12 - Yusuf ()

|

(1) “Алиф лаам раа” бул тамгалар жана ушуга окшогон аяттар туурасында бакара сүрөөсүнүн башында айтылды. Бул сүрөөдөгү түшкөн мына ушул аяттар – ачык-айкын Курандын аяттарынан.

(2) Оо, арабдар! Силер Курандын маанилерин түшүнүш үчүн аны араб тилинде түшүрдүк.

(3) Оо, пайгамбар! Биз сага бул Куран китебин түшүрүү менен чыныгы болуп өткөн жана сөздөрү менен көркөмдүгү кемчиликсиз эң сонун окуяларды айтып беребиз. Чындыгында, бул окуяларды түшүргөнгө чейин сенин кабарың жок эле. Жана бул туурасында сенде эч кандай илим болгон эмес.

(4) Оо, пайгамбар! Юсуф атасы Якубга мындай деп айткандыгы туурасында Биз сага кабар беребиз. Ал: “Оо, атаке! Мен түшүмдө он бир жылдызды жана күн менен айды көрдүм. Жана алардын баары мага сажда кылып жатышкандыгын көрдүм” – деп айтты. Мына бул түш Юсуф пайгамбарга сүйүнүч кабары болгон.

(5) Якуб баласы Юсуфка мындай деп айтты: “Эй, балам! Бул түшүңдү агаларыңа айтпа. Түшүнүп калып сени көрө албай жүрбөсүн. Көралбастыктын айынан сага айла-амал кылып жүрбөсүн. Чындыгында, шайтан адамга ачык душман болду”.

(6) Оо, Юсуф! Сен бул түштү көрүшүң менен сени Раббиң тандап алат. Жана сага түш жорууну үйрөтөт жана сага пайгамбарлык берет. Ата-бабаларың Ибрахим жана Исхак пайгамбарларга Өз жакшылыктарын толуктап бергендей эле сага да жакшылыктарын толуктап берет. Чындыгында, Раббиң жараткан маклуктарын Билүүчү. Башкаруусунда Даанышман.

(7) Чынында Юсуф туурасында жана анын агалары туурасындагы кабарларда сураган адамдар үчүн сабактар жана эскертемелер бар.

(8) Анын агалары өз ара сүйлөшкөн кезде бири-бирине мындай деп айтышты: “Биздин бир тууганыбыз Юсуф биз көпчүлүк болсок да атабызга бизге караганда сүйкүмдүү

(9) Юсуфту өлтүргүлө же алыс жерге алып барып жок кылгыла. Ошондо атаңардын жүзү силерге бурулуп силерди толук жакшы көрүп калат. Силер Юсуфту өлтүрүп же жок кылгандан кийин кылган күнөөңөр үчүн тообо кылып жакшы адамдардан болосуңар.

(10) Агаларынын бирөөсү айтты: “Юсуфту өлтүрбөгүлө. Бирок аны кудуктун түбүнө таштап жибергиле. Кудуктун жанынан өткөн мусапырлар аны алып кетишет. Ошондо аны өлтүрүүдөн бир аз жеңилирээк болот. Эгерде ушул туурасында айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда ушундай кылгыла”.

(11) Качан алар Юсуфту алыска алып барып таштайбыз деген бир сөзгө келишкенде атасы Якубка келип мындай деп айтышты: “Оо, атаке! Эмнеге Юсуфту бизге берип ишене албайсыз? Биз ага ырайым кылып зыян келген нерседен сактайбыз. Юсуф сизге кайтып келгиче биз аны сактап жана коргоп боорукерлик менен алып барып келебиз. Юсуфту биз менен жөнөтүүгө сизди эмне тосуп жатат?”.

(12) Эртең Юсуфту биз менен барып тамак жеп эс алып ойноп келүүсүнө уруксат бериңиз. Биз ага жеткен бардык зыяндардан аны сактап жүрөбүз.

(13) Якуб балдарына мындай деп айтты: “Юсуф менен барганыңар мени капаландырат. Анткени ал менден ажырагандыгына сабыр кыла албаймын. Силер ойноп эс алып жатып андан кабарсыз калганда аны карышкыр жеп кетишинен коркомун.

(14) Алар атасына айтышты: “Эгерде ага карышкыр кол сала турган болсо, биз жамаат болуп туруп аны коргой албасак, анда бизден эч кандай пайда жок. Аны карышкырдан коруй албасак, анда биз зыянга учурап калабыз.

(15) Якуб Юсуфту алар менен жиберди. Аны алыска алып барышып, кудуктун түбүнө ыргытууну чечишти. Биз ошол учурда Юсуфка аян бердик: “Ушул кылган иштери жөнүндө аларга кабар бересиң, бирок алар сага маани беришпейт”.

(16) Юсуфтун агалары кечинде айла-амалдарын ишке ашырыш үчүн ыйламсырап атасына келишти.

(17) Алар айтышты: “Оо, атаке! Биз жаа атышып, жөө жарышып ойноп, Юсуфту кийимдерибиздин жана тамактарыбыздын жанына карап турсун деп таштап кетсек, карышкыр жеп кетиптир. Чындыгында биз ал жөнүндө айткан сөзүбүздө чынчыл болсок да сиз бизге ишенбейсизби?”.

(18) Юсуфту карышкыр жеп кетти деп көйнөгүнө анын каны болбогон башка бир канды боёп, бул кабарды айлакерлик менен тастыкташты. Бирок Якуб алардын жалган максатын кийимине карап түшүндү, анткени кийим тытылган эмес болчу. Якуб аларга айтты: “Бирок бул иш силер айткандай болгон эмес. Тескерисинче, напсиңер силерге кылган жаман ишиңерди кооз көргөздү. Эми менин кылар ишим – наалыбастан жакшы сабыр кылуу. Юсуф тууралуу силер айткан сөздө Аллахтан гана жардам сурайм”.

