(1) Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
(2) Бул Раббиңдин пендеси Закарияга болгон ырайымдуулугун эскерүү. Андан сабак алуу үчүн аны сага баяндайбыз.
(3) Дуба тез кабыл болуусу үчүн Раббисине жашыруун дуба кылганын эсте.
(4) Ал мындай деп айтты: “Оо, Раббим! Менин сөөктөрүм алсырап, чачымды ак басты. Мен Сага кылган дубамда бактысыз болбодум. Тескерисинче, менин ар бир кылган дубамды кабыл кылдың.
(5) Туугандарым дүнүйө менен алек болушкандыктан алар мен өлгөндөн кийин диндин милдеттерин аткарбай коюуларынан коркомун, менин аялым төрөбөйт жана тукумсуз. Андыктан мага жардамчы боло турган Өзүң тараптан перзент бере көр.
(6) Ал менден жана Якубдун үй-бүлөсүнөн пайгамбарлыкты мурас кылсын. Оо, Раббим! Аны дининде, кулк-мүнөзүндө жана илиминде башкалар андан ыраазы болгон адам кыла көр.
(7) Аллах анын дубасын кабыл кылды жана аны мындай деп чакырды: “Эй, Закария! Биз сени кубанткан нерсени сага кабарлайбыз, дубаңды кабыл кылдык жана сага Яхья аттуу баланы бердик, бул ысымды буга чейин андан башка эч кимге ыйгарган эмеспиз.
(8) Закария Аллахтын кудуретине таң калып мындай деди: «Аялым төрөбөйт жана тукумсуз, мен ал-күч кетип, картайып калдым, анан кантип балалуу болмок элем?!».
(9) Периште мындай деп жооп берди: “Абал, сен айткандай аялың төрөбөйт, сен да картайып өмүрүңдүн аягына жетип, алдан-күчтөн тайдың. Бирок Раббиң мындай деп айтты: “Яхьяны төрөбөс энеден жана өмүрүнүн аягына жетип калган атадан Раббиңдин жаратуусу жеңил. Оо, Закария! Мен сени бул нерселерден алдын жараттым. Анда сен эскериле тургандай эч нерсе эмес элең. Анткени сен анда жок болчусуң”.
(10) Закария (Аллахтын саламы болсун) мындай деп айтты: “Оо, Раббим! Периштелер мага сүйүнчүлөгөн нерсенин ишке ашуусун далилдеп, көңүлүмдү тынчтанткан мага бир белги бер” – деди. Аллах: «Сен сүйүнчүлөнгөн нерсенин ишке ашуусунун белгиси — сен эч себепсиз эле, ден соолугуң чың туруп эле, үч күн тилден каласың» – деди.
(11) Ошентип Закария ибадатканадан элине чыгып, аларга: “Эртели-кеч Аллахты аруулагыла” – деп сөзү жок ишарат кылды.
(12) Ошентип, анын баласы Яхья төрөлдү. Ал балагатка жеткенде ага: “Оо, Яхья! Тооратты олуттуулук менен бекем кармангын” – деп айттык. Ал жаш кезинде эле Биз ага түшүнүк, илим, олуттуулук жана чечкиндүүлүк бергенбиз.
(13) Аны Бизден болгон ырайымга бөлөдүк жана аны күнөөлөрдөн тазаладык. Ал Аллахтын буйруктарын аткарган жана тыюуларынан тыйылган такыба эле.
(14) Ал ата-энесин ыраазы кылып, аларга аяр мамиле жасаган, ар дайым жакшылык кылган, Аллахка жана аларга баш ийбей текеберленип, Раббисине же ата-энесине эч убакта күнөөкөр болгон эмес.
(15) Ал төрөлгөн жана өлгөн күнү, бул жашоодон чыккан күнү жана Кыямат күнү кайра тириле турган күнү ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун. Бул үч баскыч адам өтө турган эң кооптуу баскычтар. Эгерде ал бул жайларда коопсуз болсо, анда ага башка жайларда коркунуч болбойт.
(16) Оо, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Мариямдын кабарын эстегин. Ал үйүнөн алыстап чыгыш тараптагы бир жерде адамдардан бөлүнүп жалгыз болгон.
