110 - An-Nasr ()

|

(1) (Оо, Мухаммад, эгер сага) Аллахтын жардамы жана жеңиши келсе*
* Мединада түшкөн. 3 аяттан турат. «Наср» сөзү «Жардам» деген мааниде.

(2) жана адамдарды Аллахтын динине топ-топ болуп кирип жатканын көрсөң...

(3) Анда, Раббиңе хамд (мактоо) айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура! Чынында, Ал тооболорду кабыл кылуучу!