97 - Al-Qadr ()

|

(1) Чынында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк.*
* Меккеде түшүрүлгөн. 5 аяттан турат.

(2) Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк,) сен кайдан билмек элең?!*
* Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам не окууну, не жазууну билбеген сабатсыз (уммий) киши эле. Ага бардык илимди, ошонун арасынан Кадыр түнү жөнүндөгү илимди да Аллах тааланын Өзү Жебирейил периште аркылуу үйрөткөн.

(3) Кадыр түнү миң айдан да жакшы.

(4) (Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт.

(5) Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)!*
* Анткени, бул түнү Рамазан айынын бардык түндөрү сыяктуу, адамдарды азгыра турган шайтандар кишенделген болот.