52 - At-Tur ()

|

(1) Аллах Муса алайхи саламга сүйлөгөндө Муса турган тоого ант берди.

(2) Жазылган китепке ант берди

(3) Түшкөн китептер сыяктуу ачык, ачылган баракка

(4) Периштелер Аллахка ибадат кылып абад кылган асмандагы үйгө ант берди.

(5) Жердин шыбы болгон көтөрүлгөн асманга ант берди.

(6) Толуп-ташкан деңизге ант берди.

(7) Оо, элчи! Раббыңдын азабы каапырларга сөзсүз болот. Анда шек жок.

(8) Ал азапты алардан эч бир кайтаруучу-тосуучу жок.

(9) Кыяматтын болоорун кабарлап асман катуу титиреген күндө.

(10) жана тоолор ордуларынан жылып учканда

(11) Ал күнү Аллахтын каапырларга убада кылган азабын жалганга чыгаргандарга өлүм, зыянга учуроо болсун!

(12) Алар кайра тирилүүнү да чогултулууну да эске албай (көңүл бурбай), жалган нерселерге чумкуп кирип, ойношот.

(13) Ал күнү алар тозок отуна өтө катуу, оройлук түртүлүп киргизилет.

(14) Аларды жемелеп айтылат: элчилериңер силерди коркутуп (эскерткенде) жалганга чыгарган тозок - ушул!

(15) Силер өз көзүңөр менен көрүп жаткан бул азап сыйкыр бекен? Же силер аны көрбөй жатасыңарбы?

(16) Анын ысыктык азабына сабыр кылгыла же кылбагыла, силердин сабыр кылганыңар менен кылбаганыңар баары бир. Бүгүн силер дүйнөдө кылган каапырлыгыңар менен күнөөлөрүңөрдүн жазасың аласыңар.

(17) Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор бейиштерде жана түбөлүктүү улуу жыргалчылыктарда болушат.

(18) Алар Аллах берген тамак-аш, суусундук жана нике ырахаттары себептүү, ошондой эле Раббиси аларды тозок азабынан куткаргандыгы себептүү кубанышат. Анткени алар каалаган жыргалчылыктарга жетип жана кайгы-капалардан коргоодо болуп жеңишке жетишти.

(19) Аларга айтылат: «Көңүлүңөр каалаган сиңимдүү нерселерден жегиле жана ичкиле. Жеген же ичкен нерселерди зыяндуу деп коркпогула. Бул силердин дүйнөдө кылган жакшы иш-аракеттериңерди сыйлыгы».

(20) Алар бири-бирине бет маңдай жайгашкан жасалгалуу сөрүлөргө сүйөнүп олтурушат. Жана Биз аларды бакыраң көз апапакай аялдарга үйлөндүрөбүз.

(21) Ыйман келтиргендерди жана аларды ыйманда ээрчиген бала-чакаларын, аларды көргөндө көздөрү кубануулары үчүн алар менен бирге кылабыз. Алардын иш-аракеттери алардыкына жетпесе дагы, Биз алардын иш-аракеттеринин соопторунан эч нерсени кемитпейбиз. Ар бир адам кылган жамандык иши себептүү кармалып турат. Башка эч ким анын иш-аракеттерин көтөрбөйт.

(22) Жана Биз бейиштегилерди түрдүү мөмө-жемиштер менен жана алар каалаган эттер менен камсыздайбыз.

(23) Алар бейиште бири-бирине чөйчөктөрдү сунушат. Аны ичкенде дүйнөдөгүдөй мас абалынан улам жалган сүйлөө же күнөө кылуу сыяктуу нерселер болбойт.

(24) Аларга кызмат кылууга дайындалган жаш жигиттер аларды айланып турушат. Алардын терилеринин тунуктугу жана актыгы седепте сакталган берметтер сыяктуу.

(25) Жана бейиштегилердин кээ бирлери башкаларына кайрылып, бири-биринен дүйнөдөгү абалдары жөнүндө сурашты.

(26) Аларга мындай деп жооп беришет: «Биз дүйнөдө үй-бүлөбүздүн арасында Аллахтын азабынан корккон абалда элек.

(27) Анан Аллах бизге Исламга карай туура жолду тартуулады жана бизди өтө ысыган азаптан сактады.

(28) Биз дүйнө жашоосунда Ага сыйынып, бизди тозок азабынан сакта деп дуба кылат элек. Чындыгында Ал жакшылык Кылуучу, пенделерине берген убадасына Чынчыл, аларга Ырайымдуу. Ал бизди ыйман жолуна салып, бейишке киргизгени жана тозоктон алыстатканы – бизге кылган жакшылыгы жана мээрими».

