63 - Al-Munaafiqoon ()

|

(1) Оо, пайгамбар! Эгерде сен олтурган жайга сыртынан Исламды көргөзүп, ичинде каапырлыкты жашырган эки жүздүүлөр келип: «Биз сенин чыныгы Аллахтын элчиси экениңе күбөлүк беребиз» – деп айтышты. Аллах сен Анын чыныгы элчиси экениңди билет. Аллах эки жүздүүлөрдүн жүрөк түпкүрүнөн «Сен Аллахтын элчисисиң» деп күбөлүк берип айткан сөздөрүндө жалганчы экендигине күбөлүк берет.

(2) Алар ыймандуубуз деп касам ичип айткан анттарын өлтүрүүлүүдөн жана туткундалуудан коргонуч жана калкан кылып алышты жана адамдарга шек салуу жана жалган ушактарды таркатуу менен аларды ыймандан бурушту. Алардын кылып жаткан эки жүздүүлүгү жана жалган анттары кандай жаман!

(3) Мунун себеби, алар эки жүздүүлүк менен ыйман келтиришти, алардын жүрөгүнө ыйман кирген жок. Кийин жашыруун түрдө Аллахка каапырлык кылышты. Ошондо Аллах алардын каапырлыктары себептүү жүрөктөрүнө мөөр басып, ага ыйман кирген жок. Алар мына ошол мөөр басылганы себептүү кайсы нерсе алар үчүн пайдалуу же жакшы экенин түшүнүшпөйт.

(4) Оо, назар салуучу! Эгерде сен аларды карасаң, аларда сымбаттуулук жана бакубатчылык болгону себептүү келбеттери жана турпаттары сени суктандырат. Алар сүйлөгөндө, сен алардын чечен сөздөрүн угасың. Оо, пайгамбар! Алар сени менен олтурганда сүйөлгөн дөңгөчтөргө окшош. Алар эч нерсени түшүнбөйт жана аңдашпайт. Алар коркоктугу себептүү ар бир добушту аларга карай багытталган деп ойлошот. Мына ошолор – анык душмандар. Оо, пайгамбар! Алардан сак бол, алар сенин сырыңды жайып же сага каршы айла-амал кылышпасын. Аллах аларга каргыш айтты. Аларга ыймандын далилдери ачык-айкын көрүнүп турса да, алар кантип андан бурулуп кетишет?

(5) Эгерде эки жүздүүлөргө: «Аллахтын элчисине келип, силерден болгон нерсе үчүн кечирим сурагыла. Ал силердин күнөөлөрүңөр үчүн Аллахтын кечиримин сурасын» – деп айтылса, алар шылдыңдагансып баштарын чайкашат. Силер алардын акыйкатты кабыл албай жана ага баш бербей текеберленип, аларга буйрулган нерседен жүз бургандарын көрдүңөр.

(6) Оо, пайгамбар! Сен алардын күнөөлөрү үчүн кечирим сураганың менен сурабаганың бирдей. Аллах эч качан алардын күнөөлөрүн кечирбейт. Чындыгында Аллах баш ийбестик кылып, күнөөдөн баш тартпаган коомго ийгилик бербейт.

(7) Мына ошолор айтышат: «Аллахтын элчисинин алдындагы кедей-кембагалдарга жана Мединанын чет жакасындагы арабдарга мал-мүлктөрүңөрдү сарптабагыла, акыры алар анын айланасынан тарап кетишет». Асмандар менен жердин казыналары жалгыз Аллахка таандык. Ал каалаган пенделерине ырыскы берет. Бирок эки жүздүүлөр ырыскы казыналары Аллахтын колунда экенин билишпейт.

(8) Алардын башчысы Абдуллах ибн Убай: «Биз Мединага кайтсак, мен жана элимден болгон күч-кудуреттүү адамдар, алсыз кор болгон Мухаммадды жана анын сахабаларын кууп чыгабыз» – деп айтты. Күч-кудуреттүүлүк Абдуллах ибн Убайдуллах менен жоро-жолдошторуна эмес, жалгыз Аллахка, Анын элчисине жана ыймандууларга таандык. Бирок эки жүздүүлөр күч-кудуреттүүлүк Аллахка, Анын элчисине жана ыймандууларга таандык экенин билишпейт.

(9) Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Мал-мүлкүңөр жана бала-чакаңар силерди намаздан же башка Ислам парздарынан алаксытып койбосун. Кимди мал-мүлкү жана бала-чакасы намаздан жана башка Аллахтын парздарынан алаксыткан болсо, мына ошолор өздөрүн жана үй-бүлөсүн кыяматта чындап зыянга учураткандар.

(10) Силерден кимдир-бирөөгө өлүм келгенге чейин Аллах ырыскы кылган мал-мүлктөн сартпагыла. Ошондо ал Раббисине айтат: «Раббим, мага бир аз мөөнөт бер, мен Аллах жолуна байлыгымдан сарптайын жана жакшылык иштерди кылган Аллахтын такыба пенделеринен болоюн».

(11) Аллах ажалы келип, өмүрү бүткөн бир дагы жанга мөөнөт бербейт. Аллах силердин иштериңерден Кабардар. Иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет, жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман.