(1) Күтүүсүздөн асман жарылды!*
* Меккеде түшкөн. 25 аяттан турат. “Иншикатын” мааниси “Жарылуу”.
(2) Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу!
(3) Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп,
(4) ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды!
(5) Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу!*
* Жер мүрзөдөгү өлүктөр менен кен-байлыктарын чыгарып, созулган сыяктуу тегиздикке айланат. Тоо-таштар күкүм болуп, тегизделип калат. Мүрзөлөрдөн тирилип, суурулуп чыккан инсандар Раббисине жолугуу үчүн сот-сурак майданына айдалат.
(6) О, инсан! Сен Раббиңе (жолугуу үчүн сооптуу же күнөөлүү иштер менен) түйшөлүп, акырында Ага жолуктуң.*
* Эми алар сообу көп болсо Раббисинен пазилет-сыйлык алышат, күнөөсү көп болсо, азап-жаза алышат. Ал жерде аларга амал китептери таратылып берилет.
(7) Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе,
(8) өтө жеңил суралат.
(9) жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет.
(10) Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе,
(11) (өзүнө) өлүм чакырат.
(12) Жана тозокко ташталат!
(13) Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн ичинде шат-курсант болчу.
(14) Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү.
(15) Жок! Андай эмес! (Ал Раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган!
(16) Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип,
(17) түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип...
(18) Жана толгон кездеги (толук) айга ант ичип (айтамын):
(19) (Оо, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер!*
* Бардык инсан ата-энесинин бел сууларынын аралашмасы - нутфа баскычынан коюу кан, бир тиштем эт, сөөк, ымыркай баскычын "минип-өтүп" төрөлгөн. Анан бөбөктүк, балалык, өспүрүмдүк, жигиттик, кишилик, картаңдык баскычтарын басып өтүп мүрзөгө келип кайра топуракка айланат. (Садий)
(20) Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат?!
(21) Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо, (моюн сунуу менен) сажда кылышпайт?!*
* Бул аят сажда аяты болуп, аны окугандарга жана уккандарга отурган эле жеринде бир жолу сажда кылуу ваажып болот.
(22) Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет!
(23) Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллах эң жакшы билет.
(24) (Оо, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер!
(25) А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!