(17) Ал Раббисине ибадат кылып жаткан абалында элге көрүнбөш үчүн, өзүнчө бөлүнүп өзү үчүн тосмо жасап алган. Ошондо Биз ага Жебирейилди жибердик. Ал кадимки эле жаратылган адамдын кейпинде келди. Анын ниети жаман окшойт деп коркуп кетти.
(18) Көркөм келбетте жаратылган адамдын сүрөтүндө ага карай бет алып келе жатканын көрүп Мариям: “Эй, киши! Мен сенден жамандык жетүүсүнөн Чексиз Мээримдүү Аллахтын коргоосун сураймын, эгер сен Аллахтан корккон такыба болсоң, анда сен Аллахтан коркуп жаман ишке барбайсың” – деп айтты.
(19) Жебирейил периште: “Мен адам эмесмин. Мен болгону сага жакшы жана табияты таза, берекелүү наристе белек кылуу үчүн Раббиңдин сага жиберген элчисимин”.
(20) Мариям таң калып: “Мага эркек да башка да жакындабаса жана менин боюмда бүткүдөй зынакор аял болбосом, анан кантип мен балалуу болмок элем” – дейт.
(21) Жебирейил ага мындай деп айтты: “Туура, сен айткандай күйөө да жана башкасы да сага жолобогону анык, сен зынакор да эмессиң. Бирок сенин Раббиң мындай деп айтты: “Баланы атасыз жаратуу Мага жеңил. Андыктан сага берилген перзент Аллахтын кудуретине адамдар үчүн белги болуп калат жана Бизден сага жана ага ыйман келтиргендерге ырайым болот. Сенин бул балаңды жаратуу Сакталган Тагдыр китебинде жазылган Аллахтын буйруган тагдыры болду.
(22) Периште үйлөгөндөн кийин боюнда болуп, адамдардан алыс болгон жерге кетти.
(23) Анан анын толгоосу кыйнап, аны курма дарагынын өзөгүнө алып келди. Мариям (ага Аллахтын саламы болсун) ага: «Аттиң, бул күнгө чейин өлүп калсам кана! Мен тууралуу жаман ой болбостугу үчүн, эч бир эскерилбегендерден болсом кана!» – деди.
(24) Бутунун астынан Иса Мариямга мындай деп кайрылды: “Кайгырба, Раббиң сенин астыңда иче турган суу арык кылды.
(25) Курманын өзөгүн кармап туруп кыймылдатсаң, сага жаңы бышкан курмалар түшөт. Ошол замат курмалар күбүлүп түштү.
(26) Жаңы бышкан курмадан же, суудан ич, балаң менен кубанычка батып, эч капаланба! Эгер адамдарга жолугуп калып, алар сенден бала тууралуу сурашса, аларга: «Раббим үчүн эч бир сөз сүйлөбөйм деп өзүмө-өзүм сөз бердим. Андыктан бүгүн эч кимге сүйлөбөймүн»,– деп жооп бер.
(27) Мариям баласын көтөрүп алып элине келди. Эли аны жактырбай: «Оо, Мариям! Кайдагы бир атасы жок баланы алып келгениң өтө жийиркенерлик уят иш!» – дешти.
(28) Оо, Харунга окшоп ибадат кылган карындашы! (Харун такыба адам болгон.) Сенин атаң да апаң да зынакор эмес болчу. Сен такыбалыгы менен белгилүү үй-бүлөдөнсүң. Анан кантип атасы жок баланы алып келдиң?!
(29) Ал бешикте жаткан баласы Исаны жаңсап көрсөттү. Ошондо эл таң кала: «Бешикте жаткан бала менен кантип сүйлөшмөк элек?!» – деди.
(30) Иса (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун): «Чындыгында мен Аллахтын кулумун. Ал мага Инжилди берип, мени пайгамбар кылды.
(31) Кайда барбайын мени адамдарга пайдалуу, берекелүү кылды. Ал мага өмүр өткүчө намаз окууну жана зекет берүүнү буйруду.
(32) Ошондой эле энеме жакшы мамиле кылууну буйруду жана Ал мени ибадатта текеберленген, күнөөкөр болгондордон кылбады.
(33) Мен туулган, өлгөн жана кыяматта кайра тирилген күндөрдө мага шайтан менен анын жан-жөкөрлөрүнөн коргоо болсун! Жалгыздыкта калган мына ушул үч жайда шайтан мага эч зыян келтирген жок».
