(1) Асырга ант!*
* Меккеде түшкөн. 3 аяттан турат. «Асыр» сөзүн аалымдар ар кандай түшүндүрүшкөн. Бирөөлөрү «Асыр - бул кылым» десе, экинчи пикирдегилери «Асыр намазынын убактысы», ал эми үчүнчү бөлүгү «Асыр намазы» деп түшүндүрүшөт.
(2) Албетте, (ар бир) инсан зыянда!
(3) Ал эми, ыйман келтирген, салих (сооп) амалдарды жасаган жана бири-бирине акыйкаттык менен сабырдуулукту осуят (насаат) кылгандар гана (зыянда эмес).