79 - An-Naazi'aat ()

|

(1) Аллах каапырлардын жандарын катаалдык жана оройлук менен жулуп алуучу периштелер менен ант берди.

(2) Ыймандуулардын жандарын жеңилдик менен сууруп алуучу периштелер менен ант берди.

(3) Аллахтын буйругу менен асмандан жерге сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант берди.

(4) Аллахтын буйругун аткарууда бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант берди.

(5) Пенделердин иштерине жоопкер периштелер сыяктуу Аллахтын тагдырына байланыштуу буйруктарын иш жүзүнө ашыруучу периштелер менен ант берди. Ал мунун баары менен аларды кайрадан тирилтип, суракка алуу жана сыйлык же жаза берүү үчүн ант берди.

(6) Керней биринчи жолу тартылган күнү жер титирейт.

(7) Мунун артынан эле экинчи жолкусу тартылат.

(8) Ал күнү каапырлардын жана пасык-бузукулардын жүрөгү коркунучта болот.

(9) Алардын көздөрүнөн кордуктун белгилери көрүнүп турат.

(10) Алар мындай деп айтышат эле: «Биз өлгөндөн кийин кайра жашоого кайтып келебизби?

(11) Биз курулай чирик сөөк болгондон кийин ушуга кайтып келебизби?».

(12) Алар: «Эгерде кайтып келсек, анда ал кайтуу адамды кайгыга салган жоготуу болот» – деп айтышат.

(13) Кайра тирилтүү иши оңой. Чындыгында ал үйлөөгө жоопкер болгон периштерин бир гана кыйкырыгы.

(14) Анан тирүүлөрдүн баарысы жер койнунда өлүк болгон абалдан кийин жер үстүндө болуп калышат.

(15) Оо, пайгамбар! Сага Мусанын Раббиси менен жана душманы Фараон менен болгон кабары келдиби?

(16) Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүнөн чакырык салды.

(17) Ал ага Өз сөзүндө мындай деди: «Фараонго баргын! Чындыгында ал зулумдукта жана текеберликте чектен чыгып кетти».

(18) Ага айт: «Эй, Фараон! Сен каапырлыктан жана күнөөлөрдөн тазаланбайсыңбы?

(19) Мен сени жараткан жана сага камкордук кылган Раббиңе карай жол көргөзөм, ошондо сен Андан коркосуң, Ал ыраазы болгон иштерди кыласың жана Анын ачуусун келтирген иштерден алыстайсың».

(20) Муса ага Раббиси тараптан келген элчи экенине далил болгон улуу аят-белгини көргөздү. Ал кол жана таян болчу.

(21) Ошондо Фараон бул белгини жалган деп, Муса буйруган нерсеге баш ийбей койду.

(22) Анан Муса пайгамбар алып келген динге ыйман келирүүдөн баш тартып күнөөгө жана чындыкты четке кагуу берилди.

(23) Мусага үстөмдүк кылуу үчүн коомун жана өзүнө ээрчигендерин чогултуп мындай деди...

(24) «Мен силердин улуу Раббиңермин. Силер үчүн менден башкага баш ийүү жок».

(25) Анан Аллах аны кармап, дүйнөдө деңизге чөктүрүп, ал эми акыретте эң катаал азапка киргизип жазалайт.

(26) Чындыгында Фараонду дүйнөдө жана акыретте жазалаганыбыз – Аллахтан корккондор үчүн сабак. Ошолор насааттардан пайда алышат.

(27) Эй, кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар! Аллах үчүн силерди жаратуу кыйынбы же куруп койгон асманды жаратуубу?

(28) Ал анын шыбын жогору карай бийик жана тегиз кылды. Анда эч кандай жылчык, жарака жана кемчилик жок.

(29) Ал анын түнүн күн баткан кезде караңгы кылды жана күн чыккан кезде жарык кылды.

(30) Ал асманды жараткандан кийин жерди жайык кылды жана ага пайдалуу нерселерди жайгаштырды.

(31) Ал андан булак болуп аккан сууларды чыгарды жана мал-жандыктар оттогон өсүмдүктөрдү өстүрдү.

(32) Тоолорду жерге бекем орнотту.

(33) Оо, адамдар! Бул пайдалардын баарысы силер үчүн жана силердин мал-жандыгыңар үчүн. Мунун баарын жараткан Зат аларды кайра жаңыдан жаратуудан алсыз эмес.

(34) Коркунучу менен бүт баарысын өзүнө камтып алган экинчи жолку сурнай үйлөө кези келгенде.

(35) Ал күнү инсан жакшылык болобу, жамандык болобу кылган иш-аракеттерин эстеп келет.

(36) Тозок алып келинет жана ал көрө тургандарга ачык көрүнөт.

(37) Кимде-ким адашууда чектен чыкса,

(38) өткөөл дүйнө жашоосун түбөлүктүү тигил жашоодон артык көрсө,

(39) анда анын баш калкалап, турукташкан жайы тозок болот.

(40) Ал эми ким Раббисинин алдында туруудан коркуп, Аллах арам кылган нерселерди каалап жатса да, өзүн ага ээрчүдөн тыйган болсо, анда анын баш калкалап, турукташкан жайы бейиш болот.

(41) Ал эми ким Раббисинин алдында туруудан коркуп, Аллах арам кылган нерселерди каалап жатса да, өзүн ага ээрчүдөн тыйган болсо, анда анын баш калкалап, турукташкан жайы бейиш болот.

(42) Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар сенден: «Кыямат качан болот?» – деп сурашат.

(43) Сен аны аларга айткыдай ал тууралуу билбейсиң жана бул сенин ишиң да эмес. Чындыгында сенин ишиң – ага даярдык көрүү гана.

(44) Кыяматты билүү Раббиңе гана келип токтойт.

(45) Чындыгында сен кыяматтан корккондорду эскертүүчүсүң. Анткени ошолор сенин эскертмеңден пайда алышат.

(46) Алар кыяматты ачык көрүшкөн күнү, алар дүйнө жашоосунда бир күн же түшкө чейин жашагандай эле болуп калат.