6 - Al-An'aam ()

|

(1) Жакшы көрүү менен айтылган, өтө көркөм, толук сыпатталган мактоолор Аллахка гана тиешелүү. Ал мурда эч окшошу болбогон асман жана жерди жаратты, бири-биринин артынан ээрчип жүргөн түн менен күндүздү жаратты. Түндү караңгы, күндүздү жарык кылды. Ушуга карабастан, каапырлар Ага башка нерсени теңеп, шерик кошуп алышты.

(2) Эй, адамдар, Ал кемчиликсиз Зат атаңар Адамды (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) жаратканда силерди топурактан жаратты. Кийин дүйнө жашоосунда жашап турууңар үчүн силерге мөөнөт берди. анан кыямат күнү силерди кайра тирилтип чыгаруу үчүн Өзүнөн башка эч ким билбеген ажал мөөнөтүн берди. Ушундан кийин да Аллахтын кайра тирилтүүчү кудуретине ишенбей шектенесиңер.

(3) Ал кемчиликсиз Зат асман-жердегинин баары Ага ибадат кылуусуна татыктуу, Ага эч нерсе жашыруун боюнча калбайт, Ал силер ниетиңерди, сөзүңөрдү, ишиңерди жашырсаңар да, ачык кылсаңара да билип турат. Кийин ошого жараша сыйлайт же азаптайт

(4) Бутпарастарга Жаратуучуңардан далил, белги келсе, ага көңүл бурбастан таштап коюшту. Чынында аларга Аллахтын жалгыздыгын далидеген айдан ачык бир канча далил, белгилер келди, Аллахтын элчисинин чындык экенине бир канча далиллдер келди. Ошого карабастан кош көңүлдүк менен жүз буруп, тескери кетишти.

(5) Алар ачык-айкын далил, белгилерден баш тартуу менен андан да ачык болгон нерседен баш тартып алышты. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, салматтыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген Куранды жалган дешти. Жакында кыямат күнү азапты көргөндө аларга келген чындыкты шылдыңдаган кандай болорун билишет.

(6) Заалым үммөттөрдү кыйратып жок кылчу Аллахтын жолун бул каапырлар билбейби? Чынында Аллах Таала бул каапырларга бербеген жерди берген, булрада жок күчтү берген канчалаган элдерди жок кылды. Аларга асмандан утуру жамгыр жаадырып турчу, турган жерлерин аралай дарыяларды агызып койгон эле. Кийин алар Аллахка күнөөкөр болушту, күнөөгө баткандыгы үчүн аларды кыйратып жок кылды, анан алардын ордуна башка элдерди жаратты

(7) Оо, элчи, эгер сага барактарга жазылган китепти түшүрсөк, алар аны өз көзү менен көрүп, анан колдору менен кармап көргөнүн тастыктаса да, баары бир аны тан албай, ишенбей коймок жана: сен алып келген нерсе анык сыйкыр экен, биз буга эч ишенбейбиз деп айтышмак.

(8) Тиги каапырлар: Эгер Аллах Таала Мухаммадга бир периштени түшүрүп, ал анын чындык экенине күбө өтүп бизге сүйлөгөндө, ошондо ага ишенмекпиз дешет. Эгер алар сыпаттагандай периштени түшүргөнүбүздө да ишенишпесе, аларды кыйратып жок кылмакпыз, анда аларга тообо кылууга мөөнөт да берилмек эмес.

(9) Аларга периштени элчи кылып жибере турган болгонубузда деле, алар ага жолугуп, аны угуусу үчүн периштени эркек кишинин кейпинде жибермекпиз; себеби, периштени Аллах Таала жараткан чыныгы өз кейпинде жиберсек ага туруштук бере алышмак эмес. А аны киши кейпинде жиберсек, бул аларга дагы күмөн жаратмак.

(10) Булар сага периште түшүрүүнү талап кылып шылдыңдашса, мурдагы коомдор да элчилерин шылдыңдашкан. Кийин, алар азапка кабылды, бул азапка алар ишенбей, четке кагып шылдыңдаган эле.

(11) Оо, элчи, бул жалганчы, шылдыңдоочуларга минтип айт: жер бетин кыдыргыла, Аллахтын элчилерин жалганга чыгаргандарын абалы эмне болгонуна ой жүгүрткүлө, чынында, алар күчтүү, бекем болгонуна карабастан кийин Аллахтын азабына кабылышты

(12) Оо, элчи, аларга дагы минтип айт: Асмандын, жердин жана бул экөөнүн ортосундагылардын мүлк-падышалыгы кимге таандык? Айт: булардын баарынын мүлк-падышалыгы Аллахка тиешелүү. Ал пенделерине артыкчылык берип, Өз напсисине ырайымдуулукту жазып койгон, аларды азаптоого шашылбайт, качан гана тообо кылышпаса, кыямат күнү баарын жыят. бул күндүн болоруна шек жок. Аллахка каапыр болуп, өз жанына зыян кылгандар ыйман келтиришпейт жана зыяндан өз жандарын куткара алышпайт

(13) Түнү-күнү жан кечиргендин баарынын мүлк-падышалыгы Аллахка таандык, Ал алардын сөздөрүн Угуучу, кылган иштерин Билүүчү, кийин ошого жараша жазалайт же сыйлайт

(14) Оо, элчи, Аллах менен бирге бут-айкелдерге ж.б. нерселерге ибадат кылган бутпарастарга минтип айт: Аллахтан башканы жардамчы кылып, андан жардам суроом акылга сыйчу ишпи?! Ал мурда эч окшошу болбогон асман менен жерди жаратты, жаратууда эч кимди алдына салбады. Ал пенделирнен кимди кааласа ошого ырыскы берет, пенделеринен эч китм ага ырыскы бере албайт. Ал пенделерине муктаж эмес, пенделер Ага муктаж. Эй, элчи, аларга дагы минтип айт: Мени Жаратуучум бул үммөттүн ичинен эң биринчи Аллахка моюн сунуп, Ага таянуучулардан болуумду буйруду жана Ага шерик кылуучулардын катарында болуудан тыйды.

(15) Оо, элчи, айткын: мен ширк жана башка Аллах тыюу салган күнөөлөргө бут коюп, Аллахка күнөөкөр болуудан, же ыйман жана башка Аллах буйруган нерселерди аткарбай кыямат күнү катуу азапка дуушар болуудан корком.

(16) Кыямат күнү Аллах кимди бул азаптан алыстатса, Аллахтын ырайымы менен жеңишке жетиптир, мын ушул Аллахтын азабынан кутулуу жеңиши - эч бир жеңиш тең келбей турган ачык-айкын, чыныгы жеңиш.

(17) Оо, Адам баласы, эгер сага Аллахтан бир балээ келсе, сени андан Аллахтан башка эч ким арылта албайт, эегр сага Аллахтан жакшылык келсе, мындан Аны тосуучу жок, анын артыкчылыгын кайтаруучу да болбойт. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү, Аны эч нерсе алсыз кыла албайт

(18) Ал пенделерин кордоп үстөмдүк кылуучу, аны эч нерсе алсыз кыла албай турган бардык тараптан бийик, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, баары ага көз каранды. Өзүнүн кемчиликсиз сыпаттарына ылайык пенделеринин үстүндө, жаратуучулугунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман жана Кабардар, Ага эч нерсе жашыруун калбайт.

(19) Оо, элчи, сени жалгансы деген бутпарастарга: Менин чынчылдыгыма кайсы нерсе күчтүү жана ишенимдүү күбө болот? - деп айт. Анан айт: Аллах менин чынчылдыгыма күчтүү, ишенимдүү күбө, Ал менин менен силердин ортоңордо Күбө болуучу, менинсилерге эмнени алып келгенимди жана силердин эмнени кайтарарыңарды билет. Аллах Таала мага силерди жана Куран жеткен инсан, жиндердин баарын эскертүү үчүн Куранды аян кылган. Силер, эй, бутпарастар, Аллах менен бирге дагы башка ибадат кылууга боло турган нерселер бар деп ишенесиңер. Эй, элчи, аларга дагы минтип айт: Силер ишенген нерсеңер жалган болгону үчүн ага мен күбө боло албайм, чынында Аллах ибадатка ылайыктуу Жалгыз, Анын шериги жок, мен Ага шерик кошкондордун баарынан жүз буруп четтеймин.

(20) Биз Тооротту берген яхудилер жана Инжилди берген христиандар, Мухаммад пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өздөрүнүн балдарын башкалардын балдарынан айрып тааныгандай даана таанып билишет. Бул, тозокко кирүү менен жандарына зыян кылгандар эч ыйман келтиришпейт.

(21) Аллахка шерик кошуп, анан кошкон нерсесине сыйынган жана Аллах Таала элчисине түшүргөн аяттарды жалган деп эсептеген адамдан өткөн залым адам болбойт. Аллахка шерик кошуп жана Анын аяттарын жалганга чыгарып залым болгондор эгер тообо кылышпаса, анда эч жеңишке жетишпейт.

(22) Кыямат күнү алардын баарын чогултканда эч кимисине кыянат кылбайбыз. Аллахка башка нерсени шерик кылып ибадат кылгандарды жемелеп: Аллахтын шериктери деп жалган айтып жүргөн шериктериңер кайда? деп айтабыз.

(23) Ушундай сыноодон кийин алардын шылтоосу өздөрү сыйынган нерседен баш тартуу гана болот да: Аллахка ант болсун, о, Жаратуучубуз, ал дүйнөдө биз бутпарас болгон эмеспиз, Сага ишенген, Сени жалгыз деп тааныгандардан болгонбу - деп жалган айтышат.

(24) Оо, Мухаммад, булардын Аллахка эч нерсени шерик кылган эмеспиз деп танышканын, жана бул дүйнөдө Аллахка шерик кылган шериктеринин алардан качып, жок болуп кеткенин карачы?!

(25) Оо, элчи, сен Куран окуганда бутпарастардын арасында аны уккандары да бар, бирок алар уккандарынан пайдалана алышпайт; анткени кежирлиги жана баш ийбегендиги үчүн алардын Куранды түшүнө албай турган кылып жүрөктөрүнө тосмо койгонбуз жана пайдалуу нерсени угуудан кулактарын керең кылганбыз. Алар ачык далилдерди, айкын белгилерди көп көрсө да баары бир ишенбейт. Сага келип, чындык тууралуу жалганды айтып талашат да: Сенин айтып жаткандарың мурдагылардын китебинен алынган болмуштар - дешет.