(19) Анан жолоочу кербен келип, аларга суу алып келүүчү адамды кудукка жиберишти. Ал чакасын кудукка ыргытканда Юсуф анын жибинен кармап илинип алды. Чаканы ыргыткан киши аны көргөндө – Сүйүнчүү! Бул бала го, - деп кубанып кетти. Суу алып келүүчү жана анын достору аны башка жолоочулар көрүп калбасын деп буюмдардын арасына жашырып коюшту. Аллахтын алдында алардын кылган иштери жашыруун эмес. Юсуфту кордоп, сатыкка койгондугун Аллах Билүүчү.

(20) Суу алып келүүчү жана анын достору Мисирге келгенде Юсуфтан тез кутулуш үчүн саналуу дирхамга сатып жиберишти. Анткени, анын абалынан кул эместиги билишти. Өз жандарына зыян болбосун деп анын туугандарынан коркушту. Ошондуктан алар менен көпкө калбады. Булда болсо Аллахтын Юсуфка болгон толук ырайымынан.

(21) Аны Мисирде сатып алган киши аялына айтты: “Ага жакшы мамиле кылып, биз менен болгондо ага сый көрсөт. Балким өзүбүздүн кээ бир муктаждыктарыбызды бүтүрүүгө пайдасы тиет. Же болбосо аны бала кылып багып алабыз. Юсуфту өлүмдөн сактагандай, аны кудуктан чыгардык. Ошондой эле вазирдин жүрөгүн ага жумшартып койдук. Ага түш жооруну үйрөтүү үчүн аны Мисирде жашаттык. Аллах Өз ишинде Жеңүүчү жана Анын буйругу дайыма ишке ашат жана аны эч ким мажбурлай албайт. Бирок адамдардын көпчүлүгү ал нерсени билишпейт. Анткени алар каапырлар.

(22) Юсуфтун денеси күчкө толгон жашында илим жана туура түшүнүк бердик. Ушул сыяктуу сыйлыкты Аллахка сыйынып, жакшы иш кылгандарга да беребиз.

(23) Вазирдин аялы жумшактык жана айлакерлик менен Юсуфтан бузукулукка барууну суранып, аны менен жалгыз калыш үчүн эшиктердин баарын кулптады да ага: «Бери келчи мага!» – деди. Юсуф айтты: «Аллах мени бул чакырып жаткан ишиңден сактасын! Менин кожоюнум өз алдынан мени жакшы орунга жайгаштырды. Мен ага эч качан кыянат кылбайм. Ага кыянаттык кылчу болсом залымдардан болуп калам. Чындыгында залымдар жеңишке жетишпейт».

(24) Ал аялдын напсиси бузукулук кылууну каалады. Эгерде ошол нерседен аны токтотуп алыстаткан Аллахтын белгилерин көрбөгөндө, ал нерсе анын да оюна келмек. Аны жамандыктан сакташ үчүн жана аны зына менен кыянаттыктан алыстатыш үчүн Биз ага аларды көрсөттүк. Чындыгында Юсуф пайгамбарлыкка тандалган пенделерибизден эле.

(25) Экөө тең эшикти көздөй жарыша чуркап жөнөштү, Юсуф өзүн сакташ үчүн, тигил болсо аны чыгарбаш үчүн. Ошондо аны чыгарбайын деп көйнөгүнөн тартканда арка жагы айрылып кетти. Экөөсү эшиктин оозунан күйөөсүнө туш болуп калышты. Вазирдин аялы вазирге жалган сүйлөп: «Оо, вазир! Сиздин аялыңыз менен бузукулук кылам дегендин жазасы – зындан же жан кыйноочу азап болсун!» – деди.

(26) Юсуф (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) мындай деди: «Ал өзү мени бузук ишке чакырды. Мен аны каалаган да эмесмин». Аялдын туугандарынан бирөө күбө болуп: «Эгерде Юсуфтун көйнөгү алды жагынан айрылса, анда аялдын айтканы чын экенине далил болот. Анткени, аял андан өзүн коргогон болот. Мында тиги (Юсуф) жалганчы болот.

(27) А, эгер анын көйнөгүнүн арты айрылса, анда бул Юсуфтун чын айтып жатканына далил болот. Анткени аял аны азгырды, ал болсо андан качты. Мында аял жалганчы болот».

(28) Вазир Юсуфтун көйнөгү арт жагынан айрылганын көргөндө анын айткан сөзү чын экени анык болду. Ал айтты: «Эй, аялдар! Мунун буга жапкан жалган жалаасы – силердин айлакерлигиңерден. Чындыгында силердин айлакерлигиңер өтө күчтүү».

(29) Юсуфка айтты: «Оо, Юсуф! Бул болгон ишти көңүлүңө алба, аны эч кимге айтпа! А сен болсо күнөөң үчүн кечирим сура. Чындыгында сен Юсуфту азгырганың себептүү күнөөкөр болдуң».

(30) Шаарда ал тууралуу сөз таркады. Бир топ аялдар жактырбагандай: «Вазирдин аялы өз кулун азгырыптыр. Аны чын дилинен сүйүп калыптыр. Биз анын азгырганын жана сүйүп калганын ачык эле адашуу деп ойлойбуз» – деп сөз кылышты.

(31) Вазирдин аялы алардын жамандагандарын жана ал жөнүндө ушактагандарын укканда алар өздөрү Юсуфту көрүшсүн, анан аны жемелегенин токтотушат деп аларга адам жиберип чакыртты. Алар үчүн төшөктөрдү салып, жаздыктарды коюп атайын жай даярдады да келген аялдардын ар бирине мөмө-жемиш кесип жесин деп бирден бычак берип: «Булардын алдына чык!» – деп Юсуфка айтты. Алар аны көрүшөрү менен ушунчалык улуктап, анын сулуулугуна акыл-эстен тана таңданышып, акыры ушунчалык суктангандарынан мөмө-жемиш кесиш үчүн берилген бычактар менен колдорун кесе башташты. Алар: «Аллах аруу! Бул бала адамзаттан эмес. Бул анык эле кереметтүү периштелердин бири го!» – дешти.

