пайгамбарларды же периштелерди Өзү менен пенделеринин ортосуна ортомчу кылуудан тыят. Аллах таала минтип айткан:
﴿وَلَا يَأۡمُرَكُمۡ أَن تَتَّخِذُواْ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ أَرۡبَابًاۚ أَيَأۡمُرُكُم بِٱلۡكُفۡرِ بَعۡدَ إِذۡ أَنتُم مُّسۡلِمُونَ٨٠﴾[آل عمران: 80]
"Ал (пайгамбар) силерди, периштелер менен пайгамбарларды өзүңөргө Рабби-Кудай кылып алууга да буюрбайт. Мусулман болгонуңардан кийин каапырчылыкка буюрмак беле?!" Аалу Имран сүрөсү, 80-аят.
Көрүп турганыңдай, Ислам дини адам баласын "кудай" кылып алуудан же жаратуучулукта, ибадатта Аллахка шерик кылып алуудан тыят. Аллах таала христиандар тууралуу мындай деген:
﴿ٱتَّخَذُوٓاْ أَحۡبَارَهُمۡ وَرُهۡبَٰنَهُمۡ أَرۡبَابٗا مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَٱلۡمَسِيحَٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَمَآ أُمِرُوٓاْ إِلَّا لِيَعۡبُدُوٓاْ إِلَٰهٗا وَٰحِدٗاۖ لَّآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۚ سُبۡحَٰنَهُۥ عَمَّا يُشۡرِكُونَ ٣١﴾[التوبة: 31]
"Алар (яхудилер менен христиандар) Аллахты коюп, өздөрүнүн диний аалымдары менен (дүйнөдөн түңүлгөн) кечилдерин жана Марямдын уулу Исаны кудай кылып алышты. Алар жалгыз Кудайга (Аллахка) гана ибадат кылууга буюрулган эле! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү (гана) бар! Ал каапырлар кошкон шериктерден Таза!" Тообо сүрөсү, 31-аят.
Аллах таала, Аны менен өздөрүнүн ортолоруна ортомчуларды коюп алган каапырларды четке кагып, мындай деген:
﴿أَلَا لِلَّهِ ٱلدِّينُ ٱلۡخَالِصُۚ وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ٣﴾[الزمر: 3]
"Көңүл бургула! Калыс Дин Аллах үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!" Зумар сүрөсү, 3-аят.
Аллах таала, Исламга чейинки доордогу бутпарастар Аллах менен өздөрүнүн ортосуна ортомчуларды коюп: булар бизди Аллахка жакындатат деп айтышканын баяндаган. Аллах таала инсандарды Өзү менен алардын ортосуна пайгамбарларды жана периштелерди ортомчу кылуудан тыйып жатса, демек башкаларды ортомчу кылуу такыр эле мүмкүн эмес. Анткени, пайгамбарлар Аллахка жакындатуучу жакшылык иштерди шашылып аткарышкан. Аллах таала элчи-пайгамбарлардын абалын кабарлап мындай деген:
﴿... إِنَّهُمۡ كَانُواْ يُسَٰرِعُونَ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِ وَيَدۡعُونَنَا رَغَبٗا وَرَهَبٗاۖ وَكَانُواْ لَنَا خَٰشِعِينَ ٩٠﴾[الأنبياء: 90]
"Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон". Анбия сүрөсү, 90-аят.
Аллах таала айтты:
﴿أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ يَبۡتَغُونَ إِلَىٰ رَبِّهِمُ ٱلۡوَسِيلَةَ أَيُّهُمۡ أَقۡرَبُ وَيَرۡجُونَ رَحۡمَتَهُۥ وَيَخَافُونَ عَذَابَهُۥٓۚ...٥٧﴾[الإسراء: 57]
"Алардын өздөрү (Аллахка) дуба кылышып, (Ага) кимиси жакыныраак (сүйүктүүрөөк) болууга жол издешет, ырайымынан үмүт кылышып, азабынан коркушат. Чынында, Раббиңдин азабынан сак болуу зарыл". Исра сүрөсү, 57-аят.
Тагыраак айтканда, Аллахтан башка ибадат кылып жатканыңар (пайгамбарлар жана такыба адамдар) өздөрү Аллахка ибадат кылып, ырайымын үмүт кылып, азабынан коркушат. Анан кантип Аллахты коюп, аларга ибадат (дуба) кылынсын.