(26) Алар адамдарды элчиге ыйман келтирүүдөн тыйып, андан алыстатат, пайда алдыра койбойт, өздөрү да андан пайдаланбайт. Бул кылыктары менен өздөрүн жок кылышат, жана кылган иштери кыйроо экенин билишпейт.

(27) Оо, элчи, кыямат күнү аларды тозокко тикелей алып келгендеги абалын көргөнүңдө... Алар анда өкүнүч менен: Аттиң ай, дүйнө жашоосуна кайра барып калсак кана, анда Аллахтын аяттарын жалган дебейт элек, Аллах ишенген ыймандуулардан болот элек - дешет. Алардын оор абалын таң калуу менен көрөсүң.

(28) Биз кайра дүйнө жашоосуна жиберилсек ыйман келтирет элек дегендери да жалган. Алардын ден-мүчөлөрү күбөлүк бергенде, (Аллахка ант, биз мурда бутпарас болгон эмеспиз) деген ичиндеги жалгандары ачыкка чыгып калды. Эгер алар бул дүйнө жашоосуна кайра келүүгө кудурети жеткенде деле, кайра эле тыюу салынган каапырлыгы менен бутпарастыгына барышмак, чынында алардын кайра кайтсак ыйман келтиребиз деген убадасы жалган.

(29) Бул бутпарастар: биз азыр жашап жаткан жашоодон башка жашоо жок, биз эсеп берүү үчүн кайра тирилбейбиз дешти

(30) Оо, элчи, кайра тирилүү болбойт дегендер Аллахтын алдында турганын көргөнүңдө, алардын абалы өтө оорлугуна таң кала карайт элең. Аллах Таала алардан: Силер жалган деген эч шеги жана жалганы жок кайра тирилүү ушул эмеспи?! - деп сурайт. Алар: Бизди жараткан Жаратуучубузга ант берип айтабыз, кайра тирилүү эч шеги жок чындык экен - дешет. Ошондо Аллах Таала аларга: Ушул күнгө ишенбегениңер үчүн азаптын даамын таткыла, дүйнө жашоосунда жүргөнүңөрдө бул күндү болбойт деп жалганга чыгаргансыңар - дейт.

(31) Кыямат күнү кайра тирилүүнү жалган, Аллахтын алдына чогулууну мүмкүн эмес дегендер чынында зыян тартышты. Алар кабарсыз турганда кокусунан кыямат болуп, анан катуу өкүнүп: шорубуз курусун, Аллахка каапырлык кылып жана кыямат күнүнө даярданбай жаңылыш үмут кылыппыз - дешет, алар күнөөлөрүн жонуна көтөрүп жүрүшөт, алардын көтөргөн күнөөлөрү кандай жаман

(32) Аллахты ыраазы кылчу ишти кылбагандарга сөйөнүп алган бул дүйнө жашоосу өтүп кетчү оюндай эле. Ал эми ыйман келтирип, баш ийип жакшы иштерди жасаган жана ширк, күнөө кылуу сыяктуу тыюу салынган иштерден тыйылып Аллахка такыба болгондорго акырет жашоосу жакшы. Эй, бутпарастар, ушуга акыл жүгүртсөңөр, ыйманга келип, жакшы иштерди жасайт элеңер.

(33) Оо, элчи, алар сени сыртынан жалганга чыгарганына кайгырганыңды Биз билебиз. Сен билгин алар сенин аманатка бек, чынчыл экениңди билет жана өз ара сени жалганга чыгарышпайт. Бирок алар залым адамдар, сенин ишиңе ичинен ишенип турса да, сыртынан четке кага берет.

(34) Бул жалганга чыгаруу сага гана тиешелүү деп ойлобо. Сенден мурдагы элчилер да жалганга чыгарылган, коомдору аларды азаптаган. Алар үгүттөөдө, Аллах жолунда казат кылууда сабырдуулук кылышкан жана аларга Аллахтын жардамы келген. Аллах китебинде жазган жардамды жана элчилерине берген убаданы эч ким өзгөртө албайт. Эй, элчи, чынында сага мурдагы элчилердин кабары, б.а. аларга коому кандай каршы чыкканы жана Аллах Таала аларга жардам берип душмандарын кандай кыйратканы тууралуу кабар берилди

(35) Оо, элчи, сен алып келген чындыктан тескери бурулуп, жалганга чыгаргандары сага катуу тийсе, эгер жер астын кирүүчү жол же асманга көтөрүлчү тепкич таап, Биз сага бергенден башка далил, белги көрсөтө алсаң, анда ошондой кыл. Эгер Аллах кааласа алардын баарын чогултуп сен алып келген туура жолго салып коймок. Бирок Өзүнүн жеткиликтүү даанышмандыгы менен мындай кылууну каалбады. Сен буга акылы жетпеген илими тайкылардан болбо. Алардын ыйманга келбегенине кайгырганыңды токтот.

(36) Сен алып келген диниңди сөздү угуп, түшүнгөндөр гана кабыл кылышат, а каапырлар өлүк сыяктуу алардын эч кадыры жок, жүрөктөрү өлүп калган. Өлүктөрдү кыямат күну Аллах кайра тилитет, анан кылган иштерине жооп берүү үчүн Жалгыз Аллахтын алдына кайтышат

(37) Бутпарастар: Мухаммадга ал алып келген дини чындык экенине далил боло турган адаттан тыш белги берилбейби? - дешет. Эй, элчи, аларга: Аллах Таала силер каалагандай белгини тушүрүүгө кудуреттүү - деп айт. Бирок ошол белгини түшүрүүну талап кылган бутпарастардын көбү белгини түшүрүү, алардын талабы менен эмес, Аллахтын даанышмандык сыры менен болорун билишпейт. Эгер мындай белгини түшүргөндөн кийин да ыйманга келишпесе, анда кыйроого учурап калышмак.

(38) Оо, Адам балдары, жер бетинде кыбырыган жандуунун баары, асманда канат каккан канаттуулар жаратылуусунда жана ырыскылануусунда силер сыяктуу эле үммөт. Сакталган китепте (Лавх ал-Махфузда) эч нерсени калтырбай жазганбыз. Баарынын илими Аллахка маалым. Кийин, кыямат күнү өкүмду угуу үчүн баарыңар Аллахка кайтасыңар жана ар ким өзүнө ылайык сыйланат же жазаланат.

(39) Аяттарыбызды жалган дегендер кулагы укпаган кереңдер, сүйлөй албаган дудуктар сыяктуу. Буга кошумча алар караңгылыкта, көрө алышпайт, мындайлар туура жолду тапмак беле?! Аллах адамдардан кимди адаштырууну кааласа, адаштырат, кимди туура жолго баштоону кааласа, эч кыйшыгы жок түз жолго багыттайт

(40) Оо, элчи, тиги бутпарастарга минтип айт: Айткылачы, эгер силерге Аллахтын азабы, же болуусу убада берилген кыямат болуп калса, ошол убакта башыңарга түшкөн балээ, кыйынчылыктан куткаруусун суранып Аллахтан башкага кайрыласыңарбы?! Эгер силер сыйынган нерселер пайдасын жана зыянын тийгизе алат деп ишенгениңер чын болсо ушинтмексиңер.

(41) Бул учурда өзүңөрдү жараткан Аллахтан башкага дуба кылбастыгыңар чындык. Ал силерди балээден сактап, зыянды токтотот, Ал буга башчы жана ушундай кылууга Кудуреттүү. Ал эми Аллахка шерик кылып ибадат кылган "кудайларыңарды" алардан пайда да, зыян да болбоосун билип, таштап коёсуңар.

(42) Оо, элчи, сенден мурдагы үммөттөргө да элчилерди жибергенбиз, аларды да коомдору жалганчы деп, алар алып келген динден тескери бурулушкан. Биз аларды Жаратуучуларына багынып, Анын алдында кемсинүүсү үчүн жакырчылык, дене-боюна зыяны тийчү оору-сыркоо менен азаптадык.

(43) Алардын башына балээ түшүргөнүбүздө, андан кутулуу үчүн Аллахтын алдында кемсинип, Ага багынып калышса, Биз аларга ырайым кылмакпыз. Бирок алар минтпеди, алардын жүрөгү катып калгандыктан этибар кылбады жана сабак албады. Берилип алган күнөө жана каапырлыктарын шайтан аларга кооз көрсөтүп, каапырлыктарын уланта беришти.

(44) Жакырлык жана оорудан сабак албай, Аллахтын буйруктарын да аткарбай коюшканда, аларга ырыскы эшиктерин ачып, байлык берип, ден-соолуктарын чыңдап азгырып кызыктырдык. Качан алар көөдөнүн көтөрүп менменсинип, өздөрүнө берилген нерсеге чиренип калышканда, кокустан Биздин азабыбыз келди эле, үмүттөрү үзүлүп эмне кыларын билбей калышты.

(45) Элчилерге жардам берүү, каапырларды кыйроого учуратуу аркылуу каапырлардын аягы кесилди. Душмандарын кыйратып, досторуна жардам берген Ааламдардын Жаратуучусу Аллахка шүгүр, мактоо жана ыраазылык болсун.

(46) Оо, элчи, тиги бутпарастарга минтип айт: Эгер Аллах силердин угуу жана көрүү касиетиңерди алып, керең, сокур кылып койсо, жүрөгүңөргө мөөр басып, эч нерсени баамдабай калсаңар; силердин жоготкон нерсеңерди кайсы кудайыңар кайтарып бере алат, айткылачы? Эй, элчи, ойлоп көрчү, биз буларга кандай гана белгилерди баяндабадык, кандай гана далилдерди келтирбедик, алар болсо ошондон кийин да тескери бурулушту!