(32) Аялдар өздөрүнө эмне болгонун көрүшкөндө вазирдин аялы аларга айтты: «Аны сүйүп калганым үчүн силер мени айыптаган жигит ушул! Мен андан сурандым, аны азгырыштын айласын издедим, бирок ал баш тартты. Эгерде ал мен талап кылганды келечекте кылбай турган болсо, анда ал сөзсүз зынданга кирет жана кордолгондордон болот».

(33) Юсуф пайгамбар Раббисине дуба кылып айтты: «Оо, Раббим! Алар мени чакырып жаткан бузукулукка караганда коркутуп жатышкан зынданы мага сүйүктүүрөөк. Эгерде Сен мени алардын айла-амалдарынан куткарбасаң, аларга тартылып кетем. А эгер аларга тартылып кетсем, анда наадандардан болуп калам жана алар менден каалап жатышкандарын ишке ашырышат».

(34) Аллах анын дубасын кабыл кылды. Аны вазирдин аялы менен шаардык аялдардын айла-амалдарынан куткарды. Чындыгында Аллах таала Юсуфтун дубасын жана ар бир дуба кылуучунун дубасын Угуучу, анын жана башкалардын абалдарын Билүүчү.

(35) Вазир жана анын жан-жөөкөрлөрү далилдердин негизинде Юсуфтун күнөөсүз экендигин көрүшкөндөн кийин бул уят иш элге жайылып кетпесин деп белгисиз мөөнөткө аны зынданга отургузуу тууралуу ойго макулдашышты.

(36) Аны зынданга отургузушту. Аны менен кошо эки жигит да отурду. Ошолордун бирөөсү Юсуфка: «Мен түшүмдө шарап жасаш үчүн жүзүм сыгып жатыптырмын» – деди, ал эми экинчиси болсо: «А мен түшүмдө башыма нан көтөрүп баратыпмын, андан чымчыктар жеп жатышыптыр» – деп түштөрүн айтып: «Оо, Юсуф! Эми түшүбүздү жоруп берчи. Биз сени жакшылыгын аябаган адамдардан деп ойлойбуз» – дешти.

(37) Юсуф айтты: «Экөөңөргө падыша жана башкалар тараптан берилген тамагыңар келгенге чейин силерге анын акыйкатын жана кандай болорун айтып берейин. Мына бу мен билген түш жоруу касиети мага Раббим үйрөткөн нерселерден. Бул көзү ачыктык же жыздыз төлгө эмес. Чындыгында мен Аллахка ыйман келтирбеген коомдун динин таштадым. Анткени алар акыретке ишенишпейт.

(38) Мен ата-бабаларым – Ибрахим, Исхак жана Якубдун динин ээрчидим. Ал – жалгыз Аллахка сыйынуу дини. Биз үчүн Аллахка башкаларды шерик кылуу ылайык эмес жана жалгыз сыйынуучулук Ага гана таандык. Мен жана ата-бабаларым тутунган ошол жалгыз Аллахка сыйынуучулук менен ыйман – бизге ийгилик берген Аллахтын жакшылыктарынан жана жалпы адамдарга кылган жакшылыктарынан. Анткени Ал аларга пайгамбарларды жиберди. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылышпайт, тескерисинче, аларды танышат».

(39) Андан соң Юсуф зындандагы эки жигитке кайрылып айтты: «Көп кудайларга сыйынуу жакшыбы, же эч бир шериги жок Жалгыз жана жеңилбес Каардуу Аллахка сыйынган жакшыбы?».

(40) Аллахтан башка силер сыйынып жаткан нерселер өзүңөр жана ата-бабаларыңар кудайлар деп атап алышкан атына заты туура келбеген аталыштардан башка эч нерсе эмес. Алардын кудай болууга эч кандай укугу жок. Силер аларга ысымдарды ыйгарып алганыңарды туура дегенге Аллах эч кандай далил түшүргөн эмес. Бүткүл жаратылгандардын өкүмү – силер жана ата-бабаларыңар атап алган ысымдарга эмес, жалгыз Аллахка гана таандык. Аллах силерди жалгыз Ага гана сыйынууңарды буйруду жана Ага башкаларды шерик кылууңарды тыйды. Мына ошол жалгыз Аллахка сыйынуучулук – эч кандай бурмалануусу жок туура дин. Бирок көпчүлүк адамдар муну билишпейт. Ошол себептен алар Аллахка шерик кошушуп, кээ бир жаратылгандарга сыйынышат.

(41) Оо, менин зындандагы шериктерим! Түшүндө шарап жасаш үчүн жүзүм сыгып жатканын көргөн адам мурунку ишине кайтып, кожоюнуна шарап куюп берет. Ал эми түшүндө башына нан көтөрүп, андан чымчыктар чокуп жатканын көргөн адам болсо буту-кулунан дарга кагылып өлтүрүлөт, анан чымчыктар анын башынын этинен чокуп жешет. Силер өкүмүн сураган иштин толук чечмелениши ушундай. Ал сөзсүз ишке ашат.

(42) Юсуф экөөсүнөн аман чыгат деп ойлогонуна, тагыраак айтканда кожоюнуна шарап куюп бере турганына айтты: «Кожоюнуңа менин окуямды жана абалымды айтканды унутпа! Балким ал мени зындандан чыгарар». Кийин шайтан шарап коюучуга Юсуф тууралуу кожоюна айтканды унуттуруп койду. Ошондон кийин да Юсуф зынданда бир топ жыл жатты.

(43) Падыша айтты: «Мен түшүмдө жети семиз уй көрдүм. Аларды жети арык уй жеп жатыптыр. Ошондой эле жети даана жашыл машак жана жети даана куураган машак көрдүм. Эй, башчылар жана кадырмандар! Кимиңер бул түштүн жандырмагын билсеңер, анда мага түшүмдү жоруп бергиле».

