8 - Al-Anfaal ()

|

(1) Оо, элчи, сахбаларың сенден олжо тууралуу, аны кантип бөлүштүрөрүңдү, кимге берериңди сурашат. Эй, элчи, алардын суроосуна жооп берип: "Олжолор Аллах жана Анын элчисине тиешелүү, аны бөлүштүрүү жана таратуу өкүмү да Аллахка жана Анын элчисине тиешелүү. Силер баш ийгиле жана макул болгула. Эй, ыймандуулар, Аллахтын тыйган иштеринен тыйылып, буйруган иштерин аткарып Ага такыба болгула. Жумшактык, байланышуу, кечирүү жана жакшы мүнөз аркылуу араңадагы кайчы пикирди, тескери бурулууну оңдогула. Эгер чындай ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын элчисине бекем баш ийгиле. Анткени, ыйман баш ийүүгө жакындатып, күнөөдөн алыстатат" - деп айт. Сахабалар "Бадр" казаты болгондо ушинтип сурашкан.

(2) Акыйкатта, чыныгы ыймандуулар, эгер Кемчиликсиз Аллах Таала зикр кылынса, жүрөктөрү коркунучка толот; жүрөктөрү да денелери да ибадатка тартылат. Эгер аларга Куран аяттары окулса, ага акыл жүгүртүшөт, анан алардын ыйманы андан да көбөйөт. Жакшылык иштерди кылууда да, жамандык иштерден кутулдууда да Раббисине гана таянып, тобокел кылышат.

(3) Алар намазды өз убактысында, талаптагыдай аткарууну улантышат жана Биз ырыскыландырган нерселерден милдеттүү жана ыктыярдуу садагаларын беришет.

(4) Жогорудагы сыпаттар менен сыпатталгандар ыймандын белгилерин жана Исламдын көрүнүшүн өздөрүнө камтыгыны үчүн алар чыныгы ыймандуулар; Алардын сыйы Раббисинин алдындагы бийик орун, күнөөлөрүнүн кечирилүүсү жана кенен ырыскы. Булар Аллах аларга даярдап койгон жакшылыктар.

(5) Силер олжону бөлүштүрүүдө келише албай, талашып-тартышканыңарда, Аллах аны силерден тартып алып Аллахка жана Анын элчисине тиешелүү кылып койгону сыяктуу, Эй, элчи, ыймандуулардын бир бөлүгүнө жакпаса да, Раббиң сени Мадинадан бутпарастарга каршы аттанууга буйруду.

(6) Оо, элчи, ыймандуулардын бул бөлүгү, аларга өкүм анык болгондон кийин деле бутпарастар менен согушуу тууралуу, абалды көздөрү менен көрүп туруп, өлүмгө айдалып бара жаткансып сени менен талашат. Бул алардын согушка чыгууну аябай жек көрүшкөнүнөн улам.

(7) Оо, талашып-тартышкан ыймандуулар, эстегиле, Аллах силерге бутпарастардын эки тобунун бирин жеңдирүүнү убада кылды.Эки топтун бири буюм-терим алып келе жаткан кербен, аны жеңип олжо аласыңар, экинчиси куралдуу аскерлер, алар менен согушуп жеңишке жетесиңер дегенде, силер согушсуз оңой басып алына турган кербенди тандадыңар. Аллах болсо, силер бутпарастардын баатырларын өлтүрүп, көбүн туткун кылып, Исламдын күч-кубатын жарыя кылууңар үчүн согуш аркылуу чындыкты ачыкка чыгарууну каалады.

(8) Исламдын жана мусулмандардын жүзүн ачуу менен Аллах акыйкатты орнотту, бул диндин ачындык экенин көрсөтүү менен болду. Ошондой эле Аллах жалганды жок кылды, бул анын жалган экенине ачык далиллдер менен болду. Муну бутпарастар жактырбаса да, Аллах ачыкка чыгарды.

(9) Бадр согушу болгон күнү душмандарыңарга каршы жеңиш тилеп, жардам сураганыңарды эстегиле. Ошондо Аллах силердин дубаңарды кабыл кылып, биринин артынан бири келген миң периштени түшүрүп силерди колдоду.

(10) Оо, ыймандуулар, Аллах периштелер менен колдоону силердин душманыңарды жеңгениңер үчүн сүйүнчү катары жана жеңишке жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн көрсөттү. Жеңиш аскердин санынын көптүгү менен болбойт, жеңиш - Аллахтын колунда. Акыйкатта, Аллаалх падышалыгында Кубаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, шарият жана тагдыр кылууда Даашынман.

(11) Оо, ыймандуулар, дагы эстегиле, душманыңар тараптан болгон коркунучтан аман сактоо үчүн Аллах силерге жеңил уйку берди. Жүрөгүңөрдү тазалап, силерден шайтандын азгырыгын кетирүү үчүн жана жолуккан учурда жүрөгүңөр жана денеңер бекем болуусу үчүн, ошондой эле кумдуу жерде басканда бутуңар тайгылбоосу үчүн жамгыр жаадырды.

