2 - Al-Baqara ()

|

(1) «Алим, лаам, миим» – бул Курандын кээ бир сүрөөлөрү башталган тамгалардан. Алар жекече келгенде «алим, ба, та ж.б.» сыяктуу өзүнө эч кандай маанини камтыбаган алфавит тамгалары. Булардын даанышман сыры жана мааниси бар, анткени Куранда даанышмандыксыз эч нерсе келген эмес. Анын негизги даанышман сырларынан: алар билген жана сүйлөгөндө колдонгон тамгалардан турган Куран китеби менен чакырык таштоого ишарат кылынган. Ошондуктан бул сүрөөдө келген сыяктуу бул тамгалардан кийин көбүнчө ыйык Куран жөнүндө сөз болот.

(2) Бул улуу Курандын Аллах тараптан түшкөнүндө жана анын сөздөрүндө, маанисинде эч кандай шек-күмөн жок. Ал – Аллахтын сөзү. Ал такыба адамдарды Аллахка жеткирген жолго багыттайт.

(3) Алар кайыпка ишенишет. Ал эми кайып бул – Аллах жана Анын элчиси кабар берген акырет күнү сыяктуу ж.б. бизге көрүнбөгөн жана сезүү органдары менен сезилбеген бардык нерселер. Алар намаздарын Аллах шариятта көрсөткөндөй, шарттары, парздары, важиптери жана сүннөттөрү менен толук аткарышат. Алар Аллахтан сооп үмүт кылып, Аллах берген ырыскыларынан парз зекеттерин жана ыктыярдуу садакаларын беришет. Оо, пайгамбар! Алар Аллах сага түшүргөн вахийге жана сенден мурунку бардык пайгамбарларга түшкөн нерселерге, аларды бири-биринен ажыратпастан ыйман келтиришет, ошондой эле акыретке жана андагы сыйлык жана жазага чын жүрөктөрүнөн терең ишенишет.

(4) Алар кайыпка ишенишет. Ал эми кайып бул – Аллах жана Анын элчиси кабар берген акырет күнү сыяктуу ж.б. бизге көрүнбөгөн жана сезүү органдары менен сезилбеген бардык нерселер. Алар намаздарын Аллах шариятта көрсөткөндөй, шарттары, парздары, важиптери жана сүннөттөрү менен толук аткарышат. Алар Аллахтан сооп үмүт кылып, Аллах берген ырыскыларынан парз зекеттерин жана ыктыярдуу садакаларын беришет. Оо, пайгамбар! Алар Аллах сага түшүргөн вахийге жана сенден мурунку бардык пайгамбарларга түшкөн нерселерге, аларды бири-биринен ажыратпастан ыйман келтиришет, ошондой эле акыретке жана андагы сыйлык жана жазага чын жүрөктөрүнөн терең ишенишет.

(5) Мына ушул сыпаттарга ээ адамдар туура жолдо болушат. Алар үмүт кылган нерселерине ээ болуу жана корккон нерселеринен кутулуу менен дүйнөдө жана акыретте жеңишке жетишет.

(6) Тагдырына ыйман келтирбейт деп жазылгандарды эскертсиңби же эскертпейсиңби, аларга баары бир. Алар адашуусун жана каршылык кылуусун уланта беришет.

(7) Анткени Аллах алардын жүрөктөрүндөгү жалгандык үчүн ага мөөр басып, жаап койгон. Алардын кулактарына мөөр басып койгон, алар акыйкатты кабыл алуу жана баш ийүү үчүн угушпайт. Алардын көздөрүнө тосмо тартып койгон, алар акыйкатты ачык-айкын болсо да көрүшпөйт. Акыретте алар үчүн чоң азап бар.

(8) Адамдардын арасында өздөрүн мусулманбыз деп ойлогон бир топ бар. Алар канын жана мал-мүлкүн сактап калыш үчүн тили менен биз мусулманбыз деп айтышат. Бирок алар ичинде каапырлар.

(9) Алар наадандыктары себептүү сыртынан ыймандуу көрүнүп, ичинен каапырлык кылуу менен Аллахты жана ыймандууларды алдап жатабыз деп ойлошот. Акыйкатта алар өздөрүн гана алдап жатышат, бирок муну сезишпейт. Анткени Аллах сырды да, жашыруунда да билет. Жана Ал ыймандууларга алардын сыпаттарын жана абалдарын билдирди.

(10) Себеби, алардын жүрөктөрүндө шек-күмөн бар. Аллах алардын шектенүүлөрүн андан бетер көбөйттү. Анткени жаза иш-аракеттин түрүнө жараша болот. Алар Аллахка, адамдарга жалган айтып жана Мухаммад алып келген нерселерди жалганга чыгаргандары үчүн аларга тозоктун эң түпкү катмарында кыйноочу азап бар.

(11) Эгер аларды каапырлык, күнөөлөр ж.б. нерселер менен жер бетинде бузукулук кылбагыла деп тыйышса, алар аны четке кагып, өздөрүн таза жана тууралык ээлерибиз деп эсептешет.

(12) Акыйкатта алар анык бузукулар, бирок алар муну сезишпейт жана кылып жаткан иштери бузукулук экенин баамдашпайт.

(13) Эгер аларга Мухаммаддын сахабаларындай ыйман келтиргиле деп буйрулса, алар четке кагуу жана шылдыңдоо менен: «Биз ушул кем акылдар сыяктуу ыйман келтиребизби?» – деп жооп беришет. Акыйкатта алар өздөрү кем акылдар. Бирок алар муну билишпейт.

(14) Ал эми ыймандууларга жолукканда: «Биз силер ыйман келтирген нерсеге ишендик» – дешет. Алар муну ыймандуулардан коркушканы үчүн эле айтышат. Ал эми ыймандуулардан кетип, өз башчылары менен жалгыз калганда, аларды ээрчүүдө туруктуулугун баса белгилеп: «Чындыгында биз силердин жолуңарда силер менен биргебиз, бирок биз ыймандууларды шылдыңдоо жана маскаралоо үчүн сыртыбыздан аларга окшошуп коёбуз» – дешет.

(15) Алар ыймандууларды шылдыңдаганы үчүн кылган иштерине жараша жаза катары Аллах алардын өздөрүн шылдыңдайт. Ушул себептен дүйнөдө аларга мусулмандардын өкүмүн жүргүзөт, ал эми акыретте каапырлык жана эки жүздүүлүктөрүнүн жазасын берет. Ошондой эле алар адашуусун жана чектен чыгуусун улантып, акыры ара жолдо дендароо абалда калуулары үчүн аларга мөөнөт берет.

(16) Мына ошол сыпаттар менен сыпатталган эки жүздүүлөр ыйманды каапырлыкка алмаштырышты. Алар Аллахка ыйман келтирүүдө жоготууга учуруганы жана акыйкат жолго түшпөгөнү үчүн алардын бул соодасы пайдасыз болду.

(17) Аллах эки жүздүүлөргө карата эки нерсени мисал келтирди: от жана суунун мисалы. Аларга карата отту мисал кылганы, алар жарык кылуу үчүн от жаккан адамга окшош, от жарык чачып, ал аны пайдаланам деп ойлогондо ал өчүп калат. Ошентип анын жарыгы кетип, андагы күйгөн нерселер гана калды жана ал жердеги адамдар дагы эч нерсе көрбөй, эч кандай жол таппай караңгылыктарда калышты.

(18) Алар дүлөй, акыйкатты кабыл алып угушпайт. Алар дудук, акыйкатты сүйлөшпөйт. Алар акыйкатты көрүүдө сокур. Ошондуктан алар адашууларынан кайтышпайт.

(19) Ал эми аларга карата сууну мисалы кылганы, алар кабат-кабат караңгылыктарга толгон, күркүрөгөн жана чагылгандуу булуттардан нөшөрлөп жааган жамгырда калгандар сыяктуу. Ал кайсы бир элдин үстүнө түшүп, аларды катуу коркунуч ээлейт. Ошондо алар чагылгандын соккусунун катуу үнүнөн улам өлүмдөн коркуп манжаларынын учун кулактарына тыгып алышат. Аллах каапырларды бүт тараптан ороп алат, алар Аны алсырата алышпайт.

(20) Чагылган катуу жаркырагы менен алардын көзүн алып коё жаздайт. Качан чагылган жарк этип жарык чачканда алдыга жылышат, жарык чачпай калганда карангылыкта жылбай туруп калышат. Алар акыйкаттан жүз бурушканы үчүн Аллах кааласа бүткүл нерсени камтыган Өз кудурети менен алардын көрүүсүн жана угуусун кайтпай тургандай кылып алып коймок. Жамгыр Куранга мисал, күндүн күркүрөгөн үнү тыйылган иштерди камтыган нерселерге мисал, чагылгандын жаркырагы аларга кээде чындык көрүнүп турганына мисал кылынды. Ал эми чагылгандын катуу соккусунан улам кулактарын жабуусу, алардын акыйкаттан жүз буруп, ага жооп бербегендигине мисал кылынды. Эки жүздүүлөр менен эки мисалда айтылган адамдардын окшоштугу – алардын пайда албаганында. От тууралуу мисалда, от жаккан адам караңгылыктан жана күйгүзүүдөн башка пайда алган жок. Ал эми суу тууралуу мисалда, жамгырда калган адамдар, аларды күндүн күркүрөөсү, чагылгандын жаркыроосу сыяктуу нерселер тынчын алып, коркунучка салган нерселерден башка эч кандай пайда алышкан жок. Ошол сыяктуу эки жүздүүлөр да Исламдан катаалдык менен мерездиктен башка эч нерсени көрүшпөйт.

(21) Оо, адамдар! Башкага эмес, жалгыз Раббиңерге сыйынгыла. Себеби, силер Анын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап, Анын азабы менен ортоңорго коргонуч кылууңар үчүн силерди жана силерден мурунку коомдорду жараткан.

(22) Ал силерге жерди тегиз жайык кылып койду, асманды анын үстүнө бекем кылып куруп койду, жакшылык кылып жамгыр жаадырды, ырыскы болсун деп жерде ар түрдүү мөмө-жемиштерди өстүрдү. Эми силер Аллахтан башка Жаратуучу жок экенин билип туруп, Ага башка нерселерди шерик кылбагыла, окшоштурбагыла.

(23) Оо, адамдар! Эгер кулубуз Мухаммадга түшүрүлгөн Курандан күмөн санасаңар, анда эң кыска сүрөөдөй бир сүрөө келтирип, ага каршы чыгууга чакырабыз. Эгер айтып жаткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда колуңардан келген колдоочуларыңарды чакыргыла.

(24) Эгерде андай кыла албасаңар, (бирок муну эч качан кыла албайсыңар), анда азапка татыктуу адамдар жана алар сыйынган ар түрлүү таштар менен күйгөн, Аллах каапырлар үчүн даярдаган тозоктон сактангыла.

(25) Жогорудагы азап тууралуу убада капырларга кылынды. Оо, пайгамбар! Эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарды кубанычка бөлөгөн, хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштер менен сүйүнчүлө. Алар андагы ырыскы кылынган таза мөмө-жемиштерден жеген сайын, алар дүйнөдөгү мөмө-жемиштерге аябай окшоштугунан: «Бул бизге мурда ырыскы болгон мөмөлөргө окшош экен» – дешет. Аларга таанып билүүлөрү үчүн көрүнүшү жана аталышы окшош мөмө-жемиштер берилет, бирок алардын даамы жана татымы такыр башка. Алар үчүн бейиште көңүлгө жакпаган жана табиятты жийиркенткен нерселерден аруу жубайлар бар. Алар дүйнөнүн убактылуу жыргалчылыгынан айырмаланып, түгөнбөгөн түбөлүк бакытта болушат.

(26) Чындыгында Аллах таала Өзү каалаган нерсени мисал кылуудан уялбайт. Ал чиркейди, андан чоң же кичине нерсени да мисал кылат. Адамдар ушуга карата келгенде эки түрдө болушат: ыймандуулар жана каапырлар. Ыймандуулар мисал келтирүүнүн артында кандайдыр бир даанышмандык сыр бар экенине ишенишет жана билишет. Ал эми каапырлар болсо Аллахтын чиркей, чымын, жөргөмүш ж.б.у.с. майда жаныбарларды эмне себептен мисал кылып жатканын бири-биринен шылдыңдоо максатта сурашат. Ошондо Аллахтан мындай жооп келет: чындыгында бул мисалдарда адамдар үчүн жол көрсөтүүлөр, туура жолдомолор жана сыноолор бар. Алардын кээ бирлери бул мисалдар тууралуу ой жүгүртүүдөн баш тартышканы үчүн Аллах аларды адаштырат жана мындайлар көп. Ал эми кээ бирлерин андан үлгү сабак алганы үчүн туура жолго салат жана мындайлары да көп. Адашууга татыктуу болгондор гана адашышат. Алар эки жүздүүлөр сыяктуу Аллахка баш ийбестик кылгандар.

(27) Жалгыз Аллахка сыйынуу жана мурунку пайгамбарлар кабар берген Анын элчисин ээрчүү тууралуу Аллах менен болгон келишимди бузгандар, Аллахтын алдындагы келишимди четке каккандар – аларга Аллах бекемдегиле деп буйруган туугандык мамиле сыяктуу нерселерди үзүү жана күнөөлөрдү кылуу менен жер бетинде бузукулукту жаюуга аракеттенүү сыяктуу сыпаттар мүнөздүү. Мына ошолор дүйнөдө да, акыретте да насиби кем адамдар.

(28) Эй, каапырлар! Силердин абалыңар өтө таң калыштуу! Өзүңөрдөн Аллахтын кудуретине далилдерди көрүп туруп, кантип Ага каапырлык кыласыңар? Силер жок нерсе элеңер, Ал силерди жаратты, тирилтти, кийин экинчи ирет өлтүрөт, андан соң экинчи жашоого тирилтет, анан кылган иштериңердин сурагын бериш үчүн Ага кайтып барасыңар.

(29) Аллах силер үчүн жер бетиндеги дарыяларды, бак-дарактарды жана башка сан жеткис нерселерди жаратты. Силер аларды пайдаланып жатасыңар жана силерге баш ийдирилген нерселерден ырахат алып жатасыңар. Андан соң асманга көтөрүлүп, бир тегиз жети кабат асманды жаратты. Ал илими менен бардык нерсени Өзүнө камтып алган.

(30) Аллах таала периштелерге кабар берип: «Жер бетинде Аллахка баш ийүү менен аны гүлдөтүү үчүн бири-бирине орун басар болгон адамзатты жаратам» деп айтты. Периштелер Раббисинен: адамзат кийин ал жерде бузукулук кылып, канкорлук менен кан төксө, аларды эмне себептен орун басар кылып жаратканынын даанышман сырын билгилери келип сурашты жана айтышты: «Биз Сага баш ийебиз, Сага мактоолорду айтып аруулайбыз, Сенин улуктугуңду жана толуктугуңду даңазалайбыз жана мындан тажабайбыз». Ошондо Аллах алардын суроосуна: «Мен аларды жаратуудагы силер билбеген айкын даанышман сырларды жана аларды орун басар кылуудагы улуу максаттарды билемин» – деп жооп берди.

(31) Ошондо Аллах таала Адам атанын ордун билдирүү үчүн ага жан-жаныбарлар, жансыз заттар сыяктуу бүткүл нерселердин аттарын, айтылыштарын жана маанилерин үйрөттү, кийин ал аталыштарды периштелерге көргөзүп: «Эгер силер бул макулуктан артык жана кадырлуубуз деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда булардын аттарын Мага айтып бергилечи» – деди.

(32) Алар кемчилигин моюнга алышып, артыкчылыкты Аллахка кайтарып: «Оо, Раббибиз! Сенин өкүмүңө жана шариятыңа каршы чыгуудан Сени аруулайбыз жана улуктайбыз. Биз, Сен бизге берген илимден башка эч нерсени билбейбиз. Сенден эч бир нерсе жашыруун болбогон Билүүчүсүң жана тагдырың, шариятың менен ар бир ишти өз ордуна койгон Даанышмансың» – дешти.

(33) Ошондо Аллах таала Адамга: «Аларга бул нерселердин аталыштарын айтып бер» – дейт. Ал аларга Раббиси үйрөткөндөй айтканда, Аллах периштелерге айтты: «Мен силерге асмандар менен жердеги жашыруун нерселерди, ошондой эле силер ачык көргөзгөн абалыңарды жана ичиңерден айткан нерселерди да билем деп айтпадым беле!» – дейт.

(34) Аллах таала периштелерди Адамга сый-урмат саждасын кылууну буйруганын, кийин алар Аллахтын буйругун аткарууга шашылып сажда кылышканын баяндады. Бирок жиндерден болгон Иблис гана кылган жок. Ал Аллахтын сажда кылууга болгон буйругуна каршы чыгып, Адамга текеберлик кылып сажда кылбады. Ошол себептүү Аллах таалага каапырлык кылгандардан болду.

(35) Биз айттык: «Эй, Адам! Аялың Хава экөөңөр бейиште жашагыла жана бейиштин кайсы жеринде болбосун, бузулбаган жагымдуу жана берекелүү тамак-аштан жегиле. Бирок Мен силерге жегенге тыюу салган бул даракка жакындабагыла, болбосо Мен силерге буйруган нерсеге каршы чыгып, залымдардан болуп каласыңар».

(36) Шайтан аларды азгырып, кооз көргөзө берди, акыры Аллах тыйган дарактан аларга жегизип, каталыкка жана күнөөгө кириптер кылды. Ошентип алардын жазасы катары Аллах аларды жашаган жери бейиштен чыгарды. Аллах аларга жана шайтанга айтты: «Жерге түшкүлө! Силер бири-бириңерге душмансыңар. Силер ажалыңар жеткенче жана кыямат кайым болгончо ал жерде каласыңар, турукташып жашайсыңар жана андагы жакшылыктарды пайдаланасыңар».

(37) Ошентип Адам ата Аллах анын дилине салган жана алар менен дуба кыл деп илхам кылган сөздөрдү алды. Алар тууралуу Аллахтын бул сөзүндө айтылган: «Алар айтышты: Оо, Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулумдук кылдык. Эми Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, биз анык жоготууга учурагандардан болобуз» (Аърам, 23-аят). Ошондо Аллах анын тообосун кабыл кылды, аны кечирди. Чындыгында Аллах таала пенделеринин тооболорун көп кабыл кылуучу, аларга Ырайымдуу.

(38) Биз аларга: «Баарыңар бейиштен жерге түшкүлө» – дедик. Эгерде силерге пайгамбарларымдын кол астында туура жол келип, ким аны ээрчисе жана элчилериме ыйман келтирсе, аларга акыретте коркунуч болбойт жана дүйнөдө жоготкон нерселери үчүн өкүнбөйт.

(39) Ал эми каапырлык кылып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандар, мына ошолор тозокто түбөлүк калуучулар.

(40) Оо, Аллахтын пайгамбары Якубдун урпактары! Аллах силерге удаа-удаа берген жакшылыктарын эстеп, шүгүр кылгыла. Ошондой эле Мага жана Менин элчилериме ыйман келтирип, шариятыма ылайык иш кылуу менен Менин келишимимди аткаргыла. Эгер аны аткарсаңар, Мен дагы силерге бул дүйнөдө жакшы жашоо жана кыяматта жакшы сыйлык берүү тууралуу убадамды аткарам. Жалгыз Менден гана корккула жана Менин келишимимди бузбагыла.

(41) Аллахтын жалгыздыгы жана Мухаммаддын пайгамбарлыгы тууралуу бурмаланганга чейинки Тооратта айтылгандарга ылайык Мен Мухаммадга түшүргөн Куранга ыйман келтиргиле. Ага каапырлык кылган биринчи топ болуудан сак болгула, Мен түшүргөн аяттарымды кадыр-барк, мансап үчүн арзыбаган баага сатпагыла, Менин каарымдан жана азабымдан корккула!

(42) Пайгамбарларыма түшүргөн акыйкатты өзүңөр ойлоп чыгарган жалган сөздөр менен аралаштырбагыла жана китептериңерде Мухаммаддын сыпаты тууралуу келген акыйкатты билип, анык ишенип туруп жаап-жашырбагыла.

(43) Намазды парздары, важиптери жана сүннөттөрү менен толук аткаргыла, Аллах колуңарда кылган мал-мүлкүңөрдүн зекетин чыгаргыла жана Мухаммаддын үммөтүндөгү баш ийген адамдар менен бирге Аллахка моюн сунгула.

(44) Башкаларды ыйман келтирүүгө жана жакшылык кылууга буйруп, бирок өзүңөрдү унутуп андан жүз бурганыңар кандай жаман! Силер Тооратты окуп, Аллахтын динин ээрчүү жана Анын элчилерине ишенүү менен андагы келген буйруктарды аткарып жатасыңар го. Акылыңарды иштетсеңер болбойбу?!

(45) Дүйнөлүк жана диний бардык иштериңерде сабырдуулук жана намаз окуу менен жардам сурагыла. Булар силерди Аллахка жакындатат, Аны менен байланыштырат, силерге жардам берет, сактайт жана башыңарга түшкөн зыянды кетирет. Чындыгында намаз Раббисине моюн сунгандардан башкалар үчүн оор жана чоң.

(46) Анткени мына ошолор кыямат күнү Раббисинин алдына барып, Ага жолугарына жана кылган иштеринин сыйлыгын же жазасын алуу үчүн Ага гана кайтып барарына терең ишенишет.

(47) Оо, Аллахтын пайгамбары Якубдун урпактары! Мен силерге берген дүйнөлүк жана диний жакшылыктарымды эстегиле. Ошондой эле силерге пайгамбарлык менен падышалыкты берип, силер менен замандаш адамдардын үстүнөн артык кылганымды эстегиле.

