(1) Бул тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон.
(2) Аллах Туура Жолду баяндоочу Куранга ант берди.
(3) Биз Куранды Кадыр түндө түшүрдүк. Ал жакшылыктарга толгон түн. Чындыгында Биз бул Куран менен коркутуп эскертебиз.
(4) Бул түндө Аллах ошол жылы ишке ашыра турган ырыскы, ажал жана башка нерселерге байланыштуу өкүм кылынган бүткүл иштер чечилет.
(5) Биз Өзүбүз тараптан өкүм кылынган ар бир ишти чечебиз. Чындыгында Биз пайгамбарларды жиберебиз.
(6) Оо, пайгамбар! Биз Раббиң тараптан пайгамбар жибериле тургандарга ырайым катары пайгамбарларды жиберебиз. Чындыгында Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын иш-аракеттерин жана ниеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
(7) Ал асмандар менен жердин жана алардын ортосундагы нерселердин Раббиси. Эгерде силер буга терең ишенсеңер, анда Менин элчиме ыйман келтиргиле.
(8) Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Андан башка тирилтүүчү жана өлтүрүүчү жок. Ал силердин жана мурунку ата-бабаларыңардын Раббиси.
(9) Ал мушриктер буга ишенишпейт. Тескерисинче, алар жалган жолдо болгону себептүү бул нерседен шектенишет жана көңүл да бурушпайт.
(10) О, пайгамбар! Сен элиңе жакындап калган азапты күт. Ал азап асманды түтүн каптаган күнү болот, алар аны катуу коркунучта өз көзү менен көрөт.
(11) Ал элиңдин баарын ороп алат. Аларга айтылат: «Силердин башыңарга түшкөн бул азап – кыйноочу азап».
(12) Ошондо алар Раббисине жалбарып: «Раббибиз! Сен бизге жиберген азапты бизден кетир. Эгер Сен аны бизден кетирсең, биз Сага жана пайгамбарыңа ыйман келтиребиз» – деп дуба кылышат.
(13) Алар кантип эсине келип, Раббисине кайтышмак эле, анткени аларга чынчылдыгы жана аманаткөйлүгү белгилүү жана пайгамбарлыгы анык элчи келди?!
(14) Кийин алар ага ишенүүдөн баш тартышты жана ал тууралуу: «Ага башка бирөөлөр үйрөтөт, ал пайгамбар эмес» – дешти. Ошондой эле аны жинди деп да айтышты.
(15) Чындыгында Биз силерден азапты бир аз кетирген болсок, силер кайра эле каапырлыгыңарга жана жалганыңарга кайтасыңар.
(16) Оо, пайгамбар! Биз коомуңдагы каапырларды күч менен катуу кармаган Бадр күнүн күт. Биз алардан Аллахка кылган каапырлыктары жана пайгамбарды жалганга чыгаргандары үчүн өз алабыз.
(17) Биз алардан мурун Фараондун коомун сынаганбыз. Аларга Аллах тараптан сыйлуу пайгамбар Муса келип, аларды Аллахты жалгыздоого жана Ага сыйынууга чакырды.
(18) Муса Фараон менен анын коомуна айтты: «Аллахтын пенделери болгон Исраилдин урпактарын мага таштагыла. Аларды кул кылууга силердин укугуңар жок. Чындыгында мен силерге Аллах тараптан келген элчимин, Ал мага буйруган нерсени жеткирүүгө ишеничтүүмүн, андан эч бир нерсени кемитпейм жана кошпойм.
(19) Жана силер Аллахка сыйынуудан баш тартып жана пенделерине бой көтөрүп текеберлик кылбагыла. Чындыгында мен силерге ачык-айкын далилди алып келем.
(20) Силер мени ташбараңга алып өлтүрүп коюуңардан менин жана силердин Раббиңерден коргоо сураймын.
(21) Эгер силер мен алып келген нерсеге ишенбесеңер, анда мени тынч койгула жана мага зыян берип жакын жолобогула».
(22) Анан Муса Раббисине: «Фараон жана анын жан жөкөрлөрү – тезинен жаза алууга татыктуу күнөөкөр коом» – деп дуба кылды.
(23) Ошондо Аллах Мусага өз элиң менен түн жамынып жолго чык деп буйруду жана Фараон менен анын коому силердин артыңардан түшөт деп кабар берди.
(24) Ага Исраилдин урпактары менен бирге деңизден өткөндө аны өз калыбында тынч таштап кетүүнү буйруду. Чындыгында Фараон жана анын аскери деңизге чөктүрүлүп жок болушат.
(25) Фараон менен анын коому артында канчалаган бактарды жана аккан булактарды калтырып кетишти.
(26) Канчалаган эгинзарларды жана кооз отурум жайларды калтырып кетишти.
(27) Канчалаган жыргалчылыкка толгон жашоону таштап кетишти.
(28) Силерге сыпаттап айтылган мына ушул нерселер алардын башына түштү. Биз алардын бакчаларын, булактарын, эгинзарларын жана орундуктарын башка коом болгон Исраилдин урпактарына мурас кылдык.
