110 - An-Nasr ()

|

(1) Оо, пайгамбар! Сенин диниңе Аллахтын жеңиши, аны күч-кубаттуу кылуусу келсе жана Меккени багындыруу ишке ашса

(2) жана адамдар биринин артынан бири топ-топ болуп Исламга кирип жатканын көрсөң,

(3) анда бул сен жиберилген иштин аяктап баратканынын белгиси экенин билгин. Эми сен жеңиш жана багындыруу жакшылыгына шүгүр кылып, Раббиңе мактоолорду айтып аруула жана Андан кечирим сура. Чындыгында ал пенделеринин күнөөлөрүн кечирип, тооболорун кабыл кылуучу.