(48) Өзүңөр менен кыяматтагы азаптын ортосуна буйруктарды аткарууну жана тыюуларды таштоону тосмо кылгыла. Ал күндө бирөө бирөөгө пайдасын тийгизе албайт, зыяндан куткаруу же пайда келтирүүдө Аллахтын уруксатысыз эч кимдин шапааты кабыл кылынбайт жана жер бети толо алтын кун берсе да кабыл кылынбайт. Ал күндө аларга эч кандай жардамчы болбойт. Эгерде шапаат кылуучу да, кун да, жардамчы да пайда бербесе, анда кутулмак кайда?!

(49) Эй, Исраил урпактары! Биз бир кезде силерди Фараондун жан-жөкөрлөрү көрсөткөн түрлүү азаптардан куткарганыбызды эстегиле. Анткени алар силерди кордош жана кемсинтиш максатта тукумуңарды курутуу үчүн уулдарыңарды өлтүрүштү жана чоңойгондо аларга кызмат кылат деп кыздарыңарды тирүү калтырышты. Силерди Фараондун жана анын жан-жөкөрлөрүнүн зомбулугунан куткаруу – Раббиңер тараптан чоң сыноо. Балким шүгүр кыласыңар.

(50) Жана Биз силер үчүн деңизди экиге бөлүп, ал аркылуу өтүшүңөр үчүн кургак жол кылып, силерди куткарганыбызды жана душманыңар Фараонду жана анын жан-жөкөрлөрүн көз алдыңарда деңизге чөктүрүп жибергенибизди эстегиле.

(51) Ошондой эле бул жакшылыктардын ичинен нур жана туура жол болгон Тооратты толук түшүрүү үчүн Муса менен кырк түнгө убадалашканыбызды эстегиле. Кийин силер ошол арада торпокко сыйынып кеттиңер. Силер бул кылыгыңар менен залым болдуңар.

(52) Андан соң Биз силерди тообо кылганыңардан кийин кечирдик, балким Аллахка жакшылап сыйынып, Ага баш ийүү менен шүгүр кылышат деп жазалабадык.

(53) Жана бул жакшылыктардын ичинен силерди туура жолго түшсүн деген үмүттө акыйкат менен жалганды ажыратуучу, туура жол менен адашууну айырмалоочу Тооратты Мусага бергенибизди эстегиле.

(54) Дагы бул жакшылыктардын ичинен Аллах силерге торпокко сыйынганыңардан кийин тообо кылууга мүмкүнчүлүк бергенин эстегиле. Анткени Муса силерге айткан: «Силер торпокту кудай тутуп сыйынып, өзүңөргө зулум кылдыңар. Эми Жаратуучуңарга тообо кылгыла жана Ага кайткыла. Анүчүн бири-бириңерди өлтүргүлө. Ушундай жол менен тообо кылуу – тозокто түбөлүк калууга алып баруучу каапырлыктан кайтпай жүргөндөн жакшыраак. Анан силер Аллахтын ийгилиги жана жардамы менен аны аткардыңар, Ал тообоңорду кабыл кылды. Анткени Ал тооболорду көп кабыл кылуучу, пенделерине ырайымдуу.

(55) Жана силердин ата-бабаларыңар Мусага тайманбастык менен кайрылып: «Биз Аллахты жашыруусуз өз көзүбүз менен көрмөйүнчө сага ишенбейбиз» – деп айткандарын эстегиле. Ошондо кээ бириңер башкаларды карап турганда силерди алоолонгон от жалмаган себептүү өлтүрүлдүңөр.

(56) Кийин силерди Аллахтын берген бул жакшылыктарына шүгүр кылышат деп өлгөнүңөрдөн кийин тирилттик.

(57) Дагы силерге кылган жакшылыктарыбыздан, жер бетинде адашып жүргөнүңөрдө күндүн ысыгынан көлөкө болсун деп булуттарды жибердик жана силерге жакшылык катары бал сыяктуу таттуу суусундукту, бөдөнө сыяктуу эти даамдуу кичинекей канаттууну түшүрдүк. Биз силерге ырыскы кылган адал нерселерден жегиле деп айттык. Алардын бул жакшылыктарды жокко чыгарып, четке кагуулары себептүү Биздин эч нерсебиз кемип кетпейт. Бирок алар энчиленген соопторду азайтып, жазага дуушар кылуу менен өздөрүнө зыян келтиришти.

(58) Аллахтын силерге берген жакшылыктарын эстегиле, бир кезде Биз силерге айттык: «Кудуска киргиле, анын каалаган жеринен адал нерселерден кенен жана ырахаттануу менен жегиле. Ага киргенде Аллахка моюн сунган, рүкү кылган абалда болгула жана Аллахтан суранып: «Раббибиз! Күнөөлөрүбүздү кечир (хиттатун)» – деп айткыла. Ошондо Биз силерге жооп беребиз жана жакшылык иштерди кылгандардын соопторун көбөйтөбүз.

(59) Алардын арасындагы залымдары кыймыл-аракетти өзгөртүп, сөздү бурмалап: «Аллахтын буйругун шылдыңдаган абалда «арпанын даны» (хинтатун)» – деп артын салып киришти. Алар шарияттын чегинен чыгып, буйрукка каршы чыгышкандарынын жазасы катары Аллах алардын залымдарына асмандан азап түшүрдү.

(60) Аллахтын силерге берген жакшылыктарын эстегиле, качан силер эрме чөлдө калып, катуу суусап турганыңарда, Муса Раббисине жалынып, силерге суу берүүсүн суранды. Ошондо Биз аны таягың менен ташты ур деп буйрудук. Аны урганда урууларыңардын санына ылайык андан он эки булак атылып, алардын ар биринен суу чыкты. Ортодо чыр-чатак болбошу үчүн ар бир урууга иче турган жеке жайын көрсөтүп бердик. Жана Биз силерге: «Силерге эч кандай мээнетсиз жана аракетсиз жеткирген Аллахтын ырыскысынан жеп-ичкиле жана жер бетинде бузукулук кылбагыла» – дедик.

(61) Эстегилечи, бир учурда силер Раббиңердин жакшылыгына ыраазы болбой, Аллах силерге түшүргөн манна шириндиги менен бөдөнөдөн тажаганыңарда: «Өзгөрбөгөн бир түрдүү тамакка чыдай албайбыз» деп, Мусадан бизге азык катары жерде өскөн жашылчалар, узун бадыраң, буурчак, жасмык дандары, пияз сыяктуу өсүмдүктөрдү чыгарып берүүсүн Аллахтан дуба кылып сура деп талап кылдыңар. Муса силерге эч кандай кыйынчылыксыз жана машакатсыз келген даамдуу жана берекелүү манна шириндиги менен бөдөнөнү болор-болбос нерселерге алмаштыр деген өтүнүчүңөрдү четке кагып: «Бул жердин каалаган айылына түшкүлө, анын талааларынан жана базарларынан сураганыңарды табасыңар» – деди. Алар напси каалоолоруна ээрчип, Аллах аларга тандаган нерселерден такай жүз бурушкандары себептүү аларды кордук, жакырчылык жана каатчылык басты. Жана алар Аллахтын дининен жүз буруп, Анын аят-белгилерине каапырлык кылып, зулумдук жана душмандык менен Анын пайгамбарларын өлтүрүшкөнү үчүн Аллахтын каарына калышты. Мунун баары алардын Аллахка баш ийбестик кылып, Анын чектеринен чыккандыгы себептен болду.

(62) Чындыгында бул үммөттөн жана Мухаммадга чейинки мурунку коомдордон, жөөттөрдөн, христиандардан, сабийлерден (Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген кээ бир пайгамбарлардын тобу) ким ыйман келтирсе, алар үчүн Раббисинин алдында сыйлыктар бар, алар акыретте боло турган нерселерден коркушпайт жана дүйнөдө өткөрүп жиберген нерселери үчүн өкүнүшпөйт.

(63) Биз силерден Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирүү жөнүндө бекем убада алганыбызды эстегиле. Биз силерге түшүргөн Тооратты жалкоолонбостон жана кош көңүл карабастан, олуттуу жана тырышчаактык менен алууңарды буйруп, келишимди аткарууну таштабоо үчүн эскертүү жана коркутуу максатта үстүңөргө тоону көтөрүп койдук. Андагы айтылгандарды жаттагыла жана ал тууралуу ой жүгүрткүлө. Балким ушундай кылуу менен Аллахтын азабынан коркосуңар.

(64) Силерден бекем убада алындан кийин жүз буруп жана баш ийбестик кылып кеттиңер. Эгерде Аллах айкөлдүк кылып силерди кечирбегенде жана ырайым кылып тообоңорду кабыл кылбаганда, анда жүз буруу жана баш ийбестик себептүү анык эле жоготууга учурагандардан болмоксуңар.

(65) Силер мурунку ата-бабаларыңардын кабарын шек-күмөнсүз билдиңер. Анткени алар улоого тыюу салынган ишенби күнү чектен чыгышты. Алар мунун айласын таап, жума күнү торлорун сууга таштап, жекшенби күнү алышат эле. Ошондо Аллах аларды айла-амалдарынын жазасы катары таштанды маймылдарга айлантып койду.

(66) Ошентип чектен чыккан бул айылды тегерегиндеги айылдарга сабак кылдык жана алардын кылганын кылып жазага татыктуу болбосун деп алардан кийинки келгендерге да сабак кылдык. Ошондой эле аны Аллахтын жазасынан жана Анын чектеринен чыккандарга болгон өч алуусунан корккондор үчүн эскертүү кылдык.

(67) Ата-бабаларыңардын Муса менен болгон окуясын эстегиле. Ал аларга Аллах бир уй союуну буйруганын айтканда, алар аны тез аткаруунун ордуна кыйкымчылдык кылып: «Сен бизди шылдыңдап жатасыңбы?» – дешти. Муса: «Аллахка жалаа жаап, адамдарды шылдыңдоодон кудай сактасын» – деди.

(68) Алар Мусага: «Раббиңден бизге сурап бер, сойгула деп буйрулган уйдун сыпаттарын айтып берсин» – дешти. Ал аларга: «Аллах айтып жатат: «Ал уй картаң да эмес, жаш да эмес, орто жаштагы уй болсун. Раббиңердин буйругун тезинен аткаргыла» – деди.

(69) Алар талаштарын, кежирликтерин токтотпой Мусага: «Бизге Раббиңден анын түсү кандай экенин сурап бер» – дешти. Муса аларга айтты: «Аллах айтып жатат: «Ал карагандардын баарысын суктандырган сапсары уй».

(70) Анан алар кежирликтерин токтотпостон мындай дешти: «Раббиңден бизге сурап бер, уйдун сыпаттарын дагы кененирээк айтып берсин. Анткени жогоруда айтылган сыпаттагы уйлар көп болгондуктан, алардын арасынан тандай албай жатабыз. Алардан сойгула деп талап кылынган уйду (Аллах кааласа) табабыз деп баса белгилешти».

(71) Муса аларга: «Аллах айтып жатат: «Ал уй жер айдоого, сугатчылыкка иштетилип кордук көрбөгөн, эч кандай айыбы жок жана сарыдан башка түстөгү белгилери болбогон сыпатта болуш керек» – деди. Ошондо алар: «Мына эми уйду толук аныктаган так сыпаттама бердиң» – дешти. Бирок алар талаш-тартыштан, кежирликтен улам андай уйду соё албай турган болуп, анан союшту.

(72) Эстегилечи, бир кезде өзүңөрдөн бирөөнү өлтүрүп коюп, аны бири-бириңерге түрттүңөр. Ар бири адам өлтүрдү деген жалаадан өзүн коргош үчүн башкаларды айыптап жатып ортоңордо чыр чыгып кетти. Аллах ошол бейкүнөө адамды өлтүргөнгө байланыштуу жашырган нерсеңерди ачыкка чыгарат.

(73) Анан Биз: «Силерге сойгула деп буйруган уйдун бир бөлүгү менен өлүктү ургула, ошондо өлтүргөн адам ким экенин айтуу үчүн Аллах аны тирилтет» – дедик. Алар ошондой кылышты, ал аны ким өлтүргөнүн айтып берди. Аллах ошол өлүктү тирилткен сыяктуу, кыямат күнү да өлүктөрдү тирилтет жана силерге Өз кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдерди көрсөтөт. Балким ал тууралуу акыл жүгүртүп, Аллахка чындап ыйман келтиресиңер.

(74) Ошондо силердин жүрөгүңөр бул жеткиликтүү насааттардан жана айкын аят-белгилерден кийин таштай болуп катыды, андан дагы катуураак болуп калды. Ал бул абалынан эч качан өзгөрбөйт, ал эми таштар өзгөрөт. Анткени кээ бир таштардан дарыялар атылып чыгат, кээ бири жарылып, жер бетинде аккан булак суулары чыгат, алардан адамдар жана жаныбарлар пайдаланат. Кээ бири Аллахтан коркуп, сестенгенинен тоолордун чокусунан кулайт. А силердин жүрөгүңөр андай эмес. Аллах силердин кылганыңардан бейкапар эмес, Ал аны билет жана жакында силерге анын жазасын берет.

(75) Оо, ыймандуулар! Жөөттөрдүн чыныгы абалын жана баш ийбестиктерин билгенден кийин, алар силерге ишенип, жооп беришет деп үмүт кылып жатасыңарбы?! Алардын аалымдарынын бир тобу аларга түшкөн Тоораттагы Аллахтын сөзүн угуп туруп, андагы сөздөрдү жана маанилерди түшүнүп билбегенден кийин өзгөртүп жиберишти. Алар өздөрүнүн күнөөсүнүн оордугун билишет.

(76) Жөөттөрдүн карама-каршылыктарынан жана айлакерлигинен, алардын кээ бирлери ыймандууларга жолукса, Мухаммад пайгамбардын чынчылдыгын, анын пайгамбарчылыгынын тууралыгын жана ага Тоорат дагы күбө экендигин моюнга алышат. Бирок жөөттөр бири-бири менен менен жалгыз калганда, минтип моюнга алгандары үчүн бири-бирин айыпташат. Анткени мусулмандар алардын пайгамбарчылыкты чындык экенин моюнга алгандарын өздөрүнө каршы далил кылышат.

(77) Жөөттөр ушундай маскара жолго түшүп жатышат, Аллах алардын сөздөрү менен иш-аракеттеринин кайсынысын жашырып, кайсынысын ачыкка чыгарып жаткандарын билерин элес алышпаган сыяктуу. Ал жакында аны ачык көрсөтүп, шерменделерин чыгарат.

(78) Жөөттөрдүн арасында бир топ бар, алар Тооратты окуганды эле билишет, бирок анын маанисин түшүнүшпөйт. Аларда улууларынан калган жалган уламыштардан башка эч нерсе жок. Алар ошону Аллах түшүргөн Тоорат деп ойлошот.

(79) Туура жолго түшүүнү жана акыйкатты байлык же бийлик сыяктуу дүйнөдөгү арзыбаган баага алмаштыруу үчүн өз колдору менен китеп жазып алып: «Бул Аллахтан келген китеп» – деп жалган айткандарды катаал азап жана кыйроо күтүп турат. Аларга өз колдору менен Аллахка карата жазган жалган жалаалары үчүн азап жана кыйроо болсун. Жана мунун артынан тапкан байлык жана бийлик сыяктуу нерселери үчүн аларга катаал азап жана кыйроо болсун.

(80) Алар жалган жана текеберлик абалда: «Бизге тозок оту тийбейт, тозокко түшсөк да убактылуу гана болобуз» – дешти. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силер буга Аллахтан анык убада алдыңар беле? Эгер силер үчүн ошондой болсо, Аллах Өз убадасын бузбайт. Же силер билбей туруп эле жалган жана алдамчылык жолдо Аллахтын атынан сүйлөп жатасыңарбы?».

(81) Абал алар ойлогондой эмес. Чындыгында Аллах каапырлык күнөөсүн кылган ар бир адамды азаптайт, аны күнөөлөрү бүт тарабынан курчап алат жана аны тозокко киргизип, ал жакта түбөлүк калтыруу менен жазалайт.

(82) Ал эми Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандардын Аллах алдындагы сыйлыгы – бейишке кирүү жана ал жакта түбөлүк калуу.

(83) Эй, Исраил урпактары! Эстегиле, Биз силерден Аллахты жалгыздап, Андан башка эч нерсеге сыйынбоого, ата-энеге, жакын туугандарга, жетимдерге, муктаж кембагалдарга жакшы сөз сүйлөөгө, орой жана катуу айтпастан жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюуга, намазды Биз буйругандай толук аткарууга жана зекетти чын көңүлүңөр менен татыктууларга берүүгө бекем убада албадык беле? Силердин араңардан кээ бир бирлериңерден башкаңар бул келишимден кийин силерден алынган убаданы аткаруудан баш тартып кеттиңер.

(84) Биз силерден Тооратта бири-бириңердин каныңарды төгүүнүн жана бири-бириңерди өз жеринен кууп чыгуунун арамдыгы тууралуу бекем убада алганыбызды эстегиле. Кийин силер Биз ал тууралуу силерден алган келишимдин тууралыгына күбөлүккө өтүп, аны мойнуңарга алдыңар.

(85) Андан соң силер бул келишимди бузуп, бири-бириңерди өлтүрдүңөр, өзүңөрдөн болгон бир топко каршы душмандардан жардам сурап, аларды өз жеринен зулумдук жана душмандык менен кууп чыктыңар. Эгерде алар душмандардын колунда силерге туткун болуп келишсе, аларды өз жеринен кууп чыгуу силерге арам болгондугуна карабастан, аларды туткундан бошотуу үчүн кун төлөгөнгө шаштыңар. Силер Тооратта келген туткундарды кун төлөп бошотуунун милдеттиги тууралуу кээ бир нерселерге ыйман келтирип, ал эми андагы айтылган кан төкпөгүлө, бири-бириңерди кууп чыкпагыла деген сыяктуу кээ бир нерселерге кантип каапырлык кылып жатасыңар? Силердин араңарда ушундай кылган адам үчүн бул дүйнө жашоосунда кордук менен төмөндүктөн башка жаза жок. Ал эми акыретте болсо эң катаал азапка кайтарылат. Аллах силердин кылганыңардан бейкапар эмес, Ал аны билип турат жана жакында силерге анын жазасын берет.

(86) Алар убактылууну түбөлүктүүдөн артык көрүп, акыретти дүйнө жашоосуна алмаштыргандар. Ошондуктан аларга акыретте азап жеңилдетилбейт жана ал күндө аларга эч кандай жардамчы да болбойт.

(87) Биз Мусага Тооратты бердик, анын артынан пайгамбарларды жибердик. Ал эми Мариямдын уулу Исага анын чынчылдыгын билдирген өлүктү тирилтүү, тубаса сокур, ала жана пес оорусу менен ооругандарды айыктыруу сыяктуу ачык айкын аят-белгилерди бердик жана аны Жебреил периште менен кубаттадык. Эй, Исраил урпактары! Силерге Аллах тараптан бир пайгамбар каалооңорго туура келбеген нерсени алып келген сайын силер акыйкатка текеберленип жана Аллахтын элчилерине бой көтөрүү менен алардын кээ бирлерин жалганга чыгарып, кээ бирлерин өлтүрө бересиңерби?!

(88) Жөөттөрдүн Мухаммадды ээрчибейбиз дегенге шылтоосу: «Биздин жүрөктөрүбүз кулпуланган, айткандарыңдын эч бири ага жетпейт жана аны түшүнбөйт» – дегени эле. Абал алар ойлогондой эмес! Тескерисинче, Аллах аларды каапырлыктары үчүн Өз ырайымынан алыстаткан. Ошондуктан алар Аллах түшүргөн нерселердин аз гана бөлүгүнө ыйман келтиришет.

(89) Качан аларга Аллах тараптан жалпы туура негиздерде Тоорат менен Инжилге шайкеш келген ыйык Куран келгенде, алар ал түшкөнгө чейин: «Биз жакында мушриктерди жеңебиз, пайгамбар келген кезде бизге жеңиш келет, биз ага ыйман келтирип, аны ээрчийбиз» – деп айтышчу. Ал эми аларга Куран жана Мухаммад, алар билген сыпатта жана алар билген акыйкатта келгенде, ага каапырлык кылышты. Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандарга Аллахтын каргышы болсун!

(90) Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирүүдө алар өз бактысын алмаштырып жиберген нерсе кандай жаман! Алар Мухаммадга Куран жана пайгамбарлык түшкөнү үчүн көрө албастык жана зулумдук кылып, Аллах түшүргөн нерсеге каапырлык кылышты жана пайгамбарларын жалганга чыгарышты. Алар Мухаммадга каапырлык кылышканы жана ага чейин Тооратты бурмалашканы себептүү Аллахтын эселеген каарына татыктуу болушту. Ал эми кыямат күнү Мухаммаддын пайгамбарчылыгына каапырлык кылгандарга кордоочу азап бар.

(91) Ал жөөттөргө: «Аллах Өз элчисине түшүргөн акыйкатка жана туура жолго ыйман келтиргиле» – деп айтылса, алар: «Биз өзүбүздүн пайгамбарларга түшкөн нерсеге ыйман келтиребиз» – деп, андан башка Мухаммадга түшкөн нерсеге каапырлык кылышат, болбосо бул Куран алардагы Аллахтан келген нерсеге шайкеш келет. Эгер алар өздөрүнө түшүрүлгөнгө чындап ишенишсе, анда Куранга да ыйман келтиришмек. Оо, пайгамбар! Аларга жооп катары айт: «Эгер силер Аллахтын пайгамбарлары алып келген акыйкатка чындап ыйман келтирген болсоңор, эмне үчүн аларды өлтүрдүңөр?».