44- Бул китепченин акырында, адамдар жашаган заманына, улутуна, өлкөлөрүнө карата ар түрдүү экенин эстейли. Адам коомунун баарынын пикири, максаты бирдей эмес, чөйрөсүндө, аткарган амалдарында ар түрдүү болгон. Ошондуктан адам баласы аларды туура багытка сала турган жол башчыга, башын бириктире турган тартипке, сактай турган өкүмдарга муктаж болгон. Элчилер (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) Аллахтын аян-кабары менен буларга башчылык кылып, адамдарды туура, жакшылыктын жолуна башташты, Аллахтын шариятына баштарын бириктирди. Алардын ортосунда чындык менен өкүм жүргүзүштү. Адамдардын иштеринин оңолуусу ошол элчилердин чакырыктарына жооп берүүлөрүнө жараша болот. Аллах таала бул диндерди Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берген дини менен жыйынтыктады. Аны түбөлүктүү кылды жана адамдарга туура жол, ырайым, нур жана Аллахка баштап бара турган жол кылды.
Бул китепченин акырында, адамдар жашаган заманына, улутуна, өлкөлөрүнө карата ар түрдүү экенин эстейли. Адам коомунун баарынын пикири, максаты бирдей эмес, чөйрөсүндө, аткарган амалдарында ар түрдүү болгон. Ошондуктан адам баласы аларды туура багытка сала турган жол башчыга, башын бириктире турган тартипке, сактай турган өкүмдарга муктаж болгон. Элчилер (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) Аллахтын аян-кабары менен буларга башчылык кылып, адамдарды туура, жакшылыктын жолуна башташты, Аллахтын шариятына баштарын бириктирди. Алардын ортосунда чындык менен өкүм жүргүзүштү. Адамдардын иштеринин оңолуусу ошол элчилердин чакырыктарына жооп берүүлөрүнө жараша болот. Адашуу көбөйүп, илимсиздик каптап, адамдар бут-айкелдерге сыйынып калганда; Аллах таала пайгамбары Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды каапырлыктын, илимсиздиктин, бутпарастыктын караңгылыгынан ыйманга жана туура жолго чыгаруу үчүн, туура жол, акыйкат дин менен жиберди.
45- Ошон үчүн, о, инсан, сени сокур ээрчүүдөн арылып, туура эмес адат-салттарга берилбей, чын ыклас менен Аллахка гана берилүүгө чакырам. Өлүмдөн кийин Раббиңдин алдына келериңди билгин. Өзүңө, айлан-чөйрөңө кара, Исламды кабыл кыл, дүйнө-акыретте бактылуу болосуң. Исламга кирүүнү кааласаң, "Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок, Мухаммад анын элчиси" деп күбөлүк келтирип, Аллахтан башка бардык сыйынып жаткан нерселериңден арылууң, Аллах кабырдагылардын баарын тирилтерине, эсеп-кысап жана жаза менен сый чындык экенине ишенүүң жетиштүү. Ушул эки ооз келимени айтуу менен сен мусулман болосуң, андан кийин Аллах шарият кылган намазды, зекетти, орозону, мүмкүнчүлүгүң болсо ажылыкты аткарып ибадат кыласың.
Ошон үчүн, о, инсан, сени сокур ээрчүүдөн арылып, туура эмес адат-салттарга берилбей, чын ыклас менен Аллахка гана берилүүгө чакырам. Аллах таала да сени ушул нерсеге чакырат: Айт:
﴿۞ قُلۡ إِنَّمَآ أَعِظُكُم بِوَٰحِدَةٍۖ أَن تَقُومُواْ لِلَّهِ مَثۡنَىٰ وَفُرَٰدَىٰ ثُمَّ تَتَفَكَّرُواْۚ مَا بِصَاحِبِكُم مِّن جِنَّةٍۚ إِنۡ هُوَ إِلَّا نَذِيرٞ لَّكُم بَيۡنَ يَدَيۡ عَذَابٖ شَدِيدٖ٤٦﴾[سبأ: 46]
«Мен силерге бир гана нерсени – бирден, экиден болуп Аллахка түз (эч нерсени шерик кылбай) турууңарды, андан кийин (жакшылап) пикир кылууңарды насаат кыламын. Силердин жолдошуңарда эч кандай жиндилик(тин белгилери) жок. Ал болгону, катуу азапты силерге эскерткени келген пайгамбар!» Саба сүрөсү, 46-аят.
