47 - Muhammad ()

|

(1) Аллах каапырлык кылгандардын жана адамдарды Анын дининен бургандардын иш-аракеттерин жокко чыгарды.

(2) Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди жасаган жана Аллах Өзүнүн элчиси Мухаммадга түшүргөн нерсени Раббиси тараптан келген акыйкат деп ишенген адамдардын күнөөлөрүн өчүрөт, аларды жазалабайт жана алардын дүйнөлүк жана акыреттик иштерин оңдойт.

(3) Эки топко карата эскерилген бул жаза менен сыйлыктын себеби – Аллахка каапырлык кылгандар жалганды ээрчишти, ал эми Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргендер Раббиси тараптан келген акыйкатты ээрчишти. Ошондуктан алардын сыйлыгы менен жазасы аракеттерине жараша айырмаланды. Ошондой эле Аллах ыймандуулар менен каапырлардан болгон эки топтун өкүмүн баяндады. Аллах адамдарга өздөрүнүн мисалдарын келтирет, ар ким өзүнө окшогон менен бирге болот.

(4) Оо, ыймандуулар! Согушчан каапырлар менен беттешсеңер, алардын моюндарын кылычыңар менен кыя чапкыла. Алардан өлгөндөр көбөйүп, алардын күч-кубатын жок кылганга чейин согушту уланткыла. Алардын көпчүлүгүн өлтүргөндөн кийин туткундардын кишендерин бекем байлагыла. Эгерде аларды туткунга түшүрсөңөр, анда пайдасына жараша тандооңор бар, ордуна эч нерсе албай азат кылгыла же акчалай же башка түрдө кун төлөткүлө. Каапырлар Исламды кабыл алуусу же келишим түзүүсү менен согуш аяктаганга чейин алар менен согушууну токтотпогула. Ыймандуулардын каапырлар менен сыналуусу, абалдардын алмашуусу, бири-биринин үстүнөн жеңишке жетүү сыяктуу бул айтылган нерселер – Аллахтын даанышмандыгы. Эгерде Аллах каапырларды согушсуз эле жеңүүнү каалаганда, Ал аларды жеңмек. Бирок Ал аларды бири-бири аркылуу сынаш үчүн согушту өкүм кылды. Ал ыймандуулардан кимиси согушарын, кимиси согушпасын сынайт, ошондой эле каапырды ыймандуу адам аркылуу сынайт. Эгерде ыймандуу өлтүрүлсө, ал бейишке кирет. Эгер ал ыймандуунун колунан өлсө, ал тозокко кирет. Аллах жолунда өлтүрүлгөн адамдардын иш-аракеттерин Аллах эч качан жок кылбайт.

(5) Аларга дүйнө жашоосунда акыйкат жолду ээрчүүгө ийгилик берет жана иштерин оңдойт.

(6) Жана аларды кыямат күнү бейишке киргизет. Аларга дүйнөдө анын сыпаттарын баяндап берген, алар аны билишкен жана акыретте аларга ал жактагы орундарын билдирет.

(7) Оо, ыйман келтиргендер жана шариятты аткаргандар! Эгерде Аллахка Анын пайгамбарын жана динин колдоп жана каапырлар менен согушуп жардам берсеңер, Ал силерди алардын үстүнөн жеңишке жеткирүү менен колдойт жана алар менен согушта беттешкенде кадамдарыңарды бекем кылат.

(8) Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандарга кыйроо жана жоготуу болот жана Аллах алардын иш-аракеттеринин сообун жокко чыгарат.

(9) Алар Аллахтын Өз элчисине түшүргөн жана Ага сыйынууну камтыган Куранды жаман көрүшкөнү себептүү аларга ушундай жаза берилди, Аллах алардын иш-аракеттерин жок чыгарды. Ошондуктан алар дүйнөдө жана акыретте кыйроого учурашты.

(10) Ал жалганчылар жер бетин кезип, алардан мурунку жалганга чыгаргандардын акыбети кандай болгонун ойлонуп көрүшпөйбү? Акыбети кейиштүү болгон. Аллах алардын турак-жайларын талкалап, алардын өздөрүн, бала-чакаларын жана байлыктарын кыйратып жок кылган. Каапырлар үчүн бүткүл учурда жана бардык жерде ушундай жазалардын мисалдары бар.