(92) Силерге пайгамбарыңар Муса өзүнүн чынчылдыгын көрсөткөн ачык-айкын аят-белгилер менен келди. Андан соң Муса Раббиси менен убадалашкан жерге кеткенден кийин торпокту кудай кылып сыйынып алдыңар жана Аллахка ширк кылып залым болдуңар. Ал эми Аллах жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу.

(93) Биз силерден Мусаны ээрчүү жана ал Аллахтан алып келген нерсени кабыл алуу тууралуу бекем убада алганыбызды эстегиле. Биз силерди коркутуу үчүн үстүңөргө тоону көтөрүп койдук жана силерге: «Биз Тооратта келтирген нерселерди олуттуу жана тырышчаактык менен алгыла жана кабыл алуу жана моюн сунуу менен уккула, болбосо үстүңөргө тоону кулатабыз» – деп айтканда, силер: «Кулагыбыз менен уктук, бирок иш жүзүндө баш ийген жокпуз» – дедиңер жана каапырлыгыңар себептүү торпокко сыйынуу жүрөгүңөргө отурукташып калды. Оо, пайгамбар! Айткын: «Эгер ыймандуу болсоңор, силерди Аллахка каапырлык кылууга буйруп жаткан бул ыйманыңар кандай жаман! Анткени чыныгы ыйманда каапырлык болбойт». Оо, пайгамбар! Бул силердин ыйманыңар буйруп жаткан нерсе кандай жаман - деп айт. Анткени, чыныгы ыйман, ага эч бир каапырлык аралашпайт.

(94) Оо, пайгамбар! Айткын: «Эй, жөөттөр! Эгерде акыретте адамдардан бейишке силер гана киресиңер деген сөзүңөр чын болсо, анда бул даражага тезирээк жетиш үчүн жана дүйнө жашоосунун түйшүктөрүнөн жана кайгыларынан эс алыш үчүн өлүмдү тилеп, аны сурагылачы».

(95) Алар эч качан өлүмдү тилешпейт, анткени жашоосунда Аллахка каапырлык кылышты, Анын элчилерин жалганга чыгарышты жана Китептерин бурмалашты. Аллах алардан жана башкалардан болгон залымдарды Билүүчү. Жакында алардын ар бирине иш-аракеттерине жараша жазасын берет.

(96) Оо, пайгамбар! Дүйнө жашоосу канчалык кор жана арзыбаган болсо да, сен адамдардын арасынан жөөттөрдүн жашоого айрыкча жанталашканын көрөсүң. Алар кайра тирилүүгө жана сурак берүүгө ишенген Китеп ээлери болушса да, кайра тирилүүгө жана сурак берүүгө ишенбеген мушриктерден өтүп жанталашышат. Эгер алардын бирөөсү миң жашка жетүүнү кааласа да, анын өмүрүнүнүн узактыгы аны Аллахтын азабынан алыстата албайт. Аллах алардын иш-аракеттерин Билүүчү, Көрүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.

(97) Оо, пайгамбар! Жөөттөрдөн: «Периштелердин арасынан Жебрейил –биздин душман» дегендерге айт: «Ким эгер жакшылыкка чакырган жана Аллах ыймандууларга даярдаган жыргалчылыкты сүйүнчүлүгөн, ошондой эле Тоорат жана Инжил сыяктуу Аллахтын мурунку китептерин тастыктаган Куранды Аллахтын уруксаты менен сенин жүрөгүңө алып түшкөн, мына ушундай сыпаттарга жана кызматка ээ болгон Жебрейилге душмандык кылса, анда ал адашуучулардан».

(98) Кимде-ким Аллахка, периштелерине, элчилерине жана эки жакын периштеси Жебрейил менен Микаилге душмандык кылса, анда Аллах силерден жана башкалардан болгон каапырларга душман. Ал эми Аллах кимге душман болсо, анда ал анык жоготууга учурайт.

(99) Оо, пайгамбар! Биз сага пайгамбарчылык жана вахий сыяктуу алып келген нерседе чынчылдыгыңды көрсөткөн ачык аят-белгилерди түшүрдүк. Бул нерселер ачык-айкын болуп турса дагы, ага Аллахтын дининен чыккандар гана каапырлык кылышат.

(100) Жөөттөрдүн жаман адаттарынан, качан алар өздөрү убада беришсе, (анын ичинде Тооратта Мухаммаддын пайгамбарлыгын билдирген нерселерге ыйман келтирүү да бар), алардын бир тобу аны бузушат. Жадагалса ал жөөттөрдүн көпчүлүгү Аллах түшүргөн нерселерге чындап ыйман келтиришпейт. Анткени ыйман убаданы аткарууга түрткү берет.

(101) Качан Мухаммад аларга Тооратта келген сыпаттарга ылайык Аллах тараптан элчи болуп келгенде, алардын бир тобу андагы айтылгандардан жүз бурушту, ошондой эле ага маани бербестен, андагы келген акыйкаттан жана туура жолдон пайда албаган нааданга окшоп артына таштап коюшту, ага көңүл да бурушпады.

(102) Алар Аллахтын динин таштап, анын ордуна шайтандардын Сулайман пайгамбардын падышалыгы тууралуу айткан жалган сөздөрүн ээрчип алышты. Анткени ал өзүнүн падышалыгын сыйкыр менен орнотту деп ойлошкон. Сулайман жөөттөр ойлогондой сыйкырлык менен алектенип каапырлык кылган эмес. Бирок шайтандар адамдарга сыйкырлыкты үйрөткөнү үчүн каапыр болушту. Алар адамдарды сыноо үчүн Ирактын Вавилон шаарындагы Харут жана Марут деген эки периштеге түшүрүлгөн сыйкырды үйрөтүштү. Бул эки периште кимге сыйкырды үйрөтпөсүн, аларды андан эскертип: «Чындыгында биз адамдар үчүн сынообуз. Андыктан сыйкырды үйрөнүү менен каапыр болуп калбагыла» – деп түшүрдүрүп айтышат эле. Алардын насыйкатын укпагандар алардан сыйкырды үйрөнүштү. Анын ичинде эркек менен аялдын ортосунда жек көрүүнү жаратып, аларды ажыраштырган түрү да бар болчу. Бирок бул сыйкырчылар Аллахтын каалоосу жана уруксаты жок эч кимге зыян келтире алышпайт. Алар өздөрүнө зыян келтирген жана пайда бербеген нерсени үйрөнүштү. Ал жөөттөр Аллахтын Китебин сыйкырга алмаштыргандар үчүн акыретте эч кандай үлүш да, насип да болбосун жакшы билишкен. Алар Аллахтын вахийин жана шариятын сыйкырлыкка алмаштыруу аркылуу өз жандарын сатып жиберген нерсеси кандай жаман! Эгер алар өздөрүнө эмне пайда берерин билишкенде, мындай шерменде ишке жана анык адашууга барышмак эмес.

(103) Эгер жөөттөр Аллахка чындап ыйман келтиришсе жана баш ийбестигин таштап, Ага моюн сунуу менен Андан коркушса, анда алардын тутунган жолунан да Аллахтын сыйлыгы жакшыраак, эгер алар өздөрүнө пайдалуу нерсени билишкен болсо.

(104) Аллах таала ыймандууларды жакшы сөздөрдү тандоого багыттап, аларга мындай деди: «Оо, ыйман келтиргендер! «Раъина (биздин жагдайыбызга көңүл бөл)» деген сөздү айтпагыла. Анткени жөөттөр аны бурмалап, пайгамбарга кайрылганда, анын «жеңил ойлуу» деген бузуку маанисин максат кылышат. Ошондуктан Аллах бул жолду жабуу үчүн ушул сөздү айтуудан тыйып, пенделерине анын ордуна «унзурна (сөзүңдү түшүнүүбүз үчүн бизди күт)» деп айтууну буйруду. Бул кооптонууну жаратпаган маанини туюнткан сөз. Ал эми Аллахка каапырлык кылгандар үчүн кыйноочу азап бар.

(105) Каапырлар китеп ээлери болобу же мушриктер болобу, алар силерге Раббиңерден азбы-көппү кандай жакшылык болсо да түшүшүн каалашпайт. Аллах пайгамбарлык, вахий жана ыйман сыяктуу нерселерди Өзү каалаган пенделерине гана берет. Аллах улуу жакшылык Ээси, пенделер ар бир жакшылыкты Андан гана алат. Пайгамбардын жиберилиши жана китептин түшүүсү – Анын жакшылыктарынан.

(106) Аллах таала Курандагы кайсы бир аяттын өкүмүн жокко чыгарса, же анын сөздөрүн өчүрүп, адамдар аны унутса, анда эртеби-кечпи Аллах андан да пайдалуусун же ошого окшогонун алып келерин баяндайт. Бул Аллахтын илими жана даанышмандыгы менен болот. Оо, пайгамбар! Сен Аллах бардык нерсеге кудуреттүү экенин билесиң. Ошондуктан Ал Өзү каалаганын кылат жана Өзү каалагандай өкүм чыгарат.

(107) Оо, пайгамбар! Сен Аллах асмандардын жана жердин Падышасы экенин, каалаганды өкүм кыларын, пенделерин каалаган нерсеге буйруп, каалаган нерседен тыярын, шариятына каалаганын бекитип, каалаганын жокко чыгарарын билесиң. Силерге Аллахтан кийин ишиңерди башкара турган эч бир колдоочу жок жана силерди зыяндан куткарган жардамчы да жок. Аллах гана ошонун баарысын жөнгө салуучу жана ага кудуреттүү.

(108) Оо, мусулмандар! Мурда Мусанын коому каяша жана каршылык иретинде өз пайгамбарынан: «Бизге Аллахты ачык көрсөт» (ниса, 153) деп сурашканы сыяктуу силер дагы пайгамбарыңардан ошентип сураганыңар туура эмес. Кимде-ким каапырлыкты ыйманга алмаштырса, анда ал туура жол болгон ортолук жоктон адашкан болот.

(109) Көпчүлүк жөөттөр жана христиандар өздөрүндөгү көрө албастыктан улам, силерди ыйман келтиргениңерден кийин мурда кудайларга сыйынган каапыр абалыңарга кайтарууну эңсешет. Алар муну пайгамбар Аллахтан алып келген нерсе акыйкат экени анык болгондон кийин каалашат. Оо, ыймандуулар! Эми аларга Аллахтын өкүмү келгенге чейин, алардын кылгандарын кечиргиле, наадандыктарына жана жан дүйнөсүндөгү жамандыктарга көз жумуп койгула. Аллахтын бул буйругу жана өкүмү келди. Каапырга Исламды кабыл алууга же салык төлөөгө же согушууга тандоо берилди. Чындыгында Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, силер Аны алсырата албайсыңар.

(110) Намазды өзүнүн парздары, важиптери жана сүннөттөрү менен толук аткаргыла, тиешелүү адамдарга мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле. Жашоодо кандай жакшылык иш кылсаңар да, аны өлүмдөн алдын өзүңөр үчүн камылга катары кылгыла. Мына ошондо кыямат күнү анын сообун Раббиңердин алдынан табасыңар, Ал силерге анын сыйлыгын берет. Чындыгында Аллах эмне кылып жатканыңарды көрүп турат жана ар бирине кылган иштерине жараша сыйлыгы берет.

(111) Жөөттөр менен христиандардын бардык топтору: «Бейиш аларга гана таандык» – дешет. Жөөттөр: «Бейишке жөөттөр гана кирет» – дешсе, христиандар: «Бейишке христиандар гана кирет» – дешет. Бул алардын куру кыялдары жана бузуку элестери. Оо, пайгамбар! Аларга жооп катары: «Эгерде айтып жатканыңар чын болсо, ошол ойлоп жаткан нерсеңерге далил алып келгилечи?!» – деп айт.

(112) Чындыгында бейишке Аллахка чын ыклас менен бет алгандар гана кирет. Ал ыкластуулугу менен бирге пайгамбар алып келгенди ээрчип, ибадатты жакшы деңгээлде аткарат. Ал кайсы топтон болсо да бейишке кирет, анын сообу Раббисинин алдында, алар үчүн келечекте болуучу акыреттеги нерселерден эч кандай коркунуч жок жана алар дүйнөдө өткөрүп жиберген нерселер үчүн да өкүнүшпөйт.

(113) Жөөттөр: «Христиандар туура эмес динде» – дешсе, христиандар: «Жөөттөр туура эмес динде» – дешти. Алардын баарысы Аллах түшүргөн китептерди жана андагы айтылган бардык пайгамбарларга бөлүп-жарбастан ыйман келтирүү тууралуу буйрукту окушат. Алардын бул кылганы бардык пайгамбарларды жана аларга түшүрүлгөн китептерди билбестен туруп жалганга чыгарган мушриктердин сөзүнө окшош. Мына ушул себептен Аллах кыямат күнү бардык талашып-тартышкандардын ортосунда Өзү пенделерине кабар берип: «Жеңиш – Аллах таала түшүргөн бардык нерселерге ыйман келтирүү менен гана болот» – деп айткан адилеттүү өкүмү менен чечим чыгарат.

(114) Аллахтын мечиттеринде Анын атын эскерүүдөн, ал жерде намаз окуудан, зикир кылуудан, Куран окуудан тыйган жана аны талкалап же ал жерде ибадат кылууга тыюу салуу менен анын бузулуусуна жана зыян тартуусуна болушунча аракет кылган адамдан өткөн залым адам жок. Аларды бузууга аракет кылгандар, каапырлыктары жана Аллахтын мечиттеринен тыйганы үчүн мечитке жүрөктөрү титиреп, корккон абалда гана киришет. Алар дүйнө жашоосунда мусулмандардын колунан кордук көрүшөт. Ал эми адамдарды мечиттен тыйганы үчүн алар үчүн акыретте чоң азап бар.

(115) Чыгыш менен батыштын жана алардын ортосундагы бийлик Аллахка гана таандык, Ал пенделерине Өзү каалаганын буйруйт. Кайсы тарапка жүздөнбөгүлө, Аллах таалага бет алган болосуңар. Ал силерди Кудуска же Каабага жүздөнүүнү буйруса же силер кыбыладан адашып калсаңар же ага жүздөнүү силерге оорчулукту жаратса, анда силерге эч кандай күнөө жок. Анткени бардык тараптар Аллахка таандык. Чындыгында Аллах Өз ырайымы жана жеңилдетүүсү менен бардык макулуктарды камтыган Кенен Зат, алардын ниеттерин жана иш-аракеттерин Билүүчү.

(116) Жөөттөр, христиандар жана мушриктер: «Аллахтын баласы бар» – дешет. Аллах мындай нерседен аруу жана ыйык, Ал макулуктарга муктаж эмес, чынында баланы ага муктаждыгы бар гана адам алат. Тескерисинче, асмандардагы жана жердеги бийлик Ага гана таандык. Бардык макулуктар Анын баш ийген кулдары. Ал аларды Өзү каалагандай башкарат.

(117) Аллах таала асмандар менен жерди жана андагы бардык нерселерди мурун болбогондой көрүнүштө Жаратуучу. Эгер Ал бир ишти тагдыр кылса жана аны кааласа, анда ал ишке: «Бол!» деп гана айтат, ал ошол замат Аллах каалагандай болуп калат. Анын буйругун жана өкүмүн эч ким кайтара албайт.

(118) Китеп ээлери менен мушриктердин илимсиздери акыйкатка баш ийбей: «Эмнеге Аллах биз менен ортомчусуз сүйлөшпөйт же бизге гана таандык ачык белгини көрсөтпөйт?» – деп айтышат. Алар айткан ушул сыяктуу эле сөздү мурунку жалганчы коомдор ар башка заманда жана жерде жашаса дагы өз пайгамбарларына айтышкан. Биз аят-белгилерди акыйкатка ишенгендерге ачыктап бердик, ал аларга ачык болгон кезде алар шектенишпейт жана кежирликтери да тоскоол болбойт.

(119) Оо, пайгамбар! Ыймандууларга бейишти сүйүнчүлөп, каапырларга тозокту эскертүүң үчүн Биз сени шек-күмөнсүз акыйкат дин менен жибердик. Сен ачык жеткирүүгө гана милдеттүүсүң. Аллах сенден ыйман келтирбеген тозок ээлери тууралуу сурабайт.

(120) Аллах пайгамбарына эскертүү катары кайрылып: «Жөөттөр да, христиандар да сен Исламды таштап, аларды ээрчимейинче сенден ыраазы болушпайт» – деп айтты. (Оо, Мухаммад!) Чыныгы туура жол – алар жүргөн жолдо эмес, Аллахтын китебинде деп айт. Эгер бул нерсе ачык-айкын акыйкат келгенден кийин сенден же сени ээрчигендердин бирөөсүнөн болуп кетсе, сен Аллахтан жардам да, колдоо да таппайсың. Акыйкатты таштап, жалганчыларды ээрчип кетүүнүн коркунучунун баяны ушундай.

(121) Ыйык Куранда китеп ээлеринин бир тайпасы өздөрүнө түшкөн кол астындагы китептерди чындык деп ээрчип, андагыларды иш жүзүндө аткаргандыгы тууралуу айтылды. Алар бул китептерден Мухаммаддын чыныгы пайгамбар экенин билдирген белгилерди табышат. Ошондуктан ага ыйман келтирүүгө шашылышты. Ал эми башка тайпасы каапырлыктарында калып, жоготууга учурашты.

(122) Эй, Исраил урпактары! Мен силерге берген дүйнө жана диний жакшылыктарымды эстегиле. Ошондой эле силерге пайгамбарлык менен падышалыкты берип, өз заманыңардагы адамдардан артык кылганымды эстегиле.

(123) Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыюуларын таштап, өзүңөр менен кыямат күндөгү азаптын ортосуна тосмо кылгыла. Анткени ал күндө эч бир жан башкага пайда келтире албайт, канчалык көп болсо да андан кун кабыл кылынбайт, канчалык даражасы бийик болсо да эч кимдин шапааты пайда бербейт жана ага Аллахтан башка эч бир жардамчы болбойт.

(124) Аллах Ибрахимге өкүмдөрдү жана милдеттерди буйруп сынаган кезин эстечи. Ал аларды талаптагыдай толук деңгээлде аткарды. Ошондо Аллах Ибрахим пайгамбарга: «Мен сени адамдарга үлгү кылдым, алар сенин иш-аракеттериңден жана адеп-ахлагыңдан үлгү алышат» – деди. Ибрахим айтты: «Оо, Раббим! Менин урпагымдан да элдер үлгү ала тургандай адамдарды чыгар». Аллах ага жооп берип: «Динде башчылык кылуу тууралуу сага берген убадам, сенин урпагыңдан чыккан залымдарга тиешелүү эмес» – деди.

(125) Аллах ыйык Үйдү адамдардын жүрөгү ага байланып, кайра кайтып келе турган жай кылганын, андан канча кетишсе да, кайра кайтып келерин жана аларга эч кандай зулумдук кылынбаган коопсуз жай кылганын эстечи. Ал адамдарга: «Ибрахим Каабаны курганда үстүнө турган ташты намаз окулуучу жай кылгыла» – деди. Жана Биз Ибрахим менен анын уулу Исмаилге ыйык Үйдү ыпластардан жана жалган кудайлардан тазалоону жана ал жерде таваф, этикаф, намаз жана башка ибадаттарды кылууну каалагандар үчүн аны даярдоону буйрудук.

(126) Оо, пайгамбар! Ибрахим Раббисине дуба кылып: «Раббим! Меккени эч ким зыян тартпаган коопсуз шаар кыл, анын тургундарына түрдүү мөмө-жемиштерден ырыскы бер жана аны Сага жана акырет күнүнө ыйман келтиргендер үчүн өзгөчө ырыскы кыл» – деген учурун эсте. Ошондо Аллах айтты: «Ал эми алардан ким каапыр болсо, анда Мен аларга дүйнөдө бир аз ырыскы берип жыргатам, кийин акыретте аны тозок азабына мажбурлап киргизем. Кыямат күнү алар кайтып барган жай кандай жаман!».

(127) Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Ибрахим менен Исмаил Каабанын пайдубалын тургузуп жатып, жалынып-жалбаруу менен мындай дешти: «Раббибиз! Биздин иш-аракеттерибизди, анын ичинде ушул Үйдүн курулушун кабыл кыл. Чындыгында Сен биздин дубаларды кабыл кылуучусуң, ниеттерибизди жана иш-аракеттерибизди билүүчүсүң.

(128) Раббибиз! Бизди Өзүңдүн буйругуңа моюн сунуучу, Сага баш ийүүчү кыл. Биз Сага эч кимди шерик кылбайбыз. Урпактарыбыздан Сага моюн сунуучу үммөттөрдү чыгар, Сага ибадат кылуу жолдорун бизге үйрөт жана Сага моюн сунууда кетирген кемчиликтерибизди жана күнөөлөрүбүздү кечир. Чындыгында Сен тообо кылган пенделериңдин тообосун кабыл кылуучусуң, аларга Ырайымдуусуң.

(129) Раббибиз! Аларга Исмаилдин урпактарынан бир пайгамбар жибер, ал аларга Сенин аяттарыңды окуп берсин жана аларга Куран менен сүннөттү үйрөтүп, аларды ширктен жана бузукулуктардан тазаласын. Чындыгында Сен үстөмдүк кылуучу Күчтүүсүң, иш-аракеттериңде жана өкүмдөрүңдө Даанышмансың.