(47) Оо элчи, аларга минтип айт: Аллахтын азабы силерге билинбей кокустан келсе да же ачык эле билинип келсе да, Аллахка каапырлык кылган жана пайгамбарларын жалганга чыгарган залымдар гана кыйроого учурайт

(48) Биз элчилерибизди ыймандуу, баш ийген адамдарга аларды кубантуучу, эч түгөнбөгөн, үзгултүккө учурабаган түбөлүк жакшылыкты айтып кабарлоо үчүн жана каапыр, күнөөкөр адамдарга катуу азабыбызды айтып эскертүү үчүн жибердик. Элчилерге ишенип, жакшы иштерди кылгандарга акыретте эч коркунуч болбойт, ошондой эле алар бул дүйнө жашоосунда аткарган иштерине өкүнбөйт жана кайгырбайт.

(49) Биздин аяттарыбызды жалган дегендер, Аллахка баш ийбегени себептүү азапка кабылышат

(50) Оо, элчи, тиги бутпарастарга дагы минтип айт: Менде өзүм каалагандай алып иштете турган Аллахтын ырыскы казынасы бар деп айтпаймын. Мага Аллах аян-кабар аркылуу билдиргенден башка кайыптарды да билем деп айтпаймын. Мен периштелердин биримин деп да айтпаймын. Мен Аллахтын элчисимин, мага аян-кабар болгон нерсени гана ээрчийм, өзүмдо болбогон нерсени айтпайм. Эй, элчи, аларга дагы мындай де: Чындыктан көзү тосулуп калган каапыр менен чындыкты көрүп ага ишенген ыймандуу бирдей болобу? Эй, бутпарастар, айлан-чөйрөңөрдөгү белгилерге акылыңарды иштетпейсиңерби?

(51) Оо, элчи, кыямат күнү Жаратуучусунун алдында тирилип туруудан корккондорду Куран менен коркутуп, эскерт. Аларга Аллахтан башка пайда алып келе турган дос, зыяндан сактап кала турган колдоочу жок. Алар буйрулган ишти аткарып, тыйылган иштен тыйылып Аллахка такыба болушаар. Мына ушулар Курадан пайда ала турган адамдар

(52) Оо, элчи, эртели-кеч Аллахка чын ыкласы менен дайыма ибадат кылган кембагал мусулмандарды жаныңдан алыстатпа. Бутпарастардын чоңдорун өзүңө жакындатуу үчүн буларды жаныңдан алыстатпа. Сен ал жакырларды эч эсеп кылбайсың, аларды Аллах эсеп-кысап кылат, алар да сени эсеп кылбайт. Сен эгер аларды жаныңдан оолактатсаң, анда Аллахтын чегинен чыккан кишилерден болуп каласың.

(53) Ушинтип аларды бири-бири менен сынадык. Аларды дүйнө үлүшүндө ар түрдүү кылдык. Бай каапырлар кедей мусулмандарды теңсинбей: Аллах биздин арабыздан мына ушул жакырларды туура жолго салдыбы? Эгер ыйман жакшылык болгондо анда алар бизден мурда ээ болмок эмес, биз алардан мурда ээ болмокпуз - дешкени үчүн, Биз аларды ушундай сынадык. Жакшылыгына шүгүр кылуучуларды Аллах жакшыраак билет эмеспи, ошон үчүн аларды ыйманга багыттады, каапырларды да жакшы билип, аларды кур калтырды, алар ыйманга келишпейт. Ооба, Аллах алардан Билүчүүрөөк.

(54) Оо, элчи, эгер сага сен алып келген диндин чын экенине далил болгон Биздин аяттарыбызга ишенген ыймандуулар келсе, аларды урматтап саламына жооп кайтар, аларга Аллахтын ырайымы кенен экенин сүйүнчүлө. Аллах Таала Өзүнө кенен ыйрайымдуулукту ыйгарган. Алардын кимиси болсо да билбестен же унутуп күнөөгө барса, кийин андан кайтып тообо кылса, иш-аракеттерин жакшыртса, Аллах Таала чынында анын кылган күнөөсүн кечирет. Аллах Таала тообо кылган пенделерине Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу.

(55) Жогоруда айтылгандарыд сага баяндаган сыяктуу, жалган ишенимдегилерге да далил, белгилерибизди баяндайбыз, күнөөкөрлөрдүн жолу жана түзүлүштөрү айкын болуусу үчүн жана алардан алыс болуп сактанууңар үчүн

(56) Оо, элчи, аларга: Силер сыйынып жаткан Аллахтан башка нерселерге сыйынууга Аллах мага тыюу салган - деп айт. Дагы айт: Аллахтан башкага сыйынуу каалооңорду ээрчибейм, эгер мында мен силерди ээрчисем ак жолдон адашкан болом, ага багытталбай калам. Аллахтын далилисиз каалоолорун ээрчигендердин баарынын абалы ушундай болот.

(57) Оо, элчи,тиги бутпарастарга минтип айт: Мен каалаоомду эмес, Жаратуучумдун ачык-айкын далилин ээрчийм. а, силер болсо бул далилди жалганга чыгардыңар.Силер талап кылып жаткан адаттан тыш далилдер жана силер шашылып жаткан азаптар менин колумда эмес. Булар Аллахтын колунда. Жалпы силер талап кылган нерселердин өкүмү Аллахка тиешелүү. Ал чындыкты айтат, чындык менен өкүм чыгарат. Ал чындык менен жалганды ажыратуучулардын жана баяндоочулардын эң жакшысы.

(58) Оо, элчи, аларга айт: Эгер менин колумда же мүмкүнчүлүгүмдө силер шашып талап кылып жаткан азап болгон, аны эбак эле түшүрмөкмүн жана анда мени менен силердин ортобуздагы ишибиз да бүтмөк. Аллах Таала заалымдардын мөөнөтүн канча узартууну жана аларды качан азаптоону жакшы билет

(59) Кайыптын казыналары жалгыз Аллахтын колунда, аны Андан башка эч ким билбейт. Ал кургактыктагы жана деңиздеги айбанаттарды, өсүмдүктөрдү жана заттарды билет. Дарактын кайсы бир жерге учуп түшкөн жалбырагы, жер түбүндө өнгөн дан, бышкан жана быша элек нерсенин баары анык китепте жазылып сакталган, ал китеп Лавхул Махфуз.

(60) Силер уктаганда рухуңарды белгилүү мөөнөткө алып турган Ал Аллах. Күндүзү ойгоо кезиңерде иштерден эмнени кылганыңарды билген да Аллах. Уйкуда рухуңарды алгандан кийин ишиңерди кылууңар үчүн күндүзү кайра тирилтет. Ушинтип Аллах өлчөп койгон өмүрүңөр бүткөндөн кийин, кыямат күнү тирилип Аллахтын Өзүнө кайтасыңар. Ошондо силер бул дүйнө жашоосунда эмне кылып жүргөнүңөрдү кабарлайт жана ошого жараша сыйлайт же жазалайт

(61) Аллах Таала пенделерине үстөм; бардык тараптан алардан Бийик, башка баардык нерсе Ага көз каранды. Өзүнүн кемчиликсиз улуктугуна жараша пенделериинин үстүндө. Эй адамдар, Аллах силерге кылган ишиңерди эсептеп сактоочу периштелерин жиберет, ажалыңар жеткенде жаныңарды алуу үчүн өлүм периштесин жана анын жардамчыларын жиберет. Ал периштелер буйрулган ишин кемчиликсиз аткарат

(62) Кийин жаны алынгандын баары, кылган иштерине эсеп берүү үчүн, аларга күчтүү чечим жана адил өкүм чыгаруучу чыныгы падышасы Аллахтын алдына чогулат. Ал иш-аракеттерди өтө бат эсеп кылуучу.

(63) Оо, элчи, бул бутпарастарга минтип айт: Кургактын жана деңиздин караңгылыгында кабылган апаат-балээлерден ким силерди саламат сактап калат? Ичиңерден да, сыртыңардан кемсинип, Анын жалгыз Өзүнө: О, Жараткан, эгер ушул балээден бизди сак-саламат алып калсаң, бул жакшылыгыңа шүгүр кылуучулардан болуп, Сенден башкага сыйынбайбыз - деп жалбарасыңар го.

(64) Оо, элчи, аларга минтип айт: Силерди ал балээден куткара турган Аллах Өзү, бардык кайгы-кападан арылтат. силер болсо ошондон кийин да, жыргалчылык учурда Ага башка нерсени шерик кыласыңар. Ушул кылганыңардан да өткөн залымдык болобу?!

(65) Оо, элчи, аларга дагы минтип айт: Аллах Таала силерге үстүңөрдөн келүүчү таш жаадыруу, чагылган түшүрүү, топон сууга чөктүрүү сыяктуу ошодой эле бут астыңардан келүүчү жер титирөө, жер жутуу сыяктуу азаптарды жиберүүгө күчү жетүүчү-Кудуреттүү. Же жүрөгүңөрдү бири-бириңе каршы кылып коёт да, ар кимиң өз каалооңду ээрчип, бири-бириңерди өлтүрөсүңөр. Эй элчи, алардын ишеними жалган, сен алып келген дин чындык экенин түшүнүүсү үчүн аларга түрдүү белги, далилдерди көрсөтүп жана баяндап жатканыбызды карап көрчү.

(66) Коомуң бул Куранды жалган деди. Куран чындык, анын Аллахтан экенине эч күмөн жок. Эй, элчи, аларга: Мага силерди көзөмөлдөө жүктөлгөн эмес, болгону мен силерге жакын арада туш болуучу катуу азапты эскертүүчүмүн.

(67) Ар бир кабардын туруктуу убактысы жана бүтө турган акыркы чеги бар. Ушунун бири силердин малыңардын жана акыбетиңердин кабары. Муну кыямат күнү кайра тирилгенде билесиңер.

(68) Оо, элчи, эгер бутпарастардын Биздин аяттарыбыз тууралуу келекелүү, шылдың сөздөрүн уксаң, аяттарыбызды шылдыңдаган сөздөн башка сөзгө көчмөйүнчө алардан алыс бол. Эгер шайтан унттуруп алар менен отуруп калсаң жана кийин эстесең, алардын отурушун ташта, мындай бузукулар менен отурба.