(34) Мына ушул сыпаттар таандык болгон адам – Иса пайгамбар. Бул айтылган сөз дагы Акыйкат Аллахтын сөзү. Иса тууралуу шектенип талашып тартышып адашкандардын айткан сөзү эмес.
(35) Балалуу болуш Аллахка ылайык эмес! Ал мындан таза жана аруу! Эгер Ал бир нерсени кааласа, анда ага «бол!» деп айтып койгону эле жетиштүү, ал нерсе ошол замат сөзсүз ишке ашат. Ким ушундай болсо, анда ал балалуу болуштан аруу.
(36) Чындыгында Аллах – менин Раббим жана баарыңардын Раббиңер! Ага гана чын ыкластан ибадат кылгыла! Мен силерге айткан нерсе – мына ушул Аллахтын ыраазылыгына жеткирген туура жол.
(37) Кийин алар Иса тууралуу талашып тартышып отуруп, эл ичинде топторго бөлүнүп кетишти. Кээ бирлери ага ыйман келтирип, “ал пайгамбар” дешти, жөөттөргө окшогон башкалары ага каапырлык кылышты. Ошол сыяктуу кээ бир топтор “ал кудай” дешти. Башкалары болсо ал “кудайдын баласы” дешти. Аллах бул нерселерден аруу! Улуу кыямат күнүндө күбөлөр болгондо ал тууралуу талашып тартышкандарга азап болсун! Анткени ал күндө ар кандай көрүнүштөр, сурак жана жаза болот.
(38) Ал күндө алар даана көрүшөт жана даана угушат. Ал кезде угушса дагы укканы пайда бербейт, көрүшсө дагы көргөнү пайда бербейт. Бирок залимдер бул дүйнөдө туура жолдон анык эле адашууда. Аларга акырет капыстан келгенге чейин зулумдук кылганын токтотмок турсун, эч даярдык көрүшпөйт.
(39) Оо, пайгамбар! Адамдарга өкүнүч күндү эскерт! Пенделердин китептери ачылып, сурак берип бүткөндө жана ар бир адам кылган ишинин акыбетин көргөндө жамандык кылган адам кылган күнөөлөрүнө өкүнөт, жакшылык кылган адам көп ибадат кылбай калганына өкүнөт. Алар бул жашоодо дүйнөгө азгырылып, акыретке жеңил карап жана кыямат күнүнө ыйман келтиришкен эмес эле.
(40) Чындыгында бүткүл жаратылыш жок болгондон кийин Биз Өзүбүз калабыз, жерди жана жер бетинде алар жок болуп Биз калгандан кийин андагы нерселерди Өзүбүз мураска алабыз. Биз аларга ээликке бергенбиз, аларга Өзүбүз каалагандай иш жүргүзгөнбүз. Эми алар сурак берип жаза-сыйлыгын алыш үчүн Бизге гана кайтат.
(41) Оо, пайгамбар! Сага түшкөн Курандагы Ибрахим (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) тууралуу кабарды эстегин. Чындыгында ал өтө чынчыл жана Аллахтын аяттарына анык ишенген Аллах тараптан келген пайгамбар эле.
(42) Ал атасы Азарга айтты: «Оо, атаке! Эмнеге Аллахтан башка кудайларга сыйынып жатасыз? Алар сиздин кылган дубаңызды да угушпайт, кылган ибадаттарыңызды да көрүшпөйт, сизди зыяндан коргоп, сизге пайда да келтире алышпайт го?.
(43) Оо, атаке! Сизге келбеген нерсе мага вахий жолу аркылуу илим болуп келди. Мени ээрчисеңиз сизге туура жолду көргөзөм.
(44) Оо, атаке! Шайтанга баш ийип сыйынбаңыз! Чындыгында шайтанды Адамга сажда кыл деп буйруганда, ал Чексиз Ырайымдуу болгон Аллахка каршы чыккан.
(45) О, атаке! Эгер каапыр боюнча өлсөңүз, сизге Ырайымдуунун азабы болорунан корком. Анда шайтанды дос кылганыңыз үчүн азапта аны менен бирге болосуз.
(46) Азар баласы Ибрахимге айтты: «Эй, Ибрахим! Сен мен сыйынган кудайларымдан баш тартып жатасыңбы? Эгерде кудайларымды сөккөнүңдү токтотпосоң, таш менен уруп өлтүрөм. Узак убакка чейин көзүмө көрүнбө, мага эч сүйлөбө, жаныма жакын жолобо!».
