102 - At-Takaathur ()

|

(1) (Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду!*
* Меккеде түшкөн. 8 аяттан турат. «Такаасурдун» мааниси “Көбөйтүү”.

(2) Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин.

(3) Жок! (Өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңар!

(4) Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сот-сурак учурунда) билип аласыңар!

(5) Андай эмес, Эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер).

(6) (Эми) тозокту көрүшүңөр анык!

(7) Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөр!

(8) Андан соң, ошол күнү (Аллах аманатка берген) нээматтар жөнүндө албетте сураласыңар!