(44) Алар айтышты: «Көргөн түшүңүз чаташкан түш экен. Эгер ушундай болсо, анда ал жорулбайт. Биз чаташкан түштөрдү жоруй албайбыз».

(45) Ошондо зындандан аман чыккан шарап куюучу Юсуфтун түштү жакшы жоруганын жана анын абалын көп убакыттан кийин эсине түшүрүп: «Мен сиздерге падышанын көргөн түшү кандай жоруларын түш жоруганды жакшы билген бирөөдөн сиздерге суратып берейин. Оо, падыша! Мени Юсуфка жибериңиз, түшүңүздү жорутуп келейин» – деди.

(46) Аман чыкканы Юсуфка келип айтты: «Оо, Юсуф! Оо, чынчыл жигит! Бирөө түшүндө жети семиз уй көрүп, аларды жети арык уй жеп жаткан экен. Ошондой эле жети даана жашыл машак жана жети даана куураган машак көрүптүр. Бизге бул түштү жоруп бер. Мен падышага жана анын жанындагыларга барып айтайын. Балким алар падышанын түшүнүн маанисин билишер жана сенин артыкчылыгыңды жана кадырыңды баамдашар.

(47) Юсуф бул түштү жоруп мындай деди: «Жети жыл бою жакшылап буудай эгесиңер. Ошол жети жылдын ар бир жылында жыйнаган түшүмдөн өзүңөргө жете тургандай аз гана бөлүгүн жегенге жанчып алып, ал эми калган бөлүгүн курттап кетпеш үчүн машагы менен калтырасыңар.

(48) Андан соң ошол мол түшүмдүү жети жылдан кийинки жети жыл кургакчылык болот. Ошол жылдары адамдар мол түшүмдүү жылдары жыйнап сактап койгон түшүмдүн аз гана бөлүгүн урукка алып калышат да калганын өздөрү жешет.

(49) Андан соң ошол кургакчылык жылдардан кийинки жылы көп жамгыр жаайт, эгиндер көктөйт жана адамдар жүзүм, зайтун, кант камышы сымал керектүү жемиштердин ширелерин сыгып алышат».

(50) Падышанын түшүн Юсуф кандай жоруганын уккандан кийин жан-жөкөрлөрүнө: «Аны зындандан чыгаргыла да мага алып келгиле!» – деди. Юсуфка падышадан элчи келгенде ал ага айтты: «Башчы кожоюнуңа барып колдорун кесишкен аялдардын окуясын сурагын. Чындыгында Раббим алардын мени азгырганын Билүүчү. Ага бул нерсенин эч бири жашыруун эмес». Ал муну зындандан чыгардан мурун өзүнүн актыгын билдириш үчүн айтты.

(51) Падыша (Малик) аялдарга кайрылып: "Эмне үчүн Юсуфту өзүңөр менен бузуку ишке баруусун талап кылдыңар?" деди. Аялдар: "Аллахка ант болсун, биз анын эч жамандыгын көрбөдүк, ага жалаа жабылып жатат" деп жооп беришти. Ошондо ызаттуу кишинин аялы (Зулайка) айыбын моюнуна алып: "Чындык ачыкка чыкты, мен аны азгырууга аракет кылгам, ал мени азгырган эмес, анын өзүнүн тазалыгы жана менин жалган жалаам тууралуу айтканы чындык" деди.

(52) Вазирдин аялы айтты: «Мен аны өзүм азгырганымды жана күйөөм жокто ага кыянаттык кылбаганым чын деп айткан сөзүн мойнума алып жатканымды Юсуф билсин. Мен мындан жалган айткандар менен айла-амал кылгандарга Аллах ийгилик бербесин түшүндүм».

(53) Вазирдин аялы сөзүн улап мындай деди: «Жамандык ишти каалаганымды танбайм. Мен муну менен өзүмдү актайын деген оюм жок. Анткени адамдын напсиси өзү каалаганга тартканы үчүн жана аны токтотуш кыйынга турганы үчүн ал жаман иштерге көп буйруйт. Бир гана Аллах ырайым кылган напсилер гана андай кылышпайт. Аллах аларды жамандыкка буюруудан коргоду. Чындыгында Раббим тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу».

(54) Падыша Юсуфтун күнөөсүз экенин билгенден кийин жардамчыларына: «Аны мага алып келгиле! Мен аны өзүмө жакын алып жүрөйүн" деди. Юсуфту ага алып келишти. Аны менен сүйлөшкөндөн кийин анын билимдүү жана акылдуу экени анык болду. Падыша ага: «Юсуф! Бүгүнтөн тарта сен биздин алдыбызда кадырлуу, ардактуу жана ишенимдүү адамга айландың» деди.

(55) Юсуф падышага: «Мени Мисир жергесинин мал-мүлк жана азык-түлүк казыналарына башчы кылып дайындаңыз. Чындыгында мен ишенимдүү казыначымын жана аткарган ишимди мыкты билемин».

(56) Биз Юсуфту актап жана абактан куткарып жакшылык кылганыбыз сыяктуу эле ага Мисирде бийлик кылууну да бердик. Ал өзү каалаган жерине конуп жашай алат. Биз бул дүйнөдө Өзүбүз каалаган пенделерибизге ырайымдуулугубуздан беребиз жана жакшылык кылгандардын сообун жок кылбайбыз. Тескерисинче, аларга соопторун эч кемитбестен толук кылып беребиз.

(57) Аллахка ыйман келтирип, Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан коркушкандар үчүн даярдап койгон акыреттеги Аллахтын сообу – бул дүйнө сообунан да жакшыраак.

(58) Юсуфтун бир туугандары Мисир жерине буюм-тайымдары менен келишип анын үстүнө киришкенде анын бир туугандары экенин тааныды. Бирок арадан көп убакыт өтүп, сырткы келбети өзгөргөнү себептүү алар Юсуфту таанышкан жок. Анткени аны кудукка таштаганда кичинекей бала эле.