(47) Ибрахим (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) атасына айтты: «Саламатта калыңыз! Мен сизге зыян келтирбейм. Раббимден сиз үчүн кечирим жана туура жол сурайм. Чындыгында Ал мага өтө Мээримдүү.
(48) Мен силерди жана силер сыйынып жаткан Аллахтан башка кудайыңарды таштап кетем жана бир гана Раббиме дуба кылам жана Ага эч бир нерсени шерик кылбайм. Эгер Ага дуба кылсам, ал дубамды кабыл кылбай коюп, ал себептүү бактысыз болуп калбаймын деп үмүттөнөм».
(49) Аларды жана алар сыйынган Аллахтан башка кудайларын таштап кеткенде ал жоготкон үй-бүлөсүнүн ордуна баласы Исхакты жана андан небереси Якубду бердик. Ал экөөнү тең пайгамбар кылдык.
(50) Биз аларга пайгамбарлык менен бирге Өз ырайымыбыздан көптөгөн жакшылыктарды берип, аларга адамдар ар дайым мактоо сөздөрдү айта тургандай кылып койдук.
(51) Оо, пайгамбар! Сага түшкөн Курандагы Муса тууралуу кабарды эсте. Чындыгында ал тандалган пенде жана элчи-пайгамбар болгон.
(52) Биз Муса турган жерден алганда тоонун оң тарабынан аны чакырдык. Аллах ага сөзүн угузуш үчүн акырын үн менен чакырып аны Өзүнө жакындатты.
(53) Муса өз Раббисинен дуба кылып сурагандыгы үчүн Биз ага Өз ырайымыбыз жана жакшылыгыбыз менен жооп катары бир тууганы Харунду пайгамбар кылып бердик.
(54) Эй, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Исмаилдин (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) кабарын эсте. Чындыгында ал убадасына бекем, кандай гана убада бербесин, аны сөзсүз аткарган элчи-пайгамбар эле.
(55) Ал өз элине намаз окууну жана зекет берүүнү буйруган. Ал өз Раббисинин ыраазылыгына ээ болгон.
(56) Оо, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Идристин кабарын эстегин. Чындыгында ал аябай чынчыл жана Раббисинин аяттарын тастыктаган Аллахтын пайгамбарларынан эле.
(57) Биз ага пайгамбарчылык берген себептүү анын кадырын көтөрдүк. Анын даражасы жогору болду.
(58) Бул сүрөөдө эскерилген пайгамбарлар Закариядан баштап, Идрис пайгамбар менен аяктайт. Аллах Адам атанын урпактарынын кээ бирине жана Нух пайгамбар менен кемеге түшкөн адамдардын урпактарынын айрымдарына, ошондой эле Ибрахим менен Якубдун урпактарынын кээ бирине пайгамбарлыкты жакшылык кылып берди. Биз алардын кээ бирлерин туура жолго багыттап, Исламга киргиздик. Биз алардан адамдарды тандап, пайгамбар кылдык. Алар Аллахтын аяттары окулганын укканда, Аллахтан коркуп ыйлаган абалда сажда кылышат.
(59) Бул тандалган пайгамбарлардан кийин жамандыкты ээрчиген жана туура жолдон адаштырган адамдар келген. Алар намазды Аллах талап кылгандай аткарбай калышты, зына жана башка напсилери каалаган күнөө иштерди кылгандыктан, алар жакында жамандыкка жана өкүнүчкө дуушар кылуучу тозокто болушат.
(60) Ал эми ким кылган кемчилиги жана кош көңүлдүк кылгандыгы үчүн тообо кылып Аллахка ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, ушул сыпаттар менен сыпатталса, анда алар бейишке кирет. Алардын кичинеби, чоңбу жакшылык иштеринин соопторунан эч нерсеси кемибейт.
(61) Ырайымдуу Аллах ыймандуу пенделерин түбөлүк кала турган бейиштерге киргизем деп кайыптан убада кылды. Алар аны көрбөсө дагы ага ыйман келтиришти. Аллахтын бейиш тууралуу убадасы кайып болсо дагы сөзсүз келет.
