111 - Al-Masad ()

|

(1) Пайгамбардын абасы Абу Лахаб ибн Абдулмутталибдин кылган иштери себептүү колдору курусун. Анткени ал пайгамбарга зыян берди. Анын кылган аракети таш капсын.

(2) Ага байлыгы жана бала-чакасы кайсы нерседе пайда берди? Алар аны азаптан коргой албайт жана ага эч кандай ырайым да алып келбейт.

(3) Ал кыямат күнү жалындаган тозокко кирет, анын ысыктык азабын тартат.

(4) Жана анын аялы Умму Жамил дагы тозокко кирет. Анткени ал пайгамбар баскан жолдорго тикенектерди таштап зыян берчи.

(5) Аны мойнунда бекем түйүлгөн жип бар, ал аны тозокко карай алып барат.