Билип ал, өлүмүңдөн кийин Раббиңе кайтып барасың. Аллах таала айтты:
﴿وَأَن لَّيۡسَ لِلۡإِنسَٰنِ إِلَّا مَا سَعَىٰ٣٩ وَأَنَّ سَعۡيَهُۥ سَوۡفَ يُرَىٰ ٤٠ ثُمَّ يُجۡزَىٰهُ ٱلۡجَزَآءَٱلۡأَوۡفَىٰ٤١ وَأَنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلۡمُنتَهَىٰ٤٢﴾[النجم: 39-42]
"Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган). Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт. Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет. Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат". Нажм сүрөсү, 39-42 аяттар.
Жана өзүңө, айлана-чөйрөңө кароого чакырам. Аллах таала айтты:
﴿أَوَلَمۡ يَنظُرُواْ فِي مَلَكُوتِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا خَلَقَ ٱللَّهُ مِن شَيۡءٖ وَأَنۡ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ قَدِ ٱقۡتَرَبَ أَجَلُهُمۡۖ فَبِأَيِّ حَدِيثِۭ بَعۡدَهُۥ يُؤۡمِنُونَ١٨٥﴾[الأعراف: 185]
«Алар асмандар жана жер мүлк(төр)ү жөнүндө, Аллах жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Курандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен?!» Аъраф сүрөсү, 185-аят.
Эгер дүйнө жана акыретиңде бактылуу болгуң келсе Исламга кир, а исламга кирүүнү кааласаң, сага богону "Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси" деп күбөлүк берүү жетиштүү. Мухаммад пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды (ага Аллах ыраазы болсун) Исламга чакыруу үчүн Йеменге жибергенде мындай деген:
"Сен китеп берилген элдерге баратасың. Аларды Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, мен Аллахтын элчиси экениме күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар буга баш ийсе, анда аларга Аллах таала бир күндө беш жолу намаз окууну милдет кылганын үйрөт. Эгер буга да баш ийсе, Аллах таала аларга байларынын малынан алып жакырларына берүүнү милдет кылганын айт. Эгер ага баш ийсе, малдарынын өтө жакшысын алба!". Сахих Муслим, 19-хадис.
Ошондой эле Аллахтан башка бардык сыйынылган нерслерден жүз бурууң, Аллахтан башка бардык сыйыныла турган нерселерден арылуу, ал Ибрахим пайгамбардын дини болгон ханиф таза дин. Аллах таала айтты:
﴿قَدۡ كَانَتۡ لَكُمۡ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ فِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥٓ إِذۡ قَالُواْ لِقَوۡمِهِمۡ إِنَّا بُرَءَٰٓؤُاْ مِنكُمۡ وَمِمَّا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ كَفَرۡنَا بِكُمۡ وَبَدَا بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمُ ٱلۡعَدَٰوَةُ وَٱلۡبَغۡضَآءُ أَبَدًا حَتَّىٰ تُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَحۡدَهُۥٓ…٤﴾[الممتحنة: 4]
"Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдард(ын жашоосунд)а өрнөк бар: Бир кезде алар (каапыр) элдерине «Биздин силерге жана силер сыйынган Аллахтан башка кудайларга тиешебиз жок. Биз силерге каапыр болдук! Эми, биз менен силердин араңарда, качан жеке-жалгыз Аллахка ыйман келтиргениңерге чейин түгөнгүс душманчылык жана жек көрүү жаралды!» деп айтышкан". Мумтахана сүрөсү, 4-аят.
Аллах таала кабырдагынын баарын тирилтип чыгарарына ыйман келтирүүң зарыл. Аллах таала минтип айткан:
﴿ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّهُۥ يُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَأَنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ٦ وَأَنَّ ٱلسَّاعَةَ ءَاتِيَةٞ لَّا رَيۡبَ فِيهَا وَأَنَّ ٱللَّهَ يَبۡعَثُ مَن فِي ٱلۡقُبُورِ٧﴾[الحج: 6-7]
"Бул (жараяндардын мааниси) Аллах – Ал Акыйкат жана Ал өлүктү тирилте алат. Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү. Жана, Кыямат дагы сөзсүз келүүчү. Анда эч күмөн жок! Жана Аллах албетте, мүрзөлөрдөгү өлүктөрдү кайра тирилтет". Хаж сүрөсү, 6-7 аяттар.