(12) Оо, пайгамбар, Бадр күнү ыймандууларды колдоо үчүн түшүргөн периштелерге Аллах минтип аян-кабар берди: Эй, периштелер, жардам жана колдоо көрсөтүүдө Мен силер мененмин, ыймандуулардын эрктүүлөрүн душманга каршы турууга шыктандыргыла. Азыр каапырлардын жүрөгүнө катуу коркунуч саламын. Эй, ыймандуулар, силер да каапырларды моюнун кыя чапкыла, муун-муундарына кылыч шилтеп, согушка жараксыз кылгыла.

(13) Каапырларды минтип өлтүрүүнүн жана уруунун себеби, алар Аллахка жана Анын элчисине каршы чыгышты. Алар буйрулуган ишти аткарган жок, тыюу салынган иштен тыйылган жок. Ким бул иштерде Аллахка жана Анын элчисине каршы болсо, акыйкатта, Аллах бул дүйнөдө аларды өлтүрүү жана туткун кылуу, акыретте болсо тозокко түшүрүү менен катуу азаптайт.

(14) Оо, Аллахка жана Анын элчисине каршы болгондор, айтылган азаптардын даамын бул дүйнөдө тез арада таткыла, акыретте болсо силерге тозок азабы бар, эгер ушинтип каапырлыгыңарда жана кежирлигиңерде өтүп кетсенер.

(15) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисин ээрчигендер эгер согушта бутпарастарга бетме-бет келсеңер, алардан коркпогула жана артыңарды салып качпагыла. Тескерисинче, тике карап бекем тургула, бет келгениңерге сабыр кылгыла, жардам жана колдоо көрсөтүп Аллах силер менен бирге.

(16) Ким аларга артын салып качса, Аллахтан ачуусуна качат жана ошого татыктуу болот. Акыретте анын орду тозок, бул ал бара турган жана көчо турган жайдын эң жаманы. Ал эми ким согуштун жүрүшүн өзгөртүү үчүн душман көзүнө качымыш болуп айлакерик кылса же бака мусулман тобуна кошулуу үчүн чегинсе эч нерсе эмес.

(17) Оо, ыймандуулар, Бадр күнү бутпарастарды өзүңөрдүн күч-кубатыңар менен өлтүрбөдүңөр, буга Аллах жардам берди. Эй, пайгамбар, аларды атканыңда сен өзүң аткан жоксуң, сенин аткандарың аларга жетип жатканда Аллах аткан болчу. Мунун баарын Аллах санынын аздыгына карабай душмандарын жеңип, Ага шүгүр кылуулары жана ушул жакшылык аркылуу ыймандууларды сыноо максатында кылды. Акыйкатта, Аллах алардын атйкандарын жана дубаларын Угуучу, алардын кылган иштерин жана канткенде аларга пайдалуу болорун Билүүчү.

(18) Жогоруда айтылгандай бутпарастарды өлтүрүүңөр, алардын кыйрап, артына качуусуна чейин аткылооңор, ыймандууларга берилген душмандарына болгон жеңиш, булар Аллахтан, Аллах Исламга айлакерилик кылган каапырлардын айласын алсыздатуучу.

(19) Эй, бутпарастар, эгер залым, чектен чыгуучуларга Аллах азабынтүшүрсүн деп талап кылсаңар, Аллах силер талап кылган нерсени түшүрдү. Муну силерге жаза, такыбаларга өрнөк кылып түшүрдү. Эгер дагы талап кылуудан өзүңөрдү тыйсаңар, бул силерге жакшы. ошондо мөонөтүңөрду узартып, силерди кыйратууга шашылбайт. А эгер кайра талап кылсаңар жана ыймандуулар менен согушууга кайтсаңар, анда жаматыңар жана жардамчыңар канчалык көп болсо да ыймандуулардын аздыгына карабай, жеңишке жете албайсыңар. Акыйкатта, Аллах жардамы жана колдоосу аркылуу ыймандуулар менен бирге. Аллах ким менен бирге болсо, ага үстөмдүк кылуучу болбойт.

(20) Оо, Аллах ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Буйругун аткарбай, тыйганын аткарып Ага каршы болбогула. Силерге окулган Аллахтын аяттарын угуп жатасыңар го.

(21) Оо, ыймандуулар, эки жүздүүлөр жана бутпарастарга окош болбогула. Аларга Аллахтын аяттары окулса, алар: "Окулган Куранды кулатарыбыз менен уктук" дешет. Бирок, алар ой-жүгүртүү, насаат алуу менен угушпайт жана уккандарынан пайда алышпайт.