(59) Аларга сураган азык-түлүктөрүн бергенде алар аталаш дагы бир тууганы бар экенин жана ал атасы менен калганын айтышканда ал айтты: «Ошол аталаш бир тууганыңарды да алып келгиле, мен силерге дагы бир төөлүк азык кошуп беремин. Көрдүңөр го, силерге өлчөмүн кемитпестен толук ченеп бердим. Мен эң жакшы меймандосмун.

(60) Эгерде аны алып келбесеңер, анда аталаш бир тууганыбыз бар деген сөзүңөр жалган экени анык болот. Ошондо силерге азык-түлүк да бербейм, менин жериме да жолобойсуңар».

(61) Ошондо бир туугандары ага: «Биз аны атабыздан сурайбыз. Колубуздан келишинче аракет кылабыз. Чындыгында биз сенин буйругуңду кайдыгер карабай аткарабыз» – дешти.

(62) Юсуф жумушчуларына айтты: «Берген буюмдарын кошо салып койгула. Алар кайтып барышканда биз аларга сатпаганыбызды билишсин. Бул аларды чынчыл экендиктерин тастыкташ үчүн жана алар буюмдарын кайтарыш үчүн дагы бир ирет бир тууганы менен кайтып келүүлөрүнө түртөт».

(63) Алар атасына кайтып келишип Юсуфтун берешендиги тууралуу окуяны кеп кылып мындай дешти: «Оо, атаке! Эгерде биз бир тууганыбызды алып барбасак, бизге азык-түлүк берилбей турган болду. Аны биз менен жибериңиз. Жеибере турган болсоңуз азык топтоп алабыз. Ал сизге эсен-аман кайтып келиши үчүн аны коргойбуз деп сизге убада беребиз».

(64) Аларга атасы айтты: «Мурда агасы Юсуфту силерге ишенип тапшыргандай эми анын бир тууганын да тапшырмак белем?! Мен силерге аны ишенип тапшырган болчум, силер аны коргойбуз деп убада берген элеңер, бирок удабаңарды аткарбадыңар. Эми силердин сактайбыз деген убадаңарга ишенбейм. Мен Аллахка гана ишеним артам. Ал сактагысы келгендерди эң жакшы сактоочу жана Өз ырайымын каалагандарга өтө ырайымдуу».

(65) Качан алар алып келишкен азык-түлүк куржундарын ачышканда ичинен буюмдарын таап алышып атасына: «Ушундай жоомарттыктан кийин биз бул башчыдан эмнени сурайбыз? Мына бу азык-түлүккө бааланган буюмдарды башчы өз айкөлдүгү менен бизге кайтарыптыр. Биз үй-бүлөбүзгө азык-түлүк алып келебиз, сиз корккон инибизди коргойбуз жана ал үчүн да бир төөлүк ашыкча жүк алып келебиз. Ал эми бир төөлүк жүктү ашыкча берүү – башчы үчүн өтө жеңил иш».

(66) Атасы аларга айтты: «Силер аны кайра алып келебиз деп Аллахтын алдында анык убада бермейинче аны силер менен жибербейм. Силердин баарыңар кыйрап кетсеңер же араңардан эч бириңер аман калбасаңар же аны коргоп же кайтара албай калсаңар гана кечиремин». Качан алар Аллахтын анык убадасын беришкенде ал айтты: «Биздин бул сөздөрүбүзгө Аллах Өзү күбө. Анын күбөлүгү бизге жетиштүү».

(67) Аларга атасы осуят кылып айтты: «Шаарга киргенде чогу бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктен киргиле! Мунун себеби кимдир бирөө силерге зыян берүүнү кааласа зыяны баарыңарга чогу тийип калуусунан сактайт. Бирок бул нерсени Аллах силерге каалаган зыяндан коргош үчүн же Аллах силерге каалабаган пайдага жеткириш үчүн айткан жокмун. Тагдыр – Аллахтын гана жазган тагдыры. Буйрук дагы Анын гана буйругу. Бардык иштеримде Ага гана тобокел кылдым. Тобокел кылгандар бардык иштеринде жалгыз Ага гана тобокел кылышат».

(68) Алар иниси менен чогу жөнөп кетишти. Алар атасы буйругандай ар башка эшиктен киришсе да алардын ар башка эшиктен киришкени Аллахтын аларга тагдыр кылган нерсесин тосо албайт. Чындыгында бул Якубдун балдарына карата болгон боорукерлиги жана айткан осуяты. Ал Аллахтын тагдырынан башка эч бир тагдыр жок экенин билет. Анткени ал тагдырга ишенүү жана себептерди аткаруу сыяктуу Биз ага үйрөткөн нерселерди билет. Бирок адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.

(69) Качан Юсуфтун бир туугандары анын үстүнө иниси менен чогу киришкенде инисин өзүнө жакындатып сыр кылып айтты: «Мен сенин бир тууган агаң Юсуфмун. Бир туугандарыңдын бизге болгон ыза берүүсү, жек көрүүсү жана мени кудукка таштаган сыяктуу ойлонбостон кылган иштерине капаланба».

(70) Качан Юсуф кызматчыларына бир туугандарынын азык-түлүктөрүн төөлөргө жүктөөнү буйруганда адамдарга азык-түлүктү ченеген падышанын чөйчөгүн инисинин куржунуна аларга билгизбей салып коёт. Бул аны өзү менен бирге калтыруунун айла-амалы болчу. Алар үйүн көздөй жол тартканда арттан бир адам жар салып: «Эй, азык-түлүк жүктөлгөн төө ээлери! Силер анык ууру экенсиңер» – деп келет.

(71) Юсуфтун бир туугандары артта кыйкырып келе жаткан адамды жана анын жанындагы жан-жөкөрлөрүн көздөй бет алып: «Бизди ууру деп айыптай турганчалык эмнеңерди жоготтуңар?» – деп сурашты.