(11) Бул айтылган сыйлык жана жаза эки топтогулар үчүн. Анткени Аллах ыйман келтиргендердин Колдоочусу. Ал эми каапырларга эч кандай колдоочу болбойт.

(12) Чындыгында Аллах Өзүнө жана Анын элчисине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарды хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдыларынан дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Ал эми Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар өз каалоолоруна ээрчип дүйнөдө жыргалчылыкка батышат. Алар айбандар жеген сыяктуу жешет. Алар курсактары менен жыныс мүчөлөрүнөн башка эч нерсени ойлонушпайт. Кыямат күнү тозок алардын кире турган турак-жайы болот.

(13) Сени элиң кууп чыккан Меккеден да күч-кубаттуу, байлыгы да, бала-чакасы да көп болгон мурунку коомдордун канчалаган шаарларын, алар пайгамбарларын жалганга чыгарышканда кыйратып жок кылдык. Аларга Аллахтын азабы келгенде аларды куткарган эч бир колдоочу болбоду. Эгерде Биз Мекке элин кыйратууну кааласак, эч ким Бизди алсырата албайт.

(14) Раббиси тараптан ачык-айкын далилге ээ болуп, Ага илимдин негизинде сыйынган адам, шайтан ага жаман иштерин кооз кылып көргөзгөн жана айкелдерге сыйынуу, күнөөлөрдү кылуу, пайгамбарларды жалганга чыгаруу сыяктуу алардын напсилери каалаган нерселерди ээрчиген адам сыяктуу болуп калмак беле?

(15) Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбалар кирет деп убада кылынган бейиштин сыпаты – ал жакта туруп калса да жыты жана даамын бузулбаган суу дарыялары бар, даамы өзгөрбөгөн сүт дарыялары бар, ичкендерге жагымдуу шарап дарыялары бар, кошулмалардан тазаланган бал дарыялары бар, ошондой эле алар каалагандай ар түрдүү мөмө-жемиштер бар. Булардан сырткары алар үчүн Аллах тараптан күнөөлөрүнө кечирим бар, аларды ал үчүн жазалабайт. Эми ушундай сыйлыкка ээ болгон адам менен тозокто кала турган адам тең болобу? Ал тозоктон эч качан чыкпайт, ага кайнак суу ичирилет, анын ысыктыгынан курсагындагы ичегилери үзүлүп кетет.

(16) Оо, пайгамбар! Эки жүздүүлөрдүн арасында сенин сөзүңдөн жүз буруп, кабыл албай уккандары бар. Качан алар сенин алдыңдан чыгышканда жүз буруп, билмексен болуп: «Ал жаңы эле сүйлөгөн сөзүндө эмне деп айтты?» – деп Аллах илим бергендерден сурашат. Аллах ошолордун жүрөктөрүнө мөөр басты. Ошондуктан аларга эч кандай жакшылык жетпейт жана алар өз каалоолорун ээрчүүсү аларды акыйкатка көр кылып койду.

(17) Ал эми акыйкат жолго түшүп, пайгамбар алып келген нерсеге ээрчигендерди Раббиси алардын туура жолго түшүүсүн жана жакшылыкка карай ийгилигин дагы көбөйтөт жана аларды тозоктон сактаган иштерди аткарууну көңүлдөрүнө салып коёт.

(18) Каапырлар алдын ала билбестен туруп кыяматтын капыстан келишин гана күтүп жатышабы? Анын белгилери келип калды. Алардын бири пайгамбардын келиши жана Айдын бөлүнүүсү болду. Эгерде аларга кыямат келсе, алар кантип эскеришмек эле?

(19) Оо, пайгамбар! Билгиниң, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Аллахтан өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн кечирим сура жана ыймандуу эркектер менен аялдардын күнөөлөрү үчүн кечирим сура. Аллах силердин күндүздү иш-аракеттериңерди билет жана түнкү жайларыңарды билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.