(22) Жаратылгандардан жер бетинде басып жүргөндөрдүн Аллахтын алдындагы эң жаманы - акыйкатты кабыл кылуу менен укпаган кереңдер, (акыкатты) сүйлөбөгөн дудуктар, алар Аллахтын буйруктарына да, тыюларына да көңүл бурушупайт.

(23) Эгер бул жалганчы бутпарастардан жакшылык болорун билгенде, андан пайда ала турган кылып уктуруп, далил, белгилерге акыл жүгүрттүрүп коймок. Бирок, алардан эч жашылык болбоосун билди. Эгер Аллах Таала буйрук жана тагдыр жолу менен уктуруп койсо деле, алар кежирлик кылып ыймандан бурулуп, баш тартмак.

(24) Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, силердин жашооңор болгон акйыкатка чакырса, буйруган нерсесине баш ийип, тыйган нерсесинен сактанып Аллахка жана Анын элчисине жооп бергиле. Аллах акыйкатта бардык нерсеге күчү жетүүчү экенине бекем ишенгиле. Ал силерди акыйкатка баш ийүүдөн тосуп коюуга күчү жетет. Ага шашылгыла жана кыяма күнү жалгыз Аллахка тирилип чыгарыңарга бекем ишенгиле. Ошондо бул дүйнөдө жасаган иштериңерге жараша сыйлайт же жазалайт.

(25) Оо, ыймандуулар, араңардагы күнөөкөрлөргө гана эмес, аларга да, алардан башкаларга да жетүүчү азаптан корккула. Бул залымдык ачыкка чыгып, бирок кайтарылбай калганда болот. Акыйкатта, күнөөкөрлөргө Аллахтын азабы катуу экенине бекем ишенгиле, алардын күнөөсүнөн сактангыла.

(26) Оо, ыймандуулар, эстегиле, силер Меккеде аз санда элеңер, Мекке эли силерди алсыратып, кордойт эле. Душмандарыңар силерди тез арада тоноп кетүүсүнөн коркот элеңер. Кийин Аллах силерге Мадинаны орун кылып берди. Бадр сыяктуу согуш жерлеринде душманыңарды жеңилдирип, силерге күч-кубат берди. Силерге адал, таза ырыскы берди, анын ичинде душманыңардан алган олжолор да бар. Балким, Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылсаңар, аны дагы көбөйтүп берет.Анын жакшылыктарына каапырлык кылбагыла, анда аны силерден алып коёт жана силерди азаптайт.

(27) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисине ээрчигендер, буйруктарын таштоо, тыюларын бузуу аркылуу Аллахка жана Анын элчисине кыянат кылбагыла. Дин жана башка моюнуңарга жүктөлгөн аманаттарга, кылган ишиңер кыянат экенин билип туруп кыянат кылбагыла. Анда кыянатчылардан болуп каласыңар.

(28) Оо, ыймандуулар, билгиле, акыйкатта силердин байлыгыңар жана бала-чакаңар Аллахтын силерге болгон сыноосу. Чынында, алар силерди акырет иштеринен тосот жана кыянатчылыкка алып барат. Билгиле, Аллахтын алдында үлкөн сооптор бар. Байлыгыңарга жана бала-чакаңарга берилүү, алардын айынан кыянат кылуу себептүү, сооп-сыйыңарды жоготуп албагыла.

(29) Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, билип алгыла, эгерде силер буйруктарын аткаруу жана тыюуларынан тыйылуу менен Аллахка такыба болсоңор, акыйкат менен жалганды ажырата турган илим берет, ошондо бул экөө силерди чаташтырбай, ачык болот. Силер бут койгон кичине күнөөңөрдү өчүрөт, чоң күнөөңөрдү кечирет. Аллах чоң артыкчылыктын ээси. Анын артыкчылыктарынын бири - пенделеринин такыбаларына даярдап койгон бейиши.

(30) Оо, элчи, эстегин, бутпарастар сени камоого, же өлтүрүүгө, же шаарыңдан башка шаарга кууп чыгууга айла издеп, куулук кылышканда, Аллах алардын куулугун өздөрүнө кайтарды. Аллах да айлакерлик кылат, Аллах айлакерлердин эң жакшысы.

(31) Аларга Биздин аяттарыбыз окулган учурда, акыйкаттан баш тартып, текеберленип: "Буга окшогонду мурда да укканбыз, кааласак бул Куран сыяктуу сөздөрдү биз деле айта алабыз, биз угуп жаткан бул Куран мурдагылардын жалганы, буга эч ишенбейбиз" - дешет.

(32) Оо, элчи, дагы эстегин, бутпарастар: "Оо, Аллах, эгер Мухаммад алып келген нерсе акыйкат болсо, биздин үстүбүзгө асмандан таш жаадырып кыйратып жок кыл, же бизге катуу азабыңды жибер" - дешти. Алар муну жокко чыгаруу жана тануунун чегинен чыгып айтышты.