(72) Жарчы менен анын жан-жөкөрлөрү Юсуфтун бир туугандарына: «Падышанын ченегич чөйчөгүн жоготтук. Биз өзүбүз тинтигенге чейин падышанын чөйчөгүн ким тапса, ага сыйлык бар. Ага бир төө жүгү менен берилет. Мен буга өзүм кепилдик беремин» – деп айтты.

(73) Юсуфтун бир туугандары аларга: «Аллахка ант болсун! Силер биздин акыбалыбызды көргөндөй эле ак ниеттүүлүгүбүздү жана буга катышыбыз жок экенин билдиңер. Биз Мисир жерине бузукулук кылганы келбедик жана биз жашоодо ууру эмеспиз» – дешти.

(74) Жарчы менен анын жан-жөөкөрлөрү айтышты: «Уурулукка катышыбыз жок деп жалган айткан болсоңор, анда силерде уурдаган адамга кандай жаза берилет?»

(75) Юсуфтун бир туугандары айтышты: «Уурунун биздеги жазасы – уурдалган буюм кимдин куржунунан табылса, анда ал адам буюмдун ээсине берилет, ал аны кул кылат. Биз ууруларды мына ушинтип кул кылып жазалайбыз».

(76) Аларды Юсуфка куржундарын текшерткени алып келишти. Айла-амалды жашырыш үчүн инисинин куржунунан мурун агаларынын куржундарын текшерип баштады. Андан соң инисинин куржунун текшерди. Анын куржунунан падышанын чөйчөгүн сууруп чыкты. Биз Юсуфка инисинин куржунуна чөйчөктү салдырып айла-амал үйрөткөнүбүз сыяктуу ага башка бир айла-амалды да үйрөттүк. Ал айла-амал бир туугандарын өздөрү жактын салты боюнча ууруну кул кылып жазалоо эле. Эгерде ал падышанын жазасы боюнча ууруга балак уруп, айып пул төлөтүү менен жазалай турган болсо, анда бул нерсе ишке ашпайт болчу. Бир гана Аллах башка айла-амалды кааласа ишке ашмак. Ал ага кудуреттүү. Биз Юсуфтун даражасын көтөргөн сыяктуу Өзүбүз каалаган пенделерибиздин да даражасын көтөрөбүз. Ар бир илимдүүнүн үстүндө андан да илимдүүсү бар. Ал эми Аллахтын илими бүткүл илимден жогору турат. Ал бүт баарын билет.

(77) Юсуфтун бир туугандары айтышты: «Ал уурдаса таң калыштын кереги жок. Буга чейин мунун агасы да уурулук кылган деп Юсуфка тийиштирип айтышты. Алардын бул сөзү ага катуу тийгенин ичине катып сыр бербеди. Аларга ичинен мындай көрө албастык менен кара ниеттикти мурун да кылгансыңар. Ушул жерде да бул кылганыңар анык кара ниеттик. Силердин кылып жаткан бул жалган жалааңарды Аллах таала жакшы билет».

(78) Юсуфтун бир туугандары ага айтышты: «Оо, башчы! Бул баланын карып калган атасы бар. Ал муну аябай жакшы көрөт. Сен мунун ордуна бирөөбүздү алып кал. Чындыгында сенин бизге жана башкаларга кылган мамилеңден сени жакшылыгын аябаган адамдардан деп билебиз. Бизге бир жакшылык кыла көр».

(79) Юсуф пайгамбар айтты: «Аллах сактасын! Биз күнөөлүүнүн кылмышы менен күнөөсүзгө зулумдук кылып, падышанын чөйчөгү куржунунан табылгандан башка бирөөнү алып калмак белек?! Эгерде биз күнөөсүздү жазалап, күнөөлүүнү коё берсек, анда анык залым болобуз.

(80) Юсуф алардын суранычына жооп бергенден кийин үмүттөрү үзүлүп адамдардан четирээк барып кеңешишти. Алардын улуусу айтты: «Атаңарга анын баласын алып келебиз деп Аллахтын алдында анык убада бергениңерди унуттуңарбы? Ал силерге аны коргой албай тургандай абалга кабылсаңар гана кечирем деген. Буга чейин Юсуфка да кайдыгерлик кылгансыңар. Ал тууралуу атаңарга берген убадаңарды да аткарган эмессиңер. Эми атам мага кайтып барууга уруксат бермейинче же Аллах инимди алып кетүүнү насип кылмайынча мен Мисир жеринен кайтпайм. Аллах эң жакшы өкүм кылуучу. Ал акыйкат жана адилеттик менен өкүм кылат».

(81) Улуу агасы айтты: «Атаңарга баргыла да ага айткыла: «Балаңыз уурулук кылды. Уурулугунун жазасы катары Мисирдин башчысы аны кул кылды. Анын куржунунан падышанын чөйчөгү чыкканын өз көзүбүз менен көрүп билгенибиз үчүн гана айтып жатабыз. Биз анын уурдашын билген эмеспиз. Эгер муну билгенибизде анда сизге кайра алып келебиз деп убада бербейт элек.

(82) Оо, атаке! Биздин сөзүбүз чын экенин билгиңиз келсе, биз барган жердеги мисирликтерден сураңыз жана биз менен бирге келген кербендеги адамдардан да сураңыз. Алар биз сизге айткан сөздү айтышат. Чындыгында анын уурдаганы тууралуу сизге айткан сөзүбүздө чындыкты гана айтып жатабыз».

(83) Аларга атасы айтты: «Аны уурдады деп айткан сөзүңөр акылга сыйбаган иш. Бирок силерге напсиңер ага айла-амал кылууңарды кооз кылып көрсөтүптүр. Буга чейин анын агасы Юсуфка да ушундай айла-амал кылгансыңар. Эми жакшы гана сабыр кылам жана Аллахтын Өзүнө гана арызданам. Балким Аллах алардын баарысын – Юсуфту, анын инисин жана алардын улуу агасын чогу кайтарар. Чындыгында Аллах менин абалымдан Кабардар жана менин ишимди жөнгө салууда Даанышман».

