(1) Кориьа!*
* Меккеде түшкөн. 11 аяттан турат. Мааниси 2-аяттын түшүндүрмөсүндө.
(2) Кориьа эмне өзү?!*
* «Кориьа» - бул кыяматтын бир аталышы. Сөздүктөгү мааниси «жүрөктөрдү түшүүрүчү дүрбөлөң» дегенди билдирет.
(3) (Оо, Мухаммад!) Сен Кориьа эмне экенин билбейсиң!
(4) Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат.*
* Тозуган түңкү көпөлөктөр эмне кылганын билбей, жабалактап өзүн отко ура берет. Демек, кыямат дүрбөлөңү башталганда инсандар эс-акылынан танып, бири-бирин басып-тебелеп туш-тушуна тозуп кетишет. Тозубай болобу?! Асман жарылып, жер титиреп, деңиздер өрттөнүп, жылдыздар төгүлүп турса!!!
(5) Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот!
(6) Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе,
(7) ыраазы боло турган жашоодо (бейиште) болот.
(8) Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе,
(9) анын энеси – «Хаавия!»
(10) (Оо, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң.
(11) Ал – катуу кызытылган тозок!