(69) Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюусунан тыйылып такыба болгондор бутпарастар үчүн жооп бербейт, болгону алардын моюнунда туура эмес иштен кайтаруу гана бар, мүмкүн бутпарастар да, буйруктарды аткарып, күнөөдөн тыйылып такыба болуп калаар

(70) Оо, элчи, диндерин оюн-тамашага айлантып, шылдың, келеке кылган бутпарастардан алыс бол, аларды дүйнө жашоосу жана андагы убактылуу кызыктар азгырып койгон. Эй, пайгамбар, адамдарга Куран менен насаат кыл, кылган күнөөлөрү себептүү өздөрүн кыйроого дуушар кылып албасын. Ага жардам бере турган Аллахтан башка жардамчы болбойт жана Кыямат күнү аны Аллахтын азабынан арачалай турган колдоочу да болбойт. Азаптан кутулуу үчүн жаза акысына эмнени бербесин, баары бир кабыл кылынбайт. Булар күнөөгө баткан себептүү өз жандарын кыйроого учураткандар, Кыямат күнү алардын каапырлыгы үчүн ысыктыгы акыркы чегине жеткен ичимдиктер берилип, жан кейиткен азап менен азапталат.

(71) Оо, элчи, тиги бутпарастарга минтип айт: Аллахтан башка, пайда берүүгө да, зыян берүүгө да ээлик кыла албаган бут-айкелдерге сыйыналыбы. Аллах Таала туура жолго салып койгондон кийин динден кайтып, шайтандар адаштырып, туура жолун таппай акылы айран болгон кишиге окшойлубу. Анын түз жолдогу жолдоштору бар, алар аны чындыкка чакырат, ал болсо алардын чакырыгына жооп бере албайт. Эй, элчи, аларга дагы минтип айт: Чынында Аллахтын жолу мына ушул туура жол, Аллах бизди Анын Жалгыздыгын моюндап, Ага ибадат кылып моюн сунууга буйруган, Ал ааламдардын Жаратуучусу

(72) Чынында бизди намазды толук кандуу окууга буйруду, Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюусунан тыйылып, такыба болууга буйруду. Ал Жалгыз, кыямат күнү пенделер топтолуп, кылган иштерине эсеп-кысап берүү үчүн Ага барат.

(73) Ал асман-жерди чындык менен жараткан кемчиликсиз Аллах Таала. Аллах бир нерсеге бол деген күнү ал болуп калат. Кыямат күнү тургула дегенде турушат. Анын сөзү сөзсүз боло турган чындык. Кыямат күнү Исрафил периште сурнайын экинчи жолу үйлөгөндө бардык падышалык Ага таандык болот. Ал кайыпты да, көрүнүп турганды Билүүчү, жаратууда жана башкарууда Даанышман, эч нерсе жашыруун болбогон Кабардар, иштердин ички сыры Ага сыртында көрүнүп тургандай эле маалым

(74) Оо, элчи, Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) буттарга сыйынган атасына кайрылып: "Ата, Аллахты танып, ушул буттарга ибадат кыласыңбы? Сиз дагы, буттарга ибадат кылган сиздин коомуңуз дагы Аллахты танып, Андан башка нерселерге ибадат кылып, ачык-айкын адашышты жана чыныгы туура жолдон четтеп кетишти. Ал Кемчиликсиз Аллах чыныгы ибадатка татыктуу, Андан башкалары ибадат кылууга татыктуу эмес

(75) Атасынын жана анын коомунун адашуусун көрсөткөн сыяктуу, Аллахтын жалгыздыгына, ибадат кылуу жалгыз Ага ылайык экенине жыйынтык чыгарып, Аллах эч бир шериги жок, бардык нерсеге Кудуреттүү экенине анык ишенүүчүлөрдөн болуусу үчүн ага асман-жердин түгөнгүс мүлкүн көрсөттүк.

(76) Караңгы киргенде асмандан жылдызды көрүп: "Ушул менин Раббим" - деди. (Жер жарып) жылдыз көрүнбөй калганда: "Жок болуп кетүүчүлөрдү жакшы көрбөймүн" , - деди. Анткени, чыныгы Кудай дайыма бар болот, Ал жоголуп кетпейт.

(77) Толуп чыккан айды көрүп: "Мына ушул менин Раббим" - деди. Ай батып кеткенде: "Жалгыздыгын таанууга жана Ага ибадат кылууга Аллах Өзү жол көрсөтпөсө, Анын чыныгы дининен алыстап, адашкан коомдон болуп калчудаймын" - деди.

(78) Жаркырап тийген күндү көрүп: "Мына бул жылдыздан да, айдан да чоң болгон Күн менин Раббим" - деди. Күн батып кеткенде: "Эй, эл-журт, силер Аллахка шерик кылган нерселердин баарынан жүз бурдум" - деди.

(79) Мен көп кудайлуулук ишениминен бир Кудайга ишенүүгө кайтып, мурда эч бир окшошу болбогон асман-жердин Жаратуучусуна динимди тапшырдым. Мен Аллахка башка нерсени шерик кылып ибадат кылуучулардан эмесмин.

(80) Бутпарас коому Аллахтын жалгыздыгы тууралуу талашып-тартышып, аны бут-айкелдери менен коркута баштаганда, аларга минтип айтты: "Аллахтын жалгыздыгы, ибадатка татыктуулугу тууралуу талашасыңарбы? Раббим мени бул жолго Өзү багыттаган, мен силердин бут-айкелдериңерден коркпоймун. Анткени, эгер Аллах каалабаса, алар мага зыянын да, пайдасын да тийгизе албайт. Аллах каалаган нерсе гана болот. Аллах бардык нерсени билип турат, асман-жерде болгондордун баары ага жашыруун эмес. Эй, эл, силер Ага каапыр болуп, ширк кылып, жалгыз Аллахка ишенбей жүрөсүңөр, ушуну ойлонбойсуңарбы?!

(81) Силер Аллахка эч далилсиз ширк кылып, Аллах жараткан нерселерди Ага шерик кылуудан коркпосоңор, мен силер ибадат кылып жаткан буттардан эмнеге коркмок элем.?! Бул эки топтун: бир Кудайга ишенүүчүлөр менен ширк кылуучулардын кайсынысы бейпилдикке, тынчтыкка татыктуу? Булардын кайсынысы татыктуураак экенин билсеңер, ошонусун ээрчииле, акыйкатта татыктуурагы - эч шексиз - бир Кудайга ишенүүчү, ыймандуулардын тобу.

(82) Аллахка ыйман келтирип, шариятты бекем кармап, ыймандарына ширкти аралаштырбаган адамдарга гана тынчтык, амандык болот. Алар багытталган адамдар, аларды Раббилери туура жолго багыттаган.

(83) (Бул эки топтун кайсынысы тынчтыкка акылуу...) деген Аллахтын сөзү Биз Ибрахимге берген далил. Ал ошол далил менен коомунун далилдерине үстөмдүк кылып, алардын далилдерин жокко чыгарды. Биз каалаган пендебиздин даражасын бул дүйнөдө да, акыретте да көтөрбүз. Эй, элчи, акыйкатта сенин Раббиң жаратуучулугунда жана башкаруусунда Даанышман, пенделерин Билүүчү.

(84) Ибрахимге баласы Исхакты жана небереси Якубду бердик жана ал экөөң тең туура жолго салдык. Булардан мурда Нухту да туура жолго салганбыз.Ошондой эле анын урпактарынан Даудду, анын уулу Сулайманды, Айюбду, Юсуфту, Мусаны, анын агасы Харунду (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) туура жолго салганбыз. Биз пайгамбарларды алардын жакшылыктары үчүн ушундай сыйлаганбыз. Алардан башка жакшылык кылуучуларды да ушундай сыйлайбыз.

(85) Ошондой эле Закарияны,Яхияны, Мариямдын уулу Исаны жана Илясты (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) туура жолго багыттаганбыз. Бул пайгамбарлардын баары Аллах элчи кылып тандаган саалих-ыймандуу адамдардан эле.

(86) Ошондой эле Исмаилди, Ал-Ясаьны,Юнусту жана Лутту да (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) туура жолго багыттадык. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) баш болгон ушул пайгамбарлардын баарын ааламдардан артык кылдык.

(87) Биз туура жолго түшүүсүн каалап, тандаган алардын кээ бир аталарын, кээ бир балдарын жана кээ бир туугандарын да бир Кудайга сыйынуу жана баш ийүү жолу болгон түз, туура жолго багыттадык.

(88) Алардын туура жолго түшүүсү Аллахтын багыттоосу менен, Аллах каалаган пенделерин ушинтип багыттайт. Эгер алар Аллахка башка нерсени шерик кылышса, кылган жакшы иш-аракеттери текке кетет. Анткени, ширк жакшы иштерди жокко чыгарат.

(89) Жогоруда айтылган пайгамбарларга Биз китептерди, даанышмандыкты жана пайгамбарлыкты бергенбиз. Эгер сенин коомуң Биз пайгамбарларга берген бул үч нерсеге каапырлык кылышса, ага каапыр болбой турган башка коомду даярдап, алмаштырып коёбуз. Алар аны бекем кармаган ыймандуулар болушат. Алар мухажирлер жана ансарлар, ошондой эле алардын жолун жолдогон кыяматка чейинки ыймандуулар.

(90) Ошол пайгамбарлар жана алар менен бирге айтылган аталары, балдары жана бир туугандары акыйкатта туура жолго түшкөн адамдар. Эй, элчи, сен ушуларды ээрчи жана коомуңа: "Мен Куранды жеткиргеним үчүн силерден акы сурабаймын. Куран - инсан жана жиндер үчүн насаат-эскертме, ал аркылуу түз, туура жолду табасыңар" - деп айт.

(91) Бутпарастар Аллахтын пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Аллах адамзатка эч кандай аян-кабар түшүргөн эмес" - дегенде, Аллахты Өз улуулугуна жараша баалашкан жок. Эй, элчи, аларга минтип айт: "Мусага анын коому үчүн нур, туура жол жана багыт кылып Тооротту ким түшүргөн?" Жөөттөр анын жазып алышып, көңүлүнө жаккан жерин ачык көрсөтүп, Мухаммаддын сыпаттары сыяктуу көңүлдөрүнө жакпаган жерин жашырып коюшкан. Эй, араптар, силер өзүңөр да, силерден мурдагылар да билбеген нерселерди Курандан үйрөндүңөр. Эй, элчи, аларга: "Аны Аллах түшүргөн" - деп айт. Кийин аларды чындык ачыкка чыкчу күн келгиче, караңгы, адашкан, шылдыңдаган абалдарында таштап кой.