Ошондой эле эсеп-кысаптын, ага жараша сыйлык же жаза болоруна ыйман келтирүүң, Аллах таала айтты:
﴿وَخَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّ وَلِتُجۡزَىٰ كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ ٢٢﴾[الجاثية: 22]
"Аллах асмандар менен жерди Акыйкат менен жана эч бир жан(га) зулумдук кылынбаган абалда, өз ишине жараша жаза (же сыйлык) алышы үчүн жаратты". Жасия сүрөсү, 22-аят.
Мына ушул эки ооз келимени айтуу менен сен мусулман болосуң, андан кийин сага Аллах шарият кылган намазды окуп, зекетти берип, орозону кармап, мүмкүнчүлүгүң болсо, ажылыкка барып, жана башка ибадаттарды аткарасың.
Чыккан убагы: 19.11.1441. х. ж.
Жазган: Профессор, доктор Мухаммад бин Абдуллах ас-Сухайм
Ислам таануу кафедрасынын Акыйда бөлүмүнүн мурдагы окутуучусу
Педагогика факультети, Падыша Сауд университети
Эр-Рияд, Сауд Арабия Падышалыгы
Оглавление
Ислам.. 1
1-Ислам – бул, Аллахтын жалпы адамзатка түшүргөн дини, бул түбөлүктүү илахий дин. 3
2-Ислам – кайсы бир жыныска же коомго тиешелүү дин эмес, ал адамзаттын баарына тиешелүү Аллахтын дини: 5
3-Ислам – мурдагы пайгамбарлардын жана элчилердин (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөттөрүнө алып келген диндерин толуктаган илахий дин. 7
4-Пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) дини бир, шарияттары ар түрдүү. 9
5-Ислам – бардык пайгамбарлар: Нух, Ибрахим, Муса, Сулайман, Дауд, Иса (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) чакырган сыяктуу эле, Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Тирилтүүчү, Өлтүрүүчү, бардык мүлктүн Ээси, бардык ишти Башкаруучу, Боорукер жана Мээримдүү Аллах Рабби экенине ыйман келтирүүгө чакырат. 11
6-Кемчиликтерден Аруу, Аллах Таала - Ал, Жаратуучу, Ал Өзү жалгыз ибадатка татыктуу, Аны менен бирге башка эч нерсеге ибадат кылынбайт. 19
7-Аллах - Ал жаратылыштагы бардык көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу. Андан башканын баары Анын жараткан нерселери. Аллах асмандар менен Жерди алты күндө жараткан. 27
8-Кемчиликтерден Аруу, Аллах тааланын мүлкүндө, жаратуучулугунда, башкаруучулугунда жана ибадатка татыктуулугунда эч шериги жок. 30
9-Кемчиликтерден Аруу Аллах туубады, туулбады, Анын теңи да, окшошу да жок. 35
10-Кемчиликтерден Аруу Аллах таала – эч нерсенин ичине кирбейт, Өзү жараткан макулуктардын денесин кабыл албайт. 37
11-Кемчиликтерден Аруу, Аллах таала пенделерине Мээрбан жана Ырайымдуу, ошон үчүн элчилерди жиберип, китептерди түшүргөн. 41
12-Аллах Ал Ырайымдуу Рабби, Ал кыямат күнү калайык-калкты кабырларынан тирилтип тургузганда, аларды Өзү жалгыз эсеп-кысап кылат. Кылган жакшы жана жаман амалына жараша ар бир жанды жазалайт же сыйлайт. Ким ыймандуу болуп, жакшы иштерди кылса, ага акыретте түбөлүктүү жакшылыктар болот, ал эми ким каапыр болуп, жаман иштерди кылса, ага акыретте катуу азап болот. 43
13-Кемчиликсиз Аруу Аллах Адамды топурактан, анын артынан урпактарын көбөйө турган кылып жаратты. Адамдардын баары негизинде бирдей. Бир жыныстын экинчи жыныстан, бир элдин экинчи элден артыкчылыгы жок, артыкчылык такыбалыкта гана. 48
14-Төрөлгөндөрдүн баары таза табият (фитрат) менен төрөлөт. 51
