100 - Al-Aadiyaat ()

|

(1) Алкынып чуркаган тулпарларга ант!*
* Бул сүрө Меккеде түшүрүлгөн. Он бир аяттан турат. “Аадияттын” мааниси “Тулпарлар”

(2) (Туягынан) от чачырата чуркаган аттарга ант!

(3) Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант!

(4) Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты.

(5) Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди.*
* Аллах тааланын күлүк аттар менен ант ичишинин себеби, алар Аллахтын керемет жаныбарлары жана теңдешсиз нээматы.

(6) Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр!*
* Аллах тааланын нээматтарына ибадат-кулчулук менен жооп бериши керек болчу. Бирок, ал мунун ордуна күнөө үстүнө күнөө жасайт.

(7) Буга анын өзү деле күбөдүр!

(8) Ал байлыкты катуу сүйөт!

(9) Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда…

(10) Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда…

(11) Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан?!*
* Негизинен Аллах тааланын бардык нерселерден кабардарлыгы ошол күнгө чектелбейт. Бул жердеги чектөө ал күндүн өтө маанилүүлүгүн ачып берүү үчүн. Ооба Аллах таала ал күндө пендеге ушул дүйнөдө жасаган бардык иштерин билдирет. Эгер ал иш өтө жашыруун, өтө сырдуу болсо да, адамдар ал күнөө ишти унутуп жиберген болсо да, Аллах унуткан эмес!