(20) Ыйман келтиргендер Аллах Өз элчисине согушууну камтыган сүрөөнү түшүрсө экен деп үмүт кылып: «Аллах согушуу тууралуу айткан сүрөө түшүрсө болот эле!» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Качан Аллах согушуу тууралуу сөздү камтыган, баяндоосу жана өкүмдөрү анык сүрөөнү түшүргөндө жүрөктөрүндө шек-күмөнү бар эки жүздүүлөр катуу коркунучтан улам өздөрүн жоготуп сени тиктеп туруп калышканын көрөсүң. Аллах аларга согушуудан кетекчиктеп, андан коркушканы үчүн аларга жакын калган азапты эскертти.

(21) Ошондой эле Аллахтын буйругуна баш ийүүсү жана жамандыкты камтыбаган жакшы сөздөрдү сүйлөөсү алар үчүн жакшыраак. Согуш парз кылынып, иш олуттуу болгон кезде алар Аллахка ыйман келтирүүдө жана Ага моюн сунууда чынчыл болушса, анда бул алар үчүн эки жүздүүлүктөн жана Аллахтын буйруктарына баш ийбестик кылуудан жакшыраак болмок.

(22) Абалыңарга карай турган болсок, силер Аллахка ыйман келтирүүдөн жана Ага баш ийүүдөн баш тартсаңар, анда караңгы доордогу абалыңар сыяктуу жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылып, туугандык мамилелерди үзүп жиберишиңер мүмкүн.

(23) Жер бетинде бузукулукту жайган жана туугандык мамилени үзгөн сыяктуу сыпаттагы адамдарды Аллах Өз ырайымынан алыстатты, кулактарын акыйкатты кабыл алып угуудан дүлөй кылды жана көздөрүн үлгү алып кароодон сокур кылды.

(24) Мына ошол жүз бургандар Куран жөнүндө ойлонушпайбы жана андагы айтылгандарга ой жүгүртүшпөйбү? Эгерде ал тууралуу ой жүгүртүшкөндө, ал аларды жакшылыкка багыттамак жана бардык жамандыктардан алыстатмак. Же алардын жүрөктөрүндө насаатты жеткирбеген, эскертмеден пайда бербеген бекем жабуучу кулпулар барбы?

(25) Аларга далил келип, пайгамбардын чынчылдыгы анык болгондон кийин ыймандан баш тартып, каапырлык менен эки жүздүүлүккө кайткандарга шайтан алардын каапырлыгы менен эки жүздүүлүгүн кооз кылып көргөзүп койду, аны аларга жеңил кылды жана аларды куру кыялдар менен үмүттөндүрүп койду.

(26) Бул адашуунун себеби, алар пайгамбарга түшкөн аян-кабарды жаман көргөн мушриктерге жашыруун сыр кылып: «Биз согушуудан баш тартуу сыяктуу кээ бир иштерде силер менен биргебиз» – дешти. Аллах алардын жаап-жашырган сырларын билет. Ага эч нерсе жашыруун эмес. Ал ал сырлардан Өзү каалаганын пайгамбарына билдирет.

(27) Жан алууга милдеттүү болгон периштелер алардын жандарын алып, аларды жүздөрүнө жана аркаларына темир союл менен уруп жаткандагы алардын азабы жана оор абалы кандай болот деп ойлойсуң?

(28) Бул азаптын себеби, алар Аллахтын ачуусун келтирген каапырлык, эки жүздүүлүк, Аллахка жана Анын элчисине каршы чыгуу сыяктуу бардык нерселерди ээрчишти жана алар Аллахка ыйман келтирүү, Анын элчисин ээрчүү сыяктуу Раббисинин ыраазылыгына жеткирип, Ага жакындаткан нерселерди жаман көрүштү. Мына ошондуктан Аллах алардын иштерин жокко чыгарды.