15-Адам баласынан эч ким өзүнүн күнөө-катасы менен же башка бирөөнүн күнөө-катасына мураскер болуп төрөлбөйт. 53
16-Адам баласынын жаратылуудагы максаты - Жалгыз Аллахка ибадат кылуу. 56
17-Ислам - инсандын кадырын көтөрдү, мейли ал эркек болсун, мейли аял болсун. Анын толук укугун кепилдикке алды жана бардык ыктыярдуу иштерине, амалдарына, иш-аракеттерине жоопкер кылды. Ошондой эле өз жанына же башкаларга зыянын тийгизе турган ар кандай иштерге жоопкерликти моюнуна жүктөдү. 57
18-Ислам дини эркек менен аялды иш-аракетте, жоопкерчиликте жана сыйлык менен жазада бирдей кылды. 64
19-Ислам аялзатынын кадырын көтөрдү, (өкүмдөрдү аткарууда) аялдарды да эркектер сыяктуу этибарга алды. Мүмкүнчүлүгү бар эркекке аялдын напакасын жүктөдү, кыздын напакасы атасынын, эненин напакасы балакат жаш курагына жеткен, мүмкүнчүлүгү бар уулунун, ал эми аялдын напакасы күйөөсүнүн моюнунда. 66
20-Өлүм түбөлүккө жок болуп кетүү эмес, амал кылуу ааламынан сыйлык же жаза берүү ааламына көчүү. Өлүмдүн даамын дене да, жан да татат, жандын өлүмү денеден бөлүнүп чыгуусу. Кийин кыямат күнү кайра тирилгенде денеге кайтып келет. Өлүмдөн кийин жан башка денеге өтпөйт, б.а., рухтардын көчүшү деген нерсе жок. 70
21-Ислам ыймандын негизи болгон: Аллахка жана периштелерине ыйман келтирүүгө, өзгөрүп кеткенге чейинки Тоорат, Инжил, Забур жана Куран сыяктуу илахий китептерге ыйман келтирүүгө, элчи жана пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) баарына ыйман келтирүүгө, алардын акыркысы элчи жана пайгамбарлардын мөөрү болгон Аллахтын элчиси Мухаммадга ыйман келтирүүгө, акырет күнүнө ыйман келтирүүгө, эгер бул дүйнө жашоосу тирүүлүктүн бүтүүсү болсо, анда жашоо жана тирүүлүк максатсыз, бепайда болорун билебиз. Жана акырында каза-кадарга, жакшылык-жамандыктын баары тагдырдагыдай болоруна ыйман келтирүүгө чакырат. 73
22- Пайгамбарлар Аллахтан келген нерсени жеткирүүдө күнөөдөн корголгон. Ошондой эле акылга каршы келген жана таза кулк-мүнөз четке каккан иштерден да корголгон. Пайгамбарлар Аллахтын буйруктарын Анын пенделерине жеткирүүгө милдеткер. Пайгамбарларда (улухияттык жана рубубияттык) жаратуучулук жана ибадатка татыктуулук сыпаттары жок, алар деле башка адамдар сыяктуу эле адам, болгону аларга Аллах динин аян-кабар кылып жеткирет. 91
23 - Ислам Жалгыз Аллахтын Өзүнө негизги чоң ибадаттарды аткаруу аркылуу ибадат кылууга чакырат, алар: кыям, үрүкү, сажда, Аллахты мактоо, Аны зикир кылуу жана дубалардан турган намаз. Намазды бир күндө беш жолу окуу керек. Намаз аркылуу теңсиздиктер жоюлат. Намазда бай менен кедей, башчы менен кызматчы бир сапта турат. (Экинчиси): зекет, мал-мүлктөн берилчү аз гана өлчөм. (Аллах койгон шарттар жана өлчөмдөргө ылайык) байлардын мал-мүлкүнөн жакырларга жана башкаларга бир жылда бир жолу бөлүп берүү важыб. (Үчүнчүсү): орозо, ал Рамазан айынын күндүзгү күндөрү оозду ачуучулардан өзүн тыюу. Орозо напсинин каалоолорун тарбиялап, сабырдуулукка үйрөтөт. (Төртүнчүсү) ажылык, ал мүмкүнчүлүккө жараша өмүрүндө бир жолу Меккедеги Аллахтын үйүн (Каабаны) максат кылып баруу. Ажылыкта адамдардын баары Жаратуучуга жүздөнүүдө бирдей болушат, ажылык аркылуу теңсиздиктер жоюлат. 102