(33) Оо, Мухаммад, сенин үммөтүңдү, мейли алардын арасында дааватка жооп берүүчүсү болсун, же даават кылуучусу болсун, сен алардын арасында тирүү туруп, алар сени араларында көрүп турган учурда Аллах аларды азаптабайт. Ошондой эле алар кылган күнөөлөрүнө тобо кылып, кечирим тилешсе да, Аллах аларды азаптабайт.

(34) Харам мечитине кирип тооп кылуудан жана намаз окуудан тосуп азапка дуушар кыла турган ишке бут койгон адамдарды кайсы нерсе азаптан токтото алмак эле? Бутпарастар Аллахтын дотору эмес, Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылган такыбалар гана Аллахтын досору боло алат. Бирок, өздөрүн Аллахтын досу деп эсептеген бутпарастардын көбү алар Аллахтын достору эмес экенин билишпейт.

(35) Бутпарастардын Харам мечитинин алдындагы намаздары ышкырык жана кол чабуу эле. Эми эй, бутпарастар, Бадр күнү өлүм жанан туткун болуу азабын таткыла. Бул азаптар силердин Аллахка каапыр болуп, Анын элчисин жалганга чыгарганыңар үчүн болду.

(36) Акыйкатта, Аллахка каапыр болгондор байлыктарын адамдарды Аллахтын дининен тосуу үчүн жумшашат жана келечекте да жумшай беришет, бирок каалаганына жетишпейт. Кийин байлыгынан да айрылып, максатына да жетпей, байлыктарын ушинтип иштеткени аларга өкүнүч алып келет. Аллахка каапыр болгондор кыямат күнү тозокко барышат жана анда түбөлүк калуучулар болуп киришет.

(37) Адамдарды Аллахтын жолунан тосуу үчүн байлыктарын жумшаган каапырлар тозокко барышканынын себеби, Аллах ыпылас каапырларды таза ыймандуулардан ажыратып жана ыпылас адамдарды, иш-аракеттерди, байлыктарды биринин-үстүнө бирин кабаттап, тозокко таштоосу үчүн. Мына ошол адамдар зыян тартуучулар; анткени, кыямат күнү алар өздөрүн да, үй-бүлөсүн да зыянга учуратат.

(38) Оо, элчи, коомуңдагы Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондорго айт: "Эгер Аллахка жана Анын элчисине каапырлыгыңарды токтотуп,Аллахка ыйман келтиргендерди Аллахтын жолунан тоспосоңор, Аллах силердин мурда кылган күнөөңөрдү кечирет. Ислам мурда жасалган күнөөлөрдү жок кылып жиберет. А эгер каапырлыгыңарды уланта берсеңер, мындай адамдарды Аллах эмне кылары мурдагы коомдордо болуп өткөн. Алар динди жалганга чыгарып, каапырлыгын уланта бергенде тез арада азапка кабылышкан.

(39) Оо, ыймандуулар, ширк жана мусулмандарды Аллахтын дининен тосуу токтомоюнча, дин жана баш ийүү шериги жок Жалгыз Аллахка арналмайынча каапыр душмандарыңар менен согуша бергиле. Эгер каапырлар ширктерин жана Аллахтын жолунан тосууларын токтотушса, аларды таштап койгула. Акыйкатта, Аллах алардын кылгандарын көрүп турат, Ага эч нерсе жашыруун калбайт.

(40) Эгер Аллахтын жолунан тосуусун жана каапырлыгын токтотууну буйруганыңарда андан баш тартышса, анда, эй, ыймандуулар, Аллах силердин жардамчыңар экенине бекем ишенгиле. Ал башкаргандарына эң жакшы башчы жана жардам бергендерине эң жакшы жардамчы. Кимдин башчысы Аллах болсо, ал утуп чыгат, кимдин жардамчысы Аллах болсо, ал жеңишке жетет.

(41) Оо, ыймандуулар, билип алгыла, Аллах жолундагы казатта каапырлардан тартып алган олжолор беш бөлүккө бөлүнөт да бештен төрт бөлүгү казатка катышкандарга бөлүнүп берилет. Ал эми калган бир бөлүгү дагы бешке бөлүнүп, анын бир бөлүгү Аллахка жана Аллахтын элчисине иешелүү болуп, аны жалпы мусулмандарга иштетет. Экинчи бөлүгү пайгамбарыбыздын жакын туугандары болгон Хашим жана Муталибдин балдарына берилет. Үчүнчү бөлүгү жетимдерге, төртүнчүсү колунда жок кедей, жакырларга, бешинчиси максат кылган жерине жете албай ара жолдо калган мусаапырларга берилет. Эгер Аллахка жана Аллах силерге душманыңарды жеңдирип, акыйкат менен жалганды ажыраткан Бадр күнү мухаммад пайгамбарга түшкөн нерсеге (Куран аятына) ыйман келтирүүчү болсоңор. Силерге жардам берген Аллах бардык нерсеге күчү жетүүчү.