(62) Алар ал жактан ашыкча жана бузуку сөздөрдү угушпайт. Тескерисинче, бири-бирине берген саламды жана периштелердин аларга айткан саламдарын гана угушат. Ал жайда алар каалаган тамак-аш эртели-кеч даяр турат.
(63) Мына ушундай сыпаттарга ээ болгон бейишти буйруктарга баш ийген жана тыюуларды таштаган пенделерибизге мурас кылып беребиз.
(64) Оо, Жебрейил! Мухаммадга айт: «Чындыгында периштелер өз билемдиги менен түшпөйт. Алар Аллахтын буйругу менен гана түшүшөт. Биз келечекте көрө турган акырет иштери, артта калтырган дүйнө иштери жана акырет менен дүйнөнүн ортосундагы иштер Аллахка гана таандык. Эй, пайгамбар! Раббиң эч бир нерсени унутпайт».
(65) Ал асмандар менен жердин Жаратуучусу, Падышасы жана Башкаруучусу. Жана экөөсүнүн ортосундагылардын Жаратуучусу, Падышасы жана Башкаруучусу. Андыктан Ага гана сыйын! Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу. Ага ибадат кылууда бекем тур! Сыйынууда шерик боло тургандай Ага теңдеш жок.
(66) Кайра тирилүүнү жокко чыгарган каапыр адам шылдың кылып: «Эгер мен өлсөм, кийин экинчи жолу да кайра тирилип кабырдан чыгат бекенмин?!» — деп айтат.
(67) Кайра тирилүүнү жокко чыгарган ошол адам ойлонбойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес болгон кезинде жаратканбыз го?! Ал абалкы жаратууну экинчи жаратууга далил кылып жатат. Бирок Аллах үчүн экинчи жаратуу жеңил жана оңой.
(68) Оо, пайгамбар! Раббиңе ант, Биз аларды адаштырган шайтандары менен кошо кабырларынан сөзсүз чыгарып, сурак майданына чогултабыз. Андан соң аларды кордолгон, чөгөлөгөн абалда тозоктун эшиктерине айдап барабыз.
(69) Андан соң адашкан ар бир топтун арасынан баш ийбей аша чапкан башчыларын катуулук менен күчкө салып сууруп чыгабыз.
(70) Анан Биз алардын кимиси тозокко кирүүгө жана анын ысыгынын азабына канчалык татыктуу экендигин жакшы билебиз.
(71) Эй, адамдар! Силердин ар бириңер сөзсүз түрдө тозоктун үстүнө курулган Сырат көпүрөсү аркылуу өтөсүңөр. Бул өтүүңөр Аллах өкүм кылган кескин өкүм. Анын өкүмүн эч ким жокко чыгара албайт.
(72) Андан соң Биз Сыраттан өтөөрдө Раббисинин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап, Андан корккондорду куткарып, ал эми залимдерди чөгөлөгөн абалда калтырабыз. Алар андан эч кайда кача алышпайт.
(73) Биздин элчибизге түшкөн ачык-айкын аяттарыбыз адамдарга окулганда каапырлар мусулмандарга: «Кимибиздин жашаган, отурган, чогулган жайы жана жамааты жакшыраак? Силердикиби же биздикиби?» – деп айтышат.
(74) Байлыктарынын көптүгүнө чиренип жаткан бул каапырлардан мурда булардан да байыраак, кийимдеринин кымбаттыгы жана дене-мүчөлөрүнүн сымбаттыгы жактан булардан да мыкты болгон канчалаган коомдорду кыйратып жок кылганбыз.
(75) Оо, пайгамбар! Айткын: «Кимде-ким адашып, темселеп жүрсө, анын адашуусу дагы күч алыш үчүн Ырайымдуу Аллах аны тим коёт. Качан алар убада кылынган азаптын бул дүйнөдө эрте келгенин же кыяматта кечигип келгенин көрүшкөндө гана алар тараптынбы же мусулмандар тараптынбы кимисинин даражасы төмөнүрөөк, колдоочусу азыраак экенин билишет».
(76) Аллах залимдерди күч алган адашууга таштаган болсо, ал эми ыйман келтирип туура жолго түшкөндөрдүн ыйманын, ибадатын көбөйтөт. Оо, пайгамбар! Түбөлүк бакытка жеткирген жакшылык иштер – сыйлык жана натыйжа жактан Аллахтын алдында пайдалуураак.
