(1) Айткын (оо, Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен*
* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 6 аяттан турат. «Ан-Нас» «Инсандар» деген маанини билдирет.
(2) Инсандардын падышасынан;
(3) инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин –
(4) (Аллахтын ысымы айтылганда) жашынып калуучунун* жамандыгынан.
* Шайтандын.
(5) Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат.
(6) Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот.*
* Аллах таала Куранда инсандарды ак жолдон азгырган адамдарды да «шайтан» деп атайт.