(1) Аллах кыямат күнү менен ант берди. Ал күнү адамдар ааламдардын Раббиси үчүн турушат.
(2) Жана жакшылык иштерди кылууда кемчиликтерди кетирген жана күнөөлөрдү кылган адамды жемелеген жакшы жан менен ант берди. Ал адамдарды суракка алуу, сыйлыгын же жазасын берүү максатта аларды кайра тирилтүү үчүн бул эки нерсе менен ант берди.
(3) Инсан өлгөндөн кийин Биз аны кайра тирилтүү үчүн сөөктөрүн чогулта албайбыз деп ойлоп жатабы?
(4) Албетте! Биз аны чогултуу менен бирге анын манжаларынын учтарын мурдагыдай кемчиликсиз жаралган калыбына кайрадан келтире алабыз.
(5) Бирок инсан кайра тирилүүнү четке кагуу менен бузукулугун токтотпостон улантууну каалайт.
(6) Ал кыямат күн болушу мүмкүн эмес дегендей: «Ал качан болот?» – деп сурайт.
(7) Качан ал жалган деп айткан нерсени көргөн кезде көздөрү алаңдап, нес болуп калат.
(8) Айдын нуру өчөт.
(9) Күн менен Ай биригет.
(10) Ошол күнү бузуку адам: «Кай жакка качам?» – деп айтат.
(11) Ал күнү качып кутулуу жок, бузуку адам баш калкалоочу жер жок, ал коргонуучу жай жок.
(12) Оо, пайгамбар! Ал күнү сурак берүү, жаза же сыйлык алуу үчүн Раббиңе гана кайтуу бар.
(13) Ал күнү инсанга мурунку жана кийинки кылган иштери тууралуу кабар берилет.
(14) Бирок инсан өзүнө каршы күбөгө өтөт. Анткени анын дене мүчөлөрү кылган күнөө иштери тууралуу ага каршы күбө болушат.
(15) Эгерде ал жамандык иш кылбадым деп өз таламын талашып, ар кандай шылтоолорду айтса да, ага пайда келтирбейт.
(16) Оо, пайгамбар! Куранды эсиңден чыгып кетпесин деп шашылып тилиңди кыймылдата бербе!
(17) Чындыгында аны көкүрөгүңө топтоо жана кыраатын тилиңе жатык кылуу – Биздин милдетибиз.
(18) Сага Биздин элчи Жебирейил (Курандан) окуганда, аны унчукпай ук.
(19) Андан соң аны сага чечмелеп берүү да – Биздин милдетибиз.
(20) Жок! Бул нерсе силердин кайра тирилүү мүмкүн эмес деп айтканыңардай эмес. Анткени силер билесиңер, силерди абалдатан жаратууга кудуреттүү Зат, силерди өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө алсыз эмес. Бирок силердин кайра тирилүүнү жалганга чыгарганыңардын себеби – тез өтүүчү дүйнө жашоосуна болгон сүйүүңөр.
(21) Жана акырет жашоосун таштооңор. Анын жолу – Аллах буйруган ибадаттарды аткарып, Ал тыйган арам нерселерди таштаганыңар.
(22) Ал күнү ыймандуу жана бактылуу адамдардын жүздөрү нурдуу болуп, жаркырап турат.
(23) Ырахаттануу менен Раббисине карап турат.
(24) Ал эми ал күнү каапыр жана бактысыз адамдардын жүздөрү үңүрөйүп турат.
(25) Аларга чоң жаза жана кыйноочу азап түшөрүн билип турушат.
(26) Бул жерде абал мушриктер өлгөндөн кийин азапталбайбыз деп элестеткендей эмес. Качан алардын биринин жаны көкүрөгүнүн жогору жагына жеткенде.
(27) Адамдар бири-бирине: «Ким буга дем салат, балким айыгып кетер» – айтышат.
(28) Ошол кезде жан алакетке түшкөн адам өлүм аркылуу дүйнө менен кош айтышып жатканын анык билет.
(29) Дүйнөнүн бүтүшүндө жана акыреттин башталышында кыйынчылыктар биригет.
(30) Ошол нерсе болгондо, өлгөн адам Раббисине жеткирилет.
(31) Каапыр адам Анын элчиси алып келгенге ишенген жок, Аллах үчүн намаз да окуган жок.
(32) Бирок ал Анын элчиси алып келгенди жалганга чыгарды жана андан жүз бурду.
(33) Андан соң бул каапыр текеберликтен бой көтөрүп басып үй-бүлөсүнө барды.
(34) Аллах каапырга азабы жакын калганын эскертти.
(35) Андан соң тастыктоо максатта сүйлөмдү дагы бир ирет кайталап, мындай деди: «Андан соң дагы сага өлүм болсун, өлүм болсун!».
(36) Инсан Аллах ага шарият милдеттерин жүктөбөстөн, жөн эле таштап коёт деп ойлоп жатабы?
(37) Ошол инсан бир кездерде жатынга куюлган бир тамчы бел суусу эмес беле?
(38) Ошондон кийин ал бир бүртүк коюу кан болду, кийин Аллах аны жаратып, ага түз келбет берди.
(39) Ошентип ал анын жынысын эркек жана аял кылып эки түрдө кылды.
(40) Инсанды бел суудан, кийин коюу кандан жараткан Зат сурак алуу, сыйлык же жаза берүү үчүн өлүктөрдү жаңыдан тирилтүүгө кудуреттүү эмес бекен? Албетте, кудуреттүү!