24- Исламдагы ибадаттардын эң негизги өзгөчөлүгү, алардын аткарылуу тартиптерин, убактыларын, шарттарын Кемчиликтерден Аруу Аллах Өзү (шарият кылып) түзгөн жана аны Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткирген. Ушул күнгө чейин адам баласы ага кошумча да, алымча да киргизген эмес. Мына ушул улуу ибадаттардын баарына пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) баары үгүт кылып чакырган. 109
25- Исламдын элчиси - ал, Абдуллахтын уулу Мухаммад, Ибрахим пайгамбардын уулу Исмаилдин (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) урпагынан. Меккеде 571-жылы туулган. Ошол жерде ага пайгамбарлык берилген. Кийин Мединага көчүп барган. Бутпарастык иштерде коомуна кошуган эмес, бирок улуу иштерде алар менен чогуу болгон. Пайгамбарлыкка чейин эле кулк-мүнөзү мыкты болчу. Эли аны "аманаткөй" деп атачу. Кырк жашка толгондо Аллах аны пайгамбар кылып, көп муъжиза-керметтер менен кубаттады. Булардын эң негизгиси Ыйык Куран. Ал пайгамбарлардын эң улуу аят-белгилеринен, ал пайгамбарлардын аят-белгилеринен бүгүнкү күнгө чейин сакталып калганы. Аллах ага динди толук берди, элчи (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кемчиликсиз, толук жеткирди. Жашы алтымыш үчкө келгенде каза болду. Сөөгү Мединада коюлду. Аллахтын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбар жана элчилердин акыркысы. Аллах аны туура жол жана акыйкат дин менен адамдарды бутпарастыктын, каапырлыктын жана билимсиздиктин караңгылыгынан бир Кудайга сыйынуу ишенимине (таухидге) жана ыйман нуруна чыгаруу үчүн жиберди жана Аллах аны Өзүнүн уруксаты менен динине чакыруучу кылып жибергендигине күбөлүк берди. 114
26- Аллахтын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген Ислам шарияты, илахий диндердин жана шарияттардын акыркысы. Ал кемчиликсиз толук шарият. Ал адамдардын дин жана дүйнөсүн оңдойт. Ал биринчи кезекте адамдардын динин, жанын, мал-дүйнөсүн, акыл-эсин жана урук-урпагын сактайт. Мурдагы шарияттар бири-бирин жокко чыгарган сыяктуу, Ислам шарияты мурдагы шарияттардын баарын жокко чыгарат. 123
27- Кемчиликтерден Аруу Аллах пайгамбар Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген Ислам дининен башка динди кабыл кылбайт. Кимде-ким Исламдан башканы дин деп тутунса, ал кабыл болбойт. 127
28-Ыйык Куран, Аллах элчиси Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар кылып түшүргөн китеп, ал ааламдардын Раббисинин сөзү. Аллах инсандарды жана жиндерди Куран сыяктууну, жок дегенде, анын бир сүрөсү сыяктууну жазгылачы деп атаандаштыкка чакырган, бул чакырык азырга чейин күчүндө. Куран миллиондогон адамдардын башын айланткан, көптөгөн маанилүү суроолорго жооп берет. Ыйык Куран алгачкы түшкөн араб тилинде бүгүнгө чейин сакталуу, андан бир тамга да кемиген эмес. Ал басмада басылып, тараган. Куран улуу, кереметтүү, аны түп нускада же маанилеринин котормосун окууга татыктуу китеп. Ошондой эле Аллахтын элчиси Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүннөтү, анын таалимдери, өмүр жолу, чынжыр-тизмеги үзүлбөгөн ишенимдүү айтып өткөрүүчүлөр аркылуу оозмо-ооз айтылып, сакталып, Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тили болгон араб тилинде басылып жана башка көптөгөн тилдерге которулган. Ыйык Куран жана Аллахтын элчисинин сүннөтү Исламдын жана анын өкүмдөрүнүн бирден-бир булагы. Ислам дини аны кармангандардын иш-аркеттеринен эмес,Аллах тарабынан келген аян-кабардан: Ыйык Курандан жана пайгамбардын сүннөтүнөн алынат. 130
