Илимий классификациялар

معلومات المواد باللغة العربية

Элементтердин саны: 3

  • Кыргызча

    PDF

    “Мына бул Ислам” “Кабырда бериле турган үч суроо”, “Төрт эреже” жана “Исламдан чыгаруучу амалдар” аттуу китептердин баяндамасы

  • Кыргызча

    PDF

    Жалпы үммөт үчүн маанилүү сабактар китебинин баяндамасы. Китеп кыргыз тилинде. Даярдаган доктор Хейсам Сархан. Бул эмгек имам ибн Баздын (Ага Аллахтын ырайымы болсун) "Жалпы үммөт үчүн маанилүү сабактар" аттуу китебине түшүндүрмө. Акыйда, Фикх, Адеп-ахлак менен байланыштуу баардык мусулман үммөтү билүүгө тийиш болгон бир топ илимий маселелер бул китепте жыйналган. Автор китепти таблица жана схема түрүндө түзгөн. Ар бир бөлүктөн кийин текшерүүчү суроолор жана экзамендер келген. Китеп кыска болгонуна карабай кемчиликсиз, жана чарчатып кетчүдөй дагы узун эмес.

  • Кыргызча

    PDF

    Кабырда бериле турган үч суроо; Төрт эреже; Исламдан чыгаруучу амалдар: Китеп кыргыз тилинде. Даярдаган доктор Хейсам Сархан. Китеп өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) Кабырда бериле турган үч суроо. Бул өтө баалуу китеп өзүнө мусулман билүүсү парз болгон эң маанилүү негиздерди камтыйт, жана ал негиздер тууралуу адам кабырында суралат. Бул эмгекте Аллах бизге буйрук кылган кээ бир ибадаттын түрлөрү жана диндин даражалары эскерилген. 2) Төрт эреже: Таухид (Жалгызкудайчылык) эрежелерин, анын аныктамаларын, мушриктер келтирген кээ бир шек-күмөндөрдү жана аларга жоопту баяндай турган кыскача китеп. 3) Исламдан чыгаруучу амалдар: Мусулмандын динине кооптуу болгон эң улуу маселелери эскерилген кыскача китеп. Булардын коркунучтуулугуна карабай адамдар эң көп ушул амалдарды кылышат. Жана бул нерселерден сак болуш үчүн жана буларга түшүп калбашы үчүн мусулман бул китепти үйрөнүүсү милдет. Автор китепти таблица жана схема кылып өтө сонун түзгөн. Ар бир китептен соң экзамен жана текшерүүчү суроолор келген. Китеп кыска болгонуна карабай кемчиликсиз, жана чарчатып кеткендей дагы узун эмес.