(130) Наадандыгы жана акыйкаттын ордуна адашууну тандаган туура эмес аракети менен өзүнө зыян келтирген жана ага кордукту ыраа көргөн адамдар гана Ибрахимдин динин таштап, башка динге өтүп кетишет. Биз аны дүйнөдө пайгамбар жана дос (халил) кылып тандадык, ал эми акыретте болсо Аллахтын буйруктарын аткарып, эң жогорку даражаларга жеткен такыба адамдардан болот.

(131) Аллах аны Исламга шашылганы үчүн тандап алды. Анткени Раббиси ага: «Мага ыкластуулук менен ибадат кыл жана баш ийүү менен Мага толук берил» – дегенде, ал Раббисине жооп кылып: «Мен пенделердин жаратуучусу, ырыскы берүүчүсү жана алардын иштерин башкаруучу Аллахка моюн сундум» – деп айтты.

(132) Ибрахим уулдарына: «Мен ааламдардын Раббисине моюн сундум» – деген сөздү осуят кылды, Якуб дагы уулдарына ушуну осуят кылган. Экөөсү тең балдарын чакырып: «Аллах силерге Ислам динин тандады. Эми силер сыртыңардан да, ичиңерден да мусулман болгон абалда өлүм келгенге чейин аны бекем кармангыла» – деп айтышты.

(133) Же силер Якубга өлүм келген кезде анын айтканына күбө болдуңарбы? Ал балдарынан: «Мен өлгөндөн кийин кимге сыйынасыңар?» – деп сурады. Алар анын суроосуна мындай дешти: «Биз сенин кудайың жана ата-бабаларың Ибрахим, Исмаил жана Исхактын кудайына сыйынабыз, жалгыз Ага моюн сунабыз жана ээрчийбиз».

(134) Бул үммөттөр силерден мурунку өтүп кеткен коомдордон. Алар өздөрү кылган иш-аракеттерине жетишти, алардын кылган жакшылык-жамандык иштери өзүлөрү үчүн, ал эми силердин кылганыңар өзүңөр үчүн. Силер алардын иш-аракеттери үчүн жооп бербейсиңер, алар дагы силердин иш-аракеттериңер үчүн жооп беришпейт. Эч ким башканын күнөөсү үчүн жазаланбайт. Тескерисинче, ар бир адам кылганына жараша сыйлык алат. Ошондуктан силерди мурункулардын иш-аракеттери өзүңөрдүн иш-аракетиңерге кароодон алаксытып койбосун. Анткени адамга Аллахтын ырайымынан кийин анын жакшылык иштеринен башка эч нерсе пайда бербейт.

(135) Жөөттөр бул үммөткө: «Жөөт болсоңор туура жолду табасыңар» – дешти, ал эми христиандар: «Христиан болсоңор туура жолду табасыңар» – дешти. Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып айт: «Биз жалган диндерден акыйкат динге ыктаган Ибрахимдин динин ээрчийбиз. Ал Аллахка шерик кошкондордон эмес болчу».

(136) Оо, ыймандуулар! Бул жалган дооматты айткан жөөттөр менен христиандарга айткын: «Биз Аллахка жана бизге түшкөн Куранга ыйман келтирдик, Ибрахимге жана анын уулдары Исмаил, Исхак, Якубга түшкөн нерсеге ыйман келтирдик, Якубдун урпагынан чыккан пайгамбарларга түшкөн нерсеге ыйман келтирдик, Аллах Мусага берген китепке жана Исага берген китепке ыйман келтирдик, Аллах бардык пайгамбарларга берген китептерге ыйман келтирдик. Биз алардын кээ бирине ыйман келтирип, кээ бирине каапырлык кылып, алардын эч бирин бөлбөйбүз. Тескерисинче, алардын баарына ыйман келтиребиз. Биз Аллахтын жалгыз Өзүнө моюн сунабыз жана багынабыз.

(137) Эгерде жөөттөр, христиандар жана башка каапырлар силер сыяктуу ыйман келтиришсе, алар Аллах ыраазы болгон туура жолго түшүшмөк. А эгер пайгамбарлардын баарын же кээ кээ бирин жалганга чыгарып, ыймандан жүз бурушса, алар келишпестикте жана душмандыкта болушат. Оо, пайгамбар, капаланба! Чындыгында Аллах алардын зыянынан сени коргоого жетиштүү, Ал сени алардын жамандыгынан коргойт жана аларга каршы сага жардам берет. Ал алардын сөздөрүн Угуучу, ниеттерин жана иш-аракеттерин Билүүчү.

(138) Аллах табиятыңарга ылайык жараткан Анын динин ичиңерден да, сыртыңардан да кармангыла. Аллахтын дининен өткөн жакшы дин жок. Ал адамдын табиятына төп келет, пайдалууга жеткирет жана зыяндан сактайт. Жана силер: «Биз жалгыз Аллахка гана сыйынабыз, Ага эч кимди шерик кылбайбыз» – деп айткыла.

(139) Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эй, китеп ээлери! Силердин диниңер байыркы жана китебиңер мурун түшкөндүктөн, өзүңөрдү Аллахка жана Анын динине бизден дагы татыктуубуз деп талашып жатасыңарбы? Чындыгында бул силерге эч кандай пайда алып келбейт. Анткени Аллах – баарыбыздын Раббибиз, Аны өзүңөргө жекелеп албагыла. Биздин иш-аракеттерибиз өзүбүзгө, силер ал үчүн суралбайсыңар, силердин да иш-аракеттериңер өзүңөргө, биз ал үчүн суралбайбыз. Ар бири кылган иш-аракетинин сыйлыгын же жазасын алат. Биз ибадатта жана баш ийүүдө Аллахка ыкластуулук кылып, Ага эч нерсени шерик кылбайбыз».

(140) Эй, китеп ээлери! Же силер: «Ибрахим, Исмаил, Исхак, Якуб жана анын урпактарынан чыккан пайгамбарлар иудаизм же христиан дининде болгон» – дейсиңерби? Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып: «Силер билесиңерди жа Аллах билеби?» – айт. Эгерде алар ошолордун дининде болгонбуз дешсе, анда жалган айтышты. Анткени алардын жиберилүүсү жана өлүмү Тоорат менен Инжил түшүрүлгөнгө чейин болгон. Ушундан улам алардын айткандары Аллахка жана Анын элчилерине карата жалган жалаа экени жана аларга түшүрүлгөн акыйкатты жашырып жатышканы белгилүү болот. Китеп ээлери кылган сыяктуу Аллахтан келген анык күбөлүктү билип туруп жашырган адамдан өткөн залым жок. Аллах алардын иш-аракеттеринен бейкапар эмес. Жакында аларга анын жазасын берет.

(141) Булар силерден мурун өткөн үммөттөр. Алар өздөрү кылган иш-аракеттерине жетишти, алардын кылгандары өзүлөрү үчүн, ал эми силердин кылганыңар өзүңөр үчүн. Силер алардын иш-аракеттери үчүн жооп бербейсиңер, алар дагы силердин иш-аракеттериңер үчүн жооп беришпейт. Эч ким башканын күнөөсү үчүн жазаланбайт жана ал башкалардын иш-аракетинен пайда көрбөйт. Тескерисинче, ар бир адам кылганына жараша сыйлыгын же жазасын алат.

(142) Жөөттөрдүн сабатсыздары, жеңил ойлуулары жана ошолорго окшогон эки жүздүүлөр: «Мусулмандарды мурда кыбыласы болгон Акса мечитинен эмне бурду?» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып айт: «Чыгыш менен батыштын жана алардан башка тараптардын мүлкү Аллахка гана таандык. Ал пенделеринен кимди кааласа, Өзү каалаган тарапка багыттайт. Жана Ал пенделеринен кимди кааласа, аны эч кандай бурмалануусу жана кыйшаюусу жок түз жолго салат.

(143) Силер кыяматта пайгамбарлар өз үммөттөрүнө Аллахтын буйругун жеткиргендерине күбө болушуңар үчүн, ошондой эле Мухаммад пайгамбар дагы ага жиберилген нерсени силерге жеткиргендигине күбө болушуңар үчүн силерге Өзүбүз ыраа көргөн кыбыланы кылган сыяктуу, силерди бардык үммөттөрдүн арасынан ишенимдерде, ибадаттарда жана өз ара мамилелерде ортолукту карманган эң жакшы үммөт кылдык. Биз ким Аллахтын шариятына ыраазы болуп, Ага баш ийип, пайгамбарды ээрчийт экенин жана ким өз дининен баш тартып, напси каалоосун ээрчип, Аллах шарият кылган нерсеге моюн сунбай кетерин анык билип жана ага ылайык жазасын бериш үчүн сен мурда жүздөнүп жүргөн кыбыланы (Акса мечитин) өзгөрттүк. Биринчи кыбыланын өзгөрүүсү Аллах Өзүнө жана пенделерине шарият кылган нерселерге ыйман келтирүүгө ийгилик бергендерден башкаларына оор иш болгон. Чындыгында Ал аны улуу даанышман сырлар себептүү гана шариятка киргизет. Аллах силердин Ага болгон ыйманыңарды, анын ичинде кыбыла өзгөргөнгө чейинки окуган намаздарыңарды текке кетирбейт. Чындыгында Аллах адамдарга Боорукер, Мээримдүү. Ал аларга кыйынчылык жаратпайт жана иш-аракеттеринин соопторун да жок кылбайт.

(144) Оо, пайгамбар! Сен кыбыланын өзүңө жаккан тарапка өзгөрүшүн каалап, ал тууралуу вахийдин түшүүсүн күткөндөй, асман тарапка жүзүңдү бурганыңды жана назар салганыңды көрдүк. Эми Биз Акса мечитинин ордуна сен ыраазы болуп, жакшы көргөн кыбылага (Аллахтын ыйык Үйүнө) жүзүңдү бурабыз. Андыктан жүзүңдү ыйык Меккедеги Аллахтын ыйык Үйү тарапка бур. Оо, ыймандуулар! Кайсы жерде болбогула, силер дагы намаз окуганда ошол тарапка жүзүңөрдү бургула. Китеп ээлери болгон жөөттөр менен христиандар кыбыланын өзгөрүүсү алардын Жаратуучусу жана иштерин көзөмөлдөөчүсү тараптан түшүрүлгөн акыйкат экенин анык билишет, анткени бул алардын китебинде тастыкталган. Аллах акыйкаттан жүз бургандардын эмне кылып жатканынан бейкапар эмес. Тескерисинче, Ал муну билет жана жакында аларга жазасын берет.

(145) Оо, пайгамбар! Аллахка ант болсун, сен китеп берилген жөөттөр менен христиандарга кыбыланын өзгөрүүсү акыйкат экендиги тууралуу аят-белгилер жана далилдер менен келсең да, алар сен алып келген нерсеге баш ийбей, акыйкатты ээрчүүдөн текеберлик кылып, сенин кыбылаңа жүздөрүн бурушпайт. Аллах сени алардын кыбыласынан бургандан кийин, сен дагы ал тарапты караба. Алар өздөрү да бири-биринин кыбыласына карашпайт. Анткени алардын ар бири экинчи тарабын каапыр деп эсептешет. Сага шек-күмөнү жок акыйкат илим келгенден кийин кыбыла жана башка шарияттар, өкүмдөр маселесинде алардын каалоолоруна ээрчисең, мына ошондо сен да туура жолду таштап, напси каалоосун ээрчиген залымдардан болуп каласың. Бул кайрылуу жөөттөрдү ээрчүүнүн жийиркеничтүүлүгүн көрсөтүү үчүн пайгамбарга айтылды. Болбосо, Аллах пайгамбарын андан Өзү сактаган. Бул болгону андан кийинки үммөтүнө болгон эскертүү.

(146) Биз китеп берген жөөттөр менен христиандардын аалымдары өз балдарын башкалардан айырмалап билишкендей Мухаммаддын пайгамбарчылык белгилеринен болгон кыбыланын өзгөрүү маселесин да жакшы билишет. Ошого карабастан алардын бир тобу ал алып келген акыйкатты көрө албастыктан улам жашырышат. Алар муну чындык экенин билип туруп жасашат.

(147) Оо, пайгамбар! Бул Раббиң тараптан келген акыйкат, анын тууралыгына шектенбе.

(148) Ар бир үммөттүн физикалык же руханий болобу, алардын жүздөнгөн тарабы бар. Буларга үммөттөрдүн кыбыласындагы жана Аллахтын аларга кылган шариятындагы айырмачылыктар да кирет. Эгерде ал Аллахтын буйругу жана шарияты менен болсо, алар жүздөнгөн тараптардын ар түрдүү болушунун зыяны жок. Оо, ыймандуулар! Эми силер аткарууга буйрулган жакшылык иштерде бири-бириңер менен жарышкыла. Силер кайсы жерде болсоңор да Аллах кыямат күнү силерди кылган иш-аракеттериңердин сыйлыгын бериш үчүн чогултат. Чындыгында Аллах бардык нерсеге кудуреттүү. Силерди топтоо жана сыйлык берүү Аны алсыратпайт.

(149) Оо, пайгамбар! Сен жана сени ээрчигендер, кайсы жерден чыксаң да, кайда болсоң да, намаз окууну кааласаң, жүзүңдү Аль-Харам мечити тарапка бур. Бул сага Раббиң тараптан вахий кылынган акыйкат. Аллах силердин кылган нерсеңерден бейкапар эмес. Тескерисинче, Ал муну билет жана силерге анын сыйлыгын берет.

(150) Оо, пайгамбар! Кайсы жерден чыксаң да, кайда болсоң да, намаз окууну кааласаң, жүзүңдү Аль-Харам мечити тарапка бур. Оо, ыймандуулар! Адамдар муну силерге каршы далил кылбаш үчүн, силер дагы кайсы жерде болбогула, намаз окууну каалаган кезде жүзүңөрдү ошол тарапка бургула. Бирок алардын арасынан залымдары гана баш ийбестигин улантышат жана эң алсыз далилдерди силерге каршы колдонушат. Алардан коркпогула, Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштоо менен жалгыз Андан корккула. Аллах силерди бардык үммөттөрдөн айырмалап, жакшылыгын толук берүү үчүн жана силерди адамдар үчүн эң касиеттүү кыбылыга багыттоо үчүн Каабага жүздөнүүнү шариятка киргизди.

(151) Ошол сыяктуу Биз силерге башка дагы жакшылыкты бердик, силерге өзүңөрдөн чыккан элчини жибердик, ал силерге аяттарыбызды окуп берет, силерге жакшылык иштерди буйруу менен силерди тазалайт жана жаман күнөө иштерден тыят, силерге Куран менен сүннөттү үйрөтөт, ошондой эле силерге диний жана дүйнө иштериңерге байланыштуу силер билбеген нерселерди үйрөтөт.

(152) Мени жүрөгүңөр жана дене мүчөңөр эстегиле, ошондо Мен дагы силерди мактоо жана сактоо менен эстеймин. Анткени сыйлык иш-аракеттин түрүнө жараша болот. Силерге берген жакшылыктарым үчүн Мага шүгүр кылгыла жана аларды четке кагып, силерге арам болгон жолдо колдонуп Мага каапырлык кылбагыла.

(153) Оо, ыйман келтиргендер! Мага баш ийип жана буйругума толук моюн сунуу үчүн сабырдуулук жана намаз окуу менен жардам сурагыла. Чындыгында Аллах сабырдуулар менен бирге, Ал аларга ийгилик жана жардам берет.

(154) Оо, ыймандуулар! Аллах жолундагы согушта өлтүрүлгөндөр жөнүндө: «Алар башкалар сыяктуу эле өлгөндөр» – деп айтпагыла. Алар Раббисинин алдында тирүү, бирок силер алардын тирүүлүгүн түшүнө албайсыңар. Ал өзгөчө жашоо болгондуктан, аны Аллахтын вахийи аркылуу билүүдөн башка жолу жок.

(155) Биз силерди ар түрдүү кыйынчылыктар менен сынайбыз; душманыңардан болгон анча-мынча коркунуч, тамак-аштын жетишсиздигинен ач калуу, мал-мүлктүн жок болуп азаюусу же ага жетүүнүн машакаттуулугу, адамдарды жок кылган апааттар же Аллах жолундагы шейиттик себептүү жандардын азаюусу, жерде өскөн жер-жемиштердин жетишсиздиги менен сынайбыз. Оо, пайгамбар! Мына ушундай кыйынчылыктарга сабыр кылгандарды дүйнөдө жана акыретте кубанычка салган нерселер менен сүйүнчүлө.

(156) Алар бул кыйынчылыктардын бирине кабылган кезде ыраазы болуп жана моюн сунуп мындай дешет: «Биз Аллахтын мүлкүбүз, Ал бизди каалагандай башкарат жана кыямат күнү Ага гана кайтып барабыз. Ал бизди жаратты жана түрдүү жакшылыктарды берди. Биздин кайтуубуз жана ишибиздин акыры Ага гана барат».

(157) Мына ушундай сыпаттагы адамдарга периштелердин эң улуу жыйналышында Аллахтын мактоосу айтылат, аларга ырайым түшөт. Мына ошолор акыйкат жолго түшкөндөр.

(158) Каабага жакын Сафа жана Марва деп аталган эки тоо – шарияттын ачык белгилеринен. Ажылык же умра ибадаттарын аткаруу үчүн Каабага барган адам үчүн ал экөөнүн ортосунда желип чуркоо күнөө эмес. Мындагы күнөө эмес дегенден максат – ал экөөсүнүн ортосунда желип чуркоо Исламга чейинки караңгы доордон калган иш деген ишенимден улам кыжалат болгон мусулмандар үчүн тынчтануу. Аллах таала муну ажылык ибадаттарынын бири деп баяндады. Кимде-ким ыктыярдуу түрдө чын ыкластан мустахаб ибадаттарды кылса, Аллах ага ыраазылыгын билдирет, андан кабыл кылат жана ага сыйлыгын берет. Ал жакшылык кылгандарды жана сыйлыкка татыктууларды Билүүчү.

(159) Биз пайгамбардын жана ал алып келген нерсенин чындык экендигин билдирген аят-белгилерди түшүрүп, аны китептеринен адамдарга ачык кылгандан кийин да жаап-жашырган жөөттөр, христиандар жана башкалар Аллахтын ырайымынан куулат жана периштелер, пайгамбарлар, адамдардын баарысы Аллахтын ырайымынан алыс болсун деп аларга каршы дуба кылышат.

(160) Бул ачык аят-белгилерди жаап-жашырганына өкүнүп Аллахка кайткандар, ички жана сырткы иш-аракеттерин жакшырткандар, акыйкатты жана туура жолду жашырганын ачык айткандар, мына ошолордун гана Мага баш ийүүгө кайтуусун кабыл кыламым. Мен тообо кылган пенделердин тооболорун кабыл кылуучумун, аларга ырайымдуумун.

(161) Каапырлык кылып, ага тообо кылбастан каапыр болуп өлгөндөргө Аллахтын ырайымынан алыстатуу менен Анын каргышы болсун, аларга периштелердин жана бардык адамдардын Аллахтын ырайымынан алыс болсун деген каргыш дубасы болсун.

(162) Бул каргыш алардан кетпейт, алардын азабы бир күн да жеңилдетилбейт жана кыямат күнү аларга мөөнөт да берилбейт.

(163) Оо, адамдар! Чыныгы кудайыңар затында жана сыпаттарында Жалгыз. Андан башка сыйынуугу татыктуу кудай жок. Ал чексиз ырайымдуулук ээси болгон Мээримдүү, пенделерине Ырайымдуу. Анткени аларга сансыз жакшылыктарды берген.

(164) Чындыгында асмандар менен жердин жана алардагы кереметтүү макулуктардын жаралышында, күн менен түндүн алмашуусунда, тамак-аш, кийим-кече, соода-сатык сыяктуу жана башка адамдар муктаж болгон пайдалуу нерселерди ташып, деңиз сууларында сүзүп жүргөн кемелерде, эгиндер менен жайыттарды өстүрүп, жерди тирилтүү үчүн Аллах асмандан түшүргөн жамгыр суусунда, ал жерде тирүү жандыктарды таркатуусунда, шамалдардын бир тараптан экинчи тарапка өзгөрүүсүндө, асман менен жердин ортосунда моюн сунуучу булуттарда, мына ушулардын баарысында далилдерге акыл жүгүртүп түшүнгөндөр үчүн Аллахтын жалгыздыгына ачык-айкын аят-белгилер бар.

(165) Ушундай ачык-айкын аят-белгилерге карабастан, адамдардын арасында Аллахтан башка кудайларды тутунган, аларды Аллах таалага теңеп, Аллахты сүйгөндөй сүйгөн адамдар бар. Ал эми ыйман келтиргендердин Аллахка болгон сүйүүсү алардын кудайларына болгон сүйүүсүнөн күчтүүрөөк. Анткени алар Аллахка эч кимди шерик кылышпайт, жыргалчылыкта да, кыйынчылыкта да Аллахты жакшы көрүшөт. Ал эми тигилер кудайларын жыргалчылык учурда гана жакшы көрүшөт, ал эми кыйынчылыкта Аллахка гана дуба кылышат. Эгерде ширк жана күнөө кылган залымдар акыретте азапка күбө болушканын көрүшкөндө, бүткүл күч-кубатка Аллах гана ээ экенин жана баш ийбестик кылгандарга Анын азабы катаал экенин билишмек. Эгерде алар муну көрүшкөндө, Ага эч кимди шерик кылышмак эмес.

(166) Мына ошондо ээрчиткен башчылар кыяматтагы коркунучтарды жана кыйынчылыктарды көргөндө аларды ээрчиген алсыздардан баш тартышат. Анткени алар үчүн кутулууга эч кандай себеп да, чара да калбайт.

