95 - At-Tin ()

|

(1) Анжирге ант, Зайтунга ант!*
* Меккеде түшкөн. 8 аяттан турат. «Тийн» деген сөздүн мааниси “Анжир”.

(2) Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна ант!

(3) Жана мына бул тынч шаарга (Меккеге) ант!*
* Аллах таала Иса пайгамбардын мекенинин негизги белгилери болгон анжир, зайтун дарактарына, Муса алейхи салам Аллах таала менен сүйлөшкөн Синай – Тур тоосуна жана Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын пайгамбарга вахий түшүргөн Мекке шаарына ант ичип, кийинки аяттардагы маанилүү нерсенин кабарын берүүдө.

(4) Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык.

(5) Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабыз.

(6) Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп-сыйлыктар бар.

(7) (Оо, инсан!) Ушундан кийин сени динди “жалган” дешке эмне мажбур кылды?

(8) Аллах эң даанышман өкүмдар эмеспи?