(42) Эстегиле, силер Мадинага жакын өрөөндө, а бутпарастар болсо андан четирээк Мекке тараптагы өрөөндө, кербен болсо, силерден төмөнүрөөк кызыл деңиздин жээги тарапта бара жаткан. Эгерде силер бутпарастар менен Бадрда жолугушууну мурдатан убадалашып алганыңарда бири-бириңерге макул болмок эмессиңер. Бирок, Аллах Таала силерди эч кандай убадасыз эле Бадрда кезиктирип койду; Аллах муну болгон ишти болтуруу б.а. ыймандууларды жеңдирүү, каапырларды кордоо, динди кубаттандыруу жана ширкти жок кылуу, өлгөндөрдү саны да, күчү да аз ыймандууларды жеңдирген далилин көргөндөн кийин өлтүрүү, тирүүлөрдү далилди көргөндөн кийин тирүү калтыруу үчүн ушундай кылды. Ошентип эч кимге Аллах менен талаша турган далили калбады. Аллах баарынын сөзүн угуучу, кылган иштерин билүүчү, Ага мындан эч нерсе жашыруун тейде калбайт, кийин ошого жараша сыйлайт же жазалайт.

(43) Оо, элчи, эстегин, түшүңдө бутпарастарды аз санда көргөнүң Аллахтын силерге кылган жакшылыктарынын бири. Сен муну ыймандууларга айтып, жакшылыкты сүйүнчүлөдүң, душман менен беттешип, согушууга эрк берип күчтөндүрдүң. А эгер Аллах сенин түшүңө бутпарастардын саны көп экенин көрсөткөндө, сахабаларыңдын эрки алсыздап, согуштан коркуп калышмак. Бирок, Аллах мындан саламат кылып, көйгөйдөн сактады, алардын санын Аллахтын элчисине аз кылып көрсөтүп койду. Акыйкатта Ал жүрөктү ээлеген жана напсиде жашырылган сырларды Билүүчү.

(44) Оо, ыймандуулар, эстегиле, бутпарастарга бетме-бет келгениңерде Аллах алардын санын силердин көзүңөргө аз кылып көрсөтүп, согушка кирүүгө кайрат берди. Силерди да алардын көзүнө аз көрсөтүп, алар кайра кайтууну пикир кылбастан согушка киришти. Муну Аллах тагдырга жазылган бутпарастардын өлүп жана туткун болуп жеңилүүсүн, мусулмандарга душманын жеңүү жакшылыгы берилүүсүн ишке ашыруу үчүн жасады. Иштин баары бир гана Аллахка кайтат. Кийин күнөөкөрдү күнөөсүнө жараша жазалап, сооптуунун сообуна жараша сыйлайт.

(45) Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, эгер каалаганыңарга жетип, каалабаганыңардан алыс болууну үмүт кылсаңар, анда каапырлардын жамааты менен бет келгенде, аларга жолукканда бекем болуп, коркпогула. Аллахты көбүрөөк эстеп, дуба кылгыла. Ал силерге жардам берип, аларды жеңдирүүгө кадыр;

(46) Сөзүңөрдө, ишиңерде жана бардык абалыңарда Аллах жана анын элчисине бекем баш ийгиле. Эч качан кайчы пикирде болбогула; анткени кайчы пкириде болуп талашуу силердин алсыздооңорго, коркууңарга жана кубатыңардын кетүүсүнө себеп болот. Душманыңарга жолукканда сабырдуу болгула. Акыйкатта, Аллах көтөрмөлөп, колдоп, жардам берүүдө сабырдуулар менен бирге. Аллах ким менен бирге болсо, ал эч шеги жок үстөмдүк кылуучу жана жеңүүчу болот.

(47) Меккеден чыкканда адамдарга көрүнүп, текеберленип чыккан, адамдарды Аллахтын дининен тосуп, ага кирүүгө мүмкүнчүлүк бербеген бутпарастарга окшобогула. Аллах алардын кылган иштерин ороп алуучу, алардын иштеринен эч бири жашыруун калбайт, кийин ошого жарша жазалайт.

(48) Оо, ыймандуулар, Аллахтын силерге кылган дагы бир жакшылыгы, шайтан бутпарастарга кылган иштерин кооз көрсөттү. Аларды мусулмандар менен беттешүүгө, согушууга шыктандырды. Аларга: "Бүгүн силерге эч ким үстөмдүк кыла албайт, акыйкатта мен силерге жардам берип, душманыңардан коргойм" - деди. Качан эки топ бет келгенде, ыймандуулардын тобу менен аларга жардам берүүчү периштелер келишти, бутпарастардын тобу менен аларды таштап кетүүчү шайтан келди. Ошондо шайтан артын салып качты да, бутпарастарга: "Мен силерден жүз бурдум, мен ыймандууларга жардам бергени келген периштелерди көрдүм, Аллах мени жок кылып жиберүүсүнөн корком, Аллахтын азабы катуу, Анын азабына эч ким чыдай албайт" - деди.

