(1) Оо, пайгамбар! Айткын: «Адамдардын Раббиси менен коргоном жана Ага баш калкалайм.
(2) Адамдар үчүн Андан башка Падыша болбогон, аларды Өзү каалагандай башкарган алардын Падышасынан.
(3) Ал – алардын чыныгы кудайы. Алар үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок.
(4) Адам Аллахты унутканда азгырык салган жана Аллахты эстеген кезде андан алыстаган шайтандын жамандыгынан.
(5) Ал адамдардын жүрөктөрүнө азгырык салат.
(6) Ал жиндерден болгон сыяктуу адамзаттан да болот».