91 - Ash-Shams ()

|

(1) Аллах Күн менен ант берди жана ал чыгыш тараптан чыккандан кийин көтөрүлгөн убактысы менен ант берди.

(2) Жана ал баткандан кийин анын артынан ээрчиген Ай менен ант берди.

(3) Жер бетиндеги нерселерди өз жарыгы менен ачык кылып көргөзгөн күндүз менен ант берди.

(4) Жер бетин каптап, караңгыга айланган түн менен ант берди.

(5) Асман менен жана анын кылдаат курулушу менен ант берди.

(6) Жер менен ант берди жана адамдар ага жашаш үчүн анын жайыктыгы менен ант берди.

(7) Ар бир жан менен ант берди жана Аллах аны түз турпатта жаратканы менен ант берди.

(8) Ага ташташ керек болгон жаман нерсени жана аткарыш керек болгон жакшы нерсени үйрөтпөстөн түшүндүрүп койду.

(9) Кимде-ким жакшы сапаттарга ээ болуп жана жаман сапаттардан арылып, жан дүйнөсүн тазалаган болсо, анда ал көздөгөнүнө жетти.

(10) Кимде-ким өзүн күнөөлөргө жана жамандык иштерге жашырса, анда ал зыянга учурады.

(11) Самуд коому күнөөлөрдү жана жамандык иштерди кылып чектен чыгышканы себептүү пайгамбары Салихти жалганга чыгарышты.

(12) Анан алардын эң бактысызы элинин дайындоосу менен ордунан турган кезде.

(13) Аллахтын элчиси Салих аларга: «Аллахтын төөсүнө жана анын суу ичкен күнүнө тийишпегиле жана ага зыян келтирбегиле» – деди.

(14) Алар пайгамбарынын төө тууралуу айтканын жалган дешип, арасындагы эң бактысызы алардын ыраазылыгы менен аны өлтүрүп салды жана алар күнөөгө шерик болушту. Ошондо Аллах аларга азабын түшүрүп, аларды күнөөлөрү себептүү кыйкырык менен өлтүрдү жана аларды кыйроого дуушар кылган жазаны баарына бирдей кылды.

(15) Аллах аларды кыйратып жок кылган азапты кылып, анын кесепеттеринен корккон жок.