(1) Күндүн бөлүкчөлөрү жуурулушуп, анын нуру өчкөндө.
(2) Жылдыздар күбүлүп, жарыктары кеткенде.
(3) Тоолор өз ордунан кыймылга келгенде.
(4) Ээлери атаандашкан бооз төөлөр ээси жок кароосуз калганда.
(5) Жапайы айбанаттар адамзат менен кошо бир жерге топтолуп калганда.
(6) Деңиздер от болуп жанганда.
(7) Жандар өзүнө окшогондор менен биригип, бузуку бузуку менен, такыба такыба менен бирге болгондо.
(8) Аллах тирүүлөй көмүлгөн наристе кыздардан сураганда.
(9) Сени өлтүргөн адам кайсы күнөөң үчүн өлтүрдү деп.
(10) Пенделердин ар бири өзүнүн амал баракчасын окуш үчүн аларга амал баракчалары таркатылганда.
(11) Асман койдун териси сыйрылган сыяктуу сыйрылганда.
(12) Тозок жандырылганда.
(13) Бейиш такыбаларга жакындатылганда.
(14) Ушулар болгон кезде ар бир жан бул күнгө кандай иш-аракеттерди даярдаганын билет.
(15) Аллах түндөсү жаркыраганга чейинки жашыруун жылдыздар менен ант берди.
(16) Алар өз орбитасында жүрүшөт, таң агарганда антилопа бадалдарга жашынган сыяктуу көрүнбөй калышат.
(17) Жана кирип келген түндүн башталышы жана кетип бараткан түндүн акыры менен ант берди.
(18) Ошондой эле нурун чачкан таң менен ант берди.
(19) Чындыгында Мухаммадга түшкөн Куран – Аллахтын сөзү. Аны ага Аллах аманат кылган чынчыл периште Жебреил жеткирген.
(20) Ал Арштын Раббисинин алдында улуу даражага ээ болгон кубаттуулук ээси.
(21) Асмандагылар ага баш ийишет жана ал вахийди жеткирүүгө ишенимдүү.
(22) Силер менен бирге жүргөн, силер анын акылдуулугун, аманаткөйлүгүн жана чынчылдыгын билген Мухаммад, силер жалаа жапкандай жинди эмес.
(23) Ал досуңар Жебреилди асман мейкиндигинде өз жаратылган келбетинде ачык көрдү.
(24) Ал досуңар силерге жеткир деп буйрулган нерсени жеткирүүдө сараң эмес жана ал көзү ачыктарга окшоп акы да албайт.
(25) Жана бул Куран Аллахтын ырайымынан куулган шайтандын сөзү эмес.
(26) Бул далилдерден кийин анын Аллахтан экенин четке кагуу үчүн дагы кандай жолдорго барасыңар?
(27) Куран жиндер менен адамзат үчүн эскертме жана насыйкат.
(28) Араңарда акыйкат жолго түшүүнү каалагандар үчүн.
(29) Бүткүл макулуктардын Раббиси силерге туура жолду же башка нерсени каалаганда гана силер ошону каалайсыңар.