(1) (Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант!*
* Бул сүрө дагы Меккеде түшкөн. 21 аяттан турат. «Лайлдин» мааниси “Түн”.
(2) (Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант!
(3) Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант!
(4) Албетте, (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай.
(5) Ким (садака) берсе жана такыбалык кылса
(6) жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса –
(7) Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз.
(8) Ал эми, ким (байлыгын Аллах жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллах бере турган соопту) “керек эмес” десе...
(9) Жана ыйманды жалган десе...
(10) Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз.
(11) (Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат!
(12) Албетте, (адамдарды) туура жолго баштоо Бизге гана таандык иш.
(13) Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда.
(14) Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим.
(15) Ал отко шору каткан адам гана кирет.
(16) Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган.
(17) Андан (тозоктон) такыба киши ыраак болот.
(18) Ал мал-мүлкүн (Аллах жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши.
(19) Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок.*
* “Мага да андан жакшысын кайтараар” деген үмүттө жасала турган эгоисттик жакшылыктар анда тап-такыр жок.
(20) (Ал жасай турган жакшылыктардын бардыгы) эң жогорку Раббисинин ыразычылыгы үчүн гана (жасалат).
(21) Жакында (Аллах аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот.