82 - Al-Infitaar ()

|

(1) Асман жарылып,*
* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 19 аяттан турат. Инфитардын” мааниси “жарылуу”.

(2) Жылдыздар төгүлүп,

(3) деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда...

(4) Жана мүрзөлөр оодарылганда...

(5) (Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат.*
* Кыяматта мүрзөлөр оодарылып, ичиндеги өлүктөргө жан киргизилип, жер сыртына чыгарылат. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам “Силер (ал күнү) жылаңайлак, жылаңач, “сүннөт” кылынбаган абалда (сот-сурак майданына) чогултуласыңар” деген. (“Мишкатул масаабих”. 3/75. 5535-хадис).

(6) Оо, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду?!

(7) Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле!

(8) Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган!

(9) Жок! силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн «жалган» дедиңер!

(10) Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар!

(11) (Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар!

(12) Силердин бардык ишиңерди билип турушат.

(13) Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде.*
* Бул жерде «жакшы кишилер» деп Аллахтын жана адамдардын укугун таанып, аларга кыянат кылбаган жана жаман ойду ойлобогон, жаман иштерди жасабаган кишилерге айтылган.

(14) Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат!

(15) Алар ага (тозокко) сурак күнү ташталат!

(16) Анан андан чыга алышпайт!

(17) (Оо, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?

(18) Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?*
* Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам кайып кабарларын Алла тааладан вахий аркылуу кабар келмейинче, өз алдынча билген эмес.

(19) Ал күнү (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллахтын ыктыярында!