95 - At-Tin ()

|

(1) Аллах анжир жана ал өскөн жер менен ант берди. Ошондой эле зайтун жана ал өскөн Палестина жергеси менен ант берди. Ал жерде Иса пайгамбар болуп жиберилген.

(2) Жана Муса пайгамбар Раббиси менен мунажат кылган Синай тоосу менен ант берди.

(3) Жана кирген адам коопсуз болгон ыйык Мекке шаары менен ант берди. Ал жерде Мухаммад пайгамбар болуп жиберилген.

(4) Чындыгында Биз инсанды келишкен турпатта жана эң сонун келбетте жараттык.

(5) Андан кийин Биз аны дүйнөдө карылыкка жана акыл-эстен тайган абалга кайтардык, ошондо ал табияты бузулгандыгынан пайда көрбөгөнү сыяктуу денесинен да пайда көрбөйт жана тозокко барат.

(6) Бирок Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар каарыса да алар үчүн түгөнбөгөн түбөлүктүү сыйлык болгон бейиш бар. Анткени алар табияттарын тазартышты.

(7) Эй, инсан! Анын кудуреттүүлүгүнүн көптөгөн белгилерин көргөндөн кийин сыйлык жана жаза күнүн жалганга чыгарууга сага эмне түрткү берди?

(8) Кыямат күнүн сыйлык жана жаза күн кылган Аллах – эң даанышман жана эң адилеттүү өкүмдар эмеспи? Аллах жакшылык кылуучуга сыйлыгын жана жамандык кылуучуга жазасын бербестен, пенделеринин ортосунда өкүм кылбастан, аларды жөн эле таштап койгону акылга сыймак беле?