(92) Оо, пайгамбар,Куран Биз сага түшүргөн китеп, ал берекелүү, мурдагы асман китептерин тастыктаган китеп. Ал Мекке элин жана жердин чыгыш-батышындагы адамдардын баарын туура жолго киргизүү үчүн эскертүү. Акырет жашоосуна ыйман келтиргендер, Куранга да ыйман келтиришет. Анда айтылгандарды иш жүзүндө аткарышат. Намаздарын парз, важыб, мустахабдары менен шариятта белгиленген так убактысында окушат.

(93) Өз оюнан ойлоп таап Аллахка жалган айткан адамдан өткөн залым болобу!? Ал: "Аллах Таала адам баласына эч кандай аян-кабар түшүргөн эмес" - деп айтат. Же Аллах ага эч нерсе түшүрбөсө деле, өзүнө аян-кабар түшүрдү деп айтат. Же болбосо: "Мен дагы Аллах Куранда түшүргөн дин сыяктуу динди түшүрөмүн" - дейт. Эй, элчи, ал залымдар өлүмдүн даамын татышканын, периштелер аларга колун созуп, азаптап, уруп жатышканын көргөнүндө... Периштелер аларга каардуу мамиле жасап: "Жаныңарды чыгаргыла, биз аны алып кетебиз. Пайгамбарлык, аян-кабар жана Аллах түшүргөн сыяктуу динди түшүрүү тууралуу Аллахка жалган айтканыңар себептүү ошондой эле Аллахтын аяттарына ыйман келтирүүдөн текеберленгениңер үчүн бүгүн катуу, кор кылуучу азап менен кыйналасыңар" - дешет. Эгер ошол учурду көргөңүңдө өтө коркунучтуу абалды көрөт элең.

(94) Кайра тирилүү күнү аларга минтип айтылат: "Биз силерди алгач жаратканда жылаңач, жылаң аяк жараткандай, Биздин алдыбызга бүгүн байлыгыңар да, бийлигиңер да жок жалгыз келдиңер го! Биз берген байлык, бийлигиңерди тиги дүйнөгө таштадыңар. Ибадат кылганда Аллахка шерик болот, бизге ортомчулук кылат деп ойлогон "кудайларыңарды" да жаныңарда көрбөдүк. Силердин алар менен байланышыңар үзүлдү. Булар Аллахтын шериктери, бизге колдоо көрсөтөт деген оюңар жокко чыкты".

(95) Чынында, үрөөндү өндүрүп, андан эгин чыгарган жалгыз Аллах. Данекти жарып, андан курма, жүзүм, ж.б. дарактарды өстүргөн да жалгыз Аллах. Ал өлүктөн тирүүнү чыгарат; мисалы, адам баласы да, айбанаттар да бир тамчы уруктук суудан чыккан. Ал тирүүдөн өлүктү чыгарат; мисалы, ошол уруктук суу адамдан чыгат, жумуртка тооктон чыгат. Ушунун баарын силерди жараткан Аллах жасайт. Эй, бутпарастар, Аллахтын жоктон бар кылганына күбө болуп туруп, чындыктан кантип качасыңар!?

(96) Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах түндүн караңгылыгын таңдын нуру менен жарытат. Ал, күндүзү иштеп чарчаган адамдар эс алып, иш-аракеттерин токтотуусу үчүн түндү эс алуучу убак кылды. Ал, күн менен айды ченелген тагдыр менен жүрө турган кылды. Мына ушул айтылган жоктон бар кылуунун баары эч кимдин күчү жетпеген Кубаттуу Аллахтын тагдыры, Ал жараткандарын жана аларга эмне пайдалуу экенин Билүүчү.

(97) Оо, Адам, баласы, Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах силер кургакта жана деңизде сапарда жүргөндө аларды карап жол табуу үчүн асмандагы жылдыздарды жаратты. Чынында, далил, белгилерге акыл жугүртүп, андан пайда ала турган адамдар үчүн, Кудуретибизди билдирген далил, белгилерди ачык-айкын баян кылдык.

(98) Ал Кемчиликсиз, Улуу Аллах силерди бир жандан, атаңар Адамдан жараткан. Ал эми жаратылууңар атаңардын топурактан жаралуусунан башталган. Кийин андан силерди жаратты. Силерге энеңердин жатынын бышып жетилүүчу жай, атаңардын бел омурткасын сакталуучу жай кылып койду. Аллахтын сөзүнө түшүнгөн адамдар үчүн далилдерди ушиндай баян кылдык.

(99) Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах асмандан жамгыр жаадырат. Жамгыр суусу менен өсүмдүктөрдүн бардык түрүн өстүрдүк, өсүмдүктөрдөн жапжашыл эгиндерди жана дарактарды чыгардык. Андан дандары бири-бирине жабышкан машактарды чыгарабыз. Курманын бутактарынан отурган адам да, турган адам да жетчүдөй ийилген шиңгил мөмөлөрү чыгат. Ошондой эле жүзүм бакчаларын, жалбырактары окшош бирок, мөмөлөрү ар башка зайтун жана анар бактарын чыгарабыз. Эй, адамдар, мөмөлөр эми байлаганда жана алар бышып-жетилип калганда аларга карагыла! Эй, адамдар, мында, далил, белгилерден пайда алып, Аллахка ыйман келтирген адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар.

(100) Бутпарастар пайда-зыяны тиет деген ишеними менен ибадат кылган учурда жиндерди Аллахка шерик кылышты. Чынында, аларды да Аллах жараткан, Андан башка эч ким жараткан эмес. Ошон үчүн ибадат кылууга бир гана Аллах ылайыктуу. Жөөттөр Узайрды, христиандар Исаны Аллахтын баласы деп, бутпарастар периштелерди Аллахтын кыздары деген сыяктуу Аллахка уул-кызды таңуулашты. Аллах жалган ишенимдегилер сыпаттаган сыпаттардын баарынан Аруу жана Бийик.

(101) Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах муда болбогон сүрөттөгү асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Анын аялы болбосо, кантип баласы болсун!? Ал чынында, бардык нерсени жараткан, Ал бардык нерсени Билүүчү, Ага эч нерсе жашырууну эмес.

(102) Оо, адамдар, ушундай сыпаттар менен сыпатталаган Зат силердин Раббиңер, андан башка силерге Рабби жок. Андан ашка ибадат кылууга татыктуу эч ким жок, Ал бардык нерсени жаратуучу, Анын Өзүө гана сыйынгыла, Ал ибадат кылууга татыктуу. Ал бардык нерсени сактап туруучу.

(103) Көздөр аны орой албайт, Ал Кемчиликсиз Зат көздөрдү ороп алат. Ал саалих пенделерине Жумшак, алардан Кабардар.

(104) Оо, адамдар, силерге Раббиңерден ачык-айкын далилдер жана белгилер келди, ким ага акыл жүгүртүп, баш ийсе, пайдасы өзүнө. Ал эми ким сокур болуп, акыл жүгүртпөсө жана баш ийбесе, анын зыяны өзүнө. Мен силердин иш-аракетиңерди санаган күзөтчү эмесмин. Мен силерди күзөтүп турган Раббимдин элчисимин.

(105) Аллахтын күч-кудуретине ар түрдүү далил, белгилерди көрсөткөнүбүз сыяктуу, аяттарыбызды да убада, эскертүү, насаат кылып ар түрдүү түшүрдүк. Бутпарастар: Бул аян-кабар эмес, сен муну мурдагы китеп ээлеринен үйрөнгөнсүң - дешет. Ошондой эле чындыкты Мухаммаддын үммөтүнө баян кылуубуз үчүн аяттарды түрдүү кылдык. Алар чындыкты калы кылышат жана аны ээрчишет.

(106) Оо, элчи, Раббиң сага аян-кабыр кылган чындыкты гана ээрчи. Ал кемчиликсиз Аллах, Андан башка ибадтка татыктуу эч ким жок. Каапырлардын тоң моюндугуна жүрөгүңдү алагды кылба, алардын иши Аллахтын колунда.

(107) Эгер Аллах алардын Ага эч нерсени шерик кылбоосун каалаганда, алар Ага эч нерсени шерик кылбайт эле. Эй элчи, сени алардын ишин көзөмөлдөй турган кароол кылган эмеспиз. Сен аларга мажбурланбайсың, чынында сен элчисиң, сенин милдетиң жеткирүү.

(108) Оо, ыймандуулар, сөгүүгө ылайыктуу өтө жаман нерселер болгонуна карабастан, бутпарастар Аллахка шерик кылып сыйынып жаткан бут-айкелдерди сөкпөгүлө. Бутпарастар ага өчөшүп жана караңгылык кылып Аллахты сөкпөсүн. Аларга адашуулары кооз көрүнгөн сыяктуу бардык үммөттөргө өздөрүнүн иш-аракеттери жакшы болсо да, жаман болсо да аны кооз көрсөттүк. Биз аларга кооз көрсөткөн нерседен сактангыла. Кыямат күнү баары Раббисине кайтат. Ошондо алардын бул дүйнөдө эмне иш-аракет кылганын кабар берип, ошого жараша жазалайт.

(109) Эгер Мухаммад аларга алар талап кылган Аллахтын аят-белгилеринен бир белгини алып келсе, ага ыйман келтиребиз деп, бутпарастар колунан келишинче жан үрөп Аллахка ант беришет. Эй элчи, аларга: "Аят-белгилерди түшүргүдөй алар менин колумда эмес, ал Аллахтын колунда качан кааласа, ошондо түшүрөт" - деп айт. Эй, ыймандуулар, эгер алардын талабына ылайык аят-белги келсе да алардын ыйман келтирбестигин билесиңерби? Алар кежирленип, моюнуна албаган боюнча кала беришет, анткени алар туура жолду каалашпайт.