(167) Алсыздар жана ээрчигендер: «Аттиң, биз үчүн дүйнөгө бир жолу кайтуу мүмкүн болгондо, башчыларыбыз бизден баш тарткан сыяктуу биз дагы алардан баш тартмакпыз» – дешет. Аллах аларга акыретте катуу азапты көрсөткөндөй, башчыларын жалганда ээрчүүнүн акыбети өкүнүчтөр жана кайгы-капалар экенин көрсөтөт. Алар тозоктон эч качан чыгышпайт.

(168) Оо, адамдар! Жер бетиндеги жаныбарлардан, жер-жемиштерден жана бак-дарактардан адал жолдо табылганын, өзү ыплас эмес таза болгондорун жегиле жана адаштыруучу шайтандын жолдоруна түшпөгүлө. Чындыгында ал силерге ачык түрдө кастык кылган душман. Акыл-эстүү адам үчүн ага зыян келтирген жана адаштырууга аракет кылган душманын ээрчүү жакшы эмес.

(169) Чындыгында ал силерди жамандык иштерге жана чоң күнөөлөргө буйруйт, ошондой эле ишенимдерде жана шариятта Аллахтан же Анын элчилеринен келген илимден кабарсыз абалда силерди Аллахка карата жалган сүйлөөгө буйруйт.

(170) Эгерде ал каапырларга: «Аллах түшүргөн туура жолго жана нурга ээрчигиле» – деп айтылса, алар каршы чыгып: «Жок, биз ата-бабаларыбыздын ишенимдерим жана каада-салттарын карманабыз» – дешти. Алардын ата-бабалары туура жол менен нурдан эч кандай түшүнүгү жок болуп, Аллах ыраазы болгон акыйкат жолго түшпөсө да аларды ээрчий беришеби?!

(171) Ата-бабаларын ээрчиген каапырлардын мисалы, малына кыйкырып жаткан койчуга окшош, алар анын үнүн угат, бирок эмне дегенин түшүнүшпөйт. Алар акыйкатты пайда ала тургандай деңгээлде угууга келгенде дүлөй, аны айтууга келгенде тилден калгандай дудук жана аны көрө албаган сокур. Ошол себептен алар сен чакырып жаткан туура жолду түшүнүшпөйт.

(172) Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Аллах силерге ырыскы кылып берген жана адал кылган таза нерселерден жегиле жана Аллахтын силерге берген жакшылыктарына сыртыңардан да, ичиңерден да шүгүр келтиргиле. Аллахка ибадат кылуу жана Ага күнөө кылуудан алыс болуу – Аллахка шүгүр келтирүүгө жатат, эгер чындап Ага гана сыйынып, Ага эч нерсени шерик кылбасаңар.

(173) Аллах силерге шарият көрсөткөн жолдо мууздалбай өлгөн малдын этин, мууздаганда агып чыккан канды, чочконун этин, сойгондо Аллахтын аты аталбаган малды арам кылды. Эгер адам бир нерсе жегенге аргасыз болуп, андан муктаждыксыз жеп аша чаппаса жана зарылчылыктын чегинен ашырбаса, ал үчүн эч кандай күнөө да, жаза да болбойт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. Бул арам нерселерди аргасыз абалда жегенди кечирүүсү да Анын ырайымдуулугунан.

(174) Жөөттөр жана христиандар сыяктуу Аллах түшүргөн китептерди, андагы акыйкатка далил болгон нерселерди жана Мухаммаддын пайгамбарчылыгын жашыргандар жана аны жаап-жашыргандары үчүн анын ордуна арзыбаган башчылык же кадыр-барк же байлык сыяктуу нерселерди баалап сатып алгандар, алар акыйкатта тозок менен азапталууга себеп болгон нерселерди гана жеп курсактарын тойгузушат. Кыямат күнү Аллах алар менен аларга жаккандай деңгээлде сүйлөшпөйт, тескерисинче, аларга жакпагандай деңгээлде сүйлөшөт. Ал аларды тазалабайт жана мактоо да айтпайт. Алар үчүн кыйноочу азап бар.

(175) Адамдар муктаж болгон илимди жаап-жашыргандар, алар илимди жашырып, Аллахтын кечиримин Анын азабына алмаштыруу менен адашууну туура жолго алмаштыргандар. Алардын тозокко кирүүсүнө себеп болгон ишти жасоого канчалык чыдамы жетер экен! Алар андагы азапка чыдап коёбуз дегендей бейкапар жүрүшөт.

(176) Илимди жана туура жолду жашыруунун жазасы ушундай болушунун себеби Аллах илахий китептерди акыйкат менен түшүргөн. Бул болсо аны жашырбай, ачык айтууну талап кылат. Аллахтын китептери тууралуу талашып-тартышып, анын бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн жашыргандар акыйкаттан алыстап бөлүнүп-жарылууда жана талашып-тартышууда.

(177) Аллах ыраазы болгон жакшылык – жүзүңөрдү жөн гана чыгышка же батышка буруп жана ал тууралуу талашып-тартышуу эмес, чыныгы жакшылыктын баары – Аллахты жалгыз кудай деп ыйман келтирген, кыямат күнүнө, бардык периштелерге, түшүрүлгөн бардык китептерге, бардык пайгамбарларга аларды бөлүп-жарбастан ыйман келтирген, мал-мүлктү жакшы көрүп, өзү каалап турса да аны жакын туугандарына, балагатка жетпей атасын жоготкондорго, муктаждарга, мекенинен жана үй-бүлөсүнөн алыста жүрүп, муктаждыктан улам адамдардан жардам сурашка аргасыз болгон бейтааныш жолоочуларга сарптаган, мал-мүлкүн кулдарды кулчулуктан жана туткундан бошотууга жумшаган, намазды Аллах буйругандай толук деңгээлде окуган, парз зекетти берген, ортодо келишкен келишимди аткарган, жакырчылыкка, кыйынчылыкка жана ооруга сабыр кылган, согуш күч алганда качып кетпеген адамдарда. Мына ушундай сыпаттарга ээ болгон адамдар – ыйманында жана иш-аракеттеринде Аллахка чынчыл болгондор жана алар Аллах буйруган нерселерди аткарып, Анын тыйгандарын таштаган такыбалар.

(178) Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Башкаларды атайылап жана душмандык кылып өлтүргөн адамдардын маселесинде киши өлтүргөн адамды кылмышына жараша жазалоо милдети силерге жүктөлдү. Эркин адам үчүн эркин адам, кул үчүн кул, ургаачы үчүн ургаачы өлтүрүлөт. Эгер өлгөн киши өлөрүнөн мурун кечирсе, же өлгөн адамдын туугандары кун төлөтүүгө (кун – киши өлтүрүүчү кечирим алгандыгы үчүн төлөп берүүчү белгилүү өлчөмдөгү акы) макул болуп кечирсе, анда кечирген тарап өлтүрүүчүнү кекетпестен жана ага зыян бербестен, жакшылык жолдо андан кунду талап кылсын. Өлтүргөн киши да кунду кечиктирбестен жана созбостон, жакшылык жолдо төлөп берсин. Бул кечирим жана кун төлөө – Раббиңердин силерге кылган жеңилдиги жана бул үммөткө болгон ырайымы. Ал эми ким өлтүргөн адамды кечирип, кун төлөткөндөн кийин ага кол салса, анда ага Аллах тараптан кыйноочу азап бар.

(179) Аллах силерге шарият кылган өч алууда силер үчүн жашоо бар, анткени ал кан төгүүнү жана араңардагы душмандыкты токтотот. Муну Аллах тааланын шариятына ээрчип, Анын буйругун аткаруу менен Андан корккон акыл ээлери түшүнүшөт.

(180) Араңардан кимдир бирөөгө өлүмдүн белгилери жана себептери келсе жана артында көп байлык калтырса, анда ата-энесине жана жакын туугандарына шарият чектегендей мурас мүлктүн үчтөн биринен ашпаган өлчөмүн керээз кылуу парз кылынды. Мындай кылуу Аллахтан корккондор үчүн анык милдет. Бул өкүм мурас аяттары түшкөнгө чейин болгон. Мурас аяттары түшкөндө мураскорлордун кимисине канча үлүш берилери анык айтылган.

(181) Ким керээзди билгенден кийин аны көбөйтүп же азайтып же бербей коюу менен өзгөртсө, ал өзгөрткөндүн күнөөсү керээз калтырган адамда эмес, аны өзгөрткөндөрдө болот. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү, алардын абалынын эч бирин өткөрүп жибербейт.

(182) Ким керээз калтыруучунун акыйкаттан четтегенин же керээзде адилетсиздик кылганын билип калып, ага насаат кылуу менен туура эмес кылганын оңдосо жана керээзге каршы чыккандарды жараштырса, ага эч кандай күнөө болбойт. Тескерисинче, ал оңдогону үчүн сооп алат. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.

(183) Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Силерден мурунку үммөттөргө парз кылынган сыяктуу силерге да орозо кармоо Раббиңер тарабынан парз кылынды. Балким өзүңөр менен Аллахтын азабынын ортосуна жакшылык иштерди, алардын ичинен эң улугу болгон орозону калкан кылуу менен Андан коркосуңар.

(184) Силерге парз кылынган орозону жыл ичинде бир нече күн эле кармайсыңар. Силерден ким орозо кармаганда кыйнала тургандай оору менен ооруса же сапарда болсо, ага оозун ачууга уруксат. Бирок кийин оозун ачып алган күндөрдүн казасын кармоосу керек. Орозо кармаганга кудурети жетип, бирок кармай албагандар фидья беришет. Ал – орозо кармабаган ар бир күнү үчүн кедейге тамак берүү. Эгер орозодо кандай артыкчылыктар бар экенин билсеңер, анда орозо кармаганыңар оозуңарды ачып жүрүүдөн жана фидья берүүдөн жакшыраак. Мындай өкүм Аллах орозону шариятка киргизген алгачкы убакта болгон, ким кааласа орозо кармаган, ким кааласа оозун ачып, ал үчүн фидья берген. Кийин Аллах орозону милдет кылды жана балагатка жетип, кудурети жеткендерге парз кылды.

(185) Рамазан айы – кадыр түнү пайгамбарга Куран түшүп баштаган ай. Аллах аны адамдарга туура жол катары түшүрдү, анда туура жолдун жана акыйкат менен жалганды ажыратуунун ачык-айкын далилдери бар. Кимде-ким Рамазан айына жетип, туруктуу жашаган жеринде болсо жана дени сак болсо, анда милдеттүү түрдө орозо тутсун. Ал эми ким ооруп, орозо кармоо ага кыйынчылыкты жаратса же сапарда болсо, анда ал оозун ачса болот. Эгер оозун ачкан болсо, ал үчүн орозо кармабаган күндөрдүн казасын тутуу милдет. Аллах шарият кылган нерселер аркылуу силерди кыйынчылыктын эмес, жеңилдиктин жолуна салууну каалайт. Орозо айынын санын баштан-аяк толуктагыла, Рамазан айы бүткөндөн кийин жана айт күнү силерге орозону насип кылган жана аны толук тутууга жардам берген Аллахты улуктагыла. Балким силер Аллах Өзү ыраазы болуп берген ушул динге багыттаганы үчүн шүгүр кыларсыңар.

(186) Оо, пайгамбар! Эгер пенделерим сенден Менин жакындыгым жана алардын дубаларын кабыл кылуум жөнүндө сурашса, Мен аларга жакынмын, абалдарын билемин жана дубаларын угамын. Алар ортомчуларга муктаж эмес жана үндөрүн бийик көтөрүүгө да муктаждык жок. Мен чын ыкластан дуба кылгандын дубасына жооп беремин. Андыктан Мага жана буйруктарыма моюн сунушсун жана ыймандарына бекем турушсун. Чындыгында бул Менин жооп берүүмө карай эң жакшы жол. Балким алар муну менен дин жана дүйнө иштеринде туура жолго түшүшөр.

(187) Орозо жаңы парз болгон учурда, эгер киши түн ичинде уктап, анан таң атканга чейин кайра ойгонсо, ага аялы менен жакындашууга жана тамак жегенге тыюу салынган болчу. Кийин Аллах Таала бул өкүмдү жокко чыгарды жана таң атканга чейин мындай иштерди аткарууну ыктыярдуу кылды, эй, ыймандуулар, орозо айында түн ичинде аялыңар менен кошула бергиле, алар силерге, силер аларга көшөгө, тосмосуңар, бири-бириңден пайдалангыла, Аллах Таала таза-топук урук-урпак берүүсүн сурангыла, түнү менен ичип-жей бергиле, качан гана чыныгы таң башталып жерге жарык кире баштаганда токтоткула. Анан кечинде күн батканча орозо кармагыла. Мечитте этикафта отурсаңар аялыңар менен кошулбагыла, бул этикафты бузат. Бул өкүмдөр Аллах Тааланын арам менен адалдын ортосуна койгон чеги ага жакындабагыла. Ким Аллахтын чегине жакындаса, арамга кирип кетүү коркунучу бар, Аллах Таала аяттарын адамдар Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып сактануу үчүн ачык-айкын баян кылат

(188) Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү уурулук, тартып алуу жана алдамчылык сыяктуу шариятка каршы келген жолдо албагыла. Жана адамдардын мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн алуу үчүн күнөөгө аралашып, анын айынан соттордун алдында талашып-тартышпагыла. Аллах муну арам кылганын билесиңер. Күнөөнүн арам экенин билип туруп аны кылуу өтө жийиркеничтүү жана жазасы катаал.

(189) Оо, пайгамбар! Алар сенден айлардын жаңыруусу жана алардын абалдарынын өзгөрүүсү тууралуу сурашат. Аларга жооп катары мунун даанышман сырын айт: «Алар адамдар үчүн белгиленген убакыттар. Алар аркылуу ажылык айлары, орозо айы, зекетте бир жылдын толук бүтүшү сыяктуу ибадаттардын убактыларын билишет, ошондой эле кундарды жана карыздарды төлөө мөөнөттөрүн белгилөө сыяктуу өз ара мамилелердеги убакыттарды билишет». Силер Исламга чейинки динсиз доордо ойлогонуңардай ажылык же умра үчүн ихрам кийгенде үйдүн арт жагынан киргениңер жакшылык иш эмес. Бирок чыныгы жакшылык – ичинен да, сыртынан да Аллахтан корккон адамдын жакшылыгы. Ал эми үйлөргө эшигинен киргениңер силер үчүн эң жеңили жана машакат жаратпаганы. Анткени Аллах силерге оорчулук жана машакат жараткан нерселерди жүктөгөн эмес. Өзүңөр менен Аллахтын азабынын ортосуна жакшылык иштерди коргонуч кылгыла. Балким каалаган нерсеңерге жетип, корккон нерсеңерден кутулуу менен ийгиликке жетерсиңер.

(190) Силерди Аллахтын дининен кайтаруу үчүн силерге каршы согушкан каапырлар менен Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн согушкула. Жаш балдарды, аялдарды жана кары-картаңдарды өлтүрүп же өлүктөрдүн денесин кескилеп жана ушул сыяктуу нерселерди кылуу менен Аллахтын чектеринен чыкпагыла. Чындыгында Аллах шариятында жана өкүмдөрүндө Анын чектеринен чыккандарды жакшы көрбөйт.

(191) Аларды жолуккан жерде өлтүргүлө жана силерди кууп чыккан Меккеден аларды да кууп чыккыла. Ыймандуу адамды дининен тосуп, каапырлыкка кайтаруудан чыккан бүлгүнчүлүк – өлтүрүүдөн да чоң. Алар өздөрү Аль-Харам мечитинде согуш баштамайынча, силер анын урматы үчүн ал жерде согуш баштабагыла. Эгер алар Аль-Харам мечитинде согуш баштаса, анда аларды өлтүргүлө. Аль-Харам мечитинде кол салгандыгы үчүн аларды өлтүрүү сыяктуу ушундай жаза – каапырлардын жазасы болот.

(192) Эгерде алар согушканын жана каапырлыктарын токтотушса, анда силер да аларга тийбегиле. Чындыгында Аллах тообо кылгандарга кечиримдүү, аларды мурдагы күнөөлөрү үчүн жазалабайт жана аларга ырайымдуу, аларды жазалоого шашылбайт.

(193) Каапырлардын арасында ширк кылуу, адамдарды Аллахтын жолунан тосуу, каапырлык кылуу жок болуп жана үстөмдүк кылган дин – Аллахтын дини болмоюнча алар менен согушкула. Эгер алар каапырлыктарынан кайтып, Аллахтын жолунан тоспосо, анда алар менен согушууну токтоткула. Анткени каапырлык кылган жана Аллахтын жолунан тоскон залымдардан башкаларга душмандык кылынбайт.

(194) Аллах силерге жетинчи жылы Аль-Харамга кирүүгө жана умраны аткарууга мүмкүнчүлүк берген ыйык ай – ал алтынчы жылы мушриктер силерди Аль-Харамга киргизбей койгон ыйык айдын ордуна берилди. Ыйык шаардын, ыйык айлардын жана ихрамга кирүүнүн ыйыктыгы сыяктуу ыйык нерселерде душмандык кылгандардан өч алынат. Бул нерселерде ким силерге душмандык кылса, аларга кылгандарына жараша мамиле кылгыла, андан ашырып чектен чыкпагыла. Чындыгында Аллах Анын чегинен чыккандарды жакшы көрбөйт. Аллах уруксат берген нерседе чектен чыгууга келгенде Андан корккула. Билгиле, Аллах Өз колдоосу жана ийгилиги менен такыбалар тарапта.

(195) Аллахка баш ийүү үчүн Анын жолундагы согушка жана башка нерселерге мал-мүлк сарптагыла. Аллах жолунда согушууну жана ага мал-мүлк сарптоону таштоо менен же өлүмгө себеп боло турган нерселерге өзүңөрдү дуушар кылуу менен өзүңөрдү өзүңөр кыйроого түртпөгүлө. Ибадатыңарды, мамилеңерди жана адеп-ахлагыңарды жакшырткыла. Чындыгында Аллах бардык иштеринде жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт, алардын сообун көбөйтөт жана аларга туура жолго түшүүгө ийгилик берет.

(196) Ажылык жана умраны Аллах тааланын Жүзүн көздөп толук аткаргыла. Эгер оору же душман жолтоо болуп толук аткара албай калсаңар, анда ихрамдан чыгууңар үчүн төөдөн же уйдан же койдон колуңардан келгенин курмандыкка чалгыла. Курмандык малды союуга уруксат болгон жайга жеткенге чейин чачыңарды кырбагыла жана кыскартпагыла. Эгерде аларды Аль-Харамга алып кирүүгө тыюу салынса, анда ошол тыйылган жеринде курмандыкка чалсын. Эгерде Аль-Харамга алып кирүүгө тыюу болбосо, анда Курман айт күнү же андан кийинки ташрик күндөрү Аль-Харамдын ичинде сойсун. Силердин араңардан ким оорулуу болсо же башы биттеп ж.б.у.с. нерселер менен чачынын азабын тартса жана ушундан улам чачын кырып салса, ага эч кандай күнөө болбойт. Ал үчүн мындан кутуулуу акысы – үч күн орозо кармайт, же Аль-Харамдагы кембагалдардан алтоосун тойгузат, же бир кой союп Аль-Харамдагы кедейлерге таркатып берет. Эгерде силер үчүн коркунуч болбосо, араңардан ким ажылык айларында умра кылууну кааласа жана ошол жылы ажылык үчүн ихрамга киргенге чейин ихрам учурундагы тыйылган нерселерди пайдаланса, анда ал колунан келишинче бир кой же жети адам биригип бир төө же бир уй сойсун. Эгерде курмандык чалууга кудурети жетпесе, анын ордуна ажылык күндөрүнүн үч күнүндө орозо кармайт жана үй-бүлөсүнө кайткан кезде жети күн орозо кармайт, ошондо баары биригип он күн болот. Милдеттүү түрдө курмандык чалуу менен билгеликте бул пайдалануу (таматту ажылыгын аткаруу) же курмандык чалууга кудурети жетпегендердин орозо тутуусу Аль-Харамдын эли менен ага жакын жашагандардан башкаларга тийиштүү. Анткени аларга таматту ажылыгын кылуу зарыл эмес. Алар Аль-Харамда болгондуктан ажылыкка чейин умрадан пайдаланып жалпы эле таваф кылганы жетиштүү болот. Аллахтын шариятын ээрчип, чектерин улуктоо менен Андан корккула. Билгиле, Аллахтын буйругуна каршы чыккандарга Анын жазасы катаал.

(197) Ажылык убагы белгилүү айлар, Шаввал айынан башталып, Зулхижжа айынын онунчу күнү бүтөт. Ким ушул айларда ажылык кылууну өзүнө милдет кылса жана ихрамга кирсе, ал үчүн жыныстык мамиле жана ага алып бара турган иштерди кылуу арам болот. Убакыттын жана жердин улуктугунан улам күнөө кылып Аллахка баш ийбей кетүүнүн арамдыгы анын акысында күчтүүрөөк болот. Ошондой эле ачууланууга жана душмандыкка алып баруучу талаш-тартыштар да ал үчүн арам. Кандай жакшылык кылсаңар да, Аллах аны билет жана анын сыйлыгын берет. Ажылык кылууга жардам суроо менен өзүңөргө керектүү тамак-аш жана суусундуктарды алгыла. Билгиле, бардык ишиңерде жардам катары колдоно тургандардын эң жакшысы – Аллах таалага такыбалык кылуу. Оо, тунук акыл ээлери! Буйруктарымды аткарып, тыйгандарымды таштоо менен Менден корккула.