29- Ислам дини ата-эне мусулман эмес болсо да аларга жакшылык кылууну, балдарга кам көрүүнү буйруган. 140
30- Ислам дини бизди сүйлөгөн сөзүбүздөжана кылган ишибизде адилеттүү болууга буйруйт, атүгүл, душманга болсо дагы. 145
31- Ислам бардык жандуу-жансыз жаратылышка жакшы мамиле кылууга буйруйт, ошондой жакшы мүнөздүү болууга, жакшы иштерди кылууга буйруйт. 149
32- Ислам чынчылдык, аманаткөйлүк, (ички) тазалык, уяттуулук, эр жүрөктүк, берешендик, муктажга колдоо көрсөтүү, кыйналга жардам берүү, ачканы тойгузуу, кошунаны сыйлоо, тууган менен катташуу жана айбанаттарга да жакшы мамиле кылуу сыяктуу мактоого татыктуу мүнөздөргө буйруйт. 152
33- Ислам дини, жеп, иче турган азыктардын тазаларын адал кылды. Жүрөктү, денени жана турак жайды да таза кармоого буйруду. Ошондуктан никеленүүнү да адал кылган. Бул нерселерди пайгамбарлар (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да буйрушкан, алар жалаң жакшы иштерге буйрушкан. 159
34- Ислам дини арамдын негиздерин – Аллахка шерик кошуу, каапырлык, айкел-буттарга сыйынуу, билбей туруп Аллахтын атынан сүйлөө, балдарды өлтүрүү, ыйык жанды өлтүрүү, жер бетинде бузук иштерди таратуу, сыйкырчылык кылуу, ачык жана жашыруун жаман иштерди кылуу, зына жана бачабаздыкты арам кылып тыйды. Сүткордукту, өлүмтүктү, бут, айкелдерге чалынган курмандыкты, чочконун этин, бардык ыплас, таза эмес нерселерди арам кылды. Жетимдин акысын жегенди, таразадан, өлчөп-ченөөдөн алдоону арам кылды. Тууган-уруктан кол үзүүнү арам кылды. Бул нерселердин арам экенине бардык пайгамбарлар (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) бир ооздон макул болушкан. 162
35 - Ислам дини жалганчылык, алдамчылык, кыянаттык, куулук, көралбастык, куйтулук, уурулук, зына, залымдык сыяктуу жаман мүнөздөрдөн тыят. Деги эле бардык жек көрүндү жаман мүнөздөрдөн тыят. 171
36- Ислам дини сүткордук, зыян жеткирүү, белгисиздик, залымдык, алдамчылык аралашкан бардык мамилелерден, ошондой эле кырсыкка алып бара турган жана жалпы коомчулукка, элге жана жеке адамдарга зыянын тийгизе турган иштердин баарынан тыят. 179
37- Ислам дини акыл-эсти сактайт, арак ичүү ж.б.у.с. аны буза турган бардык иштерден тыят. Ислам акылдын ордун жогору койду, жоопкер болууга акылды шарт кылды, аны ырым-жырымдардан жана бутпарастык кишендеринен эркин кылып (тазалады). Исламда кайсы бир катмарга гана тиешелүү болгон сырлар же өкүмдөр жок. Исламдын бардык өкүмдөрү, шарияты тунук акылга сыярлык жана адилеттүүлүк менен акылмандыкка дал келет. 183
38- Туура эмес (батыл) динди кармангандар андагы карама-каршылыктарды жана акылга сыйбаган нерселерди өзүнө сиңире албагандыктан, ал диндердин өкүлдөрү: дин акылдан жогору турат, динди жалпылай түшүнүүгө акыл алсыздык кылат деп адаштырышат. Ошол эле учурда Ислам, динди акыл жолун айдыңдаткан жарык нур деп эсептейт. Туура эмес диндердин өкүлдөрү адамдар акылдан четтеп, алардын динин ээрчүүсүн калайт. Ислам болсо, акыйкатты аңдап билүүсү үчүн инсандын акылын ойготууну каалайт. 188
