(1) Кыямат күнү Жер катуу титирегенде,
(2) Жер өз ичиндеги өлүктөрдү жана башка нерселерди сыртка чыгарганда,
(3) инсан дендароо болуп: «Эмнеге Жер титиреп, силкилдеп жатат?» – дейт.
(4) Ошол улуу күндө Жер анын үстүндө кылынган жакшылыктар жана жамандыктар жөнүндө кабар берет.
(5) Анткени Аллах ага аны билдирди жана буйруду.
(6) Ошол улуу күндө жер титиреп, адамдар дүйнөдө кылган иш-аракеттерин көрүш үчүн топ-топ болуп сурак майданынан чыгышат.
(7) Кимде-ким кичинекей кумурсканын салмагындай жакшылык иштерди кылса, аны алдынан көрөт.
(8) Кимде-ким кичинекей кумурсканын салмагындай жамандык кылса, анын да натыйжасын көрөт.