(198) Ажылык маалында соода жана башка нерселер менен адал ырыскы издөө күнөө эмес. Тогузунчу күнү Арафатта турганыңардан кийин Зулхижжанын онунчу түнү Муздалифаны көздөй жөнөгөнүңөрдө, ал жердеги Аль-Машар аль-Харамда Аллахты аруулоо, келме айтуу, дуба кылуу менен зикир кылгыла. Аллах силерди диний белгилерине жана Анын үйүнө ажылык кылуу жөрөлгөлөрүнө багытташ үчүн Аны зикир кылгыла. Анткени силер буга чейин Анын шариятынан бейкапар элеңер.

(199) Андан соң силер Исламга чейинки доордун адамдары Арафатта турбастан эле кетип калышкандай эмес, Ибрахимди ээрчиген адамдар кылгандай Арафаттан түшкүлө жана Аллахтын шариятын аткаруудагы кетирген кемчиликтериңер үчүн Андан кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.

(200) Ажылык ибадаттарын бүтүрүп, андан бошосоңор, Аллахты зикир кылгыла жана ата-бабаларыңар менен сыймыктанып, аларды мактаган сыяктуу Аллахты да көп мактагыла же Аллахты ата-бабаларыңарды эстегенден да көбүрөөк эстегиле. Анткени силер пайдаланып жаткан ар бир жакшылык Аллахтан. Адамдар ар түрдүү, алардын арасында бул дүйнөгө гана ишенген мушрик каапырлар бар, алар Раббисинен дүйнө жыргалчылыктары жана кооздуктары болгон ден-соолук, байлык жана бала-чака гана сурашат. Алар дүйнөнү сүйүп, акыреттен жүз бургандыктан, Аллах Өзүнүн ыймандуу пенделери үчүн даярдап койгон нерселерден насипке ээ болушпайт.

(201) Адамдардын дагы бир тобу Аллахка ыйман келтирип, акыретке ишенишет. Алар Раббисинен бейишке жеткирүүнү жана тозок азабынан куткарууну сурашкан сыяктуу бул дүйнө жыргалчылыгын жана андагы жакшылык иштерди сурашат.

(202) Дүйнө жана акырет жакшылыктарын сурап дуба кылгандар бул дүйнөдө жасаган жакшылык иштери үчүн улуу сыйлыктарга ээ болушат. Аллах иш-аракеттердин эсебин тез алуучу.

(203) Саналуу күндөр болгон Зулхижжанын 11-12-13-күндөрүндө Аллахты улуктоо жана келме сөздөрүн айтуу менен эстегиле. Ким шашылыш түрдө 12-күнү таш аткандан кийин Минадан чыгып кетсе, бул ага уруксат жана ал күнөөкөр эмес. Анткени Аллах ага жеңилдик кылган. Ал эми ким таш атуу үчүн 13-күнгө чейин калып кетсе, бул ага уруксат жана ал күнөөкөр эмес. Анткени ал эң толук деңгээлде аткарды жана пайгамбардын жолун жолдоду. Мунун баары ажылык учурунда Аллахтан корккон жана Ал буйругандай деңгээлде аткаргандар үчүн. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштоо менен Андан корккула жана акыры Ага гана кайтып барарыңарды анык билгиле. Ошондо Ал иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет.

(204) Оо, пайгамбар! Адамдардын арасында сүйлөгөн сөздөрү менен сени таң калтырган эки жүздүү бар. Сен анын кооз сүйлөгөнүн көрүп, аны чын сүйлөп, туура насаат берип жатат деп ойлойсуң. Бирок анын максаты – өз жанын жана мал-мүлкүн гана сактап калуу. Аллах анын жүрөгүндөгү ыйман менен жакшылыктын жалган экенине күбөлүк берет. Ал мусулмандарга катуу душмандык жана кастык кылат.

(205) Ал сенден бурулуп, алыстап кеткенде, жер бетин күнөөлөр аркылуу бузуу, эгиндерди жок кылуу жана малдарды кыруу үчүн болушунча аракет кылат. Аллах жер бетиндеги бузукулукту жана аны кылгандарды да жакшы көрбөйт.

(206) Ал эми ошол бузукуга насаат иретинде: «Аллахтын чектерин сыйлап жана тыйгандарын таштап Андан корк» – деп айтылса, анын текеберлиги жана менменсинүүсү аны акыйкатка кайтуудан тосту жана ал күнөөсүн уланта берди. Эми анын жазасы тозокко кирүү үчүн жетиштүү. Ал андагы адамдар үчүн кандай жаман турак-жай!

(207) Адамдардын арасында өз жанын сатып, аны Раббисине моюн сунууга, Анын жолунда согушууга жана Анын ыраазылыгын табууга арнаган ыймандуусу да бар. Аллах пенделерине чексиз ырайымдуу жана аларга боорукер.

(208) Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Исламга толугу менен киргиле жана китеп ээлери китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүнө каапыр болгону сыяктуу, анын эч бир нерсесин таштабагыла. Ошондой эле шайтандын жолдорун жолдобогула. Анткени ал силерге душмандыгын ачык көрсөткөн анык душман.

(209) Эгер силерге эч кандай шек-күмөнү жок ачык-айкын далилдер келгенден кийин катачылык кетирип, четтеп кетсеңер, анда билгиле, Аллах кудуреттүүлүгүндө жана үстөмдүүлүгүндө Каардуу, башкаруусунда жана шариятында Даанышман. Андыктан Андан корккула жана Аны улуктагыла.

(210) Шайтандын жолдорун жолдоп, акыйкат жолдон тайгандар кыямат күнү Аллах Өзүнүн улуктугуна ылайыктуу абалда алардын ортосунда өкүм чыгаруу үчүн булуттардын көлөкөсүндө келерин жана периштелер да аларды туш тараптан тегеректеп келишерин гана күтүп жатышабы? Ошондо аларга Аллахтын буйругу менен өкүм кылынат, ал жыйынтыкталат жана бардык макулуктардын иштери жалгыз Ага кайтарылат.

(211) Оо, пайгамбар! Исраил урпактарынан жеме катары сура: «Аллах силерге Өзүнүн элчилеринин чынчылдыгына далил болгон канчалаган аят-белгилерди баяндаган эле? Силер болсо аларды жалганга чыгарып, баш тарттыңар». Кимде-ким Аллахтын жакшылыгын билип, ал ачыкка чыккандан кийин аны каапырлыкка жана жалганга алмаштырса, Аллахтын жалганчы каапырларга жазасы катаал.

(212) Аллахка каапырлык кылгандарга бул дүйнө жашоосу жана андагы убактылуу ырахаттар менен жыргалчылыктар кооз көрсөтүлдү. Алар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтиргендерди шылдыңдашат. Ал эми Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор акыретте ал каапырлардан жогору болушат. Анткени Аллах аларды Адн бейиштерине жайгаштырат. Аллах Өзү жараткандардын каалагандарына эсепсиз жана санаксыз берет.

(213) Адамдар түпкү атасы Адамдын динине ылайык туура жолдогу бирдиктүү үммөт болгон. Акыры шайтан аларды адаштырып, алардын ортосунда ыймандуу жана каапыр болуп пикир келишпестик жаралды. Мына ушул себептен Аллах ыймандуу жана моюн сунган адамдарга Өз ырайымы менен даярдап койгон нерселерди сүйүнчүлөш үчүн жана каапырларга убада кылган катаал азапты эскертиш үчүн элчилерди жиберди. Жана адамдар өз ара талашып-тартышкан нерселерде өкүм чыгаруулары үчүн Өзүнүн элчилери менен бирге эч кандай шек-күмөнү жок акыйкатты камтыган китептерди түшүрдү. Тоораттын илими берилген жөөттөр гана ал Аллах тараптан түшкөн акыйкат экендигине Анын далилдери келгенден кийин дагы зулумдуктан улам ал тууралуу талашып-тартышууну токтотушпады. Аллах Өзүнүн уруксаты жана каалоосу менен ыймандууларга туура жолду адашуудан айырмалап билүүгө ийгилик берди. Аллах кимди кааласа, эч кандай бурмалануусу жок туура жолго салат. Ал – ыйман жолу.

(214) Оо, ыймандуулар! Же силер мурункулардын сыноолорундай сыноолорго кабылбастан эле бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы? Анткени алар жакырчылыкты жана ооруларды баштарынан кечиришкен, аларды коркунучтар титиреткен, акыр аягы аларды сыноолор Аллахтын жардамын шаштырууга чейин жеткирип, элчи жана аны менен бирге болгон ыймандуулар: «Аллахтын жардамы качан келет?» – деп калышкан. Албетте Аллахтын жардамы Ага ыйман келтирип, тобокел кылгандарга жакын!

(215) Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден түрдүү мал-мүлктөрүн кайсы жолго сарптап, кайда жумшоо керектиги тууралуу сурашат. Аларга жооп катары айт: «Адал жана таза нерселерди кайрымдуулукка жумшасаңар, анда ата-энеңерге, муктаждыгына жараша жакын туугандарыңарга, муктаж жетимдерге, байлыгы жок кедей-кембагалдарга, үй-бүлөсүнөн жана мекенинен алыста жүргөн жолоочуларга сарптагыла». Оо, ыймандуулар! Кандай гана жакшылык кылбагыла, мейли аз болсун, мейли көп болсун, Аллах аны Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге анын сыйлыгын берет.

(216) Оо, ыймандуулар! Аллах жолунда согушуу табиятынан адамга жагымсыз болсо да, ал силерге парз кылынды. Анткени мында мал-мүлктү жана жанды курман кылуу бар. Балким силер Аллах жолунда согушуу сыяктуу кээ бир нерселерди жаман көрүшүңөр мүмкүн, чынында ал силер үчүн жакшы жана пайдалуу чыгар. Анткени ал өзүнө улуу сооптор менен бирге душмандын үстүнөн жеңишке жетүүнү жана Аллахтын сөзүн бийик көтөрүүнү камтыган. Балким силер Аллах жолундагы согушка барбай коюу сыяктуу кээ бир нерселерди жакшы көрүшүңөр мүмкүн, чынында ал силер үчүн жамандык жана балээ чыгар. Анткени мында жеңилүү жана душманга баш ийүү бар. Аллах иштердин жакшы-жаманын толук билет, а силер аны билбейсиңер. Андыктан Анын буйругуна жооп бергиле. Анткени анда силер үчүн жакшылыктар бар.

(217) Оо, пайгамбар! Адамдар сенден ыйык деп эсептелген Зулкаада, Зулхижжа, Мухаррам жана Ражаб айларында согушуунун өкүмү жөнүндө сурашат. Аларга жооп кылып айт: «Бул айларда согушуу – Аллахтын алдында чоң күнөө жана кабыл алынгыс. Ошол сыяктуу мушриктердин Аллахтын жолунан тосуу үчүн кылгандары да өтө жаман иш. Ыймандууларды Аль-Харам мечитинен тыюу жана адамдарды андан кууп чыгуу Аллахтын алдында ыйык айларда согушуудан да чоңураак. Ал эми алардын ширк кылганы өлтүрүүдөн да чоңураак. Оо, ыймандуулар! Мушриктер силерди акыйкат диниңерден өздөрүнүн жалган динине кайтаруунун жолун табышмайынча, силер менен зулумдукта согушууну уланта беришет. Силердин араңардан ким дининен кайтып, Аллахка каапырлык кылган абалда өлсө, анын жакшылык иштери жокко чыгарылат жана акыретке барганда тозокко кирип, анда түбөлүк калат».

(218) Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргендер, Аллах жана Анын элчиси үчүн өз мекенин таштап көчкөндөр жана Аллахтын сөзү бийик болсун деп согушкандар, мына ошолор Аллахтын ырайымын жана кечиримин көксөгөндөр. Аллах пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.

(219) Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден адамдын акылын кетирген мас кылуучу ичимдиктер тууралуу жана аны ичүүнүн, сатуунун жана сатып алуунун өкүмү тууралуу сурашат. Ошондой эле кумар оюнунун өкүмү тууралуу сурашат (кумар оюндары – мелдештерди өткөрүү жолу аркылуу ага катышкан эки тараптан байге катары алынган акчалай каражат). Аларга жооп кылып айт: «Бул экөөсүндө акылды жана мал-мүлктү жоготуу, душмандыкка жана жек көрүүчүлүккө баруу сыяктуу адамдар үчүн диний жана дүйнөлүк жактан зыяндар бар. Ошондой эле ал экөөсүндө акча каражат табуу сыяктуу азыраак пайдалары бар. Бирок булардын зыяны жана күнөөсү пайдасынан көбүрөөк. Кайсы бир нерсенин зыяндуулугу пайдасынан көп болсо, акылы бар адам андан качат. Аллахтын бул түшүндүрмөсүндө мас кылуучу ичимдиктерди арамга чыгарууга даярдоо мааниси камтылган. Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден мал-мүлктөрүнөн ыктыярдуу жана кайрымдуулук түрдө канча бөлүгүн сарптоо керектиги тууралуу да сурашат. Аларга жооп катары: «Өзүңөрдүн муктаждыгыңардын арткан мал-мүлкүңөрдү бергиле» – деп айт. (Баштапкы учурда ушундай болгон, кийин Аллах белгилүү бир мал-мүлктөрдөн жана белгиленген өлчөмдөрдө парз зекет берүүнү шариятка киргизген). Ушундай ачык-айкын баяндоо менен Аллах силерге шарият өкүмдөрүн түшүрдүрөт. Балким ой жүгүртөрсүңөр.

(220) Бул дүйнөдө жана акыретте силерге эмне пайдалуу экенине ой жүгүртүүңөр үчүн ушулар шарият кылынды. Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден жетимдерди кепилдикке алуу, алар менен болгон мамиледе кандай иш жүргүзүү керектигин жана аларды каржылоодо, тамак-ашы жана турак-жайы бирге болгондо алардын мал-мүлкүн аралаштырса болобу деп сурашат. Алар жооп кылып айт: «Алардын мал-мүлкүнөн төлөм акы албастан же аралаштырбастан аны жөнгө салуу менен жакшылык кылганыңар — силер үчүн Аллахтын алдында жакшыраак жана сообу көбүрөөк. Бул алардын мал-мүлкү үчүн жакшы, анткени муну менен мал-мүлктөрү сакталат. Эгерде силер турмуш-тиричиликте, турак-жайда жана башка нерселерде алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүкүнө кошуп шериктеш болсоңор, мунун эч кандай жамандыгы жок. Анткени алар диндеш бир тууганыңар, ал эми бир туугандар бири-бирине жардам беришет жана бири-биринин иштерине көмөктөшөт. Аллах жетимдердин мал-мүлкүнө шериктеш болгон камкорчулардын кимиси жамандыкты, кимиси жакшылыкты көздөгөнүн жакшы билет. Эгерде жетимдер маселесинде силерге кыйынчылык жаратууну кааласа, анда кыйынчылык жаратмак. Бирок Ал силер үчүн алар менен болгон мамилени жеңилдетип койду. Анткени Анын шарияты жеңилдикке негизделген. Чындыгында Аллах эч бир нерсеге жеңилбеген Кудуреттүү, Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман.

(221) Оо, ыймандуулар! Аллахка ширк кылган мушрик аялдар жалгыз Аллахка ыйман келтирип, Ислам динине кирмейинче аларга үйлөнбөгүлө. Чындыгында айкелдерге сыйынган эркин аял сулуулугу жана байлыгы менен силерге жагып турса да, ага караганда Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген күн аял жакшыраак. Ошондой эле мусулман аялдарды мушрик эркектерге турмушка бербегиле. Чындыгында эркин мушрик силерге жагып турса да, ага караганда Аллахка ыйман келтирген кул жакшыраак. Ширк менен сыпатталган эркектер жана аялдар сөздөрү жана иш-аракеттери менен тозокко алып баруучу нерселерге чакырышат, ал эми Аллах Өзүнүн уруксаты жана жакшылыгы менен бейишке кирүүгө жана күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон жакшылык иштерге чакырат жана Өзүнүн аят-белгилерин ачык баяндайт. Балким алар көрсөткөн нерселерден сабак алып, аларды иш жүзүндө аткарышат.

(222) Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден этек кир (белгилүү бир убакыттарда аялдын жатынынан чыккан кан) тууралуу сурашат? Аларга жооп кылып айт: «Этек кир эркекке да, аялга да зыяндуу. Ошондуктан ал учурда аялдар менен жыныстык мамиле кылуудан сактангыла жана алардын каны токтоп, андан жуунуп тазаланмайынча аларга кошулуу максатта жакындабагыла. Эгерде этек кири бүтүп, андан тазаланган болсо, анда алар менен силерге уруксат берилген жолдо адатта кошулуучу жагынан кошула бергиле. Чындыгында Аллах күнөөлөрүнө көп тообо кылгандарды жана ыплас нерселерден тазаланган адамдарды жакшы көрөт».

(223) Жер түшүм берген сыяктуу аялдарыңар да силерге бала-чака төрөп берген эгинзарыңар. Ал эгинзарга (жыныс мүчөсүнө) каалаган тараптан, каалагандай абалда алды жагына гана кошулгула. Өзүңөр үчүн жакшылык иштерди камдагыла. Алардын бири – эркек киши аялы менен кошулганда Аллахка жакындоону көздөөсү жана таза урпакты үмүт кылуусу. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корккула. Мунун ичинде Аллах силерге шарият кылган аялдардын маселелери да камтылган. Билгиле, кыямат күнү Ага жолугасыңар, Анын алдында турасыңар, Ал иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет. Оо, пайгамбар! Ыймандуулар Раббисине жолукканда жана Анын асыл Жүзүн көргөн кезде аларды кубанычка бөлөгөн түбөлүк жыргалчылыкты аларга сүйүнчүлө.

(224) Аллахтын аты менен берилген антты жакшылык кылуудан, такыбалыктан жана адамдарды жараштыруудан тосуучу далил кылып албагыла. Тескерисинче, эгер жакшылык кылбайм деп ант берсеңер, анда жакшылыкты кылгыла жана бузган антыңардын жазасын (каффаратын) өтөгүлө. Аллах силердин сөздөрүңөрдү угат, иш-аракеттериңерди билет жана жакында анын сыйлыгын же жазасын берет.

(225) Араңардан кимдир бирөө эч нерсени максат кылбастан: «Жок, Аллахка касам. Ооба, Аллахка касам» – деп айтканы сыяктуу көнүмүш сөзгө айланып калган анттар себептүү Аллах силерди жоопко тартпайт жана ал үчүн (каффарат) жазасын өтөбөйсүңөр жана жазаланбайсыңар. Бирок Ал ошол анттардын артында көздөгөн максатыңарга жараша жоопко тартат. Аллах пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларды жазалоого шашылбаган Токтоо.

(226) Аялдары менен жыныстык мамиле кылбайм деп ант бергендер, ошол ант берген күндөн баштап төрт айдан ашпаган мөөнөт күтүшөт. Бул ант берүү (ийла) деп аталат. Эгер аялдары менен жыныстык мамиле кылбайбыз деп ант бергенден кийин төрт ай же андан аз убакыт ичинде кайра аялдары менен кошулуп алса, анда Аллах алардын бул кылганын кечирет жана ырайым кылат. Анткени бул ант кутулуу жазасын өтөөнү шариятка киргизди.

(227) Эгер аялдары менен андан ары да жыныстык мамиле кылбастан жана ага кайтпастан, талак берүүнү ниет кылышса, анда Аллах алардын сөздөрүн, анын ичинде талак сөзүн да Угуучу, алардын абалдарын жана максаттарын Билүүчү. Жакында аларга анын сыйлыгын же жазасын берет.

(228) Ажырашкан аялдар үч этек кир мөөнөтүндө күтүшөт, ал арада башкага турмушка чыгышпайт. Эгер Аллахка жана акырет күнүнө чындап ыйман келтиришкен болсо, анда Аллах алардын жатынында жараткан нерсени жашырбоосу керек. Ал эми аларга талак берген күйөөлөрү кайра жарашуунунун артынан ынтымакты жана талактын айынан жаралган нерселерди жок кылууну көздөсө, анда күтүү (идда) мөөнөтүндө алар менен кайра жарашууга толук укуктуу. Адамдардын арасында белгилүү болгондой аялдардын да күйөөлөрү сыяктуу укуктары жана милдеттери бар. Ал эми башкаруу жана талак маселеси жактан алганда эркектердин даражасы аялдардыкынан жогору. Аллах эч нерсе нерсеге жеңилбеген Кудуреттүү, шариятында жана башкаруусунда Даанышман.

(229) Күйөөсү кайра жарашууга ээлик кылган талак эки жолу гана болот, башкача айтканда бир жолу талак берет, кийин кайра жарашат, болбосо дагы талак берет, кийин кайра жарашат, мына ошол эки талактан кийин, же аны өз камкордугуна алып ынтымакта жашайт, же анын алдындагы милдеттерин аткарып, ага жакшылык кылуу менен үчүнчү талагын берет. Эй, күйөөлөр! Аялыңарга төлөп берген калыңдан эч бир нерсени алганга болбойт. Бирок аялы күйөөсүн сырткы келбети же мүнөзү себептүү жактырбаса жана мунун айынан жубайлар бири-бирине болгон милдеттерин аткара албайбыз деп ойлошсо, анда бул ишти алар менен туугандык байланышы бар адамдарга же башкаларга билдиришсин. Эгер жакындары да алар бири-бирине карата жубайлык милдеттерин аткара албайт деп коркушса, анда аял ажырашуу үчүн күйөөсүнө мал-мүлк төлөө аркылуу андан башын бошотуп алуусунда эч кандай күнөө жок. Бул шарият өкүмдөрү адал менен арамды ажыратуучу, андыктан алардын чегинен чыкпагыла. Ким адал менен арамдын ортосундагы Аллахтын чектеринен чыкса, мына ошолор өздөрүн кыйроого учураткан жана Аллахтын каары менен жазасына туш кылган залымдар.

