(1) Курайштын салты жана ынтымагы үчүн!
(2) Алардын бейпилдикте Йеменге карай кышкы сапары жана Шамга карай жайкы сапары үчүн!
(3) Эми силер үчүн бул сапарды жеңил кылган ушул ыйык Үйдүн Раббисине гана сыйынгыла жана Ага эч кимди шерик кылбагыла!
(4) Ал арабдардын жүрөктөрүнө ыйык жерге жана анын жашоочуларына карата болгон улуктоону салып, силерди ачкачылыкта тамактандырды жана коркунучтан сактады.