(110) Өздөрүнүн кежирлиги себептүү биринчи ирет Куранга ыйман келтирүүдөн алыстатып койгонубуз сыяктуу, алардын жүрөктөрүн жана көздөрүн чындыкка алып барчу туура жолдон алагды кылып, оодарып койдук. Эми аларды адашып, дүрбөлөңгө түшүп, тентиген боюнча Раббисине калтырып коёбуз.

(111) Биз алар талап кылган нерсени алып келип, периштелерди түшүрсөк жана ага күбо болушса, өлүктөр сүйлөп, сен алып келген дин чындык экенин айтышса, алар талап кылган нерсенин баарын алардын алдына келтирсек дагы, баары бир алар сен алып келген нерсеге ыйман келтиришпейт. Аллах туура жолду каалагандары гана ыйман келтиришет. Бирок, алардын көбү мындан кабары жок, Аллахтан туура жол тилеп жалынышпайт.

(112) Сени бутпарастардын душмандыгы менен сынаган сыяктуу сенден мурдагы пайгамбарларды да сынаганбыз. Алардын ар бирине адамдардан жана жиндерден болгон душмандарды кылганбыз, алар бири-бирин азгырып, элди алдоо үчүн жалганды кооз кылып көсөтүшкөн. Эгер Аллах кааласа мындай кылбайт эле, бирок, Аллах сыноо үчүн ушуну каалады. Эми жалган, каапырлыгы менен таштап кой, аларга ээрчибе.

(113) Алардын бири-бирине болгон азгырыгына акыретке ыйман келтирбегендердин жүрөгү жибип, ага ыраазы болуп, кабыл кылып, күнөө-каталарды жасап жүрө берүүсү үчүн.

(114) Оо, элчи, Аллах менен бирге башка нерселерге ибадат кылган бул бутпарастарга: "Мен менен силердин ортоңордо өкүм чыгаруу үчүн Аллахтан башканы тандап алуу акылга сыябы?" - деп айт. Куранды толук, баяндоочу кылып түшүргөн ал - Аллах Өзү. Тоорот берилген жөөттөр жана Инжил берилген христиандар, Куран чындыкты алып түшкөн китеп экенин жакшы билишет. Анткени, алар китептеринен буга далилдерди көрүшкөн. Биз сага аян-кабар кылып түшүргөн нерсеге шектенүүчүлөрдөн болбо.

(115) Куран сөздөрдүн да, кабарлардын да чындыгын чегине жеткирген , Анын сөзүн өзгөртүүчү жок. Ал пенделеринин сөзүн угуучу, аларды билүүчү. Ага эч нерсе жашыруун калбайт. Анын сөздөрүн өзгөртүүгө аракет кылгандарды кийин жазалайт.

(116) Оо, элчи, эгер сен жердеги адамдардын көпчүлүгүнө баш ийсең, сени Аллахтын дининен адаштырып коюшат. Акыйкатта, чындыкты азчылык тарапта кылганы бул Аллахтын сүннөт-жолу. Ададмардын көбү дайыны жок күмөнгө ээрчишет, ибадат кылып жаткан нерселери Аллахка жакындатат деп ойлошот жана бул тууралуу жалганды ойлоп чыгарышат.

(117) Оо, элчи, сенин Раббиң адамдардын кимиси адашканын жана кимиси туура жолго түшкөнүн жакшы билет. Мындан Ага эч нерсе жашыруун калбайт.

(118) Оо, адамдар, эгер Анын ачык далилдерине чындап ыйман келтирген болсоңор, Аллахтын аты аталып мууздалган адалды гана жегиле

(119) Оо, ыймандуулар, Аллахтын аты аталган нерсени жегенден силерди эмне тыйып жатат. Чынында, Аллах силерге арам нерселерди баяндаган, алардан сактануу силерге важыб, бирок, өтө зарылдыкта жесеңер болот. Зарылдык тыюуну жокко чыгарат. Бутпарастардын көбү билбестен, туура эмес пикирден улам чындыктан алыстап кетшүүдө. Алар өлүмтүк сыяктуу Аллах арам кылган нерселерди адал дешет. Бахира (беш жолу ботологон төө), васила (удаа-удаа эки жолу ургачы ботологон төө) жана хами (он жолу ботолоткон эркек төө) сыяктуу Аллах адал деген нерселерди арам кылышат. Эй, элчи, Раббиң чектен чыккандарды жакшы билет жана аларды чектен чыккандыгы үчүн жазалайт.

(120) Оо, адамдар, ачык жана жашырууну күнөөнүн баарын таштагыла. Ачык жана жашыруун күнөөгө берилгендерди, алардын кылганына жашара Аллах Таала жазалайт.

(121) Оо, мусулмандар, Аллахтын аты аталбаган нерсени, мейли ага башканын аты аталсын же аталбасын, баары бир аны жебегиле. Анткени, аны жеш Аллахка баш ийүүдөн чыгарып, күнөөгө түртөт. шайтандар өздөрүнүн досторуна өлүмтүктү жеш-жебеш боюнча күмөн жаратат. Оо, мусулмандар, эгер силер ушундай күмөнгө ээрчип аны жесеңер, силер да ширк кылууда алар менен бирдей болуп каласыңар.

(122) Каапыр болуп, караңгылыкта, күнөөгө батып өлүк сыяктуу болгон, анан Аллах аны туура жолго, ыйманга багыттап, Өзүнө баш ийдирип тирилткен адам, каапырлыктын, илимсиздиктин жана күнөөкөрдүктүн караңгылыгында жүргөн, андан чыга албай, жолдору жабылып, караңгылыкта калган адам менен бирдей болмок беле!? Бутпарастарга өздөрүнүн ширки, өлүмтүк жегени,жалганды талашып-тартышуусу жакшы көрсөтүлгөн сыяктуу, каапырларга да кылган күнөөлөрү жакшы көрсөтүлдү, кыямат күнү аларды ошого жараша азаптоо үчүн.

(123) Меккеде бутпарастарды Аллахтын жолунан тосуучу чоңдору болгон сыяктуу, бардык айылдарда аларды куулук-шумдугу менен шайтандын жолуна чакырып, элчилерге жана аларды ээрчигендерге каршы тукурган башчы, чоңдорун кылып койдук. Иш жүзүндө алар куулук-шумдугу менен өздөрүн алдашат, бирок, алар илимсиздиги жана каалоосуна берилгендиги себептүү муну сезишпейт.

(124) Каапырлардын чоңдоруна Аллах Таала пайгамбарына түшүргөн аят-белгилерден бир белги келсе, алар: "Аллах бизге да пайгамбарларга берген пайгамбарлык жана элчилик озуйпаны бермейинче ыйман келтирбейбиз" дешет. Аллах элчиликке жана анын милдеттирин аткарууга ким ылайык экенин жакшы билет жана пайгамбарлык озуйпаны ошого гана таандык кылат. Чектен чыккан адамдарга чындыкка текеберленгени үчүн кордук, куулук-шумдугу үчүн катуу азап болот.

(125) Аллах кимди туура жолго салгысы келсе, анын көкүрөгүн ачып, исламды кабылдоого жибитип коёт. Ал эми кимди туура жолго салгысы келбесе, чындыкты кабыл алууга анын көкүрөгүн тарытып коёт. Б.а.асманга көтөрүлө албаган сыяктуу жүрөгүно чындыкты киргизе алышпайт. Адашкандарды ушундай кыйын, тар абалга калтырган сыяктуу, ыйман келтирбегендерди да катуу азаптайт.

(126) Оо, элчи, Биз сага шарият кылып берген ушул дин Аллахтын эч ийриси жок түз жолу, Аллахты эстеп, түшүнө турган акыл-эстүү адамдарга аяттарды баян кылдык.

(127) Алар үчүн бардык жамандыктан сак-саламат боло турган бейиш бар. Жакшы иштерди жасаганына сыйлык катары Аллах аларды колдойт жана кам көрөт

(128) Оо, элчи, инсандар менен жиндерди чогулткан Кыямат күнүн эсте. Ошондо Аллах: "Эй, жиндер жамааты, инсандардын көбүн адаштырып, Аллахтын жолунан тостуңар" дейт. Аларды ээрчиген инсандар Раббисине жооп берип: "Оо, Раббибиз, биз бири-бирибизди пайдаландык, жиндер ага баш ийген инсанды пайдаланды, инсандар кумар каалоосунан пайдаланды, ошентип жүрүп бизге чектелген күн Кыямат келди" дешет. Аллах: "Силердин турак жайыңар тозок, анда түбөлүк каласыңар, бирок, Аллах каалагандар, кайра тирилгенден тартып тозокко киргенче түбөлүк тозокто болбойт" дейт. Аллах ушул мөөнөттү түбөлүк тозокто калуу деп эсептеген жок. Эй, элчи, акыйкатта сенин Раббиң тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышман, пенделерин кимиси тозокко татыктуу экенин Билүүчү.

(129) Жиндердин кээсин башчы кылып, инсандарды азгыруу үчүн аларга эрк берип койгонубуз чыяктуу, залымды залымга башчы кылып коёбуз, алар бири-бирин жамандыкка үндөп, кызыктырат. жана жакшылыктан качырып, алыстатат; бул алардын күнөөгө берилгендигинин жазасы.

(130) Кыямат күнү аларга: "Эй, инсан жана жиндердин жамааты, силерге өзүнөрдүн жынсыңардагы - инсандардан болгон - элчилер келбедиби, алар Аллах түшүргөн нерсени силерге окуп берип , кыямат күнү жолугарыбызды айтып, эскертишпедиби?" - деп айтабыз. Алар: Ооба, Сенин элчилериң бул күн тууралуу бизге жеткиргенин , бул күнү жолугушуу болорун моюнубузга алабыз. Бирок, элчилериңди жалганга чыгарганбыз, Кыяматтагы жолугууну да жалганга чыгарганбыз - дешет. Аларды убактылуу кооздугу, жакшылыгы жана ырахаты менен дүйнө жашоосу алдап койду. Алар дүйнө жашоосунда Аллахка жана Анын элчисине каапыр болушканын моюнуна алышты, бирок, убактысы өтүп кеткендиктен алардын эми моюнуна алганы да, ыйман келтиргени да пайдасыз

(131) Инсандарга жана жиндерге элчилерди жиберүүнүн сыры, элчи жөнөтпөй, дааватын жеткирбей туруп эч кимди азаптабагандыгында, эч бир үммөттү элчилерин жиберип эскертмейинче азаптаган эмес.

