(1) Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен!*
* Меккеде түшкөн. 19 аяттан турат. «Алактын» мааниси «Уюган кан». Куран аяттарынын ичинде эң биринчи түшкөнү менен өзгөчөлөнгөн бул сүрөнүн дагы бир аталышы «Икроь».
(2) Ал инсанды уюган кандан жаратты.
(3) Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!
(4) Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү.
(5) Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди.
(6) Жок! Чынында, инсан чектен ашат
(7) өзүн бай-беймуктаж көргөндө!*
* Раббисин жана Акыреттеги сот-суракты унутат. Өзү унутканы жетпегендей, башкаларды дагы жолдон урат, сооп иштерден, намаздан тыят.
(8) Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана.
(9) Көрдүңбү сен тыюу салган кишини
(10) намаз окуган пендеге?
(11) Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо...
(12) Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса…
(13) (Оо, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе?
(14) Билбейби ал Аллах көрүп турганын?!
(15) Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз!
(16) Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан!
(17) Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин!
(18) Биз дагы (“Забания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз!
(19) Жок, сен ага* моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллах таалага) жакын бол!**
* Намаздан тоскон адамга.
** Бул аят Ыйык Курандагы он төрт орунда келчү сажда аяттарынын бири.