(1) Чындыгында Биз Куранды дүйнө асманына жалпылай түшүрдүк. Ошол сыяктуу эле аны Рамазан айында Кадыр түндө пайгамбарга түшүрүп баштадык.
(2) Оо, пайгамбар! Бул түндө кандай жакшылыктар жана берекелер бар экенин билесиңби?
(3) Бул түн – улуу жакшылыктар түнү. Ал – ыйман келтирип, сооп үмүт кылуу менен намаз окуп тоскон адам үчүн миң айдан артык.
(4) Ал түнү ырыскыга же өлүмгө же төрөлүүгө же башка ушуга окшогон Аллах тагдыр кылган нерселерге байланыштуу ошол жылга карата өкүм кылынуучу бүткүл иштер боюнча Аллахтын уруксаты менен периштелер жана Жебреил түшөт.
(5) Бул куттуу түн – таң атканга чейин баштан-аяк бүт баарысы жакшылык.