90 - Al-Balad ()

|

(1) Аллах тыйылган шаар болгон ыйык Мекке менен ант берди.

(2) Оо, пайгамбар! Сен үчүн ал жерде өлтүрүлүүгө татыктууну өлтүрүүгө, туткундалууга татыктууну туткундоого уруксат.

(3) Аллах адамзаттын атасы менен ант берди жана андан таркаган урпактар менен ант берди.

(4) Биз инсанды дүйнөдө тарткан кыйынчылыктар себептүү чарчоодо жана машакатта жараттык.

(5) Эгерде инсан күнөө кылса, анда Раббиси аны жараткан болсо дагы ага эч кимдин күчү жетпейт жана өч ала албайт деп ойлойбу?

(6) Ал: «Биринин үстүнө бири үйүлгөн мал-мүлк сарптадым» — деп айтат.

(7) Бул мактанчаак Аллах анын сарптаганын көрбөйт деп жана мал-мүлкүн кайдан таап, кайда сарптаганы үчүн сурак албайт деп ойлоп жатабы?

(8) Биз ага көрүүчү эки көз бербедикпи?

(9) Сүйлөөчү тил жана эки эрин бербедикпи?

(10) Жана Биз ага жакшылык жана жамандык жолду тааныттык.

(11) Аны бейиштен бөлүп турган тоскоолдуктан өтүүсү талап кылынганына карабастан, ал аны кесип өтпөйт.

(12) Оо, пайгамбар! Ал бейишке кирүү үчүн кандай тоскоолдуктан өтүшү керек экенин кайдан билесиң?

(13) Ал эркек же аял кулду азат кылуу.

(14) Же азык-түлүк тартыш болгон ачарчылык күндө тамак-аш берүү.

(15) Тууганчылыгы бар атасы жок балага.

(16) Же эч нерсеге ээлик кылбаган кедейге.

(17) Кийин ал Аллахка ыйман келтирип, бири-бирин ибадаттарга, күнөөлөргө жана сыноолорго сабырдуу болууга жана ошондой эле бири-бирин Аллахтын пенделерине мээримдүү болууга осуят кылгандардан болгон.

(18) Мына ушул сыпаттагы адамдар оң тарап ээлери.

(19) Ал эми элчибизге түшүргөн аяттарга каапырлык кылгандар – алар сол тарап ээлери.

(20) Кыямат күнү алардын үстүнөн жабылган от бар. Алар ал жакта азапталышат.