(29) Жүрөктөрүндө шек-күмөнү бар эки жүздүүлөр, Аллах алардын жек көрүүлөрүн ачыкка чыгарбайт деп ойлоштубу? Ыйман келтирүүдө чынчылды жалганчыдан айырмалаш үчүн, ыймандууну ачыктап, эки жүздүүнүн жүзүн ачыш үчүн Ал аларды сыноолор аркылуу сөзсүз ачыкка чыгарат.

(30) Оо, пайгамбар! Эгерде Биз эки жүздүүлөрдү сага билдирүүнү кааласак, анда билдирип коймокпуз. Анан сен аларды белгилеринен билип алмаксың. Жакында сен аларды сүйлөгөн сөздөрүнөн билип баштайсың. Аллах силердин иш-аракеттериңерди билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын сыйлыгын же жазасын берет.

(31) Оо, ыймандуулар! Биз силердин араңарда Аллах жолунда чындап согушкандарды жана душмандар менен согушууда сабырдуулук кылгандарды билиш үчүн согуш, душмандар менен салгылашуу жана өлтүрүү аркылуу сөзсүз сынайбыз. Ошондой эле силерден ким чынчыл, ким жалганчы экенин билиш үчүн да сынайбыз.

(32) Аллахка жана Анын элчисине каапыр болуп, өзүн жана башкаларды Аллахтын дининен тыйгандар, пайгамбардын пайгамбар экенин билгенден кийин ага каршы чыгып, душман болгондор Аллахка эч кандай зыян келтире албайт. Чынында, алар өздөрүнө гана зыян келтирет. Жакында Аллах алардын иш-аракеттерин жокко чыгарат.

(33) О, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын жана Анын элчисинин буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып моюн сунгула. Иш-аракеттериңерди каапыр болуу менен жана элге көрсөтүү үчүн жасап жокко чыгарып албагыла.

(34) Аллахка каапырлык кылгандар, өздөрүн жана адамдарды Аллахтын дининен буруп, андан соң тообо кылбастан каапырлыкта өлгөндөрдүн күнөөлөрүн Аллах эч качан кечирбейт.

(35) Оо, ыймандуулар! Душман менен беттешүүдө алсырабагыла! Алар силерди тынчтык келишимине чакырганга чейин силер аларды чакырбагыла. Силер алардын үстүнөн үстөмсүңөр, жеңүүчүсүңөр. Аллах Өз жардамы жана колдоосу менен силер менен бирге. Ал силердин иштериңердин соопторунан эч нерсени кемитпейт. Тескерисинче, айкөлдүгү жана берешендиги менен көбөйтүп берет.

(36) Чындыгында дүйнө жашоосу оюн жана көңүл ачуу. Андыктан акылы бар адам акырет ишин таштап дүйнө менен алектенбейт. Эгерде силер Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирсеңер жана Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштасаңар, анда Ал иш-аракеттериңердин сообун кемитпестен толук берет. Ал силердин мал-мүлкүңөрдүн баарын талап кылбайт. Чындыгында Ал силерден зекетке милдеттүүсүн гана талап кылат.

(37) Эгерде Ал силердин бардык мал-мүлкүңөрдү талап кылса жана аны талап кылууда айтканынан кайтпаса, анда силер сараңдык кылып баштайсыңар. Анан Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү Анын жолунда мал-мүлк сарптоого болгон жек көрүүңөрдү чыгарып коёт. Ошондуктан Ал силерге ырайым кылып аны талап кылган жок.

(38) Мына силер мал-мүлкүңөрдүн бир бөлүгүн Аллах жолуна сарптоого чакырылдыңар, силерден анын баарын сарпта деп талап кылынган жок. Араңарда кээ бирлер сараңдыктан улам талап кылынган өлчөмдү бербейт. Кимде-ким мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн Аллах жолуна сарптоого сараңдык кылса, анда ал аныгында сооптон куру калып өзүнө гана сараңдык кылды. Аллах Беймуктаж, Ал силердин сарптаганыңарга муктаж эмес. Силер Ага мужтажсыңар. Эгерде силер Исламдан каапырлыкка кайтсаңар, Ал силерди кыйратып, ордуңарга башка коомду алып келет. Кийин алар силердей болушпайт. Тескерисинче, алар Ага моюн сунушат.