(49) Дагы эстегиле, эки жуздүүлөр менен ыйманы алсыздар: "Бул мусулмандарды, душмандын көптүгүнө карабай, алсыз жана аз саныңар менен жеңишке жетесиңер деп убада берген диндери алдап койду" - дешти. Алар ким Аллахтын Өзүнө таянса, жеңиш убада кылган сөзүнө бекем ишенсе, акыйкатта Аллах ага жардам берип, канчалык алсыз болсо да кароосуз калтырбоосуна ишенишпеди. Аллах кубаттуу, ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, тагдыр кылууда жана шариятында даанышман.

(50) Оо, элчи, периштелер Аллахка жана Анын элчилерине каапыр болгондордун жанын алган учурда, бет келгендерин бетине, артын салып качкандарын көчүгүнө уруп өлтүрүп, аларга: "Эй, каапырлар, күйгүзүүчү азапты таткыла" - деп айтканына күбө болгонуңда кана. Эгер буга күбо болгонуңда, өтө чоң иишке күбө болот элең.

(51) Эй, каапырлар, жаныңарды алгандагы оорутуучу азаптар жана кабырыңарда,акыретиңерде болуучу күйгүзүүчү азаптар, бул дүйнөдө кылган ишиңер себептүү болду. Аллах адамдарга залым кылбайт, алардын ортосунда адилеттүү өкүм кылат, Ал адилеттүү өкүмдар.

(52) Бул каапырларга түшүүчү азап ушуларга эле тиешелүү эмес, бул ар кайсы заманда жана мекенде каапырлык кылгандардын баарына болуп келген Аллахтын сүннөт жолу. Фираундун коому жана андан мурдагы үммөттөр да Аллахтын аяттарына каапырлык кылганда ушундай азапка кабылган. Аллах аларды күнөөлөрү себептүү кармады жана азап түшүрдү. Акыйкатта, Аллах күчтүү Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт жана мажбурлай албайт, күнөөкөрлөргө азабы катуу.

(53) Бул катуу азаптын болгон себеби төмөнкүчө. Акыйкатта, Аллах эгер бир коомго өзүндөгү жакшылыктардан берсе, алар өздөрүнүн ыйманын, түз жолдо жүрүүсүн, жакшылыкка шүгүр кылуусун, Аллахка каапырлык кылууга күнөөгө жакшылыкка шүгүр кылбоого алмаштырып жибермейинче кайра албайт. Акыйкатта Аллах пенделеринин сөзүн угуучу, кылган иштерин билүүчү, Ага андан эч нерсе жашыруун калбайт.

(54) Бул каапырлардын абалы алардан мурдагы Аллахка каапырлык кылган Фараон жана башка жалганчы үммөттөрдүн абалына окшош. Аллар Раббисиин аяттарын жалганга чыгарышты. Анан күнөөгө берилгендиктери үчүн Аллах аларды талкалады. Фараондун коомун деңизге чөктүрүп жок кылды. Булардын баары, Фараондун коому да, алардан мурдагы үммөттөр да Аллахка каапыр болгону жана ширк кылганы себептүү залым болушту. Алар ушундай азапка татыктуу болушту эле аларга азапты түшүрдү.

(55) Чынында, жер бетинде кыбырап жүргөн жандуулардын эң жаманы Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондор (ишенбегендер). Алар каапырлыкка өтө берилгендиктен, аларга ар кандай аят-белгилер келсе да ыйман келтиришпейт. Алардын туура жолго түшүүсүнө себеп болуучу акылы, угуу жана көрүү касиеттери тосулуп калган.

(56) Курайза уруусу сыяктуу, алгач (тынч жашоого) убада-келишим кылып, анан кайра-кайра ал келишимин буза бергендер - алар, Аллахтан коркпойт, убада-келишиминин өтөөсүнө чыкпайт, ортодо түзүлгөн келишимди бекем сактабайт.

(57) Оо, пайгамбар, ошол келишимди бузгандар менен согушта бет келсең, аларды катуу жазала. Ушуну угуп, башкалар да өз абалына карап, сени менен согушуудан жана сага ачык душмандык кылуудан коркуп калышсын.

(58) Оо, пайгамбар, эгер сени менен тынчтык келишимин түзгөндөр ага кыянаттык кылып бузуусунан корксоң, сен да аларга келишимдин жокко чыкканын билдирип кой. Алар да муну билип алышсын. Аларга эскертпестен туруп кол салба, эскертпестен кол салуу - кыянаттык. Аллах кыянат кылуучуларды жакшы көрбөйт, тескерисинче, өтө жаман көрөт. Кыянат кылуудан сен да сак бол.