(230) Эгерде күйөөсү ага үчүнчү жолу талак берсе, анда ал аял жалган никени (тахлил) көздөбөстөн, өз каалоосу менен туура жолдо башка эркекке турмушка чыкмайынча жана ошол никеде жыныстык мамиле кылмайынча, аны менен жаңыдан никелешүүгө болбойт. Эгер экинчи күйөөсү ага талак берсе же каза болсо, кийин ал биринчи күйөөсү менен алардан талап кылынган шарият өкүмдөрүн аткарабыз деген ойдо жаңыдан нике кыйдырып, калың төлөп мурунку абалга кайтышса, анда алар үчүн күнөө болбойт. Бул шарият өкүмдөрү Аллах тарабынан Анын өкүмдөрүн жана чектерин билген адамдарга баяндалган. Анткени ошолор гана андан пайда алышат.

(231) Эгерде аялыңарга талак берип, алардын күтүү (идда) мөөнөтүнүн бүтүшүнө аз калса, анда күтүү мөөнөтү бүткөнгө чейин аларды жакшылык менен алып калгыла же коё бергиле. Аларды Исламга чейинки караңгы доордо кылынгандай зыян берүү же зомбулук көрсөтүү максатында алып калбагыла. Ким аларга зыян келтирүү максатында ушундай кылса, анда ал өзүн күнөөгө жана жазага дуушар кылуу менен өзүнө-өзү зулум кылган болот. Аллахтын аяттарын оюн тутуу жана ага асылуу менен шылдың ордуна коюп албагыла. Аллахтын силерге кылган жакшылыктарын эстегиле, алардын эң улугу – силерге түшүрүлгөн Куран жана сүннөт. Ал муну силерди шыктандыруу жана сестендирүү үчүн эскертет. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштоо менен Андан корккула. Билгиле, Аллах баарын Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге анын сыйлыгын же жазасын берет.

(232) Эгер аялдарыңарга үч жолудан аз талак берсеңер жана алардын күтүү мөөнөтү бүтсө, анда оо камкорчулар (валийлер), эгер алар жаңыдан никелешүү аркылуу күйөөлөрүнө кайтууну каалашса жана алар менен ошого ыраазы болушса, андай учурда аларга тоскоол болбогула. Аларга тоскоол болуудан тыйган бул өкүм – силердин араңардан Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтиргендерге эскертүү катары айтылат. Мына ушул нерсе ортоңордо жакшылыкты көбүрөөк жайылтат, ошондой эле абийириңерди жана иш-аракеттериңерди ыплас нерселерден тазартат. Аллах ар бир иштин акыйкатын жана акыбетин билет, а силер муну билбейсиңер.

(233) Энелер балдарын эки жыл толук эмизишет. Бул эки жылга чектөө – эмизүү мөөнөтүн толук кылууну каалагандар үчүн. Бала эмизүүчү ажырашкан энени шариятка каршы келбеген, эл ичинде калыптанган салтка ылайык каржылоо жана аны кийим-кече менен камсыздоо баланын атасынын милдети. Аллах эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн жана кудуретинен ашыкчаны жүктөбөйт. Ата-эне баласын бири-бирине зыян келтирүү максатта курал катары колдонбоосу керек. Эгер баланын атасы жок болсо жана анын мал-мүлкү да болбосо, анда анын мураскоруна атага тиешелүү милдеттер жүктөлөт. Эгерде бала эки жашка толгонго чейин ата-энеси өз ара кеңешип жана баланын кызыкчылыгына карап макулдашканкан кийин аны эмчектен чыгарууну каалашса, бул алар үчүн күнөө эмес. А эгер балаңарга энесинен башка эмизүүчү аялды жалдагыңар келсе жана эмизүүчү аял менен макулдашкан акысын кемитпестен же кечиктирбестен жакшылык менен төлөп турсаңар, силерге күнөө болбойт. Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыюуларын таштоо менен Андан корккула жана билгиле, Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп турат. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал кылган иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет.

(234) Силерден кимдир бирөө өлүп, артында боюнда жок аялдар калса, анда алар төрт ай он күн күтүү (идда) мөөнөтүндө болушат. Бул учурда алар үчүн күйөөсүнүн үйүнөн чыгуу, жасануу жана турмушка чыгуу тыюу салынат. Ал эми бул мөөнөт бүткөндөн кийин аларга ошол мезгилде жасоого тыюу салынган иштерди шариятта жана үрп-адатта белгилүү болгон жолдо кылыша турган болсо, анда алардын камкорчуларына (валийлерине) күнөө болбойт. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды Билүүчү. Силердин сырткы жана ички көрүнүшүңөрдөн эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Кийин силерге анын жазасын же сыйлыгын берет.

(235) Силер күйөөсү өлүп же толук талак түшүп күтүү (идда) мөөнөтүндөгү аялдарга жуучу түшүрүү тууралуу ниетиңерди ачык билдирбестен, мисалы: «Күтүү мөөнөтүң бүтсө, мага айтып кой» – деп өз каалооңорду кыйытып айтууңарда эч кандай күнөө жок. Ошондой эле күтүү мөөнөтү бүткөн аялдарга үйлөнүү тууралуу каалооңорду ичиңерге жашырып койсоңор да күнөө эмес. Аллах силердин аларга болгон каалооңордун күчтүүлүгүнөн улам аларды эстериңерди билди, ошол себептен аларга ачык билдирбестен, кыйытып айтууңарга уруксат берди. Алардын күтүү мөөнөтүндө алар менен үйлөнүү тууралуу жашыруун убадалашуудан сак болгула. Бирок кыйытып айткан белгилүү сөздөр болсо гана уруксат. Күтүү (идда) мөөнөтү учурунда никеге турбагыла. Билгиле, Аллах силерге уруксат берген жана тыйган нерселердин кайсынысын ичиңерге жашырганыңарды билет. Андыктан Андан сак болгула, Анын буйругуна каршы чыкпагыла. Билгиле, Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, жазалоого шашылбаган Токтоо.

(236) Никеге турган аялыңар менен жыныстык мамиле кылганга чейин жана аларга белгиленген калыңды берүү милдетин алганга чейин ажырашасаңар, силерге күнөө эмес. Эгерде ушундай абалда аларга талак берсеңер, анда калың берүүгө милдеттүү эмессиңер. Бирок байлыгы көп бакубат жашаган болобу же байлыгы аз кыйналып жашаган болобу, аларга мүмкүнчүлүккө жараша аларды кубанта тургандай жана сынган көңүлүн жубата тургандай бир нерсе берүү керек. Бул белек иш-аракетинде жана мамилесинде жакшылык кылуучулардын мойнундагы бекем милдет.

(237) Эгерде никелешкен аялдарыңар менен жыныстык мамиле кылганга чейин талак берсеңер жана аларга белгилүү бир өлчөмдө калың берүү милдетин мойнуңарга алсаңар, аларга аталган калыңдын жарымын төлөп бергиле. Болбосо ал аялдар акыл акыл-эстүүлүк кылып кечип коюшсун же эркектер айкөлдүк кылып аларга калыңды толук беришсин. Бири-бириңерге болгон укуктарда кечиримдүү болгонуңар Аллахтан коркууга жана Ага баш ийүүгө жакыныраак. Оо, адамдар! Бири-бириңерге кайрымдуу болууну жана өз ара укуктарда кечиримдүү болууну токтотпогула. Чындыгында Аллах силердин кылганыңарды Көрүүчү. Андыктан Аллахтын сыйлыгына жетиш үчүн жакшылык кылууга аракет кылгыла.

(238) Намаздарды Аллах буйругандай толук аткаргыла, намаздардын арасынан ортоңку асыр намазына бекем болгула жана намазыңарда Аллахка моюн сунуу жана коркуу менен тургула.

(239) Эгерде силер душмандан же ушул сыяктуу нерселерден коркконуңар себептүү намазды талаптагыдай окуй албасаңар, анда аны жөө басып бараткан абалда же төө, ат ж.б. минген абалда же силерге мүмкүн болгон кандай абалда болсо да окугула. А эгер силерден коркунуч кетсе, анда Аллах силерге үйрөткөндөй Аны зикир кылгыла, ал эми алардын бири – Аллахты намазда толук жана талаптагыдай зикир кылуу. Ошондой эле Ал силерге нур жана туура жол тууралуу билбеген нерселериңерди үйрөткөнү үчүн Аны зикир кылгыла.

(240) Араңардан кимдир бирөө кайтыш болуп, артында аялдары калса, анда аларды бир жыл бою турак-жай менен камсыздоо жана аларды каржылоо тууралуу керээз калтырышсын. Мураскорлоруңар аларды аза-кайсынысына ортоктош болуп, маркумдун урматы үчүн кууп чыгышпасын. Эгер алар бир жыл бүтө электе өз эрки менен чыгып кетишсе, силерге күнөө эмес жана алар үчүн да жасанып, жыпар-жыт себингендери күнөө эмес. Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, Өз башкаруусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман. Куранды чечмелеген аалымдардын көпчүлүгү бул аяттын өкүмү Аллах тааланын: «Силердин араңардан аялдарын (жесир) калтырып, өлүп кеткендердин (аялдары) өз алдынча төрт ай, он күн (идда) күтүшөт» – деген сөзү менен жокко чыгарылган деген пикирде.

(241) Талак берилген аялдарга, алардын талак себептүү сынган көңүлүн жубатуу үчүн күйөөнүн абалын эске алуу менен жакшылыкка ылайык аз болобу же көп болобу, алар үчүн кийим-кече, акча жана башка нерселерди пайдаланууга уруксат. Бул өкүм Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштоо менен Андан корккондордун мойнундагы анык милдет.

(242) Оо, ыймандуулар! Жогоруда айтылган түшүндүрмө сыяктуу Аллах силерге Өзүнүн чектерин жана өкүмдөрүн камтыган аяттарын ачык баяндайт. Балким алардын үстүндө ой жүгүртүп жана иш жүзүндө аткарып, дүйнө жана акырет жакшылыктарына жетесиңер.

(243) Оо, пайгамбар! Кара тумоо же башка нерселер себептүү өлүм коркунучунан улам үй-жайларын таштап чыгып кеткен көп сандагы адамдардын кабары тууралуу билген жоксуңбу? Алар Исраил урпактарынан болгон бир топ. Аллах аларга: «Өлгүлө» – дегенде алар өлүштү. Кийин аларга бийлик Аллахтын гана колунда экенин жана алар өздөрүнө пайда да, зыян да келтире албастыгын түшүндүрүш үчүн аларды кайра тирилтти. Чындыгында Аллах адамдарга карата айкөлдүк жана берешендик ээси. Бирок адамдардын көпчүлүгү Анын жакшылыктарына шүгүр кылышпайт.

(244) Оо, ыймандуулар! Аллахтын динин колдоо жана сөзүн бийик көтөрүү максатта Анын душмандары менен согушкула. Билгиле, Аллах силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, ниеттериңерди жана иш-аракеттериңерди Билүүчү. Жакында силерге анын сыйлыгын же жазасын берет.

(245) Ким карыз берүүчүнүн ишин кылып, мал-мүлкү ага эселеп кайтыш үчүн аны Аллах жолунда жакшы ниет жана чын көңүлү менен сарптайт? Аллах ырыскыны, ден-соолукту жана башка нерселерди тар кылат жана Өз даанышмандыгы жана адилеттүүлүгү менен булардын баарын кенен кылат. Акыретте Анын Өзүнө гана кайтасыңар, анан Ал иш-аракеттериңерге жараша сыйлыгын же жазасын берет.

(246) Оо, пайгамбар! Мусанын доорунан кийинки Исраил урпактарынын кадыр-барктуу адамдары тууралуу кабарды билген жоксуңбу? Алар өздөрүнүн бир пайгамбарына: «Бизге бир падыша дайында, аны менен бирге Аллах жолунда согушалы» – дешти. Пайгамбары аларга: «Эгер Аллах силерге согушту парз кылса, силер согушпай коюшуңар да мүмкүнбү?» – деди. Алар анын оюн четке кагып: «Бизден муну талап кылган себептер болуп жатса, биз үчүн Аллах жолунда согушууга дагы эмне тоскоол болмок эле? Душмандарыбыз бизди өз жерибизден кууп чыкты, бала-чакабызды туткунга алды, эми биз өз жерибизди кайтарып, туткундарыбызды бошотуу үчүн согушабыз» – дешти. Качан Аллах аларга согушууну парз кылганда, алар убада кылган нерсени аткарбай, аз бөлүгүнөн башкалары жүз буруп кетишти. Аллах Анын буйругунан жүз бурган залымдарды, келишимди бузгандарды Билүүчү. Жакында аларга мунун жазасын берет.

(247) Ошондо пайгамбары аларга: «Анын туусунун астында согушууңар үчүн Аллах силерге Талутту падыша кылып дайындады» – деди. Алардын кадыр-барктуулары бул тандоону жактырбай, ага каршы чыгып: «Эгерде ал падышалардын тукумунан болбосо, падышалыкка колдонуу үчүн ага көп байлык берилбесе жана биз ага караганда падышалыкка татыктуу болсок, ал кантип бизге падыша болсун?!» – дешти. Пайгамбары аларга: «Аны силерге Аллах Өзү тандады жана силерге караганда анын илимин терең, денесин күч-кубаттуу кылды. Аллах Өз даанышмандыгы жана ырайымы менен кимге кааласа падышалыкты берет. Аллахтын жакшылыгы кенен, аны Өзү каалаганга берет жана ага пенделеринен кимиси татыктуу экенин билет».

(248) Пайгамбары аларга: «Аны силерге падыша кылып тандоосу чындык экендигинин белгиси – Аллахтын силерге Табутту (Исраил урпактары аздектеген сандык, аны тарттырып жиберишкен) кайтарып бериши, анда аны коштогон бейпилдик бар жана Мусанын үй-бүлөсү менен Харундун үй-бүлөсүнөн калган таяк, кээ бир ыйык тактайлар сыяктуу таберик буюмдар бар. Эгер чындап ыймандуу болсоңор, мында силер үчүн ачык-айкын белгилер бар».

(249) Талут аскерлери менен шаардан чыкканда аларга: «Аллах силерди бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе, ал менин жолумда эмес жана согушта мени менен бирге болбойт. Ким андан ичпесе, ал менин жолумда жана согушта мени менен бирге болот. Ал эми ким чыдабай колу менен бир кочуш суу сузуп ичсе, эч нерсе эмес» – деди. Аскерлердин көбү ичип алышты, аз гана бөлүгү катуу чаңкаганына карабай чыдап ичишкен жок. Талут жана аны менен бирге болгон ыймандуулар дарыядан өткөндө, анын кээ бир жоокерлери: «Бүгүн биз Жалут жана анын аскерлерине туруштук бере албайбыз» – дешти. Ошондо кыямат күнү Аллахка жолугарына толук ишенгендер: «Канчалаган аз сандагы ыймандуулар тобу Аллахтын уруксаты жана жардамы менен көп сандагы каапырлардын тобунун үстүнөн жеңишке жетишкен. Жеңишке жетүүдө көптүк эмес, ыйман маанилүү». Аллах сабырдуу пенделери менен бирге, аларды колдойт жана жардам берет.

(250) Качан алар Жалут менен анын аскерлеринин алдына чыкканда, Аллахка кайрылып: «Раббибиз! Жүрөгүбүзгө сабырдуулукту нөшөрлөтүп куй, душман алдында качпашыбыз жана жеңилип калбашыбыз үчүн кадамдарыбызды бекем кыл жана Өз кудуретиң жана колдооң менен каапыр коомго каршы бизге жардам бер» – деп дуба кылышты.

(251) Аллахтын каалоосу менен аларды жеңишти жана Дауд алардын башчысы Жалутту өлтүрдү. Аллах ага падышалыкты жана пайгамбарлыкты берди, ага илимдин каалаган түрлөрүнөн үйрөтүп, дүйнөдө жана акыретте пайдасы тийген нерселерди ага топтоду. Эгерде кээ бир адамдар аркылуу башкалардын бузукулугун токтотуу – Аллахтын тутунган жолу болбогондо, анда жер бети бузукулардын башкаруусу менен бузулуп кетмек. Бирок Аллах бардык макулуктарга жакшылык кылуучу.

(252) Булар Аллахтын ачык-айкын аяттары. Оо, пайгамбар! Биз аны сага окуп беребиз, алар өзүнө акыйкат кабарларды жана адилет өкүмдөрдү камтыган жана акыйкатта сен ааламдардын Раббисинин элчилериненсиң.

(253) Биз сага айтып өткөн пайгамбарларды вахийде, жолун жолдоочуларда жана даражаларда бири-биринен артык кылдык. Алардын арасында Муса сыяктуу Аллах таала түзмө-түз сүйлөшкөндөрү бар жана алардын арасында Мухаммад сыяктуу бийик даражаларга көтөргөндөрү бар, анткени ал бүткүл адамзатка жиберилди, аны менен пайгамбарчылык токтоду жана анын үммөтү башка үммөттөрдөн артык болду. Ошондой эле Биз Мариямдын уулу Исага анын пайгамбарлыгына далил боло турган өлүктөрдү тирилтүү, сокур менен пес ооруларын айыктыруу сыяктуу ачык-айкын кереметтерди бердик жана аны Аллах тааланын буйругун аткарууга кубаттандыруу үчүн Жебреил аркылуу колдодук. Аллах кааласа, пайгамбарлардан кийин келгендер аларга ачык-айкын аяттар келгенден кийин бири-бири менен согушмак эмес, бирок алар бири-бирине каршы болуп бөлүнүп кетишти. Алардын кээ бирлери Аллахка ыйман келтиришсе, кээ бирлери Ага каапырлык кылышты. Эгер Аллах алардын согушууларын каалабаса, алар согушпайт болчу. Бирок Аллах каалаганын кылат, кимди кааласа Өзүнүн ырайымы жана айкөлдүгү менен ыйманга багыттайт, кимди кааласа Өзүнүн адилеттиги жана даанышмандыгы менен адаштырат.

(254) Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Кыямат күн келгенге чейин Биз силерге ырыскы кылып берген ар кандай адал мал-мүлктөрдөн сарптагыла. Ал убакта адамга иштеп тапкан соода да, кыйынчылыкта пайдасы тийген достук да, зыянды кайтара турган же пайда келтире турган ортомчулук да пайдасын тийгизбейт. Бирок Аллах Өзү каалагандарга жана ыраазы болгондорго уруксат бергенден кийин гана пайдасы тиет. Ал эми каапырлар Аллах таалага каапырлык кылышкандары себептүү чыныгы залымдар.

(255) Аллах – жалгыз Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү, анда эч кандай өлүм да, кемчилик да болбойт. Ал Өзү жеке бүт баарын кармап Туруучу жана жараткандарынын эч бирине муктаж эмес. Бардык макулуктар Ал себептүү кармалып турат жана алар бардык абалдарында Ага муктаж. Анын кемчиликсиз тирүүлүгү жана бүт баарын кармап турганы себептүү Аны үргүлөө да, уйку да албайт. Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Анын уруксаты жана макулдугу болмоюнча эч ким Анын алдында шапаат кылууга акысы жок. Ал жараткандардын иштерине байланыштуу болуп өткөн жана келечекте боло турган нерселерди билет. Ал эми алар Анын илиминен Өзү каалап билдирген нерсени гана биле алышат. Анын Курсийи (Раббинин эки таманынын орду) асмандар менен жерди кеңдигине жана чоңдугуна карабастан өзүнө камтып турат. Аларды сактап туруу Ага оорчулук жана машакат жаратпайт. Ал Өз Заты, кудурети жана үстөмдүгү менен Бийик, Өз мүлкүндө жана падышалыгында Улук.

(256) Ислам динине кирүүгө эч ким мажбурланбайт. Анткени ал ачык жана акыйкат дин болгондуктан, ага бирөөнү мажбурлоонун кажети жок. Туура жол адашуудан анык айырмаланды. Ким Аллахтан башка сыйынган нерселерге каапырлык кылып, алардан баш тартса жана жалгыз Аллахка ыйман келтирсе, анда ал кыяматта кутулуу үчүн үзүлбөгөн эң күчтүү себеп менен динди карманыптыр. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын иш-аракеттерин Билүүчү. Жакында аларга сыйлыгын же жазасын берет.

(257) Аллах Өзүнө ыйман келтиргендерге кам көрөт, алардын жолун ачат, аларга жардам берет жана аларды каапырлыктын жана наадандыктын караңгылыгынан ыйман жана илим нуруна чыгарат. Ал эми каапырлык кылгандардын камкорчулары – аларга каапырлыкты кооз көргөзүп, аларды ыйман жана илим нурунан каапырлык жана наадандык караңгылыктарына чыгарган жалган кудайлар жана шериктер. Ошолор тозокто түбөлүк калуучу адамдар.

(258) Оо, пайгамбар! Аллахтын жаратуучулугу жана сыйынууга татыктуулугу тууралуу Ибрахим менен талашып-тартышкан залымдын тайманбастыгынан да таң калыштуусун билчү белең? Анын мындай кылуусуна Аллахтын берген падышалыгы себеп болуп, ал чектен чыкты. Ибрахим ага Раббисинин сыпаттарын баяндап: «Менин Раббим бүткүл макулуктарды тирилтет жана өлтүрөт» – деди. Залым кежирленип: «Мен деле кимди кааласам өлтүрүп жанын алам, кимди кааласам кечирип тирүү калтырам» – деди. Ибрахим ага андан да чоңураак далил келтирип: «Мен сыйынган Раббим Күндү чыгыш тараптан чыгарат, сен аны батыш тараптан чыгарчы» – деди. Ошондо залым эмне дерин билбей токтоп калды, далилдин күчтүүлүгүнө туруштук бере албады. Аллах залымдарга зулумдуктары жана аша чапкандыктары себептүү Анын жолуна түшүүгө ийгилик бербейт.

