100 - Al-Aadiyaat ()

|

(1) Аллах катуу чуркаганда дем алганы угулган тулпарлар менен ант берди.

(2) Жана туяктары ташка катуу тийгенде от чачыраган тулпарлар менен ант берди.

(3) Жана таң заарда душманга чабуул койгон тулпарлар менен ант берди.

(4) Ошондо алар жүгүрүктөрү менен чаңды сапырып жиберишти.

(5) Андан соң атчандар душмандын жоон тобун жарып киришти.

(6) Чындыгында инсан Раббиси андан каалаган жакшылыктан баш тартуучу.

(7) Ал жакшылыктан баш тартканына өзү күбө. Ал ачык эле көрүнгөнү үчүн аны тана албайт.

(8) Ал байлыкты ашыкча сүйгөнү үчүн сараңдык кылат.

(9) Бул дүйнө жашоосуна алданган адам, эгер Аллах өлүктөрдү кабырлардан тирилтип, аларды сурак, сыйлык жана жаза үчүн жерден чыгарганда абал ал ойлогондой болбосун билбейби?

(10) Жүрөктөрдөгү ниеттер, ишенимден жана башка нерселер ачыкка чыкканда.

(11) Чындыгында алардын Раббиси ал күнү алардан кабардар. Пенделеринин эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Жакында аларга анын сыйлыгын же жазасын берет.