(59) Каапырлар Аллахтын жазасынан кутулдук, андан өтүп кеттик деп ойлобосун! Чынында, алар өтүп да кеткен жок, Аллахтын жазасынан кутулбайт дагы. Аллахтын жазасы аларды ээрчип жүрөт жана аларга жетүүчү.

(60) Эй,ыймандуулар! Колуңардан келишинче аскерлериңерди жана курал-жабдыктарыңарды даярдап койгула. Аларга Аллах жолуна мине турган аттарды даярдагыла. Ушуну менен айланаңарда силерге көз салып турган Аллахтын жана силердин душманыңар болгон каапырларды коркутасыңар. Ошондой эле силер такыр билбеген, силерге душмандык кыларын да али билбеген башка элдерди да сестентесиңер. Жалгыз Аллах гана аларды билет, алар ичине эмнени жашырганын да билет. (Аллах жолунда) берген аздыр-көптүр напака-садагаңарды Аллах бул дүйнөдө кайтарып берет. А акыретте болсо сооп-сыйын кемитпестен толук берет. Анын жолунда садага бергенге шашылгыла!

(61) Оо, пайгамбар, эгер алар согушту таштап, тынч жашоого макул болсо, сен да макул болуп, келишимди бекемде. Аллахка тобокел кылып, Ага ишен, Ал сени эч качан жардамсыз таштабайт. Ал алардын сөздөрүн Угуучу, ниет, амалдарын Билүүчү.

(62) Оо, пайгамбар, эгер алар согушту таштап, тынч жашоого макул болууда, согушка даярданып алуу үчүн, сени алдоону максат кылган болсо, алардын айла-амалынан жана алдамчылыгынан сени сактоого Аллах жетиштүү. Ал Аллах Өзүнүн жардамы менен сени кубаттандырды го, мухажир жана ансарлардан турган ыймандуулардын жардамы менен сени кубаттандырды го.

(63) Сага жардам берген ыймандуулардын жүрөктөрүн бириктирип койду, мурда алардын жүрөктөрү чачыранды болчу. Сен жер бети толо байлык жумшасаң да алардын жүрөктөрүн бириктире алмак эмессиң. Аллах Жалгыз Өзү алардын жүрөгүн бириктирип койду, анткени, Ал падышалыгында Ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, шариятында, башкаруусунда жана тагдыр кылууда Өкүмдөр.

(64) Оо, пайгамбар, душмандарыңдын жамандыгынан сактоого сага Аллах жетиштүү, ыймандууларга да жетиштүү. Аллахка ишенип, Ага сүйөнгүн.

(65) Оо, пайгамбар, ыймандууларды согушка кызыктыр, алардын чечкиндүүлүгүн күчөтүп, кам-пикирин ойгото тургандай шыктандыр. Оо, ыймандуулар, эгер силерден каапырлардын чабуулуна сабыр кыла турган жыйырма жоокер болсо, каапырлардын эки жүзүнө тең келет. А эгер мындай сабырдуулардан жүзү болсо, каапырлардын миңине тең келет; себеби, Аллахтын досторуна жардам берчү жана душмандарын кыйратчу адатын каапырлар билишпейт. Алар согушуудагы максатты да билбейт, болгону дүйнө жашоосунда жогору болуу үчүн согушушат.

(66) Оо, ыймандуулар, Аллах силердин алсыздыгыңарды билип, силердин милдетиңерди жеңилдетти, силерге ырайым кылганы үчүн ушинтти. Эми силердин бирөөңөргө каапырлардан ону эмес, экөөсү эле туура келет. Каапырлар менен согушууда силерден жүз адам болсо, алардын эки жүзүнө үстөмдүк кылат. А эгер силерден согушта миң сабырдуу болсо, Аллахтын каалоосу менен эки миң каапырга үстөмдүк кылат. Жардам берүүдө жана колдоодо Аллах ыймандуулардын сабырдуулары менен бирге.

(67) Пайгамбарда өлүмдү көбөйтүү үчүн (мусулмандар менен) согушкан каапырлардын туткундары болбоосу керек (б.а. колго түшкөн туткундар өлтүрүлүүсү керек болчу). Бул, алар кайрадан согушпоосу үчүн алардын жүрөгүнүн үшүн алмак. А силер болсо, эй, ыймандуулар, Бадр согушунда туткунга түшкөндөргө кун-акы алып бошотууну каалайсыңар. Аллах болсо динге жардам берүү жана аны ызаттуу кылуу менен жете турган акыретти каалайт. Аллах затында, сыпатында жана каар-кудуреттүүлүгүндө ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Шарият жана тагдыр кылууда Өкүмдар, Даанышман.

