99 - Az-Zalzala ()

|

(1) Жер катуу титирегенде*
* Бул сүрө Мединада түшкөн. Сегиз аяттан турат. “Залзаланын” мааниси “Жер титирөө”

(2) жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда…*
* Бул аяттар Кыямат кайымдын болоор алдындагы алааматтар жөнүндө баян. Ошондо жер катуу титирегенден улам анын ичиндеги өлүктөр жана кен байлыктардан турган “жүктөр” сыртына чыгып калат.

(3) Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт.

(4) Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт.

(5) Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.*
* Жер дагы Кыяматта күбөгө өтүүчү макулуктардын бири. Аллах “сүйлө” деп буюрганда, ал өзүнүн үстүндө ким эмне иш жасаганын айтып берет.

(6) Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет.

(7) Жана ким кыпын салмагындай* жакшылык кылган болсо – аны көрөт
* Бул аяттагы مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ (мискаала зарратин) деген сөздү "кыпындай" деп которуу анын маанисин толук ачып бере албайт. Аяттагы مِثۡقَالَ "мискаала" деген сөз салмакты түшүндүрөт. Бул маани өз кезегинде кыяматтагы таразага ишаарат.

(8) жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо – ошону көрөт.