(29) Фараон менен коому сууга чөккөндө алар үчүн асман да, жер да ыйлаган жок жана аларга тообо кылууга мөөнөт да берилген жок.
(30) Биз Исраилдин урпактарын кордоочу азаптан куткардык. Анткени Фараон менен коому алардын бала-чакаларын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырышчу.
(31) Биз аларды Фараондун азабынан сактадык. Чындыгында ал Аллахтын буйруктары менен дининин чегинен чыгып текеберлик кылгандардан болчу.
(32) Биз Өзүбүз билип Исраил урпактарын ал замандагы ааламдардан пайгамбарларынын көптүгү себептүү тандап алганбыз.
(33) Биз аларга Мусаны колдоо максатта берген манна шириндиги, бөдөнө жана башка ушулар сыяктуу ачык жакшылыктарды камтыган далилдерди бердик.
(34) Чындыгында ал жалганчы мушриктер кайра тирилүүнү четке кагып мындай деп айтышат:
(35) «Биз үчүн бир гана өлүм бар, андан кийин эч кандай жашоо жок. Бул өлүмдөн кийин биз кайра тирилбейбиз.
(36) Эй, Мухаммад! Сен жана сени ээрчигендер Аллах өлүктөрдү сурак жана жаза-сыйлык үчүн кайра тирилтет деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда өлгөн ата-бабаларыбызды тирилтип алып келгилечи?!».
(37) Оо, пайгамбар! Күч-кубаттуулук жактан сени жалганга чыгарган мушриктер артыкпы же алардан мурунку Аад жана Самуд сыяктуу Тубба коому артыкпы? Биз алардын баарысын жок кылдык. Чындыгында алар күнөөкөрлөр эле.
(38) Биз асмандар менен жерди жана алардын ортосундагы нерселерди ойноп жараткан жокпуз.
(39) Биз асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жараттык. Бирок көпчүлүк мушриктер муну билишпейт.
(40) Аллах пенделеринин ортосунда өкүм кыла турган кыямат күн – Аллах бүт макулуктарды чогултуу үчүн белгилеген убакыт.
(41) Ал күндө жакын жакынына, дос досуна пайда келтире албайт жана алар өздөрүн Аллахтын азабынан коргой алышпайт. Анткени ал күндө бийлик Аллахка гана таандык болот. Эч ким ага ээ экендигин айтып чыга албайт.
(42) Аллах ырайым кылган адамдар гана кылган жакшылык иштеринен пайда алышат. Чындыгында Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Ырайымдуу.
(43) Аллах тозоктун түбүндө өстүргөн Заккум дарагы.
(44) Чоң күнөө кылгандын тамак-ашы. Ал каапыр анын жийиркеничтүү мөмөсүнөн жейт.
(45) Ал мөмө капкара майдай, ал катуу ысыгандыктан алардын курсагында кайнайт.
(46) Өтө ысык суунун кайнаганы сыяктуу.
(47) Тозоктун сакчыларына айтылат: «Аны кармагыла да, канкордук менен тозоктун ортосуна сүйрөп баргыла.
(48) Анан бул азапталгандын төбөсүнө кайнак суу куйгула. Ал азаптан кутулбайт».
(49) Ага шылдың иретинде айтылат: «Бул кыйноочу азапты тарт! Сен өз элиңде эч кандай зыян тартпаган кадырлуу эмес белең».
(50) Чындыгында силер кыямат күнү боло турган бул азаптан шектенгенсиңер. Эми силер аны көргөнүңөрдөн кийин шек-күмөнүңөр жоголду.
(51) Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыба адамдар эч кандай жамандык жетпеген бейпил жайларда болушат.
(52) Бакчаларда жана аккан булактарда.
(53) Алар бейиште жука жана калың жибек кийимдерди кийип, бири экинчисинин артын көрбөгүдөй бет-маңдай олтурушат.
(54) Биз аларды бул айтылгандар менен сыйлаганыбыз сыяктуу аларды бейиште көзүнүн карасы капкара, агы аппак болгон бакыраң көз чырайлуу аялдарга үйлөндүрөбүз.
(55) Алар ал жайда кызматчыларын чакырып, өздөрү каалаган түгөнгүс жана зыянсыз мөмө-жемиштерди алдырышат.
(56) Ал жакта түбөлүк калышат. Алар дүйнө жашоосундагы биринчи өлүмдөн башка өлүмдү татышпайт. Аллах аларды тозок азабынан коргойт.
(57) Бул Раббиңден болгон айкөлдүк жана жакшылык! Аларды бейишке киргизүү жана тозоктон коргоо сыяктуу бул айтылган нерселер – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш.
(58) Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз бул Куранды алар эскерме алышар бекен деп сен сүйлөгөн араб тилинде түшүрүп жеңил кылдык.
(59) Эми сен жеңишиңди жана алардын кыйроосун күт. Алар дагы сенин кыйрооңду күтүп жатышат.