(68) Эгер Аллахтын каза-кадары (тагдырлар) жазылган китебинде силерге олжолор жана туткундардын кун-акысы адал деп жазылбаганда, силерге Аллахтан катуу жаза берилмек. Анткени, силер Аллахтан мунун ыктыярдуу экендиги тууралуу аян-кабар түшө электе эле олжолорду олжолоп, туткундардын ордуна кун-акы төлөтүп бошотуп жибердиңер.

(69) Оо, ыймандуулар, эми каапырлардан алган олжоңорду жей бергиле, ал силерге адал. Аллахтын буйруктарын аткарууда жана тыюуларынан тыйылууда Аллахка такыба болгула. Чынында, Аллах ыймандуу пенделерине Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу.

(70) Оо, пайгамбар, Бадр согушунда силердин колуңарга туткунга түшкөн мушрик туткундарга: "Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү жакшы максатыңарды жана ниетиңерди түздөгөнүңөрдү билсе, силерге өзүңөрдөн алынган кун-акыга караганда алда канча жакшы нерсени берет, силер үчүн берилген кун-акыга өкүнбөгүлө. Ал силердин күнөөңөдү кечирет, Аллах пенделеринен ким тообо кылса, аны Кечирүүчү жана ага Ырайымдуу" - деп айт. Чынында, Аллах убадасын аткарып, пайгамбардын агасы Аббасты жана башка динди кабыл кылгандарды кечирди.

(71) Оо, Мухаммад, а эгер алар сага айтып жаткан сөздөрүндө сага кыянат кылууну максат кылса, алар буга чейин Аллахка да кыянат кылышкан, чынында Аллах сага жардам берди. Алардан өлгөндөр өлдү, туткунга түшкөндөр туткунга түштү. Эгер душмандык кылсаңар дагы ушундайды күтө бергиле. Аллах Өзү жараткандарды жана аларды эмне оңдоорун Билүүчү, аларды башкарууда Даанышман Өкүмдар.

(72) Аллахка ыйман келтиргендер, Анын элчисин тастыктагандар, шариятын иш жүзүндө аткаргандар, каапырлардын шаарынан ислам шаарына, же Аллахка коопсуз ибадат кылууга мүмкүн болгон жерге көчүп келгендер, Аллахтын сөзү бийик болсун үчүн мал-жаны менен жихад кылгандар жана ошондой эле аларды өз жайларына отурукташтырып жардам бергендер, б.а. тиги мухажирлер (көчүп келгендер) менен аларды тосуп алган ансарлар (жергиликтүүлөр) жардам, кол кабыш кылууда бири-бирине дос. Ал эми Аллахка ыйман келтирип, бирок каапырлардын шаарынан Ислам шаарына көчүп келе электерге көчүп келүүсүнө жардам берип, кол кабыш кылсаңар болот, эй, ыймандуулар. Эгер аларга каапырлар зулум кылып, алар силерден жардам сураса, душмандарга каршы аларга жадам бергиле. Бирок, алардын душмандары менен силердин ортоңордо келишим болсо, анда ал келишимди бузбагыла (аларга жардам бербегиле). Аллах силердин эмне кылганыңарды Көрүүчү, силердин иш-амалдарыңардан эч нерсеси Ага билинбей калбайт, кийин силерди ошого жараша жазалайт.

(73) Аллахка ишенбегендерди каапырлыктары табыштырган, алар бири-бирин колдойт, аларга ыймандуу адам дос болбойт. Эгер ыймандууларды дос жана каапырларды душман санабасаңар, анда ыймандуулар арасында бузукулук болуп, динде аларга жардам берүүчү бир туугандарыңарды таппай каласыңар жана жер бетинде Аллахтын жолунан тоскон бузукулук тарайт.

(74) Аллахка ыйман келтирип, Анын жолунда хижрат кылып көчкөңдөр жана Аллах жолунда мухажирлерди тосуп алып, аларга жардам кылгандар, мына ушулар чыныгы ыйман сыпаты менен сыпатталгандар, Аллахтын алдындагы алардын сыйлыгы - күнөөлөрүнүн кечирилүүсү жана аларга чоң ырыскынын берилүүсү, ал - бейиш.

(75) Мурда ыйманга келген мухажир жана ансарлардан кийинирээк ыйман келтиргендер жана каапыр шаарлардан Ислам шаарына көчүп келгендер, Аллахтын сөзү бийик, каапырлардын сөзү төмөн болуусу үчүн Аллах жолунда жихад кылгандар, алар да - силерден. Эй, ыймандуулар, силердин эмнеге укугуңар болсо, алардын да ошого укугу бар, силерге эмнени аткаруу важыб болсо, аларга да ошону аткаруу важыб. Аллахтын өкүмүндө курбандык кылуучулар ыйман жана хижра кылуу мурасын алууда бири-биринен артык болушат. Чынында, Аллах бардык нерсени Билүүчү, Ага эч нерсе жашыруун эмес, Ал пенделерин эмне оңдоорун билет жана аны аларга шарият кылат.