(1) О, пайгамбар! Эгерде сен же сенин үммөтүңдөн кимдир бирөө аялына талак бермекчи болсо, ага биринчи идда мөөнөтүндө талак берсин, тагыраак айтканда, айыздан тазалангандан кийин жыныстык катнаш кылбай туруп талак берсин. Эгерде аялыңарды өзүңөргө кайтарууну кааласаңар, анда аларды кайтарып алууңар үчүн идда мөөнөтүн эстеп калгыла. Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахтан корккула. Талак берген аялдарыңарды алар жашаган үйдөн чыгарбагыла жана идда мөөнөтү бүтмөйүнчө өздөрү да чыкпасын, эгер алар зына сыяктуу ачык бузукулук кылбаган болсо. Бул өкүмдөр пенделерине Аллахтын белгилеп койгон чектери. Ким Аллахтын чегинен чыкса, анда ал Раббисине баш ийбегени үчүн өзүнө-өзү зыян келтирип зулумдук кылды. Эй, ажырашуучу! Балким, Аллах андан кийин жүрөгүнө каалоо киргизип, аялын кайра өзүнө аялдыкка алар, муну сен билбейсиң.
(2) Эгерде алардын идда мөөнөтүнүн бүтүшү жакындап калса, анда аларды чын көңүл жана жакшы мамиле менен кайтарып алгыла же алардын алдындагы милдеттерди аткаруу менен бирге алар өзүнө-өзү ээлик кылыш үчүн аларды кайтарбастан иддасы бүткүчө күткүлө. Эгерде аларды кайтарууну же ажырашууну кааласаңар, анда талаш-тартыш жаралбаш үчүн араңардан эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. Эй, күбөлөр! Аллахтын Жүзүн көздөп күбөгө өткүлө. Бул айтылган өкүмдөр Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтиргендерге эскертме. Анткени ошолор эскертмеден жана насааттардан пайда алышат. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Аллах аны башына түшкөн бардык кыйынчылыктардан чыгарат.
(3) Жана ага оюна келбеген тараптан ырыскы берет. Ким өз иштеринде Аллахка таянса, Ал ага жетиштүү. Чындыгында Аллах Өз буйругун ишке ашыруучу. Аны эч нерсе алсырата албайт жана Ал бир дагы нерсени өткөрүп жибербейт. Аллах ар бир нерсенин бүтө турган өлчөмүн белгилеп койгон. Кыйынчылыктын да өлчөмү бар, бакубатчылыктын да өлчөмү бар. Инсанда алардын бирөөсү эле дайым боло бербейт.
(4) Талак берилген аялдар карылык себептүү айызы токтоп калган болсо жана силер алардын идда мөөнөтү тууралуу шектенсеңер, алардын идда мөөнөтү үч айга барабар. Ал эми жаштыгы себептүү айызы келбегендердин идда мөөнөтү да үч айга барабар. Кош бойлуу аялдардын талакка же күйөөсү өлгөнгө байланыштуу идда мөөнөтү бала төрөлүшү менен бүтөт. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Аллах анын иштерин жеңилдетет жана ага бардык кыйынчылыктарды жеңил кылат.
(5) Оо, ыймандуулар! Талак берүүгө, кайра кайтарууга жана идда мөөнөтүнө байланыштуу бул айтылган өкүмдөр – Аллах силерди иш жүзүндө аткарсын деп түшүргөн өкүмү. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Ал анын кылган күнөөлөрүн өчүрөт жана акыретте улуу сыйлыкты берет. Ал –бейишке кирүү жана эч качан бүтпөгөн жыргалчылыкка жетүү.
(6) Оо, күйөөлөр! Шартыңарга жараша аларды өзүңөр менен чогу жашаткыла. Аллах силерге андан башкасын милдеттендирбейт. Аларга кысым көрсөтүү максатта турак-жай, камсыздоо жана башка боюнча зыян келтирбегиле. Эгерде талак берилген аялдар кош бойлуу болсо, аларды төрөгөнгө чейин камсыздагыла. Эгер балаңарды эмизсе, анда аларга сүт акысын бергиле жана анын акысы тууралуу жакшылап сүйлөшүп алгыла. Эгерде күйөөсү аялы сураган акыга сараңдык кылса жана аял дагы сараңданып, өзү сурагандан башкага канааттанбаса, анда атасы баласын эмизгенге башка аял жалдасын.
(7) Мал-мүлкү кенен адам талак берген аялына жана баласына байлыгынан сарптасын. Ал эми ырыскысы тартыш адам Аллах ага берген нерседен сарптасын. Аллах эч кимге берген нерсесинен башканы милдет кылбайт, андан ашыкчасын жана колунан келбегенин милдеттендирбейт. Аллах ага тарчылык жана кыйынчылык абалынан кийин кененчиликти жана бакубатчылыкты кылат.
(8) Көптөгөн шаарлар Раббисинин жана Анын элчилеринин буйруктарына баш ийбестик кылышканда, Биз алар менен күнөө иштери үчүн катуу эсептештик жана аларды дүйнөдө жана акыретте коркунучтуу азапка салдык.
(9) Алар күнөө иштеринин жазасын тартышты жана анын дүйнөдөгү жана акыреттери акыбети жоготуу болду.
(10) Аллах аларга катуу азапты даярдап койду. Оо, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген акыл ээлери! Алардын башына келген нерсе силерге да келбеш үчүн Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккула. Аллах силерге Ага баш ийбестик кылуунун арты жаман бүтөрүн жана Ага баш ийүүнүн акыбети жакшы болорун эскерткен эскертмени түшүрдү.
(11) Ал эскертме – Анын элчиси. Ал Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисин чынчыл деп тастыктагандарды жана жакшылык иштерди кылгандарды адашуунун караңгылыгынан туура жолдун нуруна чыгаруу үчүн эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын аяттарды окуп берет. Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылса, Аллах аны хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Ал жакта түбөлүк калат. Аллах аны жыргалчылыгы бүтпөгөн бейишке киргизип, анын ырыскысын сонун кылып койду.
(12) Аллах жети кабат асманды жаратты жана жети кабат асманды жараткан сыяктуу жети кабат жерди да жаратты. Силер Аллахтын бүткүл нерсеге болгон кудуреттүүлүгүн, Аны эч бир нерсе алсырата албасын жана Ал илими менен бүткүл нерсени камтып, асмандар менен жердеги эч бир нерсе Ага жашыруун эмес экенин билишиңер үчүн Аллахтын ааламдык жана шарияттык өкүмдөрү алардын ортосуна түшүп турат.