(132) Алардын ар биринин ишине жараша даражасы болот. Жамандыгы көп адам менен жамандыгы азы бирдей болбойт. Ээрчүүчү менен ээрчиген бирдей болбойт. Ошондой эле, жакшы иштерди кылуучулардын сооптору да бирдей болбойт. Раббиң алардын эмне иш кылганынан кабарсыз эмес, Ал баарынан кабардар, Ага эч нерсе жашыруун эмес. Эми баарын кылган иштерине жараша жазалайт.

(133) Оо, элчи, Раббиң пенделерине муктаж эмес, алардын ибадатына да муктаж эмес. Алардын каапырлыгы Ага зыянын тийгизбейт. Аларга муктаж болбогонуна карабай, аларга мээримдүү. Эй, күнөөкөр пенделер, эгер силердин жок болууңарды кааласа, Өзүнүн бир азабын жиберип коёт. Силерди жок кылгандан кийин өзүнө ыйман келтирип,баш ийген элди пайда кылат. Силерди да өзүңөрдөн мурдагы коомдун урук-насилинен ушинтип пайда кылган.

(134) Эй, каапырлар, убада кылынган кайра тирилүү, чогулуу, эсеп берүү жана азап чегүү сөзсүз болот. Раббиңерден эч качып кутула албайсыңар, Ал силерди качырбайт жана азабы менен азаптайт.

(135) Оо, элчи, аларга айт: Эй, коомум, каапырлык жана адашууда жүргөн жолуңарда бекем тура бергиле, мен силерге ачык-айкын далилдерди жеткирип озуйпамдан кутулдум. Силердин каапырлыгыңарга жана адашууңарга көңүл буруучу эмесмин. Мен эми өзүм турган чындык жолунда журө берем.Эми кимге жер бетинде жардам болорун, жер кимге мурас каларын, кимге акыретте жеңиш болорун билесиңер. Бутпарастар жерде да, акыретте да жеңишке жетишпейт, алардын акыбети өкүнүч болот.

(136) Бутпарастар Аллах жараткан эгиндерден, мал-жандыктардан Аллахка бөлүштүрүп, буга чейин болбогон ишти башташты. Бөлгөн нерселеринин бир болүгүн Аллахка, бир бөлүгүн өздөрү ибадат кылган бут-айкелдерге деп ойлошту. Өздөрүнүн бут-айкелдерине деп бөлгөн бөлүктү, Аллахка деп бөлгөн бөлүккө б.а. Аллах шариятта буйруган кедей-кембагалдарга иштетилчү бөлүгүнө такыр аралаштырышпады. Ал эми Аллахка деген бөлүктү өздөрүнүн айкелдерине бөлгөн бөлүккө каалагандай арылаштырышты. Бул кандай жаман бөлүштүрүү жана өкүм!

(137) Шайтан мына ушул жаман өкүмдү бутпарастарга кооз кылып көрсөткөн сыяктуу, бутпарастардын шайтандардан болгон шериктери аларга кедейликтен коркуп балдарын өлтүрүүнү кооз көрсөттү. Аллах тыюу салган адам өлтүрүү ишине кадам таштатуу үчүн жана кайсы шариат, кайсы шариат эмес экенин билбей, диндерин аралаштырып алуусу үчүн ушундай кылды. Эгер Аллах алардын андай кылбоосун каалаганда, андай кылышпайт эле. Бирок, Өзүнүн чексиз даанышмандыгы менен Аллах ушуну каалады. Эй, элчи, бутпарастарды Аллахка жапкан жалган жалаалары менен таштап кой, бул сага зыянын тийгизбейт, алардын ишин Аллахка тапшыр.

(138) Бутпарастар бул мал-жандыктарды жана эгиндерди биз каалагандан башка адамдарга жегенге болбойт дешет. Бул жаныбарлардын үстү арам б.а.минүүгө, жүк артууга болбойт деп, бахираны, саибаны, хамини айтышат, буларды сойгондо Аллахтын аты аталбайт дешет. Аларды бут-айкелдердин атын атап мууздашат. Мунун баарын Аллахтан деп жалган айтышат. Ушинтип жалган жалаа жапкан себептүү кийин Аллах аларды жазалайт.

(139) Ошондой эле: саиба жана бахира эгер тирүү тууса, анын ичиндегиси эркектерибизге адал, аялдарыбазга арам, а, эгер өлүк тууса, анда эркектерибизге да, аялдарыбызга да адал дешет. Эми аларды ылайыксыз сөздөрү үчүн Аллах жазалайт. Ал шариятында жана жараткандарынын абалын жөнгө салууда Даанышман, аларды жакшы Билүүчү.

(140) Акылы жана илими жетишсиздиктен балдарын өлтүргөндөр жана Аллах ырыскы кылып берген мал-жандыктарды Аллахтан деп жалган айтып арамга чыгаргандар зыянга учурашты. Алар түз жолдон алыстап, туура жолго түшүүчү болбоду.

(141) Кемчиликсиз Аллах жер бетине сөңгөгү жок жапыз өсө турган жана сөңгөктүү бийик көтөрүлүп өсө турган бактарды жараткан. Ошондой эле курманы ,көрүнүшү жана даамы ар түрдүү эгиндерди жаратты. Ал жалбырактары окшош, даамы окшобогон зайтун жана анарды жаратты. Эй, адамдар, бышкан учурда алардын мөмөсүн жегиле, терип-жыйганыңарда анын үшүрүн бергиле, жегенде жана напака кылып берген шарият чегинен чыкпагыла. Жеп, напака кылууда же башка жол менен иштетүүдө чектен чыккан ысырапкорлорду Аллах жашы көрбөйт, аларга ачууланат. Бул нерселерди жараткан Зат Өзү аларды силерге адал кылган, аларды арамга чыгаруу бутпарастардын иши эмес.

(142) Ал Зат силерге чоң төөлөр сыяктуу жүк ташуучу жана алардын кичинелери же кой-эчкилер сыяктуу майда, жүк ташууга жарабаган жан-жаныбарларды берди. Оо, адамдар, Аллах силерге адал кылып койгон ушул нерселерден жегиле, бутпарастарга окшоп Аллах адал кылган нерсени арам, арам кылган нерсени адал көрсөткөн шайтандын жолуна ээрчибегиле. Оо, адамдар, акыйкатта, шайтан ушунусу менен силерди Аллахка күнөөкөр кылууну каалаган анык душманыңар.

(143) Силерге мал-жандыктан сегиз жупту жаратты; койдун эркек ургаачысын жана эчкинин эркек ургаачысын. Эй, элчи, бутпарастарга: Аллах Таала булардын эркектерин эркектиги үчүн арам кылдыбы? - деп айт. Эгер: ооба - дешсе, Анда ургаачыларын эмне үчүн арамга чыгарасыңар? же аларды ургаачылыгы себептүү арам кылдыбы? - деп айт. Эгер: ооба, - дешсе, Алардын эркектерин эмнеге арамга чыгарасыңар? же алардын ичиндегилер аралаш болгону үчүн алардын ургаачыларын арам кылдыбы? - деп айт. Эгер ооба - дешсе, Алардын ичиндегилери аралаш болгондо эмне үчүн кээде эркектерин, кээде ургаачыларын арам деп ажыратасыңар - деп айт. Эй, бутпарастар, эгер ушул нерселерди Аллах арам кылды деген сөзүңөр чын болсо, туура илим менен түшүндүрүп бергилечи - дегин.

(144) Сегиз мал-жандыктын калганы, булар: эркек-ургаачы эки төө жана эркек-ургаачы эки уй. Эй, элчи, бутпарастарга: Аллах булардын эркектерин арам кылдыбы, же ургаачыларын арам кылдыбы, же экөөнүн ичиндегилеринби? - деп айт. Эй, бутпарастар: же өз оюңарда, Аллах силер арамга чыгарып жаткандарыд арам деп осуят кылганда күбө болдуңар беле? Эч бир илими жок туруп, адамдарды туура жолдон адаштыруу үчүн, Аллах арам кылбаган нерселерди арам кылды деп Аллахка жалган жалаа жабуучудан өткөн чоң күнөө жана чоң залымдык болбойт. Аллахка жалган жалаа жапканы үчүн Аллах залымдарды туура жолго багыттабайт.

(145) Оо, элчи, айткын: Мага Аллах аян-кабар кылган нерселерден Аллахтын аты аталбай өлүп калган өлүмтүк, мууздаганда аккан кан, чочконун эти, бут-айкелдерге арналып союлган малдар сыяктуу мууздаганда Аллахтын ысымы айтылбаган мал-жандыктар гана арам экенин көрдүм. Ким катуу ачкалыктан улам зарыл болуп, ушул арам нерселерден зарылдыктын чегинен ашырбай, арааны ачылып берилбей, аз гана жесе, ага күнөө эмес. Оо, элчи, акыйкатта, Раббиң андан жеген зарылмандарды кечирүүчү, аларга ырайымдуу.

(146) Жөөттөргө ача туяк болбогон төө сыяктуу жаныбарларды арам кылганбыз. Ошондой эле аларга уй жана майда жандыктардын жонундагы, ичегилериндеги майларынан жана сөөгүнө аралашкан куйрук, жамбаш майларынан башка майларын арам кылганбыз. Биз залымдыгы үчүн бул нерселерди аларга арам кылып жазаладык. Биз бардык айткан сөздөрүбүздө чынчылбыз.

(147) Оо, элчи, эгер сени жалганга чыгарышса жана Раббиңден алып келген нерсеге ишенишпесе, аларды кызыктырып: Раббиңердин ырайымы кенен, силерге узун мөөнөт берип, азаптабай күтүп турганы Анын ырайымынан деп айт. Ошондой эле аларды эскертип: Күнөөгө баткан коомго Аллахтын азабы келбей койбойт дегин.