(84) Алардан жүзүн буруп: «Аттиң ай, Юсуф балама болгон кайгым жан кыйнады го!» – деди. Баласы үчүн көп ыйлагандыгынан анын көзүнүн карасы бозоруп, кайгы-капага толуп кеткен эле. Бирок ал кайгысын адамдарга айтчу эмес.

(85) Юсуфтун бир туугандары атасына айтышты: «Оо, атаке! Аллахка ант! Юсуфту эстеп кыйнала берип ооруңузду да күчөтүп алдыңыз же ушинте берип акыры өзүңүздү жок кыласыз».

(86) Атасы аларга айтты: «Башыма түшкөн кайгы-капамды жалгыз Аллахка гана айтып арызданам. Мен Аллахтын мээримдүүлүгү, жакшылык кылуусу, зарыккандын дубасына жооп берүүсү жана башына кыйынчылык түшкөн адамга берген сыйлыгы тууралуу силер билбеген нерселерди билемин».

(87) Аларга атасы айтты: «Оо, балдарым! Баргыла да Юсуф менен инисинен кабар алгыла! Аллахтын пенделерине болгон куткаруусунан үмүт үзбөгүлө! Чындыгында каапыр коом гана анын куткаруусунан үмүт үзөт. Анткени алар Аллахтын кудуретинин улуулугун жана пенделерине кылган жашыруун жакшылыктарын билишпейт».

(88) Алар атасынын буйругуна баш ийишип Юсуф менен инисин издеп жөнөштү. Качан алар Юсуфка киришкенде ага айтышты: «Башыбызга катаалчылык жана жакырчылык түштү. Биз сага сатканга бир аз буюмдарыбызды алып келдик. Эми сен мурда тартып бергендей кылып толук эле тартып бер. Бизге бир аз ашырып же арзыбаган буюмдарыбызга карабай садака кыла көр. Чындыгында Аллах садака берүүчүлөргө эң жакшы сыйлыктарды тартуулайт».

(89) Алардын сөздөрүн уккандан кийин аларга боору ооруп кетти да аларга өзүнүн ким экенин айтып: «Кылган ишиңердин акыбети эмнеге алып барарын билбестен туруп Юсуф менен инисине эмне кылганыңар эсиңердеби?» – деди.

(90) Ошондо алар айран таң калышып: «Сен чын эле Юсуфсуңбу?» – дегенде Юсуф аларга айтты: «Ооба, мен Юсуфмун. Мына бу жанымда турган менин бир тууган иним. Аллах бизди мурунку абалыбыздан куткарып жана кадырыбызды көтөрүп бизге жакшылык кылды. Кимде-ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Ага моюн сунса жана кыйынчылыкка сабыр кылса, анда анын кылганы жакшылык иштерден. Аллах жакшылык кылгандардын сообун жок кылбайт. Тескерисинче, аны алар үчүн сактап коёт».

(91) Бир туугандары кылган иштери үчүн кечирим сурашып: «Аллахка ант! Аллах сага кемчиликсиз сыпаттарды берип сени бизден артык кылды. Чынында биз сага кылган ишибизде каталык жана зулумдук кылдык» – деп айтышты.

(92) Юсуф аларды кечирип мындай деп айтты: «Бүгүн силерди жазалап же жамандай тургандай силерге эч кандай айыптоо жок. Аллахтан силерди кечирүүсүн сурайм. Ал ырайымдуулардын Ырайымдуусу».

(93) Алар атасынын көзүнө эмне болгону тууралуу ага айтышканда ал көйнөгүн берип: «Бул көйнөгүмдү алып барып атамдын жүзүнө жапкыла, ошондо көзү көрүп калат. Баарыңар үй-бүлөңөр менен мага кайтып келгиле» – деп айтты.

(94) Кербен Мисирден чыгып шаардан алыстаган кезде Якуб пайгамбар балдарына жана жанындагы жердештерине: «Мен чындап эле Юсуфтун жытын сезип жатам. Силер бул чал алжып калды, эмне деп жатканын да билбейт деп мени акылынан адашкан деп жүрбөгүлө» – деп айтты.

(95) Анын алдындагы балдары ага: «Аллахка ант! Сиз дагы деле Юсуфтун кадырын эстеп жана аны экинчи ирет көрүүгө мүмкүнчүлүк болот деген эски ойлоруңуздан эч эле кайтпадыңыз го» – дешти.

(96) Якубга сүйүнүч кабарды алып келген адам анын жүзүнө Юсуфтун көйнөгүн ыргытканда анын көзү көрүп калды. Ошондо ал балдарына: «Мен Аллахтын мээриминен жана жакшылыгынан силер билбеген нерселерди билем деп айттым эле го?» – деп айтты.

(97) Балдары атасы Якуб пайгамбардан Юсуф менен инисине кылган нерселери үчүн кечирим сурашып: «Оо, атаке! Биздин өткөн күнөөлөрүбүз үчүн Аллахтан кечирим сураңыз! Чындыгында биз Юсуф менен инисине жамандык кылган күнөөкөрлөрдөн болдук» – дешти.

(98) Аларга атасы айтты: «Эми Раббимден силер үчүн кечирим сураймын. Чындыгында ал тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу».

(99) Якуб үй-бүлөсү менен өз жеринен Юсуфту көздөй Мисирге жөнөштү. Качан алар ага киришкенде ата-энесин кучактады жана үй-бүлөлөрү менен турушкан бир туугандарына: «Аллахтын каалоосу менен тынчтыкта Мисирге кош келдиңиздер! Бул жерде эч кандай ыза тартпайсыздар» – деп айтты.