(29) Оо, пайгамбар! Куран менен эскерткин! Аллах сага берген ыйман жана акыл себептүү сен жин-шайтандары бар көзү ачык эмессиң, жинди да эмессиң.

(30) Же ал жалганчылар: «Мухаммад элчи эмес, ал акын. Биз анын өлүмү келгенче күтүп, андан кутулуп эс алалы» – дешеби?

(31) Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Өлүмүмдү күткүлө! Мен дагы силер мени жалганга чыгарганыңар үчүн силерге келе турган азапты күтөмүн».

(32) Тескерисинче, акылдары аларга: «Ал көзү ачык жана жинди» – деп буйрук кылабы? Ошентип алар бир адамда болбогон нерсени бириктиришет. Алар чектен чыккан коом. Андыктан алар шариятка да, акылга да кайтышпайт.

(33) Же алар: «Мухаммад бул Куранды ойлоп тапкан, ал ага вахий кылынган эмес» – деп айтышабы? Жок! Алар ага ыйман келтиришпестен: «Ал аны ойлоп тапкан» – деп айтышат.

(34) Эгер алар ойлоп тапты деген сөздөрүндө чынчыл болушса, анда ушундай сөздү өздөрү ойлоп таап болсо да алып келишсинчи?!

(35) Же алар Жаратуучусу жок эле жаралып калышканбы? Же өздөрүн өздөрү жаратканбы? Жаратуучусуз эч бир макулук болушу мүмкүн эмес жана эч бир макулук жарата да албайт. Эми эмнеге алар Жаратуучусуна сыйынбай жатышат?

(36) Же алар асмандар менен жерди жаратты беле? Жок! Алар Аллах Жаратуучусу экенине ишенишпейт. Эгер алар муну анык билишкенде, Аны жалгыздашмак жана Анын элчисине ыйман келтиришмек.

(37) Же алар өздөрү каалаганга ырыскы берип, өздөрү каалаганга пайгамбарчылыкты берип же тыйып койгудай Раббиңдин казынасы алардын колундабы? Же алар өздөрүнүн каалоолоруна жараша иш кылып, бийлик жүргүзгөрдөрбү?

(38) Же алар акыйкат жолдо деген Аллахтын вахийин уккудай асманга карай көтөрүлгөн тепкечи барбы? Алардын кимиси ал вахийди уккан болсо, анда алардын акыйкат жолдобуз деп айткан сөздөрүн тастыктаган ачык-айкын далил алып келсин.

(39) Же силер жаман көргөн кыз балдар Аллахка, ал эми силер жакшы көргөн уул балдар силерге таандыкпы?

(40) Оо, пайгамбар! Же сен Раббиң тараптан жеткирген нерсең үчүн алардан сыйлык акы сурап жатасыңбы? Ушундан улам алар чамасы жетпеген жүктү көтөрүшөт.

(41) Же аларда кайып илими бар бекен, алар кайыптан билген нерселерди адамдарга жазып берип, алардын ичинен өздөрү каалагандарын гана кабарлайбы?

(42) Же ал жалганчылар сага жана диниңе каршы айла-амал кылып жатышабы? Сен эмес, Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар айласы куругандар.

(43) Же алардын Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудайы барбы? Аллах алардын кошкон шериктеринен аруу жана ыйык. Жогоруда келгендердин бири да болгон эмес жана аны элестетүү да мүмкүн эмес.

(44) Эгер алар асман бөлүктөрү кулап келе жатканын көрүшсө: «Бул кадимки эле кармарлуу булуттар» – деп айтышат. Алар сабак алышпайт жана ыйман да келтиришпейт.

(45) Оо, пайгамбар! Аларды азаптала турган кыямат күнгө чейин баш ийбестик кылып, каршы чыккан абалдарында тим кой.

(46) Ал күнү аз болобу же көп болобу, алардын айла-амалдары пайда келтирбейт жана аларды азаптан куткаруу аркылуу жардам да көрсөтүлбөйт.

(47) Ал эми өздөрүнө ширк жана күнөөлөрдү кылып зыян келтиргендерге акырет азабынан мурун бул дүйнөдө өлтүрүү жана туткунга алуу сыяктуу азаптар бар жана барзахта кабыр азабы бар. Бирок алардын көпчүлүгү муну билишпейт. Ошол себептен каапырлыктан кайтышпайт.

(48) Оо, пайгамбар! Раббиңдин чечимине жана шарият өкүмүнө сабыр кыл! Чындыгында сен Биздин көз алдыбыздасың жана коргообуздасың. Уйкудан турганда Раббиңе мактоолорду айтып аруула.

(49) Түн ичинде Раббиңди аруула, Ал үчүн намаз оку жана күндүн жарыгы менен жылдыздар өчүп бараткан мезгилде багымдат намазын оку.