(1) Жөөттөрдөн, христиандардан жана мушриктерден болгон каапырларга ачык-айкын далил келмейинче, алардын каапырлыкка болгон биримдиги жана макулдашуусу ыдыраган жок.
(2) Бул ачык-айкын далил – таза адамдар гана кармай турган таза барактарды окуп берүү үчүн жиберилген Аллахтан келген элчи.
(3) Ал барактарда адамдарды тууралыкка жана алар үчүн пайдалуу нерселерге багыттаган акыйкат кабарлар жана адилет өкүмдөр бар.
(4) Тоорат берилген жөөттөр жана Инжил берилген христиандар Аллах аларга Өзүнүн пайгамбарын жибергенден кийин гана талашып-тартышып башташты. Алардын кээ бирлери Исламды кабыл алды, кээ бирлери пайгамбардын чынчылдыгын билсе да каапырлыгынан баш тарткан жок.
(5) Жөөттөр менен христиандардын күнөөсү жана баш ийбестиги ачык көрүнүп турат, аларга өз китептеринде буйрулгандай жалгыз Аллахка сыйынуу, ширктен алыс болуу, намаз окуу жана зекет берүү сыяктуу нерселерге бул Куранда да буйрулушкан. Аларга буйрулган нерсе – эч кандай бурмалануусу жок туура дин.
(6) Жөөттөрдөн, христиандардан жана мушриктерден болгон каапырлар кыямат күнү тозокко кирип, ал жакта түбөлүк калышат. Мына ошолор Аллахка кылган каапырлыктары жана Анын элчисин жалганга чыгарышканы себептүү жаратылгандардын эң жаманы.
(7) Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар – ошолор жаратылгандардын эң жакшысы.
(8) Алардын Раббисинин алдындагы сыйлыктары – хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштер. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Алар Аллахка ыйман келтирип, моюн сунушканы себептүү Ал алардан ыраазы болду жана алар дагы Анын ырайымына жетишкени себептүү Андан ыраазы болушту. Мындай ырайымдуулукка Раббисинен корккондор гана жетишет. Андыктан Анын буйругун аткар жана тыйганын ташта.