(1) Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин.*
* Меккеде түшкөн. 17 аяттан турат. «Таариктин» мааниси 2-3-аяттарда.
(2) (Оо, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң.
(3) Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз.
(4) Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар.
(5) Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын!
(6) Атырылган (бел) суудан жаратылган.
(7) (Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат.
(8) Ал (Аллах) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү!
(9) Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө.
(10) (Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт.*
* Бул дүйнөдө инсан кылмыш жасаса акчанын, тааныштын жана аброюнун кудурети менен жазадан кутулуп кете алат. Акыреттечи? Анда ал тек гана Аллахтын өкүмү астында болот.
(11) Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу!
(12) Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү:
(13) Ал (Куран) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз!
(14) Азил-тамаша (сөз) эмес!
(15) Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат.
(16) Мен дагы амалкерлик кыламын.
(17) Эми, сен (Оо, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер.*
* Каапырлар айлакерлик жасашат. Аллах алардан амалдуурак: же ошол учурдун өзүндө жазалайт же болбосо, аларга дагы эле кенен ырыскы, узун өмүр - мөөнөт берет. Алар көөп, күнөө үстүнө күнөө жасап, тозок азабына дагы да көбүрөөк ылайык болушат.