56 - Al-Waaqia ()

|

(1) (Кыяматтык) окуя болгондо...*
* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 96 аяттан турат. "Вакеа" "Окуя" деген мааниде.

(2) Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт.

(3) Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү.*
* Куранда кыяматтын бир нече аталыштарынын бири Вакеьа. Кыямат келип калганда, анын белгилерин, коркунучтарын өз көзү менен көргөн бардык акыл-эстүүлєр ага ишенишет. Бирок, ошого чейин эле (бул дүйнөдө) Аллaх тааланын сурагынан коркуп, адал жашагандардын кадыры ал күндө бийик болот. Ишенбей, арам жашагандар төмөн, кор жашоого кабылат.

(4) Жер катуу силкинип, титирегенде...,

(5) Тоолор дагы талкаланып,

(6) чаң-тозонго айланганда...,

(7) Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө:

(8) Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)!

(9) Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!

(10) Алдыңкылар – алдыңкылар.

(11) Ошолор (Аллахка) жакын болгондор!*
* Үч тайпанын биринчиси, амал баракчасы (китеби) оң тарабынан берилген оң тарап ээлери, экинчиси амал баракчасы сол тарабынан берилген сол тарап ээлери. Ал эми үчүнчүсү - эң бактылуу адамдар. Алар - алдыңкылар! Алар Жалгыз Аллахка ибадат кылууда ар дайым алдыңкы сапта турган пайгамбарлар, олуялар, салихтер,шейиттер. Алар бейишке да эң алдыңкы болуп киришет.

(12) Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат.

(13) Мурунку коомдордон болгон көптөгөн жамааттар.

(14) Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт).

(15) Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө

(16) жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат.

(17) (Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт,

(18) Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен.

(19) Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт.

(20) (Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен,

(21) табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт).

(22) Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар.

(23) (Седепте) жашынган бермет сыяктуу!

(24) Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына!

(25) (Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт.

(26) Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат.

(27) Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)!

(28) (Алар) тикенсиз «Сидр»* дарагынын арасында,
* "Сидр" деген жыпар жыттуу бирок, тикенектүү дарак бар. Ал эми бейиштеги Сидр дарагы ушуга окшогон эле жыпар жыттуу, а бирок тикенексиз болот.

(29) Мөмөлүү банан бактарында,

(30) Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө,

(31) (Шар) аккан суулар(дын боюн)да,

(32) Көп мөмө-жемиштердин ичинде

(33) Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн*
* Бул дүйнөнүн мөмөлөрү кыш мезгилинде түгөнүп калат. Ал эми бейиште, кыш, суук деген жок. Мөмө-жемиштер эч түгөнбөй бышып турат.

(34) (Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө!

(35) Биз аларды (бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык.*
* Аллах таала аларды ошол турпатында жараткан.Алар дүйнө сулуулары сыяктуу оболу кичинекей секелек болуп, анан чоңоюшкан эмес.

(36) Биз аларды бикир* кылып жаратып,
* Бикир – күйөөгө тийбеген кыз.

(37) Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук,

(38) Оң тарап ээлери үчүн.

(39) Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан болгон жамааттар.

(40) Акыркылардан болгон жамааттар.

(41) Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!

(42) Алар «самум» менен «хамимдин!»* ичинде
* «Самум» – бул тозоктогу ысык шамал, ал эми «хамим» – кайнаган суу

(43) жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»!

(44) Анын салкыны да жок, көркү да жок.

(45) Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле.

(46) Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан.

(47) Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз?

(48) Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)» – дешкен.

(49) (Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы,

(50) Белгиленген күндүн убадасына чогултулат.

(51) Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар,

(52) «Заккум» дарагын(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер!

(53) Аны менен курсагыңарды толтуруп,

(54) Үстүнөн кайнак суу ичесиңер.

(55) Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»

(56) Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» – ушул!

(57) (Оо, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле!

(58) Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү?

(59) Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы?

(60) Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз,

(61) Силерге окшогондорду (кыйратып башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга.

(62) Билесиңер го, (Аллах жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби?!*
* Аллах силерди экинчи ирет ошондой эле жарата алат.

(63) Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы:

(64) Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү?

(65) Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып:

(66) «Чынында биз зыянга баттык!

(67) (Ырыскыдан) кол жууп калдык!» - демексиңер.

(68) Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы:

(69) Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү?!

(70) Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы?!

(71) Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы?

(72) Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби?

(73) Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн.

(74) Эми (оо, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!

(75) Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин.

(76) Бул өтө улук ант, эгер билсеңер.

(77) Ал – Улук Куран!

(78) Сакталган-жашыруун Китепте!*
* Бул китеп Лавхул Махфуз. Ал периштелердин колунда сакталган жана инсаният менен жиндерден жашыруун болгон Тагдыр Китеби.

(79) Аны (Куранды) таза адамдар гана кармайт.*
* Б.а. Куранды ширктен таза жана даараттуу адамдар гана кармайт.

(80) Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.

(81) Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?!

(82) Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы?!

(83) (Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе,

(84) Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар.

(85) (Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр.

(86) Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор,

(87) (Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор?!

(88) Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо,

(89) (Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр!

(90) Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо,

(91) Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун!

(92) Эгерде ал адашкан жана (Куранды) «жалган» дегендерден болсо,

(93) Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип,

(94) Тозокко ташталат!

(95) Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат.

(96) Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)!