(77) Оо, пайгамбар! Биздин далилдерибизге каапырлык кылып жана аларга азап болуусуна берген убадабызды четке кагып: “Эгерде мен өлүп кайра тирилсем, анда мага сөзсүз көптөгөн байлык жана бала-чака берилет” деп жаткан адамды көрбөйсүңбү?!
(78) Эмне, ал сөзүн далил менен айткандай кайыпты билип алыптырбы?! Же Аллахтын алдында аны сөзсүз бейишке киргизет жана ага сөзсүз байлык, бала-чака берет деген келишими бар бекен?!
(79) Ал ойлогондой эмес! Биз анын айткандарын жана кылгандарын жазып коёбуз. Жана жалган айткандыгы үчүн катуу азап тарттырабыз.
(80) Биз аны жок кылгандан кийин анын байлыгы жана бала-чакасы Бизге мурас болот. Кыямат күнү алар бизге жалгыз мурда жыргап пайдаланган байлыгы жана бийлиги тартылып алынган абалда келишет.
(81) Мушриктер өздөрүнө жардамчы жана колдоочу болот деп Аллахтан башка нерселерди кудай тутуп алышты.
(82) Алар ойлогондой болбойт! Алар Аллахтан башка сыйынып жаткан кудайлары кыямат күнү алардын сыйынгандарын четке кагышат, алардан баш тартышат жана аларга душман болушат.
(83) Оо, пайгамбар! Көрбөйсүңбү, чындыгында Биз шайтандарды жиберип, аларды каапырлардын үстүнөн башкартып койдук. Аларды күнөө кылууга жана Аллахтын дининен тосууга козутушат.
(84) Оо, пайгамбар! Аллахтан аларды тезирээк кыйратуусун сурап шаштырба! Чындыгында Биз алардын өмүрүн тактык менен эсептеп койдук. Качан аларга берилген убакыт бүткөндө татыктуу жазасын беребиз.
(85) О, пайгамбар! Кыямат күндү эсте, ал күндө Раббисинин буйругун аткарган, тыюусунан тыйылган такыбаларды ызат-сыйдын үстүнө чогултабыз.
(86) Каапырларды болсо чаңкаган абалда тозокко алып барабыз.
(87) Ал каапырлар бири-бирине шапаат кыла алышпайт. Бул дүйнөдө Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтирип Анын алдында убада алгандар гана шапаат кыла алышат.
(88) Жөөттөр, христиандар жана кээ бир мушриктер: «Ырайымдуу Аллахтын баласы бар» – дешти.
(89) Эй, ушул сөздү айтып жаткандар! Силер өтө коркунучтуу нерсени айттыңар.
(90) Бул коркунучтуу сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор кулап бытырап кетчүдөй болуп турат.
(91) Мына ушунун баарысы алар «Ырайымдуунун баласы бар» дегендери үчүн! Аллах бул нерседен аруу жана жогору.
(92) Ырайымдуу Аллах бул нерседен аруу болгону үчүн Анын бала асыроосу туура эмес!
(93) Чынында, асмандардагы бардык периштелер, адамдар жана жиндер кыямат күнү Раббисине моюн сунуп келишет
(94) Аллах аларды толук билет жана алардын так эсебин алган. Алардын эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес.
(95) Алардын ар бири кыямат күнү эч бир колдоочусу жок, байлыгы жок жалгыз келет.
(96) Чындыгында Аллахка ыйман келтирип жана Ал ыраазы болгон жакшы иштерди жасагандар үчүн Өзүнүн жана пенделердин аларга болгон сүйүүсүн жаратат.
(97) Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз бул Куранды тилиңе жеңил кылдык. Аны буйруктарды аткарган, тыюуларды таштаган такыбаларга куш кабар беришиң үчүн жана акыйкатка моюн сунбай текеберлик кылгандарды, аша чаап душмандык кылган адамдарды коркутуп-эскертүүң үчүн түшүрдүк.
(98) Биз сенин коомуңдан мурун нечендеген коомдорду кыйратып жок кылганбыз. Сен бүгүн ал коомдордун бирөөсүн болсо да сездиңби?! Же алардын шыбыр эткен үндөрүн уктуңбу?! Аллах каалаган учурда алардын башына түшкөн нерсе башкалардын да башына түшүшү мүмкүн.