101 - Al-Qaari'a ()

|

(1) Катуу коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган кыямат сааты.

(2) Өз коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган бул кыямат сааты деген эмне?

(3) Оо, пайгамбар! Өз коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган бул кыямат саатын сен кайдан билмек элең? Чындыгында ал – кыямат күн.

(4) Адамдардын жүрөк үшүн алган күндө алар чар тарапка чачыраган көпөлөктөр сыяктуу болуп калышат.

(5) Жана тоолор тез жүрүшүндө жана кыймылында тытылган жүн сыяктуу болуп калат.

(6) Кимдин жакшылык иштери жамандык иштеринен басымдуу болсо,

(7) анда ал бейиште көңүлдөгүдөй жашоодо болот.

(8) Ал эми кимдин жамандык иштери жакшылык иштеринен басымдуу болсо,

(9) анда анын кыямат күндөгү турак жайы тозок болот.

(10) Оо, пайгамбар! Ал эмне экенин сен кандай билмек элең?

(11) Ал – абдан ысык тозок.