(100) Ата-энесин өзү отурган тактыга отургузду. Ата-энеси жана он бир бир тууганы ага сажда кылып учурашышты. Бул сажда түшүндө көргөндөй Аллахтын буйругун ишке ашырыш үчүн кылынган таазим кылуу саждасы эле, сыйынуу саждасы эмес. Ошондуктан Юсуф пайгамбар атасына: «Сиздердин мага сажда кылып учурашканыңыздар – мен мурда көрүп сизге айтып берген түшүмдүн жандырмагы. Раббим ал түшүмдү ишке ашырды. Раббим мени абактан чыгарып, мени менен бир туугандарымдын ортосун шайтан бузгандан кийин сиздерди алыскы чөлдөн мага алып келип жакшылык кылды. Чындыгында Раббим Өзү каалаган иштеринде Мээримдүү. Ал пенделеринин абалдарын Билүүчү, Өз башкаруусунда Даанышман».

(101) Андан соң Юсуф Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Сен мага Мисирдин бийлигин бердиң, түш жооруганды үйрөттүң. Оо, асмандар менен жердин Жаратуучусу жана ал экөөсүн мурда болбогондой көрүнүштө пайда Кылуучу! Сен менин бул дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык иштеримди башкаруучусуң. Ажалым жеткенде мусулман абалда жанымды ал. Мени ата-бабаларымдан жана башкалардан болгон пайгамбарлар менен улуу Фирдаус бейишинде бирге кыл!»

(102) Оо, пайгамбар! Биз сага кабар берген Юсуф менен анын бир туугандары тууралуу бул окуяны сен билчү эмессиң. Анткени Юсуфтун бир туугандары аны кудуктун түбүнө таштайбыз деп чечишип, айла-амалдарды ойлоп табышкан маалда сен алардын жанында эмес элең. Бирок биз сага мунун кабарын бердик.

(103) Оо, пайгамбар! Сен адамдар ыйман келтиришсин деп болгон аракетиңди жумшасаң да алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт. Андыктан алар үчүн өзүңдү кыйнап сыгылба.

(104) Оо, пайгамбар! Эгерде алар акыл жүгүртүшкөндө анда сага ыйман келтиришмек. Анткени сен алардан Куран үчүн жана аларды чакырган нерсең үчүн акы сураган жоксуң. Куран жалпы адамдар үчүн эскертүү гана.

(105) Асмандар менен жерде Аллахтын жалгыздыгын тастыктап билдирген көптөгөн аят-белгилер бар. Алар анын үстүндө басып жүрүшөт, бирок алар тууралуу ой-жүгүртүүдөн жана ибарат алуудан баш тартышат жана аларга көңүл да бурушпайт.

(106) Адамдардын көпчүлүгү Аллахты Жаратуучу, ырыскы Берүүчү, Өлтүрүүчү, Тирилтүүчү деп ишенишет, бирок Аны менен катар башка кудайларга жана айкелдерге сыйынышат. Алар Анын баласы бар деп айтышат. Ал андан Аруу.

(107) Мушриктер бул дүйнөдө коргоно албай тургандай жаза аларды каптап басып келишинен, же болбосо кыямат келет деп ага даярдык көрүшпөй, анын келишин сезбей турушканда капыстан аларга кыямат келип калуусунан көңүлдөрү тынчпы?! Мына ошондуктан алар ыйман келтиришпейт.

(108) О, пайгамбар! Сен даават кылгандарга минтип айт: «Ушул менин жолум. Мен адамдарды ушул жолго чакырам. Бул жолго мен жана мени ээрчигендер, туура жолума түшкөндөр, сүннөтүмдү кармангандар ачык-айкын далилдер менен чакырабыз. Мен Аллахка шерик кылгандардан эмесмин. Тескерисинче, жалгыз Ага гана ибадат кылуучуларданмын».

(109) Оо, пайгамбар! Биз сага чейин периштелерден эмес, адамзаттан эркектерди гана пайгамбар кылып жибергенбиз. Сага кабар түшүргөндөй аларга да кабар түшүргөнбүз. Алар чөл элинен эмес, шаар элинен эле. Аларды элдери жалганга чыгарышканда Биз аларды кыйратып жок кылдык. Сени жалганга чыгаргандар да жер бетин кыдырып, аларга чейинки жалганга чыгаргандардын акыбети кандай болгонуна ой жүгүртүп сабак алышпайбы?! Бул дүйнөдө Аллахтан корккондор үчүн акырет жайындагы жыргалчылыктар жакшыраак. Бул нерсе жакшы экендигине акыл жүгүртпөйсүңөрбү, Аллахтын буйруктарына баш ийип, тыйгандарын таштап Андан коркпойсуңарбы?! Буйруктардын эң улугу – ыйман келтирүү. Ал эми тыйгандардын эң чоңу – Аллахка шерик кошуу.

(110) Биз жиберген пайгамбарлардын душмандарына мөөнөт беребиз, аларды алдап кызыктырыш үчүн жазалоого шашылбайбыз. Анткени алардын кыйрашы кечеңдегенде, пайгамбарлар алардын кыйроосунан үмүт үзүп калышканда жана пайгамбарлардын «жалганга чыгаргандарга азап келет, ыймандуулар аман калышат» деп берген убадаларын каапырлар жалган экен деп ойлоп калышканда пайгамбарларыбызга Биздин жеңишибиз келет жана Биз пайгамбарлар менен ыймандууларды жалганчылар кабылган кыйроодон сактап калабыз. Күнөөкөр коомго түшкөн азабыбыз эч качан кайтарылбайт.

(111) Пайгамбарлар менен алардын элдери тууралуу окуяларда жана Юсуф менен бир туугандары тууралуу окуяда акылы тунук адамдар үчүн сабактар бар. Мына ушуларды өзүнө камтыган Куран – ойлоп чыгарылып Аллахка карата айтылган жалган сөз эмес. Бирок ал – Аллахтын алдынан көктөн түшкөн китептерди тастыктоочу, кеңири чечмелөөнү талап кылган шарияттарды жана өкүмдөрдү чечмелөөчү, бардык жакшылыктарга багыттоочу жана ага ыйман келтирген адамдар үчүн ырайым. Мына ошолор андагы нерселерден пайда алышат.