(1) (Оо, Мухаммад)? сен динди «жалган» деген кишини көрдүң беле?!*
* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 7 аяттан турат. "Мааун" "Күндөлүк керектелүүчү шаймандар" деген мааниде.
(2) Мынаке ал, жетимди(н акысына кыянаттык кылып,) түрткүлөгөн адам!
(3) Жана ал жакырды тамактандырууга (элдерди) үгүттөгөн эмес.*
* Кийинки аяттарда Аллах таала кээ бир адамдар намаз окуса деле... тозокко түшүп калуусун айтат. Ал кандай адамдар экен? Жооп кийинки аятта.
(4) (Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун!
(5) Алар намаздарын унутуп коюшат.*
* «Намазды унутуп коюу” деп өз убактысынан себепсиз кечиктирүү, парыздарын, шарттарын кемитип окуу сыяктуу күнөөлөргө айтылат.
(6) Алар (намазда жана башка ибадаттарда) рия* кылышат.
* «Рия» - бул эл көрсүнгө жасалган ибадат. Рия от сыяктуу. Ибадаттын соопторун күйдүрүп жиберет.
(7) Жана (муктаждардан) буюм-шаймандарды кызганышат.