84 - Al-Inshiqaaq ()

|

(1) Периштелер түшүү үчүн асман жарылганда.

(2) Ал Раббисин баш ийип укту жана ал буга милдеттүү эле.

(3) Жана Аллах жерди терини чойгон сыяктуу жайык кылып койгондо.

(4) Ал ичиндеги кенчтерди жана өлүктөрдү чыгарып, алардан бошонду.

(5) Ал Раббисин баш ийип укту жана ал буга милдеттүү эле.

(6) Эй, инсан! Сен жакшылык же жамандык иштерди кыласың, кийин кыяматта Аллах сага алардын сыйлыгын же жазасын бериш үчүн аларга туш болосуң.

(7) Кимдин иш-аракеттер баракчасы оң колуна берилсе,

(8) Аллах анын сурагын өтө жеңил кылат. Ага иш-аракеттери жаза берилбестен көргөзүлөт.

(9) Жана ал үй-бүлөсүнө кубанган бойдон кайтып келет.

(10) Ал эми кимдин китеби сол жагынан же арка тарабынан берилсе,

(11) ал өзүнө-өзү өлүм чакырат.

(12) Жана тозок отуна кирип, анын ысыктык азабын тартат.

(13) Чындыгында ал дүйнөдө үй-бүлөсү менен болгондо каапырлыгына жана күнөөлөрүнө кубанып жүрчү.

(14) Ал өлгөндөн кийин кайра жашоого кайтам деп ойлочу эмес.

(15) Жок! Аллах аны абалкы жолу жараткандай жашоого кайра сөзсүз алып келет. Акыйкатта Раббиси анын абалын көрүп турган. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында анын иш-аракеттеринин жазасын берет.

(16) Аллах күн баткандан кийин мейкиндикте пайда болгон кызыл шоола менен ант берди.

(17) Ошондой эле түн жана ал өзүнө топтогон нерселер менен ант берди.

(18) Жана толук толгон кездеги Ай менен ант берди.

(19) Оо, адамдар! Силер бел суу, кийин коюу кан, кийин бир үзүм эт, кийин жашоо, кийин өлүм, кийин кайра тирилүү сыяктуу бир абалдан башка абалга сөзсүз өтөсүңөр.

(20) Каапырларга эмне болду, алар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирбей жатышат?

(21) Жана аларга Куран окулса, Раббисине сажда кылбай жатышат?

(22) Тескерисинче, каапырлык кылгандар аларга пайгамбары алып келген нерсени жалганга чыгарып жатышат.

(23) Аллах алардын көкүрөктөрүндө эмне бар экенин жакшы билет. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес.

(24) Оо, пайгамбар! Аларды кандай кыйноочу азап күтүп турганын айт.

(25) Бирок Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга гана түгөнбөгөн сыйлык болгон бейиш бар.