(1) Кыямат күнүндөгү суракты ким жокко чыгарарын билесиңби?
(2) Ал муктаж болуп турган жетимди оройлук менен түрткөн адам.
(3) Ал өзүн дагы, башкаларды дагы кедей-кембагалдарды тамактандырууга чакырбайт.
(4) Намаздарына маани бербеген, убактысы өтүп баратса да шашылбаган намаз окуучулардын азабы тууралуу (айтылган).
(5) Намаздарына маани бербеген, убактысы өтүп баратса да шашылбаган намаз окуучулардын азабы тууралуу (айтылган).
(6) Алар намаздарын жана иш-аракеттерин көрүнүш үчүн кылышат. Иш-аракеттеринде Аллахка ыкластуулук кылышпайт.
(7) Жана жардам берүүдө эч кандай зыян келтирбеген нерселерде да башкаларга жардам беришпейт.