94 - Ash-Sharh ()

|

(1) (Оо, Мухаммад!) Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи?*
* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 8 аяттан турат. “Шарх” сөзү “ачуу”, “кеңейтүү” деген мааниде. Аллах таала пайгамбарынын көкүрөгүн, дил-жүрөгүн динге, дааватка жана улуу кулк-мүнөзгө кең кылды.

(2) Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык.

(3) Ал сенин желкеңди эзип турган.

(4) Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк.*
* Мусулмандар качан келме, азан, такбир айтып Аллахты эскеришкенде “Мухаммад” деген ысымды да кошо айтып, эскеришет.

(5) Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.

(6) Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.

(7) Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш

(8) жана Раббиңе* гана умтул!
* Анын алдындагы соопторго.