(1) Күн жана анын жарыгына ант!*
* Меккеде түшкөн. 15 аяттан турат. «Шамс» деген сөздүн мааниси “Күн”.
(2) Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант!
(3) Жана караңгыны жарык кылган күндүзгө ант!
(4) Жана аны ороп кала турган түнгө ант!
(5) Асманга жана аны (бекем) курганга* ант!
* Алла таала Өзүнүн Улуу Кудурети менен ант берүүдө.
(6) Жерге жана аны жайганга ант!
(7) Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант!*
* Аллах таала бардык инсаниятты түз табият менен б. а. адал, таза жана туура Ислам жолунун үстүндө жаратат. Кийин ата-энелери аларды же яхуди, же христиан, же отко сыйынуучу каапыр кылып тарбиялайт. (Ибн Касир).
(8) Ал (Аллах) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбалыгына да илхам берип койду.
(9) Эми, кимде-ким аны (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо жеңишке (бейишке) жетет.
(10) Кимде-ким аны (напсини күнөө менен) тебелеп-кордогон болсо, (бейиштен) үмүтсүз калат.
* Напсини бузбай, таза кармап жүрүүнүн жападан-жалгыз жолу пайгамбар көргөзгөндөй жашоо жана амал кылуу. Ал эми, пайгамбардын таалимин тоотпой, өз башынча жашаган же болбосо ага каяша айткан элдер ар кайсы доордо Аллах тааланын каарына жолуккан жана жолуга бермекчи. Ошондой коомдордун бири Самуд коому.
(11) Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды.
(12) Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду.
(13) Аларга Аллахтын элчиси “Аллахтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллахтын азабы келет!”) деди.
(14) Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды!*
* Төөнү бир эле адам сойгон бирок, башкалары аны кой деген эмес. Тескерисинче, шыкак берип турушкан. Ошондуктан, азап коомдун бардыгына тең келди.
(15) Ал (Аллах таала) бул иштин акыбетинен коркпойт.