39- Ислам дини туура билимди бийик коёт жана калыс илимий изилдөөлөргө үндөйт. Бизди өзүбүзгө жана курчап турган жаратылышка карап, ойлонууга чакырат. Илимдеги туура илимий (изилдөөлөрдүн) натыйжалары Исламга карыш келбейт. 191
40- Аллах, Ага ыйман келтирип, баш ийип, Анын элчилерин тастыктап ишенгендердин гана амалын кабыл кылып, акыретте сооп-сыйын берет. Аллах, Ислам шариятына төп келген ибадаттарды гана кабыл кылат. Аллахка каапыр болгон инсан, кантип Андан сый үмүт кылсын? Аллах, Анын пайгамбарларынын баарына жана Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгына ыйман келтирген адамдын гана ыйманын кабыл кылат. 195
41- Бардык илахий диндердин максаты: акыйкат диндин инсандын кадыр-баркын көтөрүп, натыйжада ааламдардын Раббиси Аллахка гана калыс кул болуп, пендеге, материалдык нерсеге, ырым-жырымдарга болгон кулдуктан азат кылуу. Көрүп турганыңдай, Ислам кимдир бирөөлөрдү ыйыктабайт, өзүнө ылайык ордунан бийик көтөрбөйт, аларды кудай, илах кылбайт. 200
42- Аллах Исламда тообону шарият кылган, ал: инсандын күнөөнү таштап, Раббисине кайтуусу. Ислам ага чейинки күнөө-каталарды жок кылат. Тообо, ага чейинки күнөөлөрдү жууйт. Тообо кылуу үчүн кимдир бирөөнүн алдында күнөөсүн моюнуна алуу зарыл эмес. 204
43- Исламда пенде менен Аллахтын байланышы түзмө-түз болот. Сени менен Аллахтын ортосунда кимдир бирөөнүн ортомчу болуусунун зарылдыгы жок. Ислам дини пендени "кудай" кылып алуубуздан, же жаратуучулукта, ибадат кылууда Аллахка шерик кылып алуубуздан тыят. 208
44- Бул китепченин акырында, адамдар жашаган заманына, улутуна, өлкөлөрүнө карата ар түрдүү экенин эстейли. Адам коомунун баарынын пикири, максаты бирдей эмес, чөйрөсүндө, аткарган амалдарында ар түрдүү болгон. Ошондуктан адам баласы аларды туура багытка сала турган жол башчыга, башын бириктире турган тартипке, сактай турган өкүмдарга муктаж болгон. Элчилер (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) Аллахтын аян-кабары менен буларга башчылык кылып, адамдарды туура, жакшылыктын жолуна башташты, Аллахтын шариятына баштарын бириктирди. Алардын ортосунда чындык менен өкүм жүргүзүштү. Адамдардын иштеринин оңолуусу ошол элчилердин чакырыктарына жооп берүүлөрүнө жараша болот. Аллах таала бул диндерди Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берген дини менен жыйынтыктады. Аны түбөлүктүү кылды жана адамдарга туура жол, ырайым, нур жана Аллахка баштап бара турган жол кылды. 212
45- Ошон үчүн, о, инсан, сени сокур ээрчүүдөн арылып, туура эмес адат-салттарга берилбей, чын ыклас менен Аллахка гана берилүүгө чакырам. Өлүмдөн кийин Раббиңдин алдына келериңди билгин. Өзүңө, айлан-чөйрөңө кара, Исламды кабыл кыл, дүйнө-акыретте бактылуу болосуң. Исламга кирүүнү кааласаң, "Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок, Мухаммад анын элчиси" деп күбөлүк келтирип, Аллахтан башка бардык сыйынып жаткан нерселериңден арылууң, Аллах кабырдагылардын баарын тирилтерине, эсеп-кысап жана жаза менен сый чындык экенине ишенүүң жетиштүү. Ушул эки ооз келимени айтуу менен сен мусулман болосуң, андан кийин Аллах шарият кылган намазды, зекетти, орозону, мүмкүнчүлүгүң болсо ажылыкты аткарып ибадат кыласың. 216
Оглавление. 222