81 - At-Takwir ()

|

(1) Күн оролуп (нуру жоголуп),*
* Меккеде түшкөн. 29 аяттан турат. “Таквир” сөзүнүн мааниси “Оролуу”

(2) жылдыздар (кыйрап) төгүлүп,

(3) Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп,

(4) курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,*
* Кыямат кыйроосу башталганда адамдардын көзүнө өз жанынан бөлөк эч нерсенин кызыгы калбайт: Арабдардын назарында эң баалуу деп эсептелип, аздектелген жана «Ишаар» (курсагында он айлык баласы бар) деп аталган төөлөр менен дагы эч кимдин иши болбой, кароосуз калат.

(5) жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп,*
* Жаралгандан бери бири-бирине кас болуп келген коён-карышкыр, кабылан-кийик сыяктуу жапайы айбандар ошол күндүн коркунучунан катуу үркүп, бир жерге чогулуп калышат.

(6) деңиздер жанып – от болуп,

(7) жандар бири-бирине коштолуп…*
* Ал эми «жандардын кошулуусун» кээ бир тафсирчилер жандын денелерге кошулуп кайра тирилүүсү деп түшүндүрүшөт.

(8) Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда -

(9) Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)...*
* Исламга чейинки доордо арабдар эгер кыз перзент көрсө аны тирүү бойдон көмүп салышчу. Ислам келип, бул жапайы жорукту токтоткон.

(10) Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып,

(11) асман сыйрылып алынганда...

(12) Тозок (катуу) кызытылып,

(13) Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде…

(14) (Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет.

(15) Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип,

(16) (аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип,

(17) (караңгысы менен) келген түнгө ант ичип,

(18) агарган таңга ант ичип (айтамын):

(19) Чынында, ал (Куран) Улуу Элчинин Сөзү!*
* Бул аяттагы улуу элчи Жебирейил периште. Ал вахий кабарларын Аллахтан кабыл алып, Мухаммадга жеткирген.

(20) Арш Ээсинин* алдында (Жебирейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч-кубаттуу.
*Аллахтын

(21) Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү.

(22) (Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес.

(23) Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн.

(24) Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес.*
* Аллах ага кандай гана кайып кабарын билдирсе, бардыгын адамдарга жеткирген. Ошондой эле, кайыптагы Аллахтан келген Дин-Шарияттын бирин калтырбай элдерге жеткирген.

(25) Жана ал* каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес!**
* Куран. ** Мушриктер «Мухаммадка эч ким сүйлөй албаган сөздөрдү жин-шайтандар үйрөтөт» дешчү.

(26) Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар?!

(27) Ал (Куран) албетте, ааламдар үчүн эскертүү!

(28) Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!)

(29) Жана силер (оо, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!