(148) Өздөрүнүн ширк кылуусу туура экенине Аллахтын тагдырын жана каалосун шылтоолоп, бутпарастар: эгер Аллах каалаганда биз да, биздин аталарыбыз да Ага шерик кылбайт элек. Эгер Аллах каалаганда, өзүбүзгө арам кылган нерсени арам кылбайт элек дешет. Булар сыяктуу жалган шылтоону мурдагы каапырла да айтышканю Алар: Эгер Аллах каалаганда биз азыр жалганга чыгарган нерселерди жалганга чыгарбайт элек дешет. Алар ошентип Биз үстүнө азап түшүргөнгө чейин жалганга чыгарып жүрүштү. Эй элчи бутпарастарга: Силердин ширк кылуубузга жана арамды адалга, адалды арамга чыгарганыбызга Аллах ыраазы болду дегениңерге далилиңер барбы? деп айт. Силерди ушул боюнча таштап койгону силерге ыраазы болгонунун далили эмес. Силер бул боюнча күмөндү ээрчип жатасыңар, а күмөндө эч кандай чындык болбойт. Силер жалганчысыңар.

(149) Оо, элчи, бутпарастарга минтип айт: силерде ушул түккө турбаган далилиңерден башка далилиңер жок болсо, Аллахта силердин шылтооңорду жокко чыгара турган, силер ээрчиген күмөнүңдү жок кыла турган кескин далилдери бар. Эгер Аллах баарыңардын чындыкка ээрчүүңөрдү каалаганда, ошондой кылмак.

(150) Оо, элчи, Аллах адал кылган нерсени арамга чыгарып, анан муну Аллах өзү арамга чыгарды деп жалган айткан бутпарастарга: "Силер арам деп жаткан нерселерди Аллах арамга чыгарганына күбө болгон күбөңөрдү алып келгилечи" деп айт. Эй, элчи, эгер алар илимсиздик кылып, Аллах арам кылды деп күбө өтүшсө, сен алардын күбөлүгүнө ишенбе. Анткени ал жалган күбөлүк, каалоолору менен өкүм кылгандардын каалоосуна ээрчип кетпе. Алар Аллах адал кылганды арам дешкенде биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты. Акыретке ишенбегендерди ээрчибе, алар Раббисине шерик кошуп, Ага башканы теңешет. Раббисине ушундай мамиле кылгандардын жолуна кантип ээрчилсин?!

(151) Оо, элчи, адамдарга минтип айт: "келгиле, мен силерге Аллах арам кылган нерселерди окуп берейин. Аллах силерге жараткан нерселерин Ага шерик кылууну, ата-энеңерден ак болууну арам кылды, ата-энеге жакшы мамиле кылуу важыб болду. Дагы силерге,жахилияттагы адамдарга окшоп, жакырлык себебинен балдарыңарды өлтүрүүнү арам кылды, силерге да, балдарыңарга да ырыскыны Биз беребиз. Дагы силерге бузук иштердин ачыгына да, жашыруунуна да жакындоону арам кылды. Дагы силерге Аллах акысыз өлтүрүүгө тыюу салган б.а.үйлөнгөндөн кийин зина кылган, исламга киргенден кийин кайра динден кайткан адамдардан башка адамдарды өлтүрүүнү арам кылды. Мына ушул айтылгандарды Аллахтын буйрук жана тыюуларына акыл жүгүртүүңөр үчун силерге насаат кылды.

(152) Дагы силерге жетимдин малын иштетүүнү арам кылды, жетим - атасы жок балакат жашына жете элек кыз-балдар. Бирок, жетимге жакшылык, пайда кылуу үчүн же ал балакатка жеткенге чейин мал-мүлкүн көбөйтүү үчүн иштетсе болот. Дагы силерге таразада жана өлчөп-ченөөдө кем кылууну арам кылды. Соода-сатык, алды-бердиде адилеттүү болуу силерге важыб. Адамга анын колунан келген ишти гана жүктөйбүз, тартып, өлчөп, ченөөдө ашык-кем кетирүүдөн сактана албаган учурларда күнөө жок. Дагы силерге кабар айтууда же күбөлүк берүүдө жакындарыңарга, досторуңарга жан тартып туура эмес сүйлөөнү арам кылды. Дагы силерге Аллахка берген антыңарды же Аллахтын аты менен берген антыңарды аткарбай коюуну арам кылды. Силерге мындай антыңардын өтөөсүнө чыгуу важыб. Жогоруда айтылгандар иштериңердин акыбетин эстеп жүрүү үчүн Аллахтын силерге бекемдеп берген буйруктары.

(153) Дагы силерге адашууга алып барчу жолдорго түшүүну арам кылды. Аллахтын эч кыйшыгы жок түз жолуна ээрчү силерге важыб. Адаштыруучу жолдор силерди чындык жолунан алыстатып, ажыратат. Тыюуларынан тыйылып, буйруктарын аткарып Аллахка такыба болууңарды үмүт кылып Аллах силерге Өзүнүн туз жолун ээрчүүнү осуят кылды.

(154) Жогорудагыларды кабар бергенден кийин, Мусага Тооротту түшүргөнүбүз тууралуу кабар беребиз. Жакшылктарыбызды толуктап, Мусанын жакшы иштерине сыйлык кылып, динде далил керек болгон бардык нерсени баяндап, чындык жана ырайымга далил кылып, кыяматта Раббисине жолугууга ыйман келирүүлөрүн жана ага жакшы иштери менен даярданууларын үмүт кылып Тооротту түшүрдүк.

(155) Бул Куран, Биз берекелүү кылып түшүргөн китеп;анткени ал дүйнө жана акыретке пайдалуу нерселерди ичине камтыйт. Анда түшүрүлгөн нерселерге ээрчигиле, ага каршы болуудан сактангыла, ырайымды үмүт кылгыла.

(156) Эй, арап бутпарастары, силер: Аллах бизден мурда жөөттөргө Тооротту, христиандарга Инжилди тушүрдү, бизге болсо китеп түшүргөн жок, биздин тилибизде эмес, алардын тилиндеги китептерин окууну билбейбиз деп айтпооңор үчүн...

(157) Ошондой эле, "Эгер Аллах бизге да жөөтөр менен христиандарга түшүргөн сыяктуу китеп түшүргөндө, аларга караганда көбүрөөк туура жолдо боло элек" деп айтпооңор үчүн, өзүңөрдүн тилиңерде пайгамбарыңар Мухаммадга китеп түшүрдүк. Бул ачык далил, туура жолго багыт жана үммөткө ырайым. Маанисиз шылтоолорду айтпагыла, жалган нерселерди себеп кылбагыла. Аллахтын аяттарын жалганга чыгарып, андан баш тарткан адамдан өткөн залым болобу. Кийин Биздин аяттарыбыздан баш тарткандарды баш тартканы жан жүз бурганы үчүн тозокко киргизип катуу азаптайбыз.

(158) Бул жалганга чыгаруучулар эми аларга өлүм периштеси жана анын жардамчылары келип, жандарын дүйнөдөн алып кетүүсүн күтүшөт. Же аларга өкүм чыгаруу үчүн ажыратуучу күндө Раббиңдин келүүсүн күтүшөт. Же Раббиңдин кыяматка далил болчу кээ бир белгилерин күтүшөт. Раббиңдин күндүн батыштан чыкканы чыяктуу кээ бир белгилери келгенде, каапырларга ыйманы пайда бербейт, буга чейин жакшы иш кылбаган момунга эми кылган жакшы иши да пайда бербейт. Эй, элчи, жалганчы бутпарастарга: "Ушул нерселердин бирин күткүлө, биз да күтөбүз" деп айт.

(159) Диндеринин кээ бирин алып, кээ бирин таштап, бөлүп алган жөөттөр менен христиандар - бөлүнүп кеткен тайпалар. Эй Элчи, сен эч бир нерседе алардан эмессиң, Алар түшүп алган адашуудан сен кайтарылгансың. Сенин милдетиң аларды эскертүү гана, алардын иштери Аллахка таандык.Кыямат күнү Аллах аларга дүйнөдө эмне иш кылгандарын кабар берет жана ошого жараша жазалайт.

(160) Ыймандуулардын кайсы бири кыямат күнү бир жакшы иш менен келсе, Аллах аны он жакшылыкка көбөйтөт. Ал эми ким бир күнөө иш менен келсе, ага жеңилдик кылып ошого жараша гана жазалайт, андан ашырып жибербейт. Кыяматта алар жакшылыгынын сообу азайтылып же күнөөсүнүн азабы көбөйтүлүп залым кылынбайт.

(161) Оо, элчи, жалганчы бутпарастарга: "мени Раббим түз жолго баштады, ал жол дүйнө жана акырет иштерин ондой турган бекем диндин жолу, ал жол чындыкка ийилген жана эч качан бутпарас болбогон Ибрахимдин жолу" деп айт.

(162) Оо, элчи, "Менин намазым жана курмандыгым Аллах үчүн, Аллахтын ысымына болгон, башканын ысымына болгон эмес. Тирүүлүгүм менен өлүмүм да, булардын баары бүт жаратылгандардын жалгыз Раббисине, Андан башкалардын мында эч насиби жок.

(163) "Ал Кемчиликсиз Аллах Анын шериги жок, Андан башка ибадатка татыктуу эч нерсе жок. Мени Аллах мына ушул ширктен таза болгон ишенимге буйруган, мен бул үммөттүн ичинен буга эң биринчи моюн сунуучумун" деп айт.

(164) Оо, элчи, бул бутпарастарга: "Кемчиликсиз Улуу Аллах бардык нерсенин Раббиси болсо, мен Андан башка Рабби издейинби? Ал силер сыйынып жаткан нерселердин да Раббиси. Таза адам башка бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт, кийин кыямат күнү баарыңардын кайтууңар жалгыз Раббиңерге болот, ошондо бул дүйнөдө дин иштерине кандай каршы болгонуңардын кабарын берет.

(165) Аллах тукумун улоо үчүн силерди жер бетинде мурдагыларга орун басар кылган. Кээ бириңерди кээ биринерден жаралуусунда , ырыскысында ж.б.даражасын жогору кылган; берген нерселери менен силерди сыноо үчүн. Эй, элчи, акыйкатта Раббиң тез эсептешүүчү, бардык келүүчү ишер өто жакын. Чынында Ал пенделеринин тобо кылгандарына Кечиримдүү жана Ырайымдуу.