(259) Же болбосо, чатырлары кулаган, дубалдары ураган, жашоочулары кырылып, ээн калган шаардын жанынан өтүп бара жаткан адамдын окуясын билчү белең? Ал киши таң калып: «Аллах бул шаардын элин өлгөндөн кийин кантип тирилтет болду экен?» – деди. Ошондо Аллах аны жүз жылга өлтүрүп, анан кайра тирилтти жана андан: «Канча жыл өлүк жаттың?» – деп сурады. Ал: «Бир күн же күндүн бир аз бөлүгүндөй убакыт жаттым окшойт» – деп жооп берди. Ал ага айтты: «Жок, сен толук жүз жыл жаттың. Жаныңдагы тамак-аш менен суусундукту карачы, алар өзгөрбөстөн ошол бойдон турат, болбосо тамак-аш менен суусундук бат эле бузулуп кетет. Өлгөн эшегиңди карачы! Биз сени адамдарга Аллахтын кайра тирилтүүгө кудуреттүү экенин билдирген ачык-айкын белги кылабыз. Эшегиңдин майдаланып, чачырап кеткен сөөктөрүн карачы, Биз аларды кантип тургузуп, бири-бирине бириктирет экенбиз, андан кийин ага эт каптайбыз, анан аны кайра тирилтебиз». Муну көргөндөн кийин ага иштин акыйкаты белгилүү болду жана Аллахтын кудуретин билди. Ал муну моюнга алып: «Мен Аллахтын бардык нерсеге кудуреттүү экенин билдим» – деди.

(260) Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Ибрахим: «Оо, Раббим! Өлүктөр кантип тирилерин өз көзүм менен көрөйүнчү?» ¬– дегенде, Аллах ага: «Сен бул нерсеге ишенген эмес белең?» – деди. Ибрахим айтты: «Жок, ишенгем. Бирок жүрөгүмдүн тынчтануусун арттыруу үчүн». Ошондо Аллах ага буйрук кылып айтты: «Канаттуулардан төртөөнү ал, аларды өзүңө чогулт жана майдалап кескиле. Андан соң айланаңдагы тоолордун ар бирине алардын бир бөлүгүн кой, анан аларды чакырсаң, алар сага тирилген абалда шашылып келишет. Оо, Ибрахим! Билип кой, Аллах Өз мүлкүндө Кудуреттүү, буйругунда, шарияттында жана жаратуусунда Даанышман».

(261) Мал-мүлкүн Аллах жолунда сарптаган ыймандууларга берилген сооптун мисалы, дыйкан жакшы жерге эккен дан сыяктуу. Андан жети машак өнүп чыгат, ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллах пенделеринен кимге кааласа соопторун эселетип көбөйтүп, алардын сыйлыгын эсепсиз берет. Аллахтын берешендиги жана айкөлдүгү кенен жана Ал эселеп берүүгө кимдер ылайык экенин билүүчү.

(262) Мал-мүлктөрүн Аллахка моюн сунуу жана Анын ыраазычылыгы үчүн сарптап, андан соң берген нерсесинин артынан анын сообун кетире турган сөз же иш-аракет менен адамдарга милдет кылбагандарга Раббисинин алдында сооптор бар, келечекте алар үчүн эч кандай коркунуч болбойт жана аларга берилген улуу жакшылыктар себептүү өткөн нерселерге кайгырышпайт.

(263) Мусулмандын жүрөгүнө кубаныч тартуулай тургандай жылуу сөз айтуу жана сага жамандык кылганды кечирүү – садака алган адамга артынан милдет кылып зыян берген садакага караганда жакшыраак. Аллах пенделерине Беймуктаж, аларды жазалоого шашылбаган Токтоо.

(264) Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Садака берилген адамга милдет кылуу жана зыян берүү менен садакаңардын сообун жок кылып албагыла. Мына ушундай кылган адам эл көрсүн жана мактасын деген ниет менен мал-мүлктөрүн сарптаган адам сыяктуу. Ал Аллахка, кыямат күнүнө жана андагы сыйлык жана жазага ишенбеген каапыр. Мунун мисалы үстү топурак баскан жылмакай ташка окшош. Ал ташка нөшөрлөп жамгыр жаап, анын топурактарын кетирип, аны эч нерсеси жок жылмакай кылып койду. Ошол сыяктуу эле эл көрсүн үчүн кылган адамдардын иш-аракеттеринин жана короткон мал-мүлктөрүнүн сооптору жок болот, Аллахтын алдында алардын эч нерсеси калбайт. Аллах каапырларды Өзү ыраазы болгон жана алардын иш-аракеттерине жана сарптаган мал-мүлктөрүнө пайда келтирген нерселерге багыттабайт.

(265) Аллахтын ыраазылыгын көздөп жана Анын убадасы чындык экенине көңүлдөрү мажбурлоосуз тынч алган абалда мал-мүлктөрүн сарптаган ыймандуулар – бийик жана жакшы жердеги бакча сыяктуу. Ал жерге нөшөрлөп жамгыр жаап, эселеп мөмө-жемиштерди берет. Эгер ага жамгыр нөшөрлөп жаабастан, аз гана жаай турган болсо, ал жакшы жер бойдон кала берет. Ыкластуу адамдардын сарптаган мал-мүлктөрү да ушул сыяктуу, Аллах аны кабыл кылат жана сообунун аздыгына карабастан эселеп көбөйтөт. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп турат. Ага ыкластуулардын жана эл көрсүн үчүн кылгандардын абалы жашыруун эмес. Ал жакында ар бирине татыктуу болгон сыйлыгын же жазасын берет.

(266) Силерден кимдир бирөөнүн жүзүм жана курма багы бар дейли, анын ичинде таза суу агып турат жана мөмө-жемиштердин түр-түрлөрү бар. Анын ээси улгайып, жумуш кылганга жана акча тапканга жарабаган карыган чал болуп калды. Анын жумуш кылганга жарай элек алсыз жаш балдары бар. Анын карылыгы жана балдарынын алсыздыгы себептүү ал багына өтө муктаж болуп турган абалда ага катуу шамал келип, от тутанып, ал толугу менен күйүп кетишин кимиңер каалайт элеңер? Мал-мүлкүн элге көрүнүш үчүн сарптаган адамдын абалы да ушул кишиге окшош. Ал кыямат күнү жакшылыктарга өтө муктаж болуп турган убакта Аллахтын алдына эч бир жакшылыгы жок барат. Мына ушундай баяндоо аркылуу Аллах силерге дүйнөдө жана акыретте пайда келтире турган нерселерди түшүндүрөт. Балким ал тууралуу ой жүгүртөсүңөр.

(267) Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Иштеп тапкан таза жана адал мал-мүлктөн сарптагыла. Жана Биз силерге жерден чыгарып берген өсүмдүктөрдөн сарптагыла. Алардын жаманын берүүнү ниет кылбагыла, эгер силерге ошондоюн берсе алмак эмессиңер, алсаңар да көрмөксөнгө салып, аны жактырбайт болчуңар. Эми өзүңөргө ыраа көрбөгөн нерсени кантип Аллахка ыраа көрүп жатасыңар?! Билгиле, Аллах силердин бергениңерге Беймуктаж жана Ал Затында, иш-аракеттеринде мактоого татыктуу.

(268) Шайтан силерди кедейлик менен коркутат, сараңдыкка үндөйт жана күнөө иштерди кылууга чакырат. Ал эми Аллах силерге күнөөлөрүңөр үчүн улуу кечиримди жана кенен ырыскыны убада кылат. Аллахтын айкөлдүгү кенен жана Ал пенделеринин абалдарын Билүүчү.

(269) Ал пенделеринен кимге кааласа, сөздөгү жана иш-аракеттеги тууралыкты берет. Кимге мындай нерсе берилсе, ага чындап көптөгөн жакшылыктар берилиптир. Аллахтын нуру менен нурланган жана Анын туура жолуна түшкөн кемчиликсиз акыл ээлери гана Анын аяттарынан эскертме жана үлгү алышат.

(270) Аз болобу, көп болобу, Аллахтын ыраазылыгын көздөп эмнени сарптасаңар же силерге милдет кылынбаса да Аллахка баш ийип аткарган ишиңерге бекем болсоңор, албетте Аллах мунун баарын билет жана Анын алдында алардын эч бири жок болбойт. Силерге жакында алар үчүн эң чоң сыйлыктарды берет. Ал эми өздөрүнө милдет болгон нерселерди аткарбаган жана Аллахтын чектеринен чыккан залымдар үчүн аларды кыямат күнү азаптан куткара турган эч бир жардамчы болбойт.

(271) Эгерде садаканы мал-мүлк менен ачык көрсөтүп берсеңер, ал садакаңар кандай жакшы садака. Эгер аны жашырып, кедей-кембагалдарга берсеңер, ал көрсөтүп бергениңерге караганда жакшыраак. Анткени ал ыкластуулукка жакыныраагы. Ыкластуулардын садакаларында алардын күнөөлөрүн жаап-жашыруу жана кечирим бар. Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан Кабардар. Силердин абалыңардын эч бири Ага жашыруун эмес.

(272) Оо, пайгамбар! Чындыкты кабыл алуу, ага моюн сунуу жана ага алып баруу үчүн аларды туура жолго салууга милдеттүү эмессиң. Чындыгында сен аларды акыйкатка багыттоого жана аны менен тааныштырууга гана милдеттүүсүң. Ал эми акыйкатка жана туура жолго карай ийгилик берүү Аллахтын гана колунда. Ал кимди кааласа туура жолго салат. Жакшылыкка кандай нерсени сарптасаңар, анын пайдасы өзүңөргө кайтат. Анткени Аллах ага муктаж эмес. Андыктан сарптаган нерсеңер Аллах үчүн гана болсун. Чыныгы ыймандуулар Аллахтын ыраазылыгын көздөп сарпташат. Жакшылыкка сарптаган нерсеңер аз болобу же көп болобу, анын сыйлыгын кемитпестен толук аласыңар. Анткени Аллах эч кимге зулум кылбайт.

(273) Аны ырыскы табуу үчүн сапар кылуусуна Аллах жолундагы согуш тоскоолдук жараткан кедей-кембагалдарга бергиле. Билбеген адам аларды бай деп ойлойт, анткени алар сурагандан тартынышат. Баамчыл адам аларды турпатынан жана кийимдеринен байкалган муктаждык белгилеринен эле билет. Алардын бир өзгөчөлүгү – алар адамдардын жанын койбой сурай берген башка кедейлерге окшобойт. Мал-мүлк жана башка нерселерден эмнени сарптасаңар да Аллах аны жакшы билет жана силерге анын сыйлыгын жакында берет.

(274) Эл көрсүн же уксун дебестен, мал-мүлктөрүн Аллахтын ыраазылыгы үчүн күнү-түнү, ачык жана жашыруун сарптагандар үчүн кыямат күнү Раббисинин алдында сооп-сыйлыктар бар. Аллахтын ырайымы жана жакшылыгы менен алар үчүн келечекте боло турган иштеринде эч кандай коркунуч болбойт жана алар дүйнөдө болуп өткөн нерселер үчүн өкүнүшпөйт.

(275) Сүткорлук менен алектенгендер жана аны алгандар кыямат күнү кабырларынан жин-шайтан тийген адам сыяктуу тирилишет. Алар кабырынан бир туруп, бир жыгылып талмасы кармаган адамдай турушат. Мунун себеби алар сүткорлукту адал деп эсептешти жана сүткорлук менен Аллах адал кылган соодадан түшкөн пайдаларды айырмалашкан жок. Алар: «Адалдык жагынан соода деле сүткорлук сыяктуу. Экөөсү бирдей мал-мүлктүн көбөйүшүнө жана өсүшүнө алып келет» – дешти. Аллах аларга жооп берди, алардын салыштыруусун четке какты жана жалгандарын ачыкка чыгарды. Ошондой эле соодада жалпы жана жеке пайдалар болгону үчүн аны адал кылганын, ал эми сүткорлук зулумдукту жана адамдардын мал-мүлкүн кайтарбастан жалган жолдо жешти камтыгандыгы үчүн аны арам кылганын баяндады. Кимге Раббиси тараптан сүткорлуктан тыюу жана эскертүү келсе жана ал аны таштап, Аллахка тообо кылып кайтса, анда анын мурда сүткорлуктан алган нерселери үчүн эч кандай күнөө жок жана андан кийин кандай болорун Аллах Өзү чечет. Ал эми кимге Аллахтын тыюусу жетип, далил келтирилгенден кийин да сүткорлук кылганын токтотпосо, ал тозокко кирүүгө жана анда түбөлүк калууга татыктуу болду. Мындагы тозокто түбөлүк калат дегенден сүткорлукту адал деп жеген адам же ал жакта узакка калуу максат кылынган. Анткени тозокто түбөлүк калуу каапырларга гана тиешелүү, ал эми жалгыз кудайлуулук (таухид) ишенимин кармангандар тозокто түбөлүк калышпайт.

(276) Аллах сүткорлуктан түшкөн мал-мүлктү жок кылат жана аны кетирет, же аны көз көрүнөө жоготууга учуратат, же билгизбей берекесин алып коёт. Ал эми садакаларды көбөйтөт жана алардын сообун эселеп өстүрөт. Жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин же андан да көп эсеге көбөйтүлөт жана садака бергендердин мал-мүлкүнө береке берет. Аллах баш ийбес каапырларды, арамды адал кылгандарды, жамандык жана күнөө иштерди таштабаган адамдарды жакшы көрбөйт.

(277) Аллахка ыйман келтиргендер, Анын элчисине ээрчигендер, жакшылык иштерди кылгандар, намазды Аллах шариятта көргөзгөндөй толук аткаргандар, татыктуу адамдарга мал-мүлкүнөн зекет бергендер үчүн Раббисинин алдында сооп-сыйлыктар бар. Алар үчүн келечекте боло турган иштеринде эч кандай коркунуч болбойт жана алар дүйнөгө жана анын жыргалчылыктарына байланыштуу өткөрүп жиберген нерселери үчүн өкүнүшпөйт.

(278) Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корккула. Эгерде силер Аллахка жана Анын сүткорлуктан тыюусуна чындап ыйман келтирсеңер, анда адамдардагы сүткорлуктан калган мал-мүлкүңөрдү талап кылбагыла.

(279) А эгер силерге айтылган буйрукту аткарбасаңар, анда Аллах жана Анын элчиси тараптан согуш болорун анык туюп билгиле. Эгер Аллахка тообо кылып, сүткорлукту таштасаңар, анда үстүнө пайда кошулбаган карыз мал-мүлкүңөр өзүңөргө тиешелүү болот. Мал-мүлкүңөрдүн үстүнө үстөк пайыз кошуп алуу менен эч кимге зулум кылбайсыңар жана андан кемитилип силерге да зулум кылынбайт.

(280) Эгер силер карызды талап кылган адам кудуретсиз болуп, карызын төлөй албай жатса, анда ал акча тапканга чейин жана карызын кутулууга мүмкүнчүлүк болгонго чейин сурабай коё тургула. Карызды сурабастан ага садака кылып койгонуңар же анын бир бөлүгүн кечип жибергениңер, өзүңөр үчүн жакшы, эгер бул кылган ишиңердин Аллах тааланын алдындагы артыкчылыгын билген болсоңор.

(281) Баарыңар Аллахка кайтарыла турган жана Анын алдына тура турган күндүн азабынан корккула. Андан кийин ар бир адамга жакшылык же жамандык иштеринин сыйлыгы же жазасы берилет. Аларга жасаган жакшылыктарынын сообу азайтылып же жамандыктарынын жазасы көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт.

(282) Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Эгерде бири-бириңерге белгилүү бир мөөнөткө чейин карыз берсеңер, анда ошол карызды жазгыла. Араңардан бир адам шариятка ылайык чындык жана калыстык менен жазсын. Карызды жазган адам Аллах ага үйрөткөн нерсеге туура келгендей адилеттүүлүк менен жазуудан баш тартпасын. Карызды төлөөгө милдеттүү адамдан тастыктоо катары ал айткандай жазсын жана ал Раббисинен корксун, карыздын өлчөмүнөн, түрүнөн жана сапатынан эч нерсени кемитпесин. Эгер карыз алып жаткан адам ойдогудай иш жүргүзө албаса, же жаштыгы же акыл-эси кемдиги себептүү алсыз болсо, же дудук болгондугу үчүн айтып бере албаса, анда анын ордуна ал үчүн жоопкер камкорчусу чындык жана калыстык менен айтып берсин. Ошондой эле адилеттүү жана акыл-эси жайында болгон эки эркек кишини күбө болууга чакыргыла. Эгер эки эркек киши табылбаса, анда силер диндарлыгына жана аманаткөйлүгүнө ыраазы болгон бир эркек киши жана эки аялды күбө кылгыла. Анткени аялдардын бирөөсү унутуп калса, экинчиси анын эсине салат. Эгерде алардан карызга күбө болууга чакырылса, күбөлөр андан баш тартышпасын. Эгер аларды ушуга чакырса, алар үчүн аны аткаруу милдет. Карызды белгиленген мөөнөтүнө чейин аз болобу, көп болобу, аны жазуудан эч зерикпегиле. Карызды жазуу – Аллахтын шарияты боюнча эң адилеттүү, күбөгө өтүүдө жана аны аткарууда эң жеткиликтүү жана карыздын түрү, өлчөмү жана мөөнөтү тууралуу шектенүүнү жок кылууга эң жакыны. Эгер ортоңордо соода-сатык келишими болуп, товар даяр жана баасы белгилүү болсо, анда аны жазбай эле койсоңор болот, себеби ага эч кандай зарылдык жок. Талашып-тартышууну алдын алуу үчүн күбө болууга чакыруу уруксат. Жазган жана күбөгө өткөн адамдарга зыян келтирүүгө болбойт. Ошондой эле алар дагы жазууну жана күбөгө өтүүнү сурангандарга зыян келтирбеши керек. Эгерде зыян келтире турган болсоңор, бул Аллахка моюн сунуудан баш тартуу болуп саналат. Оо, ыймандуулар! Аллахтан корккула, Анын силерге буйруганына баш ийгиле жана тыйгандарын таштагыла – Аллах силерге дүйнөңөргө жана акыретиңерге пайдалууну үйрөтөт. Аллах бардык нерсени Билүүчү. Ага эч нерсе жашыруун эмес.

(283) Эгерде сапарда жүрүп, карыз кагазын жазууга адам таппасаңар, анда карыздар тарап карызын төлөгөнгө чейин карыз берүүчүнүн укугуна кепилдик катары анын ээлигине күрөөлүк коёт. Эгер бири-бириңерге ишенсеңер, анда жазуу, күбөлөндүрүү жана күрөөгө коюу зарыл эмес. Бул учурда карыз карызкордун мойнундагы аманат болуп, ал аны карыз берүүчүгө төлөп берүүгө жана бул аманаттын эч нерсесин танбастан Аллахтан коркууга тийиш. Эгер ал танса, келишим мамилеге күбө болгон адам көрсөтмө берсин жана аны жашырбасын. Ал эми ким аны жашырса, анын жүрөгү бузуку жүрөк. Аллах кылганыңарды Билүүчү. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Жакында Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет.

(284) Асмандар менен жердеги нерселер жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда жалгыз Аллахка таандык. Жүрөгүңөрдөгү нерсени ачыкка чыгарсаңар да, жашырсаңар да, Аллах аны билет жана силерге анын сыйлыгын же жазасын берет. Андан кийин кимди кааласа жакшылык жана ырайымдуулук менен кечирет, кимди кааласа адилеттүүлүк жана даанышмандык менен азаптайт. Аллах бүткүл нерсеге кудуреттүү.

(285) Мухаммад пайгамбар Раббиси тарабынан түшүрүлгөн бардык нерселерге ыйман келтирди жана ыймандуулар да ыйман келтиришти. Алардын баарысы Аллахка ыйман келтиришти, ошондой эле бардык периштелерине, пайгамбарларга түшүргөн бардык китептерине жана аларга жиберген бардык элчилерине ыйман келтирип: «Биз Аллахтын элчилеринен эч кимисин бөлбөйбүз» – дешти. Жана алар айтышты: «Бизге буйруганыңды жана тыйганыңды уктук. Жана буйруганыңды аткарып, тыйганыңды таштоо менен Сага моюн сундук. Оо, Раббибиз! Бизди кечиришиңди суранабыз. Бардык иштерибизде бир гана Сага кайтабыз».

(286) Аллах эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча нерсени жүктөбөйт. Анткени Аллахтын дини жеңилдикке негизделген, анда эч кандай кыйынчылык жок. Ким жакшылык кылса, анын сыйлыгын алат, андан эч нерсе кемитилбейт. Ким жамандык кылса, анын жазасын тартат, аны башка бирөө көтөрбөйт. Пайгамбар жана ыймандуулар айтышты: «Оо, Раббибиз! Кайсы бир иште же сөздө атайлабастан ката кетирсек же унутуп калсак бизди азаптаба. Оо, Раббибиз! Сен бизден мурун зулумдуктары себептүү жазалаган жөөттөргө милдет кылгандай бизге оорчулукту жараткан жана аткара албаган иштерди милдет кылба, бизге кыйынчылыкты жараткан жана күчүбүз жетпеген буйруктарды жана тыюуларды жүктөбө, күнөөлөрүбүздү кеч, бизди кечир жана бизге айкөлдүгүң менен ырайым кыл. Сен биздин Комкорчубузсуң жана Колдоочубузсуң, каапырлар коомуна каршы бизге жардам бер».