(1) Мээримдүү – чексиз ырайым Ээси.
(2) Ал адамдарга Куранды жаттоону жана анын маанилерин түшүнүүнү жеңил кылуу менен үйрөттү.
(3) Ал инсанды түз жана эң сулуу келбетте жаратты.
(4) Ал ага ичиндегисин оозеки жана жазуу түрүндө кантип жеткирүүнү үйрөттү.
(5) Ал Күн менен Айды адамдар жылдардын эсебин жана санакты билиш үчүн өлчөп белгилеп койду, ал экөөсү так эсеп менен жүрүшөт.
(6) Кандай гана өсүмдүктүн жана дарактын сабагы болбосун, алар Аллахка моюн сунуп сажда кылышат.
(7) Ал асманды жер үстүндө чатыр кылып көтөрдү, жерде адилеттикти орнотту жана аны пенделерине буйруду.
(8) Оо, адамдар! Ал зулумдук жана кыянаттык кылбашыңар үчүн таразада жана өлчөмдө адилеттикти орнотту.
(9) Ортоңордо адилеттик менен таразалагыла жана башкаларга таразага тартканда же өлчөгөндө кемитпегиле.
(10) Ал Жерди макулуктар жайланышууга ылайыктуу кылып орнотту.
(11) Анда мөмөлүү дарактар бар жана курма болгон бүчүрлүү курма дарактары бар.
(12) Анда буудай менен арпа сыяктуу самандуу дандар бар жана жыты жагымдуу өсүмдүктөр бар.
(13) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(14) Ал Адамды бышкан чопо сыяктуу чыңкылдаган үн угулган кургак ылайдай жаратты.
(15) Ал эми жиндердин түпкү атасын түтүндүү таза жалындан жаратты.
(16) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(17) Ал жайы-кышы Күндүн эки чыгышы менен эки батышынын Раббиси.
(18) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(19) Аллах туздуу жана тузсуз эки деңизди аралаштырды, алар көзгө көрүнгөн абалда жолугушат.
(20) Алардын туздуусу туздуу бойдон, тузсузу тузсуз бойдон калуулары үчүн ал экөөнүн ортосунда бири-бирине өтүп кетүүгө тоскоол болгон тосмо бар.
(21) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(22) Ал эки деңизден тең чоң жана кичине берметтер чыгат.
(23) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(24) Деңизде сүзгөн тоодой кемелерди башкаруу да жалгыз Аллах таалага таандык.
(25) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(26) Жер бетиндеги бүткүл макулуктар сөзсүз жок болот.
(27) Оо, пайгамбар! Улуулук, жакшылык жана пенделерине карата айкөлдүк Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк калат. Ал эч качан жок болбойт.
(28) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(29) Асмандагы периштелердин жана жердеги жиндер менен адамдардын баарысы муктаждыктарын Андан сурашат. Ал күн сайын тирилтүү, өлтүрүү, ырыскы берүү жана башка ушул сыяктуу пенделеринин иштери менен алек.
(30) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(31) Оо, адамдар жана жиндер! Биз силерди суракка алуу үчүн бошойбуз жана ар бирине татыктуу болгон сыйлыкты же жазаны беребиз.
(32) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(33) Аллах кыямат күнү жиндер менен адамзатты чогултканда айтат: «Эй, жиндер жана адамзат жамааты! Эгерде силер асмандар менен жердин бир тарабынан чыгуунун жолун тапсаңар, анда ошондой кылгыла. Бирок силер муну күчсүз жана далилсиз эч качан кыла албайсыңар. Силер муну кантип кылмак элеңер?».
(34) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(35) Эй, жиндер жана адамдар! Ал силерге түтүнсүз оттун жалынын жана жалынсыз түтүндү жиберет. Силер андан коргоно албай каласыңар.
(36) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(37) Периштелер түшүүсү үчүн асман жарылганда, ал ачык түстөгү май сыяктуу кызыл болуп калат.
(38) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(39) Ошол улуу күнү адамдардан да, жиндерден да күнөөлөрү тууралуу суралбайт. Анткени Аллах алардын иш-аракеттерин билет.
(40) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(41) Кыяматта күнөөкөрлөр жүздөрү карайган жана көздөрү көк болгон белгилери менен таанылып турат. Алар маңдай көкүлүнөн таманына чейин бүктөлүп, тозокко ыргытылат.
(42) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(43) Аларга жемелөө катары айтылат: «Каапырлар дүйнөдө жалганга чыгарышкан мына бул тозок – алардын көз алдында турат, алар аны четке кага алышпайт».
(44) Алар аны менен катуу кайнаган суунун ортосунда ары-бери жүрүшөт.
(45) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(46) Акыретте Раббисинин алдында туруудан корккон, ыйман келтирген жана жакшылык иштерди кылгандар үчүн эки бакча даярдалган.
(47) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(48) Бул эки бакчанын жапжашыл жана мөмөлүү чоң бутакчалары бар.
(49) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(50) Ал эки бакчада агып турган эки булак бар.
(51) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(52) Ал экөөндө жей турган бардык мөмө-жемиштердин эки түрү бар.
(53) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(54) Алар ички бети майда жибектен болгон төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Ал эми эки бакчанын бышкан мөмө-жемиштерин үзүп алуу турган, олтурган жана жамбаштап жаткан адам үчүн жакын.
(55) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(56) Ал жакта күйөөлөрүн гана караган аялдар бар. Алардын кыздык абийирине күйөөлөрүнөн мурда адам да, жин да тийген эмес.
(57) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(58) Алар сулуулук жана тунуктук жактан жакут менен маржан сыяктуу.
(59) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(60) Раббисине моюн сунуп жакшылык кылган адамдын сыйлыгы – Аллахтын ага кылган эң жакшы сыйлыгы менен гана болот эмеспи?
(61) Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
(62) Бул айтылган эки бакчанын алдында башка дагы эки бакча бар.
(63) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(64) Ал экөө тең кочкул жашыл түстө.
(65) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(66) Бул эки бакчада суусу атылып чыккан эки булак бар. Алардын суусунун буркулдаганы токтобойт.
(67) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(68) Бул эки бакчада көптөгөн жемиштер, чоң курмалар жана анарлар бар.
(69) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(70) Ал эки бакчада адеп-ахлактуу, сулуу жүздүү аялдар бар.
(71) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(72) Коргоо үчүн чатырларда жашырылган хур кыздар.
(73) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(74) Аларга күйөөлөрүнөн мурда эч бир адам жана жин жакындаган эмес.
(75) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(76) Алар жашыл тыштуу жаздыктарда, кооз төшөктөрдө жөлөнүп жатышат.
(77) Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
(78) Улуулук жана пенделерине карата жакшылык жана айкөлдүк Ээси болгон Раббиңдин ысымы улуу жана берекеттүү болду.